Кумтөрдөгү келишимден чыр чыгабы?

Кумтөрдөгү келишимден чыр чыгабы?

«Кумтөрдөн быйыл 500 млн долларга чейин пайда табабыз!»

Президент Садыр Жапаров 4‑апрелде кайрылуу жасап, “Центерра Голд” компаниясы менен доо арыздан баш тартуу жана ортодогу талаш маселелерди чечүү боюнча келишимге кол коюлганын жарыялаган. Мамлекет башчы мындан ары “Кумтөр Голд Компани” ишканасынын 100% акциясы Кыргызстанга таандык экенин айтып, келишимдин шарттары оптималдуу болгонун жана улуттук кызыкчылыкка төп келгенин билдирген. Бул үчүн Кыргызстан “Центерра Голд” компаниясындагы 26 пайыздык акциясын өткөрүп, эки тарап доолордон баш тарткан.

Садыр Жапаров көп жылдарга созулчу соттук машакатка караганда ымалага келүү максатка ылайык экенин билдирип: “Жетишилген келишимдин шарттары бирден бир оптималдуу жана биздин пайдабызга, Кыргызстандын мамлекеттик жана улуттук кызыкчылыгына чечилгендигине ишендире алам. Соттук жараян узак жылдарга созулуп кетерин билесиздер. Мындан да жакшы шарттарга жетишүү үчүн биз бери дегенде дагы 5 жыл убактыбызды, он миллиондогон доллар каражатыбызды коротмокпуз, же болбосо, жети-сегиз жылга созулуп тура бермек. Биздин пайдабызга мындан да пайдалуу чечимдердин кабыл алынышына кепилдик жок эле. Бирок биз бул аралыкта көптү жоготуп, убакыттан уттурмакпыз. Биздин пайдабыз дегенимди өзүңүздөр баалап, таразалап көрүңүздөр. Эгерде буга чейин биз жыл сайын пайда катары символикалуу, тактап айтканда, өткөн 20 жылда жалпы 85 млн доллар гана дивиденд алсак, өткөн жылдын жети айында эле 323 млн доллар киреше алдык. Быйыл буюрса, 500 млн долларга чейин пайда көрөбүз деп турабыз. Кумтөр кени бүгүнкү күндө орточо 3 млрд долларга бааланууда. Адистердин эсебине таянсак, жакынкы 10 жылда Кумтөрдөн кеминде 5 млрд доллар киреше табууга жетишебиз. Бул үчүн кенден 160 тоннадан 200 тоннага чейин алтын казылат. Бул бюджетке түздөн-түз чоң пайда, колдоо болот. Мен тастыкталган эсептөөлөрдү гана айттым. Бирок ал жакта башка дагы мүмкүнчүлүктөр бар. Азырынча ал жөнүндө кененирээк токтолбой эле турайын. Айтайын дегеним, Кумтөрдүн чоң потенциалы бар жана элибизге дагы узак жылдар бою кызмат кылат” деген.

«Кумтөрдө 400–500 тонна алтын бар, пайдасын биз көрөбүз»

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров: «Кумтөр эми 100% бизге өттү. Кен турган-­турпаты менен, анын ичиндеги бардык техникасы менен 1 млрд 300 млн доллар деп бааланат, рынок баасы 3 млрд доллар болот. Канадалыктар арбитраждык сотко 5 млрд доллар турат деп даттанып, кенемте катары ушул сумманы талап кылышкан. Азыр кенде канадалыктардын геологиялык чалгындоосу менен бекитилген 169 тонна алтындын запасы турат. Жакында Жогорку Кеңеш менен мыйзам кабыл алып, калдык сактоочу жай деп коёбуз, ал жерде 105 тонна алтыныбыз бар. Жакын арада 48% казып ала турган технологияны иштетебиз. Жалпысынан 200–210 тонна алтыны менен кен бизге өттү. Биздин геологдор да айтып жатат, өзүм да китептерден окуп чыкканым боюнча бул жерде 400–500 тонна алтын бар. Кыргыз элинин экономикасына, келечегине кызмат кыла турган кендин ээси болдук» деген.

«Биз Президент С. Жапаровду эмес, мурунку патриот С. Жапаровду колдойбуз!»

Кечээ Кыргызстандын Бириккен Демократиялык Кыймылы Кумтөр маселеси боюнча кыргыз элине төмөнкүдөй билдирүү таратты.

4‑мартта өлкөбүздүн Президенти С. Жапаров, Кумтөр алтын кени Кыргызстандын менчигине өттү деп билдирүү жасады. Ал кенди кыргыз мамлекети эч кимге энчилеген эмес. Ошондуктан Кыргызстандын менчигин, Кыргызстандын менчигине өттү деген билдирүү чындыкка жатпайт.

Кыргыз өкмөтү канадалыктар мөнен 1992- жылы <ВОТ> алкагында келишимге кол койгон. (ВОТ- Bult, Operate, Transfer дегенди түшүндүрөт) Канадалыктар Кумтөрдө алтын иргөө фабрика куруп, белгиленген шартта, белгиленген мөөнөткө чейин аны иштетип пайда таап, кайра бизге өткөрмөк. Ошол алтын кенде курулган фабриканын да ээси бизбиз, себеби алтын иргөө фабрикасы кыргыз өкмөтүнүн акчасына курулган.

Фабрика курулуп, алтын иргөө башталганда, ал жерде сарпталып жаткан жалпы чыгымдын 4,5 пайызын канадалыктарга ыйгарууга макул болуп, биз аларды 11 жылга жалдаганбыз. Аталган мөөнөт бүткөндө, Кумтөрдөн алтын иргөө өзүбүзгө өтүп, канадалыктарга таза кирешеден 33 пайыз дивиденд бөлүнүп турмак. Себеби биздин өкмөттүн кепилдиги менен алынган насыянын 33 пайызын банкка канадалыктар кайтармак болгон.

Канадалыктар кийин келишимдин талаптарын бузганда, алардын операторун өзүбүздүкүнө алмаштырганбыз. Кумтөр биздин менчик болбосо, мындайга бара алмак эмеспиз. Тилекке каршы, биздин мындай чечим канадалыктар їчїн эл аралык сотко кайрылууга жол ачып, кыргыз өкмөтү доого жыгыларын туйганда, канадалыктар каалагандай ажырашуу келишимине кол койулду. Бул ажырашууда биздин өкмөт алардын:

— 4 млрд 252 млн 800 миң доллар бересени кечти;

— Кыргызалтындын 778 млн долларга тете 26,1 пайыз Центеррадагы үлүшүн аларга бекер берди;

— Кумтөрдө келтирилген 3 млрд 86 млн доллар алардын экологиялык зыянын, өз чөнтөгүбүздөн төлөөгө макул болду;

— Кыргыз өкмөтү менен Центерранын ортосундагы доолорду, соттошуларды токтотууга макул болду.

Эгер биз Кумтөр долбоорун тартып албай, улутташтырсак, канадалыктар эл аралык сотко кайрылуу укугунан ажырап, Кумтөр маселесин алар биздин жергиликтүү сот аркылуу чечкенге мажбур болмок. Аларды мурда 4 млрд 252 млн 800 миң доллар айыпка жыккан биздин жергиликтүү сот, алардын доосун канааттандырган күндө да, ушул бересени эске алып өкүм чыгармак. Ошондо утуш биз тарапка ооп, Кыргызалтындын 26,1 пайыз Центеррадагы үлүшү да сакталмак.

Канадалыктар бизге:

— былтыркы жыл үчүн 11 млн доллар:

— рекультивация иштери боюнча 53 млн доллар;

— кошумча 50 млн доллар;

жалпысынан 114 млн доллар төлөөгө макул болуп, өздөрү мидеттүү болгон экологиялык маселелердин баарын Кыргыз өкмөтүнүн мойнуна илип койду.

Айлана-­чөйрө булганбас үчүн, уу заттардын калдыктарын сактоочу жайларды, ал жайларды Кумтөрдө жылып жаткан үйөр муздан, агып жаткан мөңгү суудан коргош їчїн, бекем тосмо жайларды курууну, келечекте өндүрүш калдыктарынан кайра алтын иргөө үчүн, ал калдыктарды сактап туруучу жайларды биз эми өз чөнтөгүбүздөн каржылайбыз. Канадалыктардын ушундай сунушуна бүгүн макул болуп отурган С. Жапаров, учурунда Кумтөрдө экологиялык маселени калыбына келтирүү үчүн 180 млрд доллар каражат керек деп, канадалыктарды колдогон бийликке каршы күрөшүп жүргөн. Ошондуктан биз бүгүнкү Президент С. Жапаровду эмес, мурунку патриот С. Жапаровду колдойбуз.

Кыргыз өкмөтү доодон да, соттон да баш тартып, канадалыктардын милдетин кыргыз элинин мойнуна жүктөп салгандыктан, мунун артында жеке кызыкчылык болушу мүмкүн деген шек жаралууда. Мындай шекти учурунда канадалыктар Акаевге илештирсе, бүгүн эки Жапаровго илештирип койушту. Бул шек жойулбаса, өлкөдө саясый туруктуулук болбойт.

Аталган ажырашуу келишими 90 күндөн кийин күчүнө кирээрин эске алып, Кыргызстандын Бириккен Демократиялык Кыймылы Кыргыз өкмөтүнөн бул келишимден баш тартууну, кыргыз парламентинен Кумтөр долбоорун улутташтырууну талап кылат. Бул биздин сунушубуз, ошондуктан сындаганды эле билет деп оппозицияны жалган күнөөлөбөгүлө.

Булардын каршы чыкканы бузукулук эмей эмне?

Оппозициянын билдирүүлөрүн улай Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов фейсбук баракчасына билдирүү жазды. Анда Байсалов: «Мен баарын түшүнөм. Бирок оппозиция деп бул досторубузду атоо туура эмес, кымбаттуу Kyrgyz Azattyk Unalgysy. Равшан Бабыр уулу эки жарым миң добуш алган президенттик шайлоодо, 0.19%!!! Клара айымдыкы дурусураак, 1% — 14 миң добуш. Анан кайдагы оппозиция боло алышмак эле. Активист дегилечи сураныч. Ошол туура болот! Калгандарын айтпай эле коеюн. Уят эле бирок. Саясатчы менен артист сезиш керек сахнадан качан түшүштү… Эптеп эле чырлап, кыпчылып, өрдөк жокто чулдук бий болуу аракети. Оппозиция болот, азыр деле бар. Бирок, бул активисттер эмес. Бузуку деп айтпайын, бирок Кумтөрдүн 100% элибизге кайтарылышына БУУ баш болуп, дүйнөлүк коомчулук суктанып, алкыш айтып атышса, куттуктап, булар тескери каршы чыгып аткандары бузукулук эмей эмне?» деди.

Даярдаган Кылычбек Кудайбергенов

Share