Аскар Акаев: «Тажик бийлиги кыргыз элинин жакшылыгын унутту, баалабады»

Аскар Акаев: «Тажик бийлиги кыргыз элинин жакшылыгын унутту, баалабады»

— Аскар Акаевич, биз экөөбүз, бир канча жыл башта, 2015-жылы 5-июнда жолугуптурбуз. Мен сиз менен кечээ жакында эле жолуккандай болдум эле. Ошондо мен Москвага келип, сиз менен атайын жолугуп, “Жаңы Ордо” газетасына сизден кенен маек алып кеткен элем. Андан бери, арадан бир топ жылдар өтүп кетиптир. Сизден ошол жылы алган маек окурмандардын бүйүрүн кызытып, ар кандай пикирди жараткан жандуу маек болгон. Анда, мына бул Сардар иним менен келген элем, маек “Жаңы Ордо” газетабыздын бир канча санына жарык көрдү. Кыргызстанда гана эмес дүйнөлүк алкакта тез-тез өзгөрүүлөр болуп жатат, бирок сиз белгилүү окумуштуу, саясатчы катарында көз салып турасыз. Бир топ жылдардан бери, өлкөбүздөн сыртта жашап жатсаңыз да, тунгуч президент катарында жүрөгүңүздө дайыма кыргыз эли турса керек деген ойдомун. Биринчи суроомду азыр өтө курч жана актуалдуу болгон “Кумтөр” алтын кенинин айланасында чырга айланган маселеге эмес, кыргыз-тажик мамилесине токтолууну туура көрдүм.

— Бекен иним, менден маек алам деп миңдеген чакырым жерден келгениңе чоң ырахмат. Кандай сурооң болсо да жооп берүүгө даярмын.

— Аскар Акаевич, жакында тажиктердин биздин чек арабызга аскердик, куралдуу агрессиялык кол салуусу болгон окуядан кабарыңыз бар чыгар. Тажик жана өзбек коңшуларыбыз дайыма биздин жерлерибизге көз артып келишкени ачуу чындык. Менимче, жылдан жылга биз тарапка “жылып” келе жаткан алардын чек ара баскынчылыгын токтотуу максатында сиз президент болуп турган учурда Максат айылын түптөп, түзгөн болсоңуздар керек…

— Биздин үй-бүлөбүз Кыргызстандан чыгып кеткенине эле көп жылдар өтүп кетиптир. Бирок, биздин жүрөгүбүз ошол жакта, Ата-Мекенибизде экени талашсыз. Өлкөбүздө ийгиликтүү иштер болсо жаш баладай болуп жетине албай кубанып, сүйүнөбүз. Кайгылуу окуяларга кайгырабыз. Азыркы күндө коңшулар менен чек ара маселесин тезирээк чечиш керек. Бул да өтө татаал маселе. Тажиктердин биздин өлкөбүзгө, мусулмандардын улуу күнүндө кол салып киришкени өтө жагымсыз иш болду. Коңшулардын калкы жылдан жылга өсүп, жери тарып бара жатат. Алардын “жылып” келаткан экспанциясын токтотуп калуу максатында “Максат” айылын курганбыз. Убагында ошенткен үчүн, алар андан ары жыла албай токтоп калышты.

— Бир кезде сиз Тажикстандагы атуулдук согушту токтотууда зор салым кошконуңузду, чоң эмгегиңиз бар экенин биз билебиз. Тажикстан экономикалык кыйынчылыкта, блокадада калган күндө да бардык жактан биздин коңшулук, туугандык жардамыбызды алып турушкан эле. Эмомали Рахманов Президент катары өз өлкөсүндө стабилдүүлүктү сактап калууда чоң эмгегиңиз кетти. Тажик президентинин бул кылганы эмнеси деген ой башыңызга келбедиби? Кыргыз-тажик мамилесине токтолуп кетсеңиз?

— Бекен иним, бул суроо абдан туура, жүрөктү өйүгөн маселе. Кандай гана учур болбосун, саясый кырдаалга карата өз пикиримди айтууга дайым даярмын. Ушул учурда Кыргызстан үчүн эң маанилүү нерсе, бул коңшу Тажикстан, Өзбекстан менен чек ара маселесин тезирээк тактоо деп билем. Ошонун ичинде, биринчи мертебе, Тажикстан менен чек ара чийиндерин тактоо маселеси, өтө керек. Бул баарынан жогору турган маселе деп ойлойм. Ал эми тарыхка келсек, Союздун кыйрашы, Борбордук Азия өлкөлөрүнүн ичинен тажиктерге кыйынчылык көбүрөөк тийди. Булардын башында, жанагыдай атуулдук согуш башталды. Орто Азия мамлекеттеринин ичинде атуулдук согуштан Тажикстан абдан көп зыян тартып, кыйынчылыкты баштарынан өткөрүштү. Тажиктердин бир тарабында прогрессивдүү интеллигенциясы болсо, экинчи тарабында динди туу туткан көз караштагы, ислам динин баарынан жогору койгон адамдардын көз караштары биригип отуруп, Бириккен тажик оппозициясы пайда болду. Жаштардын көпчүлүгү жакынкы өлкөлөргө мигрант болуп кетишти. Бизге да көптөгөн тажик атуулдары мигрант болуп келишип, өз өлкөсүнөн четке көчүп кетип жатышты. Бизге качып келген качкындарды түшүнүү менен жылуу жумшак тосуп алдык, жакшы мамиле жасадык. 1990-жылдары Россияда, баштагы союздук республикаларда деле саясый абал оорлошуп турган кыйын учур болчу. Ошол мезгилде биздин деле абалыбыз оор эле. Дүкөндөрдө адам баласына керектүү болгон азык-түлүктөр; нан, май, кант деген жок болуп кеткен кез эле. Ошого карабастан тажик качкындарын өз тууганынын үйүнө келгендей жылуу жумшак, кучак жайып тосуп алганбыз. Колубузда барын келген качкындар менен бөлүшүп, колдоп турдук. Советтер Союзу урады, Москвадан берилип турган субсидия келбей калып, баары токтоду. Айлык берерге акча калбады.

— Аскар Акаевич, сиз өзүңүздүн салымыңыз менен тажиктердин интеллигенциясын сактап калдыңыз. Мисалы, тажик элинин белгилүү акын кызы Гүлрухсор Сафиевага атуулдук согуш учурунда Бишкекте жашоого шарт түзүп, моралдык жактан жардам көрсөткөн жайыңыз бар. Ал кезде Өзбекстандын президенти өз чек арасын бекем жаап, тажиктерди өз жерине киргизбей да коюшканы маалым. Сиз деле ошентип, чек араны кулпулап отуруп алсаңыз болот эле да?

— Туура, туура. Интеллигенциясынын бир тобу, тажиктердин алдыңкы катмардагы билимдүү адамдары үчүн Кыргызстан экинчи үйүндөй эле болуп, эң башкысы тынч жашап жүрүштү. Тажик улутунун белгилүү акын кызы, Гүлрухсор Сафиева да бир топ жыл бизде жашап жүрдү. Тажикстандагы атуулдук согушту токтотуу үчүн Казакстан, Өзбекстан, Иран жана башка коңшу мамлекеттердин баарында, бир нече раунд жолугушуулар болду.

— Башкасынан күтпөсөк да өз жеринде ыдык көрүп биздин жерге башпаанек кылып келген тажик элинин акын кызы Гүлрухсор Сафиева тажик агрессиясы боюнча өкүнүү менен сизге кат жолдой алдыбы?

— Жок… Жакшылык деген тез эле унутулат экен. Гүлрухсор Сафиева да биздин элдин жакшылыгын тез эле унутту окшойт. Интернеттин гүлдөп турган учурунда жердин жети катмарынан болсо да мени тапса болмок… Анткени, Сафиеванын тагдыры кылдын учунда турган кезде вице-президент Феликс Кулов атуулдук согуш болуп жаткан жерден самолет менен алып чыгып, өмүрүн сактап калган эле. Башкасы унутуп калса да Гүлрухсор Сафиева унутпаш керек эле… Мисалы, тажик оппозициясынын радикалдуу канатынын лидери болгон Нури менен бир канча ирет сүйлөштүм. Ал акылман, билимдүү адам болгону үчүн билимдүү аалымдардын көбү оппозицияга кошулган. Тажикстандагы жарандык согуштун токтоосуна Нуринин орду абдан чоң болду. Аны да айта кеткеним туура го…

— Эмне үчүн, тажик президенти менен бириккен тажик оппозициясын жараштыруу көпкө созулуп кетти?

— Бардык раунддарга биз катыштык. Москвада болгон. Бирок, башка жерлердеги жолугушуулар натыйжасыз болду. Мен биринчи президент катары 1996-жылы расмий иш сапар менен Душанбеге барып, башка президенттерге жол ачып бердим. Андан кийин гана башка республикалардын президенттери аларга бара башташты. Ошондон кийин гана Тажикстанга жол ачылды. Ошол 1996-жылы расмий сапар менен барганымда президент Эмомали Рахмановго, расмий бийликке, оппозициянын лидерлерине да Кыргызстандын борборуна келип, кийинки раундду бизде өткөрүүгө, Тажикстанда мындан ары тынчтык орноп, бийлик менен оппозиция жарашсын деген кайрылуу жасадым. Ошентип, мен тараптан алгачкы кадамдар башталды. 1996-жылы эле бийликтин жана оппозициянын өкүлдөрү жарашуу процессине макул болуп калышты. Мисалы, оппозициянын лидери катары Нури да, “Башка мамлекеттерге караганда, Кыргызстанда баары адилеттүүлүк менен чечилет, мен ишенем!” — ​деди, өз сөзүндө. Анын бул сөзү бизге болгон чоң ишенимди жаратты. Тажиктердин бириккен оппозициясы менен бийликтин ортосундагы тагдыр чече турган жыйыны, эң чечкиндүү раунду Бишкек шаарында 1997-жылы 13-майда болгон. Бизге тажик президенти Рахмон да өзүнүн делегация мүчөлөрү, оппозициянын лидери Абдулла Нури да өз адамдары менен Бишкекке учуп келишти. Биз аларды зор салтанат менен тосуп алдык. Биз буга чейин да бир канча ирет Кыргызстанда бир раунд өткөрөлү деп сунуш келтиргенбиз. Бирок, Кыргызстанда өткөрүүгө мүмкүнчүлүк болгон эмес. Белгилүү оппозиционер Туражанзада Нури менен чогуу келди. Мен өзүм да Туражанзада менен башынан эле жакшы тааныш элем. Ошондой эле, расмий бийликтин жетекчиси, өлкөнүн президенти катары, мамлекет башында турган Рахмон менен да жакшы мамиледе болчумун. Мага ошол СССРдин Жогорку Советинде иштеген тажрыйбам чоң мүмкүнчүлүк берип, жардамы тийди. Бийликке барган оппозиция мүчөлөрүнүн көпчүлүгү ошол кезден тааныш болчу. Ошондуктан, жакшы мамилелерим бар эле да. Эртеден кечке иштедик, адегенде ар делегациялар менен сүйлөшүүлөр болду. Ошол күн биз үчүн да, Тажикстандан келген делегацияларга да абдан чечүүчү кеч болду. Бир нанды сындырып, үчөөбүз ооз тийип анан сүйлөшүүлөрдү башташыбыз керек эле. Мен да көгөрүп отуруп, иши кылып эки тарапты тең макул кылдырып, жарым түндө аларды бир дасторконго отургузуп, кечки тамакты чогуу жасап, жемиштүү сүйлөшүүлөргө жол ача алдым. Болбосо эки тарап тең, бүгүн чемодандарын чогултуп кетебиз деп жатышат деп айттым. Мен ошол эле замат Рахмонго “Эгерде бул жолу, эч нерсе чечпей кур кол, натыйжасыз кетсең, сени тажик эли президент катары эч качан кечирбейт! Сөзсүз бүгүн бүтүрүп, анан кетишиңер керек” дедим. Рахмон айтканыма макул болду да, “Ооба, тажик эли да президент катары менден жыйынтыкты, күтүп жатат!” — ​деди. Ошентип, саясый документ даяр боло баштады. Ошол жерде эң кыйын нерсеси, эми саясый документте бийликти бөлүштүрүү эле. Кызмат орундардын орчундуу папкаларын оппозиция менен бийликке бөлүштүрүү болчу. Оппозиция орчундуу тармактарды алууга белсенип турду. Эч нерсе чечпеген кызматтардын, тармактардын аларга кереги жок болчу. Алар жанагындай маселе чече ала турган министрлик портфельдерди талап кылып жатышты да. Сүйлөшүүлөр жакшы жыйынтыкталып, эки документ даярдалды. Биринчиси, “Бишкек согушту токтотуп” деген эң негизги документ, экинчиси, саясый багытта кабыл алынды, негизги тармактары Рахмондо калды. Орчундуу эки, үч тармак оппозицияга берилди. БУУнун баш катчысы Кофи Аннандын атайын өкүлү, эл аралык дипломат Ганс Дитрих Мерем экөөбүз модераторлук кызматын кылып жыйынды өткөрдүк. Ал эл аралык уюмдун, мен болсо Кыргыз Республикасынын атынан сүйлөп жаттык. Түштөн кийин гана алар эки документке кол коюшту. Ошол сааттан баштап Тажикстанда тынчтык орноп, согуш токтоду. Кыргыз эли, Бишкек шаары атуулдук согушту токтоткон, тажик жергесине тынчтык, бейпил заманды алып келген ак жолтой шаар болуп калды. Оппозиция бийлик менен интеграцияга барып, Тажикстанды өнүктүрүп, өстүрө башташты. Ошонун үзүрүн, тажиктер бүгүн көрүшүп, Тажикстандын экономикасы туруктуу өсүп, өнүгүп келе жатат. Бишкек жолугушуусу Тажикстандын бийлигине, тажик элине болгон жакшылыгыбыз, жардамыбыз деп билем. Тажиктердин биздин жерге курал менен кол салып киргенин теледен угуп, жүрөгүм ооруду. Алардын биздин элдин жакшылыгына кайтарган жообубу…

— Тажик жеринде атуулдук согуш болуп жатканда, биздин бийлик аларга материалдык канча жардам кылышты эле…

— Өзүбүздүн экономикалык абалыбыз оор болуп турганына карабай, канчалаган качкындарды кабыл алдык. Аларда электр-энергиясы начар эле, башка дагы жардамдарды көрсөттүк. Тажик бийлиги бүгүн өздөрүнүн начар жактарын көрсөтүштү. Чек ара маселелерин саясый дипломатиянын жолдору менен чечсе болот эле. Алар өздөрү согушту 1990-жылдары көрүшкөн болчу. Биз Бишкекте алардын атуулдук согушун дипломатиялык жол менен чечүүгө салымыбызды кошкон элек. Алар болсо жок жерден агрессия жасашып, бейкүнөө адамдарды өлтүрүштү. 36 адамдын ичинен үчөө гана аскер адамы болуп жатат. Өлгөндөрдүн көпчүлүгү колдорунда куралы жок жөнөкөй адамдар экен. Миң гүлүнөн, бир гүлү эми гана ачылган мектеп окуучусу болгон кыздын каза болгону ичимди аябай ачыштырды. Өкүнүчтүү… Бул окуя азыркы тажик бийлигинин негативдүү жагын көрсөтүп койду. Кыргызстанга мындай мамиле кылбашы керек эле.

— Кечээ сүйлөшүп отурганда, ошол жолугушуу өз түшүмүн берген кезде, президент Рахмондун айткан ырахматын айтып бердиңиз эле. Кана эми, ошол алтын сөздөр?

— Бир айдан кийин мен президент Рахмондон кат алдым. Ал кат азыр деле менин үйүмдөгү архивимде бар болушу керек. Анда бийликтен президент Рахмон, оппозиция тараптан Нури кол коюшуп жөнөткөн экен. “Бишкекте өткөзүлгөн сүйлөшүүлөр жемиштүү болуп, саясый маселелерди чечүүгө жетиштик. Кыргыз калкы бизден мажбур болуп качкандарды ар тараптан жылуу тосуп алып, жардам берип, меймандостугун көрсөттү. Биз кыргыз элине ыраазыбыз, чоң ырахмат айтабыз! Сиз тажик элин кайрадан баш коштурдуңуз, ырахмат! Биз кыргыз элинин, жеке өзүңүздүн бул жакшылыкты эч качан унутпайбыз!” — ​дешип, мага кат жолдошкон эле. Кыргыздар качкындарга үйүн бөлүшүп, жарым нанын берип, тамак-ашын бөлүшкөн. Кийим-кечек менен бөлүшүп жатты. ОБСЕнин эл аралык маселелери боюнча адис адамдары келип, таанышып, көрүп, “Кыргыз элине эч кандай претензия айта албайбыз, ырахмат гана айтышыбыз керек!” деп кетишкен.

— Аскерлер эч качан өздөрүнүн башкы командачысынын буйругу жок аскер бөлүгүнөн сыртка чыгышпайт эмеспи. Бул куралдуу агрессияда президент Рахмон сыртта турган эмес го…

— Абдан туура. Бул аскердик агрессия деп айтсак болот. Кол салган учурду да өзгөчө тандаган экен. Мисалы, РФнын коргоо министри, РФнын коопсуздук кызматынын төрагасы болгон кезде, АКШ өз аскерлерин Ооганстандан алып чыгабыз деп жаткан учурда болуп жатат. 1999-жылы миңдеген бандиттер келип Баткенге кол салганда түз эле, эч кандай тоскоолдугу жок кирип келишкен. Ал кезде тажик аскерлери алсыз эле. Ислам Каримов өз аскерлеринин жыйынында “Кыргыздын жоокерлери күжүрмөндүктү көрсөтүшүп, бир дагы бандитти Фергана өрөөнүнө өткөрүшкөн эмес. Кандай согушканды кыргыз жоокерлеринен үйрөнгүлө!” — ​деп айтканын көргөнмүн. Тажиктердин бизге болгон агрессиясы чоң катачылык болду. Биздин элдин жакшылыгын унутуп коюшкандыгы, булар үчүн жакшылыкка алып келбейт!

— Аскар Акаевич, кийинки суроомду бүтүндөй кыргыз элинин бүйүрүн кызыткан, дүйнө элине дүңк эткен “Кумтөр” алтын кенинин айланасындагы ызы-чууга байланыштуу болмокчу. Бүгүнкү күндө, Кыргызстандын ММКсында “Кумтөр” алтын кенинин айланасында ар кандай ызы-чуулуу маалыматтар чыгып, көптөгөн саясатчылар, өлкөнүн мурдагы премьер-министрлери, парламенттин төрагалары, депутаттар “алтын чырына” байланышкан иштери үчүн сурак беришип, көптөрү УКМКнын абагында камалып жатышат. Аларды кыргыз элинин чыккынчысы катары карагандар да чыкты. Алардын арасында, Кыргыз Республикасынын тунгуч президенти катары сиздин да атыңыз айтылып кетүүдө. Мен Москва шаарына келип, Кумтөр боюнча сизди актайын же мактайын дегенден алысмын. Сиз өзүңүздү коргой ала турган инсансыз. Сизге берилүүчү ачуу суроолор жеке менин гана эмес, көпчүлүк элибиздин, окурмандардын атынан деп билиңиз. Ошон үчүн бетме-бет отуруп, сиз менен жандуу маек жасап, элибизге болгон чындыкты гана жеткирейин деген вазипа менен келдим.

— Мен башынан эле жер реформасын жасаш керек деген адаммын. Биз бийлик башына келгенде кантебиз деген ой башымдан кетпей койду. Биз капиталисттик жолго түшүп баратабыз деп айттым. Мен деле алгач капитализм деп ачык айта албадым. Айткандан корктум. Жер реформасын киргизип жасашыбыз керек эле. Буга чейиңки социалисттик түзүлүштөгү көз караштан дароо эле чыгып кетиш кыйын болчу. Советтик система канына сиңип калган элибиз деле капиталисттик жолго түшүп кетүүнү каалаган жок. Айыл-чарба реформасын жасаган реформатор Бекболот Талгарбековду алгач тап душманындай эле көрүшкөн. Ал кезде Ош окуясы болуп, трагедиядан жаңы эле чыкканбыз. Акыбал оор болуп, жашоо кыйын болчу. Дүкөндөрдүн текчелеринде эч нерсе жок, бош турат. Күн өткөн сайын элдин турмушу начарлап, дефицит башталды. Москвада деле ошол көрүнүш. Мурдагы союздук республикалардын баарында эле жашоо окшош, жыргап жашап жаткан эч ким жок, эң кыйын мезгил болуп калган. Бардык жерде ошондой эле. Россияда рублдун куну түшүп, күндөн-күнгө күчү кете баштады. Ал кезде биз рубль зонасында болчубуз. Биринчи январда Россия өз реформасын жарыялап салды. Баалар Россияда көкөлөп кетти. Бул кыйынчылыктан кантип чыгыш керек деп ойлодум. Инфляция 1993-жылы менин эсимде, 1300% пайызга көтөрүлдү. Бул айына 100% пайыз болду дегендик. Ал кезде орус акчасы рубль “деревянный рубль” деп аталып калган эле. Ошентип, шоковый терапия башталды. Анан эле инфляция башталып, кекиртектен алды. Бирок, эсимде, менин планым бар эле. Реформатор адамдарды өз убагында түшүнүү кыйын. Ошол себептен алгач Талгарбековду түшүнүшкөн эмес. Ошондо анын алган багыты, реформасы туура багытта экенин түшүнгөн фермерлер азыр буттарына турушуп, өз мээнеттеринин үзүрүн көрүп жатышат. Башында жаман көргөн Талгарбековго ырахматтарын айтып жатышкандарын угуп жүрөм. Канча жылдардан кийин гана анын реформасы өз түшүмүн бере баштады деп айтсам болот.

— Аскар Акаевич, саясатчылардын көбү сизди саясатка адашып келип калган инсан дешет. Сиз чын эле адашып келген саясатчы, президентмин деп ойлодуңузбу?

— ​Ырахмат! Акаев капысынан эле келип, бийликке отуруп калды дешет. Жок. Андай эмес. Мен өзүмдүн программам менен бийлик башына келдим. “Эки тизгин, бир чылбыр” колума тийди. Мен президенттикке талапкерлигимди койгондо, эң акыркысы, он экинчи болуп катталдым. Жумгалбек Аманбаев трибунага чыгып, “Талапкерлер өз программаларын кыргыз тилинде гана айтсын!” — ​деди. Мени кыргызча билбейт деди окшойт. Себеби менин кыргызча сүйлөгөнүмдү эч кимиси көргөн эмес да. Кыргызча болсун деп кабыл алышты. Мен деле унчукпай макул болуп отурам. Чынында бардык талапкерлер татыктуу инсандар болчу. Өлкөнүн президенттигине талапкерлигибизди койгондордун арасында мен, анан Насирдин Исанов экөөбүз экинчи турга чыктык. Мен эмне үчүн Кыргыз Республикасынын президенттигине талапкер катары коюп, утуп чыктым! Анткени, менин талапкер катары өз программам бар болчу. Ошон үчүн мени депутаттар колдоп кетишти окшойт. Парламенттик жыйында депутаттар да “Аскар Акаевич, сизди куттуктайбыз. Өкмөттү даярдаганга сизге канча убакыт керек? Бир жума жетеби? Кечикпей өкмөттү түзүп иштей башташ керек. Акыбал оор, кечикпей өкмөттү түзүп, ишти башташыбыз зарыл” — ​деп сурашты. Парламенттин төрагасы да “Айтыңыз!” — ​деп калды. Мен болсо, “Урматтуу депутаттар, мен азыр деле өкмөттүн курамын айтууга даярмын!” — ​деп айтсам, депутаттар өздөрү таң калышты. Жарым түн болуп калды, депутаттардын баары чарчашты. Мен президент болом деп даярданган эмесмин. Менде ал кезде командам жок болчу. Ошон үчүн “Өкмөттү азыр эле шайлайлы. Мына талапкер катары экинчи орунга чыккан Насирдин Исанов республикабыздын премьер-министри болсун!” — ​деп анын кандидатурасын Жогорку Советтин депутаттарына өзүм айттым. Менин айткан сөзүмдү колдошуп, залда отурган депутаттардын баары дүркүрөтүп кол чаап жиберишти. Чын дилден, татыктуу премьер-министр дешип Насирдин Исановду колдоп жиберишти. Муралиев үчүнчү орунда болду беле эсимде жок, Муралиев өнөр-жай тармагында мыкты адис да, дароо аны да айттым. Айтор, Президенттикке койгондордун баарына министрлик кызматтарды бердим. Ал эми Аманбаевди айыл-чарбасын мыкты билген адис деп айттым. Парламент депутаттары аны да колдоп беришти. Президенттикке койгон он бир талапкердин баарына бирден портфель бердим. Баарысы дүркүрөтө кол чабышып, анан жашик-жашик арактарды алып-келишип, айтор ал түнү таң атканча дуулдашты го. Кандай болгон күндө да мыкты команда топтолду. Биз эгемендүү мамлекеттин жаңы өкмөтүнүн курамын түзүп алдык.

— Аскар Акаевич, Насирдин Исанович менен иштөө кандай эле? Канткен күндө да ал коммунисттик системада өсүп-өнүккөн кадр болчу да…

— Насирдин Исанов менен иштөө абдан жеңил болгон. Азыр окурмандарга айтсам боло берет, кыргыз элинин эгемендүүлүгүн алгандан берки эң күчтүү Насирдин Исановдун өкмөтү болду. Алардын артында көптөгөн саясый күчтөр, депутаттар турган экен. Ошон үчүн көп маселелерди парламент менен чечүү бизге жеңил болуп калды. Мен көптөгөн премьер-министрлер менен иштештим, бирок билими, тажрыйбасы жогору, ал эми адамгерчилик жагынан, тазалыгы боюнча да Насирдин Исановго эч кимиси жетпейт болчу. Ал өзүнүн табышмактуу күлкүсүндөй, бир жылт эткен, көзгө толумдуу, көрүнүктүү коомдук саясый ишмер, атактуу инсан эле. Азыр да анын кыска өмүрүн эстегенде жүрөгүм “зырп” этет. Бүгүн Насирдин Исановдой өлкөнүн тагдырын чече турган мыкты кадрларга муктажбыз. Эми ага башкалар таарынбай эле коюшсун деп айткым келет. Ошондой сөзгө Насирдин Исанович татыктуу эле. Эми гана экөөбүз үзөңгүлөш болуп, өлкөбүз үчүн шымалана иштеп келе жатканда автокырсыкка учурап Насирдин Исанов каза болуп кетти. Өмүрү кыска экен, не кылабыз. Алакан жайып, кан жутуп, кайгырып отуруп калдык. Насирдин Исановдун өлүмүн да кээде менден ачык эле көргөндөр да болду. “Аскар Акаев өзүнүн күчтүү атаандашы болгон Насирдин Исановдон кутулуш үчүн ушул автокырсыкты жасатып, атайылап өлтүртүп салды” деп ушак, имиш сөздөрдү Кудайдан коркпогон адамдар таратышты. Үстүбүздө Кудай турбайбы! Азыр да элдин арасына сөз таратып жүргөндөр да бар. Мен бардык эле жерде айтып жүрөм, Насирдин Исановдой премьер-министр кийин болгон жок деп…

— Аскар Акаевич, сиз тунгуч президентибиз катары табийгаты өтө татаал, өлкө экономикасы кыйраган шартта, деңиз деңгээлинен бийик турган “Кумтөр” кенин ишке берүү башатында сиз туруп, аны ишке киргизүүдө зор эмгегиңиз бар. Андан башка да “Кумтөр” боюнча да айта турган сөзүңүз, биз билбеген өз фактыларыңыз бар болсо керек. “Кумтөрдүн” айланасындагы элибизге жетпей жаткан ачуу болсо да, өз чындыгыңызды айтууга калыстык менен мүмкүнчүлүк берелик…

— Эми, ”Кумтөргө” келсек… “Кумтөр” жөнүндө мен академияда иштеп жүргөн кезден эле угуп, ал маселени билчүмүн. “Кумтөрдөн” башка “Жерүй”, “Талды-Булак”, андан башка дагы алтын кендери бар экенин билет элем. Мага Улуттук академияда иштеп жүргөн кезде эле ал жерде иштеген атактуу геологдор, Кумтөр кенинин байлыгы, анын запасы, казуу шарты татаал экени туурасында көп айтып беришкен. Кыргыздар айткандай, “Эки чылбыр, бир тизгин” колго тийген күндөн баштап, “Кумтөрдөгү” алтын кенин казыш, аны иштетиш үчүн мен инвестор издей баштадым. Дароо эле табыла койгон жок… Туура, алгачкылардан болуп “Сиабеко” фирмасы бизге келди.

— Мен “Кумтөр” боюнча алгачкы суроомду берер алдында “Кумтөр” алтын кенинин тарыхына токтоло кетейин деп чечтим. “Кумтөр” алтын кени менен эл аралык деңгээлдеги аферист аталган Борис Бирштейндин киндиги туташ чыгат. Кубанычбек Исабеков өзүнүн “Кумтөр” — ​акталбаган үмүттөр” деген китебинде, “Борис Бирштейн мырза, Кыргызстанга ооп келип, Президент Акаевдин жакын досу, экономика жаатындагы башкы кеңешчиси болгону баарыбызга маалым” — ​деп жазган.

— Борис Бирштейн эч качан кучак жайып тосуп алган досум болгон эмес. Ал алгач Москвага келгенде Бирштейнди мен эмес, Чыңгыз Айтматов тапкан. Бирштейн Москвага келгенде алгач Чыңгыз Төрөкулович менен жолуккан экен. Аны мага Насирдин Исанов өзү алып келип, жакшы ниет менен эле мени тааныштырган жайы бар. Бирштейн бизге келип, ал жардам берип жүргөн кезде алтын казыла элек болчу. Ушуну окурман унутпаса экен.

— Өзүңүз билгендей, “Кумтөр” алтын кенинин запасы боюнча дүйнө жүзүндө 7-орунда, ал эми Орто-Азия республикаларынын ичинде 1-орунда турары белгилүү. Дүйнөлүк масштабдагы, аферист аталган Борис Бирштейнге Акүйдүн жетинчи кабатынан кабинет бөлүштүрүп бергениңиздин сыры эмнеде болчу?

— Ал кезде биздин мамлекеттин тагдырын чече турган күчтүү инвестор керек болчу. Борис Бирштейн бизди алдап кеткидей “Кумтөр” алтын кени али иштетилип, алтын казыла элек болчу. Азыркыдай офистер жок болгондуктан Акүйдөн кабинет бергенибиз, ал чындык. Бирштейнден да башка күчтүү инвестор келип, Кыргызстандын чала жан экономикасына жан киргизип, акча салып, өнүктүрөм десе ал адамга да колумдан келген шартты түзүп, кабинет таап бермекмин. Биз ошол күндөрү ошондой бизнестин көзүн билген адамдарга муктаж болчубуз. Бүгүнкү күндө өзүбүздүн жаштар өсүп чыгып калышты. Азыркы күндө дүйнөнүн бардык жериндеги офистерден кем калбаган, бардык шарты бар, ыңгайлуу офистер Бишкек шаарында деле толтура болуп калды. Биз эгемендүүлүктү алган жылдары андай офистер да жокко эсе болчу. Кабинет берип койду деп менден кылмыш издөөнүн өзү деңгээли жоктук, келесоолук деп билем. Андан да, Бирштейн келип бизге жардам берип жүргөндө алтын казыла электигин көп жолу айттым. “Бирштейн менен Акаев алтынды жеп салышты!” — ​деп өңгөчтөрү үзүлгөнчө кыйкырышат. Жок дегенде алтындын казылган жылдарын карап, салыштырып коюшса болмок экен.

— Эл аралык “шылуун” делген Бирштейнге токтолуп, ага мынча таяндыңыздар деген суроо эл арасында көп берилип калып жүрөт…

— “Кумтөрдүн” алтыны 1993-жылы кээ-бир түшүнүгү жок саясатчылар айтканда, ал алтындар жердин түбүндө жаткан болчу. Мындайча айтканда, казыла элек кез эле. 1996-жылы гана алгачкы ирет “Кумтөр” алтын кенинин биринчи дубль киллограммы казылып алынды. Ал кезде инвесторлор үйүр-үйүрү менен эле келчү. Бирок, жакшысын, тазасын тандап алуу биздин милдет болчу. Кээ бир саясатчылар Акаев эң начар инвесторду, шектүү компанияны тандап алды деген пикирди ушунча жылдан бери кыргыз элине таңуулап, айтып түгөтө алышпай келишет. Биздей жаңыдан гана Советтер Союзунун курамынан чыгып, өз алдынча суверендүү мамлекет болуп, ач, жылаңач, экономикасы талкаланган мамлекетке бардык акчалуу инвестор шектүү карап, акчаларын сала беришпейт экен. Өздөрү да келе бербейт экен.

— Бирштейндин “Сиабеко” фирмасынын Кыргызстанда пайда болушу туурасында ар кандай имиштер, жөө жомоктор айтылып келет. Бул сөздү мен жөн жерден айтып жаткан жокмун. Бирштейндин Кыргызстанга келишине, залкар жазуучубуз Чыңгыз Айтматов менен анын баласы Санжар Айтматовдун канчалык деңгээлде чындыгы бар? Анткени, Аскар Акаевич, сиз өзүңүздүн 1991-жылдын октябрь айындагы Указыңыз менен “Кыргызстан-Сиабеко” мамлекеттик, жеке менчик корпорациясын түзгөн экенсиздер.

— Мен сөзүмдүн башында эле “Кумтөр” алтын кенине Чыңгыз агайдын баласы Санжар Айтматов экөөнүн байланышы бар экенин айткан элем. Мен Канадага барганча эле АКШнын президенти Буш менен жолугуп, Американын да колдоосун алганмын. Ал жөнүндө да айтып берсем болот.

— Бул жаңыдан гана түзүлгөн “Кыргызстан-Сиабеко” компаниясын залкар жазуучубуздун баласы Санжар Айтматов башкаруу укугуна ээ болуптур. Бул фирма бардык салыктарды төлөөдөн толук түрдө бошотулгандыгы боюнча маалыматтар айтылып келет. Бирок, Санжар Айтматовго сиз тарабынан берилген ыйгарым укуктары жөнүндөгү буйругуңуз эч бир өкмөттүк гезиттерге жарыяланган эмес.

— Бизге келген чет өлкөлүк инвесторлорду өзүбүзгө тартыш үчүн ар кандай жеңилдиктерди берчүбүз, ошол фирмалар бизде иштеп кетсе экен деген гана максат болгон. Башка кызыкчылык жок болчу. Кийин “Сиабеко” фирмасы башка тармактар боюнча биздин республикага инвесторлорду тарта алышкан жок. Бир жыл иштешти, өз жемишин бере албаган соң ал компанияны жоюп салдым. Ал эми, “Сиабеко” менен 1993-жылы эле байланышыбызды токтотконбуз. Ошону менен Санжар Айтматов да кызматсыз калган. Болгону ошол… Алар ортомчу катары өздөрүнүн үлүштөрүн “Камекодон” алышты окшойт, ал жагын так билбейм. Дагы бир жолу айтып коёюн, биздин эл Бирштейнден эч нерсе уттурган жокпуз. Эми ар бир келген инвестор өз кызыкчылыгы менен пайда көрүү үчүн гана келет эмеспи. Анан эле, “ Акаев “Циабекого” окшогон, Бирштейндей эл аралык шылуундарга сатылып кетип, эң начар компанияны тандап алды!” — ​деп кыйкырып, мени сындап жатып калышты.

— Сиз мактап жаткан Борис Бирштейндин кыргыз элине эмне пайда, зыяны тийди деп ойлойсуз?

— Алардын бир чоң зыяны, Насирдин Исановду жоготуп алганыбыз болду. Мен бардык эле жерде ушул нерсени айтып жүрөм, менде Насирдин Исановдой мыкты, экинчи премьер-министр болгон жок. Алтын, нефтинин баалары цикл менен өзгөрөт экен да. Жыйырма жылда бийик деңгээлге чыгат. Кайра артка кетет. Бардык специалисттер бир унция 380 доллар болот дешти. Ал кезде алтындын баасы Лондондогу биржада орто эсеп менен 350 доллар болчу. Киреше жок эсе. Менин өкүлдөрүм Австралияга, Африкага да барып келишти. Ал эми ”Камеко” компаниясынын ошондой бийик тоодо кен казганга тажрыйбасы бар экен. Киреше албайбыз, чыгымы көп экен дешип, бизге келген бир топ компаниялар биргелешип иштешүүдөн баш тартышты.

— Кечиресиз, сиз кандай максат менен Канада мамлекетине, Торонто шаарына барганыңызды билсек болобу? Ал жакка жашыруун барган белеңиз…

— Албетте билсеңер болот. Мен өзүм эле атайын, 1993-жылы Канаданын борбору Оттава шаарына учуп бардым. Албетте жашыруун эмес. Кээ бир адамдар, Акылбек Жапаровго окшогондордун айтканы, жазганы да туура эмес. Мен Торонтого учуп барган жокмун, ал жакка Канада мамлекетине, бийлиги жана министрлери менен жолугуп, маселе чечкени бардым. Дагы айтам, жашыруун эмес, ачык эле барганмын. Анан Канаданын бийликтегилерине Кыргызстанды тааныштырып, “Ушуларга өкмөт тарабынан гарантия, страховка бербейсиңерби? Бизге келип иштеп жатышат, жардам бериңиздер, биз өзүбүз дагы жаңыдан гана мамлекет болуп, куралып жатабыз…” — ​деп айттым.

— Аскар Акаевич, сиз президент Буштун атасы менен болгон жолугушуу туралуу айтып жатасыз да, туурабы?

— Ооба… Ал кезде АКШнын да бизге болгон жардамы бар болчу. АКШнын мурдагы президенти Буш (атасы) менен Акүйдө 1991-жылы эле жолугуп, анын колдоосун алганмын. Советтер Союзуна кирген республикаларынын президенттеринин бири дагы АКШга бара электе, Буш (атасы) мени Акүйдүн сыйлуу адамдарын, мамлекет башчыларын гана тосуп алчу залында кабыл алып, мени куттуктаган болчу. Буш мени мактап, демократияны, эркиндикти колдоп чыкты деген. ГКЧПга каршы эч кимден коркпой чыккан деп журналисттерге мактады. Журналисттер анын айтканын колдошту. Мен Михаил Горбачевдун “посланиесин” айтып, Буштун колуна карматтым. Анткени, 1991-жылы ГКЧПга каршы туруп, аны ачык сындаган, демократияны колдогон мен, анан Ельцин гана болдук эле. Анда дагы “выскачканы”, мени айтып жатышат. Америкага жөнөтүп деп, эмне үчүн Назарбаев барбайт деп Ельцин Михаил Горбачевго айтып, карт бөрү жетекчилер мага кыйла ичтери тарып, нааразы да болушкан. Мен үчүн күтүүсүз кадыр-барк болду деп ойлойм.

АКШнын президенти Буштун (атасы) туурасында айтып жатам. Буш менен жолукканымда жаңыдан гана көз карандысыздыкты алган өзүбүздүн жаш республикабыздын улуттук кызыкчылыгы, өз проблемаларыбызды айтып, АКШдагы, башка дагы эл аралык уюмдар боюнча жардам берсеңиз, алар бизге келишип иштесе жакшы болот эле деп өз сөзүмдү айтып калганга үлгүрдүм. АКШнын президенти Буш дароо эле буйрук берди. Эл аралык уюмдар бизге 1992-жылы келишти. МБФ, “Бүткүл дүйнөлүк Банк”, “Валюта фонду”, “Азия банкы” жана башка эл аралык фонддор келишип, биз алардан жардам ала баштадык. Ал эми башка коңшу, союздук республикаларга 1994-жылдардан кийин келе башташты. Президент Буштун мени кабыл алганы абдан жакшы болду. Буш ошентип бизге жардам берди. Анан мен Буш менен сүйлөшүп жатып, Канада мамлекетинин кен казган “Камеко” деген компаниясы бар экен, бизге жардам берсеңиз дедим. Буш, “Сиз өзүңүз барып сүйлөшүп келиңиз, биз Канаданын өкмөтүнө айтып жардам беребиз!” — ​деген. Кийин сөзүнө туруп, алар да бизди колдоп чыгышты. Канаданын өкмөтү да бизди колдоп, жанагы “Камеко” фирмасынын жетекчилигин чакырып, “Биз страховка берели, андан да “Кумтөр” алтын кенинде казылып алына турган алтындын запасы абдан көп экен. Ал дагы бир топ жылдарга жетет экен” — ​деп колдошту. Анын үстүнө, менимче Бекен, бул жерде Американын алдында Канада өкмөтүнүн фирмасы алтын казып жатса, биздин да таасир болот деген сөздөр болду го менимче. Америка менен Канаданын геосаясый кызыкчылыгы, саясатынын бийиктигинин да таасири тийди окшойт деп ойлойм. Менин Канаданын жетекчилиги менен жолукканым абдан жакшы, анан жемиштүү да болду. 1996-жылы “Кумтөрдө” алгачкы алтын казылып алынды.

Эми ушунча азап-тозок менен алтыныбыз казылып алынганда мен жаш баладай кубанып, сүйүндүм. Акырындык менен дүйнөдө алтындын баасы көтөрүлө баштады. Алтындын баасы биринчи жолу 400 долларга чыкты. Анан биржага чыксак кошумча пайда көрөбүз деп калышты. Туура көрдүм…

— Көрүнүктүү коомдук саясый ишмер, “легендарлуу парламенттин” төрагасы Медеткан Шеримкулов өзүнүн айткан сөзү боюнча “Кумтөр” кени, канадалык “Камеко” компаниясы менен Кыргыз өкмөтүнүн түзгөн келишими республиканын кызыкчылыгына туура келбей тургандыгын ашкерелеп, далилдүү аргументтерди айтып чыккан “легендарлуу” парламенттин (1990–1995-ж.) чечимдери республиканын биринчи Президенти жана парламенттин ортосунда карама-каршылыкка алып келди” — ​деп жазган. “Кумтөр” алтын кени менен Жогорку Кеңештин айланасындагы саясый кризис парламенттин таркатылышы менен аяктады да.

— Кыргыз элинде: “Бышкан ашка сынчы көп” деген жакшы сөз бар. “Камеко” фирмасы жакшы иштеди. Катаал шарты бар жерге заманбап алтын кенин өндүрө турган заводду курушту. 1996-жылдан баштап алтын кенин ала башташты. Ачыгын айтсам, ушунча жылдардан бери Кыргызстанды “Кумтөрдүн” алтын кени багып келе жатат. Акаев парламентке, депутаттарга жаман көрүнүп жүрүп ушул алтын кенин иштетип койду. Эмне, мамлекетке зыяны тийдиби? Албетте жок! Акаев президенттиктен кеткенине бир топ жылдар болду. Кээ бир саясатчылар мага ырахмат айткандын ордуна жамандап түгөтө албай коюшту. Менден кийин келген президенттердин бирөөсү “Кумтөргө” окшогон гигант алтын кенин ачып, иштетип койсо мамлекетибизге да жакшы болмок. Керек болсо, Акаев ачып кеткен алтын кени бүгүн да мамлекетти багып, салыгын төлөп, канча миңдеген адамдарды ушунча жылдан бери жумуш менен үзгүтүлтүксүз камсыз кылып келе жатканы ачуу чындык. Ал тургай биздин дыйкандар өздөрүнүн мөмө жемиштери, алма, өрүк, картошка, памидор, бадыраң ж. б. өздөрү өстүргөн бакчалары менен “Кумтөрдү” камсыз кылып, пайдаларын эл көрүп жаткандарын угуп кубануудамын. Менин өз элиме жасаган иштеримдин жемиши – “Кумтөр” алтын кени деп билем.

— Аскар Акаевич, жана чай үстүндө отурган кезде премьер-министр болгон Танаев туурасында айтып кеттиңиз. Ал сиз айткандай эле таза жетекчи беле?

— Эми азыркылар четинен эле сындап жатышпайбы. Иш болгон жерде кемчилик болот. Ал эми Танаев абдан таза иштеген киши. Мен Танаев менен таанышкан күндөн баштап, Танаев туурасында жаман сөз уккан жокмун. Азыркы тил менен айтканда, Ош шаарынын шаар башчысы, мэр болуп иштеди.

Кыргызстандагы чоң курулуштарды башкарып келди. 1989-жылы Макмал алтын кенин да ошол киши курган. Башка дагы чоң курулуштарды куруп келген. Ошолордун эсебинен министр болуп келген эле. “Макмал” алтын кенин курганы үчүн “Кумтөрдү” да Танаевге тапшырганбыз. Ал кишинин дагы бир жакшы эмгеги бар, аны да айтып берем.

— Сиз мактагандай Танаевдин көзгө толумдуу кайсы иши бар эле?

— Улуттук валютабыз сомдун киришине Танаевдин эмгеги бар экенин кыргыз эли биле бербейт.

— Эгер жашыруун болбосо, Танаевдин кыргыз сомуна кандай эмгеги бар экенин айтып берсеңиз?

— Ошентип, Танаев менен 1992-жылы таанышканмын. Кийин ал Танаев өкмөт башчысы, премьер-министр болуп калды. Ал киши “Мага “Кумтөр” кайрылып жатат, эмне кылабыз?” — ​деп калды. Комиссия түзүп, Кыргызстандын кызыкчылыгына ылайыктап, чечим кабыл алгыла дедим. Танаев комиссия түздү. Көрүнүктүү депутаттар, алардын арасында албетте Акылбек Жапаров да бар эле. Акылбек Жапаров бюджет комитетинин мүчөсү катары ключевой комиссиянын мүчөсү экен. Кийин Акылбек Жапаров: “бул кен казууда бай тажрыйбасы бар компания экен” — ​деп Торонтого барып алып мактагандардын бири болгон. “Эки тарапка тең ылайыктуу келишим” — ​деген. Мен эч качан ага окшоп Торонтого барган эмесмин. Мен Оттава шаарына барып, Канада өкмөтү менен жолукканы, маселе чечкени барган адаммын.

— Аскар Акаевич, сиздин балаңыз Айдар Акаев Канаданын Торонто шаарына барганын, ошол эле Акылбек Жапаров айтса керек…

— Эгер Акылбек Жапаров айтса, анда калп айтат. Менин балам эч качан алтынга жологон эмес. Ал Торонтого да барган эмес. Башка жагында болгон, мен аны өзүнчө айтып берем… Мен кече окудум, Акылбек Жапаров президент Садыр Жапаровдун кара мышыгы болбодубу. Ден Сяопин айткандай ”Ак мышыкпы, кара мышыкпы, чычкан кармаса болду да!” — ​дегендей, аны колдонуш керек болду окшойт. Кара мышык, ошентип айта берет. Эми ушул эле Акылбек Жапаров Торонтого барып, колдоп келип, мага кирип, менин кабыл алуумда болуп, “Аскар Акаевич, бул абдан сонун иш болду!” — ​деп мактап-сактап эле жүргөн. Ал жерде өзүнүн да колу бар, жүрөт. Кыргызстанда көрсөтүп жатышпайбы, эми аны мен уюштуруп жаткан жокмун да. Торонтого барып, “баары жакшы” — ​деп келген ал эмес беле? Эми болсо Жогорку Кеңеште “Мен ошондо эле кемчиликтерин көрүп, билип эле турганмын! Ошондо Акаев, Танаевди коркутуп, күчкө салып, басым жасап…” — ​деп сайрап жатпайбы. Бекен иним, менин колумда Танаевдин өз колу менен жазып берген “пояснительный запискасы” бар. Ошону сактап жүргөн элем, кереги тийип калабы деп. Ал катты сага берем, колуң бошогондо карап, анан окуп коёсуң…

— Жапаров: ал менин колум эмес деп танып кетти го. Менимче, Акылбек Жапаров кагаз бетиндеги анын колу эмес экенин өзү журналисттерге жооп кылып, жар салды…

— Ал жигит эч качан, азыр эле айткан сөзүнөн танып, жигитче мойнуна алчу беле… Ал катта, 2012-жылы Алмаз Атамбаев дагы “Бакиев түбүнө чейин текшерткен жок, дагы бир жолу текшертем” деп комиссия уюштурган. Темир Сариевдин комиссиясынын чечими мындай болчу. Жапаров өзү түзгөн, министр, вице-премьер болуп турган. Окуп көрсөңөр болот. Ал 2003-жылды да сындаган, “Бул ката 2009-жылы кеткен, аны жоюш керек!” — ​деген ал. Себеби ага Атамбаев өзү тапшырма берген да. Бирок, Атамбаев кийин аны жасаган жок. Эмне үчүн дегенде, Бакиевдин убагында өзү министр, премьер-министр болуп отурганда өзү кол койгон документтер бар. Өзү негизинен бир дагы чара көргөн жок. Ал “атаканы” мага буруп койду. 2009-жылдагы келишимдеги Давыдов, Лысый мөңгүлөрүн берип коюп жатпайбы. Биздин убакта, Россиянын экологдору менен атайын экспертиза өткөрүп, мыйзам кабыл алганбыз. Анда: “Давыдов, Лысый мөңгүлөрүнүн алдындагы алтындар эч качан казылбасын, эгер казыла турган болсо анда экологиялык жактан катастрофа болот!” — ​деп далилдеп жазып койгонбуз. Жана өзүң айткандай, алдын казганда үстү жагы түшүп кетет деп көрө билгенбиз. Жогорку Кеңештин мыйзамы менен бекитип берген жерде да Акылбек Жапаровдун колу бар. Баарын көрүп, билип туруп, бирок 2009-жылы Акылбек Жапаров кол коюп берген. Өзү белек катары министр, вице-премьер болуп ошону ишке ашырган. Ошон үчүн Акылбек Жапаровдун өзүн жоопко тартыш керек! Министрдин орун басарынын эч кандай тиешеси жок Төрөмырзаев деген өтө билимдүү, таланттуу экономист жигиттер запкысын жеп отурушат. Бүгүн да ошондой таланттуу экономистти колдонуш керек. Комиссия 2009-жылкы келишимди тезинен бузуш керек деп жазып жатпайбы. Экинчи жолку текшерүүдө Торонтого барып, эч натыйжа таап келген жок. Мен сурагандан кийин Танаев өз колу менен көргөзүп, бул запискаларды жазып берген. Акыркы кездерде Дастан Сарыгулов да мени оң келди сындап жүрөт. Дастан Сарыгуловду Ленинграддагы студенттик кезден бери билем. Бирок, менден жашы күчүү болот. Мен өзүм Сарыгуловго ишенип, президент болгондон кийин эң чоң долбоорду, мага жакын деп “Кумтөрдү” зор ишеним менен ошол кызматты берген элем. Өзү да курулушчу эмеспи деп. (Бүгүн мындай достордон Кудай сактасын!) Ошентип иштей баштайт. Биринчи эле жылдары билинди. Мисалы, 1993-жылдагы генералдык келишимди Премьер-министр Турсунбек Чыңгышев, “Кыргызалтындын” башчысы Дастан Сарыгулов экөө Торонтого барышып, кол коюп келишет. Ошол эле жылы парламентте, “Алтын иши” козголду. “Бул туура болгон жок, бул компания жарабайт! Бизге башка компания табыш керек эле…” — ​деген сын пикирлер айтыла баштады. Ошондо эле Сарыгулов Чыңгышевди сатып кетти. Чындыгын айтып коёюн, аны оставкага кетирип, эшиктен чыгарып коюшту. Ал эми, Дастан Сарыгулов суудан “кургак” чыгып кетти. Өзү мындай келишимди “Кыргызалтын” даярдап өкмөткө чыгарат эмеспи. Андан кийин өкмөткө берилет. Ал эми жыйынтыгында Сарыгулов Абсамат Масалиевич менен өз кезегинде Ысык-Көл областында чогуу иштешкени маалым болду. “Кумтөрдүн” алтыны али казыла элек эле. Мен дагы бир нерсени айтып коюшум керек, биринчи келишимди даярдаган да Дастан Сарыгулов болчу экен. “Мен жакшысын даярдадым эле, ал эми Чыңгышев келишимди бузуп кетти!”– деп актанып чыгат. Парламент Чыңгышевди «тепкилеп» жатып калышты. Чыңгышевди кызматтан кетиргидей эч күнөөсү жок эле. Чыңгышев бейкүнөө премьер-министрлик кызматын бошотуп берип, кетүүгө аргасыз болду. Кийин билсем, келишимди даярдаган Сарыгулов өзү экен. Ал эми Чыңгышевди уккан эч ким жок болду. Анан 1999-жылы капысынан эле бир нерсени билип калдым. “Кирешелерди” карап отурсам “Кумтөрдөн” салык түшпөптүр. Танаевди чакырып, мен сизге, өзүмдөн да жакшы ишенип келсем, бул эмне кылганыңыз! Эмне үчүн “Кумтөрдөн” салык түшкөн эмес, салык жок! Башка инвесторлор, Токмоктогу айнек заводу, жана башкалардын кирешелери бар, салыктарын төлөп жатат го. Кантип ушундай болсун деп жиним кайнап чыкты. Өкмөттөгүлөр да актана башташты. Көрсө, 1998-жылы Дастан Сарыгулов Өкмөт менен келишпей туруп, макулдашпай, өз билемдик менен жашыруун түрдө өзү эле “Кумтөрдү” бүт бардык салыктардын түрлөрүнөн толук бошотуп салыптыр. Башта Сарыгулов Акаевди сындаса, эми мурунку президент Акаев Дастан Сарыгуловду сындай баштаптыр деп чыгышы мүмкүн. Ошол нерсени Танаев премьер-министр болуп барган кезде таап чыккан. Танаев ушулардын баарын өз колу менен мага жазып берген. Танаев мага кагаздарын көтөрүп келип: “Аскар Акаевич, албетте өтө өкүнүчтүү, Дастан Сарыгулов сиздин жакын досуңуз болот. Сиз ага ишенесиз, анын жасаган ишин караңызчы. Сарыгуловдун жеке чечими Кыргызстанды өтө чоң зыянга учуратты, чыгым келтирди!” деп алдыма Сарыгуловдун кетирген кемчиликтерин, анын эмне иштерди жасаганын кагазга жазып алдыма таштап койду. Студенттик кезимен бери билип, ишенген жакын адамымдан мен мындайды күткөн эмес элем. Мага анын бул кылыктары өтө катуу тийип, сокку болду. Мен аны дароо эле “Кыргызалтындын” президенттик кызматынан кетирип салдым…

— Кечиресиз, бир жолу Дастан Сарыгулов “Президенттин жубайы Майрам Акаева тойго деп бир миллион доллар акча сурады. Мен ал сураган акчаны бербей койдум эле, мени кызматтан кетирип салышты!” — ​деп айткан эле.

— Калп! Күлкү келе турган иш. Сарыгулов “Мен элдин, республиканын кызыкчылыгын ойлоп жатсам мени кызматтан кетирип жиберишти” — ​деген сөздөрүн айтып, актанып жүрөт. Анын калп сөздөрүнө, ошол кездеги премьер-министр Танаевдин каты жооп берет. Мен ал каттын көчүрмөсүн сага эртең ала келип берейин, ошондо гана Дастан Сарыгуловдун чыныгы жүзүн, анын ким экенин билесиңер. 2003-жылга чейин “Кумтөрдөн” бир да киреше жок, салык түшкөн эмес экен…

— Аскар Акаевич, мен билгенден биздин “Кумтөрдөгү” пайызыбыз алгач 70% болуп, ал эми канадалыктардыкы 30% беле? Эгер жаңылыш айтып алсам, менин сөзүмдү түздөп коёсуз. Акаев менен Танаев биригип алып Кыргызстандын алтын кениндеги үлүшүн азайтып, салык төлөөдөн бошотуп коюшкан деген күнөөнү сиздерге коюп келишет. Ушул сөздөрдүн канчалык чындыгы бар?

— Ушул боюнча түшүндүрүп берейинчи. Эл чындыкты такыр уккусу келбей жатпайбы? Акаев менен Танаев экөө биригип Кыргызстандын үлүшүн азайтып, анысы аз келгенсип дагы беш жылга “Камеко” компаниясы салыкты төлөбөй тургандай кылып жеңилдиктерди берип коюптур деп сындап чыгышты. Мен аны билген да, команда да берген эмес элем. Ошого күнөөлүү “Кыргызалтындын” жетекчиси Дастан Сарыгулов! Президент Акаев эмес, Премьер-министр Танаев дагы эмес, Дастан Сарыгулов болуп жатпайбы! Биринчи жылдардагы (1998-жылдардан 2003-жылдарга чейин) “Кумтөрдөн” салык алдырган эместиги кийин гана маалым болду. “Кыргызалтындын” жетекчиси катары Дастан Сарыгулов өзүмбилемдик менен башкарып, эч ким менен кеңешпей ушундай кадамга барган. Сарыгулов элдин башын айландырып, “Акаев күнөөлүү!” — ​деп ушул кезге чейин жалаа жаап келди.

Мындай да, ”Кумтөр” 1993-жылдан бери, башынан эле Кыргызстандын үлүшү 67,33%, ал эми “Камеконуку” 33% болчу. Ошол пайыз менен бүгүнкү күнгө чейин эле иштеп келе жатат, ал эч өзгөргөн жок. Биз “Центеррага” 3/2 менен, ал эми “Камеко” 1/3 менен кирип иштеп жатат. Эми алтынды алсак, “Кыргызалтын” үлүшүбүз болгон 67,33% пайызын алып, алтынды афинаждан өткөрүп анан сатат. 2003-жылга чейин “Кумтөрдөн” эч киреше түшкөн эмес. Ал эми Торонто шаарындагы биржада “Центерранын” Монголияда, Америкада, Түркияда алтын кендери бар. Мен айтып жатпаймбы, “Кумтөрдөгү” алтын кенинде киреше болгон эмес. 2004-жылы гана алтындын баасы өскөндөн башталды. Алтындын баасы 400 АКШ долларына чыкты. Аз-аздан алтындын баасы көтөрүлүп отуруп, алтындын бир унциясы 500, 600, 1000, 1200 АКШ долларына жетти. Ал эми алтындын баасынын өсүшү Роза Отунбаеванын президенттик убагына туш келди. Ошол жылдары алтындын баасынын бир унциясы 2000 долларга чыккан болчу. Ал эми Атамбаевдин убагында алтындын бир унцийи 1800 долларга түштү.

— Аскар Акаевич, Сапар Исаков премьер-министр болуп турган убакта Атамбаев өзүн колдогон депутаттар менен “Давыдов”, “Лысый” мөңгүлөрүн талкалоого уруксат берип жибергени сизге деле маалым болсо керек. Атамбаев суу кодексине өзгөртүү киргизгенден кийин “Центерра” мөңгүлөрдү талкалап, алардын үстүнө уу калдыктарын, таштандыларды таштай башташкан. Атамбаевдин жаратылышыбызга, экологияга душмандык менен жасаган мамилесине кандай баа берет элеңиз?

— Жыйынтыктап айтканда, сенин сурооң мага абдан жакты. Менин убагымда экологиялык зыян болгон эмес. Мөңгүнүн музу жок болуп кетпеши үчүн ал музду кубик кылып араалап кесип, башка жакка жылдырганда үстү-үстүнө коюп, жыйып чыгыш керек эле. Мына акыркы он жылдын ичинде, так ошол Атамбаевдин убагында мөңгүлөргө варвардык, айбандык, жапайы мамиле жасалды, ал мени да абдан өкүндүрөт. Атамбаевдин бул кадамы кыргыз жаратылышына болгон чыккынчылык мамиле деп билем. Алар мен айткан вариант боюнча, бакчадагы жаш балдар кубик кылып биринин үстүнө экинчисин коюп ойношкондой ыкманы “Кумтөрдө” колдонгондо туура болмок. Анткени, мөңгүнүн муздары да бекем болуп талкаланбай, башка жакка жылбай, бири-бирине кыналып коюлса көптөгөн жылдарга чейин эрибей, мурунку калыбындай сакталып тура бермек. Ушул ыкманы колдобой жатканы мени өкүндүрөт.

— Азыр экологиялык жактан чечилбеген проблемалар абдан эле көп да…

— Биздин убакта башынан эле экологиялык жагына көп көңүл бурганбыз. Мен өзүм да “Кумтөр кенине бир нече ирет барып, мөңгүлөрдү көрүп, текшерип да келгенмин. Биздин вариант боюнча таштандыларга өзүнчө жер бөлүнгөн болчу. Кийин мөңгүлөрдүн үстүнө эле таштандыларды таштап жатышканын гезит беттеринен окуп, теледен көрүп зээним кейиди. Кантип ушундай болсун деп ачууландым. Келишимде таштандылар боюнча өзүнчө программасы бар эле. Көрсө, бизден кийин алар акчаны үнөмдөйбүз дешип, мөңгүлөрдүн үстүнө эле ар кандай таштандыларды таштай беришкен тура. Бул айбанчылык, түркөйлүк да…

— Аскар Акаевич, азыркы кыргыз бийлиги “Кумтөр” алтын кениндеги миңдеген жылдар бою жаткан мөңгүлөрдү, ”Давыдов”, “Лысый” сыяктуу муз тоолорду “Центерранын” жетекчилери талкалашып, алардын үстүнө уулуу заттарды, таштандыларды таштап, экологиялык өтө чоң зыян келтиргенин белгилешти. Демек, миңдеген жылдар бою сакталып келген мөңгүлөрдү келечек муунга сакташ үчүн мындан ары алтынды жер астынан казып алуу жагына көңүл буруу керек го. Канада менен Түркияда таза сууну колдонгону үчүн “Центерра” ошол өлкөлөргө акча төлөшөт. Ал эми канчалаган жылдар бою алтын кенине колдонгон эң таза делген биздеги мөңгү сууларына канадалыктар бир тыйын да төлөбөй келгени маалым. Дүйнөнү башкарган АКШ деле Канададан сууну сатып алса керек. Отуз жылдан бери чыры бүтө элек “Кумтөр” өнүккөн мамлекеттерде, мисалы Европа менен АКШда ушундай экологиялык зыян келтирсе кандай болот эле?

— Туура айтасың. Франциядабы, ушундай чыр болгон. “Кумтөрдө” мөңгүнүн сууларынан пайда болгон көлдүн сууларын да колдонуп жатышканын уктум. Мөңгүнүн сууларын колдонгону үчүн биздин мамлекеттин мыйзамын сыйлап, суунун акчасын алар төлөшү керек! Эгер экология жагын алып чыкса, дүйнөлүк коомчулук мындай нерселерди абдан жакшы карашат. Ошон үчүн катуу басым кылыш керек. Эми зыянды 3 млрд доллар болбосо да, эки жарым миллиардга доо койсо болот.

— Эл аралык шылуун делген ”Сиабеко” компаниясынын жетекчиси Бирштейн менен жалпысынан канча жыл чогуу иштедиңиздер?

— Инвесторсуз экономиканы көтөрүү татаал маселе. Биз эмес чоң мамлекеттерде да инвесторсуз, алардын жардамысыз өнүгө албайт. Өзгөчө, Кыргызстандай экономикасы чабал мамлекетте инвесторсуз экономиканы көтөрүүгө мүмкүн болбойт. Инвесторсуз бул туңгуюктан чыга албайбыз. Бизге келген ар бир инвесторлор аба менен суудай керек. Инвестор Кудайдын эле жанагы “посланнигиндей” эле. Асмандан түшкөн кут, ооматтай эле нерсе. Борис Бирштейн келип иштерибиз ордунан жыла баштаганда сүйүндүк. Ал бизден акча сураган жок! Ал бизге жардам гана берди, кыргыздар ошону эч түшүнбөй коюшту. Эл аралык ошондой ортомчу фирмалар бар, алар жүздөп саналат. Албетте, алардын өз кызыкчылыктары болот, “Камеко” деле Бирштейндин өз кызыкчылыгын төлөп берди деп ойлойм. Бул дүйнөлүк тажрыйба экенин эч качан унутпайлы, туурабы? Ортомчулар бүгүн деле дүйнөнүн төрт тарабында, бардык жерлерде бар. Ачыгын айтсам, алар бизден эч кандай акча алышкан да жок. Бирштейн менен болгону бир жылдай биргеликте иштештик окшойт.

— Аскар Акаевич, 1992-жылы К. Исаев жазгандай “Сиабеко групп” Борис Бирштейнге байланыштуу Россиянын спецслужбасы берген справкага эмне үчүн караган жоксуздар? Алар алдын ала бул шылуундардын фирмасы экенин эскертүү беришкен деген маалыматтар гезит беттеринде жүрөт…

— Россиянын атайын кызматы бизге эч кандай “жашыруун” кагаз беришкен эмес. Бирштейн бизге чейин Россияда кенен эле бизнес кылып, ошол кезде жанагы агрокомпаниялар менен экспорт кылып иштеп, өтө байыган бизнесмен адам болчу. Россияда Бирштейнди эч ким куугунтукка алган эмес. Ал эми сиз сөз кылып жаткан “Сиабеко групп” ошол кезде, 2000-жылдарга чейин Россияда эле ишкердик менен алектенип, керек болсо Россиянын өзүнө инвестиция тарткан компания болгон. Россиянын жер семирткичтерин сыртка экспортко алып чыгышып, сатык жагынан жардам берип байыган фирма болгон. Бирштейн Кыргызстанга бир тыйын да зыян келтирген жок. Бир эле чоң келтирген зыяны, бул Насирдин Исановдун өлүмү болду.

— Аскар Акаевич, мына азыр эле маркум премьер-министр Насирдин Исановдун өлүмүнө кайгырган сөздөрдү айтып кеттиңиз. Ошол премьер-министр түшкөн машинада жалгыз гана Исанов каза болгону сизге шек туудурган жокпу? Ошол кайгылуу окуя болгон жерде Бирштейн менен анын жансакчылырынын бир жери сынмак түгүл, бети-башы чийилип, сыйрылган да эмес дешет. Анан эле Насирдин Исанов кантип жалгыз өзү өлүп калды деген суроо ушул убакка чейин эл арасында жоопсуз калып келүүдө. Кочкор-Атага жакын жерде каза болгон Насирдин Исановду таштап качып кеткен Бирштейн мырзага неге кылмыш ишин козгогон жоксуздар? Ушул нерсе арадан канча жылдар өтсө да табышмакка айланып, бийликтин айтканына эл ишенбей, шек жаратып келет…

— Бул иш боюнча жакшы эле изилдеттик, бирок ал иштен кылмыш таба алган жокпуз. Эми кырсык да… Жок жерден ушундай оор, кайгылуу окуя болуп кетпедиби… Чоң кырсык да… Кантебиз…

— Аскар Акаевич, сиз Исановдун каза болгонун укканда, “легендарлуу парламенттин” төрагасы Шеримкулов чет өлкөлүктөрдү кабыл алып жаткан учурда, Эднан Карабаевди Шеримкуловго жөнөтүп, чакырып кел деген экенсиз, туурабы?

— Туура, ооба. Мен Насирдин Исанов туурасындагы суук кабарды уккан соң, дароо эле Медеткан Шеримкуловго, бир чети кудасы катары көңүл айтып, аза кайгысын тең бөлүшөйүн деген ниетте кабинетиме чакырганым чындык.

— М. Шеримкуловдун “Данакерлик миссия” аттуу китеби 2019-жылы жарыкка чыкты. Сиздин колуңузга ал китеп тийдиби билбейм, аты аталган китептин 263-бетинде сиз жөнүндө айтылган мындай фактылар жазылыптыр. М. Шеримкулов: — ​“Акаевдин кабинетине киргенде Акаев: -Медеткан Шеримкулович, кайрат кылыңыз, Насирдин Исанович курман болду…!”- деди. Медеткан Шеримкулов өзүн кармана албай терезенин түбүнө барып ыйлап жиберет… Президент А. Акаев пауза боло калганынан пайдаланып, дароо ички байланыш аркылуу бирөөгө телефон чалып, аны абдан катуу сооротуп: — ​“Эч кам санабаңыз, сиз үчүн самолет учуп барат, сизди Андижандан алып келет…” — ​деп жооткото баштады. (Кийин телефондогу маектеши эл аралык алдамчы жана алтын чатагына байланышкан чуулгандуу бизнесмен Борис Бирштейн экени маалым болот) деп жазган автор…

— Эми Бекен иним, Бирштейндин өзүнүн менчик самолету бар адам. Ал эми ошол кезде мен Андижанга самолет жөнөткүдөй абал жок эле, СССР ураган кез болгондуктан, ага жөнөткүдөй Кыргызстанда самолет деле жок болчу. Ал эми чет мамлекеттерге чыкканда эски ТУ‑154 пассажирдик самолетум бар эле. Кыргызстандын ичинде ЯК‑40 деген кызматтык самолет менен учат элем.

— Ошол эле китепте жазылгандай, М. Шеримкуловго ак үйдөн телефон чалышып: “Президент Аскар Акаевич бир киши менен барып, Исановдун жесирине көңүл айтканы жатышат. Азыр барсак ыңгайлуу болобу?” — ​дейт. Бир аз убакыттан кийин Акаев боз үй жанына Бирштейн менен чогуу келди…” — ​деп жазат.

— Туура, Медеткан Шеримкулов китебинде кандай жазса, өзүнүн жеке көз карашы, эрки деп билем. Кыргызстандагы белгилүү инсан. Эмнени жазса да өз укугу, акысы бар. Ал эми маркумдун үйүнө барып, анын жубайына, балдар-кыздарына көңүл айтып, эң оор учурда аза кайгысын бөлүшүп коюу, бул кыргыз элинин карт тарыхындагы байыртадан келе жаткан салты деп билем. Биз ошол ата-бабабыздан келаткан парзды гана аткардык, анын эмнеси туура эмес экен.

Эми кээ бир адамдар бейиши болгур Насирдин Исановдун өлүмүн да мага жабыштырып келишет. Ар кандай ушак сөздөрдү, имиштерди ойлоп таап айткандан тажашбай, элдин башын айландырышып, менин да жүрөгүмдү оорутуп келишет. Насирдин Исановдун көзү өткөнүнө ушунча жыл өтүп кетсе да ушул ушак сөздөр мени көлөкөдөй ээрчип келет. Азыр да айтып коёюн, баары калп! Менин душмандарым Бишкекте тынч жатышпай, Насирдин Исановдун арбагын кайра-кайра козгошуп, маселе көтөрүшүп, менден өч алабыз деп келишет. Аларга айтарым, силерди Кудайга койдум! Маркум Насирдин Исановдун арбагын тынч койгулачы! Көрүндө тынч жатсынчы!

— Аскар Акаевич, сиздин Бирштейн менен болгон мамилеңиз качан аяктады?

— Санжар Айтматов “Сиабекону” жана “Камекону” таап келишти. Бул үчүн мен дайыма аларга ырахмат деп келем. Биздин парламенттин бут тосконуна карабай бир проектибиз акырындык менен иштей баштады. “Камекону” таап келгенде биз абдан сүйүндүк. Кыргызстан менен байланыштырып бергени үчүн алар “Камекодон” ала турганын алышты да. Ортомчу фирма катары өз пайдасын сөзсүз көрсө керек деген ойдомун. Бул деген дүйнөлүк тажрыйбада бар нерсе. Айтып коёюн, Кыргызстандан бир тыйын да алышкан жок. Бирштейн өзүнүн маңдай акысын “Камекодон” алды деп ойлойм. Инвесторсуз эми экономиканы өстүрүү, өнүктүрүү эч мүмкүн эмес. Кыргызстан үчүн азыр сырттан инвестор тапмайын, экономиканы эч качан көтөрүп, бул туңгуюктан чыгара албайбыз. Биз Бирштейн менен толук бир жылдай иштештик. “Камекодон” кийин башка тармактарга “Сиабеко” жардам көрсөтө албады. Мен ошондон кийин “Кыргызстан-Сиабеко” биргелешкен ишканасын жаап, ишин токтоттук. Бирштейнге байланыштуу ар кандай токулган жөө жомоктор ошону менен аяктады.

— Өлкөбүздү бир топ жылдар бою башкарган Турдакун Усубалиев, Рамазан Дырылдаев ж. б. көрүнүктүү инсандар парламентте “Алтын чыры” боюнча маселе көтөрүп чыгышкан эле. Алардын жазган далилдүү макалалары “Свободные горы” газетасына (парламенттин органы болгон “Эркин-Тоо” гезитинин орус тилиндеги тиркемеси болчу) жарыяланып турду. Ак үйдүн буйругу менен “Свободные горы” гезити жабылганы белгилүү. Бирок, акыркы кезде эл арасында айтылып жүргөндөй, кийинчерээк Т. Усубалиев баштагыдай сизге оппозиция болбой калган. Анткени, элдин арасында Усубалиевдин баласынын чоң суммадагы акча карызын бийлик чечип бергенден кийин Турдакун мырза сизге оппозиция болбой калган дешет. Ошондон кийин “Алтын чыры” парламентте көтөрүлбөй, басылып калган деген маалыматтар айтылып келет. Ушундай айтылган сөздүн канчалык деңгээлде чындыгы бар?

— Биринчи эле ошол кездеги парламент депутаттары “Кумтөр” боюнча генералдык келишимге каршы чыгышып, Чыңгышевди премьер-министрлик кызматтан кетиришти. Ооба, Турдакун Усубалиевич ошол кезде мага каршы чыккан депутаттык оппозициянын көрүнүктүүлөрүнүн бири болчу. Мага каршы болгондор акырындап Турдакун Усубалиевдин айланасына чогула башташты. Бул киши биз баштаган реформалык иштердин баарысына каршы чыгып, оппозициянын анабашында турду. Ал эми Швейцарияга кеткен алтын боюнча да өзүнчө айтып берем. Мен эч качан Турдакун Усубалиевичке да, Абсамат Масалиевичдей кадырлуу аксакалдарыбызга бир дагы ирет каяша, жаман сөз айтканым жок. Баарын айтып, аракет жасап түшүндүрдүм. Бирок айла жок экен, Турдакун Усубалиевич баары бир көп нерсеге “макул эмесмин!” деп жүрдү. Мен деле Турдакун Усубалиевичке, анын айткан сындарына туура эле түшүнүп жаттым. Анткени, ушулардын баарын курууга совет доорунда өзү катышкан, эмгеги, өмүрү да кеткенин билем. Ал киши өзүнүн жаштыгы менен өткөн жигердүү доорунун заматта талкаланганына өкүнүп, ошого кейип жатты да. Эми ачыгын айтканда совет доорун мен талкалаган жокмун да. Турдакун Усубалиевич ГЭСтерди, башка дагы канчалаган ири заводдор, фабрикаларды, Бишкек шаарындагы акүй, филармония, тарых музейи, агропромдун имаратын, “Ала-Тоо”, “Жеңиш” аянттарын, Ош базарын курууда, дагы башка ири курулуштардын башында өзү туруп опол-тоодой чоң эмгек жасаганы чын. Коммунисттик системасынын талкаланып жатканын кечире албады. Мен аксакалыбызды туура түшүнүү менен анын айткан ар бир сөзүнө чыдадым, көтөрдүм. Анан эле Турдакун Усубалиевичтин мааракеси келип калып, ал кишинин көп жылдык эмгегин баалап, Кыргыз Республикасынын баатыры деген эң жогорку наамды берип, алтын жылдызды көкүрөгүнө тактым. Ал эми сен айткан баласынын иштерин, олчойгон карызын мен билбейт экенмин. Турдакун Усубалиевич мага оппонент болду деп айтсам жарашат. “Алтын” комиссиясынын башында Турдакун Усубалиевич өзү турду. Турдакун Усубалиев “биз өз алтыныбызды өзүбүздүн күчүбүз менен казып алсак болот эле!” — ​деп чыккан депутат болчу.

— Турдакун Усубалиев деле мындай “жылуу” мамилени күтпөсө керек? Анткени, убагында башка республикалардын жетекчилеринин алды эки, үч ирет Социалисттик Эмгектин Баатыры деген наамды алган кезде, Турдакун Усубалиевич ала албай калган өкүтү бар эле…

— Ооба, өкүнүчтүүсү совет мезгилинде Москва Усубалиедин эмгегин баалабай койгону кейиштүү болгон. Чынында Турдакун Усубалиев күткөн эмес экен, аны да өзү айтты. Өзү да мага жолукканда “Мен үчүн, чынында күтүүсүз болду. Ырахмат Аскар Акаевич, өзүбүзчө мамлекет болуп, анан мен герой болом деп эч ойлогон эмес элем” — ​деп бир толкунданып жылуу сөздөрүн айтып, мага жүрөгүнүн түпкүрүнөн чыккан өзгөчө ыраазычылыгын билдирди. Мен чынында Турдакун Усубалиевичтин колунда бир күн да иштеген адам эмесмин. Болгону, ага карата көп жыл өлкөбүздү башкарган жетекчи катары, аксакалдык жеке урматым, сыйым бар эле. Мен ошол атуулдук милдетимден кутулдум деп ойлойм. Эмгек, кайсы бир күнү ээсин табарына ынандым. Эми ал кишинин өлкөбүздүн алдында өтө чоң эмгеги, мээнети бар адам, жыйырма беш жыл өлкөнү башкарды. Башында айткандай, “Алтын чыры” маселесинде мага каршы бекем турган депутат эле. Бирок, Усубалиевдин өлкө алдындагы эмгеги чоң болчу, мен ошол жагын эстедим. Алтын комиссиясынын башында ал киши турду. Бирок, кийин Турдакун Усубалиевич өзү жибип, “Айла жок экен, түшүнүп жатам, бирок макул эмесмин. Бүт дүйнө жүзү ушул жолду тандап, ошол жол менен кетип бараткан тура, мен да оппоненттен, сторонникке өтөмүн!” — ​деп жылмайып айтканы эсимде калыптыр. Жанагы, азыр элибизге жарык берип жаткан ГЭСтердин баары ошол зор инсаныбыздын мезгилинде салынган эмеспи. Азыр, ушуга удаа эле бир окуяны эстеп кеттим…

Анда Усубалиев кызматтан кетип, Масалиевдин доору жүрүп жаткан кез. Турдакун Усубалиевичти компартиянын катарынан чыгара турган оор маселе күн тартибине коюлуп калды. Бул боюнча биздин деле бир аз кабарыбыз бар эле. Борбордук комитетте секретариат болду. Столдун четинде катчылар, кечээ эле Усубалиев өзү өстүргөн бакандай болгон кадрлар, соратниктери Масалиев, Жумагулов, Аманбаев жана башкалар тизилип отурушту. Ошол жыйында, партбюродо Усубалиевди партиянын катарынан чыгаруу маселеси коюлду. Мен да ошол жерде жыйынга катышып отургам. Мен үчүн өтө кайгыра турган көрүнүш болду. Кечээ эле ушул кишилер Усубалиевдин айтканы айткан, дегени деген болуп, сөзүн эки кыла албаган, бир кезде өзү өстүргөн, ишенген кадрлары турушту. Бечара Турдакун Усубалиевичти ит талагандай эле кылышты го. Турдакун Усубалиевичке абдан оор болду, мен аны көрүп отуруп аяп кеттим. Биз бөлүм башчылар, мен, Шеримкулов жана башкалар ошол жердеги өтүп жаткан жыйынга катышып отурган элек. Жыйындан кийин Турдакун Усубалиев адамдардан корунуп, четтеп калды. Кечээ эле жанында жүргөн адамдар акырындап, анын жанынан качып кете башташты. Өзү койкоюп, жалгыз калды. Турдакун Усубалиевичтин эрки аябай күчтүү экен. Турду. Эч сырын билгизбей, эмоцияга алдырбады. Жыйын бүткөн соң Турдакун Усубалиевичти колтуктап алып өзүмдүн кабинетиме алып келип, чай куюп бердим. Түнөрүп, унчукпай отуруп чай ичти. Көптөн бери ичилбей жүргөн бир бөтөлкө коньягым бар эле, Турдакун Усубалиевич жүздөн алсакпы деп айттым. Ал киши каршы болгон жок, коньяктан экөөбүз алдык. Кыйратып деле сүйлөшө алган жокмун. Мен ал кишини узатып койдум. Байкуш, эптеп-септеп өзүнө мүнөздүү жай басыгы менен үйүнө кетти. Турдакун Усубалиевдин аянычтуу бул акыбалын көрүп өтө өкүндүм, жаман абалда калдым. Өмүр бою ушул компартияга ак кызмат кылган Турдакун Усубалиевге да ушундай мамиле кылышабы дедим. Ал үчүн компартиянын катарынан чыгуу абдан оор болуп, жүрөгүнө катуу тийди. Мен Кыргызстанды жыйырма беш жыл башкарган Турдакун Усубалиев менен ушундай курч абалда алгач ирет жолуктум. Буга чейин Усубалиев экөөбүз такыр жолукпаптырбыз. Ушундай залкар инсан менен биринчи ирет жолугушуум болчу. Мен башында айтканымдай Усубалиевдин колунда бир күн да иштеген эмес элем. Кийин мен ал киши менен парламентте кез-кез жолугуп жүрдүм.

– 2005-жылы революция болуп, башыңызга оор иш түшкөн кезде сиз “баатыр” кылган Усубалиев ооз ачып колдоп койгонго жарабады окшойт…

— Эми Бекен иним баарыбыз пендебиз го. Менин эч кимге таарынычым да, капачылыгым да жок. Өтөөр өттү, кетээр кетти го. Мен деле алардай болгум келип, түн бир убакка чейин кабинетимде иштечүмүн. Кандай болгон күндө да Турдакун Усубалиев кыргыз эли үчүн эмгеги өткөн, улуу инсан…

— Усубалиев менен Масалиев экөөнө тең бир эле учурда “Кыргыз республикасынын баатыры” деген наамды берип койсоңуз болмок экен деп кеттим…

— Туура айтасың, мен Абсамат Масалиевичти да унуткан жокмун. Мен бул эки залкар адамды эч качан күнөөлөгөн жокмун. Сыйлап гана жүрдүм. Абсамат Масалиевичке “Манас” орденин бердим. Менин Масалиевге да баатырлыкты берейин деген жакшы ойлорум бар эле, болгону ошол күнгө үлгүрбөй калдым. Бул кишилер өмүр бою партия, эл үчүн эмгектенүү менен гана жашады. Ошон үчүн буларга мен сын да айта албаймын. Убагында мен Абсамат Масалиевичтин колунда БКда (Борбордук Комитетте) секретариатта үч жылдай иштеп калдым. Алардын Ысык-Көлдөгү дачаларын, машиналарын өздөрүнө калтырдым. Бала-бакыраларына эч кимди тийгизген жокмун. Экөөнүн тең душмандары бар эле, менин колум менен өчүн алабыз деген адамдар көп болчу. Эң өкүнүчтүү жери, ошол эки аксакал өстүргөн кадрлар, депутаттар, мурун чоң кызматтарда иштеген адамдар, алардан өчүн алабыз дешип, мага көп келишчү. Бекен иним, буга чейин эч кимге айтпай келген бир сырым бар эле, ошону сага айтып берейин. Республиканы башкарып турганда Турдакун Усубалиевич да, Абсамат Масалиевич да убагында колдорунда эбегейсиз бийлиги бар болгон кезде көбүн кызматтан айдашкан болчу да. Экөөнөн тең өч алабыз дегендер жетиштүү эле. Алар мага “Аскар Акаевич, мына сиз жасап жаткан реформаларыңызга каршы турган Турдакун Усубалиев менен Абсамат Масалиевдер экени белгилүү. Бул экөө бут тосушуп, ушулар башында турушуп, аткара турган реформаларыңыз ишке ашпай, булар сизге каршы ар кандай кутумдарды уюштуруп жатышат. Булардын артында да бир топ иштери бар. Биз аларды жакшы билебиз, буйрук эле берип койсоңуз жетет, биз булардын сазайын колуна беребиз, экөөнүн тең сазайын бере турган учуру келди. Эртең эле момурайып отуруп калышат” — ​дешип канча айтышты. Мен аларга силердин айткан сөзүңөрдү мен укканым жок, экинчи буга окшогон маселе менен мага келбегиле. Эч качан бул эки кадырлуу аксакалдарыбызга кол тийгизбейм деп көп жолу айтканмын. Ошонумду аткардым. Эми аттарын айтпай эле коёюн, өздөрүнүн өчтөрүн алабыз дегендери чындап көп болгон. Эми менин колум менен өздөрүнүн арам ойлорун ишке ашырабыз деп ойлошкон да.

— Сиздин колуңуз менен чок кармайбыз дешкен экен да?

— Албетте…

— Мен “Кыргыз руху” гезитинде иштеп жүргөн кезде Абсамат Масалиевдин үйүнө ошол кездеги редакторум Султан Раев, белгилүү акын Эгемберди Эрматов болуп барып калдык. Абсамат Масалиевичтин апасы сөрүдө эс алып отурган экен, Президенттик шайлоо жакында эле өткөн кез болчу. Анан мен жөн отурбай “Апа, жакында эле президенттик шайлоо болду, сиз кимге добуш бердиңиз?” — ​деп сурап калдым. Абсамат Масалиевичтин апасы эч ойлонбой туруп “Мен бул президенттик шайлоодо өз добушумду Аскар Акаевге берип, анын талапкерлигин колдоп бердим” — ​десе болобу. Биз чынында мындай жоопту күткөн эмес элек. Өзүнүн баласы президенттикке коюп жатса,  Акаевге добушун берет деген эмнеси деп таң калып отуруп калдык.

— Туура, абдан туура. Силердин гезитке чыккан ошол макаланы мага басма сөз катчым алып келгендей эле, эсимден чыгып турат. Мага гезитти алып келгенде бир дем менен окуп чыктым. Окуп алып, Абсамат Масалиевичтин апасынын мындайча маек бергенине таң калдым, экинчиден энебизге ичимден ыраазы болдум. Анткени, мындай айкөлдүк, акылмандуулук, энелик чечкиндүүлүк бардык аялзатында боло бербейт эмеспи. Мен кийин Баткен жакка иш сапарым менен барып калганымда атайын убакыт таап, Абсамат Масалиевичтин үйүнө бардым. Албетте, апабызга баалуу белек-бекчелеримди, анан Майрам эжең даярдап берген жакшы жоолугун алып барып бердим. Абсамат Масалиевичтин апасы менен кучакташып, учурашып жолугуп, өзүмдүн ырахматымды айттым. Чынында Абсамат Масалиевичтин апасы да Курманжан датка энебиздей акылман аялзаты экенин көрүп, бардык энелер ушундай болушса деп ичим жылып, ыраазы болдум. Мага эмне үчүн өз добушун бергенин, “жаңы мезгил келди, жаңы жетекчилер элге иштеп бериши керек” — ​деп түшүндүрдү. Мен дагы Абсамат Масалиевичтин жакшы сапаттарын апасына айтып бердим. “Балам чынында өзүңдү колдодум. Президент башың менен үйүмө келгениңе чоң ырахмат! Билем уулум, менин балам Абсамат да кыргыз элине ак кызмат кылып, колунан келишинче эмгегин өтөп берди. Мен дагы эне катары уулум менен сыймыктанам” — ​деп, мени өтө жылуу кабыл алып, чын дилден сүйлөшүп отурду. Учурунда мен дагы уулуңуздун кол алдында иштегенмин. Абсамат Масалиевичти терең сыйлайм, урматтайм, балаңыздын дарегине бир да ирет жаман сөз айткан жокмун дедим. “Билем, уулум, ошонуңа чоң ырахмат” — ​деп, мага ыраазы болду. Абсамат Масалиевдин калыстыгы, анын тазалыгы, демократтыгы өзүнүн апасынан өткөн экенин ошондо байкадым.

— Аскар Акаевич, сиз эмне үчүндүр, саясый кризисти жөнгө салыш үчүнбү, элибиздин башын бириктириш үчүнбү, балким башка ойлоруңуз болгондур, Ош окуясынан Алай жергесинде Курманжан датканын 180 жылдыгын зор салтанант менен өткөрдүңүз…

– 1986–1987-жылдары, эки жарым жылча Борбордук комитетте иштедим. Мен ал кезде көп региондорду билбейт элем. Көбүнчө Ленинград шаарында окуп, кийин ал жакта жашап, жыйырма жылдай ошол жакта шартка жараша иштөөгө туура келди. Кийин Кыргызстанга көчүп келип, БКда илим жана билим тармагы боюнча иштеп калдым. Ал жакта иштеп жүрүп мен түштүккө командировкага Ошко барып калдым. Ал жактан аймактар ортосундагы айырмачылыкты, өзгөчө кадрлардын ортосундагы тең-салмактуулуктун жоктугун байкадым. Өзгөчө кадр маселесинде теңсиздикти элдин оозунан уктум. Ошону мен өз көзүм менен көрүп, сездим. Түштүктөн чыккан окмуштуулардын арасында мүчө-коррепонденттер, академиктер бар экен. Бирок, саналуу гана. Адышев деген академик бар экен, ушул кадр маселелерин оңдош керектигин байкадым. Кийин өзүм Академияга президент болуп калдым. Кийин ушул маселени оңдош керек экен деп Абсамат Масалиевичке кирип, кадр маселеси боюнча теңсиздиктерди айтканым азыр эсимде.

— Бир убакта сиз сөз кылып жаткан Улуттук илимдер академиясын Алымбек менен Курманжан датканын урпагы Адышев башкарып келген эмеспи…

— Ооба, ооба. Биринчи ирет Адышев мени өзүнө чакырып, жакындан сүйлөшүп, жакындан таанышкан элек. Өтө маданияттуу, интеллекти бийик инсан болчу. Ал кезде мен Политехникалык институтта иштейт элем, кафедра башчысы болуп. Экөөбүз жылуу маанайда кенен-кесири илим туурасында сүйлөштүк. Академик Адышев боюнча жылуу маанайда калдым. Кийин мен өзүм академияга президент болуп бардым, ошондо ошол ойлорумду ишке ашырууга кадам таштадым. Республиканын жетекчиси Абсамат Масалиевичке жолугуп, кадр маселесинде кичине тең салмактуулук болбой жатыптыр, ошону оңдойлу деп жатам, колдоп койсоңуз. Ош шаарына Илимдер академиясынын түштүк бөлүмүн түзсөк. Сиз бир канча орун берсеңиз, биз кошумча шайлоо өткөрүп, мүчө-корреспенденттердин бирөөсүн шайлап берели дедим. Ошентип, ал жактан кадрлар өсүп, бир топ окумуштуулар мүчө-корреспондент, академик болуп калышты. Эсимде, ошол жерде Жаманбаевдин бир окуучусу бар эле, ошол киши башкарып калды. Кийин өлкөнүн президенти болуп калганымда түштүк тараптан кадрларды өстүрүү болду. 1990-жылдагы кандуу кагылыштан кийин элдин да маанайы кыйла түшүп калган эле. Негизги маселени улуттар аралык мамилени оңдоого, элдердин ортосундагы достукту чыңдоого бурдук. Ошондон мен “Кыргызстан — ​жалпыбыздын үйүбүз!” деп чыктым. Ошол ситуацияны жумшартууга жардам берди. Араздашып калган элибизди кантип бириктиришибиз керек эле деген маселеге башым катты. 1990-жылы биз жыйынга келгенде, биз бийлик башындагыларга бир сунуш даярдадык элек. Чыңгыз ага делегациянын башчысы, Ислам Каримов менен Абсамат Масалиевди Ошто жолуктуруу башкы максатыбыз болчу. Чыңгыз Төрөкулович Москвага барып Михаил Горбачевго баарын айтып, кийин мага телефон чалды. Көрсө, Ислам Абдыганиевич “Абсамат Масалиев менен эч качан, эч жерде жолукпаймын” — ​деп көгөрүп, кесе сүйлөп, биздин оюбузга макул болбой койгонун айтты. Биз ойлогонбуз бул эки киши чогуу келип элдин алдына чыгып, түбөлүк достук туурасында жакшылап сүйлөп беришсе деген жакшы ойлорубуз бар эле. Өзбек улутундагы депутаттар да ошону колдоп кетишкен. Мен дароо Ислам Каримовго телефон чалып, өзүм кайрылдым, Ислам аке, ушул жерде кыргыз-өзбек калкы түбөлүк турмуш куруп келе жатабыз, Ошко келип эки элдин достугу боюнча кайрылуу жасайлы, сүйлөп бериңиз деп сурандым. Өзбекстандын президенти Ислам Каримов ойлонуп турбай, дароо эле макул экендигин билдирди. Анан кийин бир нече жолу келип берди. Калыс сөзүмдү айтып коюшум керек, Каримовдун Ош шаарына келип сүйлөп бериши, эки элдин ортосундагы достук мамилени жакшы жолго салып, данакер болуп бергенге таасир берди. Ачыгын эле айтайын, оштук өзбек туугандарыбыз Каримовду Кудайындай көрүшчү. Мен аны билчүмүн. Ал кезде биздин оштук өзбек туугандарыбыз “Президентиңер ким?” — ​деп сурашса, “Акаев эмес, Ислам Каримов” деп айткан кез эле. Ошко келгенде Ислам Каримов: “Менин досум, Аскар Акаев эмне десе, ошону аткарып койгула! Ошондон кийин баары жакшы болот” — ​деп айтты. Мен сөзүмдүн башында айтып кеткендей, мен академиянын башында турган кезимде биринчи кадамды таштап койгон элем. Экинчи кадамда Курманжан эне эсиме келди. Ошондо элибиздин башын бириктирели деп Курманжан датканын мааракесин өткөрүп коёлу деп демилге көтөрүп чыктым. Датка энебиздин мааракеси абдан жакшы өттү. Элибиздин духу көтөрүлүп, депрессиядан чыга түшкөндөй көрүндү. Ушул көрүнүштөр түштүк жергесиндеги жакшы жышаан, өзгөчө кадам болду. Бул тарыхый иштердин башатында, албетте бир кезде Алымбек датка өзү болгон. Ал болбосо Курманжан датка да болбойт эле. Бул кандуу окуядан кийинки, биринчи жакшы кадам болуп калды. Кийин Алымбек датканын мааракесин өткөрүү жагын да ойлонуп жүрдүм эле…

— Кээ бир көрүнүктүү партиялык кызматкерлердин каршы болгонуна карабастан Исхак Раззаковдун сөөгүн Москвадан алып-келип өз жеринен топурак буйруттуңуз. Бул түштүк элине болгон ызаат, сый-урматпы? Кандай максатты көздөгөн элеңиз…

— Бекен иним, Исхак Раззаковдун сөөгүн алып келүү бул сенин идеяң болчу. Сенин идеяң менен кыргыз элинин көрүнүктүү коомдук-саясый ишмери, бир кездеги республикабыздын жетекчиси Искак Раззаковдун сөөгүн Кыргызстанга алып келдик, улуу инсаныбызга өз жеринен топурак буйруду. Бул абдан чоң, кайталангыс, тарыхый иш болду. Искак Раззаковдун сөөгүн артиллериялык залп менен улуттук гвардиянын ардактуу коштоосунда президенттерди акыркы сапарга узаткандай эң жогорку деңгээлде Ала-Арча көрүстөнүнө ардактап жерге бердик. Исхак Раззаков өзүнүн керээзинде айтып келгендей, кыргыз жеринен топурак буйруду. Искак Раззаков кыргыз элинин ушундай мамилесине, салтанаттуу узатууга татыктуу улуу инсан болчу. Биз улуу инсанды өзүнүн деңгээлинде татыктуу жерге берип, акыркы сапарга узатууга милдеттүү элек. Биз анын арбагынын алдында адамдык улуу парзыбызды аткардык. Кыргыз эли Искак Раззаковдун Кыргызстанга жасаган эмгегин эч качан унутпашыбыз керек. Раззаковдун сөөгүн алып келүү вазийпасы менин тагдырыма буйруганына, ушул ишти жасаганыма мен түбөлүк ыраазымын. Менин Исхак Раззаковго болгон мамилем элибиздин башын бириктирди. Биз ошентип 2001-жылга жакшы кирип алдык.

— Аскар Акаевич, сиз кыргыз сомун кандай азаптуу күндөрдү башыңыздан өткөрүп, чечкиндүүлүк менен бастырып келгениңизди көпчүлүк элибиз деле билишпейт го. Өткөн жумадагы “Майдан” гезитинин № -20(504) 02.06.21. жарык көргөн санына, укук коргоочу Рамазан Дырылдаев “Акаев чыгарып кеткен 2 тонна алтындын ар бир граммына чейин иликтеп, башында ким турганын тактаганбыз!” деп жазып чыкты. Дырылдаев кайсыл 2 тонна алтынды айтып жатат? Бул бир жылдары Бирштейн биздин өлкөбүздөн өзүнүн жеке самолету менен алып чыгып кеткен алтын деп ызы-чуу болду эле, сөз ошо алтын туурасында болуп жаткан жокпу?

— Ооба. Айтып берейин. Эми кыргыз сомун киргизүү, мен жасаган эң биринчи ийгиликтүү реформалардын бири болду да. Мен Москвада, СССР Жогорку Советинде иштеп жүргөн кезде эле рынок экономикасына өтүү башымда жүрчү. Мен негедир ошол кезде эле план түзүп, менин планымда биринчи орунда жер реформасы, экинчи орунда акча реформасы, улуттук валюта киргизүү боюнча кыялдана берчүмүн. Ансыз финансы сиситемасы болбойт да. Классиктердин рынок экономикасы боюнча жазган көптөгөн китептерин окуп чыктым. Өзгөчө, Фридман деген, “акча канча жүгүрсө, экономика ошончолук айланат, өсөт” деп теория жазган. Эми ансыз финансы системасы болбойт. Нобель сыйлыгынын ээси Фридман деген окумуштуунун ойлорун, эмгектерин окуп жүрдүм. Фридман “бардык нерселердин башында акча турат” деп да жазган экен. Мен ошондо эле качандыр бир кезде улуттук акча киргизиш керек деген ой башымда бышып жүрө берди. Ансыз көз карандысыз экономика кура албайбыз. Анан эле Кудай жалгап биз эгемендүү республика болуп калдык. 1992-жылдын 1-январынан баштап чындап сомду киргизүүнү ойлоно баштадым. Кантип кыргыз сомун печатташ керек, басыш керек, эсептеш керек, ишке кантип киргизебиз деген нерселер башымдан чыкпай койду. Мен өзүмчө баарын эсептеп чыктым. Бул жерде менин математик катары кесибим көп жардамын берди. Көлөмү канча болуш керек, сомду качан киргизүү керек деп. Мен ошонун баарын эсеп-кысабын эринбей эсептеп чыгып, бир китеп да чыгардым. Аны көпчүлүк окуган деле жок. Анан бир күнү, менимче 10-январь болсо керек, мен өзүмө, Улуттук банктын төрагасы Кемелбек Нанаевди чакырдым. Менде өтө жашыруун проект бар, улуттук валютабыз, сомду киргизсек кандай болот. Эгер биз сомду киргизсек рынокко, реформага туруштук бере алабызбы деп сурадым. Нанаев менин бул суроомо даяр да, күткөн да эмес окшойт, мукактанып, “Мен муну билбедим, ага чейин мүмкүнбү? Биле албадым… Биз Россия менен иштеп жатабыз го… Кантип рубль зонасынан чыгабыз” — ​деп түшүнбөгөндүктөн, чочуп кетти. Мен “өтө жашыруун” гриф менен жазылган катты колуна карматып койдум. Сүрөтчүлөрдү таап эскиздерин түшүрө башта дедим. Бир-эки тарыхчыны чакырып, кыргыздын тарыхында, кандай атактуу адамдар бар, эң атактуулары ким деп суроо салдым. Бирок, улуттук валютага ошол белгилүү адамдардын тарыхый элестери сомдун беттерине түшөрүн да айткан эмесмин. Тарыхчылар кийин бизге белгилүү адамдардын тизмелерин беришти. Ошолордун ичинен эң атактууларын тандап алдык. Бир нече айдан кийин улуттук банктын төрагасы Кемелбек Нанаев менен чогуу эки сүрөтчү келишти. Бирөөсү орус улутунан, дагы бирөөсү кыргыз экен. Баары жакшы, эскиздер мага да жакты. Анан кайсы жерден улуттук валютабыз сомду бастырабыз деп башыбыз ооруп, өзүнчө эле проблема болду. Россия билип калса биздин проект ишке ашпайт эле. Анда бүттү!

— Аскар Акаевич, сиз ошол кезде бир нерсени ойлодуңузбу, кыргыз валютасы болгон сомду чыгарабыз деген оюңар орустарга билинип калса эмне болот эле? Борис Ельцинден корккон жоксузбу?

— Баары өтө жашыруун болуп жатты. Эгер орустар билип калышса барбы… Анда бүттү эле. Ельцинди да ойлойм, ал эмне дейт деп. Бул кадам өзү чыккынчылык да. Биздин сомду чынында орустар басып бермек беле. Биз рубль зонасын талкалап жатабыз да. Анан Нанаев келип Лондондогу монетный двордон улуттук валютабызды бастырса боло турганын айтты. Мен чынында кубанып кеттим. Ал кезде биздин да тажрыйбабыз жок болчу. Көрсө, алар дүйнө жүзү боюнча ар кандай мамлекеттердин улуттук валюталарын бастырып берише турганын айтып берди. Бирок, ошол кезде биздин казынабызда ашыкча, бир цент акча жок экен. Бул жагын ойлоп, башыбыз катты.

— Лондондо биздин улуттук валютабыз сомду бекер бастырып бермек беле. Басып бергени үчүн олчойгон акчаны сурашат да… Акча маселесин табуу жагы кандай болду?

— Албетте, англичандардын акчасы менен биздин улуттук валютабызды бастыруу, 4–5 миллион фунт-стерлинг акча болот экен. Ал эми сомду басыш үчүн доллар менен алганда 7–8 миллион долларды чапчыйт. Биздин республикабыздын казынасы бош, ашыкча бир цент да жок. Анан мен алтын бар бекен деп издете баштадым. “Макмал” алтын комбинатында өндүрүлгөн бир жарым тонна алтын бар экенин билдим.

— Ал жерде алтын бар экенин, эгер жашыруун сыр болбосо, сизге ким айтты эле?

— Совет доорунда афинаждан өтпөй калган алтын бар экен, аны мага Танаев “Аскар Акаевич, мен ушул “Макмал” алтын комбинатты курган адаммын. Ал жерде афинаждоого кете элек алтын бар” деп айтып калды. Көрсө, Макмалдын алтынын Новосибирскке алып барышып, анан ал жактан афинаждоочу экен. Дароо Москвага алып барышып, ГООСохранга сактоого салышчу эмес беле. Ошол бир жарым тоннадай афинаждан өтпөгөн алтын өз убагында Россияга афинаждоого жөнөтүлбөй, кете элек учур экен. Келгиле деп, ошол бир жарым тонна алтынды жашыруун алып чыкмак болдук.

— Макмалдан бир жарым тонна алтынды кантип алып чыгып кеттиңиздер?

— Себеби, биз ошол алтынды эч качан өз каражатыбыз менен жеткире алмак эмеспиз. Бир гана жолубуз бар эле, ал Бирштейндин жеке менчик самолету болчу. Биз аны менен кеңешип сүйлөшсөк, ал акыры макул экенин айтып, “бирок, самолет менен силердин улуттук банктын төрагасы алтынды алып кошо учат!” — ​деди Бирштейн. Биздин алтынды жүктөгөн учак, биз айткан жерге жеткирип бере турган болуп макулдугун берди. Швейцарияга биздин Макмалдын алтынын жүктөп, ал жакка жашыруун учуп барып, анан афинаждан өткөрүп берүүгө чейин жардам беришти. Ал нерселердин баарын биз өтө кылдаттык менен жашыруун жасап жаттык. Парламент да бул иштин четин билишпейт болчу. Кийин гана депутаттык комиссия мүчөлөрүнөн, “Афинаждан өткөргөндөгү бир жарым килограмм алтындын күкүмү, кайда?” — ​деп сурашып, сындап да чыгышты. Алтынды тазалаганда, бир жарым килограмм калдыктары чыккан экен. Бирок кийин мага претензия коюшту го мынчасы жок деп. Тазалаганда сөзсүз калдыктары (отходу) чыгат экен да. Ошол кездеги курс менен биздин алтын, 16 миллион долларга бааланды. Ал кезде алтындын баасы арзан болчу. Кээ бирлери кийинки курсу менен эсептеп да жүрүштү. Ошол акчалар кайда деп дагы парламенттеги депутаттар кыйкырып чыгышканын айтпа.

— Аскар Акаевич, сиздер бир жарым тонна алтынды Швейцарияга алып кетип жатканыңыздарды, андан ары Лондондун монетный дворунан кыргыздын сомун бастыра турганын ачык айтып чыгып кетсеңиздер болбойт беле? Эмне үчүн жашырдыңыздар…

— Анда биздин мамлекеттик деңгээлдеги сырыбыз ачыкка чыгып, биздин жеке тагдырыбыз коркунучта калып, ал эми улуттук валютабыз басылбай, элге чыкпай калуу коркунучта турмак эле. Ошонун баарын биз эске алып, өтө жашыруун жасап жатканыбыз ошондон болчу. Саналуу гана адам билгендиктен, биз жасап жаткан ишибизди кийинки жылдын май айына чейин эч бир жан билбеди. Биздин парламентибиз дагы. Бир дагы мамлекеттин чалгындоо кызматтары, биз жасап жаткан өтө жашыруун сырды биле алышкан жок. Мен ушуга кубандым. Россиянын КГБсы да билген жок. Ошол эле Бирштейндин самолету менен Лондондогу басылып бүткөн, даяр болгон кыргыз сомун Кыргызстанга жеткирип беришти. Улуттук банкка катып койдук. Сомдун башталышында алтынды афинаждоо, Лондондун монетный дворундагы биздин сомду бастыргандагы кеткен каражаттын баарына Улуттук банктын төрагасы Кемелбек Нанаев менен Премьер-министр Танаевдин колдору коюлду. Канча акча кеткенинен бери мөөр басылып колдору коюлуп турат. Ошол кездеги компартиянын идеологиясы менен сугарылган депутаттар бир нерсени түшүнүшпөдү. Биздин карт тарыхыбызды барактап көрсөк, кыргыз эли канчалаган кылымдарды карытып жашап келишсе да, өзүбүздүн улуттук акча биримдигибиз тарыхта болгон эмес экен. Ошол күндөн баштап кыргыз сому биздин өз алдынча көз карандысыз мамлекет болгонубуздун символу болуп калды. Кыйналып, кысталсак дагы улуттук валютабызды бастырып алдык. Чечкинсиз, биздин коңшуларыбызга караганда утушубуз ушунда турду.

— Кечиресиз, азыр биз күнүмдүк турмушта колдонуп жаткан сомубуздун тарыхы ушинтип башталган экен да…

— Ооба. Мына ушундай азап-тозок менен улуттук валютабыз, сом басылып келинген. Ошол күндөрдө менде уйку деген жок болду. Сомду чет жактан басканы жаткан маалымат билинип калса менин тагдырым башкача болмок эле. Ошондо эле менин душмандарым жетиштүү болчу. Бул 1993-жылдын жазы болчу. Май айына чейин бир да депутат, бир дагы Акүйдүн чиновниги билген жок. Кудайга шүгүр, эч кимиси билбеди. Калган акчаларга, бир, эки ишкана курушту эле, кийин иштетип кете алышпады. Мисалы, Жалал-Абадга “Балдардын тамагын” чыгаруучу заводду Италиядан алып-келип курушкан болчу. Бирок, негедир ал ишканалар иштеп кете албаганы мени өкүнттү. Кимдин күнөөсү менен экенин биле албадым. Биз ошондо көзүбүз чачырап турганда, биздин Лондондо басылып даяр турган улуттук валютабыз болгон сомубузга Бирштейн менен “Сиабеко-Бишкек” биргелешкен компаниясынын жардамы тийди. Мен “Сиабеко” жетекчисине өз ырахматымды айттым. Алардын биздин элге жасаган жардамын көрө албаган, билбеген адамдар ушул күнгө чейин жамандап бүтө алышпай жүрүшөт. Сомду бастыргандан калган акчаны Улуттук банкка салып койдук. Аны да депутаттык комиссиянын мүчөлөрү барып текшеришип, ордунда турганын да көрүштү. Кийин бир жарым кило алтын кайда деп маселе көтөрүштү. Улуттук валютабыз басылганын билишкен соң, баары туура түшүнүштү. Биздин улуттук валютабыздын кыскача тарыхы мына ушундайча.

— Сомду чыгарып жатканыбызды коңшу мамлекеттердин, орустардын коопсуздук кызматтары кантип билбей калышты экен?

— Мен да ошого таңмын. Бир дагы мамлекеттин коопсуздук кызматтары билген жок. Ошентип, эл аралык чыры жок улуттук валютабыз сомду бастырып алдык. Утуш биз тарапта болду. Бирок, менин божомолумда Россия деле жакын арада июль, август айларында өздөрүнүн акча реформасын жасайт деген маалыматым бар эле. Анткени, союздук рубль 1993-жылы күнүнө инфляция жүрүп, куну кетип, эч нерсе келбей жаткан учур эле. Ошон үчүн эл арасында “жыгач рубль” деп бекер жеринен айтышкан эместир. Акчанын баасы кетип, ага эч нерсе келбей, соода кылууга болбой калды. Буга чейин колдонулуп келген союздун акчасын кыргыздар курс менен сомго алмаштырып алышты. Сом ошентип жүргүзүүгө коё берилди. Менин Россия рубль акчасы боюнча реформа жасайт деген менин божомолум кийин туура чыкты. Биз өз улуттук сомубузду баарынан мурда киргизип алуу менен уттук. Андан да элибиз баштагы союздун акчасын алмаштырып алууга үлгүрүштү. Бир, эки айдан кийин орустар өз акча реформасын жасады.

— Коңшу мамлекеттердин жетекчилеринин биздин улуттук валютабыз сомдун жүгүртүүгө киргизилгенин билгенден кийин сизге болгон мамилелери кандай болду?

— Орто Азия республикасынын жетекчилеринин Ташкент шаарындагы жолугушуусу болду. Назарбаев менен Каримов жеке калышканда мен аларга жакын басып барып, ”Жакында, рубль зонасында чоң реформа болот. Силер өзүңөрдүн улуттук акчаларыңарды киргизүүнү ойлодуңарбы деп айттым. Каримов “Аскар эмне жөнүндө айтып жатасың? Кантип ушундай болсун! Сен бүгүн өзүңө-өзүң өкүм чыгардың. Мындайды Россия гана өзүнүн алтын запасы менен гана акча жасашы мүмкүн” — ​деп калды. Орустардын жыгач акчасы менен эмне кылабыз десем, Назарбаев: “Бир демени ойлонуштурабыз го” — ​деп жылмайып койду. Бир жолу Назарбаев менен Каримов мага “Сен өзүңө-өзүң өкүм чыгардың! Сенин алтын запасың да жок! Мына күзүндө, кайырчыдай колуңду алдыга сунуп каласың!” дешти. Мен өз чындыгымды билген үчүн аксакалдар менен айтышкан жокмун. Бир чети туура кылдым, түшүнбөй жатышса айтышып отурмак белем дедим ичимден. Мен болсо аларга кыска гана “Жакшы болот” — ​дедим. Коңшу мамлекеттердин президенттери али-бери улуттук акчаларын чыгаруу баштарына келбегенин байкадым. Алар орустардын даяр акчасын алууну гана ойлоп, ошону максат кылып жүрүшкөн го деп койдум ичимден.

Кийин биз өзүбүздүн улуттук валютабызды жүгүртүүгө киргизгенде коңшулаш эки президент тең мага чалып нааразы болушту. Биздин элибиз рубль реформасынан утулган жок, анткени сомго алмаштырып алууга үлгүрүштү. Сомубуз да, элибиз да, өз убагындагы акча алмаштыруудан утулган жок. Рубль зонасы реформа болгон кезде Казакстан, Өзбекстан, Тажикстан, Түркмөнстан жана башка республикаларда колундагы акчаларын алмаштыра албай калышты. Ал эми орустардын жаңы рубль акчасын сатып алышы керек эле. Колдорунда союздун рубль акчалары барлары алмаштыра албай калышты. Алар чын эле кийин орус ачасы рубльди сатып алышты. Август айында Борис Ельцин менен отурганда Каримов айтты: “Борис Никалаевич, кантип ушундай болсун! Мына менде бүтүндөй бир эшелон “жыгач рубль” акча вагондордо жүктөлүп турат. Эмне кыламын” — ​деп ыйламсырап, аянычтуу суроо салды. Ал эми Борис Ельцин Каримовго карап: “Ислам Абдыганиевич, жакында кыш келе жатат. От кылып жагасың!” — ​деди тамашалап. Баарыбыз күлүп калдык. Чынында ошол кезде Казакстан, Өзбекстандын территориясында эшелон-эшелон болуп эч нерсеге жарабаган “жыгач рубль” акчалары темир жол станцияларында вагондордо тирелип туруп калды. Коңшу президенттер, өздөрүнүн улуттук валютасын чыгаруу баштарына да, ойлоруна келбептир. Кыргыздар эмнегедир баарын бирөө келип, бекер жасап бериши керек деп ойлошот. Совет доору бүттү, эшикти каккылап капитализм кирип келгенин кыргыздар байкабай калышты. Илгеркидей эле Союз бага тургандай ойлошту го. Ошондой жеңил турмушка ойлонгон элибиздин камырабаган психологиясы бар, калкпыз да. Сомдун айланасындагы акчаны издешип, Швейцарияга чейин парламенттик комиссиянын мүчөлөрү барып изилдешип, көрүп да келишти го.

Алтындын баары улуттук банктын эсебинде экенин кийин көрүштү. Анан өкмөт проектилерди жакшы алып кете алган жок. Бирок, ошол улуттук акчага кетип өзүн актай алды. Ошол бир жарым тонна алтыныбыз чынында берекелүү экен, улуттук валютабыз сомду чыгарып, элибиздин колуна жеткирип, жүгүртүп да алдык. Мен апрель айында парламентте депутаттардын алдына чыгып, сөз сүйлөдүм, “Мына өзүбүздүн улуттук валютабыз болгон сомду киргиздик!” — ​деп жакшылап айтып бердим. “Урматтуу депутаттар, сом иштейби, иштебейби деп жатасыздар. Аныңар туура, мындайча сүйлөшөлү. Мага, төрт ай бергиле, биздин сомубуз экономикабызга тескери таасирин тийгизсе, анда мен президенттик кызматымды өзүм таштап кетүүгө даярмын!” — ​дедим. Ошол кезде, “Акаевди кетирип, бийликти колубузга алабыз!” — ​деген адамдар бар болчу. Кийин депутаттар деле менден претензияларын алышты. Макмалдын алтыны сомго кеткенин көрүп баарына ынанышты. Сомубуздун дизайны да жакшы, көркөмдүү болду. Мезгил өткөн сайын сомубуз да жемиштүү, үзүрлүү, туруктуу, келечектүү боло баштады.

— Сомдун киргизилишине, биздин мурдагы жетекчилерибиз болгон Усубалиев менен Масалиевдин жеке пикирлери кандай болду? Сизди колдоштубу…

— Мен апрель айында парламентке, депутаттардын алдына чыгып, рубль акчасынын кунун көрүп турасыңар. Элибиздин ушул кезге чейин тапкан, топтогон акчалары жокко чыгып жатат. Сомду рублдун ордуна киргизелик, финансыны башкара албай калдык дедим. Бири дагы сомду кайдан бастырабыз деген суроону беришкен жок. Ушул нерсе мени таң калтырды. Ушундай да кенебестик болобу? Тагдыр бизди кайда алып баратканы аларды ойлонткон деле жок. Бир депутат чыгып, “Аскар Акаевич, төө минген казактар деле өздөрүнүн валютасы жөнүндө сөз кыла элек, Сиз эле” — ​деп мени шылдыңдап күлгөндөй болду. Өзгөчө, Турдакун Усубалиев, ”Аскар Акаевич, бунуңуз толук авантюра! Мен өлкөнү отуз жылдай башкарган адаммын. Мындай валютаны чоң мамлекеттер гана кармай алат. Советтер Союзуна окшогон, азыр Россияга окшогон чоң мамлекеттер гана…” — ​деди жини келип. Ал эми Абсамат Масалиевич эмне дегени эсимде калбаптыр. Коңшу президенттер “бизге эмне жакшы түшүндүргөн жоксуң!” — ​деп таарынышты. Кийин биздин материалдарды алышып, кайдан бастырдыңар дешип, бир жылдан кийин араң өздөрүнүн улуттук валюталарын бастырышты. Биз убакыттан утуп, алдыга оозуп кеттик. Биздин божомолдорубуз ошентип ишке ашты.

— Назарбаев менен Каримовдун ойлорун уктук, ал эми досуңуз Борис Ельцин сомдун чыгышына кандай карады? Колдодубу…

— Борис Ельциндин мамилеси мындай болду. Бир жолу Ташкентте жолугуп калдык. Президенттер Назарбаев, Каримов ж. б. ажолор менен учурашып бүтүп, Борис Николаевичке колумду сунсам, ал мага колун бербей, менин шагымды сындырып, ары басып кетти. Шагы сынган жаш баладай ыза болуп кала бердим. Ал эми тиги президенттер, “ушуну көрмөксүң!” дегендей мага жылмая карашып, келекелеп турушканын байкадым. Борис Ельцин сом үчүн мага колун бербей койгонун дароо эле түшүндүм. Президенттердин жолугушуусу бүттү, анан сый тамак башталды. Мен акырын Ельциндин жанына басып барып, Борис Николаевич, мен билип турам, сиз мага таарынып жатасыз деп аны бир аз жумшартайын деген ойдо болдум. Борис Николаевич кабагын бүркөп, “Кантип таарынбайсың! Жок дегенде телефон чалып айтып койбойсуңбу?” — ​деп, мени бир каарып алып, бурк этип анан бир аздан соң жумшара түштү. Анан мен Борис Николаевич, сиздин алдыңызда мен күнөөлүүмүн. Ушундай болуп калды, эмне кылабыз дедим. Ельцин мага карап, көңүлү кыйла жибип калганда “Аскар Акаевич, эң башкысы сен сомду киргизем деп утулбасаң гана болду” — ​деди да, ошол бойдон ал башка нерсе айткан жок. Кийин башка темага өтүп кеттик. Ошону менен эң башкысы мени унутушту. Кыйла жеңилдей түштүм.

— Белгилүү саясатчы, Өмүрбек Текебаев өз сөзүндө “Кумтөрдү” кыргыз элинин менчигине алып улутташтырышыбыз керек. Бул зарыл, артка жол жок!” деп айтты. Эгер “Кумтөр” алтын кенин улутташтырууга барсак, бул көрүнүш биз үчүн эмне менен аякташы мүмкүн? Окумуштуу катарында айтсаңыз, улутташтырууга барсак, биздин бийлик кайсы жагынан утуп, кай жеринен жоготууга барышыбыз мүмкүн. Баары эле биз ойлогондой боло бербейт эмеспи…

— Улутташтыруу деп жатпайбызбы. Эгерде улутташтырууну жасасак, негизинен туура эле болот. Мен жана айтып өтпөдүмбү, 2003-жылга чейин фабрика курулуп, иштеп жатат да. Бир нерсени айта кетейин, “Кумтөрдө” биздин үлүшүбүз азая элек. Мен дагы “Кумтөргө” койгон талабым ушул болгон эле. Азыр деле казылган алтын “Кыргызалтынга” башта кандай болсо, ошондой эле түшүп жатса керек. Алар афинаждап алтынды сатышат да. Акциялар менен болгондо “Центерра” үч кени менен биржага кирип жатышат да.

— Аскар Акаевич, сиз президент болуп турган кезде, “ХХI кылымдын кадрлары” деген жакшы программаңыздар бар эле. Ошол кадрларыңыздын бири азыр “Кумтөр” алтын кенин башкарып жаткан Теңиз Бөлтүрүк.

— Биз ошол программа менен кыргыздын бир топ зирек, таланттуу жаштарын чет өлкөлөрдөн билим алууга жөнөткөнбүз. Ал программа менен сыймыктанабыз. Анткени, билимдүү жаштар өлкөнүн келечеги болот эмеспи. Кийин көз жүгүртсөм бул жагынан мамлекет аксап калгандай…

— “Кумтөр” компаниясынын жаңы башкаруучусу Теңиз Бөлтүрүк өз сөзүндө “Биз кайсы арбитражда болсо да утабыз. “Кумтөр” алтын кенинин запасы көп, ал дагы кырк жылдай иштейт” — ​деп айтты. Ушунча жылдардан бери алтындын үстүндө жашап, эң жарды жашаган мамлекетке айландык. “Кумтөрдү” улутташтырсак өз алтыныбызга ээ болуп, карызы жок, экономикасы өнүккөн мамлекетке айлана алабызбы? Дүйнө жүзүндөгү белгилүү окумуштуу катары сиз кандай прогноздоруңузду бере аласыз?

— Эми мен айтып жатпаймбы, бул куру патриоттук идея го. Жанагы эки мөңгүнүн алдында эле 400 тоннадай алтын бар. Аны үстүнөн эмес, алдынан шахта кылып алыш керек. Булар арзаныраак, чыгымы аз вариантты тандап алышып, ошону колдонуп жатышат да. “Кумтөр” кенинде дагы жыйырма, отуз жылдык запастар бар экени туура божомол. Ал тургай жанагы алтындын калдыктары төгүлгөн жеринде эле жүз тоннадай алтын бар экенин кээ бир специалисттер айтып келишүүдө.

— Аскар Акаевич, азыркы кыргыз бийлиги алтын тармагын өздөрү башкарып кете алабы? Элдин арасында алтынды кээ бир “колу таза эмес” чиновниктер уурдап кетүү коркунучу турат деп шектенип жатышат. Ушуга сиздин көз карашыңыз кандай?

— Биз башынан эле “Кумтөр” бир адамдын жеке кызыкчылыгы үчүн же бир ууч чиновниктерге эмес, кыргыз мамлекетине иштеши керек дегенбиз. Башынан эле бул алтын кендери келечекте кыргыз элине гана кызмат кылышы керек, алтын кенде иштеген биздин атуулдар 95% пайыздан кем болбошу керек деп талап койгонбуз. Азыр болсо кээ бир алтын кендеринде чет өлкөлүктөр көбөйүп кетиптир. Бул элдин нааразылыгын алып келет. Алтын кендерин таза адамдар башкарса алтын уурдалбайт эмеспи. “Кумтөр” кенин өзүбүздүн кадрлар эле иштетип кете алат. Өзүбүздүн кадрлар жетиштүү экен, маселе жок, бирок келишимди бузуп жатабыз да. Кыргыздардын мыйзамдарына таянып туура иш жасап жатабыз дегендеринде чындык бар. “Центерра голд компани” эл аралык сотко кайрылбадыбы. Эл аралык сотко барсак биздин абалыбыз оорлойт. Анткени, “Центеррага” көп преференция берип, биздин парламентибиздин чыгарган чечими бар, Конституциялык Соттун чечими менен да бекемдеп койгонбуз. Эл шайлаган бийлик келдиби, кеттиби аны карашпайт. “Центерра голд” компаниясынын колунда биз өзүбүз берген “козырной туз” турат. Алар ошону көрсөтүп, жылмая карап тура беришет. Биздин эл аралык сотто утуп чыгуу шансыбыз аз.

— Президент Садыр Жапаров менен Камчыбек Ташиев өтө тобокелдикке барууда. Алардын максаты “Кумтөр” алтын кенин басып алуу эмес, болгон экологиялык жагын, алар экологияга кетирген кемчилигин, зыяндуу кадамдарын көтөрүп жатышат. Сиз айткандай муздарды кубик кылып кесип алышпай, эксковатор менен мөңгүлөрдүн үстүнө таштандыларды төгүп жатышат.

— Анда жүз пайыз колдойм. Адегенде ошо экологиялык зыяндуулук үчүн “Центерра” Кыргызстанга компенсация төлөшү керек. Ошону биздин жетекчилер башкача жасаш керек эле. Эл аралык эрежелер, эл аралык мыйзамдардын негизинде гана. Кээде саясатчылар тарабынан популисттик идеялар көп айтылып кетүүдө, анын пайдасынан да зыяны көбүрөөк тийип калбагай эле деп корком. Чыр чыгарбаш керек деп ойлойм. Эл аралык эрежелер, мыйзамдардын негизинде 3 млрд долларлык зыян келтирди деп жазып, айтып жатышат, бул туура, муну “Центеррадан” сөзсүз алыш керек. Дүйнө жүзүндө экология жагын иликтеген эл аралык комиссиялар, андан башка эл аралык күчтүү уюмдар бар, Бириккен Улуттар Уюму алдында ошондой институттар иштейт. Биздин алтын боюнча мамлекеттик комиссия мүчөлөрү “Центерранын” экологиялык кетирген зыяндарын эсептешип, далилдешиптир. Эми эл аралык уюмдардын колдоосун алып, анан кийин сүйлөшүү жолу менен үч миллиард болбосо да, эки жарым миллиард долларын өндүрүп алышса да, биздин мамлекет үчүн чоң утуш болмок. Ушул келтирилген зыяндарды төлөп бересиңер же болбосо сотко барабыз десе болот. Ошол келтирилген экологиялык зыяндарды эл аралык күчтүү уюмдардын жардамы менен өндүрүп алууга болот. Кыйласын өндүрүп алып мамлекеттин бюджетин оңдоп алууга мүмкүнчүлүк түзүлөт эле. Бул компания деле өзүлөрү кетирген экологиялык зыяндардан кутулмак. Парламент бийликтин бир бутагы катары, башкаруу киргизип өзүбүз кенди иштетебиз деп.

— “Кумтөр” алтын кенине тышкы башкаруу киргизсек инвесторлор келбей калат дегенге Каныбек Иманалиев өз сөзүндө “Алтын казган жерден эч качан инвестор качпайт. Алтын деген алтын да” деп жооп берди. Сиздин шакиртиңиз Каныбек Иманалиевдин сөзүнө ишенсек болобу?

— Эми бул туура эмес да. 1990-жылдары деле инвесторлор үйүр-үйүрү менен жүрүшчү. Кыргызстандын калкы “Кумтөрдү” иштетип кете алат. Биз башынан эле ошондой шарт койгонбуз. Мейли мен 1990-жылдарда ката кетирдим. Бир дагы чоң инвестор келген жок. Мен Кыргызстандан кеткенден бери жалгыз “Жерүй” алтын кени ишке кирди. Бирок, анын да Кыргызстанга кандай пайдасы болду билбейм. “Разовый” болду окшойт, менин укканым боюнча. Бул дагы Россиянын президенти Владимир Владимирович Путиндин демилгеси, аракети менен ишке киришти. Ошол киши Кремилде отуруп иштетели дебесе, ал алтын кени да иштебейт эле да, туурабы? Ошондуктан ал куру сөз. Мына ушундай популисттер, республиканын түбүнө жетет, кыйратып. Мына өзүбүз эле, алтын кенин казып алат элек дешип. Он алты жылда эмне үчүн “Жерүйдү”, андан кийин “Талды-Булакты” казып алган жок? Ал жакка да кытайлык инвесторду тартышты. Акылбек Жапаров адатынча эле баарын мага жүктөп жатпайбы. Менимче Бакиевдин, Атамбаевдин тушунда менин үй-бүлөмдү алтын кенине кантип жолотмок эле? Эч качан жолотмок эмес…

— Аялыңыздын бир туугандарынан Жамакеев дегенди Акылбек Жапаров айтты окшойт…

— Жамакеев деген туугандарыбыз бар. Көп… Бирок эч киминде документ жок.

— Аскар Акаевич, “Кумтөрдүн” айланасында кандайдыр бир деңгээлде күнөөм бар деп айта аласызбы? Анткени, сиз менен болгон маекте сиз өзүңүздү гана актап жаткандай болуп жаткан жоксузбу?

— Эми Айдар Акаев уулум 10 млн доллар, дагы бирөө 50 млн доллар алыптыр дегендей божомол, айтылган мифтер да. Бакиев президент боло электе эле менин президенттик ишмердигимди казып, текшерип чыгышкан. Менин атымдагы катталган жүздөй мекемени табышып, кылмыш ишин катташкан болчу. Ага биринчи Данияр Үсөнов, экинчи Азимбек Бекназаров жетекчи болгон. Кыргызстанда бизге караштуу эч нерсе таба алышкан жок. Азыр Чыңгыз Айтматовдун академиясы дейби, ошол жерге мен улуттук китепкана салдыра баштаган элем. Мен көптөгөн тарыхый китептерди чогултуп жүрдүм эле, ошолорду да өткөрүп бердим эле. Ал жер пайдаланылбай турган балдар бакчасы болчу. Анын жанында мен академияда иштеп жүргөндө участок кылып беришкен эле. Эки кабаттуу коттедж курдук эле, аны да алып коюшту. Акаев “Кумтөрдөн” алган акчаларын чет өлкөлөргө каткан экен деп чыгышты. Банктардан бери издеп чыгышты го. АКШга чыгышып, ал жактан ФБРден адам бөлүп беришти. Либерман дегенди жалдашып, ал Торонтого чейин барып келип, эч нерсени илештире албай, кийин отчетун жазып берген. Мобул Акылбек Жапаровду Кудай урат, көрдө жаткан Танаевге асылып жүрөт. Азыр да мага асыла баштады. Бул жакшы көрүнүш эмес…

ФБР сөзсүз менин байлыгым болсо таап чыкмак. Бекназаровдон кийин Камбаралы Конгантиев деген башкы прокурор болду. Ошол Конгантиев “Акаев жана анын үй-бүлөөсүнө таандык деген мүлктөрү боюнча кылмыш иштери өтө шашылыш башталган экен. Бир да цент табылган жок” — ​деп чечим чыгарган. Мага токулган иштер божомол, ушактардын негизинде токулганы кийин далилденди. Менин эң чоң күнөөм, Кыргызстандын жаңы тарыхында инвесторду таптым. Канада өкмөтүнүн страховкасын алдым, “Кумтөр” алтын кенин кыргыз элине иштетип бергеним болду.

 

Маектешкен Бекен НАЗАРАЛИЕВ

№23-24 (706-707),  18-25-июнь, 2021-жыл

Share