«Кумтөрдү» кайтардык, эми Кыргызстандын өнүгүүсүнө өбөлгө түзүлөбү?

«Кумтөрдү» кайтардык, эми Кыргызстандын өнүгүүсүнө өбөлгө түзүлөбү?

«Кумтөр» элге кайтарылды. Кыргыз бийлиги менен Канаданын «Центерра Голд» компаниясы макулдашууга кол коюп, талашты тынчтык жолу менен чечишти. Өлкө башчысы Садыр Жапаров: «Эгерде буга чейин биз жыл сайын дивиденддердин символикалуу көлөмдөрүн гана алып келсек, тактап айтканда, 20 жылдын ичинде жалпысынан 85 млн доллардын тегерегинде алып келсек, өткөн жылдын жети айында эле 323 млн доллар кирешеге ээ болдук. Быйыл буюрса, 500 млн долларга чейин алабыз. Кумтөр кени бүгүнкү күндө орточо эсеп менен 3 млрд долларга бааланууда. Адистердин эсебине таянсак, жакынкы 10 жылда Кумтөрдөн кеминде 5 млрд доллар киреше алууга жетишебиз, башкача айтканда, 160–200 тонна алтын казылат. Бул бюджетке түздөн-түз чоң пайда, колдоо. Мен тастыкталган эсептөөлөрдү гана айттым. Бирок ал жакта башка мүмкүнчүлүктөр да бар» деди. «Центерра» да Жапаровдун кайрылуусу башталган маалда билдирүү таратып, кыргыз өкмөтү менен мындай макулдашуу болгонун ырастады. Компаниянын маалыматына ылайык, “Кыргызалтын” “Центеррадагы” 26 пайыз акциясын өткөрүп берет. 1‑апрелге карата баасы 972 миллион Канада доллары деп эсептелген бул акциялар “Центерранын” колуна тийгенден кийин жоюлат. Коомчулук буга эмне дейт?

Акылбек Жапаров, Министрлер кабинетинин төрагасы: «Кумтөрдө» 400–500 тонна алтын бар»

— «Кумтөр» эми 100% бизге өттү. Кен турган-­турпаты менен, анын ичиндеги бардык техникасы менен 1 млрд 300 млн доллар деп бааланат, рынок баасы 3 млрд доллар болот. Канадалыктар арбитраждык сотко 5 млрд доллар турат деп даттанып, кенемте катары ушул сумманы талап кылышкан. Азыр кенде канадалыктардын геологиялык чалгындоосу менен бекитилген 169 тонна алтындын запасы турат. Жакында Жогорку Кеңеш менен мыйзам кабыл алып, калдык сактоочу жай деп коёбуз, ал жерде 105 тонна алтыныбыз бар. Жакын арада 48% казып ала турган технологияны иштетебиз. Жалпысынан 200–210 тонна алтыны менен кен бизге өттү. Биздин геологдор да айтып жатат, өзүм да китептерден окуп чыкканым боюнча бул жерде 400–500 тонна алтын бар. Кыргыз элинин экономикасына, келечегине кызмат кыла турган кендин ээси болдук.

Айбек Бузурманкулов, Талас областынын мурдагы жетекчиси: «Кумтөр» биринчи кадам. Эми «Жерүйгө» экинчи кадамды шилтешибиз керек»

— Буйруса, «Кумтөр» 100% кыргыз мамлекетинин менчигине өттү. Бул өтө жакшы жөрөлгө. Эми «Кумтөрдө» болгон бүт кен байлыкты кыргыз мамлекети өзү көзөмөлгө алып, башкарып, пайдасын көрүшү шарт. Менимче, «Кумтөр» биринчи чоң кадам. Эми экинчи кадамды шилтешибиз керек, ал — «Жерүй» алтын кени. Ал жакта дагы болжол менен 105 тонна алтын бар, ал 6 миллиард долларга жакын каражат. Тилекке каршы, кыргыз мамлекетинин үлүшү 0 пайыз. Андан тышкары, Чаткалда бир топ алтын кең байлыктар бар. Ал жакта дагы кыргыз мамлекетинин үлүшү жок. Алтындан башка дагы кең байлыктардын үлүшүн алышыбыз керек. Ал үчүн бардык берилген лицензиялардын мыйзамдуулугун текшерип, кайра карап, элдин байлыгын элге кайтаруу боюнча экинчи бир чоң кадам ташташыбыз шарт. Ошол нерселер буйруса жакында ишке ашат деп үмүттөнөм.

Айданбек Акматов, журналист: «Кумтөр» менен бирге уу калдыктар сакталган жер дагы алынды»

— Ооба, Центерранын колунан «Кумтөр» алынды. Тилекке каршы, «Кумтөр» менен бирге уу калдыктар турган жер дагы алынды. Аны зыянсыздандыруу үчүн дагы канча чыгым кетет. Ал дагы биздин эсепте болушу шарт. Негизи, «Кумтөр» мындан ары Кыргызстандын келечеги үчүн иштеш керек деген ойдомун. СССРдин геологиялык чалгындоо кызматтары ал жерде 700 тоннадан ашык алтын бар деген. Демек, 300 тоннадан ашык болушу керек. Мына ошол алтынды сарамжалдуу казып алып, мамлекеттин өнүгүшү үчүн жумшоо зарыл. Бул жалпы бийликтин дагы, элдин дагы милдети. Коррупцияга айланбаш үчүн көзөмөл күчтүү болушу керек. Парламенттик көзөмөл, коомдук көзөмөл күчтүү болуш шарт. Мына ошондо «Кумтөр» кыргыз элинин келечегине кызмат кылган кен болот.

Туратбек Мадылбеков, экс-депутат: «2012‑жылы Атамбаев каршы болуп, Кумтөрдү алалбай калганбыз»

— Бир сөз менен айтканда «Кумтөрдү» өзүбүзгө алганыбыз аябай жакшы болду. Биз 2012‑жылы алалык дегенбиз, бирок Атамбаев жана анын командасы, тегерегиндеги кишилер каршы болуп, ошондо биз парламентте чечим кабыл алалбай калганбыз. Арадан 10 жыл өтүптүр. Бул жылдары биз көп утулуштарга ээ болдук. Миллиарддаган долларлык алтындарыбыздан айрылдык десек болот да. Кеч болсо дагы ийгиликтүү болгону жакшы болду. Эми мындан ары дагы элге кызмат кылса үзүрүн көрөбүз. Президентибиз Садыр Жапаров айтпадыбы, «Буйруса, 5 миллиард долларлык алтын алабыз» деп. Кыргыз элинин каалоо-­тилеги дагы ошол нерседе. Бул тарыхта кала турган окуя. Ал эми коррупция жагын көзөмөлдөш керек. Укук коргоо органдарынан тышкары коомдук уюмдар, журналисттер көзөмөлдөп, маалымат алып, анализдеп туруш керек. Баардык көз карап турса, ошондо биз ийгиликке жетишебиз. Мен ишенип жатам, жакшы жыйынтыкка келебиз деген. Кыргыз элинин, жеринин астындагы байлыктын баары жалпы эле кызмат кылыш керек. Өзүңүздөр билгендей Кыргызстан алтын кенине байбыз. Көрүнгөн шылуундан чет элдик компанияларды таап келип, ошол жерди жууп тазалап, жок кылышып жатат. Кыргыз элине канча пайда келип жатканын карашыбыз керек. Алар дагы пайда көрсүн, бирок бардык нерсени шыпырып кетпеш керек да. Биздин көлөмдүү болгон кең байлыктарыбызга жакшы көңүл бурулса, анан мамлекетибиз акырындан өнүгө баштайт. Ошол жагына Садыр Жапаров көңүл бурат го деп ойлойм.

Кыяз Молдокасымов, тарыхчы: «Суук колдон, уурулардан кайтаруу зарыл»

— Албетте бул келишимден кийин «Кумтөрдүн» алтыны Кыргызстанга толук өттү. «Кумтөрдө» баш-аягы 200 тоннадан ашык алтын бар экендиги эсептелип жатат. Бул Кыргызстан үчүн өтө оор күрөштөрдүн натыйжасында өттү. Ушул А. Акаев, К. Бакиев, Р. Отунбаева, А. Атамбаев, С. Жээнбековдун бийлиги учурунда чечилбеген маселенин негизги түйүнү чечилди. Кыргызстан үчүн өтө оор дегеним, экологиялык өтө чоң, 4 миллиард долларлык коркунуч менен өттү. Рекультивацияга эле 4 миллиарддык доллар кетиши мүмкүн деп көз карандысыз эксперттер эсептеген. Эми мындан ары экологиялык коркунучтан этият болушубуз абзел. «Кумтөрдүн» алтынын көздүн карегиндей сактап, мамлекетке иштетиш керек. Суук колдон, уурулардан кайтаруу зарыл. Анткени, кээ бир алтын кендеринен, өзгөчө Казарманда алтындардын уурдалганы боюнча маалыматтар бар. Алтындарды сактоого ошол жерде иштеген жалпы жарандар, жалпы укук коргоо органдары аябай сак болууга тийиш. «Кумтөр» мындан ары Кыргызстанга иштесе, экономикага 5 миллиард долларга жакын киреше кирет деп жатат.

Мавлян Аскарбеков, жаш активист: «Кен байлыктар оор абалдан чыгуунун, өнүгүүнүн локомотиви боло алат»

— Кумтөр 17 жыл башта эле Кыргыз мамлекетинин карамагына өтүш керек эле. Жеке кызыкчылыктар, коррупциянын айынан бир ууч «мошенниктер» элибизди тоноп келген. Кечээ президент «Кумтөр» мамлекетке кайтарылганын жарыялады. Эл ичинде оң, терс пикирлер айтылууда. Кандай болгондо да түйүнү чечилди, калганын келечек тактайт. Мындан ары кандай иштейт, азыр ошол маанилүү. Эл байлыгы болгон «Кумтөрдү» иштетүүдө заманбап корпоративдик ыкмалар колдонулуп жана ачыктыкты, айкындыкты көзөмөлдөгөн бекем көзөмөл керек. «Кумтөрдөн» башка 40тан ашуун кендердин иштөөсү кайра каралып, мамлекет үлүшү киргизилиши зарыл. Экономикалык оор абалдан чыгуунун, өнүгүүнүн локомотивине биздин кен байлыктар негиз боло алат.

 

Гүлсада Шекербек кызы

Share