Бюджет. Карыз. Алтын…

Бюджет. Карыз. Алтын…

Кыргызстанда жыл сайын жылдын башында эле, жылдын кезектеги жаңырышы менен кошо келген жаңы албан үмүттөр күйүп-­жанып, жылдын аягына жетпей эле, алардын дээрлик баары толугу менен быкшып-өчүп, оор жылдын оңолгус түйшүктөрүнүн кучагында оролушуп, унутта калып келе жатканы көнүмүш адатка айланып калгандыгы ырас. Азыр да, жылдык прогноздорго, мамлекеттик деңгээлдеги пландарга көз жүгүртсөк — реалдуу күнүмдүк турмушубуздагы жашоо шартынан, деңгээлинен кыйла эле айырмаланып турган картинага кабылабыз.

Дал ошонун айынан, жыл сайын кабыл алынган бюджеттик күтүүлөр аткарылбай, баягы жыл башындагы пландардын баарынын ишпалдасы чыгып, ара жолдо, дайынын таппай калгандыктан улам, туманда адашып, анысы аз келгенсип, узак, татаал жолдо азыноолак оокат-ашы жүктөлгөн, кылдыраган арабасы сынып, кийиминин жукалыгынан, эскилигинен үшүп-шишип, көрбөгөн азаптын баарын көрүп, акыры кеч күүгүмдө түнөгүнө араң жетип, эч нерсени ойлоого да дарамети жетпей, чарчагандан дароо жамаачыланган төшөккө кулаган жолоочудай абалды элестет…

Бул аянычтуу абал — Кыргыз мамлекетинин экономикасынын соңку чейрек кылымдагы реалдуу жашоосунун образдуу чагылдырылышы. Жаңы жылды башкалардай эле жакшы үмүттөр менен тосуп алып, алдыга жаркын тилектерди коюп жашоо менен бирге эле, учурдагы замандын эң эле элементардык чакырыктарына адекваттуу жооп бере албай, карызга белчесинен батып калган абалынан кутулбай келе жатат.

Туура, өткөн жылы гана — 2021‑жылдын бюджети — он эки жылдан кийин алгачкы жолу бюджет толук аткарылып, ал тургай 4 миллиард сомго жакын профицит менен жабылды. А бирок, мунун карапайым калктын жашоосуна тийгизген таасири азырынча сезиле да элек. Ошондуктан, азыркы кезде жаңы эле башталган 2022‑жылдын бюджеттик камылгалары менен пландарына көз жүгүртүү туура болор.

План боюнча алганда, республикалык бюджеттин жалпы кирешелери мамлекеттик гранттык инвестицияларды кошуп эсептегенде 282,1 млрд сомго жетиши күтүлүүдө. Номиналдуу түрдө алып караганда республикалык бюджеттин киреше бөлүгү 2021‑жылдын бюджетине салыштырмалуу 63,2%ке, же 109,2 млрд сомго ашкан. Ошол эле учурда, жалпы чыгымдар да көбөйүп, республикалык бюджеттин 2022‑жылга бекитилген чыгымдары 291,2 млрд сом деп белгиленген. Бул цифра 2021‑жылдын бюджетинин чыгымдарына караганда 109,9 млрд сомго көптүк кылат. А бул сумманын дээрлик жарымына жакыны (40 миллард сом!) сырткы карыздарды жабууга каралган.

Башкача айтканда, маселенин бул жагына реалдуу карасак, бюджеттин көлөмү көбөйүүдө деген сөз — тек гана ооз көптүргөндүктөй туюлат. Анткени, чыгымдарыбыздын көбү мамлекет пайдасына иштебей, кумга сиңген суудай гана, эч пайдасыз агып кетүүсүн улантууда. Анын үстүнө, республикалык бюджеттин дефицити 2022‑жылы 9,1 млрд сом деп белгиленген. А бул цифра реалдуу жагдайда алда канча чоң болуп чыгышы да толук мүмкүн…

Кечээ жакында президент Садыр Жапаров 2022‑жылдын бюджети тууралуу сөз кылып жатып, анын ресурстук бөлүгү консолидациялангандан соң, мамлекеттин бардык секторлорун кошуп эсептегенде, 403,9 миллиард сомго жетет деп божомолдонуп жатканын билдирди. Ошондой болгон күндө деле, эгерде сырткы карыздарды кайтарууга эле 40 миллиард сом коротулуп жатканын эске алсак, бул бюджеттин дээрлик 10 процентке жакынын түзөт. Ал эми 2022‑жылга карата кабыл алынган бюджеттин көлөмүнө карап өлчөгөндө, — дээрлик 15 процентке жетет!..

Президент Садыр Жапаров шайлангандан бери бир жылдан ашуун убакыт өттү. Азыркы кезде президент Садыр Жапаров өзү түздөн-түз жетектеп калган, номиналдуу түрдө Акылбек Жапаров төрагалык кылган жаңы өкмөттүн курамы иштеп жатканына да бир жыл болуп калды. Демек, алардын ишмердиктеринин алгачкы реалдуу жемиштеринин даамын татып, алар жүргүзүп жатышкан иштеринин оң жана терс жактарына да алдын ала баа берүүчү мезгил келди.

Тилекке каршы, азырынча айрым гана оң багыттагы умтулууларды, изги демилгелерди гана белгилөө менен чектелип тим болобуз. Анткени, учурдагы өкмөт жалпы коомдук-­саясий турмушту түп-тамырынан өзгөртүп, мурдагы көндүм болгон куру убадалардан арылып, реалдуу эмес прожекторчулуктан биротоло кол үзүп кетип, өзүнүн алдына иштиктүү, жакынкы аралыктарда иш жүзүндө толук аткарыла турган долбоорлорду коюуга али өтө да элек.

Азырынча дээрлик бардык тармактарда алыскы келечекке байланышкан тумандуу убадалар гана үстөмдүк кылууда. Жакында Өкмөттүн төрагасынын социалдык тармактар боюнча орун басары Эдил Байсаловдун Нарындагы жолугушуусунда: “Ушинтип, дагы эки-үч жылча чыдап берсеңиздер, анан баары жакшы болот!” — деп айтты.

Себеби, эки-үч жыл деген мезгил өлчөмү — азыркы тири укмуштай ыкчам темп менен өнүгүп жаткан заман агымынын нугунда алып караганда, абдан эле узак убакыт. Ырас, президент Садыр Жапаров мындан ары өкмөт улам-улам алмашыла бербейт, туруктуу иштейт деп убадалаган. А бирок, кадрдык чехарда мурдагыдай эле башаламан калыпта улантылып, дээрлик бардык тармактардагы жетекчилер эки-үч ай иштеген соң, кайра эле улам жаңысына алмашылып жаткандыгын танууга болбос. Же, тагыраак айтканда, “мен жаңы эле келдим, мурунку жетекчи былгытып, ишти бүлүнтүп кеткен экен!” — деген шылтоолорго шарт түзүлүп калууда…

Эгерде республикадагы экономикалык-­чарбалык иштер мындан ары да ушундай эле ыргак менен улантыла берсе, жетекчилердин арасында “эптеп убакыт өтсө болду” дегендей мамиле үстөмдүк кылып, чечкиндүү аракеттер жасалбашы, өнүгүүдөн эч дайын жок болгон, “өгүз өлбөсүн, араба сынбасын”, “после меня — хоть потоп!” деген сымал гана, кайдыгер мамилелер орноп калары түшүнүктүү.

Кечээ жакында, борбор шаардагы жаңы чакан райондук электр станциясынын ачылышында сүйлөп, Президент Садыр Жапаров жакынкы эле жылдарда Кыргыз Республикасы электр энергиясын экспорттогон өлкөгө айланат деди. Анын эртеси эле, Энергетика министри Доскул Бекмурзаев Кыргызстан дагы 4–5 жылдан кийин энергетикалык жактан толук көз карандысыз өлкө боло алат деп жарыялады. Тагыраагы, Эдил Байсаловдон да дээрлик эки эсе узак убакытты убадалады!..

Кыргыз эли “Кыргызстанды үч жылдан кийин Швейцарияга айлантамын!” — деп, кашкая жылмаңдаган, биринчи президент Аскар Акаевдин бал тантыган убадасын да далай жолу уккан. Иш жүзүндө эмне болгону — жалпыга маалым. Ары жагын айтпай эле коеюн… демекчи, андан көрө, учурдагы көйгөйлөргө өтөлүк. Президент Садыр Жапаров качкын президент Аскар Акаев Кумтөр алтын кенине байланыштуу тергөөгө жооп берүү менен бирге, өзүн актап алды деген мааниде билдирүү жасаганы таң калтырбай койбойт. Арийне, бул “кылым кылмышы” али толук иликтенип бүтө электе эле, президент Садыр Жапаровдун мындай бир жактуу пикирди билдириши — бери эле болгондо шашкандыкка жатат.

Эки президенттин (азыркы иштеп жаткан жана качкын абалынан эми гана кутула баштаган, экс-президенттик статусунан мыйзам чегинде ажыратылган мурунку президенттин) ортосунда абдан кытыгылуу, парадоксалдуу психологиялык жагдай түзүлүп калганы түшүнүктүү. Бийликке жеке өздөрү үчүн да такыр күтүүсүздөн келишкен соң, “Кумтөр алтын кенин Кыргызстанга кайтаруу керек!” — деген идея эң башкы лозунгу жана магистралдык программасы болуп калгандыктан, президент Садыр Жапаров жана анын жакын жан-жөкөрлөрү бул багытта абдан катуу далалат кылып келе жатышат. Ал тургай, “пан или пропал” дегендей, эл аралык сотто бул маселе боюнча күрөшүүгө да бел байлашып, жалпы Кыргызстандын экономикасынын келечек тагдырын да дал ушул картага коюп салышкандай кырдаал түзүлүп калды.

Сыягы, Садыр Жапаровго Кумтөр алтын кенин иштетүү долбоорун иштетүүнүн башатында турган президент Аскар Акаевдин күбө катары жооп берип, эл аралык сотто “ооба, канадалыктар бизди алдап кетишкен!” — деп, моюнга алуусу өтө күчтүү “аргумент” сыяктуу сезилип жатса керек. Буга эл аралык сот ишенеби? Он алты жылдан соң, качып жүрүп араң мекенине кайра келип, Кыргызстандын бир ууч топурагы көзүнөн учуп турган Аскар Акаев менен Кумтөрдү артка кайтарып алып, башка иштерди жасай албасам да, жок дегенде Кыргызстанга ушунум менен оң кызмат кылып кетсем дегенде эки көзү төрт болуп жаткан Садыр Жапаровдун ортосунда аргасыздан жасалган саясий келишим, же утурумдук “сделка” деп кабыл алышы да ыктымал!

Азыр Аскар Акаевдин президенттик ишмердигине эриксизден жаңы өңүттөн кароого да мажбурбуз. Жакынкы убактарга чейин эле, саясат таануучулар жана тарыхчылар арасында, дегеле жалпы коомчулук арасында Аскар Акаевдин президенттик биринчи мөөнөтү абдан жакшы болгон деген жалпыланган пикир жашап келген…

Сөз эркиндиги, демократиялык баалуулуктардын калыптанышы сымал процесстер калыптанып, ыраматылык союздан калган капчыктын түбү али толук капшырыла элек кезде, эл өзүнүн биринчи президентине ыраазы болуп келген. Бирок, калың карапайым эл ачка калып, алдуулары миграцияга жумуш издеп кетишип, үйлөрүндө пенсияларын өз учурунда ала алышпаган карыган чал-кемпирлер калышып, ачкадан өлүшүп, кароосуз жетим балдар көчөгө батпай кеткенде, эл анын дарегине жалаң гана каргыш айтып калган!

Кумтөр алтын кенинин былыгы дал ошол бейпил замандын соңунда — 1993‑жылы, ал аралык аферист Борис Бирштейн Бишкектеги Ак Үйдүн 7‑кабатынан, президент Акаевдин жанынан орун алган учурда эле башталган! Бул эми гана ачыкка чыгууда. Ал эми Акаев болсо, ошол кездеги премьер-­министр, ыраматылык Николай Танаевге өтө эле ашыкча “ишенип алып”, Кыргызстан өзүнүн ири, жалгыз алтын кенин алдатып жибергенин “билбей калыптыр”!

Эми гана, чейрек кылым өтүп, Кумтөр алтын кенин казуу аягына чыгып баратканда, эсине келип, Кыргызстан кызыкчылыгы үчүн, адилеттик үчүн тергөөдө “туура көрсөтмө” бергенге батыныптыр…

Кумтөр кени аяктап, какшып түбүнө жетип бара жаткандыгына карабастан, дале болсо аны Кыргызстандын элине кызмат кылдырууга ар кандай сунуштар арбын. Экс-вице-спикер Кубанычбек Исабеков — бюджеттик тартыштыкты жоюуга Кумтөрдүн каражаттарын тартуу керек деп сунуштаптыр. Ушинтип улам тапканыбызды улам жеп-ичип олтура берсек, бир кездеги популярдуу депутат Токон Шайлиева — бюджетти “бүтжейт” деп атагандай, эми алтындын калган калдыктарын да жеп алып олтура берсек, Кумтөрдөн келечек муундарга эмне эстеликке калат?

Жок дегенде, бир-эки заманбап завод курулуп калса, Садыр Жапаровдун тобокелчил, “ва-банкка” барган жетекчилик саясаты акталмак. А бирок, эгерде эл аралык сотто утулуп, абдан оор жазапул жүгү, ансыз да карызын төлөй албай жаткан Кыргызстандын моюнуна илинип калсачы? Жогоруда айтылган 40 миллиард сом карыз жыл сайын көбөйүп олтуруп, чыгымдардын олуттуу бөлүгүн түзүп, мындай көп өлчөмдөгү карызды төлөөчү бюджеттик курам 2029‑жылда гана азая баштайт.

“Кедейкандын” ролун аткарган Тенгиз Бөлтүрүк баш болгон кенчилер 2021‑жылы Кумтөрдөн 14,5 (он төрт жарым) тонна алтын казып алдык деп жар салышты. Канадалыктар деле эң мыкты ишмердик учурунда 18–23 тонна гана алтын алып келишкен. Эч чуулгандуу кыйкырыгы жок эле, коңшулаш Казакстан менен Өзбекистан 2020‑жылы ар бири 100 (жүз!) тоннадан алтын өндүрүшкөн. Башкача айтканда, Кыргызстан өз энчисин сот аркылуу талашып жүрүп, жети-сегиз жылда араң ала турган алтынды, алар бир жылда эле казып алышкан. Ал эми 420 тонна алтын алган Кытайды, 330 тонна алган Австралияны, 310 тонна алтын алган Россияны айтпай эле коёлук.

“Төшөгүңө жараша бутуңду сун” демекчи, өлкө өз киреше-­чыгашаларын тең салмактуулукка жеткирип, келемиштердей уурулардан биротоло арылмайынча, жакшы жашоо жомок бойдон кала берерин, жакынкы эле тарыхыбыз ырастады.

 

Ишенбек МУРТАЗАЕВ

Share