Дастан Сарыгуловдун атасы Ислам Сарыгулов ким болгон?

Менин кенже бир туугандарым атам жөнүндө кеп болгондо “Тогуз кумалак” ойногонун, пенсияга чыкканда гезит, китеп окугандан жадабаганын, менин кичине кызым Нурайым почточу гезит, журнал алып келгенде эч кимге бербей, “бул чоң атамдын жумушу” деп чоң атасынын колуна бергенин айтып калышат.

***

Атам Раззаковдун элге кылган эмгегин жогору баалачы. 1969-жылы “Правда” гезитине Раззаков жөнүндө компромат басылып чыгып, ошонун негизинде Хрущёв Раззаковду кызматынан бошотту. Так айтканда Хрущёв Раззаковду Сталиндин адамы деп кызматтан алды. Раззаков кызматтан бошогондон кийин, атам менен бирге иштешкен жолдоштору келди. “Раззаков ушундай турбайбы, “Правдадан” окудук” деп атамды карашты. Атам, “мен да окудум, жумушта мүчүлүштүк болот. Бийлик талашат деп адам өлтүргөн жок. Элдик чарбаны көтөрдү, элдин байлыгын көбөйттү” деди да күлүп, “муну Раззаков кызматынан бошотту эле бизге кошулат деген ой менен келдиңер беле, жакшыны жакшы деш керек” деди. “Усубалиев жөнүндө пикириңиз кандай” дешти эле атам, “Советтик Кыргызстан” гезитинде башкы редактор болуп иштеди, ЦКда агитация, пропаганда бөлүмдү жетектеди, кабинетный адам, дүңкүлдөк заман, жок нерсени бар деген заман болбосо болду” деди.

Жолдоштору кеткенден кийин, мага карап: “Кыргызстандын эл чарбасын негиздеген, көтөрүп иштеткен, социализмдин башатын салган 3 инсан бар, алар: Исхак Раззаков, Төрөбай Кулатов, Болот Мамбетов” деди.

“Орто Токой суу сактагычы, Чоң Чүй каналы бул Раззаков менен Мамбетовдун эмгеги” деп сөзүн улады, “курулуштун башында дайым Мамбетов турчу. Каржылоо маселелерин чечүүдө Москва менен байланышта Раззаков болчу. Токмок-Рыбачье темир жолдун демилгечи Кулатов болгон, ошонун жетеги менен башталган, бирок Раззаков Совминди жетектегенде ишке кирген. Токмок-Рыбачье темир жолу согуш күч алып турган мезгилде башталган. Бир жолу Кулатов Сталиндин кабылдамасында болот. Сталин өзүнө керектүү маселелерди сурап алгандан кийин, “Сиз бошсуз” дейт. Кулатов Сталинди карап: “У меня есть личная просьба” дейт да, “Вот шерсть, мясо, зерно мы с двух областей до станции Токмок возим брычками и машиной, если бы была железная дорога фронту была бы хорошая подмога” дейт. Сталин: “Где твои бумаги?” дейт. Кулатов даярдап барган кагаздарын Сталинге берери менен буйрук берип, министрлерге жазат дагы “Рабочую силу и питание сам организуй” дептир. Кулатов Фрунзеге келип өспүрүм балдарды, кыздарды, карыларды жыйнап темир жолду баштаган.

Бир жолу курулушка барса карыялар “Төрөбай жармага катык бер” дешет. Кулатов резервдик фронттон 10 тонна буудай берет. Бир күнү Кремлден Кулатовго санаалаш курбусу телефон чалып, “Тез Москвага кел, “Циркулярка” Микоянга бар. Эгерде Микоян кол койсо анда атылып кетесиң” дейт. Кулатов самолёт менен учат. Самолёт Ак-Молого конуп, Кулатов Москвага эртеси барат. Кремльде дароо Микоянга барат. Микоян “Сен эмне үчүн резерв фронтту таратасың? Закон боюнча, эгерде мен кол койсом, сен атылып кетесиң” дейт. Кулатов иштин жагдайын түшүндүрүп айтат. Микоян “Бир ай ичинде резерв фронтту калыбына келтиресиң” дейт да “Циркуляркага” кол койбойт. Ошентип, Кулатов атуудан калат. Түшүнүктүү да, Сталин Микоянга кол койбо деп дайындап койгон” деди атам.

Сөзүн улантып, “Сталиндин буйругу боюнча беш жылдык план он жыл мурун калыптанчы. Муну мындай түшүнүш керек. 1950-жылы 1960-жылы беш жылдык план калыптанчы, убагы келгенде, өзгөрүүлөрдү киргизип койчу. Ошондуктан 1970–1975-жылга чейинки беш жылдык пландар бул Раззаковдун эмгеги болгон. Каржылоо маселеси беш жылдык планда чечилди. Курула турган обьекттин мыгына чейин каржылоо эсептелет эле. Беш жылдык план-закон, сөзсүз аткарылып турган. Аткарылбаса күнөөлүүгө, абак же атууга чейин жаза болгон. Эң кыйын иш бул курулушту беш жылдык планга киргизиш болгон. Таң калыштуусу, Токтогул ГЭСи ишке киргенде, лентаны Усубалиев кескен. Эң кыйын ишти чечкен Раззаковдун аты айтылбай жүрөт” деди атам. Бир күнү айылдан Таластагы атамдын үйүнө досу келди. Раззаков жөнүндө сөз болду эле атам мындай сөз айтты, “Мен райкомдо биринчи секретар болуп иштеймин. Раззаков, телефон аркылуу, дайындап, “Мага келип өзүң жыйынтыгын айтып кет” деди. Жумушту убактысынан мурда бүтүрүп барсам. Мени жакшы кабыл алып, “Жакшы жумуш бүтүрдүң! Мен дагы бул жерде бекер олтурган жокмун. Москвага барып, госпланга Төө-Ашуу тоннелди беш жылдык планга киргизип келдим. Байкасам, жалгыз өзүмдүн чече албаганыма көзүм жетет. Ошондуктан, казак менен өзбек туугандарга Суусамырдын жайында жайлаган жайыт бердим эле. Казакстандын биринчи секретары Шайахметов, Өзбекстандын биринчи секретарынын колун көрүп, госплан беш жылдык планга киргизди. Шайахметов менен Мухитдинов Нарынга чоң ГЭС куралы десем (Токтогул ГЭСи) мага кошулуп ЦКга кайрылышты эле Москва макул болду. Буйруса үч республикага энергия камсыз кыла турган ГЭС курулат, бирок башкаруу пульт Ташкентте боло турган болду” деген Раззаков. Негизи, Төө-Ашуудагы тоннель беш жылдык планда “скотопрогонная тоннель” деп курулган, анын үстүнө Ленинградды эт менен камсыз кылуу Кыргызстандын мойнунда болгон. Малды өз убагында Суусамырдагы жайытка алып барыш керек деген шылтоо менен курулган. Ал кезде Фрунзе-Ош автожол болгон эмес. Бирок, Раззаков бул маселени тереңирээк караган. Тоннель болсо Кыргызстанда түндүгү менен түштүгү кошулат. Жол салыш жеңил экенин билген” деп сөзүн аяктады атам.

***

Атам көп балалуу эле 11 бала, анан фронттон келбей калган. Бир тууганынын 3 баласы анан энеси өлүп калган. Аталаш тууганынын 2 баласы. Ушул он алты баланы тарбиялап, билим берип, бутуна тургузуп кетти. Согуштан кийинки оор жылдарда курсагын ачырбай, кийинтип, жылуу жерге баккан апам Сайра, чоң атам Сарыгул, чоң апам Алтын, Тайатам Темиралы, тайэнем Бурулкандын эмгеги зор эле. Чоң атам, чоңапамдын тагдыры Толгонайдын тагдырынан татаал болгон.

Чоң атам үйлөнүп 3 уул, 1 кыздуу болот. Асыран, Ислам, Сапар, Күлайна анан чоң энебиз каза болуп калат. Анан чоң атам эки кызы бар аял алат. Андан эки уулдуу болот. Сагын, Жакыпбек. Анан ал чоң энебиз да каза болуп калат. Өткөн кылымдын отузунчу жылдары келет. Колхоздор уюштурулат. Болгон малын колхозго берип, 3 жетим баланы кучактап отуруп калат. Чоң атам Чүйдө жашаган. Таласта чоң атамдын аталаш Бирустам деген тууганчыл тууганы болгон. Чоң атам менен учурашам деп ошол тууганы эки жигит менен келет. Чоң атамдын кебетесин көрүп, “Саке, мен сени Таласка көчүрүп кетемин” дейт. Чоң атам макул болот. Эки жигитти чоң атамдын жанына таштап түнү менен Кумбел аркылуу Таласка барып, үч жабылуу ат кубалап келет дагы жигиттери менен чоң атамды көчүрүп кетет. Таласка барганы чоң атам Алтын чоң апама үйлөнөт. Анын бир баласы болгон. Бала чоң атамдардын колунда калган. Чоң атам болбой баланы алып кетемин деп барат. Барса бала кароосуз эшикте калып, түн суук болуп, ачка бир дубалга жармашып жатып суукка тоңуп өлүп калат. Чоң энем мени менен тең дагы бир бала төрөйт. Аты Медер болчу. Ал алты жашында кызамыктан каза болот. Чоң атам күйүтүн ичине катып, бир колтугуна Дастанды алып жатып, бир колтугуна мени алып жатып экөөбүздү тең чоңойтту. Мен чоң апамдын өгөй экенин билчү эмесмин. Кийин Фрунзеде окуп жүргөнүмдө атамдын карындашы келди. Жүр таякелериңе алып барам деди. Мен алар качан Таластан келип калышты эле десем, “оо кокуй, менин апам сенин чоң апаң, капкачан бул дүйнөдөн өтүп кеткен, бул чоң апаң өгөй” деди. Ошондо билдим.

 

Нурдин Исламов, Ысык-Ата районунун, Новопокровка айылынын тургуну

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *