— Акылбек Үсөнбекович, Россия менен Украинанын ортосундагы кырдаал дүйнөлүк экономикага чоң сокку урду. Бизге окшогон экономикасы чакан өлкөлөргө болуп жаткан кесепет оорчулук жарата турганы айтпаса дагы белгилүү. Дүйнө коомчулугу эки тарап болуп бөлүнүп калганын да көрүп жатабыз. Биз бул учурда кандай позицияны карманганыбыз туура болот?
— Ааламдашуу доорунда эл аралык коомчулуктан тышкары эч бир мамлекет өз алдынча саясат жүргүзүп, өз алдынча өнүгө албайт, баарыбыз бири-бирибиз менен тыгыз байланышып калдык. Өнүгүү процесстери өтө тездик менен жүрүүдө, 4.0 индустрияны басып жатат. Ошол эле мезгилде коронавирус сыяктуу күтүүсүз кырсык экономиканы жабыркатты. Өнүккөн мамлекеттердин экономикасы дагы пандемияга чейинки деңгээлге али жете элек. Муну менен бирге Украинанын айланасындагы болуп жаткан окуялардын кесепети, дүйнөдөгү геосаясий кырдаал бардык мамлекеттердин социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө терс таасирин тийгизип жатат. Экономикалык кризис кайрадан дүйнөнү басты. Президент Садыр Нургожоевич айткандай, биз кичинекей эле өлкөбүз. Биздин согушту токтотуп коюуга таасирибиз деле жетпейт. Ошондуктан, биз калыс өлкө болушубуз керек. Кыргызда “Бир уйдун мүйүзү сынса, миң уйдун мүйүзү зыркырайт” деп коёт. Биз бир тууган слявян элдерине тынчтык гана каалайбыз.
Бүгүнкү болуп жаткан таасирлердин жана чакырыктардын айынан азыр дүйнөлүк экономикалык система кайра түзүлүп жатканын көрүп жатасыңар. Дүйнөлүк энергетика жана азык-түлүк рынокторунда баалар өсүп жатат, мунун баары европалык аймактагы татаал геосаясий кырдаалдын фонунда болууда.
— Азыркыдай учурда ар бир өлкө өзүнүн экономикасын туруктуу кармоо үчүн болгон аракетин жумшайт эмеспи. Кыргыз экономикасы бүгүнкү кырдаалда туруктуу боло алабы?
— Февраль айынын аягында дүйнөдө геосаясий чыңалуунун көптөгөн күтүүсүз күчөшү биздин биринчи кезектеги максаттарыбызды жана милдеттерибизди кайра карап чыгуу зарылчылыгына алып келди. Биздин өлкөнүн экономикасы ички жана сырткы соккуларга туруктуу жана мобилдүү деп эсептейм. Анткени, Кыргызстандын экономикасы башынан бир эмес, бир нече соккуларды өткөргөн. Мисалы, СССРдин кулашындагы жылдарды, 1998‑жылдагы Россияда болуп өткөн дефолтту, 3 жолку революцияны, 2008‑жылдагы дүйнөлүк финансылык кризисти, пандемияны. Ушундай оор кырдаалдардын баарын башынан өткөрүп, кандайдыр бир деңгээлде вакцина алууга жетишти. Биз стресстерге көнгөнбүз.
Өткөн жылы өлкөбүздүн экономикасын COVID‑19дан кийинки мезгилде өнүктүрүүнү камсыз кылуу максатында иштелип чыккан кризиске каршы чаралардын комплексин ийгиликтүү ишке ашырдык. Бул бизге позитивдүү өсүштүн траекториясына кайтууга мүмкүндүк берди: 2021‑жылы экономикабыз 3,6 пайызга өстү, үстүбүздөгү жылдын алгачкы эки айында ИДПнын реалдуу өсүү темпи 102 пайызды түздү. Биз алдыбызга бүтүндөй жылдын ичинде 5 проценттен кем эмес өсүштү камсыз кылуу милдетин койдук. Кыргыз экономикасын өнүктүрүү үчүн бизге тынчтык жана туруктуулук керек. Биз бири-бирибизди колдоп, жардам беришибиз зарыл.
Ар бир жаран үчүн Ата-Мекенди коргоо ыйык парз жана милдет. Бул өңүттөн алганда мекенге кызмат кылуу, ага жардам берүү ар бирибиздин милдетибиз. Ошол сыяктуу салык төлөө, экономиканы өнүктүрүү дагы милдет экенин унутпашыбыз шарт. Жарандардан болгону онлайн ККМ чектерин ар бир соода алакасынан талап кылууга чакырып жатабыз.
Биз былтыр түзгөн фискалдык системада иштелип чыккан чаралар экономикабыздын туруктуулугун камсыз кылууга, дагы бир дүйнөлүк кризистин таасирине туруштук берүүгө мүмкүндүк берди. Алдыга коюлган милдеттерди ишке ашыруу үчүн биринчи жолу олуттуу ички каржы булактарды таптык, аны экономикага салып жатабыз. Дыйкандарды жер салыгынан, 8 млн сомго чейин киреше тапкандардын баарын салыктан бошоттук. Мындан башка бир топ жеңилдиктерди берип жатабыз. 2–3 жылда элибиз бутуна туруп кетсин деген ниетибиз чоң. Быйылкы жылга бекитилип жаткан план боюнча 126 млрд сом каражатты кризиске каршы салып жатабыз.
— Кризиске каршы каралган126 млрд сом кайда, кандай багытта жумшалат?
— 7 багыттан турган антикризистик чараларды биринчи планга коюп жатабыз. Биринчи кезекте азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылуу үчүн материалдык резервдер фондуна биринчи муктаждыктагы товарларды сатып алдуу үчүн 2,2 млрд сом жумшайбыз. 1‑апрелден тартып мугалимдердин, дарыгерлердин, маданият жана илим тармагындагы кызматкерлердин эмгек акысы 30 пайыздан 100 пайызга чейин көтөрүлөт. Мурдагы өкмөттөр айлык акыны бөлүп-бөлүп кээ бир тармакка гана көтөрүп келишкен. Азыр биз комплекстүү түрдө мындай чечимдерди кабыл алууга даярбыз. Буга биз 32,9 млрд сом карап жатабыз. 300 миңден ашык адамдын үй-бүлөлүк бюджетине жакшы таасири тиет. Жыл ичинде пенсиянын өлчөмү 50 пайызга көбөйөт. Буга биз 2 млрд сом бөлөбүз. Өзүңөр билесиңер, Кыргызстанда 711 миңден ашык адам пенсия алат. Жеке керектөөдө атамекендик продукциянын үлүшүн көбөйтүү биздин экономика үчүн абдан маанилүү. Бул үчүн жалпысынан дээрлик 40 млрд сомду айыл чарбасына берип жатабыз: Дыйкандарды үрөн, жер семирткичтер менен камсыздоого 2,5 млрд сом бөлдүк. 6% менен агрокредиттерди берүүгө 26 млрд сомду бөлүүдөбүз Керектүү азыктар менен өзүбүздү өзүбүз камсыздоо үчүн агро азык-түлүк кластерлерин түзөбүз. Ага 10 млрд сом бөлүп жатабыз.
Биздин экологиялык таза продукцияларыбыз тышкы рыноктордо да суроо-талапка ээ жана биз экспортубузду көбөйтүү түрүндө айыл чарба жана кайра иштетүү тармагынан кайтарымды күтөбүз. Продукциябызды жеткирүү мүмкүнчүлүгүн жогорулатуу максатында Бендер-Абас-Ош каттамы боюнча жүк ташуу каналын ачуу маселесин чечип жатабыз. Мына ушулардын бардыгы биздин калкыбыздын кирешесин көбөйтүп, жеке керектөөлөрүн колдоого алат. Экономикабызды турукташтырат.
Тобокелчиликтер жок эмес, бар. Бирок, колдоо болсо аны жеңип чыгабыз. Анткени, биз бардык ишти илимге такап, дүйнөлүк тажрыйбадан үйрөнүп, өзүбүздүн шарттарга, экономикага, ресурстарыбызга, потенциалыбызга, чарк-чамабызга карап чечип жатабыз. Мындай чечимдер, кадамдар, реформалар сөзсүз жемишин берет. Доллар менен алган кредиттерди конвертациялоого 36 млрд сом карадык, ал эми коммерциялык банктардан алган элдин кредиттерин конвертациялоого 122 млн сом бөлүп жатабыз. Мунун баары карапайым элге жакшы жардам болот. Ошондуктан, ар бир жаранды Президент башында турган Аткаруу бийлигинин ишин колдоого чакырам.
— Инвестиция жок экономика алдыга жылбайт. Дүйнөлүк экономика кризиске кептелип турган учурда, биздин инвестициялык абалыбыз кандай болот?
— Инвестиция узак мөөнөттүү туруктуу экономикалык өсүштү камсыз кылуунун маанилүү фактору болуп саналат. Биз инвестициялык долбоорлорду ишке ашырууну, улантууну пландап жатабыз, анын жыйынтыгын бардык жарандарыбыз көрөт. Эң көрүнүктүүлөрдүн бири өлкөбүздүн эл аралык туристтик дарбазасы болгон “Манас” аэропортун модернизациялоо долбоору болду. Заманбап эл аралык талаптарга жооп берген спорттук стадион жана олимпиадалык бассейн курабыз. Ал жерлерде эл аралык мелдештерди жогорку деңгээлде өткөрүүгө мүмкүнчүлүктөр түзүлөт.
Учурда жалпы суммасы 1 млрд АКШ долларынан ашык мамлекеттик-жеке өнөктөштүктүн 55 долбоору активдүү өнүгүү фазасында турат. Энергетика тармагында өлкөдө күн электр станцияларын куруу боюнча ГЧП долбоорлору демилгеленип жатат. Биз булардын баарын жакынкы аралыкта ишке ашырабыз. 1 млрд сом капиталы менен Туризм фондун түзүүнү чечтик. Дүйнөдөгү акыркы окуялардан улам туристтер үчүн жеткиликсиз болуп калган туристтик маршруттарды биздин рынокко багыттоо үчүн биздин өлкөдө туристтик кластерлерди, атап айтканда лыжа кластерлерин өнүктүрүүгө, дүйнөлүк деңгээлдеги туризм инфраструктурасын түзүүгө уникалдуу мүмкүнчүлүгүбүз бар. Ар бир облуста өнүктүрүү фонддору түзүлдү, биз облус жетекчилеринен конкреттүү долбоорлорду күтөбүз. «Кыргызиндустрия» акционердик коому өнөр жайды модернизациялоону камсыз кылуу жана мамлекеттик үлүшү 1 млрд сом болгон ишканаларды натыйжалуу башкаруу максатында түзүлгөн.
“Кумтөр” маселесин жөнгө салуу боюнча келишим түзүүнүн акыркы этабына жеттик. Бул тарыхый учур болот. “Кумтөрдү” мамлекетке алуу процесси башталганда, ушундай татаал, жогорку технологиялык өндүрүштү кыргыздар иштетип кете алабы деген маселе турган. Кудай кыргызга берген кенди кайтарып алуу — акыл-эс менен жашоонун, өз байлыгыбызга өзүбүз ээлик кылуу укугубузга болгон күрөш болчу. Биз кенди иштетип кеттик. Тышкы башкаруу киргизилгенден бери 2 млрд 910 млн сом таза киреше таптык. 2021‑жылга чейин “Кумтөр” болгону 74 млн доллар дивиденд берген, азыр 220 млрд доллар өзүбүздүн банкта кармап турабыз. 1 унция алтынды 1829 доллардан эсептеп, кийинки жылы 500 млн накта киреше алабыз деп жатабыз. Алтындын бардык запастарына мындан ары өзүбүз ээлик кылабыз. 400–500 тонна алтындын запасы менен Кыргызстанга өтүп жатат. “Кумтөрдү” иштетип кетүү менен өзүбүздүн кендерди өзүбүз иштетүүгө бизде чоң ишеним да жаралды. “Кумтөр” деген эпопеянын аягы жеңиш менен бүткөнү жатат. Бул — элдин жеңиши! Муну менен биздин экономикада өтө чоң кубаттуу мотор, кыймылдаткыч пайда болду.
Мындан ары бизге жаңы горизонттор ачылат. Кыргызстан Батыш менен Чыгышка жаңы аянтча катары чыгат.
Мындан тышкары өткөн жылы бюджетти бекитип жатканда турукташтыруу фондун 70 млрд сом капиталы менен түзгөнбүз. Ошонун жардамы менен азыркы дүрбөлөң жеңил өттү.
Улуттук банктын лицензиясына ээ Кыргызстандын коммерциялык банктарына, акча алмаштыруучу пункттарына, микрофинансылык-микрокредиттик компанияларга 11‑мартта саат беш жарымдан тартып накталай АКШ долларын өлкө аймагынан тышкары алып чыгууга убактылуу тыюу салынды. Азык-түлүк товарларына рыноктук бааны камсыз кылуу жана турукташтыруу, ошондой эле айыл чарба өндүрүүчүлөрүнүн натыйжалуу иштеши үчүн жагымдуу шарттарды түзүү максатында бир катар айыл чарба товарлары боюнча импортко КНСтен бошоттук.
— Коомчулук азык-түлүккө болгон бааны өсүшүнөн кийин күнүмдүк керектөөчү продуктылардын тартыштыгы жаралат деген сөздөрдөн улам дүрбөлөңгө түштү. Азык-түлүк жетишсиздиги жаралбайт деп айта аласызбы?
— Дүрбөлөң болууга эч кандай негиз жок. Кант, май, ун, бензин — баарынын маселесин чечип жатабыз. Ар бир маселени биз жалпы коомчулук менен көтөрүп жатабыз, жарандык коом менен, айрыкча бизнес өкүлдөрү менен кеңешип чараларды кабыл алуудабыз. Президент дагы кеңири масштабдагы бизнесмендерди чогултуп, абалды талкуулады. Кечээ эле жергиликтүү бийлик жетекчилери менен ушуга байланыштуу өлкөдөгү бир катар маселелерди карап чыктык. Бул ишти ар он күн сайын чогулуп карай турган болгонбуз. Министрлер Кабинети күнүгө кризиске каршы саясатты жүргүзүп, жума сайын чечимдерди чыгарып жатабыз. Дүйнөдө абал ушундай кырдаалда турганда эч кандай ысырапкорчулукка жол бербешибиз керек. Элди да ага көндүрүшүбүз кажет.
Реформа эч качан биринчи колдоого алынбайт. Бирок, реформанын жакшы жагын, натыйжасын эртең көрөбүз. Биз коркпой реформаларга барабыз. Ал үчүн элибиздин ынтымагы, бири-бирибизди колдоп иш алып барышыбыз керек. Кризиске каршы иш-чаралар планы биздин өлкөдөгү социалдык-экономикалык туруктуулукту камсыз кылуунун оперативдүү жол картасы катары кабыл алынышы зарыл. Кризиске каршы иштелип чыккан программа калкты жана бизнести мамлекеттик колдоого багытталган.
Маектешкен А.ТАГАЕВ