(Башталышы мурунку сандарда)
Бекен Назаралиев: –2010-жылы Ош менен Жалал-Абаддагы коогалаңда беш жүздөй адам набыт кетти. Жүздөгөн жарандар жарадар болду. Канчасынын азыркыга дейре дайыны табыла элек. Башы, колу, буту Өзбекстандын территориясынан чыкканы, алигиче денесинин бир бөлүгү табылбай калганы бар. Анан Убактылуу өкмөттөгүлөр “Ала-Тоо аянтында баланча адам өлдү” деп сайрап, ал эми түштүктөгү окуя боюнча ооз ачышпайт, сөз кылышпайт. Түштүктө кандын төгүлүшү кимге керек болгон сиздин оюңузча?
Б. Талгарбеков: —Ошол маалда “эки тизгин бир чылбыр” А. Атамбаев, Р. Отунбаева, Э. Каптагаевдин колунда болгон, алар атайын уюштурду дегенден алысмын. Бирок, тажрыйбасыздыктанбы же өзбектерден колдоо табабыз дегенденби, айтор от тутантып жиберишти. Кадыржан Батыровго автономия жана кадр меселесин чечүү боюнча убадалар берилсе керек, ал өзүн-өзү хан сезип, Атамбаев, Отунбаева, Каптагаев менен дагы түзмө-түз сүйлөшүүгө барган. Окуяга үчөөсүнүн катышы бар. Дагы бир нерсени айта кетейин, ошонун астына өтө оор ахыбал болуп, Кой-Таш форуму деген чыккан. Кыргызстандын аттуу-баштуулары ошол жерге чогулуп, адегенде ар бир райондон жана облустан үчтөн, андан кийин республикадан дагы кошуп шайлаганбыз. Ошого мен да киргем. Нарын облусунан үч киши кирип, анын бири мен болчумун. 18 киши болгон, Отунбаевага барып жолукканбыз. Биринчи маселе боюнча Мээражидин Зулпуевди сүйлөткөнбүз. Ошондо майдын 20лары эле, ал киши: “Силер тияк-быягыңарды токтотуп, бардык күчүңөрдү түштүккө жумшагыла. Түштүктөн от чыкканы турат, токтотуп калышыбыз керек” деди. Экинчи маселе боюнча Сааданбеков сүйлөп, “Жаңы Башмыйзам жазып жатасыңар, мейли жазгыла, бирок бизди дагы угуп койбойсуңарбы. Биз силерге каршы болбойбуз, пикирибизди айталы” деди. Тилекке каршы, коомчулуктун эскертүүсүн эске албады. Дагы бир маселе, түштүктөгү жаңжал башталганда Атамбаев жок болуп кетти.
Б.Н: —Муну Отунбаева дагы айткан, “Таппай калдык” деп…
Б. Талгарбеков: —Булар ага чейин Түштүктөгү акыбал боюнча комиссия түзүп, комиссиянын төрагасы кылып Атамбаевди бекитип, токтом чыгарышкан. Токтом боюнча Атамбаев ошол жакта отуруш керек эле да. Ал тескерисинче согуш башталганда жоголуп кеткен, таппай калышкан. Аны кийин бирөөлөр мага айтышты, ошол кезде бул балдарын уюштуруп алып, «Форумду» кайтарып жүрүптүр. «Оштогу жаңжалдын таасири бул жакка чейин жайылса кесепети тийбесин деп өзүнүн мүлкүн сактап жүргөн» дейт. Ошол жигит мага ушинтип кайрылды, «Сиз муну айта берсеңиз болот, эгерде ушул маселе боюнча сот процесси болуп калса, мен барып көрсөтмө берем» деди. Мына ошон үчүн мен буларды ачык айтып жатам, булар окуяны түздөн түз уюштурбаса дагы, компетентсиз аракеттери менен, алардан кандайдыр бир колдоо алабыз деген аракеттери менен жол берген.
Б.Н: —Бакиев ошол мезгилде түштүктө жүргөн. Өзбек туугандар дагы автономия маселесин аябай көтөрүшүп, Жогорку Кеңеште отурган өзбек улутундагы депутаттар жанданышып, ал тургай тобу менен Кадыржан Батыровго кошулуп Отунбаеванын кабыл алуусунда болушкандарын ТВдан көргөнбүз. Өзбек сепаратисттери көтөргөн автономия маселесине кандай карайсыз? Жеке кызыкчылык үчүн булар биздин мамлекетти садага чапканга чейин барышты да. Өзбекстанда жашаган кыргыздар эч качан автономия маселесин көтөргөн эмес. Анткени, бийликтин күчү бар. Бизде ошол бийлик сатылып кетип жатпайбы?
Б. Талгарбеков: —Кадыржан Батыровду толук колдойбуз деп карт-бланш беришкен. Убактылуу өкмөттүн убадасын алып алгандан кийин алар Кыргызстандын ичинде өзбек автономиясынын маселесин көтөрүп, ачык айта баштады да.
Б.Н: —Түштүктөгү кыргыздар добушун бербейт, демек өзбектердин добушун алышыбыз керек деген аракет менен жасашкан да…
Б. Талгарбеков: —Эгерде булар чындап мамлекетчил болгондо, автономияны биринчи айтканда эле өзбек улутундагы сепаратисттерди дароо камаш керек болчу да. Автономия деген сөз оозунан чыкканда эле алып барып камаш керек эле. Тилекке каршы, андай болгон жок да. Алар бардык жерде ачык эле айтып жатышты. Республикалык деңгээлге чейин айтып чыгышты.
Б.Н: —Түштүктө абал оорлогон маалда Атамбаевди жоопкер кылып дайындашкан. Аскерде деле командир өзүнүн полкун таштап кетсе, ал чыккынчы катары жооп берет, туурабы? Түштүктө кан төгүлгөн учурда Алмаз Атамбаев өзүнүн кызматтык ордунда болбой, сиз айткандай мүлкүн кайтарып жүргөнү бул — чыккынчылык катары баалана турган маселе да.
Б. Талгарбеков: —Ооба, ошондой эле бааласа болот. Дагы бир кейиштүүсү, Кадыржан Батыровду өлкөбүздөн сыртка чыгарып жиберишкен. Эң керектүү киши ошол болчу. Аны качырбай кармаш керек эле. Биз кийин Россиялык генералдарга кайрылганыбыздын себеби ушунда болчу да. Бактыяр Алиев комиссияга жашынып кирген жок, расмий түрдө теңтөрага болуп кирген. Ал айткан, “Мен башка генералдарга тартып, Кадыржанды алып келебиз, көп нерсе ачыкталат” деди. Андан коркуп кетип, бизди дароо камап жиберген себептин бири ошол болгон.
Б.Н: —Атамбаев арам иштердин бети ачылып кетпесин деп коркуп, сиздерди камаган экен да…
Б. Талгарбеков: —Биздин оюбуз да ошол. Болбосо баарына маалым да, биз кантип төңкөрүш жасайбыз? Кадыржан Батыровду алып келгени жатат деп камай албайт да. Анан аргасыздан төңкөрүш жасаганы жатат деп камашты. Эң башкысы, Кадыржан Батыров болчу. Аны алып келип калса, балээнин баары ачыкка чыгып калса, анда өлдүк дешкен. Бул жерде сөзүмдү жыйынтыктап жатып айтарым, биз Кыргызстанда чындап ынтымак болсун десек, анда биз Бакиевди алып келишибиз керек. Бул менин сөзүм эмес, Садыр Жапаров президенттикке талапкер болгондо: “Кыргызстанды бириктирем” деген. Ооба, биринчи кадам жасады, рахмат, Акаевди өлкөгө алып келди. Жапаров: “Акаевди алып келем дедимби, алып келем, оозуңарды баскыла!” деген жок да. Акаевге “ак болсоң кел, жолуңду ачып ал, жок күнөөлүү болсоң жооп беришиң керек!” деди. Ошондой эле нук менен Бакиевге коопсуздук жана адилеттүүлүк гарантиясын берип, өлкөгө алып келүү зарыл. Анан эптеп алдап алып келип алып камап койбош керек. Биз сыяктуу кишилерди комиссияга кошуп, териштирип, эгер ал киши күнөөлүү болсо “Курманбек Салиевич бул жерде сиздин күнөөңүз бар экен” деп ачык айтып, анан мунапыс бериңиз деп президентке кайрылышыбыз керек. Айтор, мына ушинтип бул маселени жаппасак, бул илдет дагы көп жылдарга улана берет.
Б.Н: —Аскар Акаевичтин дагы коопсуздугуна булар кепилдик бергенден кийин келди да. Бийликтегилердин макулдугусуз Акаев эч качан Кыргызстанга келбейт эле да, туурабы?
Б. Талгарбеков: —Ооба, Бакиев деле ошондой кепилдик менен келиш керек. Эгер бийликтен кепилдик берилсе, менби же башкасыбы барып айтабыз, “Бийликтен сизге коопсуздук жана калыстык боюнча гарантия берилип жатат, сиз келесиз, бирок сиз сырттан соттолгонсуз, кирериңиз менен сизди УКМКга суракка алып барышат. Андан эч нерсе болбойт, сизге фашисттей мамиле кылышпайт.
Атамбаевге деле жакшы эле мамиле болгон. Ак болсоңуз акталасыз. Күнөөлүү болсоңуз күнөөлүү болуп табыласыз, анда биз мунапыс сурайбыз” деп айтыш керек.
Б.Н: —Президент Жапаров өзү Акаевге чалгандай Бакиевге дагы чалып, өзүнүн ынанымдуу кепилдигин берип, анан чакырыш керек да, туурабы?
Б. Талгарбеков: —Ооба, мен ошону айтып жатам. Мындан 2 ай мурун президентке официалдуу кат киргиздим. “Сиз ынтымакты орнотуу боюнча туура кадам жасап, Акаевди алып келдиңиз, ага биз ыраазыбыз. Эми Бакиевди дагы алып келиш керек. Эгерде сиз мага ишеним көрсөтсөңүз, мен Минскиге чейин барып келгенге даярмын” деп жазып, Мамлекеттик катчы Сүйүнбек Касмамбетовдун колуна бердим. Ал “Мен муну өзүм алып кирем” деди. Бирок, эки жарым айдан бери ал каттан эч кандай жооп жок.
Б.Н: —Бакиевдин келиши бир топ маселенин бетин ачат. Ошондуктан, былыгы чыга тургандар, ошол эле Атамбаев “канкор келди” деп буйрукту гана күтүп отурган адамдарын уюштуруп чыгышы мүмкүн. Булар ошондон кооптонуп атса керек да.
Б. Талгарбеков: —Аны мен билбейм. Садыр Жапаров эмне үчүн жооп бербей жатканын билбейм. Бирок, расмий кат киргизгем.
Кайып Шер: —Бекболот байкем Бакиевдин келиши боюнча бир варианттарды айтып жатпайбы. Эл ичинде экинчи вариант бар да. Бул бийлик бүгүнкү күндө Атамбаевден коркуп жатат. Ошондуктан, Бакиевди алып келип көпкө кармап койбойбу, берген убадасынан кайтып кетпейби деген санаркоо бар. Андан көрө тергөө топтору менен иш алып барса болот да. Мисалы Акевди 2 жума эле тергеди, Бакиевди деле көп болсо 1 же 2 ай тергейт. Демек, тергөө иштери боюнча адистерди Минскке жиберип, ошол жактан тергеп, иштерин жыйынтыктаса деген сунуш бар. Ак-карасын териштирип, жанакы Апрель окуясынын, Ош коогалаңынын бетин ачса болот да. Ушул жерде Июнь окуясы боюнча айтып коёюн, андагы былыктын баарын Атамбаев кылган да. Коогалаң башталган күнү түндөсү Убактылуу өкмөттүн бир мүчөсүнүн туулган күнүн белгилеп, мас болгону маалым. Ага чейин Кадыржан Батыровго убада берип, “Автономиялуу республика болосуңар, Бакиевдер түштүккө барышса төбөгө чаап турасың” деген сөзү эл арасында кеңири айтылып келе жатпайбы.
Б.Н: —Отунбаеванын бийлиги өзбек сепаратисти, эл бузар Кадыржан Батыровго диппаспорт жасатып беришкенин унутпасак. Булардын баарынын киндиги туташ да…
Б. Талгарбеков: —Мен унутуп кала электе өзүмдүн вариантымды бекемдеп кетейин. Былтыр Акаевди сурайбыз дегенде мен УКМКнын башчысы Ташиевге кайрылгам, “Силер Акаевди алып келип, УКМКга алып барып сурак кылбай эле, тергөөчүңөрдү жөнөтпөйсүңөрбү, ал барып сурап, тактап келбейби десем, мага түшүндүрүп беришти. Көрсө, башка өлкөдөн суракка алыш үчүн том-том болгон документтердин баарын көтөрүп алып барып Россиянын Генпрокуратурасына тапшырыш керек экен. Алар аны иликтейт экен. Ал бир нече жылга созулушу мүмкүн дешти. Анан ага алар уруксат бериши же бербей коюшу да мүмкүн экен. Эгерде жанагындай кылабыз десек, документтин өзүн топтош кыйын болот. Топтогон чакта деле, Минскинин Башпрокуратурасына жөнөтүп, ал жактан жооп күтүп жүрө берет экенбиз. Ошон үчүн УКМКга кепилдик менен келип, иш жүргүзүш керек. Сиз айткан вариант болбойт экен. Эгер бул вариантты колдонсо 2–3 жылга созулат.
Б.Н: —Эгерде, Аскар Акаевди дагы УКМКга отургузам дегенде ал келбейт эле да…
Б. Талгарбеков: —Ал соттолгон эмес да. Айырмасы болуп жатпайбы? Булар гарантия берди. Аксызбы, аксыз. Келиңиз, сизди камабайбыз, эч нерсе кылбайбыз дешти.
Б.Н: —Ошол эле нерсени Бакиевге дагы колдонуп, келгенде камабашы керек да?
Б. Талгарбеков: —Сиз бир нерсени түшүнбөй жатасыз, мисалы, Кочкорго барып Бакиев ким деп сурасаңыз “Канкор” деп 99 пайызы айтышат. Ошондой система түзүп койгон. Элдин канына сиңип калган. Калаберсе мен барып айтсам, мени тилдеп, “сатылып кеттиң” дешет. Келгенден кийин ал өзү жана мен айткандан кийин акыл-эси бар киши түшүнөт да, кантип түшүнбөй койсун.
Б.Н: —Бекболот байке, Акаевди деле Аксыга барып сурасаңыз элди аттырган дешет да, туурабы?
Б. Талгарбеков: —Ошон үчүн Бакиевге барып келели деп кайрылып жатам. Баргандан кийин сүйлөшүп, мына ушундай шарт менен келмек болду дейбиз. Келгенден кийин УКМКда сурак берип отурат. Эгер күнөөлүү деп табылса, өз жазасын алат да. Анан мунапыс бербей койсо эл көтөрүлөт да. Биз айтып чыгабыз, сөзүндө турган жок деп. Эл араң эле турат. Бир телефон чалуу менен Түштүктөн бери дегенде 30 миң киши жетип келет. Аларга акча бериштин дагы кереги жок, өздөрү эле келет. Ошондой ызы-чуу буларга керекпи, өздөрү араң отурганда. Сот процесси жүрбөсө, “аа булар жөн эле актаганы алып келген турбайбы” деп эл шектенет.
Б.Н: —Атамбаевдер Бакиевдин келишин каалабайт, жердештерин ага каршы чыгарышат.
Кайып Шер: —Эртеби-кечпи Бакиев өлкөгө кайтып келет.
Б.Н: —Келеринде сөз жок. Эгер Бакиев келсе, Атамбаевдин бети ачылат да. Колунан келишинче тоскоолдук кылат, элди көтөрөт.
Кайып Шер: –2010-жылы мамлекеттик төңкөрүш жасап, бийликти басып алгандар тынч жатмак беле. Бирок, эл аны ордуна коёт. Алардын доору өткөн, жүздөрү ачылган. Акыйкат үчүн Бакиев элге аба менен суудай керек. Садыр Жапаровго кайрылып кетет элем, элдин талабын аткарышы шарт. Акаев келди, эми экинчи кадам жасалып, Бакиевди өлкөгө алып келиш керек.
Б.Н: —Кечирип кой Кайып Шер, ошол 7-апрелде “Бакиев кетсин” деп туу кармап турдуң эле, эми мынчалык не болду сага?
Кайып Шер: —Ала-Тоо аянтына биз башка максат менен барганбыз. Купалдуу мамлекеттик төңкөрүш боло турганын билген эмеспиз. Албетте, ошол күнү эле, балдар атылып жаткан маалда Атамбаев душка жуунуп, лагман жегенин укканда түңүлгөнбүз. Жанагы куралчандарды охрана кылып, Акүйдү аттырып атканда, жаңылганыбызды, алданганыбызды түшүнгөнбүз. Ошондон бери биз Б. Талгарбековду, С. Жапаровду колдоп, Бакиевден дагы сурай турган маселебиз бар экендигин билдик. Ошондуктан, бир президентти актап элге коштук, эми экинчисин алып келишибиз керек. Коомго бүгүнкү күндө ынтымак керек экен. Урматтуу Садыр Жапаров, бүгүн сиз бир кадам койдуңузбу, эми экинчи кадамды жасашыңыз керек. Бакиевди алып келип, 2010-жылдын окуясынын ак-карасын ажыратып, коомго акыйкатты ачыктап бериңиз. Биз Убактылуу өкмөттү атып ий, соттоп ий дегенден алыспыз. Эл акыйкатка суусап турат. Султан сөөгүн кордобойт дейт, Курманбек Салиевичтин чет жакта жүргөнү жалпы кыргыз эли үчүн уят. Казак, өзбектерге уят болуп жатабыз. Султан сөөгүн кордобойт деген сөздүн маанисин түшүнбөй жатабыз. Жакын арада кадам койбосоңуз, алып келгенге өзүбүз аракетти көрөбүз. Кошумчалай кетерим, эгер Бакиевди алып келип экинчи кадам ташталса, андан ары үчүнчү кадамды таштап, Атамбаевди да түрмөдөн чыгарышыбыз керек. Элдин ынтымагы үчүн баарыбыз жеке таарынычтарды жыйыштырып, биримдикке барбасак болбойт. Азыр заман катаалданып, геосаясий оюндар күч алды. Мындай шартта биз ынтымакка келбей ыркыраша берсек, аягы кейиштүү бүтүп калышы ыктымал. Андыктан, эл күтүп жаткан экинчи жана үчүнчү кадамды тез арада таштап, ынтымакка келишибиз керек.
Кылычбек Кудайбергенов