2005‑жылдын 24‑мартындагы «Жоогазын» ыңкылабы эмнеси менен эсте калды?

2005‑жылдын 24‑мартындагы «Жоогазын» ыңкылабы эмнеси менен эсте калды?

Кечээ, 24‑мартта эгемендүү өлкөбүздүн тарыхында бийлик алгачкы ирет элдик толкундоолордун арты менен алмашкан “Жоогазын” революциясына 17 жыл толду. Тактап айтканда, 2005‑жылы 24‑мартта өлкөнү 15 жылга жакын башкарган Аскар Акаевдин бийлиги ураган. 4‑марттан тарта Жалал-­Абад облусунда, 18‑марттан Ош облусунда бийлик оппозиционерлердин колуна өткөн. 24‑марттагы Бишкектеги ири демонстрация башаламандык менен коштолуп, Акаевдин бийлиги кулаган. 2012‑жылга чейин 24‑март жылнаамада кызыл менен жазылып, эс алуу күнү катары саналып келген. Кийин Жогорку Кеңештин токтому менен алып салынган. Бул күн боюнча коомчулук эмне дейт?

 

Сабырбек Муканбетов, журналист: «Биз чындык, адилеттүүлүк үчүн күрөшө аларыбызды 24‑мартта далилдегенбиз»

— Кыргыз эли байыркыдан калган наркы, намысы бар улуу эл! Кыргыздар акыйкат, чындык, адилеттүүлүк үчүн күрөшкө ар дайым тикесинен тик туруп күрөшө алаарын 24‑мартта иш жүзүндө далилдеп, дүйнөгө кайрадан таанылды. 7‑апрель, 5‑октябрда эл өз кызыкчылыгын авторитардык режимдерге бастырбастыгын бышыктады. Сур булут каптап, күңкөр заман орношуна элибиз, өсүп келе жаткан муун эч качан жол бербейт деп ойлойм. Биз өсүп-өнө турган элдин урпактарыбыз, өнүгөбүз сөзсүз. Ылайым согуш болбосун!

Кайып Шер, Апрель революциясынын баатыры: «24‑мартта жоголгон 300 автоматтын изине УКМК түшүш керек»

— Мен бир окуяга токтолгум келет. 24‑март күнү Акүйдү алганбыз. Комендант болуп турдум. Кечке маал Шаботоев менен Ашым Эстебесов деген кичинекей бала ээрчип келип: “Элди ынтымакка чакыралык, түндүк-­түштүккө бөлүнүп жатат” деди. Макул деп киргиздик. Артынан балдары келип, анан эле ызы-чуу болуп, сейфтерди оодарып жатышты. Эртеси, “Жертөлөдөн 300 автомат табылып, Шаботоевдер чыгарып кетти” деген сөз тарады. Анан эле “Биримдик” деген “полувоенный” кыймыл түзөбүз деп чыгышты. Көп өтпөй, Шаботоев кызмат алып, кредит таркатуу боюнча бирикме ачты. Жанындагы балдарына кызмат алып берди. Ашым Эстебесовду бир мамлекеттик мекемеге деректир кылды. Данияр деген баласын жол тармагына койду. Бирөөсүнө охрана ачып берди. Мен ошондо, эгер 300 автомат алганы чын болсо, кайсы бир күнү Шаботоевди жок кылат дегем. Ошондой эле болду. Мен Чыныбай Алиевди өлтүргөн киши Шаботоевди өлтүргөн деп шекшийм. Кийин Эркин Мамбеталиев камалганын уктук. Кызыгы, Шаботоев өлгөндөн кийин автоматтар табылбай калды. Данияр деген бала камалды. Ашым Эстебесов да шектүүлөргө кирип, бирок кимдир бирөө куткарып кетти. Таңкалыштуусу, 2010‑жылы Эстебесов балдары менен Акүйгө автомат көтөрүп келди. Өкмөт үйүндө түшкөн сүрөттөрү интернетте бар. Мен көргөм, эл көргөн. Алар автоматты кайдан алды? Аларды өткөрдүм деген кагазы барбы? Баса, Эстебесов 2010‑жылдан кийин резиденцияда деректир болду. Элитный үйлөрдү алды. Особняктарга ээ болду. Андан да кызыгы, 2017‑жылы Атамбаев үйүн коргоп жатканда куралчан балдар жүрдү. Ашым Эстебесов ошол жерде болуп, таш уруп жатты. Курманкулов деген полковникке таш тийип, майып болду. Эми ар ким жыйынтык чыгарса болот, Эстебесовду ким калкалап келгенин. Бул баланы сурай турган учур келди. Бүгүнкү бийлик 300 автоматты тез арада иликтеши керек. Канга тойбогон Атамбаев дагы бир нерсени ойлоп, Эстебесовго окшогондор менен бир балекетти баштаганга чейин, УКМК жетекчиси К. Ташиев артына түшүшү керек.

Кыяз Молдокасымов, тарыхчы: «Өз элине ок аткан мамлекет башчыны эл кечире албастыгын көргөздү»

–2005‑жылы 24‑март бул элдин, үй-бүлөлүк, коррупциялык чыккынчылык башкаруусуна чыдай албай турган, ошондой эле өз элине ок аткан мамлекет башчыны эч кечире албастыгын, анан кыргыз элинин бийликке үңкүрөп баш ийбей, адилетсиз бийликке ар дайым каршы тураарын дагы бир ирет көргөздү. Ошондой эле кыргыз эли тарыхта дайыма эркиндиги менен демократиялык принциптерди кармангандыгы менен өзгөчөлөнгөн эл. Бийликке “чоңдугуңа чокоюм” деп эч кандай аларга жүгүнгөн эмес. Керек болсо чокоюн маңдайына илип койгон, баатыр, 3 миң жылдык тарыхы бар Борбордук Азияда аты сакталып калган, эң байыркы эл. Кыргыз элинин ошондой эрдигин, президентти кууп чыккан баатырдыгын айрым бир топтогу шылуундар колдонуп алды дагы, кийин бийликти дагы да болсо үй-бүлөлүк коррупциялык багытка буруп алышты. Акаевдин учурундагы бийликтин технологдору, ошол эле бийликти кийинки бийликке кайрадан калыптандырып берди. Айрым эл үчүн кызмат кылам дегендердин бардыгы кайрадан эле мурдагыдай бийликтин камчысын чаап, өзүнүн кызыкчылыгын ойлоп калды. Биринчи революциядагы жыйынтыкты, ортодо дээрлик 18 жыл болуптур, толук жыйынтыкты кыргыз эли дагы, бийлиги дагы ошол нерседен сабак алып, туура жолго түшө албай келе жаткандыгын соңку окуялар көргөзүп жатат. Андан киийн эки жолку — арпелдеги жана октябрдагы төңкөрүш, бийликтин кубулушу өзгөрбөгөнүн көрсөтүп жатат. Андан сабак албаса, мурунку коррупциялык система дагы күчөй берсе, Кыргызстанда албетте, ар кандай нааразычылык акциялары боло берет.

Бектур Асанов, коомдук ишмер: «24‑март кыргыз тарыхындагы эң улуу күндөрдүн бири»

–24‑март бул кыргыз тарыхындагы эң улуу күндөрдүн бири болуп калат. Менин оюм боюнча көз карандысыздыкка жеткен 31‑августтан кийинки улуу күн болуп тарыхта жазылып калат. Себеби, кыргыз эли мамлекеттин ээси экенин далилдеди. Кыргызда эч качан үй-бүлөлүк башкаруусу, топтун башкаруусу ишке ашпастыгын далилдеди. Балким, 24‑март орустар максаты жетпей калды деген сөздөр болуп жатат. Ага карабастан бул күндүн мааниси өтө чоң боюнча кала берет.

Чолпонбек Абыкеев, Президенттин кеңешчиси: «24‑марттагы революция максатына жетсе, азыр биз башка Кыргызстанда жашамакпыз»

— Ал элдик толкундоолордун негизиндеги биринчи революция болчу. Анда элибиз “бийликти элдин эрки менен алмаштырса болот турбайбы, элдин ишениминен чыкканда бийликтин иши бүтөт экен да” деген эйфория менен жашап калган учур болчу. Ар кай жерде ар ким революцияга катышкам деп көкүрөк какчу. Бирок, ошол учурда төңкөрүштөргө жол ачкан окуя болгон экен. Ошол 2005‑жыл 24‑марттагы революция максатына жетсе, чыныгы революциялык өзгөрүүлөр болсо, азыр биз башкача Кыргызстанда жашамакпыз. Бир үйбүлөлүк башкаруудан араң кутулсак, экинчиси андан ашып түштү. Быссымылда дегенде эле Акаевдин кадрлары Бакиев бийлигин тегеректеп алды. Ким катуураак кыйкырса, ошонуку сөз болуп калды. Тилекке каршы, ошондон баштап Кыргызстан “саясий турбуленттүүлүк тилкесинен” чыгалбай келет. Ошентип, элдин эрки менен ишке ашкан революциянын идеялары жолдо калып, кийинки төңкөрүшкө кыртыш даярдалып баштаган. Революциянын идеялары, принциптери жокко чыгып, бийлик легитимдүүлүк кризисин өзү баштап бергенин байкабай деле калды.

Асыкбек Оморов, тарыхчы: «Акаев мамлекетти сазга батырганда, революция болгон»

–2005‑жылы 24‑мартында болгон революцияда эл үмүтү акталган жок. Себеби, 15 жыл мурун бийликке келген Аскар Акаев үй-бүлөлүк башкарууну орнотуп, балдар-­кыздары, күйө балдары аркылуу башкарды. Кадрлардын баары туура эмес коюлду. Ошону менен эл чыдамсыздык менен ушундай революцияны жасады. Анткени, күндөн-­күнгө элдин жашоосу төмөндөп бараткан. Социалдык жактан ушунчалык жамгымсыз абалга алып келгендиги үчүн 2005‑жылы революция болду. Себеби, адамды эмес айбанды деле акча кармаса бир тепкенге же бир сүзгөнгө алы келет. Ага караганда эл да араң турган, көтөрүлдү. Оодарды. Негизи, уурулукту ооздуктаган Советтер Союзу жок болду да. 74 жылдын ичинде Советтер Союзу канчалаган шаарларды, завод-­фабрикаларды, университет, институттарды курду. Акаев ошонун баарын талкалады. Чарбаны чачты, малды кырды, өндүрүштүн баарын өлтүрдү. Акырында эч нерсе калбай калгандан завод-­фабрикалардын дубалдарына чейин талкалап, ичиндеги арматурасынан бери талкалап, саттырды да Акаев. Кыскасы, сазга батырганда, эл чыдабай, революция кылды.

Улукбек Маматаев, “Ак калпак” партиясынын төрагасы: «Элди биринчи Акаев аттырган»

— Революция дейбизби же төңкөрүш дейбизби, кандай болгон күндө дагы 2005‑жылы кыргыз элинин аң-сезиминде чоң бир бурулуш болду, муну биз таналбайбыз. Ал эми тилегине жеттиби, жетпедиби ал эми башка маселе. Эч качан революциялар биринчи эле боло калып, анан өз максатына жетпейт да. Анан бизде аң-сезимдин төңкөрүшү десек болот анда. Эксперименталдык болсо дагы, кыргыз эли өзүнүн Орто Азия мамлекеттеринде өзүнүн өзгөчөлүгүн көрсөттү. 30 жылдап отурган дектаторлорду сестентти. Акаев дагы көп жыл отуруп алды. Отурганга жараша мамлекетти оңдоп кетсе бир жөн эле, кайра коррупцияга малынып, аябай чоң зыяндар келе баштады, ошого эл чыдай алган жок. Мисалы, Аксы окуясы чыкты. Элди биринчилерден болуп аткан Акаев болгон. Бүгүнкү күнү жазасын албай акталып жатат. Андан кийин бийлик бир эмес, 2-3 жолу алмашты. Бирок, тийиштүү жыйынтык чыкпай жатпайбы. Дагы канча жолу революция болушу керек жыйынтык чыгыш үчүн? Биз ошону ойлошубуз керек.

 

Гүлсада Шекербек кызы

Share