Аскар Акаев: “Кыргызстан акыркы он жылдан бери капитаны, рулу жок океанда сүзүп бара жаткан кемедей…”

Аскар Акаев: “Кыргызстан акыркы он жылдан бери капитаны, рулу жок океанда сүзүп бара жаткан кемедей…”

Баш сөз ордуна

Мен, Кыргыз Республикасынын туңгуч президенти Аскар Акаев менен Москвадан жолуктум. Экс-президент Акаевди, бир кезде гезит беттеринде катуу сындап жазып жүргөн, оппозициялык маанайдагы журналист Бекен Назаралиев экс-президент экөө кандайча жолугуп, эмнелер туурасында сүйлөштү экен деп окурман журтуна да кызыгуу жаратса керек. Москванын көп тарыхый окуяларын башынан өткөргөн, байыркы, экинчиден тарыхый баалуулугу бар, адамдын көз жоосун алган, ички жасалгасы музейдей болгон особнякта сүйлөшүп, маектешип отурдук. Ал жерден Майрам Акаевага да жолуктум. Майрам эженин алгач сөзү: “-Бекен баатыр, Бишкекте жүрүп жолукпай Москвадан жолуктук го. Аскар Акаевич менен кенен отуруп сүйлөшө бергиле…”- деп мени менен жакшы маанайда учурашты. Тоскоол болбоюн дегендей Майрам эже бир аздан кийин биз отурган жерден чыгып кетти. Аскар Акаев менен алты, жети сааттай отуруп, кенен- кесири сыр төгүп, экс-президенттин ички жан дүйнөсүнүн ачкычын ачып өткөн-кеткен учурду, кыргыз элинин келечеги туурасында сөз кылдык. Сөз арасында тунгуч президентибиз Акаевдин “момундай кылышса, мамлекетибиз алдыга кетмек”-деп кызматтан кетсе да өлкөбүздүн эртеңки күнүнө кайдыгер эмес экенин, дагы деле өз элин ойлоп, күйүп-бышкан сөздөрү ичими жылытты. Эмне туурасында сөз кылганыбызды гезит бетинен окуйсуздар. Аны майдалап айтып отурбайын. Мен берген ачуу суроолорго буйдалбай, андан качпай, кабак-кашым дебей жооп берип отурду. Акаев бул ирет да өзүнүн чыныгы демократ экенин көрсөттү. Маекти алып бүткөн соң Аскар Акаев, Майрам Акаева, мен болуп кечки тамакта чогуу отуруп, Кыргызстан туурасында, замандаштары, Чыңгыз ага жөнүндө сүйлөшүп отурдук. Акаев президент болуп турган кезде, аны менчелик сындаган журналист болгон эместир. Бул маек жарыя болгондон кийин ак үйдөгү бийликке кошоматка кой сойгондор “бакма журналисттерине”, “фас!”- деп буйрук бере турганына бөркүмдөй ишенип турам. Акаев президент болуп турган учурда анын колунан “алтын калем”, бир канча комнаталуу үйдүн ачкычын, кызматын көргөн журналист, жазуучу калемдештерим унчукпай ооздоруна талкан салып алгандай отурган кезде маек алганыма өкүнбөйм. Албетте басма сөз кызматын башкаргандар тымпыйып, үн катууда. Алардын кээ бирлери кийин президент Бакиев, Отунбаева, азыркы күндө Атамбаевдин айланасында иштеп, жанын берүүгө даяр болуп жүрүшөт. Эртең Атамбаев кызматтан кетсе, андан кийиңкилерге да кызмат кыла бере турган адамдар. Мен болгон чындыкты гана окурмандарга жеткирүүнү туура көрдүм. Акаев да тунгуч президент катары өз чындыгын, өз оюн айтууга укугу бар экенин унутпайлы. Анда Акаев менен болгон ошол маекти окурман журтунун сынына коюп жатам…

— Саламатсызбы, Аскар Акаевич! Мен Бекен Назаралиев, “Жаңы Ордо” гезитинин башкы редакторумун. Сиз Кыргызстанды башкарып жүргөн кезде сиздин жүргүзгөн саясатыңызды, бийликтин кетирген кемчиликтерин дайыма сындап келген оппозициялык маанайдагы журналистмин. Ошол кезде мен жетектеген “Криминал”, “Ордо”, “Кыргыз Ордо” гезиттерим жабылган. Бирок, мезгилден өткөн сынчы, дарыгер жок деп коюшат эмеспи. Сизди жаман көрөбүзбү, жакшы көрөбүзбү Эгемендүүлүктү алган күндөн мамлекетибиздин пайдубалын тургузган тунгуч президент катары тарыхта өз ордуңуз бар. Бул ачуу чындык. Аны эч ким танып же жокко чыгара да албайт. Биздин гезитке кенен-кесири маек берүүгө убакыт таап, макул болгонуңузга алдын ала ырахмат айтып койгонум оң го. Маек учурунда сизге катуу тийген суроолор берилип калса, Акаевдерге айтылып жүргөн эл арасындагы сын, пикирлер катары кабыл алыңыз?

— Бекен иним, атайын Москвага маек алганы келгениңи угуп, сага чын дилден ыраазы болуп отурам. Өзүң билесиң, мен көп деле маек бере бербейм. Эң башкысы Кыргызстанда тынчтык болуп турганы мени сүйүнтөт. Бекен иним, экөөбүз маектешүүнү баштаардан мурун өзүмдүн “От эпохи великой дивергенции к эпохе великой конвергенции” деген китебиме “Урматтуу Бекен Назаралиевге эң жакшы каалоолорум менен А. Акаев” 28. 03. 2015-жыл, — деп өзүмдүн кол тамгам менен берип коюуну туура көрдүм. Дайыма чындыкты туу туткан, акты-ак, караны-кара деп, элдин таламын талашкан журналист болуп жүрө беришиңди каалайм. Президенттер келет-кетет, ал эми элибиз түбөлүктүү болот эмеспи. Журналисттер коомду өзгөртө турган чоң күч экениңерди унутпагыла. Колуңарда чоң куралыңар бар-ал силердин колуңардагы ручкаңар.

— Биринчиден китебиңизге чоң ырахмат. Аскар Акаевич, билесизби, сиздин кадыр-баркыңыз баштагыга караганда акырындык менен көтөрүлүп баратат.

— Таң калыштуу… Эмнеден?

— Бардыгы салыштыруудан. Сиз президент болуп турганда Кыргызстанды түрө кыдырчу элеңиз. Мындайча айтканда сиз президент болуп турганда барбаган айылыңыз калган эмес.

— Чынында мен барбаган деле кыштактар калбады го. Кол алдыңдагы чиновниктерге караганда эл араласаң чындыкты көп угасың. Министр менен губернаторлор деле кээ бир учурда, кабак-кашыңа карап омоктуу нерселерди жаап- жашырып деле коюшат. Ал эми эл болгон чындыкты айтып салат.

— Албетте, мен деле сизге кошомат кылгандан алысмын. Болгон чындыкты гана айткым келет. Сизди президент болуп турган кезиңизде жакшы эле сындаган журналистмин. Аны, билесиз да…

— Билем, Бекен иним…

— Албетте, маек жарыкка чыкканда менин бул сөзүмдү жактырбаган адамдар да болушу мүмкүн. Элибиз сиздин убагыңызды, кийиңки учурду, азыркы убакты дайыма салыштыра баштады. Кыргыз эли, ак менен каранын айырмасын билип калды. Азыр кыргыздар Атамбаевди “лежащий президент” деп коюшат. Анткени, ал ак үйгө кээде эле келбесе, бир нече айлап резиденциядан чыкпайт, кээде гана бирин-экин министрди кабыл алып КТРден бармын дегендей көрүнүп коёт. Кудайга шүгүр азыр Еврапада жүрөт. Президент болуп турган кезиңизде кабинетиңиздин жарыгы кээде саат ондорго чейин күйүп турган болсо, азыркы ажонун Ак үйдөгү иш бөлмөсүнүн жарыгы күйбөйт.

— Мен көпкө чейин отурчумун. Ак үйдөн эң акырында кеткен учурларым көп эле болчу. Элдин мага болгон ишенимин актайын деп жанталашып иштегенге аракет кылчумун.

— Ала-Тоо аянтында каза болгон токсон баланын убалынан корксо, кабинетинде жатып алып иштесе деле болот эле го. Ал өз оозунан түшпөгөн Кудайдан, арбактан да коркподу. Ал президент болуп, такта отурушу үчүн жаш өмүрүн кыйган балдардын арбактарынан коркуш керек эле. Жанталашып, эки-үч эсе шымаланып иштеши керек болчу. АКШ президенти Рузвельт буту иштебей коляскада отуруп өз өлкөсүн төрт ирет башкарды. Ачык айтсам, Атамбаев резиденцияда Кокон ханы Кудаяр хандай жатып алып Кыргызстанды башкарып жатат. Чет өлкөдөн үлкөн жетекчилер келсе Ак үйдөгү кабинетинен кабыл алганын гана теледен кээде көрүп калабыз. Майрамдарда кыргыз элин теледен гана куттуктап коёт. Мына азыр Кумтөр маселесин Жогорку Кеңештин депутаттары карап кызыл чеке болуп жатат, президент катары келип катышып да койгон жок.

— Эми, бул президентти эл шайлады. Эл өзү баасын берсин… Бирдеме десем, Акаев атайын көрө албастык менен жек көрүп айтып жатат деп айтышы мүмкүн.

— Элибиз Атамбаевдей президентти тандадыбы, чыдашыбыз керек экен деп унчукпай отурабыз, элдин каалоосун, шайлаган адамын да сыйлашыбыз керек, дартыбыз ичибизде быкшып күйө албай турат.

— Бекен иним, мезгил өзү тараза, сынчы деп коёт го… Туура. Ушунуңар абдан туура деп ойлойм. Мен ушул акылды колдойм, революция деп жүрүп мамлекетибизди эмне кылдык. Үчүнчү революцияны биздин республика көтөрө албайт. Элибиз үчүнчү революцияны колдоп жибереби деп корком. Себеби, үч жолку революция Украинаны эмне кылды? Таш талканын чыгарып жиберди. Ачыгын айтканда, баштагы союз кезиндеги гүлдөгөн, экономикасы өнүккөн Украина азыр жок! Талкаланып, тонолуп жок болду. Алардын олигархтары элди ойлобой, өздөрүн ойлоп келишти эле. Украина трагедиясына азыркы элитасы гана күнөөлүү. Ошолор жеке кызыкчылыгын ойлоп отурушуп, Украинаны ушул абалга жеткиришти. Ортодо карапайым эл гана жабыр тартып жатат. Мен тааныган кыргыз саясатчылардан дайыма “үчүнчү революциядан алыс болгула деп айтып жатам”. Украинанын жолуна түшсөк биз дагы мамлекетибизди жок кылып алышыбыз мүмкүн. Азыркы президентиңер кандай болгон күндө да кийинки президенттик шайлоого чейин чыдашыңар керек. Башка опурталдуу жолду тандасаңар, Украинанын абалы күтүп турат. Мен мурун илимий иштерим менен Украина, Белоруссия, Грузияга көп ирет барганмын, илим, техника, турмуш-тиричилик өсүп өркүндөп, булар коммунизмге жакындап калган экен деп ойлочу элем. Союз учурунда Киевде болгон кезимде илимий чөйрөсүн, завод, фабрикаларын көрүп, биз качан буларга жетебиз деп суктанчумун. Мен суктанган мамлекетти, олигархтар талкалап салышты. Карасаңар, бир убакта гүлдөгөн Украина эмне болду? Грузия деле жыргап кеткен жок…

— Аскар Акаевич, мен көзү тирүү кезинде Азамат Алтайдын Нью-Йорк шаарындагы үйүндө конок болуп, маек алып калган жайым бар эле. Андан бери көптөгөн жылдар өтүп кетти. Ошондо, дасторкон четинде отуруп жашы улгайып калган Азамат Алтай “Ата-Журттун гүл жыттанган абасын, туулган жердин баркын, анын алтынга тете ыйык топурагынын касиетин мендей болуп, өз мекенинен алыс жашап жүргөн адам гана баркын билет”- деп айткан сөзү бар болчу. Кыргыз баласы катары, сиз деле киндик кан тамган туулган жериңиз Кеминди эстейсиз, касиеттүү Ысык-Көлүбүздү, көк тиреген Ала-Тообуздун абасын сагынып дегендей, азыркы күндө Москвада жашап, иштеп жүрсөңүз да жүрөгүңүз Кыргызстанда болсо керек.

— Туура… Абдан жакшы болот… Бекен иним, бул абдан туура суроо. Себеби, орустардын, “С чего начинется- Родина?”-деген жакшы ыры бар эмеспи. Менин мекеним Кеминден башталат. Аткени, мен үчүн өтө ыйык ата-энемдин сөөгү жаткан жер. Ата-Журтубуз, мекенибизди кыргыздын атуулу катары сагынып, көргүбүз келет. Азыркы күндө бизге болуп жаткан мамилелер убактылуу деп ойлойм. Туулган жер, ар бир адамдын көкүрөгүндөгү өчпөс улуу касиеттеринин бири деп эсептейм. Мен деле кыргыз баласы болгондон кийин, киндик кан тамган жеримди сагынам, балалык кезимдин издери калган жерлерди аралап басып, ата-энемди көргөн жердештерим менен баарлашып, ата-энемдин сөөгү жаткан мүрзөсүнө барып куран окугум келет. Өзүңөр билгендей, тилеке каршы ар кандай себептер менен бара албай жүрөм. Мен өзүм оптимистмин. Мага бут тосуп жаткан революциялык бийликтин дагы күнү бүтүп, акырына келе жатат деп ачык эле айткым келет. Бийлик өзгөргөндө, мага да он төрт жыл президент болуп башкарган касиеттүү кыргыз элиме барууга жол ачылат деген аруу ой тилегим бар. Ал күндөр, Кудай буйруса аз калды. Дагы деле, колумдан келишинче кыргыз элиме ак кызмат кылсам деген жакшы тилектерим бар. Акылман кыргыз элиме, чоң ырахмат! Эми, туура Азамат Алтай аксакал менен мен да жолукканмын. Өзүм, Кыргызстанга келип кетүү үчүн чакырып, сый урмат менен кабыл алгам. Аны, өзүңөр деле билесиңер…

— Кыргыздардын бүткүл дүйнөлүк биринчи курултайына келсе керек эле?

— Ооба… Курултайда, өзүң билесиң ал киши да келип катышкан эле. Бүткүл дүйнө жүзү боюнча кыргыздар жашаган жерден көптөгөн өкүлдөрү келген болчу. Мен да андан мурун Америка Кошмо Штатына расмий сапар менен барып, Бириккен Улуттар Уюмунда сүйлөгөндөн кийин ал кишиге барып, эки ирет жолукканмын. Ал киши менен менин бир айырмачылыгыбызды айтып кетким келет. Биз эки кылымдан бери Россиянын составында өсүп, өнүгүп келе жатабыз. Мен өзүм, Ленинград шаарында 1960-жылдан 1970-жылдарда студенттик кезден профессорго чейин окуп, иштеп жыйырма жылдай жашап, илимий карьера жасадым. Менин өсүп өнүгүшүмө жакшы шарт түзүп беришти. Азыркы күндө да орустун көрүнүктүү окмуштуулары колдоп жатышат. Азамат Алтай менен салыштыра караганда менин шартым башка, комфортто жашап жатам десем болот. Россиянын академиялык, интелигенция чөйрөсүндө колдоп келе жатышат. Келээр замат, биринчи унтверситетке, Ломоносов университетине профессор, академияга мүчө кылып алышты. Бул мага моралдык жактан колдоо көрсөтүп, иштөөгө күч-кубат берди десем туура го.

— Орус бийлиги менен байланышып турасызбы?

— Саясаттан кеткенден кийин, мен ал чөйрө, орус саясатчылары менен байланышым деле үзүлдү. Илимий интеллигенция, ошол чөйрө менен тыгыз байланыштамын. Ошон үчүн Азамат Алтай менен менин тагдырым башка деп айтсам болот. Анын тагдыры чынында өтө оор, океандын ары жагы, бөтөн улут, жашоосу адам боору ооруй тургандай эле. АКШ менен Россияны салыштырып болбойт. Азамат Алтайга абдан эле кыйын болду. Кандай болгон күндө да сурооң абдан туура. Мен дагы сааты келгенде Ата-Журтума барып, ата-энемдин сөөгү жаткан жайда алардын арбактарына багыштап куран окутсам деген тилегим бар. Ала-Тоого барсак дегенде эки көзүбүз төрт болуп турат. Күнү, сааты чыгып калар деп үмүт менен ошол саатты күтүп отурабыз. Кудай буйруса ден-соолук жакшы.

— Мен билгенден, СССРдин депутаты, чоң илимпоз Акаевди Кыргыз республикасынын президенттигине татыктуу деп СССРдин алгачкы, акыркы президенти М. Горбачёвдун ошол кездеги кеңешчиси Чыңгыз Айтматовго Кызыл-Аянтта басып жүргөндө генерал Асанкулов айтканын уккан жайым бар эле. Ал эми улуу жазуучубуз, негедир сизди эмес, Апас Жумагуловдун талапкерлигин айтып, колдогон сыры эмнеде болгон? Асанкулов СССРдин КГБсын жетектеген Крючковго сиздин талапкерлигиңизди айтып, ушул гана татыктуу деп ынандырганын айткан жайы бар болчу. Ал тургай легендарлуу парламентте улуу жазуучубуздун иниси Ильгиз Айтматов Апас Жумагуловдун талапкерлигин көтөрүп чыккан эле. Бирок, Асанкуловду ПУТЧка катыштыгы бар деп КГБнын башчылыгынан кетти. Ушундай абройлуу чекистти кетиргениңизге кийин өкүнгөнгөнүңүздү орден берип жатып айткан экенсиз, ушул чын беле? Ошондой эле Россиянын президенти менен генерал Асанкулов экөө бир учурда каза болду. Ельцинди акыркы сапарга узатып жатканда сизди Россиянын теле каналдары көрсөтүп турган. Сизди президенттикке алып келгендердин бири генерал Асанкуловго топурак сала алдыңызбы?

— Менин президент болгонум туурасында көптөгөн мифтер айтылып келет. Буга чейин деле СССРдин президенти Михаил Сергеевич менен деле жакшы мамиледе болчумун.

Ал эми Россиянын биринчи президенти Борис Никалаевич менен өтө жакшы мамиледе болдум. Өзүңөр билесиңер, Горбачёвдун СССРдин президенти катары эң акыркы сапары 1991-жылы октябрдын аягында Кыргызстанга болгон. Биз ошондо жер реформасын ийгиликтүү өткөргөнүбүздү угуп, “Кыргызстандын методун союздун республикаларына, башка региондоруна да жайылтуу керек “-деп биздин Кыргызстанга келип кеткен эле. Ошол бойдон Горбачёв Москвадан чыкпады, башка мамлекеттерге барган жок. Ага чейин Советтер Союзу да урап, КМШ мамлекеттерине айланып кетти. Сейрек болсо да Горбачёв менен азыр да жолугуп турабыз. Жыйырманчы кылымдагы реформатор, белгилүү саясатчы катары аны сыйлайм. Чоң максаттар менен өз реформасын баштап аягына чыга албай калды. Тагдыр ушундай экен, анын саясаты СССРдин урашына алып келди. Менимче ал кишинин ага күнөөсү жок. Чыңгыз агабыз ал кезде Михаил Сергеевичтин жакын кеңешчилеринин бири болчу. Ал эми генерал Асанкуловду мен ал кезде жакын билчү эмесмин. Мен Кыргызстандын президенти болгондон кийин Жумабек Асанкулович менен жакындан тааныштым.

— Аскар Акаевич, генерал Асанкулов мага минтип айтып берген эле. Бир күнү ал жумушта отурса Москвадан СССРдин президенти Горбачёвдун кеңешчиси Чыңгыз Айтматов телефон менен байланышып,”Жумабек Асанкулович, өзүңдүн кантораңдын жолу менен Москвага учуп кел, жеке сүйлөшө турган сөздөр бар,”-деп кыска гана сөз айтат. Генерал Асанкулов ошол кездеги Кыргызстандын жетекчиси Абсамат Масалиевдин кабыл алуусунда болуп, “Москвага СССР КГБнан чакырып жатышат. Мага барып келгенге уруксат бериңиз?”-дейт. Масалиев эч кандай шек санабай Асанкуловго Москвага уруксат берет. Жумабек Асанкулов менен Чыңгыз Төрөкулович “Россия” мейманканасынан жолугушат. Чыңгыз агай, өтө сак адам болгондуктан, сүйлөшкөн сөздөрдү угуп калбасын деп “Жумаке, Кызыл-Аянттан эле басып жүрүп сүйлөшпөйлүбү?”- деп айтат. Мейманканадагы бөлмөгө угуучу аппарат коюп койсо керек деп ойлогон го… Өзүңүз билесиз, атасы Төрөкул Айтматов үчүн бала кезинен НКВДнын запкысын көп тартып өтө сак болуп калган да…

— Ооба. Чыңгыз Төрөкуловичтин өтө сактыгы бар эле…

— Чыңгыз Төрөкулович, Кызыл-Аянтта басып жүрүп,”Жумабек Асанкулович, “биринчини” (Абсамат Масалиевди айтып жатат) алмаштырыш боюнча сөз болуп жатат. Кимдин атынан сүйлөп жатканымды билдиң да?”-деп айтат. Асанкулов ооба дейт. Чыке бир аздан соң “Ким татыктуу деп ойлойсуң?”-деп суроо салат. Асанкулов ага карап:-“Андай болсо Чыңгыз Төрөкулович, сиздин артыңыздан эл эрчип кетет. Сизди колдоп чыгалы… – дейт генерал. Чыңгыз агай, “Жумаке, менин жүрөгүм оорукчан, саясат деп жүрүп, баштап койгон канча чыгармаларымды бүтүрө албай жүрөм,”-деп макул болбой коёт. Анан бир аздан кийин “Апас Жумагуловдун талапкерлиги кандай болот,” -дегенде Жумабек Асанкулов:-“Чыңгыз Төрөкулович, ал такыр болбойт, Апас Жумагулов эч качан өлкөнүн биринчиси боло албайт, ал өмүр бою, кабак-кашты бүркөп мыкты орун басар болуш үчүн төрөлгөн адам,”-деп каршы болот.

— Апас Жумагулов туурасында туура баа бериптир, чынында ошондой адам да.

— Айтматов:-“Анда кимди деп ойлойсуң? Өзүңчү…”-дегенде, генерал Асанкулов:-” КГБны азыр эл эрчибейт. НКВДынын былыктары чыгып жатат. Мага болбойт. Мен академик Аскар Акаевди талапкерлигин айтат элем. Ал союздун депутаты катары, Кыргызстан үчүн бир топ проблемалуу маселелерди көтөрүп жатат…”-деп сиздин талапкерлигиңизди көтөрүп чыкканы бар.

— Эми, чындык мындай да. Мен сөзүмдүн башында айтып кеттим го, генерал Асанкулов менен президент болгондон кийин жакындан тааныштым. Эч кимдин, Чыңгыз аганын, Михаил Сергеевичтин, генерал Асанкуловдун тиешеси жок. Бирок, Чыңгыз Айтматов менен генерал Асанкуловдун президентти тандоо боюнча иш жүргүзгөндөрү, сүйлөшкөндөрү чын. Ал биринчи этапта болгону туура. Абсамат Масалиев, Апас Жумагулов, Жумгалбек Аманбаевдер президенттикке талапкер катары биринчи турда өтпөй калышпадыбы. Ал кезде Михаил Сергеевич, союздук республикаларды башкара албай калган кез болчу. Горбачёв Кремлдин ичиндеги саясый күрөштөрдөн башы чыкпай калган эле. Чынында республикадагы саясый оюндарга деле кызыкпай калган. Биринчилерден Ислам Каримов, эч кимге айтпай эле алдын ала Өзбекстандын президенти болуп алды. Михаил Сергеевичке көбү “… бул деген ачыктан ачык сепаратизм!”-деп айтышты. Горбачёв союздук бийликти кармап калууга кызыкдар болгон жок. Ал Орто-Азияда бийлигин четинен жогото баштады. Менин президент болуп калганым. Бирок, Чыңгыз аганын чоң ролу мындай болду. Биз чогулуп СССРдин Эл депутаттарынын съездине келдик. Горбачевго чейин кагазга сүйлөй турган сөзүбүздү жазып алып ЦКга алып барып берчүбүз. Ал жерден окуп, редакциялап, оңдоп дегендей партиянын сөзүнө туура келбеген жерлерин чийип анан колубузга карматып, ушул бойдон окуйсуңар дешчү. Башталышында ошондой айткандарынан чыкпай окуп берчүбүз. Ал эми Михаил Сергеевич,”…ар ким өз оюн эркин айтсын, мындайды токтотуш керек деп калды”-деп калды. Ошону абдан туура кылды деп ойлойм. Кимди Кыргызстандык Эл депутаттар тобунун жетекчиси кылабыз деген сөз көтөрүлүп калды. Апас Жумагулов ордунан тура калып “Чыңгыз Айтматовдон башка кадыр-барктуу адам жок!”-деп айтты. Айтматов дегенден кийин эч ким деле талашкан жок. Чыңгыз агай ордунан туруп, өзүң айткандай “Силерге ырахмат. Мен Михаил Сергеевичке эле жардам беришим керек. Жумуштарым толтура. Чет өлкөлөргө тез-тез кетип жатам. Мен жыйындарга катыша албай, бул жактарда болбой калышым да мүмкүн. Туура түшүнгүлө. Мен Михаил Сергеевичке жардам берейин, ал аркылуу Кыргызстанга жардам берейин. Мына биздин арабызда кыргызча, орусча эркин сүйлөй ала турган Акаев гана бар”-деди. Абсамат Масалиев менин талапкерлигимди көп деле жактырган жок. Бирок, башкалар мени колдоп кетишти. Менимче Чыңгыз агай мени парламентте колдогону чоң ролду ойноду. Калгандары миф деп айткым келет. Теле аркылуу мени Кыргызстанда да биле башташты.

— Мен дагы парламенттеги президенттик шайлоонун кандай жүргөнү боюнча стеннограмманы дыкат окуп чыктым. Чыңгыз Айтматов мени колдогон деп жатпайсызбы, бирок Апас Жумагуловдун талапкерлигин Ильгиз Айтматов колдоп чыкканы жүрөт. Стеннограмма бул документ да. Кызыл аянтта генерал Асанкулов менен сүйлөшкөндөй Айтматовдор Жумагуловго иштеп жатканы кагазда турат да.

— Эми, Айтматовдордун Апас Жумагулов менен жакшы байланыштары бар болчу. Масалиевдин талапкерлигин Жумагулов өзү жарыялап, өзүнүн талапкерлиги коюлуп калганда унчукпай туруп берди го. Менимче сенин айтып жаткан сөзүңдүн чындыгы бар. Жумагуловдун артында Айтматовдой чоң күч турбаса Масалиевге каршы өзүнүн кандидатурасын коё да албайт эле. Ага каршы сүйлөп, ачык чыга албайт болчу. Сен жана туура айттың, Жумагулов дайыма экинчи саясый фигурага ылайык адам эле. Масалиевге каршы даап чыкканы менимче КГБ, Чыңгыз агалардын турганынан болсо керек деп ойлодум.

— Чыңгыз Төрөкулович менен Горбачёвдун мамилеси кандай эле?

— Ал кезде, дүйнөлүк адабияттын айдыңында Чыңгыз Айтматовдун кадыр-баркы өзүнүн апогейине жетип турган учур болчу. Михаил Горбачёв биздин залкар жазуучубузга мамилеси өтө жакшы болчу. Мен башта БКда бөлүм башчы болуп турган учурум эле. Ошондо алгач Чыңгыз ага менен таанышкан элем.

— Саясатка жакындабай, илим менен кетсем болмок экен деп өкүнгөн учурлар болду беле?

— Эми, кээде ошондой болот. Себеби, мен өзүм профессионалдуу окмуштуумун. Кызмат аркылуу окмуштуу болгон жокмун. Ал эми саясатка, Михаил Сергеевичтин кайра куруу саясаты менен келип калдым. Ал болбосо, мен илим менен жүрө бермекмин. Кырк жашымда академик, Улуттук илимдер академиясынын президенти болдум. Ошол кезде Советтер Союзу боюнча илимдер академиясынын эң жаш президенти мен болгом. Мен илимге эң чоң салымды, жаңы ийгиликтерди жарата турган жылдары, илимден саясатка кетип калдым. Он беш жыл деген сөз кылуу жеңил, айтууга оңой. Илимге эбегейсиз салым киргизе турган учурумда, саясатка жумшап койдум. Эми, таразага салып көргөндө да менде өкүнүч жок. Эл мага зор ишеним берип, Кыргыз Республикасынын туңгуч президенти кылып шайлашты… Албетте, бул чоң ишеним болчу. Колумдан келген күчүмдү, билимимди жумшап, аракет кылып Кыргызстан үчүн ак эмгек кылып бердим. Мамлекетти кайра жаратууда, жаңы көз карандысыз Кыргыз мамлекетин курууда, пайдубалын түптөөдө эмгектенгениме сыймыктанам.

— Аскар Акаевич, президенттикке талапкер катары, Москвадан бул жакка сизди ким чакырды эле?

— Биздин парламенттеги жаңыча көз караштагы демократиялык багытты тандап алган депутаттар мени колдоп чыгышкан экен. Эртең парламентте президенттик шайлоо болот дегенде алар мени Москвадан издеп табышты. Самарский деген окумуштуунун үйүндө улуу кызым Бермет менен конокко барып, чай ичип отурган элем. Ошол жерден таап алышып, “Эртең тезинен келип калбасаңыз болбойт!”-деп мага телефон чалды. Мага Назарматов деген белгилүү гитарист, атактуу коомдук саясый ишмер Төрөбай Кулатовдун күйөө баласы телефон аркылуу байланышкан болчу.Кийин Маданият министри кылып шайлаганбыз. Ал кезде Искусство институтунун ректору, парламенттин депутаты болчу, мага ошол телефон чалган эле. Мага, Назарматов телефон чалып калды да, “Аскар Акаевич, сизди президенттикке талапкер кылып көрсөтүп жатабыз, тез учуп келип калыңыз?”-деди да менден жооп күткөндөй туруп калды. Ал парламенттеги демократиялык топтун атынан чыгып жатканын айтты. “Менде андай пландар жок, андан да самолёт учуп кетти, үлгүрбөй калдым го…”-деп көңүлсүз айттым. Ал мага “Аскар Акаевич, Ошко самолёт бар экен, ошого билет алып уча бериңиз, биздин адамдар ал жактан тосуп алат. Учуп келип сессияга катышып калганга үлгүрүп каласыз…”-деди. “Бара албай калам го… – десем, Назарматовдун жини келип кетти окшойт, “Аскар Акаевич, республиканын тагдыры чечилип жатканда келбей калсаңыз жоопкерчиликсиз болот. Анда сизге крест коёбуз. Бүттү!”-деп катуу айтып, мени жарга такап койду. Мен дагы ага, “Мага бир аз убакыт бер, ойлоноюн,”-дедим. Дароо эле, ойлонбой, кайда баратканыңды таразалабай туруп, дароо эле макул деген да болбойт. Назарматов он мүнөттөн кийин кайра телефон чалды. Мен телефондун трубкасын алып “Аракет жасап, Ошко билет алып учканга аракет кылайын…”-деп айттым. Ал сүйүнүп кетти да, “Аскар Акаевич, биз сизди чыдамсыздык менен күтөбүз!”-деп телефондун трубкасын койду. Мен өзүмчө ойлонуп, “…депутаттар катуу киришип калган экен, кой уят кылбай Кыргызстанга барайын,”-деп талапкерлигимди коюуну чечкиндүү чечтим. Ал кезде депутаттар мейманканада жашайт эле. Мен өз номурума кирип, сумкамды алып, аэропортту көздөй жөнөп калдым. Ал жердеги депутатскийдеги иштеген, мени тааныган аялдар “Аскар Акаевич, болуңуз самолёт учканы жатат!”-деп мени шаштырып калышты. Бирөөсү пальтомду, дагы бири сумкамды алып, трап кетип бараткан экен аны токтотушту. Мени алып барышып, самолётко салып отургузуп коюшту. Тагдырды кара, мен самолётко жетип, бир аз кечигип кирдим. Көрсө, Бишкекке учкан самолёт кечигип калыптыр. Учуп келип үйүмө барып, кийинип анан парламентке келип калдым. Саат ондон, он мүнөт өткөндө кирип парламенттин жыйындар залына кирип бардым. Президенттикке талапкер кылып көрсөтүп жатышкан колдогон депутаттар мени көрүп, сүйүнүп кетишти. Ошентип, менин президенттикке талапкерлигимди күтүүсүз жерден коюшкан, депутаттар жандана түшүштү. Парламенттин жыйындар залында отурган депутаттардын көпчүлүгү менин талапкерлигимди колдоп чыгышып, өлкө башчысы, президент болуп шайландым. Экинчи орунга Насирдин Исанов чыкты. Ага да депутаттардын көпчүлүгү жакшы добуш беришти. Ал өлкөбүздүн туңгуч премьер-министри болуп калды. Ошентип, жаңыдан шайланган президент менен өлкөнүн премьер-министри үчүн элдин ишенимин актай турган учур келди.

— Сизди башка мамлекеттин лидерлеринен алгачкылардан болуп кимдер куттуктады?

— Менин президент болгонумду угуп, СССРдин президенти Михаил Сергеевич Горбачёв өзү куттуктады. Андан кийин башка лидерлерден куттуктоолор келе баштады.

— Маегибиздин башында генарал Асанкулов туурасында сөз кылдык эле, ал ГКЧПны канчалык деңгээлде колдогон эле?

— Бул кызматка келүүмө Асанкуловдун да Крючков аркылуу колдоосу болду. Такыр болгон эмес деп айтканым туура эмес болуп калат го. Ал кезде бардыгы анын колдоосуна муктаж болушчу. Мен дагы бир, эки ирет СССР КГБнын жетекчиси Крючковго кирип чыктым. Генерал Асанкулов СССРдин КГБнын Борбордук аппаратында да иштеп кеткен, кадыр-баркы чоң адам болгон. Аны менен баары эсептешчү. Бирок, 19-августта ГКЧП болгондо генерал Асанкулов мага кирип, СССР КГБнын башчысы Крючковдун шифрограммасын көтөрүп алып келген. Анда “Бийлик бизге өттү, биз айтканды жасайсың!”-деп жазылыптыр. Мен ал көтөрүп келген Крючковдун шифрограммасын окуп бүткөн соң, Президент катары каршы болдум да, генерал Асанкуловго “Бул жерде Кыргызстандын президенти менмин. Мен сизге ишенбейм, кызматтан кетирем! Арызыңызды жазыңыз!”-дедим да дароо эле ошол жерден генерал Асанкуловду ээлеген кызматынан кетирүү боюнча Указды чыгардым. Албетте генерал Асанкулов да жөн эле кетип кала турган адам эмес эле. Ортодо бир аз кайым айтышуу болду. Кузнецовду анын ордуна убактылуу КГБны жетектеп туруу боюнча буйрук чыгардым. Ошондо ГКЧПга каршы чыккан союздук республикалардын ичинен биздин гана республика болду.

— Ошол учур менин көз алдымда турат. Сизге чоң колдоо көрсөткөн КТРдин ошол кездеги жетекчиси Сатыбалды Жээнбековдун да эмгеги чоң болгонун айта кетишибиз керек. Жалгыз гана биздин теледен чындык айтылып, анын үнү угулуп турган.

— Албетте. Ыраматалык Сатыбалды Жээнбеков эч нерседен коркпой туруп, чечкиндүү кадамдарга бара алды. Бизден башка республикаларда тыптынч болуп турду. Алар ачыкка чыкпай, Москвада эмне болуп кетет экен деп күтүп отурушту. Ошондой эле ГКЧПны да ачык колдобой пауза кармашты.

— Кыргыз радиосу болгон чындыкты берип жатпады беле…

— Абдан туура. Кыргызстан аркылуу маалыматтар тарап турду. ГКЧПны уюштургандар сот жообуна тартылышты. Кийин Москвада жыйын болгондо Горбачёв мага үчүнчү болуп сөз берди. Биринчи болуп Россиядан Хасбулатов сөз алды.Экинчи болуп Собчак сүйлөдү. Анан мага сөз беришти.

— Эгер, путчисттер жеңип алганда сиздин тагдырыңызды эмне күтүп турганын ошол учурда билдиңиз беле?

— ГКЧПдагылар жеңгенде мени кызматтан кетиришмек. Албетте алардын тапшырмасын аткарбай койгонум үчүн мени сөзсүз камашмак. Бул күтүлүп турган иш болчу. Алардын айтканын укпай калганым үчүн мага кекенип калышкан болчу. Кыскасы, аларды укпай койгон тоң моюндугумду эч качан кечиришмек эмес. Менин да кудайым бар экен, алар күткөндөй болгон жок.

— Башка союздук республикалардын жетекчилеринин үнү эмне үчүн чыкпады деп ойлойсуз?

— Алар өмүр бою партиялык номенкулатурада иштеп, бардык тепкичтерди басып өткөн партиянын өтө сак, карт бөрүлөрү болчу. Мен алардай болуп, партиялык тепкич менен келбей илимдин адамы катары бул кызматка келген элем. Аларга салыштырмалуу демократиялык эркин ой жүгүрткөн көз караштагы жетекчи болчумун. Мен ГКЧПны колдосом биздин коом кайрадан артка кетмек. Анда эч кандай өзгөрүүлөр болмок эмес.

— Президент болгондон кийин Абсамат Масалиев менен жеке мамилеңиз кандай болду?

— Мен Абсамат Масалиевичти дайыма сыйлап келгенмин. Президент болгондон кийин деле жакшы эле мамиледе болдук. Башында мен БКда бөлүм башчы болуп жүргөндө бир аз түшүнбөстүктөр болуп жүрдү. Мени ал жакка Карыбек Молдобаев алып келген болчу. Ал киши идеология боюнча катчы эле.Көрсө Абсамат Масалиевич менен Молдобаевдин мамилеси начар болгон экен. Аткени, Абсамат Масалиевич Карыбек Молдобаевди өлкөнүн муруңку жетекчиси Турдакун Усубалиевдин куйругу катары көрчү. Бирок ЦК КПССтен сунуш болгон соң эч нерсе кыла албады. Абсамат Масалиевич өзүнүн мамилелерин бөлүм башчы Сааданбековдорго да көрсөттү. Коңшу турчубуз, ал бөлүм да Карыбек Молдобаевге карачу. Аларга да Абсамат Масалиевдин мамилеси начар экенин сезип турчумун. Бирок анын айткандарын жасашчу. Мен өз пикириме, өзүм айтканга турчумун. Мени көп жактырбагандан кийин бир жарым жылдан кийин, мен Абсамат Масалиевичке өзүм эле кирип “Абсамат Масалиевич, мен сизге жакшы жардам бере алган жокмун, мени кайта илимге жөнөтсөңүз?”-деп сурандым.

— Илимдер Академиясына барып иштөөгө суранып жатасыз да.

— Ооба. Абсамат Масалиевич деле менин сөзүмө каршы болгон жок. Ал кезде Илимдер академиясына Москвадан Лавёров деген президент болуп барган.

— СССРдин Жогорку Советине депутат беле?

— Жок.Кийин союзга депутат, академик да болду. Ал киши да Кыргызстанга келип көтөрүлүп кетти. Лавёров экөөбүз, мен вице-президенти катары жакшы иштештик. Ал Кыргызстандан кетип жатканда өзүнүн ордуна мени Улуттук Илимдер Академиясынын президенттигине сунуштап коюп кетти. Анын бул чечкиндүү кадамына өмүр бою ыраазы болдум. Ал кезде деле менин ордума, илимдер академиясына президент болом дегендер көп болчу.

— Сиз, Президент болгондон кийин Масалиевди куугунтуктаган жоксузбу?

— Мен президент болгондон кийин алдынан өттүм. “Абсамат Масалиевич, мен сизди урматтайм, дайыма сый урматта болосуз, кызматтык машинаңыз алдыңызда болот, көлдөгү дачаңыз өзүңүздө калат. Кыргыз мамлекети үчүн чогуу эмгектенели. Сиздин көп жылдык тажрыйбаңыз элибизге керек,”- деп айттым. Абсамат Масалиевич ырахматын айтты. Ал тургай ошол эле сөздү Турдакун Усубалиевдин өзүнө да айттым, мурун алып коюшкан дачасын да өзүнө өткөрүп бердик. Мага чейин өлкөнү башкарган жетекчилерибизге каршы бир да сөз айтпадым, аларга карата таш ыргыттырган жокмун. Бала-чакасына тийбедим. Муруңку эки лидерибизге тең, колумдан келген сый-урмат мамиле гана жасап келдим. Абсамат Масалиевге “Манас” орденин бердим, парламентте оппозицияны башкарып отурду. Алгач Турдакун Усубалиев да оппозицияга кошулуп жүрдү.

Ал кезде бүт кадрлар ушул эки лидерибиздин адамдары болчу. Чынында, өз командасы жок мага ошол күндөрү өлкөнү башкаруу кыйын эле болду. Парламентти ал кезде башкаруу абдан оор болчу. Мен эртеден кечке жыйындар залында отуруп, менин өзүмө оппозиция болгон парламентте талашып-тартышып, өзүмдүн көз карашымды айтып убактымдын баары өтчү.

— Кыскасы, депутаттар өз билгенин кылууда. Азыр парламентте “Кумтөр” алтын кенинин тагдыры чечилгени турат, талашып-тартышып жатышат. Ал эми ажобузга ушундай жыйындарга келип катышып, депутаттар менен кызыл-чеке болгончо сиздей болуп Кыргызстан үчүн күйүп бышканын көрө элекпиз.

— Андай кылбаш керек. Парламент менен президент тыгыз иштеши зарыл. Өзүңөр билесиңер, өлкө үчүн маселе каралганда мени чакырса да, чакырышпаса да парламентке жетип барчумун. Өзүң билесиң, залда отурган депутаттардын арасында менин депутаттарым, колдогон адамдарым жок, далай азап тарттым. Эки лидер, Усубалиев менен Масалиев ортого отуруп эмне дешсе калган депутаттар аларды колдоп чыгышат. Аябай чайналдым. Республиканы башкарган эки жетекчини таарынткан жокмун. Кийин Турдакун Усубалиев мага болгон мамилесин өзгөрттү. Бир аз жеңилдей түштүм. Абсамат Масалиевич, көгөрүп такыр жазылбай койду. Ал жөнүндө сөз болгондон кийин бир нерсени айтып берейин. Эки аксакалды бирдей сыйлоого аракет жасадым. Биринен, экинчисин жогору койгон жокмун, экөө тең мамлекетибиздин алдында көөнөрбөс эмгек кылышты.

— Аскар Акаевич, Абсамат Масалиевдин сизге болгон таарынычы эмнеден болду деп ойлойсуз?

— Турдакун Усубалиевдин юбилейине байланыштуу, республиканы жыйырма беш жыл башкарган үзүрлүү эмгегин эске алуу менен Кыргыз Республикасынын Баатыры деген эң жогорку наамды бердим. Ал эми Абсамат Масалиевди “Манас” орденине көрсөтүп, ал сыйлыкты көкүрөгүнө тактым. Эми, Абсамат Масалиевич деле Усубалиевдин кадры да. Балким, пенде катары Кыргыз Республикасынын Баатырын мага бербеди деп таарынып калса керек деп ойлоп жүрдүм.

— Масалиевге Кыргыз Республикасынын Баатыры деген жогорку наам берилбей калганы тууралуу Жогорку Кеңеш сиздин өзүңүздүн атыңызга кайрылуу жөнөткөн экен го?

— Абсамат Масалиевди Кыргыз Республикасынын Баатырлыгына парламент көрсөтүпбү? Жалган сөз, эч ким көрсөткөн эмес. Усубалиевдин 80 жылдыгына карата өзүм эле рекомендацияны жазганмын. Эки аксакалдын эмгеги чоң деп өзүм эле инициатива көтөргөм.

— Мен өзүм окугам. Парламент чыгарган токтом сиздин атыңызга жөнөтүлгөн. Менде анын көчүрмөсү бар. Анда мындай деп жазылган эле…

 

Законодательное собрание Жогорку Кенеша Кыргызской Республики

ТОКТОМ

ПОСТАНОВЛЕНИЕ

Бишкек шаары,

Абдумомунов көчөсү, 207

Город Бишкек,

ул. Абдумомунова, 207

“10” апреля 2003 г. 3 № 1095–11

 

Об Обращении депутатов Законодательного собрания Жогорку Кенеша Кыргызской Республики к Президенту Кыргызской Республики

Законодательное собрание Жогорку Кенеша Кыргызской Республики постановляет:

Принять Обращение депутатов Законодательного собрания Жогорку Кенеша Кыргызской Республики к Президенту Кыргызской Республики о награждении депутата Законодательного собрания Жогорку Кенеша Кыргызской Республики Масалиева А. М. государственной наградой Высшей степени отличия “Кыргыз Республикасынын Баатыры” с вручением особого знака “Ак Шумкар” (прилагается).

Торага Законодательного собрания Жогорку Кенеша Кыргызской Республики А. ЭРКЕБАЕВ

 

Обращение депутатов Законодательного собрания Жогорку Кенеша Кыргызской Республики к Президенту Кыргызской Республики А. Акаеву

 

Уважаемый Аскар Акаевич!

Депутат Законодательного собрания Жогорку Кенеша Масалиев Абсамат Масалиевич является одним из видных общественно-политических деятелей Кыргызской Республики.

На протяжении многолетней трудовой деятельности, которая началась в далеком 1956 году, Масалиев А. М. прошел путь от простого горного мастера до руководителя республики. В 1985–1991 годах он возглавлял Центральный комитет Компартии Киргизии, в последний период, по совместительству — и Верховный Совет Киргизской ССР.

Огромный опыт государственного деятеля, принципиальность, непоколебимое стремление отдать всего себя служению Родине, а также человеческая мудрость, высокие нравственные качества — все это вызывает к Масалиеву А. М. заслуженные авторитет и уважение кыргызского народа. Свидетельством тому является избрание его депутатом нескольких созывов парламента республики.

Масалиев А. М. ведет большую работу как Председатель Комитета по вопросам государственного устройства Законодательного собрания Жогорку Кенеша Кыргызской Республики.

Полный сил и энергии, Масалиев А. М. прикладывает много усилий для улучшения социально-экономического развития Кыргызстана, находится в гуще общественно- политической жизни государства, возглавляя ЦИК Партии коммунистов Кыргызстана.

Учитывая огромный вклад Масалиева А. М. в становление и развитие кыргызской государственности, исключительные личные заслуги перед государством и народом, а также в честь его 70-летнего юбилея просим Вас отметить его заслуги государственной наградой Высшей степени отличия “Кыргыз Республикасынын Баатыры” с вручением особого знака “Ак Шумкар”.

Принято на пленарном заседании Законодательного собрания Жогорку Кенеша Кыргызской Республики

10 апреля 2003 года.

 

— Аскар Акаевич, өзүңүз айткандай колуңузга тийбесе да, ошол кездеги Мамлекеттик катчыңыз Осмонакун Ибраимовдун жообу мындай болгон эле…

 

Государственный секретарь Кыргызской Республики

2003 г. “18” июля

Торага Законодательного собрания Жогорку Кенеша Кыргызской Республики Эркебаеву А. Э.

Уважаемый Абдыганы Эркебаевич!

Комиссия по государственным наградам при Президенте Кыргызской Республики, рассмотрев представление Законодательного собрания Жогорку Кенеша Кыргызской Республики о присвоении высшей степени отличия “Кыргыз Республикасынын Баатыры” Масалиеву Абсамату Масалиевичу, постановила:

Отклонить ходатайство о присвоении высшей степени отличия “Кыргыз Республикасынын Баатыры” Масалиеву Абсамату Масалиевичу — председателю Комитета по вопросам государственного устройства Законодательного собрания Жогорку Кенеша Кыргызской Республики — в связи с тем, что:

  1. Указанные в представлении заслуги Масалиева А. М. не соответствуют положению о высшей степени отличия “Кыргыз Республикасынын Баатыры»;
  2. В соответствии со статьей 13 Закона о государственных наградах Кыргызской Республики награждение государственными наградами граждан в связи с их юбилеями не производится.

Председатель Комиссии  О. Ибраимов

 

— Жөнөтүшсө да мага жеткиришпесе керек…

— Парламент жөнөткөн материал сизге жетпей калышы мүмкүн эмес болсо керек?

— Мен деле салыштырма түрүндө айткам. Турдакун Усубалиевич 80 жашында алып жатат. Эми, бир аз убакыттан кийин эң жогорку сыйлык Абсамат агага да берилмек. Абсамат Масалиевичке Кыргыз Республикасынын Баатыры деген жогорку наамды бергенге жетише албай калдым окшойт. Көзү тирүүсүндө бере албаганыма өкүнөм.

— Аскар Акаев кийинки президенттик шайлоодо Абсамат Масалиевдин добуштарын уурдап алган деген сөздөр көп айтылып жүрөт. Сизге жагыныш үчүн аким менен губернаторлор бюллетендерди жасап чыгышкан деген маалыматтар да бар. Сиздин адресиңизге айтылган ушул сындардын канчалык деңгээлде чындыгы бар деп ойлойсуз?

— Ушул сурооңорго мен бир окуяны айтып берейин. Президенттик шайлоодо Акаев, Абсамат Масалиевдин добуштарын уурдап алыптыр деген сөздөрдү көп жазышты. Ушул суроону жакшы берипсиңер, эл арасында кайта-кайта көтөрүлө берүүдө, ушул сөзгө чекит коюш керек болуп жатат, мен ошого жооп берейин. Андай маселе туулган да эмес. Түштүк Кыргызстан боюнча көп райондордо менин ошол кездеги атаандашым Абсамат Масалиевич мага караганда чынында көбүрөөк добуш алды. Бул чындык, мен танып кетейин деген оюм да жок. Бул мыйзам ченемдүү нерсе. Өзүнүн жердештери, өзү иштеген жерлериндегилер көп добуш беришти деп ойлойм. Кыргызстандын түндүгүндө мен көп добуш алдым. Жалпы добуш боюнча президенттик шайлоодо мен утуп чыктым. Абсамат Масалиевич, мага өзү телефон чалып куттуктап, “Аскар Акаевич, жеңишиңиз менен куттуктайм. Жалпы Кыргызстандын келечеги үчүн жакшылап иштешели,”-деп айтты. Мен болсо, “Абсамат Масалиевич, сизге болгон менин сый урматымды билесиз, өлкөбүздүн кадырлуу аксакалы катары сыйлайм. Өзүңүз айткандай Кыргызстан үчүн бирге иштешели? Сиздин мага колдооңуз керек,”-деп айттым. Шайлоодон кийин Абсамат Масалиевдин апасы мага өз добушун бергенин гезиттен окуп калып, апага ыраазычылыгымды айтып коёюн деп үйүнө бардым. Кеч келе жаттык эле, ошого карабастан Абсамат Масалиевичтин үйүнө кирип бардым. Апабыздын колунан чайын ичип, өзүмдүн белегимди ала бардым эле өз колуна берип, өтө ыраазычылыгымды айттым. Маңдайы ачык, жүзүнөн береке, нур тамып турган, өтө жөнөкөй байбиче экен. Апа “Аскар балам, сага добуш бергеним, совет заманында ар бир келген жетекчи, өзүнөн мурун келген жетекчини кууруп, жаман сөздөрдү айтат эле. Мына өзүң падыша болуп келгенден бери, менин уулум Абсаматка жаман сөзүңдү айта элексиң, куугунтуктаган жоксуң. Абсамат баламдын убагы, ал башкарган мезгил өттү. Ошон үчүн өз добушумду сага бердим. Абсамат балам да мамлекет үчүн ак кызмат кылды. Эл ыраазы, мен ыраазымын. Эми жаштарга жол бошотуш керек,”-деп айтып бетимден өптү. Мен да апаны кучактадым, ыраазычылык сөздөрүмдү айттым. Ал эми добушту уурдап алыптыр деп оппозициянын ойлоп тапканы. Чындыкка жакындабаган көчө сөзү. Ал тургай Абсамат Масалиевичти көндүрүп, “Бул шайлоодо сиз гана уттуңуз, элди көтөрөлү!”-деген бузуку адамдар айланасында жүрүштү. Бирок, Абсамат Масалиевич “Президенттик креслодон көрө элимдин ынтымагы, Кыргызстандагы тынчтык андан жогору. Мен элдин канын төгүп, кандуу жол менен бийликке баргым келбейт,”-дегени анын чыныгы мекенчилдиги деп билем. Мен Абсамат Масалиевичтин ушул улуу касиети үчүн сыйлайм…

— Аскар Акаевич, сиздин айтып жаткандарыңызга мен өзүм күбөмүн. “Кыргыз руху” гезитинин башкы редактору Султан Раев болуп Абсамат Масалиевичтин үйүнө барып апасынан маек алып отуруп, “Апа жакында президенттик шайлоо болду, кимге добуш бердиңиз?”-деп суроо салдык. Абсамат Масалиевичтин апасы “Мен Аскар Акаевга өз добушумду бердим,”-десе болобу. Биз да күткүн эмес элек. Апасы катары Абсамат Масалиевге,”Балам, колуңдан бийликтин кушу учуп кетти, президенттикке койбой эле кой…”-деп баласына алдын ала айткан экен.

— Туура. Абсамат Масалиевичтин акылман апасы өз аргументин мага айтты. Бизге окшогон саясатчыларга караганда акылы тунук апаларыбыздын демократиялык көз карашына ыраазы болосуң. Мен Абсамат Масалиевичтин бул акылман апасынын кадамын көп ойлоп калам.

Жогорку билими жок карапайым апаларыбыз бизден кыйла ийкемдүү, акылдары тунук экенине таң калдым. Коомубузда ушундай апаларыбыз көбүрөөк болсо экен деп ойлоп кетем.

— Аскар Акаевич, сизди жакындан билгендер тубаса мыкты дипломат деп баалашат. Улуттук сомубузду алгач киргизгенде Каримов сизге аябай таарынган деп айтып калышат. Ал тургай сиз дароо эле Ташкентке учуп барып, Ислам Абдуганиевичтин көңүлүн кантип жумшарта алдыңыз? Сиз бийликте турган кезде Каримов Кыргызстанга канча ирет келип кеткенин да билебиз. Сиз дагы Ташкентке бир нече жолу барып, эки өлкөнүн ортосунда коңшу мамлекет катары жылуу мамиле бар эле.

— Менин атам, кошуна менен эне-атаны тандай албайсың деп дайыма айтып калар эле. Чындыгында ошондой да. Ошону сыңары коңшу мамлекеттерди тандай албайсың. Бекер жеринен кыргыздар “Алыскы туугандан көрө, жакынкы коңшу артык”-деп айтпаса керек.

— Азыр болсо, Атамбаев бийликке келгенден бери расмий түрдө коңшу Өзбекстанга расмий сапар менен бара да элек. Каримов да бизге келбеди. Чек аралар жабылган боюнча ачылбай калды. Балким, Атамбаевдин “Жакында Каримов өлөт, ошондо чек ара маселеси чечилет”-деп ойлонбой сүйлөгөн сөзү эки мамлекеттин ортосуна шынаа каккандай жарака кетиргендир. Биздин президентибиз менен официалдуу Ташкенттин мамилесинин жоктугунан Ошто сегиз айдай жаратылыш газы жок шаардыктар аргасыздан жашады. Үйлөрүнүн дубалдары тийишип турган, бир арыктын суусун ичкен, дили, тили, базары бир жакын тууган коңшулардын мындай муздак мамилелерине кандай карайсыз?

— Биздин коңшуларыбыз Казакстан, Өзбекстан, Тажикстан, Кытайды дагы бизге Кудай кошкон да. Бул коңшубуз начар экен деп кайда көчүп барабыз. Менин экинчи принцибим, коңшулар менен болгон мамилени бийик деңгээлде көтөрүү, аны убакыт өткөн сайын жакшыртуу. Көп убактымды кошуналар менен достук, туугандык мамилени жакындатууга арнадым. Азыркы бийликтегилер да биринчи ирет биздин коңшу мамлекеттер менен жакшы болушу керек эле. Коңшу-колоңум начар экен деп, кол шилтеп башка жакка көчүп кетип калгыдай бу мамлекет дегениң, сатып жибергидей үй эмес да. Эң башкысы коңшуң менен ынтымакта бол, анан сенин үйүңдө да ынтымак-ырашкерлик болот.

— Аскар Акаевич, сиз өткөөл мезгилде, союздун казынасы бош калып, СССР четинен ыдырап бараткан кыйын учурда бийлик башына келдиңиз. Өзгөчө 70 жыл бою бир организм болуп, Москвасыз жашоону билбеген элибизди адашып болсо да бир туңгуюктан алып чыгып кете алдыңыз.

— Чындыгында ошондой эле болду. Бир кезде “белгисиз республика” деп аталган Кыргызстан кыска убакыттын ичинде эл аралык деңгээлде аты чыга баштаганы бул чындык деп айта алам. Ошол ийгиликтерди жаратыш үчүн биздин команда күнү-түнү иштедик. Дүйнөдөгү чоң мамлекеттер менен да тең ата сүйлөшө алдык.

— Кыргызстан азыркы күндө бир туңгуюкка барып такалып, кайсы багыт менен кетээрин билбеген ошол жерде кысылып, өз жолун таба албай тургандай көрүнөт. Илимпоз катары азыркы экономикалык кризистен Кыргызстандын чыгып кетүүсүнүн кандай жолдору бар деп ойлойсуз?

— Эми, 1990-жылдар ар кандай окуяларга бай болду. Советтер Союзу ураган учурда Кыргызстан да башка союздук республикалардай өз эгемендүүлүгүн курууга мүмкүнчүлүк алды. Менимче, бул тарыхый окуя болду. Өзүң билесиң, кыргыз калкы байыркы элдердин бири. Илгерки гунндардан башталат. Кытайдын байыркы тарыхындагы маалыматтар боюнча 2200 жыл болгонун билесиздер. Кытай элинин Геродоту Сыма Цянь алгач ирет кыргыздар туурасында жазып чыккан. Ошол маалыматка таянып, биз Кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн 2200 жылдыгын Бириккен Улуттар Уюмунда белгилөө боюнча чечимин кабыл алдык эле. Мына ушунча жылдан кийин биз өз мамлекеттүүлүгүбүздү кайра жараткандыгыбыз чоң жетишкендик болду деп эсептейм. Бул сөзсүз тарыхта калат. Аны белгилөөдө ар-бир кыргыз жараны катышты. Биз кошуналардан артта калган жокпуз, тескерисинче алдыда жүрдүк. Ошол жылдары кыргыз элитасы, негизинен татыктуу иштерди алып барышты.

— Бүгүнкү бийлик Кыргызстандагы быдыр этип көзгө көрүнгөн “Кыргыз газ”, суу, энергетикалык тармактардын баарысын Москвага кармата салып отуруп калышты. Бүгүн, Кыргызстан Калининград областындай “анклав” аталган, Россиянын жетегинен чыга албаган губернияга айланып бараткан мамлекет деген сындарга кандай карайсыз?

— Биз бардык мамлекеттер менен мамиле түзүшүбүз керек. Россия биздин ата-бабаларыбыз кеменгерлик менен тандаган жол. Ал жолдон чыгып кете албайбыз.Бирок, өз алдынча түтүн булаткан эгемен мамлекет катары алар менен да тең ата болушубуз керек. Жаңы кылымдагы Кыргыз мамлекеттүүлүгүн түптөөгө жетиштик. Бул абдан чоң маселе деп эсептейм. Ошондуктан мына, мен президент болуп шайланганда үч принцип менен иштөөнү туура көрдүм. Кандай кыйынчылыктар болсо да, демократиялык жолдон тайбашыбыз керек деп айткам. Ар бир элдин өзүнүн тандаган, багыт алган жолу бар. Көчмөнчүлүк заманда, байыркы кездерде деле кыргыздарда демократиянын элементтери болгон. Ал туурасында атактуу орус тарыхчылары айтып, жазып да келишкени маалым. Атактуу Бартольд, Худяков жана башка окмуштуулар жазышкан. Ошондуктан, мен жыйынтыктап айтсам болот, негизинен он төрт жылдын ичинде жаңы, накта демократиялык Кыргыз мамлекетин курууга жетише алдык. Кыргыз Республикасы демократиялык түзүлүшү боюнча эл аралык зор кадыр-баркка ээ боло алган эле.

— Ошол жылдары эгемен өлкө катары эркиндиктин желеги ООНдо желбиреп, гимн, гербди, улуттук акчабыз сомду кабыл алдык. Эгемен мамлекет катары, алгач ирет Москвасыз дүйнөнүн көптөгөн мамлекеттери менен тең ата болуп сүйлөшүү укугуна ээ болдук.

— Дүйнөлүк коомчулукта Кыргызстан Орто Азия республикаларынын арасында “демократиянын аралчасы” деп атай баштаган. Бул биз үчүн, мамлекетибизге да чоң сыймык болгон. Биздин Кыргыз республикабыз 1998-жылы, шериктеш мамлекеттердин ичинен биринчи болуп ВТОго (бүткүл дүйнөлүк соода уюмуна) мүчө болуп киргенбиз. Аша чаап кирип кетишкен, зыян тартып жатышат деп бизди сындап да жүрүштү. Бул эл аралык соода уюмуна кирүү менен эч зыянын деле көргөн жокпуз. Тескерисинче, оруссиялык окумуштуу эксперттер Кыргызстан ВТОго мүчө болуп кирип миллиондогон жумушчу орундарын табышкан деп жазып чыгышты. Ошол жылдары “Дордой”, “Кара-Суу” базарлары бутуна туруп, канча миңдеген адамдарыбыз соода менен бутуна турушуп, турмуштарын оңдошту. Мамлекеттин казынасына салыктар түштү. Ошол базарлар аркылуу биз Кыргызстандын жеңил өнөр жайын сактап калдык. Азыр, биздин жеңил өнөр-жайы чыгарган продукциялары кадыр-баркка ээ. Кээ бир сынчылардын мамлекеттүүлүктүн пайдубалын да тургуза алган жок дегендерине мунун баары көрө албастык деп айтат элем. Дүйнөлүк коомчулук таанып, БУУнун өзүнөн эле биз үч чечим кабыл алдык. Манас атабыздын 1000 жылдыгы боюнча, кыргыз элинин байыркы маданияты эң жогорку эл экенин көрсөттүк. Байыркы мамлекеттүүлүгүбүз бар экенин көрсөтүп, 2200 жылдыгыбызды жогорку деңгээлде өткөрө алдык. Ошондой эле үчүнчүсү, Тоолор жылын белгилөө менен “Бишкек, тоо мамлекеттеринин декларациясы” деген аттагы саммитти 2000-жылы өткөрүү боюнча БУУнун мандатын алдык. Ошентип Бишкек декларациясын кабыл алуу болду. Биздин Кыргызстандын Россия менен жакындаганы жакшы, ал жакта миллиондогон кыргыз жаштары иштеп мамлекетибизге 2,5 млрд доллар акчаны которуп жатышат. Бирок, биз түптөгөн эгемендүүлүгүбүздү сакташыбыз керек. Өкүнүчтүүсү, кийинки бийликтегилер ал нерселерди жакшы пайдалана албай калды. Жакшы пайдаланууга мүмкүнчүлүктөрүбүз бар эле. Тоо мамлекеттери жардам берүүгө даяр экендигин айтышкан болчу. Биринчи он жылдыкта жакшы иштерди жасадык. 2005-жылкы болгон төңкөрүш, Кыргызстандын, элибиздин демократиялык өсүп-өнүгүшүнө абдан чоң зыян келтирди деп ойлойм.

— Биздин мамлекет бир кезде кептелген туңгуюкка кайрадан кептелгендей болуп турат. Баш-этегибизди жыйнай албай, көздөгөн максатыбыз жоктой сезилип турат. Окумуштуу катары, баштагы республиканын жетекчиси катары айтыңызчы, кай жакты көздөй багыт алалы?

— Сен сурооңдо Кыргызстан бир туңгуюкка барып такалып туруп калды деп абдан жакшы айттың. Абдан туура. Салыштырмалуу абдан туура, бул баа өз учурунда айтылган пикир деп билем. Мен илимпоз катары, акыркы он жыл ичиндеги окуяларды “Революциялык бийлик” деген формула менен анализдеп чыктым. Бакиев бийликке келген учурда, убактылуу президент боло калган Отунбаева, бүгүнкү Атамбаев анын оң, сол колу болуп бийликке бир учурда келишкен.Ошон үчүн аларды бөлүп карабайм, ушул революциялык бийликте турушканда алар он жыл ичинде социалдык, экономикалык тармак боюнча бир дагы программа иштеп чыгышкан жок. Ушул убакта да биздин саясатчылар улутубузду бөлүп жарып жатат, ага каршы бир дагы улуттук идея көтөрүшкөн жок. Улуттук кызыкчылыгыбызды баарынан жогору коюшубуз керек, ал бүгүнкү күндүн талабы…

— Сиз улут туурасында прогрессивдүү ой калчаган адамдын оюн айтып жатасыз. ММК беттерине да чыгып кеткен Атамбаевдин “Мага түштүгүңөрдүн кереги жок, Мадумаров президент, Ташиев премьер-министр болуп алгыла!”- деп айткан сөзү бар. Журт башчы боло турган адамдын өзү, элди экиге бөлүп жатпайбы. Бул азыркы лидеринин сөзүбү? Анан сиз, кайдагы улуттук идеяны айтып жатасыз?

— Анда жаман. “Кантип, элдин башын кошуш керек?”- деп ойлонуш керек эле. 1990-жылы мен президент болорум менен биринчи элдин башын бириктирейин деп идея көтөргөнмүн. Ошол кезде бул өтө керекттүү, абдан курч маселе болчу. Менин биринчи проектим боюнча Кыргызстандын түндүгү менен түштүгүн бириктирейин деген ойдо Ош-Бишкек автожолун салдырдым. Ал кезде инфраструктурага эл аралык уюмдардан жардам бөлүнчү эмес. Анда реформа, бюджетке гана акча берилчү. СССР урагандан кийин ички миграция күч алып, элдин Оштон Бишкекке каттоосуна абдан кыйын учур болду го. Тажикстан, Өбекстан, Казакстанды басып өтүүгө туура келип калды.

— Бирок, кийинчээрек Өзбекстан да чек арасын жаап койгон кез эле.

— Мен ошондо “Улуу Жибек жолун кайра жаратуу” доктиринасын иштеп чыгууга аргасыз болдум. Ошондон бир аз убакыт өтпөй, мен Япония мамлекетине расмий сапар менен барып калдым. Мен аларга “Улуу Жибек жолун кайрадан жаратуу” боюнча проектим бар, ошого жардам бергиле?”-деп ачык эле айттым. Аларга, менин жазган доктринам абдан жагып, “муну колдош керек!” деп парламентте жактырып берди. “Азия банкы” менен Япония идеяны каржылап, колдоп чыкты. Жаман болгон жок, түндүк-түштүк жолун ошентип баштап алдык. Байыркы Оштун 3000 жылдыгы, жана башка проблемалар көп болгондуктан, сырттан келген каражаттын көбүн түштүк жакка бурдук. Биринчи беш-он жылдыкта элдин башын бириктирүүгө кадамдар жасалды.

— Эми, кризис деген балекет жашообузду муунтуп бараткан кез. Телегейибиз тегиз десек эч ким ишенбейт. Салыштырмалуу айтканда “Кыргызстан” деген тормозу иштебеген машинаны, мас айдоочу ашуудан ылдый айдап бараткандай пикир жаратат.

— Жакшы салыштырма экен. Өлкөдөгү кризиске лидерлердин күнөөсү чоң, аны моюнга алыш керек. Мен Москвада жашаганым менен Кыргызстандан кабар алып турам. Эч кимисинин реформа кылайын деген ниеттери жок. Мына мен президент болуп турганда ошол кездеги орус президенти Борис Ельцин менен отурганда, алардын жогорку окуу жайларында кыргыз жаштарынын билим алуусу туурасында сөз кылдык эле. Борис Никалаевич ошону заматта чечип берип канчалаган кыргыз жаштары билим алып чыгышты. Кыргыз жаштарына өзгөчө мамиле бөлүп, канчалаган жеңилдиктер болуп турчу. Мисалы, тажик, өзбек улутундагылар курулуш иштерине гана барышчу. Ошол кыргыз жаштары окуусун аякташып, Кыргызстанга барышса жумушка алышпай коюшкан учурлар көп экен. Кээ бирлери орус атуулдугун алышып бул жактагы чоң фирмаларда иштеп жатышат. Буттарына туруп алгандары да бар. Жаш, билимдүү, илимдүү жигиттерибиз гана Кыргызстанда реформа жасашмак. Чет өлкөлөрдөгү жаштарды алып келип Кыргызстандын экономикасын көтөрүш керек. Жетекчиңер Москвага келгенде эч нерсени чечпейт. Биз негедир ошол жаңыланууга, реформаларды жүргүзүүгө кечигип жаткандай сезилип жатат. Бүгүн дүйнө жүзү кризистен чыга баштады. Бир-эки жылдан кийин АКШ, Европа дүркүрөп кайрадан өнүгө баштайт. Орустарда Кондратьев деген илимпоз болгон. Ал дүйнөдө “кырк жылда бир чоң кризис болот” деп жаңылык ачкан. Кризистин пайдасы да бар экенин, окумуштуу Кондратьев далилдеген. Анткени, жаңы технология, жаңы организацияга өтүп, өсүп-өнүгө баштайт деген. Ошол Кондратьевдин теориясы боюнча 1930-жылы, анан 1970-жылдары, мына бүгүн ошондой жаңы толкун башталганы жатат. Адамзат алдыда боло турган улуу өзгөрүүлөрдүн алдында турат. Бул толкун 2050-жылга чейин барат деген прогноздор бар. Азыркы күндө кыргыз бийлигинин башында отургандар ойгоно турган учур келди. Бийликтегилердин, кыргыз мамлекетинин алдында чоң максаттар жатат. Кандай болгон күндө да ошол толкунга кошулуп кетишибиз керек. Бир аз аракет кылып толкунга илешип калсак, ошол толкун бизди алдыга алып кетет. Аркадан соккон шамал менен өсүп-өнүгүп кетишибиз зарыл.

— Ал үчүн эмне кылуубуз керек деп ойлойсуз?

— Улутубуздун алдында үч чоң жолубуз турат. Эң биринчи, жаңы улуттук идеаны көтөрүп, элибизди баш коштуруп чыгышыбыз керек. Мен элдин экиге бөлүнүп, жарылып турганын байкап эле турам. Түндүк менен түштүктүн ортосунда жарака кеңейгенден-кеңейип кетти. Улуттар арасындагы мамиле да солгундап баратат. Эң негизгиси, мен 1990-жылдары да ушундан баштагам. Элибиздин башы бирикпесе эч качан чоң идеялар ишке ашпайт. Экинчи маселе, биринчи он жылда биз “демократиянын аралчасы” деп дүйнөдө жакшы имиджге ээ болгонбуз. Кыргызстан акыркы он жылдан бери капитаны, рулу жок сүзүп бара жаткан кемедей. Азыр он жылдык программаны кабыл алуу зарыл. 2015-жылдан 2025-жылга чейинки стратегияны аныктап, программаны кабыл алып, он жыл ичинде чоң максаттарды коюш керек. Андай кадамдарды жасай албасак же аракет кылбасак келечегибиз туңгуюкка барып такалат. Анан жанагы жаңы толкунга илешип калсак бизди 2050-жылга чейин алып кетет. Эгер ал толкунга илешпей калсак анда бүттү, алакан жайып, артта калган кайырчы катары кала беребиз.

— Сиздин убагыңызда илим, билимдүү “лаборанттарыңыз” кадр саясатына аралашып келсе, эми болсо ажонун “арабакечи” башкарып келүүдө деген сөздөр айтылып келет.

— Эми, бийлик башына келгенимде аспиранттарын бийликке алып келип жатат деп сындадыңар эле. Мен кадр тандаганда билимине карайт элем. Ленинградда окуп жүргөндө ал жердеги студенттердин улуусу мен болуп, аларга окуусуна, көп эле жардам бердим. Көз салып жүрдүм деп айтсам туура болот го. Өзүң билесиң Москвадан кийинки илимий да экинчи борборубуз Ленинград болчу. Алгач аларга таянганым чын. Азыр, республикада геополитиканы, экономиканы жакшы билген компетенттүү лидер бийликке келиши керек. Эми алдыда шайлоолор келе жатат. Мына күзүндө парламенттик шайлоо болот деп жатасыңар. Татыктуунун татыктууларын тандап алуу элибиздин колунда турат, бул ирет элибиз да жаңылышпашы керек. Андан кийин президенттик шайлоо келе жатат. Элибиз да ошол келе жаткан шайлоолорго жоопкерчилик менен мамиле кылышса деп айткым келип турат. Жанагы америкалыктардын “Акмак болсо да биздин акмак болсун!” деген принциптен алыс болушса. Жалпы улуттун келечегине, элибиздин эртеңки күнүнө кайдыгер болбой, татыктуу президентти шайлап алууңарга тилектешмин.

— Аскар Акаевич, реформа деген азыркы ажонун тушалган аттай болгон көз карашын элибиз дагы эки, үч жылдай күтүп отура албайт да. Реформа үчүн, кээде үч жылдык убакыт да өтө чоң убакыт деп айткым келет. Мындай учурда бир күн кечигип калсаң, канча жылдык зыян тартышыбыз мүмкүн.

— Бекен иним, абдан туура айтып жатасың! Албетте, үч жыл да абдан чоң убакыт. Азыркы күндө бир ай, бир жыл да абдан чоң убакытка ойнойт. Кыргыз элинин демократиядан башка жолу жок. Кыргыздарда илгертеден эле демократиянын элементтери болуп келген, өзгөчө калкпыз. Жакында мен Санкт-Петербургдагы бир академик менен биргеликте чоң жумуш жаздык. Ал Россияда, АКШда да жарыя болду. Азыр кризистен чыгып, бир эки жылдан кийин жанагы алдыда келе жаткан экономиканын өсүү толкуну башталып Америка, Европа, Япония жана башка мамлекеттердин экономикасы көтөрүлүп өсө баштайт. Кытай болсо ошол динамикалык жол менен өсүп бара жатат. Кыргызстан эч качан ал толкундан кечикпеш керек. Мен билгенден азыркы кыргыз бийлигинин азыркы күнгө, келечекке койгон максаттары, программалары жок экенин көрүп өкүнөм. Бул мамлекеттик саясат үчүн чыккынчылык деп билем. Азыркы бийликтин ушул кенебеген акыбалы терең тынчсыздандырат. Коңшулардан калбашыбыз керек. Мына биз биринчилерден болуп ВТОго өттүк, бизден кийин Кытай өттү. Кытайдын товарлары биз аркылуу бүт мурунку союздук республикаларга өтө баштаган.

— Бир нече жүздөгөн жылдар мурун орус падышасы Петр биринчи, Россия үчүн Европанын терезесин кандай ачса, сиз Кытайдын экономикасынын эшигин ачтыңыз. Андан “Дордой”, Кара-Суу” базарлары Орто-Азиядагы эң чоң дүң базарларга айланды. Канча миңдеген адамдарыбыз жумуш орду менен камсыз болушту. Бош жаткан казынабызга миллиондор агылып түшүп, мугалим, врачтардын айлыгын убагында бере баштадыңыздар эле.

— Бүткүл Россиянын жарымында биздин жарандар ошол кытай товары менен соода кылып үй-бүлөлөрүн багып, бутуна турушту го. Соодадан алыс өскөн элибиз, базар экономикасын мыкты өздөштүрүп, Казакстан, Россиянын чоң базарларында азыр да эмгектенип келе жатышат. Азыркы кезде Россиянын кең мейкиндигин багындырганы кеткен ошол мигранттарыбыз Кыргызстанга жылына 2, 5 млрд доллар акча которуп турган үчүн, азыркы бийликтегилерге жеңил болуп жатат. Элибизди Россия, Казакстандагы мигранттар багып жатканы чындык да. Алардын жардамысыз эконмикабыз жокко эсе болуп калды.

— Аскар Акаевич, мен да сизди ошондо Москвада кыргыздын чабандарынын жашоосу, тамекичилердин оор эмгеги боюнча сүйлөгөн сөздөрүңүздү теледен көргөн элем. Сиз Ноокат районунан СССРдин Жогорку Советине депутат болгон элеңиз го.

— Ооба. Ноокаттын тамекиси туурасында сөз кылып жатып “Сталин согуш учурунда Черчиллге эмне жөнөткөнүн билесиңерби? Армян коньягын, кыргыз элине аты чыккан Ноокаттын тамекисин жөнөткөн экен. Согуш бою Черчилл Сталин жөнөткөн Ноокаттын тамекисине ырахмат айтып өтүптүр, “-деп айтканымда мени колдоп кетишкен эле. Ошол сөзүм үчүн кийин да күлүп жүрүштү.

Ал жерге барганымдын дагы жакшы нерсеси мен Борис Николаевич Ельцин менен тааныштым. Анын саясый абалы абдан кыйын экен. Аны курулуш комитетине төрагалыкка көрсөтөбүз деп, аны колдогон депутаттар чуркап жүрүшүптүр. “Борис Ельцинди колдоп бер, ” дешип мага союзга, дүйнө жүзүнө аты чыккан бир топ окмуштуулар суранып калышты. Алардын арасында академик Сахаров, ал эми Рыжов менин окутуучум болчу. Ал мага келип “Борис Николаевичти колдоп бериңиз?”- деп калды. Мен Ельцинди эки, үч ирет чыгып трибунадан сүйлөп колдоп бердим. Аны колдоп мен сүйлөгөндөн кийин таасирленген казак, өзбек, тажик, түркмөндөрдүн арасынан аны колдоп чыгышты. Ошол күндөн баштап, Борис Николаевич менен жакшы мамиледе болуп кеттим. Бирок, ошондо Горбачёв “Ельцинди колдодуң!”-деп мага таарынып да жүрдү. Эсиңдеби, Борис Никалаевич Россиянын президенти болгондон бир аз убакыт өтүп, биринчи расмий сапар менен Кыргызстанга келген. Башка республикалардын президенттери, Ельциндин бизге биринчи болуп келгенине ичтери тарыгандай эле болушту. Ал тургай кээ бир президенттер ачык эле “Борис Николаевич, сиз эмне үчүн биринчи расмий сапарыңызды Кыргызстандан баштадыңыз. Киев, Ташкент же Алма-Атадан башташыңыз керек болчу…”- деп сурап да жиберишти. Ал эми Борис Николаевич аларга карап “Эсиңерге салып коёюн, 1990-жылдары мага абдан кыйын учур болуп, мен оор акыбалда калганымда Акаевден башка кимиңер мени колдодуңар эле?-деп тиги президенттерге жооп берген эле. Кийин президент болгондон кийин биздин республикабызды дайыма колдоп келди. Менин ошол СССРдин Эл депутаттарынын жыйынында колдоп сүйлөгөнүмдү өмүр бою айтып жүрдү. Борис Никалаевич, Россиянын президенттигин өткөрүп бергенден кийин, пенсияга чыккан соң да Кыргызстанга келип эс алып кетип жүрдү. Башка бир дагы республикага барып эс алган жок. Жакшылыкты эң жогору баалаган адам эле.

— Аскар Акаевич, учурунда Үзөңгү-Кууштун Кытай тарапка өтүүсүнө байланыштуу, республиканын бардык жерлеринде нааразылыктар чыккан эле. Анын аягы Аксы жергесиндеги кандуу окуя менен аяктады. Сизди Үзөңгү-Куушту Кытайга сатып жиберди, аларга мыйзамсыз берип койду деп ошол жылдары аябай күнөөлөшкөн болчу. Үзөңгү-Кууш Кытайга кандайча өтүп кеткенине кенен токтоло кетсеңиз? Бул жерде кытай тарап уттубу же бизби?

— Чек ара, жерден дайыма жаңжалдар чыгып келген. Эң татаал делген Кытай менен чек ара маселесин чечтик. Аны үчүн да, менин кээ бир саясый оппоненттерим Акаев кыргыздын жерин Кытайга сатып жиберди дешип, ушул кезге чейин күнөөлөп келишет. Албетте алар жаңылышат. Кытай менен чек ара маселесин, талаш-тартыш жерлерди чечип, ага чекит койдук. Биздей эле Россия, Казакстан, Тажикстан да Кытай менен чек ара талаштары бар болчу. Советтер Союзу убагында ошондой талаш-тартыш жерлер чечилбей көп мезгилге чейин келе берген. Алардын тарыхы жүз жылдап кетет. Советтер Союзунун Министрлер Советинин төрагасы Косыгин менен кытай премьери Чжоу Эньлай талаш жерлер боюнча маселелерге кол коюшкан. Экөө тең советтик, кытайлык эң күчтүү премьерлер болчу. Эгерде эки тарап талаш жерлерди элүү, элүү кылып бөлүп алышса чоң ийгилик катары каралат.

1960-жылы Ыраакы Чыгышта, Советтер Союзу менен Кытайдын ортосунда жер талаштан чоң жаңжал, согуш чыккан. Даманск аралындагы айыгышкан салгылашууда советтик, кытайлык жоокерлер каза болушкан. Канча адамдын каны төгүлүп, кадимкидей согуш болгон Даманск аралын бизден канча эсе кубаттуу Россия, бүгүн Кытайга өткөрүп берди. Советтик канчалаган жоокерлер каза болгонуна карабастан Улуу Россия өткөрүп берүүгө аргасыз барышты. Казакстан, Кытай талаш жерлеринин 60 пайызын казак туугандарыбыз өткөрүп берүүгө аргасыз болушту. Ал эми Тажикстан 70 пайыз жерин өткөрүп, өзүлөрү отузун алышты. Кытай менен чек арасын такташууда эң көп жеринен ажыраган Тажикстан болду. Ал эми Кыргызстан болсо, өзүнүн талаш жеринин 70 пайызын өзүбүзгө алып, 30 пайызын Кытай тарапка берди. Ким утканын карап көргүлө!

— Сиздин сөзүңүзгө таянып, Кытай менен талаш жерлер боюнча биз утушка ээ болсок, Акаев кыргыздын жерин сатып жиберди деген күнөөнү көбүрөөк коюп келишет? Анын сыры эмнеде деп ойлойсуз…

— Алардын, мындайча айтканда оппозициянын мага койгон күнөөсү ошол отуз пайызды да Кытайга бербеши керек эле деп жатышпайбы? Эки улуу державалар Кытай менен Россия 50 пайыз кылып талаш жерлерин бөлүүгө аргасыз болушту. Ошол кездеги Кытайдын жетекчиси Цзян Цземинди да кыргыздарга жан тартып койдуң, катуурак болушуң керек эле деп аны да сындап келишет. Силер мени сындагандай. Кытай жетекчилиги бардык тараптан достук мамиледе бизге бир топ жеңилдиктерге кадам жасашты. Мен бул боюнча “Кыргыз мамлекеттүүлүгү жана Манас эпосу” деген китебимде жазгам. Кытайлар менен болгон 2000 жылдык мамилелерди жаздым. Окумуштуу Бартольддун кыргыздардын Эне-Сай боюнда улуу держава кургандыгы, Жибек жолу тарыхы жөнүндө жазгандарым чоң роль ойноду. Цзян Цземинь өзүлөрүндө болгон кыргыздар туурасындагы тарыхый маалыматтарды таптырып берди. Кытайдын профессорлору бизге которуп бергенге жардамдашты. Сыма Цяньдын кыргыздар жөнүндө жазган летописин көтөрүп алып БУУдан Кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн 2200 жылдыгын бекитип келбедикпи. Кытай мамлекети менен чек ара маселесин чечип, ВТОго биринчилерден болуп өтүп, жакшы пайдасын көрдүк. Мени чек ара боюнча сындап келишет, менден кийинки президенттер кимиси чек араны чече алды? Биз баштап, азыр бүтпөгөн иштер, канча маселелерди туудуруп жатат. 2005-жылга чек ара боюнча көп маселелер чечилмек эле. Ошол бойдон жылбай тургандай. Президенттер шайлангандан кийин ушул маселелерди караш керек. 2005-жылдан кийин бийликке келген президенттердин бири дагы чек ара маселесин чечишкен жок. Жылдар өткөн сайын бул маселелер уламдан-улам татаалдаша берет. Казакстан менен да жакшы чечип келе жаттык эле аягында токтоп калды. Өзбекстан, Казакстан, Тажикстан, Россия менен жакшы мамилелерди түздүк эле. Алардын президенттери менен жемиштүү иштештим.

— Бүгүнкү кыргыз бийлиги, коңшулаш Өзбекстан менен жакшы мамиле түзө албай коюшту. Ортодо үзүлүп калган жипти кантип улап кетсек болот…

— Азыркы кыргыз бийлигиндеги жетекчилерди мен такыр түшүнө албайм. Эң биринчи коңшулар менен ынтымак- ырашкерликте болуубуз зарыл. Алыстагы туугандан көрө, жакын жердеги коңшуң артык. Ошондуктан мен дайыма жазында же күзүндө Өзбек республикасына расмий иш сапар менен Ташкентке барып келчүмүн. Ислам Абдуганиевич, кандай болгон күндө да жашы улуу агабыз катары сыйлайм. Ислам аке деп, дайыма көңүлүн көтөрүп турчумун. Экөөбүздүн ортобузда жаш айырмабыз болсо да, ага-инилик мамилебиз абдан жакшы болчу. Өз кадыр-баркы менен дайыма сыйга татыктуу, көрүнүктүү коомдук ишмер, тарыхый адам. 1990-жылы, андан кийинки 2010-жылдагы кандуу окуянын андан ары тутанып кетишин Ислам Каримов токтотуп калды. Ал үчүн ага ырахмат гана айтышыбыз керек. Жыл сайын барып, республиканын кызыкчылыгы үчүн бир топ маселерди – газ, суу, электр энергиясы боюнча иштерди бир пакет кылып чечип келчүмүн. Мен президент болуп турганда Өзбекстандан эң арзан баадагы газды биз Кыргызстан алчубуз, 42 америка доллары менен, азыр болсо 200 америка долларынан ашык алышат экен. Башка коңшулар бизден кымбат алышып, анан валюта менен төлөшсө, биз жарымын товар менен, калганын 21 доллар менен гана төлөчүбүз. Мына ушундай жакшы мамиленин, президенттердин сый-урмат катташуусу, эки элдин ортосундагы достуктун бекемделиши деп билем. Мен республиканы жетектеген учурда, эч качан газ түтүгү жабылган жок эле. Азыркы кыргыз жетекчисинин, журт башчысы катары көрөңгөсү жоктугу, коңшу турган Өзбекстан менен мамиле түзө албаганы, жалпы Кыргызстандын элинин башына түшкөн мүшкүлү деп билем. Өзүң айткандай сегиз айдай ордолуу Ош, экинчи борборубуз көгүлтүр отуну жок отурушу, элди кыйнап койгону бийликтин сокурдугу, чоң күнөөсү.

— Ажобуздун “Каримов өлмөйүнчө, чек ара чечилбейт!”- деп ойлонулбай айткан сөзү менен өзбек президенти Каримовду таарынтып алып, чек арабыздан чычкан өтө албай тургандай тосулуп калды. Президент өзү тизелебесе да карапайым эл, кыйынчылыктан, жашоонун азабынан эбак эле тизелеп калганын билбейт окшойт. Президенттин ойду-келди сүйлөгөн сөзүнөн, мамилесинен жалпы эл зыян тартып калууда.

— Эми, Бекен иним, бул президент айта турган сөзбү? Башка өнүккөн мамлекетте болгондо, мындай сөздү айтканы үчүн президентке импичмент жарыяланат. Отуз миллион калк шайлаган, өз элинин башында көп жылдардан бери бийликте турган президентти ушинтип айтабы? Ислам Абдуганиевичтин көп жылдык эмгегин баалап, бул ирет да өзбек эли президент кылып шайлап алышты. Кыргыз президенти өзү ойлонбой сүйлөп койгон сөзү менен кыргыз элин тизелетип, уят кылып жатат. Бул кечирилгис нерсе…

— Сиз президент болуп турган кезде, улуттук валютабыз сомду жүгүртүүгө киргизгенде Ислам Каримов да сизге тааарынган тура. Ошол окуя боюнча сөз кылып берсеңиз?

— Ошол окуяны айтып берейинчи? Мындай болду да. Москвада СССРдин эл депутаты болуп жүргөн кезимде экономиканы да окуп үйрөнүп, билип алдым. Ошол билип алган нерселерим мен республиканын президенти болгондо жардамы аябай тийди. Эгемендүүлүктү алганыбызда эң биринчи улуттук валютаны киргизишибиз керек деген бүтүмгө келдим. Финансылык абалды сактай турган улуттук валюта болмок. Ансыз, кризис сел алгандай эле баарын жырып, талкалап кетет. Мен президент болуп киргенден кийин эле кантип улуттук акчабызды киргизебиз деп ойлонуп, жолдорун издене баштадым.

— Ошол оюңузду, улуттук валютабыз сомду киргизүү маселесин парламентке алып чыктыңызбы?

— Жок. Өтө жашыруун, кылдат мамиле кылдым. Эч кимге айтпадык, ал тургай Жогорку Кеңешке да алып чыккан жокпуз. 1992-жылы мен төрт кишини чакырып маселе көтөрдүм. Ал кезде улуттук банктын төрагасы Кемелбек Нанаев болсо керек. Бир бөлүм башчы, анан сүрөтчү катышты. Абдан күчтүү сүрөтчү эле. Өзүң көрдүң, сомдун дизайны деле жакшы болду. Өзүм болгон жоопкерчиликти мойнума алып, мамлекеттик сыр катары жашыруун иштей баштадык. Эч ким билбеши керек эле. Төртөөбүз гана жашыруун жолугуп, керектүү нерселер боюнча акылдашабыз. Россиядан басканга болбойт. Алар да өзүлөрүнүн рубль зонасын сактайт эле да. Ошол алтынды Швейцарияга жашыруун алып чыкканыбыз да ошондон болду да.

— Коңшу президенттерге кабар бердиңизби?

— Жок. Кайдан! Коңшу президенттерге эмес, өзүмдүн айланамда жүргөн эң жакын деген адамдарыма, досторума да улуттук акча туурасында сөз кылып, ооз да ачкан жокмун. Досторумдан сыр кылып жашырып жаткан соң, коңшу президенттерге айтмак белем. Улуттук валютага кириш алардын башына кирбесе керек. Биз күнү-түнү иштедик, Улуттук сомубуздун эскиздери, башка нерселер даяр болуп калганда биз Лондон менен байланышып, ошол жактан чыгарууну ойлонуштурдук. Алар улуттук акчабызды чыгарып берүүгө макул болушту. Улуттук акчабызды басып бериш үчүн үч, төрт миллион доллар керек болду. Улуттук банкыбызда валюта деген жок экен. Аны кайдан табабыз, башыбыз катты…

— Сомду басууга каражатты кай жактан таптыңыздар, анткени ал кезде биздин казынабыз бош болчу деп азыр эле айттыңыз…

— Абдан туура айтасың. Акча издей баштадык, казынабыз бош, валютабыз жок. Ошондо “Макмал” алтын кенинен өндүрүлгөн бир жарым тонна алтыны бар экен.

— Парламенттин депутаттары кайра-кайра көтөрүп чыккан алтынбы? Саясаттагы атаандаштарыңыз кыргыздын алтынын Бирштейндин самолёту менен жалпы салмагы 1 857 082 9 гр турган алтындын болжолдуу келтирилген зыяны 160 млн америка долларын түзгөн деп депутаттар айтып келишкен. Акаев, кайдагы бир эл аралык “мафиоз” Бирштейн менен Швейцарияга алып чыгып кеткен” деп өз дооматтарын айткандарын өзүңүз деле угуп жүргөнсүз. Кыргызстанды жетектеп турган адам катары бизге караганда көбүрөөк маалыматты билесиз.

— Ошол алтынды “Сиабеконун” жардамы менен Швейцарияга алып чыкканыбыз да ошондон болду. Жогорку Кеңешке да айта албадык. Акаев уурдап чыгып кетти деген алтын ошол болчу.

— Акаев ошол алтынды өзүнүн атына банкка салдырып коюптур, эми ал алтынга Кыргызстан кожоюнчулук кыла албайт деген да сөздөр чыккан эле.

— Ошол күндөрү алтын боюнча мени күнөөлөп эмне гана сөздөрдү айтышкан жок. Түрмөгө алып барып камап сала турган адамдай сөздөрдү таратышты го.

— Ошол учурларда Кумтөр алтын кени туурасында сөз болгондо дайыма шектүү фирма аталган “Сиабекону” алып келген Чыңгыз Айтматовдун уулу Санжар Айтматов менен сиздин атыңызды атап жүрүшөт. Ал тургай эл аралык аферист аталган Бирштейнди Аскар Акаев жетинчи кабаттан кабинет бөлүп берип, президенттин инвестиция тартуу боюнча кеңешчиси болгон деп сизди катуу сындап чыгышкан болчу. Ушул айтылган сөздөрдүн айланасындагы имиштердин чын, чын эместигин өзүңүз гана жокко чыгара аласыз.

— Биздин депутаттар, кээ бир саясатчылар эл аралык маанидеги шылуун, аферист деп айтып жүргөн Бирштейн бизге чоң жардам кылды. Ал өзүнүн самолёту менен биздин алтынды Швейцарияга жеткирүүнү өз мойнуна алды. Макмалдын алтыны ал учурда Новосибирскиден афинаждоодон өтчү. Бирштейн ошол алтынды Швейцарияга алып барып, афинаждоодон өткөрүүгө жардамы тийди. Эл аралык стандартка келтирип, банкка салып берди. Афинаждоодон өткөн бир жарым тонна алтынды банкка салдык. Кийин ал алтын боюнча Жогорку Кеңештин алдында өз отчётубузду бердик. Канча граммдары жетпейт деп чыгышты. Алтынды тазалап калыпка куйганда кетет экен да. Алтын боюнча чынында парламентте чоң тополоң болгон. Ал жерде 16 эле миллион доллар болгон. Депутаттардын 160 млн америка доллары болгон дешкендери туура эмес. Ал кезде унциясы 200 америка доллар болсо керек. Азыр так эсимде жок. Эми, ал кезде алтындын дүйнөлүк базардагы баасы өтө арзан эле. Банкка салдык, 16 млн доллар акча болду. Үч-төрт миллион долларга Лондондон улуттук валютабыз сомду бастырып, ал жактан алып келип катып койдук. Биз 1992-жылдын аягында эле улуттук акчабыз сомду бастырып койгонбуз. 1993-жылы мен өз учурунда эң мыкты операция жасаганыбызды түшүндүм.

— Ушул акылды, алдын ала ошол кездеги Россиянын президенти Борис Никалаевич Ельцин айткан дешет го?

— Анын баары калп, жанагы мен туурасында айтылган мифтердин бири деп айткым келет. Мен ошондо, Россия жакынкы убактарда өздөрүнүн улуттук валютасы боюнча реформа жүргүзөрүн сезип калдым. Анан алардан да мурда өз валютабыз сомду киргизгени жатабыз десем, биздин депутаттар ордуларынан кол чаап, секирип жибергендер да болду. Ошондо биздин бир депутатыбыз “Аскар Акаевич, төө минип жүргөн казактар да улуттук акчасын киргизе элек, эшек минип калбайлы!”-деп шылдыңдагандай айтканы эсимде. Сомду киргизебиз деп ушундай сөздөрдү укканбыз. Каршы болгондору четтен чыгышты. Экинчи жолкусунда мен өзүм парламентте сөз алып, “Урматтуу депутаттар, кечигип калсак экономикабызга өтө чоң зыяны тиет. Ошону унутпагыла, ансыз деле оор абалда турабыз. Мага үч ай бергиле, күзүндө кайра карайсыңар. Күзгү сессияга келгенде, биз киргизген сомубуз экономикабызга зыяны тие турган болсо, парламенттин алдында мен президенттик посттон отставкага кетүүгө даярмын, “- деп айтканга чейин бардым. Көпчүлүгү дүркүрөтө кол чаап да жиберишти, менимче күзүндө Акаевден да кутулат окшойбуз деп сүйүнүп да кетишти окшойт. Акырында түшүнүштү окшойт, улуттук валюта боюнча айткандарымды туура түшүнүшүп, дүркүрөтө кол чаап колдоп беришти. Ошентип, ушунча кылымдарды карыткан карт тарыхыбызда кыргыздын биринчи ирет улуттук валютасы – сомду жүгүртүүгө киргизип алдык. Бул күн чынында тарыхый күн болду.

— Аскар Акаевич, Кыргызстан өз территориясында улуттук валютасы – сомду жүргүзүүгө киргизгенине биздин коңшу мамлекеттин президенттери кандай карашты?

— Мен КМШ мамлекеттеринин Ташкенттеги саммитине барып калдым. Президенттер жашы боюнча улуулата Ельцин, Каримов, Назарбаев катарлаш турушкан экен. Анан, мен алардын жанына келип Назарбаев, Каримов менен учурашып бүткөн соң Борис Николаевичке колумду сунсам, ал мурдун бырыштырган бойдон жактырбагандай мага колун бербей койду. Берки карап турган президенттердин алдында шагым кыйла сына түштү. Борис Николаевичтин мага болгон мындай терс мамилеси биздин улуттук валютабыз сомго байланыштуу экенин түшүндүм. Орус президентинин мүнөзүн жакшы билгендиктен унчукпадым. Андан кийин Борис Николаевичтин жини бир аз тарап, “Аскар Акаевич, экөөбүздүн ортобузда кандай жакшы, достук мамилебиз бар экенин билесиң го… Улуттук валютаңды киргизип жаткан соң, мага кабарлап телефон чалып айтып койгонго жараган жоксуң… Бирин-бири сыйлаган адамдар ушундай кылабы?”- деп мага болгон өз таарынычын айтты. “Борис Николаевич, сизден кечирим сурайм. Жаштык кылып, кемчилик кетирип коюптурмун. Кечириңиз?”- деп тамашага салып отуруп, акыры көңүлүн жубатып койдум. Кантсе да, Ельцин Россия деген державанын президенти эмеспи. Андан да башка президенттерге караганда, мага, биздин Кыргызстанга көңүлү түз болчу. Ошентип, мамилени оңдоп, ситуациядан чыгып кеттим.

— Ал эми президенттер Каримов менен Назарбаевдер эмне дешти, алар да сомду айтпай киргизип алдың деп таарынышкан жокпу?

— Башында андай болгон жок. Назарбаев менен Каримов, “Аскар Акаевич, сен сомду киргизүү менен камикадзедей болуп жатасың… Күзүндө парламентиңдин алдында кантип жооп бересиң? Сени депутаттарың кызматтан кетиришет, кантип ушундай кадамга бардың?…”-деп күлүшүп, эки жагыман талашты. Борис Ельцин колун бербей коркутса, ал эми биздин аксакалдарыбыз болгон, Орто-Азиянын эки президенти “депутаттарың кызматтан кетирет!”-деп, минтип келекелеп жатышканына кыжырым келди. Мен, чынымды айтсам абдан жаман, ыңгайсыз абалда калдым. Көрсө, ошол учурда биз сыйлаган аксакал президенттерибиз улуттук валютанын маанисин түшүнүшпөптүр. Арадан эки, үч ай өтпөй, Россияда акча реформасы жүрдү. Ал эми, кечээ эле мага күлүшкөн аксакал президенттер, Россиянын акча алмаштыруу боюнча реформасына даяр эмес экендиктерин ошондо көрдүм. Биздин коңшулардын финансылык абалын сел алгандай шыпырып, тазалап кетти. Биз алдын ала сомубузду киргизип алгандыктан ал кыйынчылыктан жеңил чыгып кеттик. Мага сын тагып жаткан кошуналар абдан оор абалда калышып, кыйналышты. Орто Азия республикасынын президенттери жолуктук, ошондо мага Ислам Каримов,”Асаке, Россия акча реформасын өткөрө турганын билгенсиң, эмне бизге айткан эмессиң! Карачы, биз кандай жабыр тартып жатабыз…”-деп мага өз таарынычын айтты. Ошондо Ашхабадда жолуктукпу же Алма-Атада беле, унутуп жатам. Бирок, Ташкентте эмес. Мен өзбек президентине карап: “Исламжан Абдуганиевич, мен сизге айткам,”- дедим. Мени Нурсултан Абишевич колдоп, “Аскар Акаевич, экөөбүзгө тең айткан. А биз болсок “Сен өзүңдү-өзүң өлтүрөсүң!”-деп Акаевге күлгөнбүз. Биз өзүбүз түшүнбөй калдык… Аскар Акаевич, бизге айтып эскерткенде аны укпай койгонубуз үчүн, биз өзүбүз күнөөлүүбүз…”- деп мени колдоп кетти. Россиядагы акча алмаштыруу реформасы менин кадырымды кыйла көтөрүп койду. Мен аксакал президенттерге салыштырмалуу Россиянын экономикасын өздөштүрүп, акча реформасына бара турганын алдын ала эсептеп чыкканмын. Мен ошондо өз эсебимен жаңылбаганыма сыймыктандым. Алардан озунуп улуттук валютабыз сомго өтүп албаганда кыйла артта калып, бутубузга көпкө чейин тура албай калмак экенбиз. Биз өз учурунда чечкиндүүлүк менен күтүүсүз, бирок чечкиндүү кадам шилтеп, сомду улуттук валюта катары киргизүүбүз болду. Ошол 1993-жылдын майы абдан туура учур болуптур. Жакшы эсеп, анализ менен киргизилгендиктен Орто Азия боюнча биздин сомубуз, доллардай эле чуркап жатпады беле. Коңшулар менен соода кылууда доллар менен сом бирдей суралып жатты. Эң башкысы ошол кездерде девальвация болгон жок. Азыркы күндө бүгүнкү бийликтегилер сомду бекем кармай алышпады. Бул чоң утулуу болду деп эле ачык айткым келет. Сомдун баасы түшүп, жеңилдеген сайын карапайым элдин турмушу кыйындайт. Азыркы бийликте экономиканы, бизнести түшүнбөгөн “революционерлер” гана отурушат окшойт.

— Сомду бир калыпта кармап туруш үчүн эмне кылыш керек деп ойлойсуз?

— Сомду кармап туруш үчүн экономика өсүп турушу керек. Азыр мамлекет айла жоктон девальвация өткөзөт. Элибизге дагы оор болот. Девальвация деген элдин жонуна ташталган, көтөрө алгыс машакаттуу жүк. Башка жол жок, экономика өспөсө булар эмне кылышат? Экономикалык, стратегия жагынан өз ойлорумду кыргыз жараны катары, азыркы бийликтегилерге айтып берүүгө даярмын.

— Алар ачык эле “Аскар Акаевич, биз сиздин акылыңызга муктаж да эмеспиз!”-деп койсо шагыңыз сынып калып жүрбөсүн?

— Туура айтасың. Бул бийлик менин бул жакшы тилегимди уга турган түрү жоктой го.

— Азыркы бийлик биздин сомдун түшүп жатканын орус акчасы түшүп жатканына байланыштырып жатышат.

— Жок, ал андай эмес. Биз сомду киргизип, инфляцияны да жеңгенбиз. Көп кыйынчылык тарткан эмеспиз. Жаш мамлекет экенибизге карабастан, ошондо чоң жеңишке жетишкенбиз. Биз деле, ошол кезде өз учурунда сомду эрте киргизбегенде, коңшулар менен бирдей оор абалда калмакпыз. Биздин коңшуларыбыздын жер түбүндөгү нефтиси, газынын өтө көп запасы бар эле. Алар нефти, газынын күчү менен көптө барып бутуна турушту.

— Аскар Акаевич, улуттук валютабыз сомду киргизип жатып неге сомго биринчи президент катары кол койгон эмессиз? Сомду киргизүүнүн автору өзүңүз болгонсуз да…

— Эми, чынында улуттук валютабызга кол коюш менин башыма деле келбептир. Ар бир сомдун бетинде ар бир региондун личностторунун сүрөттөрү түшүрүлгөн. Ал жагынан баары туура чечилген деп ачык айта алам. Бирок, тарыхты эл жасап жатат да. А, мен болсом эл шайлаган президентмин. Мен деле өз атымды калтырып кетейин деген оюм болгон эмес. Сомго деле өзүм кол койгон эмесмин. Сомду күчтөндүрүш керек. Улуттук акчабыз, биздин мамлекеттүүлүгүбүздүн, элдин улуттук чыныгы жүзү деп билем.

— Өткөн жылы сиз “7-каналга” берген маегиңизди интернеттен көрдүм эле. Ал маегиңиз менен бийлик башында турган Атамбаевдин биз билбеген жагын ачып бериптирсиз. Сиз ошол кезде Борис Ельцинден жардам сурап, андан бөлүнгөн акчаны Чыңгыз Айтматовго берген турбайсызбы?

— Ооба. Ошол кезде жазуучулар, искусство кызматкерлери абдан кыйын абалда болчу. Мышык ыйлай турган абалга түшүп калган эле.

— Сиз кыргыз жазуучуларына алып келген миллиондогон акчаларды ошол кездеги бизнесмен Атамбаев заводдорду сатып алганын, Чыңгыз агай качан айткан эле? Бирок, Алмаз Атамбаевдин адамдары Акаевдин айткандары чындыкка жакындабайт деп жатпайбы? Биз, карапайым эл туңгуч президент Акаевдин айткандарына же азыркы президент Атамбаевге ишенерибизди билбей калдык. Азыркы президент Атамбаев бир сөзүндө ” Акаев менин байлыгымды тартып алды!”-деп теледен маек бергенин өз көзүм менен көрдүм. Сөз чындыгы кандай болгон эле?

— Мен президент болгондо Чыңгыз Төрөкулович, коомдук иштер менен кошо улуттук жазуучулар союзунун төрагасы болчу. Ал эми Алмаз Атамбаев болсо Чыңгыз аганын портфелин көтөрүп, чуркап жүргөн жардамчы секретарыбы экен. Чынын айтсам, ал кандай кызматта экенин деле кызыгып, билбептирмин. Жанагы кайра-кайра сөз болуп жаткан элүү миллионду СССР жазуучулар союзунан эмес, мен Борис Николаевичтен адабият, маданият кызматкерлери аябай кыйын абалда калып жатат, ошолорду колдоп карыз эмес, грант катары колдоп берсеңиз деп алып келген элем. Дагы бир жолу айтып койгонум оң го, Борис Николаевич грант катары бөлдүртүп берген, карыз катары эмес. Ал Чыңгыз Айтматовду да залкар жазуучу катары терең урматтоо менен сыйлоочу. Ошентип, ал Россиядан келген акча эле. Ал кезде 50 миллион рубль оңой акча эмес эле. Толук баалуу валюта болчу. Чыңгыз Төрөкулович, “Биз азыр, бул акчанын баарын жеп ичип албай, инвестиция тартуу, мүлктөрдү менчиктештирип анын кирешесине узак мөөнөткө программа иштеп чыгып, жазуучуларды, маданият кызматкерлерин колдойбуз”- деди. Жазуучулардын Аламүдүндө чыгармачыл үйү бар эле го. Жанагы, жазуучулар жатып алып, чыгармаларын ошол жерде жазып иштеген жай бар го. Ошол жерге капиталдык ремонт керек деп калышты…

— Жазуучулардын “Арашан” аттуу чыгармачыл үйү бар эле. Сиз ошону айтып жатасыз го сыягы…

— Ооба. Арашан чыгармачыл үйү. Аны да өз менчигине алып алган деп уктум эле.

— Ал үй да, жазуучулардын айтымында Атамбаевдин жеке менчигинде болсо керек. Анын жарымын да түрк молдокелерине арендага берип койгон деп уккан жайым бар.

— Мен ошол Борис Николаевичтен алган грант акчаны алып, залкар жазуучу Айтматовдун колуна өткөрүп бердим да, “Чыңгыз Төрөкулович, эми калганын өзүңүз тейлеңиз”-дедим. Мен ошол бойдон ал акчага аралашып, кийлигишкен да жокмун. Арадан бир жыл өтпөйбү, Чыңгыз ага менин кабыл алуумда болуп, мага даттанып, “Баягы акчадан, бизге эч нерсе тийбей калды. Башкы прокуратурага поручения берип, Атамбаевди жоопко тартып бериңиз?”- деп келиптир. Мен угуп алып, “Дүйнө эли анын калдайган караанын көргөндө пайгамбардай сый-урмат кылып, сыймыктанып жүргөн Чыңгыз Айтматовдун өзүн алдаганы эмнеси?”-деп жиним келди. Ал кезде мен Атамбаев дегендин ким экенин, аны тааныган да, көргөн да эмесмин. Чыңгыз Айтматовдун оозунан алгач Атамбаев деген фамилияны угуп отурам. Мен ошондо бизнесмен Атамбаев дегенге аябай капа болдум. Дүйнө элдерине кыргыз деген улуу эл бар экенин тааныткан, патриарх жазуучубузду алдаган адамга нааразы болгонум чындык. Адам түгөнүп калгансып, Айтматовду алдайбы? Дүйнө эли укса эмне болот, деп уялдым. Ансыз да кыйналып жашап жаткан жазуучулардын, искусство өнөрүнүн адамдарынын акыркы үмүтүн, алардын ырыскысын талашкан ушундай пас адам болобу? Айтматовдун өзүн алдаган, бул кайсы Кудай урган неме… – деп көңүлүм кирдеп, бир чөктү. Атайын жазуучуларды, адабият, маданият кызматкерлерин колдойлу деген акча болсо. Алардын колуна жетпей калганына жиним келди. Башкы прокурорго тапшырма бердим, мен президент болуп туруп, Айтматов таба албаган чындыкты табам деп жүрүп, Атамбаевге душман болдум да калдым.

— Атамбаевди колдогон жазуучулар, өнөр адамдары, ал акчаны кээ бир аттуу-баштуу, акын жазуучулар жеп салганын кеп кылышат. Жазуучуларга деп үйдүн фундаментин, пайдубалын гана курушуп, кийин ал иш акча жок токтоп, аны да сатып акчасын жеп салышкан деп жүрүшөт го?

— Эми, Бекен иним. Биз сөз кылып жаткан акчаны, мен өзүм Борис Николаевичтен суранып жатып грант катары алып, Чыңгыз Төрөкуловичтин өз колуна өткөрүп бергенмин. Ал эми Атамбаев ошол заводдорду менчиктештирип алат.

— Жанагы союз кезиндеги чоң заводдорду приватташтырып алган экен да?

— Ооба. Атагы таш жарып турган Чыңгыз Айтматовго ал кезде ким жок демек эле. Мен Башкы прокурорду чакырып, жанагы Атамбаевдин афера иши боюнча Чыңгыз Айтматов тарапка калыс карап берүүсүн сурандым. Бир адам, мен таап келген грантты чөнтөгүнө кымтый коюп, заматта бир нече заводдун кожоюну, миллиардер болуп жатса. Ошол эле учурда, алар деп алынып келген акчадан кур кол калган жазуучулар, искусство адамдары кол алдындагы ырыскысын алдырып отуруп калганы өкүндүрдү.

— “Бешиктеги баланын, хан болоорун ким билет?” дегендей Атамбаев президент болоорун билгениңизде, “өзүмө душман ашырып, ушул ишти тим эле койсом болмок беле?” деген жан дүйнөңүздү кыйнаган суроолор болгон жокпу?

— Жок. Азыр болсо да мыйзамдуулуктун жолунда иш жасамакмын. Анткени, чындык Айтматов тарапта болчу…Атамбаев Чыңгыз аганын, менин алдыман өтүп кечирим суроонун ордуна мени кектеп келет. Россиядан алынган грант, акчага Атамбаевдин кымындай да тиешеси жок болчу.

— Ошол Россиядан келген грант акча боюнча Башкы прокуратура териштире баштаганда Атамбаев жоопкерчиликтен качып Туркияга кетүүгө аргасыз болгон беле?

— Ошондой болгон. Ар бир адам өзү жасаган иши үчүн мойну менен жооп бериши керек. Атамбаев азыр коррупцияны ооздуктайм, жеп-ичкендерди кустурам дейт. Мен ага, өзүңдөн башта деп кеңеш айтмак элем. Биринчи өзү тазалансын, анан башкаларга өтсүн. Азыр жоопкерчиликтен качса да баары бир, сааты келип эл деп күйгөн адам президент болгондо жооп берет. Баарын мага жүктөгөн адат таап алышпадыбы. Оппозиция дайыма ошондой нерселерди ойлоп табат да. Бул суроо боюнча ушундай жооп берет элем.

— Академик Жамин Акималиев өз маегинде “Кумтөр” алтын кени 1993-жылы легендарлуу парламенттин тарашына, Насирдин Исановдун өлүмүнө, ошондой эле президенттердин өлкөдөн кетишине, алардын түбүнө да жетти”-деп айтканы бар. Азыркы парламентте отурган бир депутат “Акаев өзү “Кумтөр” кенинин учредителдеринин бири, ал тургай өз үлүшүн дайыма алып турат”-деп сындап келгендерге эмне деп жооп берет элеңиз?

— Дагы да айта кетейин,”Сиабеконун” зыянынан бизге жардамы гана тийди. Менин душмандарым дайыма мага каршы күрөштө, кара пиар кылып уюштуруп келишет. Негизги максатыбыз Лондондон улуттук валютабыз сомду бастырып алыш болгон. Калган акчаларды “UBS” деген банкка салып бердик. Алтынды афинаждан өткөрдүк. Бул алтын боюнча Жогорку Кеңештин жыйынында өз отчётумда жооп бердим. Мен бир ирет Жалал-Абадга болгон иш сапарымда эл менен жолукканымда “Мөмө-жемиштерди иштеткен завод куруп берсеңиз?”- деп суранышкан эле. Сомду бастыргандан калган акчасына Жалал-Абадда балдардын тамагын чыгара турган завод курабыз деген жакшы оюбуз бар эле. Өзүң билесиң, ал жакта мөмө-жемиштер чирип жок болуп кетчү. Жумуш орундары менен камсыз кылалы дегенбиз. Ошол заводду салганыбыз менен иштете албай коюшту. Балким мен да аларды жакшы көзөмөлдөй албай койдум окшойт. “Сиабеко” кийин “Камэко” фирмасын таап бергенге жардам берди. Ал кезде кыргыздар айткандай алтын текейден арзан болчу. Жакында да нефти менен алтындын баасы түшөт. Алтын менен нефтинин дүйнөлүк базардагы баасы бирдей болуп калды. Азыр экөөнүн тең баасы түшүп бара жатат. Брежневдин убагында нефти кымбаттап, анын заманын эл азыр да жыргал заман болгон деп эстеп калышат го. Ал эми Михаил Сергеевич Горбачёвдун тагдырына нефтинин баасы өтө төмөндөп кеткен эле. Кара мунайдын баасы өтө төмөндөп кетип, түбү союздун кыйрашына алып барды. Кризис бүткөндө нефть арзандай баштайт. Өлкөлөр каражатын алтын менен нефтиге салышат. Ошон үчүн алардын баасы асманга чыгып кетет. Мен Россияда да 2015-жылдан баштап нефти арзандай турганын жазып келем. Аларды да эскертип жатам, мындан беш жыл мурун жазгам. Диверсификация өткөрүп алгыла деп жатам. Булар андай болот деп ойлогон да эмес, нефтинин баасы жогору бойдон тура берет деп ойлошкон. Алтын менен нефти бирге. 1970-жылдары алтындын баасы миң долларга чейин чыгып, көтөрүлүп кеткен. “Кумтөр” алтын казуу проектисин ачыш үчүн болгон күчүмдү, билимимди, дипломатиямды аяган жокмун. Көз каранды мамлекеттерге биринчи валюта керек. Казакстандын металлы, нефть, газы бар эле. Алар 1990-жылдары металл сатып валюта алып жатышты. Бизде газ, металл, нефть жок. Жакынкы арада, эки-үч жылдан кийин алтындын баасы да төмөн түшөт. Кыргызстан чыр-чатак менен көп убакытты уттуруп койду. Алтындын баасы асмандап турганда Кыргызстан пайдасын көрүп калышы керек эле. Балким, былтыркы чыр-чатактан кийин бир жарым миллиард доллар зыянын тартып калдык. Алдын ала даярданып албасак кыйналып калабыз. Биз Кумтөрдөн алтын ала баштаганда алтындын баасы өтө төмөн болчу. Менимче, унция баасы 200–300 америка доллары турса керек. Кумтөр алтын кени иштеген күндөн бери мени сындап келишти. Алтындын баасы асмандап турган кезде пайдасын көрүп калыш керек эле. Дагы бир, эки жылдан кийин алтындын баасы нефтидей болуп түшүп кеткени турат. Ушунча жылдан бери валюта кайдан келүүдө? “Кумтөр” кенин иштетип, бутуна тургузуп бердим. Ушул кен-байлык иштегенден бери “Кумтөр” алтын кени мамлекетибизди багып келе жатат. Мен убагында чекиндүүлүк кылып бул кенди иштетип калбаганда эмне болот эле? Азыр мени жеп койду, ичип койду деп сындаш оңой. Бүт болгон күчүмдү, дипломатиямды колдонуп, АКШнын президенти, Канаданын жетекчилерине учуп барып, канча ирет жолуктум. Алар, бул проект кымбатка түшүп калат деп ачыгын айтышты. Бийик тоонун чокусу болгондуктан алтынды өндүрүү өтө кыйынга турары белгилүү болчу. Алтынды өндүрүү менен анын биржадагы баасы 300 америка долларын түзгөн. Ачык эле, эч кандай пайдасы жок дешти. “Камэко” фирмасына да ырахмат, кыска убакыттын ичинде акыркы үлгүдөгү заманбап, азыркы алтын өндүрүүчү комбинатты салып коюшту. “Кумтөр” алтын кени мындан дагы өндүрүмдүү жакшы иштеп бермек. Эгерде, биздин саясатчылар чыр- чатак салып, талашып, тартышып отуруп албаганда ишибиз дагы илгерилемек. Мындай жол менен алдыга кете албайбыз. Президентиңер алакан жайып карыз сурап жүрөт. Бул инвесторлор менен эл аралык деңгээлде, мыйзамдын тилинде гана компромиссттик жол менен иштеш керек. Биз да комбинат иштеп кетсин деп ошондой кадамдарга барганбыз. Инвестордун тилин таап, ошол учурда өзүбүздүн кызыкчылыкты да унутпай иштеш керек. Кыргыздарга гана иштеп, киреше албай иштеп берейин деген инвесторлор жок. Андайлар эч качан болбойт. Келген инвесторлор өзүнүн кызыкчылыгын жогору коюп келет. Башында мындай чоң гигант менен иштеп көрбөгөндүктөн бизден да кемчиликтер кетти. Мен туурасында айтылган сындарды көп угам.

Иштеген адамда сөзсүз кемчиликтер болот экен. Баары эле жомоктогудай болду дегенден алысмын. Инвесторлого жакшы климат түзүп бербесең алар келбейт. Чет өлкөлүк инвесторду биздин душман дей берсек, бизге ким келет? Баарын качырып алабыз. “Кумтөрдүн” артынан бизге инвесторлордун агымы пайда болгон. Токмокто мыкты, акыркы үлгүдөгү айнек заводу курулган, андан башка тамеки завод иштей баштаган. Аларды азыр иштебей жатат деп уктум. 2005-жылы мамлекеттик төңкөрүш болуп, революциялык бийлик келгенден бери алтындын баасы, унциясы 2000 америка долларына чыкты. Алтын кени иштеп мамлекеттин казынасына, бюджетке акча түшө баштады. Азыркы күндө биржада алтындын унциясы 1200 америка долларына түштү. Валюта түшүрө турган бирден бир булагыбыз “Кумтөр” экенин унутпайлы. Биргелешип иштегенден эки тарап тең утат. Мени кур эле жамандагандарга валюта тапкан алтын комбинатын курдуртуп бердим. Ошол алтындын эсебинен мамлекетибиз жашап жатат. “Кумтөр” алтын кени иштебегенде азыр эмне болот эле? Тышкы карыз төрт миллиард долларга жакындап калыптыр. Карыз сураганды токтотуш керек! Ал эми Акаев “Кумтөр” алтын кенинин учредители экен, ал тургай өз үлүшүн алып турат экен” деген сөздөргө мындайча жооп берет элем. Мен жана менин үй-бүлөм эч качан “Кумтөргө” учредитель болгон эмес. Эч кандай дивидент да албайбыз! Көө жапкандын да чеги болуш керек.

— Легендарлуу парламентте союз кезиндеги эски союздук көз караштагы адамдар көп болчу. Алар бут тосуштубу?

— Абдан. Бирок талашып-тартышып отуруп көбүн ынандырат элек. Кайра колдоп беришчү. Ошондо парламенттин депутаттары премьер-министр Турсунбек Чыңгышевди туура эмес кетирип коюшту.

— Менин эсимде, аны парламент отставкага кетиргенде сиз анын жанына басып барып бир нерселерди сүйлөштүңүз. Эгер жашыруун болбосо эмне туурасында сөз болду эле? Бизге табышмак бойдон калды…

— Эми, “…парламент сени кетирип, туура эмес кадамга барышты, отставканы достойно кабыл алып коё бер. Моралдык колдоо көрсөтөм, жумушсуз калбайсың!”-деп айткам.

— Аскар Акаевич, сиз өз сөзүңүздө бир-эки жылдан кийин алтындын баасы төмөндөп кетет деп айттыңыз. Анан депутат Текебаевдер баш болгон топ алтын кенин улутташтырабыз деп жатышат. Буга кандай карайсыз? Канадалыктар, “тойдум байдын кызынан”-деп кетип калышы мүмкүнбү?

— Бул эң туура эмес кадам. Эми, Текебаевдердин да жеке кызыкчылыгы болсо керек. Биринчиден улутташтыра алышпайт. Эгерде бүгүн ошондой чечимдер чыкса, бүрсүгүнү инвесторлор эл аралык сотко берет. Инвестолор сотто утуп алат. Эл аралык сот Кыргызстандын мойнуна дагы эки, үч миллиард долларды илип коёт. Анан кайда барабыз?

— “Ата-Мекен” партиясынын лидери, биз соттон утабыз деп ишенимдүү айтып жатат. Балким алардын артында чет өлкөлүк алтын өндүрүүчү фирмалар турган жокпу?

— Ушундай саясый оюндардын зыяны көп тийүүдө. Бул инвесторлор менен компромиссттик тил табышуу, мыйзамдын тили менен гана иштеш керек. Канадалыктар биз тойдук деп кетип калышса, биз өзүбүз иштете алабызбы? Кыргыз саясый элитасында куру сөз менен тили буудай кууругандар көп. Президентиңер, мен таап келген грант акчага уурдап алган заводдорун иштете алдыбы? Ал эмне деген гигант заводдор эле. Талкалап салды го ал завддорду. Канадалык инвесторлор адам баласы жашай албай турган жерге заманбап завод куруп койду. Советтер Союзунда да мындай бийикте иштете турган технология жок болчу. Алтындын баасы түшүп кетсе болду. Чырдашасыңбы, соттошосуңбу, андан пайда жок. Кандай болгон күндө да “Кумтөр” менин президенттик мезгилимдеги чечкиндүү кадамым, эң жемиштүү эмгегим деп билем. Мен жасап берген проекттин жардамы менен мени күнөөлөгөн оппозициям он жылдан бери Кыргызстанды багып келе жатат. “Ушул иши үчүн Акаевге ырахмат!”-деп сөз айтып койгонго жарашпады. Артымдан ит кубалагандай шыбап, жамандап келишет.

— Ушул алтын кени Насирдин Исановдун башын жеди дешип, эки ирет парламенттин тарашына алып келди деген сөздөрдү айтып калышат.

— Насирдин Исанов чынында башкача адам эле. Мен иштешкен премьер-министрлердин арасынан эффективдүү иштешкеним Исанов болду. Өзү да Москвадан курулушчулардын окуусун бүткөн экен. Мен илимдин адамы болгондуктан чарба иштерин аткарууда Исановдун жардамы мага көп тийди. Жашырганда эмне, ошол күндөрү мен анын жардамына муктаж элем. Ал жетекчилик кызматтарда жүрүп, бир топ эле такшалып калган экен. Анын жардамы мага көп тийди. Экөөбүздүн мүнөздөрүбүз да окшош эле. Эми, кырсык болду, үй-бүлөсүнө, бул жалпы кыргыз эли, мен үчүн да чоң жоготуу, трагедиялуу окуя болду.

— Туңгуч премьер-министрибиз Насирдин Исановдун өлүмүнө, анын көзүн тазалоодо сиздин да тиешеңиз бар деп эл арасында айтылып жүргөн сөздөргө эмне деп жооп берет элеңиз?

— Ооба. Ал сөздөрдү мен да угуп жүрөм. Ал тургай мен “Сиабеконун” жетекчилигине айтып өлтүргөн деп чыккан сөздөрдү угуп, тобо деп жакамды кармадым. “Сиабеко” фирмасын биринчи тапкан Чыңгыз Айтматов болгон. Баласы Санжар Айтматовду ошолордун фирмасына жумушка орноштурат. Ал жерден жакшы айлык алып турган.

— Эл арасында айтылып жүргөн имиштердин арасында ошол Кочкор-Ата кичи шаарчасына жакын, азыркы Ноокен районунун терриоторясында премьер-министр Насирдин Исанов каза болот. Калгандарынын колу сынып, маңдайлары чийилген да эмес. Бирштейн өз жансакчылары менен Андижан аркылуу чет өлкөгө чыгып кетүүгө үлгүрөт. Эмне үчүн, коопсуздук кызматы, чек арачыларга кабар берип, аларды убактылуу камап, сурак берүү кадамдары болгон эмес?

— Эми, премьер-министр Исанов каза болгондо биз да өзүбүздү жоготуп койдук. Бул кайгылуу окуяны биз күткөн эмес элек. Кемчиликтер болду. Ошон үчүн ар кандай такталбаган сөздөр эл арасында айтылып жүрөт.

— Аскар Акаевич, мен укканыма караганда Насирдин Исанов “Кумтөр” проектисине каршы болгону чынбы? Анткени ал, “…бул алтын кени кыргыз элинин кызыкчылыгына каршы иштей турган проект экен”-деп өз жакындарына айткан деген сөздөр да айтылып жүрөт.

— Бул сөздөрдүн баарысы жөө жомок. “Сиабекону” алып келгендердин бири Насирдин Исанов эле десем чалкаңардан кетесиңер. Анан бир күнү, Насирдин Исанович Москвадан Чыңгыз Айтматовго жолукканын, анан жазуучу агабыз “бир чоң инвестор тапканын, Кыргызстандын пайдасына иштетсеңер пайдалуу болот беле? Алып келсек болобу?”-деп айтыптыр. Мен анда “Чыңгыз ага айтса көрөлү”-деп койдум. Көрсө Москвадан Чыңгыз Айтматов менен жолугуп,”Сиабеконун” жетекчилиги болуп жакындан таанышыптыр. Москвадан келген соң,”Уруксат берсеңиз алар менен иштешип көрөлү?”-деди Исанов. Бул жерде, таза кырсык эле болгон. Исанов “Сиабеконун” жетекчиси Бирштейн менен түштүккө чогуу кетишкен болчу. Дагы бир кен байлыктарды көрүп келиш үчүн командировкага барышкан. Бул болгон кырсыктын айланасында да бир топ саясат кылышты. Чыңгыз Айтматов айткандан кийин өзү инициатор болуп, “Сиабекону” бизге алып келишкендердин бири Исанов болчу. Парламенттеги оппозициялык маанайдагы депутаттар асыла берип “Сиабеко” бизден кетип калды.

— Жанагы Турдакун Усубалиевдин “Алтын чыры” ушундан чыккан да…

— Ооба. Биз Швейцарияга кеткен алтындын ар бир граммына чейин Жогорку Кеңештин депутаттарынын алдында эсептеп бергенбиз. Мен өткөнгө таш ыргыткан адам эмесмин. Усубалиев менен Масалиев туурасында жакшы гана пикирдемин. Экөө тең Кыргызстанды башкарышып, артынан жакшы гана сөз калтырышты. Бирок, Бирштейн бизге “Камэкону” таап берди. Ал кезде деле топ-топ болушуп “алтынды биз казалы”-деп келип-кетип жатышкан, Кыргызстанга кириш да кыйын болчу.

— Аскар Акаевич, мен Насирдин Исановичтин аялынан маек алган элем. Ошондо катуу ооруп жатып калып, Исанов “Аскар Акаевич, мен катуу ооруп жатам, менин ордума Фишерди жөнөтүңүз?”- деп сизден суранган экен. Ал эми сиз “Насирдин Исанович, сиз өзүңүз эле барып келиңиз!”- деген экенсиз.

— Жок. Андай болгон эмес, мен колумду жүрөгүмө коюп туруп, чындыгын айтып бере алам. Мен өзүм да Насыкемди жогорку маданияты бар инсан катары жакшы көрчүмүн. Кыска убакыт болсо да бири-бирибизге таянып жакшы иштештик. Ал үчүн мен сыймыктанам. Жаман сөз айтмак түгүл, үндөрүбүздү жогору көтөрүп сүйлөшкөн эмеспиз.

— Аскар Акаевич, президент болуп келериңиз менен студент кездеги “питерлик” досторуңузду, анан илимдеги “аспиранттарыңызды”, жакын санаалаштарыңызды жогорку кызматтарга койдурдуңуз. Ошолордун бири – эл арасында “Доссекретарь” аталган Мисир Ашыркулов. Кийин анын үйүнө граната ыргытылып, аз жерден аман калганы окурмандарга маалым. Бул кол салуу эскертүү иретинде болгону, анын артында Акаев өзү турган деген маалыматтар гезит беттеринде жарыяланып кеткен жайы бар эле. Аны өзүңүз деле окуган болсоңуз керек. Сиздин версияңызды угалычы…

— Мисирге кол салды деген калп. Бул ушак сөздөрдү да менин душмандарым кадыр-баркымды түшүрүү максатында таратышканы маалым. Учурунда, бизге окшогон көптөгөн кыргыз жаштары Советтер Союзунун жогорку окуу жайларынан окуп билим алдык. Жаштардын баарысы билим алууга аябай ынтызар болчу. Совет доору бизге окшогон жөнөкөй үй-бүлөдөн чыккан жаштар үчүн өзүнчө эле ренессанс болгон. Совет доору Чыңгыз Айтматов, Болот Миңжылкыев, Тургунбай Садыков, Төлөмүш Океев, Болот Шамшиев, Бүбүсара Бейшеналиева ж.  б. атактуу адамдарыбызды берди. Алардын арасында мен дагы Ленинградда окуп, билим алдым. Биз менен Мисир Ашыркулов, Дастан Сарыгулов ж.  б. кыргыз элине таанымал жаштар окушту. Экөө тең илим-билимдүү адамдардан болчу. Кийин президент болгондо аларды өзүмүн жаныма тартып, кызмат бердим. Башта жогорку кызматта иштеген тааныштарым болбогондон кийин мен сен айткандай “питерлик” досторума, “аспиранттарыма” ишендим. Башында баарыбыз шымалана кирип, баш-отубуз менен иштедик. Албетте иштеген жерде ийгилик менен кемчилик болот эмеспи. Жакын адамдарың кемчилик кылса, түшүнөөр, башкаларга үлгү болсун деп кээде катуурак айтасың же такыр эле начар иштесе кызматтан кетиресиң. Кыргыздын саясый элитасынын бир кемчилиги, жаман бир сапаты бар. Кыргыздын жетекчилери кызматтан кетээри менен эле эртеси оппозицияга жетип барышат. Менден да кемчилик кеткен үчүн кетирсе керек деген ой башына келбейт. Баарына ушул Акаев күнөөлүү, президент ката кетирди деп айта башташат. Ушул барьерден биздин саясатчылар өтмөйүн оңолушпайт. Мен учурунда ушуларга жакшылык жасап жатканда кийин ушулар менин элдешкис душманыма айланат деп ойлогон эмесмин. Ушул, сен жазгандай “питерлик досторум” мамлекет үчүн башкаларга караганда эки-үч эсе таза, билектерин түрүнө иштеп берет деген жаш балдардын таза сезиминдей ойлор менде да болгон. Эң кыйын учурда ушул досторум менин таянар тоом болуп берет деп ойлочумун. Студенттик кезден бери келе жаткан досторум, кызматтык кресло, карьера үчүн мага каршы кадамдарга барышты. Жеке амбициясы, саясый карьералары үчүн, менин ишенген досторум чак түштө сатып кетишти. Биз кантип Мисирге кол салабыз. Биздин ортобуз баштагыдай болбой, солгундап калганы чындык. Кол салуу болгонун укканда анын өмүрүн тиледим. Ортодон бузукулар чыгышып, башка келбеген нерселерди ойлоп табышты. Кудайга койдум! Алардын алдында актанып отурбайм. Мен бир нерсени айтып койсомбу деген оюм бар. Ошолордун арасында жүргөн Сарыгулов Дастан туурасында айта кетсем.

— Аскар Акаевич, Дастан байке боюнча өзүнчө суроо бар. Ал эми, дагы бир студенттик кездеги “үй-бүлөлүк досуңуз” Дастан Сарыгулов сөзмө-сөз мындай деп жазган:-“Ууру Акаевдердин үй-бүлөлүк шайкасы энергетика тармагынын каражаттарын уурдоонун эсебинен жеке баюу үчүн бирдиктүү энергетика системасын төрткө бөлүштүрүүчү компанияга бөлүп жана электр энергиясын дүңүнөн кайра сатуучу оңдогон жеке компанияларды түздү “-деп гезиттерге жазган эле. Дагы бир “питерлик” досуңуздун сизге койгон дооматына кандай карайсыз?

— Мен Дастан Сарыгуловду Кудайга койдум! Сен айткандай колумдан келишинче көтөрмөлөдүм, кыйла жогорку кызматтарга койдум. Кыргыздын “малдын аласы сыртында, адамдыкы ичинде” дегендей жакын адамдарымдын артымдан бычак саярын, алардын чыккынчылыгын күткөн эмес элем. Энергетикада биз чоң реформа жасадык. Баштагыдай жоготуу, энергетиканы уурдоо азайды. Эми, Дастан Исламович, табиятынан бирөөнүн ийгилигин көрө албаган ичи тардыгы бар адам экенин аны тааныгандар жакшы билишет.

— Ошону менен катар Дастан байке балаңыз Айдар, Назарбаевдин кызына үйлөнгөндө “Аялы Майрам Акаева тойго кошумча деп “…бир миллион доллар акча сураган. Алар сураган өтө чоң суммадагы акчаны бербей койгон соң мени “Кыргызалтындын” жетекчилигинен кетиришкен,” деп айтканы бар эле. Дастан Сарыгуловду жакшы эле көтөрмөлөдүңүз. Жогорку Кеңешке депутат, Талас областына губернатор,”Кыргызалтынга” президент кылдыңыз. Мамилеңиздер эмнеден бузулган болчу?

— Ушул Мисир Ашыркулов, Дастан Сарыгуловдор биздин үйүбүздөн чыкпай эле, сыйыбызды көрүшүп, көзүбүз менен чарк айланып эле жүргөн адамдар болчу. Анчалык сөз кылган соң, ошол ортомчу ким болгонун Дастан айтып бербейби? Миллион доллардын айланасында сөз кылып жатат. Эми, Дастандан акча сурасак аны ортомчусу жок эле сурамакбыз. Ал жакын адамыбыз болгондуктан, биздин үйгө тынбай келип турган адамдардын бири болчу. Анчалык акча керек болуп турса, өзүнөн эле сурайт элек да. Туурабы?

— Дастан Сарыгулов менен студенттик күндөрдө бир кесим нанды бөлүп жеген адамдардан болгонуңузду окурмандар деле жакшы билишет. Ал эми, кызматтан кетишине башка себептер да болгонбу?

— Бийлик менен байлык адамдарды бузат экен. Курсагыбыз ач, жетип-жетпей жүргөн студенттик күндөрдө ушул Дастандан өткөн сыпайы, кичи-пейил, маданияттуу адам жок эле. Кээ бир адамдар жылкы мүнөз болушат дегенде Дастан Сарыгуловду эстеймин. Кызматтан көтөрүлгөн сайын анын мүнөзү өзгөрүлгөнүн менин досторум айта баштады. Дастан Исламовичтин, биринчи “чыккынчылык” кылганы да алтындан чыккан. Өзүң билесиң, ал нерсе парламентте катуу көтөрүлүп чыккан эле. Алтын ызы-чуусу башталганда ага жооп бере турган Дастан Исламович болчу. Анткени ал “Кыргызалтындын” төрагасы болуп иштеп жүргөн. Андан да Жогорку Кеңештин депутаты болгондуктан, залдагы депутаттар аны колдоп кетишти. Анын ордуна Чыңгышев депутаттардын сөгүшүн угуп, мушун жеп, жок жерден кызматтан кетти. “Кыргызалтындын” жетекчиси катары кеткен кемчиликтер үчүн Сарыгулов жооп бериш керек эле. Ошондо Чыңгышев деле мага жакшы сөз айткан жок. Бирок, калыс сөзүмдү айтсам Чыңгышев премьер-министр катары Дастан Исламовичтин кетирген кемчиликтери үчүн кызматтан кеткенин айтып койгонум оң болот го. Ошондо Сарыгулов өз күнөөсүн мойнуна алар бекен десем албады. Ал жөнүндө чындыкты жазган журналисттерди каматканга чейин барды. Канча журналисттер менен соттошту. Кийин да Сарыгуловдун 1998-жылы дагы “Кумтөр” боюнча дагы бир “чырлуу” иши чыгып калды. Өкмөттүн колдоосун албай, өкмөттүн чечими жок эле “Камеко” менен жеке өзү сүйлөшүп, жеңилдик берип койгон экен. Бул өтө чоң кылмыш деп айтсам болот. Мыйзам боюнча Өкмөттүн чечимин алып, анан өкмөткө сунуш кылып, кайра анын чечими менен берилиши керек эле. Дастан Сарыгулов өзүм билемдик кылып “Кыргызалтындын” атынан ушундай чечимди чыгарган. Ушулар далилденгенден кийин аны ээлеген кызматынан кетирдик. Эң жаман жери, жакын деп жүргөн досторуңдун сатып кеткени өтө өкүнүчтүү. Мени коргоп алып калбадың дегендей мага кыр көрсөтүп, таарынып да жүрдү. Жанагындай былыгы көрүнүп, коомчулукка чыгып жатса мен аны кантип коргоп калам. Анда башка министрлерге менин тилим өтөт беле? Жок! Досторуңду деле бийлик, кызматтык карьера деген бузат экен да…

— Дастан байке, “Камекого” жеңилдик берип койгонун айтпайт го такыр…

— Өзү билемдик менен чечип, канадалыктарга жеңилдик берип койгону далилденип калды. Мыйзам боюнча өкмөттүн чечимин алып, өкмөткө сунуш кылыш керек эле. Өкмөттүн чечими менен гана бериш керек экенин билип туруп Дастан Сарыгулов “Кыргызалтындын” атынан эле өз билемдик менен чечимин чыгарып, жеңилдиктерди берип койгону үчүн ырахмат айтып, же жаап-жашырып коюшум керек беле? Менин досторума тилим өтпөсө, анда менин эмнем президент! Бийлик, кызмат деген жанагы бал челектеги балдай өтө таттуу нерсе болот эмеспи. Ошол балдан ажырашкан соң менин “досторум” артымдан не деген гана ыплас сөздөрдү айтышып, жөө жомокторду ойлоп таап, каралашкан жок. Баарынын өз абийирине койдум.

— Он төрт жылдык президенттик кызматтан кеткенден кийин, сиздин жаныңызда жүрүп кимдер сатып кеткенин айта аласызбы?

— Мени кимдер сатып кетишкени белгилүү болсо керек. Алардын аттарын айтпасам деле акылман элибиз жакшы билишет го деп ойлойм. Саясый элитанын арасынан азыр деле мени сыйлаган адамдар көп. Мени колдоп, кызматта жок эле адамдар телефон аркылуу байланышып, жакшы сөздөрүн, калоо тилектерин айтышып турушат. Андай адамдарга ырахматымды гана айтам.

— Башыңызга оор күн түшкөндө кимдер колдогонун билсек болобу?

— Жок. Айтсам деле болот, бирок менин айткандарымдын зыяны да тийип калышы мүмкүн. Алардын аттарын айта албайм, анткени кээлери чоң кызматтарда иштешет, бийликте отургандар Акаев менен байланышы бар экен деп кызматтарынан кетирип, куугунтукташы да мүмкүн. Андан да арасында чоң бизнеси бар адамдар да кездешет. Алардын атын айтып койсом бизнестерине тоскоолдук кылаары белгилүү иш. Мага келип кеткен кээ бир адамдарды, сабашып, ур токмокко алышкан учурлар болду. Алардын кээ бирлери ооруканага жатып чыгышты.

— Аскар Акаевич, Абдыгул Чотбаев, Болот Жанузаков менен Абдил Сегизбаев сизди катуу колдогону үчүн токмок жешти.

— Туура айтасың, генерал Чотбаев, Жанузаков, Сегизбаевге мен ыраазымын. Аларга дайыма ден-соолук, үй-бүлөсүндө дайыма жакшылыктарды гана каалаймын. Элдин арасында мени колдогондор деле көп болсо керек деп ойлойм. Карапайым элден айланып кетсе болот. Жүзүм жарык, колумдан келишинче мамлекетим үчүн иштеп бердим, мен элдин канын төккөн жокмун. Мезгили келет, ошондо акылман элим мени да коргоп алат деген көкүрөгүмдө жакшынакай тилектерим, ишеничтерим бар.

— Башка кыйынчылык түшкөндө, чыныгы достор гана жаныңда калат деген  пикир бар. Президенттик кызматтан кеткенден кийин студенттик кездеги чыныгы досторуңуздун кимиси оор учурда мезгилдин таразасынан өтүп, үй-бүлөңүздүн жанында болуп, сиздерди сатпай тикесинен-тике тура алышты?

— Чынын айтсам, чыныгы досторуң гана электен өтүп жаныңда калышат экен. Мен аларга ырахмат гана айтам. Мына ошондой, байлыкка, бийликке сатылбаган досторубуз бар экенине мен дагы, үй-бүлөм менен сыймыктанабыз. Кызматта жүргөн жакын санаалаштар, доспуз дегендер башыбызга оор күн түшкөндө жанагы сууга чөгүп бара жаткан кемеден качкан келемиштердей, аларды таппай калдык. Албетте баарысы эмес…Чыныгы досторум менен азыр да катташып турабыз. Кимдер экенин айта албайм, анткени алардын балдар-кыздары азыркы бийлик менен иштешип жаткандары бар. Акаев менен байланышы бар экен деп кызматтан кетирип салышы мүмкүн. Алардын аты-жөнүн ачыкка чыгарбай эле койгонум оңго деп турам.

— Президент катары Кыргызстандан чыгып кете элегиңизде, башыңызга оор сыноо турганда, кечээ эле сиз үчүн жанын кыйууга даяр болгон КТРдин “теле жылдызы” болгон Мамкатчыңыз Осмонакун Ибраимов өз калоосу менен чөгүп бараткан кемеден качкан “келемиштей” болуп кызматтан кеткенин укканда кандай ойдо болдуңуз?

— Эми, саясаттагы жакын адамдарыңдын 90 пайызы сатып кетээрин өз башыман өткөргөн соң түшүндүм. Башында айтып кеттим го, бу бийлик деген баарын бузат экен. Тагдыр ушундай тура. Албетте, таяна турган адамдарыңдын бири деп жүргөн Осмонакун мырзага окшогондор шашыла кызматтан кетүү боюнча арызын жазганы мени аябай таң калтырды. Биринчилерден болуп кемеден качып баратканын көргөнүң жаман экен. Андай көрпенделер да аман эле болушсун. Алар туурасында жаман ой да айткым келбейт…Кудайга койдум!-деп гана коём.

— Баткен окуясы боюнча, бир кездеги сиздин шакиртиңиз, ыраматылык Медет Садыркулов сотто “500 миң америка долларын Акаевдин кабинетие алып барып бергенмин,”-деп айткан сөзү ММК беттерине жарык көрүп кеткен. Ал эмне болгон акча экени, неге сиздин кабинетиңизге Садыркулов алып барганы бизге туңгуюк бойдон калды. Ошол акча боюнча сиздин өз оозуңуздардан угалычы…

— Ыраматылык адамдар туурасында жаман сөз айтыш болбойт. Суроо берилип жаткан соң жооп бергеним туура го. Ошолордун арасында Акаев миллиондоп акча алган деп, кечээ эле колдоп жүргөн адамдар кийиңки бийликтен кызмат алыш үчүн мени жамандаганга чейин барышты. Ошонун ичинде Садыркулов да жүрөт. Мени каралаганы үчүн ошондо эле Кудайга койгон элем. Баарына Кудай калыс болсун деп. Ал эми Медет Садыркуловго да токтоло кетейин. Ушул жигитти да жогорку даражадагы кызматтарга коюп жүргөн мен элем. Мен президенттиктен кеткен соң, кызмат алыш үчүн Медет Садыркулов сотто, оозу-мурду кыйшайбай, “Мен портфелге 500 миң америка долларын салып, Акаевдин кабинетине алып кирип бергенмин,”-деп мага жалаа жаап айтканы таң калыштуу болду. Анын айтканы боюнча, мен Улуттук Банктын төрагасы Улан Сарбановго жөнөткөн имишмин. Маркум адамга жаман сөз айтыш кыйын болсо да мен өз чындыгымды айтайын. Мени Бакиевге жамандап, сатып алган кызматы деле өзүнө буйрубай калды. Өмүрүнүн аягы кандай аяктаганын көрдүңөр. Жакшы адамдар да көп, мени колдоп болгон чындыкты айтып, кызматсыз да калышты. Бирок тигилердин алдында сынышкан жок. Улуттук банктын төрагасы Улан Сарбанов менен финансы министри Султан Медеров сотто, менин жанагы 500 миң америка долларын алып кел деп Медет Садыркуловго айтканым калп болуп чыкты. Сарбанов менен Медеров сотто аягына чейин туруп “Аскар Акаевге биз эч качан 500 миң доллар акча берген эмеспиз! Ал тургай миң доллар да сураган жок!”-деп болгон чындыгын айтышты. Кызматынан ажырашты, бирок сотто чындыкты гана айтышып, инсандык жүзүн сактап калышты. Тиги эки жигитке миң мертебе ыраазымын, ырахмат гана айтам, менин эл алдындагы абийиримди сактап беришти. Кудай аларга өмүр берсин деп жакшылыктарды гана каалап жүрөм. Жаңы келген бийлик, ошол кездеги премьер-министр Данияр Үсөнов менен Башкы прокурор Азимбек Бекназаров бир жылдай менин ишимди изилдеп көрүштү го. Эмне табышты? Ал тургай чет өлкөдө болсо керек деп Либерман дегенди акчага жалдашты. Латын Амеркасындагылар да учурунда Либерманды колдонуп көрүшкөн. Ошого жарым миллион доллар беришип менин байлыктарымды чет өлкөдөн да издеп көрүштү. Табыштыбы? Жок! Азимбек Бекназаров деген менин эң ярый оппонентим бар, ал бир цент таба алган жокпуз деп айтты. Ушул сөздөн кийин мен эч качан актанбайм. Акаевдин байлыктарын издеген комиссия ушинтип чечим чыгарган. Жаман айтпай жакшы жок деп коюшат го. Бир эле сөз менен жооп берет элем. Машиналарымды тартып алышты. Башка байлыктарымды тоношту, ага ичим деле күйгөн жок. Менин өкүнгөнүм эле китепканамды тоноп кетишкени болду.

— Буга чейин да бир маегиңизде, кызматтан кеткенден да уникалдуу китептериңиздин тонолуп, жок болуп кеткенине ичиңиз ачышып, өкүнгөнүңүздү окуган элем.

— Ооба. Менин бир гана ичим ачышканы, өтө уникалдуу китепканамды тоноп кетишкени болду. Илимпоз катары, бул менин өмүр бою топтогон байлыгым, китепканам эле. Менин жубайым да окмуштуу, экөөбүз Ленинградда окуган кезден бери чогулткан өтө сейрек китептерибиз бар болчу. Россиянын жетекчилигине да китепканамды сактап калганга жардам бергиле деп кайрылдым. Президенттик убакта чет өлкөлөрдөн да канчалаган китептерди алып келип жүрдүм. Мен президент катары чет өлкөлөргө расмий сапар менен барганымда, окмуштуу экенимди билген президенттери, королдору чанда гана кездешчү китептерди мага белекке беришчү. Мага китептен өткөн байлык жок болчу. Иранда болгонумда, алардын президенти мага Хафиз Саадинин 1400-жылы чыккан, бир нече томдук китептерин белекке берди. Чындыгында чанда жолуктурчу раритет китеп болчу. Кытайдын лидери Цзян-Цземинь белекке берген китептер бар эле. Өтө сейрек учурай турган раритет китептерибиз бар эле. Ошолордун тонолуп кеткенине ичим күйдү.

— Сиз айтып, жаныңыз ачышып жаткан китептерди мамлекеттин акчасына деле сатып алуу кыйынга турса керек.

— Мамлекет да эч качан мындай кымбат баалуу китептерди сатып ала албайт. Эми он бешинчи кылымда чыккан “Искандер нааме” деген уникалдуу он томдук китебим бар эле. Ал китептер биздин келечек муун үчүн деле пайдасы көбүрөөк тиймек. Мендеги китептердин баарын презденттик китепканага жайгаштырсам деген асыл оюм бар эле.

— Ошол айткан китепканаңыздын тагдыры эмне болду?

— Мен академиянын президенти болуп турганда Карыбек Молдобаев мени чакырып,”Аскар Акаевич, мына академиянын президенти болдуң. Сен өтө жупуну адамсың, турмуш тиричилигиңе жардам кылалы. Сага үй берелиби же участок берелиби?”-деп калды. Мен үйдөгүлөр менен сүйлөшүп, акылдашып, кеңешип дегендей жер участогун алууга оюбуз кетти. Ал жер участогу Бөкөнбаев көчөсүндө болчу.

— Жанагы Бөкөнбаев көчөсүндөгү, азыркы Жаштар жана миграция министрлиги жайгашкан үйбү?

— Ооба. Ошол жерде бир топ академиктер жашаган. Бир ирет, сүйлөшүп отурганда академик Санжарбек Данияров “Биздин жаныбызда бош жер бар. Ошол жерди сурап көрбөйсүңбү?”- деп калды. Карыбек Молдобаевич менен Борбордук Комитетте иштей элек кезде деле экөөбүздүн мамилебиз абдан жакшы болчу. Академик Данияров айткан жер участогун айтсам, “Мен алып берүүгө жардам берем,”-деп ошол жерди алууга чечим чыгарып берген. Ал жер участогун Илимдер академиясынын президенти катары алган элем. Өз үй-бүлөбүздүн каражатыбызга эки кабат коттедж салдыргам. Анын жанында эски балдар бакчасы бар эле. Ошол жерге китепкана салдыруу боюнча оюмду айтсам, өзүмдүн шакирттерим Кубанычбек Жумалиев ж.  б. туура көрүшүп колдошуп, ал жерди китепканага менчиктештиргенбиз. Ремонт иштерин баштап китептеримдин көбүн ошол жерге алып барган элем. Көптөгөн раритет китептерим менин кабинетимде да турган. Ак үйдү басып алганда, менин кабинетиме киришип китептерди чачып, көпчүлүгүн айрып салышкандарын уктум. Ал адамдар китептин баркын, касиетин билишмек беле.

— Өздүк китепканаңызда жалпысынан канча миң китебиңиз бар эле?

— Китепканамда беш миңден ашык өтө кымбат, сейрек учуроочу баалуу китептерим бар эле. Бийлигимди тартып алышканда да кабагым-кашым деген жокмун. Бул сөздөрдү айтып жатканыма, Акаев буюмдарына эле ичи күйүп жатат деп ойлошу да мүмкүн. Бекен иним, өзүң чыгармачыл адам катары Хафис Саадинин 1400-жылы чыгарылган томдуктары, чыгармалары не деген байлык экенин жакшы түшүнөсүң.

— Аскар Акаевич, президент болуп турган он төрт жыл ичинде эгемендүүлүктүн алгачкы күндөрүнөн баштап, саясый стабилдүүлүктү орнотуу, экономикалык жактан Кыргызстан үчүн эмнелерди жасай алдым деп айта аласыз?

— Маектин башында айттым окшойт. Биринчи болуп Кыргызстандын түндүгү менен түштүгүн бириктирип турган Бишкек-Ош жолун реконструкциялоону баштадык. Бул биздин элибиз үчүн аба менен суудай керек болчу. 600 чакырым жолду биз 300 млн долларга курганбыз. Азыр, ар бир чакырымын он, жыйырма миллион долларга бүтүрүп жатышат. Биз ошондо жолдорду өтө үнөмдүү курдук. 1990-жылдары Кудайга шүгүр коңшу казак, өзбектерден артта калган жокпуз. 2000-жылдары казактардын нефтисинин баасы көтөрүлүп кетти. Жер реформасын биз тез эле өткөрүп жибергендиктен алдыга кеттик. Акаев менен Талгарбеков айыл-чарбасын талкалап салды деп сындап келишет. Кыргыздар башка улуттарга караганда эртерээк жердин кожоюну болушту. Бизде канчалаган адамдар буттарына турган фермерлерге, ишкерлерге айланышты. Колхоз, совхоздордон алган коюн, малын базарга алып барып, болбогон акчага сатып жибергендер отуруп калышты. Нарын тарапка барсаңар, жеке менчик адамдардын малдары жайлоолорго батпай калды. Мен президент катары түштүктү көп кыдырдым. Ошол жылдары мына өзгөчө кыргыз айылдары менен чектеш жерлерде өзбек дыйкандары кетмендерин көтөрүп Кыргызстанга иштегени келишкенин өз көзүм менен көрүп калдым. Кетмен көтөрүп турган өзбек туугандарды көрүп көзүң кубанчу. Анткени алар күнүмдүк акча табыш үчүн Жалал-Абад менен Оштун чек ара айылдарына нан тапканы жумушка келишчү. Жер реформасын өз убагында өткөргөнбүз.

— Сиз өлкөнү жетектеп турган мезгилде Таш-Көмүр ГЭСи да курулуп бүттү окшойт. Бул гидро түйүнү өтө оор учурда салынганын көрүп калдык.

— Ооба. Таш-Көмүр ГЭСин да бүтүрдүк. Ушул жерде Бакирдин Сартказиевдин эмгегин баса айтышым керек болуп турат. Анын энергетика тармагында эмгеги абдан зор экени көп айтылбай келет. Популист эмес адамдарды элдер тез эле унутуп коюшат. Ал эмгекчил адам, популист эмес. Биздин республикабыздын энергетикасы өтө кыйын мезгилде ал, оор кырдаалдан алып чыгып кетти. Ал өзү, жасаган ишин эч качан мактанып айтпайт. Таш-Көмүрдүн бүтүшүндө ал тикесинен-тике турду. Сартказыевдин убагында канчалаган узундуктагы ЛЭПтер курулду. Кеч болсо да, эл билсин деп айтып койгонум оң го.

— Ошол кездерде дүйнөлүк саясат татаалдашып, НАТОнун, АКШнын куралдуу күчтөрү Манас аба майданына келип жайгашкан учур болчу. Сиздин кызматтан кетишиңиз Гансиден башталат деп уккан жайым бар эле. Мен уккан маалыматтын канчалык деңгээлде чындыгы бар?

— Кандайдыр бир деңгээлде сен чындыкты айтып жатасың. Ошол кезде Орто Азия боюнча, биздин авианавигация эң жаңы үлгүдөгү болчу.

Ал навигацияны француздар жасаган эле. Француздар акыркы үлгүдөгү аппараттарды Ошко да коюшкан. Бул коюлган навигациялык аппаратуралар бардык самолёттор үчүн ыңгайлуу эле. Америкалыктар суранып туруп алышты. Манас аба майданы Европа менен Чыгыш Азия өлкөлөрүн бириктире турган авиа түйүнү болуп калса экен деген жакшы тилектерим бар эле. Ооганстанда согуш күчөп биздин оюбуз ишке ашпай калды.

— АКШ менен НАТОго Манас аба майданын берип койдуң деп Россиянын бийлик төбөлдөрү сизге кысым кылган жокпу?

— Биз, Манас аба майданын НАТО менен АКШга берээрден мурун Россиянын жетекчилигине акылдашып, анан чечкенбиз. АКШда 11-сентябрдагы терракт болгондо аларды дүйнө жүзү баш болуп, Россия, Казакстан деле колдоп чыккан эле. Баткен жергесине боевиктер келгенин биз дагы эске алып АКШны колдогонбуз. Баткен жеринде кандуу согушта 50дөй кырчын жигиттерибиз окко учканы маалым. Ооганстандагы террористтерди жок кылуу үчүн АКШнын генералдары, жетекчилери Манас аба майданын бир эле жылга суранышкан. Мен ошолорго ишенип ката кетиргеним эсимде.

— Америкалыктар качан кетээрин, президент катары сизге айтышкан жокпу?

— Ооганстандагы согушу бүтсө эле америкалыктар Манас аэропортунан кетет го деп ойлогом. АКШ менен НАТОнун генералдарынын арам оюн, мен кийин түшүндүм. Көрсө алардын бизге айтпаган башка арам ойлору бар экен. Граждандык аэропорттон жакында чыгып кетебиз деген сөзүн күттүм. Алар унчугушпайт, ошондо гана убакытты создуктуруп АКШ менен НАТОнун куралдуу күчтөрү биздин жерге бир канча жылдарга келгенин байкадым. Кете турган түрлөрү жоктой көрүндү. Бул боюнча мен өз оюмду Путинге сунуш кылып, Гансиге баланс жасаш керектигин айттым. АКШнын, НАТОнун куралдуу күчтөрү бизден чыга турган түрү жок экенин билгенден кийин Россия, өзгөчө Кытай тынчсыздана баштады. Ошондон кийин мен жанагы Канттагы авиабазаны сунуштадым. Орус жетекчилиги менин айткандарымды абдан туура кабыл алды. Тез аранын ичинде мен айткан маселе чечилди. Кантка Россиянын куралдуу күчтөрү жайгашып калып, аскердик күчтөрдүн тең салмактуулугу пайда болду. Көп өтпөй мен Кытайга расмий сапар менен барсам алардын жетекчилиги мага абдан ырахматын айтышты. АКШнын күчтөрү калганына силерге бере турган суроолорубуз бар эле, Кантка орустардын куралдуу күчтөрү жайгашкан соң ал суроолор өзүнөн-өзү жок болду деди кытай жетекчилиги.

— Кантка орустардын аскерлери келгенде америкалыктарда кызгануу болгон жокпу?

— Америкалыктар Канттагы аскердик базанын ачылышын абдан терс кабыл алышты. Менден мындай күтүүсүз кадамды күтүшкөн эмес экен. Мага америкалыктар деле жакшы мамиле кылышчу, мени Орто Азиянын Джефферсону деп айтышып, ал тургай Гарвард университетине чакырып лекция окутушкан учурлар болгон

— Америкалыктар сизге каршы качан ачыкка чыгышты?

— Орустар Кантка келип аскердик базасын ачкандан көп өтпөй, Бишкекке АКШнын мамкатчысынын жардамчысы келип, “Биз бул жакка АВАКСты жайгаштырууну чечтик. Сиз кандай ойлойсуз, биздин чечимди колдойт деген ойдобуз,”-деп өз оюн, мага карап өктөм айтты. АВАКС деген үстүндө авиолокатору бар самолёт. Ал самолёт Манас аба майданынан көтөрүлүп учканда эле Кытайдын жарымы, бүт Орто-Азия, Казакстан, Россиянын жарымы Урал тоолоруна чейин, андан ары Иран республикасы алаканга салгандай болот. Ал самолётту бизге жайгаштыруунун, ошондой эле Ооганстанга кереги деле жок эле. Аны бул жерде кармоонун зарылдыгы жок болчу.

— Сиз Кантка орустардын аскерлерин жайгаштыруу менен алардын түбөлүктүү планын бузуп койдуңуз да. АКШнын түз кызыкчылыгы Кытай үчүн болсо керек…

— Абдан туура айтасың. Алардын түз кызыкчылыгы Кытай болгонун ошондо түшүндүм да АКШнын мамкатчысынын жардамчысына карап, “Сиздин бул сөзүңүздү мен кабыл албайм. Анткени биздин эки улуу держава коңшуларыбыз турат. Бул айткандарыңыз такыр ишке ашпай турган нерсе! Мен колдобойм!,”-деп ачыгын айттым. Биз АКШнын жеке кызыкчылыгы үчүн түбөлүк коңшу болгон Кытай менен мамилебизди бузбашыбыз керек эле. Чек ара боюнча бизге достук мамиле жасашты.

— Аскар Акаевич, сиздин президенттердин арасында да “демократ” деген каймана атыңыз бар экенин уккан жайыбыз бар эле. Сиз президент болуп турганда да башка коңшу президенттерге караганда демократ катары батышка көбүрөөк ыктаган саясатчы элеңиз. Алар да Кыргызстанды Орто-Азиядагы “Демократиянын аралы”-деп жогору баалап, сизди колдоп келишкени маалым. Бирок, АКШнын биздеги толук ыйгарымдуу элчиси С.  Янг, департаменти, сенаторлору оппозицияда жүргөн Роза Отунбаеваны колдоп ат тезегин кургатпай Бишкекке келе баштаган учур болчу.

— Канттагы Россиянын аскердик күчтөрүн жайгаштырганымды, АВАКСты Манас аба майданына жайгаштырбай койгонумду АКШнын бийлиги өтө терс кабыл алышты. Алар Акаев жоош, биз айткандан чыга албайт деп келишсе керек.

— Бир кезде сизди аябай колдоп келген батыш мамлекеттери сизден неге бурулуп кетти деп ойлойсуз? Балким кийиңки учурларда сиз Россия менен жакын мамиледе болуп кеткениңизди кечире алышпадыбы? Албетте мындай түз жоопту уккусу келбесе керек.

— АКШнын департаментинин бир чиновнигинин эгемендүү мамлекеттин президентине болгон мамилесине, анын басмырлаган сөзүнө макул эместигимди айттым. Канттагы аскердик күчтөрдүн келгенине баштары катты. Ошону кечире алышкан жок. Алар Кыргызстанда каалагандай, көп мезгилге болобуз деп ойлоп келишкен. Отунбаева аркылуу жасашты, анткени Роза айым АКШнын агенти эле.

— Ал тургай Акаевди бийликтен кетириш үчүн өтө чоң суммадагы акчалар бөлүнүп, митингдерди каржылап турган деген маалыматтар эл арасында айтылып эле жүргөн болчу. Акаев өзү түптөгөн демократиянын, НПОлордун курмандыгы болду деген сындарга кандай карайсыз?

— Кандайдыр бир деңгээлде айтылган сындардын чындыгы бар. Бирок мен кызматтан кетсем да демократиялык көз караштан кайта элекмин.

— АКШнын мамлекеттик катчысынын жардамчысына берген жообуңузду ал кандай кабыл алды?

— Менин жообумду уккан соң анын өңү бузула түштү да ” Өзүң бил! Буга чейин биз жардам берип келген элек. Өзүңдөн көр, эми колдобойбуз!”-деп жини келип ушул сөздү айтты. “Муну менин элим өзү чечет!”-дедим мен дагы. Ал “Карап тур!”-деп көңүлү чөгүп, менин иш бөлмөмдөн чыгып кетти. Бизден кетээри менен сөзсүз АКШнын президентине менин жообумду айтты да. Анан өз каналдары аркылуу Акаевди кетирүүгө тапшырма беришти. Биздеги мамлекеттик төңкөрүш болгонго чейин Грузия, Украинада түстүү революция жеңди. Океандын ары жагындагылар бул төңкөрүштөрдү өтө мыкты уюштурушту. Анан, менин мамилемден кийин алар Орто Азияда да ошондой революцияны жасоону көздөштү.

— Ушул убакытка чейин бул маалыматты айткан эмес элеңиз?

— Ар бир нерсенин өз убактысы болот эмеспи. Мен он жылга жакын убакыттан бери, бул маалыматты жан адамга айтпай келдим эле. Кайдагы, Орто Азия чөлкөмүндөгү кичинекей мамлекеттин президенти АКШны тоготпой коёт дегени алардын түшүнө кирчү эмес. Бул эмнеси деп мамлекеттик департаменттегилер чалкасынан кетишти. Мени кызматтан кетириш үчүн АКШнын элчилиги ачык эле мага каршы арам иштерин башташты. Сен айткан НПОлорду да жакшы колдонушту.

— Сизди президенттик кызматтан кетирүү азыр эле айткан маселелер деп ойлойсузбу? Ал эми, эл арасында Үзөңгү-Кууш маселеси деп жүрүшөт го…

— Мен өзүм илимдин адамымын. Президент болом деген деле оюм жок болчу. Бирок эл шайлап президент болгондон кийин мен деле жөн отуруп, же жатып алган жокмун. Кыргызстанды жыл ичинде үч, төрт ирет кыдырган учурларым болчу. Колумдан келгенче иштедим. Дүйнө жүзүн канча кыдырдым. Башка президенттердей болуп жатып албадым. Кыргызстанда мен барбаган айыл деле калган жок. Ал тургай Үзөңгү-Куушту өз көзүм менен көрүш үчүн канча ирет вертолёт менен барып келдим.

Ал жерге биздин малчылар да жайгашкан эмес экен. 1916-жылкы үркүндө менин атам да Кашкар тарапка өтүп, улуу агам Күчөр ошол жакта төрөлүптүр. Менин атамдын колунда жок кедей эле. Биз бала кезде баарыбыз эле кыйналып чоңойдук. Мамлекеттин окуйм деген адамга камкордугу бар эле. Азыр болсо колунда жоктордун балдары окуй албай калды. Чет өлкөгө чоң кызматтагы, анан бизнесмендердин балдары окуганы кетип жатышат. Кедейдин балдары окуп жатканын көрө албадым. Атам айтып калчу, биздин түпкү тегибиз хандын тукуму экенбиз. Уйгурлардын жеринде Күчөр деген жер бар. Атам баласына, ошол жердин атын коюптур. Ал агам Ленинграддын алдында 1942-жылы каза болгон экен. Абдрасул Токтомушев деген жазуучу айылдаш агабыз да атамдар менен Кытайга үркүндө барып келиптир. Кийин “Какшаалдан кат” деген поэмасын жазып чыккан. Абдрасул агабыз ошол ашуулардан кандай өткөнүн бизге кооздоп айтып берер эле. Ал абдан татаал жерлер. Адамдын өтүшү да өзүнчө азап-тозок болгон. Үзөңгү-Куушту өз көзүм менен көрүш үчүн канча жолу вертолёт менен учууга туура келди.

— Мындан жыйырма үч жылдай мурун, эч кимге белгисиз, айылдык мектептин мугалими Өмүрбек Текебаев чоң саясатка келген кез болчу. Ошондо, саясатчы катары кыргыз эли тааный элек Текебаевди, сиз Кыргызстандын экинчи президенти болот деп айткан элеңиз. Сиз албетте, айыл жеринен саясатка келген жаштар өссүн деген жакшы ниет менен айткандырсыз. Ал эми Өмүрбек Текебаев Кыргызстандын экинчи эмес, үчүнчү, төртүнчү президенти да боло албады. Сиздин бул сөзүңүз Текебаевди далыдан таптап коюу эле болгонбу же чын дилден айтылган сөз беле?

— Эми, Текебаевдей жаштар өссө деген кыязда, “менден кийинки президент боло турган жигит, “- деп көңүлүн көтөрүп айтып койгонум бар эле. Бул да жакшы нерсе. Менин бир сөзүм менен ошол күндөн, ушул күнгө чейин президент болом деп келатат. Эл арасында “Кайсыл эле солдаттын генерал болгусу келбесин?”- дегендей нерсе да.

— Салижан Жигитов учурунда Текебаев туурасында “Президенттикке түбөлүк талапкер” деп абдан туура баа берген экен.

— Албетте Салижан Жигитов туура айткан. Ошонун деми менен ал мага атаандаш болуп Кыргыз Республикасынын президенттигине талапкер катары ат салышып да көрдү. Өмүрбек мырза, өзү табиятынан сөз көтөрө албаган ызакор эмеспи. Ал президенттикке койгону менен анын күчтүү командасы, электораты жок болчу. Текебаев президент болсо, анын шайлоодогу башкы спонсору, болочоктогу премьер-министри Феликс Кулов болчу. Чынында ал кезде Куловдун салмагы бар саясатчы эле. Анын дагы президент болом деген ою, амбициясы бар болчу. Текебаев да анын атаандаш болорун билип туруп, “Президенттикке талапкер болгон адам мамлекеттик тилде эркин сүйлөп, жаза билиш керек” деп бир мыйзам менен Куловду саясый аренадан аңтара чапты. Текебаев менин күчтүү атаандашымды өзүнүн мыйзамы менен жок кылып берди. Кулов кандайча далысы менен жерге түшүп калганын билбей да калды. Текебаев бир ок менен эки коёнду атты. Ал кезде Текебаев айлык менен жашаган депутат эле. Анын тапкан айлыгы республикалык масштаб боюнча штабда иштегендердин бир күндүк бензинине жетпейт болчу. 2010-жылдан кийин өлкөнүн бай адамдарынын бирине айланды деп угуп калам. Бул эки көз караштагы адамдар болуп туруп, кантип тандем болгону таң калыштуу эле. Мен шайлоодон утуп чыгарым менен Кулов мени жеңишим менен куттуктап чыкты. Ал эми Текебаев президент болбой, шайлоодон утулуп калып, кекчилдиги кармадыбы өз шайлоочулары менен Бишкек-Ош жолун тосуп, өлкөдөгү негизги стратегиялык жолду кан буугандай бууп салышты. Генералдардан “Жол тоскондорду күч колдонуу менен тараталы, уюштургандарды, депутаттарды баш кылып камайлы” дегендер да болду. Күч колдонуу жагын мен колдободум. Бир Текебаев үчүн күнөөсү жок адамдардын камалып кетишин каалаган жокмун. Менимче, кийин ошол нерсе жаман өнөкөткө айланып кетпедиби. Ошол жол тосконду да ушул Текебаев баштаган. Башка саясатчылар анын жол тосмой адатын азыр да колдонуп келишет. Мамлекеттүүлүккө каршы жаман нерселерди үйрөттү десем туура келет го. Кандай болгон күндө да эл көзүнө көрүнгөн депутат эмеспи, ошон үчүн мен аны колдоп келгем. Андан мыкты жетекчи чыкпайт, бирок ЖКнын депутаты катары эл оозунда айтылып кала берет. Саясатчы катары да мамлекеттик масштабда эмес, жеке кызыкчылыгын жогору коёт. Эң жаман нерсеси анын кекчилдиги. Ошол кекчилдигин оңдосо деген тилегим бар. Президент, журт башчысы болом деген адам кечиримдүү болгонду да үйрөнүп, келечекке өзүн тарбиялаш керек.

— Учурунда Өмүрбек Текебаев “Румын президенти Чаушескодой, Акаев менен аялы экөөнү тең аянтка алып чыгып, атып салыш керек!” деп ойлонбой айткан орой сөзүн айтканына карабастан аны колдоп келгениңизди билебиз.

— Эми, дени башы соо адам айта турган сөзбү? Ошол кезде мындай оор, орой сөздү айткыдай Текебаевге эмне жамандык кылганымды эстей албай турам. Анын “Президентти аялы экөөнү, аянтка алып-чыгып атыш керек!” деп айтканы чоң саясаттагы, келечекте президент болом деген адамдын сөзү эмес да. Андай сөздү көчөдөгү сабаты жок селсаяк бирөө айтса бир башка кеп эле. Мени, аялымды аянтка алып чыгып атып салгыдай кыргыз элинин алдында кылмыштуу иш деле кылган эмеспиз. Өзүң айткандай, Өмүрбек Текебаев мага карата эмне деген гана сөздөрдү айтпады. Демократиялык жаңы доорду, жаңы заманды курабыз деп жатканда айтса айтаар, жаш эмеспи деп кайра аны кечирип, колдоп коюп жүрдүм. Андай туура эмес сөздү башка бирөөлөр Текебаевге айтышса, өзү деле андай орой айтылган сөздү, катуу сынды көтөрө албашы мүмкүн болчу.

— Бекназаровдун ” Текебаев кворум түзүп бергенден кийин Үзөңгү-Кууш Кытайга кетти… “, андан да 2010-жылдагы мамлекеттик төңкөрүштөгү “Ата-Мекен” партиясынын кээ бир депуттарынын “мародёр” иштери үчүн, лидер катары Текебаевди аянтка алып чыгып, атыш керек!” дешсе, өзү кандай абалда калмак эле?

— Туура сөз. Мен, анын ачуу сөздөрү үчүн, бир да жолу кектеген жокмун, чыдап көтөрдүм. Мен Текебаевдин ошондой сөзүн укпаган адам болуп ичиме жутуп коюп, жаш эмеспи, жигит жаштык, курчтук кылып жатат деп теңелбедим. Президент болгондон кийин ар кандай оор сөз болсо да көтөрүшкө аракет кылдым. Ошол эле Текебаевге кек сактап артынан куугунтук жасаган жокмун. Менин бул кадамымды эл деле жакшы билет го. Парламенттеги көтөрүп чыккан мыкты мыйзамдары үчүн “Кыргыз Респбуликасына эмгек сиңирген юристи” деген наам бердим. Дайыма эмгегин баалап көтөрмөлөп жүрдүм.

— Текебаевди айтканыңыздан бир нерсе эсиме келе түштү. Үзөңгү-Кууш маселеси парламентте карала турган учурда бир топ депутаттар нааразылык кылып жыйындар залынан чыгып кеткен болчу. Алардын арасында Текебаев да болгон. Ошондо сиз кадырыңыз өткөн бир топ депутаттарды, арасында Өмүрбек Текебаевди ж. б. чакырып “Үзөңгү-Куушту парламентте караганда колдоп койсоңор?” деп суранганыңыз чын беле? Марат Султанов сиздин айткан суранычыңызды колдобой койгондо ага таарынган экенсиз… Ал эми Текебаев каршы добуш берем дегени чын беле?

— Ооба. Парламентте пикир туудура турган депутаттардын көбүн чакырып, баарына айттым… Чыныгы абал кандай экенин аларга түшүндүрдүм. Көрүп туурасыңар, ал жер – талаш жер деп айттым. Көбү ошол сөзүмөн туура түшүнүштү.

— Ал эми 2005-жылы бийлик алмашылып ЖКнын төрагасынын тагдыры чечилип жатканда сизге Текебаев өз адамдарын ортого салып, өзү да эшигиңизди сагалап Москвага чейин барган дешет. Ал эми сиз дагы “Мени ушул жигит гана алдабайт. Өмүрбек Текебаевге гана бийликти тапшырам… ” деп өз адамдарыңыз аркылуу колдоп чыкканыңызды уккан элек. Ошондо сиз, өз командаңыз менен колдобогондо Өмүрбек мырза эч качан парламенттин төрагасы боло алмак эмес. Ал эми Текебаев жеке кызыкчылыгы үчүн убактылуу болсо да шайтан менен партнёр болгондон кайтпаган карьерист адам. Бирок, биринчи президент катары кол тийбестигиңизди парламентте караган учурда сиз үчүн туруп бере албады. Сыры эмнеде деп ойлойсуз?

— Текебаев жөнүндө жакшы суроо экен. Ушул сурооңо чоң ырахмат. Бул абдан жакшы далил болуп бере алат. Мен ал жылдары менин досумбу, оппонентимби баарын колдоп, өзгөчө жаштар өссүн деп тырышып эле иштеп, алардын ийгилиги болсо кошо сүйүнүп эле жүрдүм. Текебаев мен президент болгондон бери саясый оппонент болуп, ыңгайы келсе-келбесе да сындап келди. Ошол кезде Кыргызстандын бардык регионундагы жаштардын ишке жарай тургандарын көтөрмөлөдүм. Кайра мен Текебаевди жаш оппозиционер катары, эми айтса айтаар деп тим койчумун. Ал депутаттыкка койгон Базар-Коргондун элинин арасында кадыр-барктуу, эл жүгүн көтөрө алган белгилүү инсаны Сартказиев ошол округдан эли суранып, Жогорку Кеңешке депутаттыкка койгону жаткан жеринен мен токтотуп калдым. Ал тургай, Бакирдин Сартказиевичти өзүмө чакырып, “Бакирдин, Базар-Коргондон депутаттыкка койгону жаткан экенсиң. Талапкерлигиңди алып сал, койбо! Ал жактан Өмүрбек Текебаев коюп жатпайбы? Андан көрө баарыңар Текебаевге жардам бергиле? Сенден башка Мукан Алыкулов да ошол округдан депутаттыкка койгону жатыптыр деп угуп, Болот Жанузаковду ага жөнөтүп, Жогорку Кеңешке депутаттыкка койбосун!” деп айттырып жибергем. Менин айткан сөзүмдү эки кылбай ал экөө тең депутаттыкка талапкерлигин коюшкан жок. Сартказиевдин Базар-Коргон элине жасап койгон иштери көп эле. Ал эми Өмүрбек мырзанын мени, анан өкмөттү сындагандан башка көзгө көрүнө турган эч нерсеси жок эле. Жылаңач оппозиционер болчу. Чынында, Текебаевдин депутаттыкка өтүшүнө жакшы шарт түзүп, эң күчтүү атааңдаштарын оюндан чыгарып бердим. Ал жагынан мага чоң ырахмат айтышы керек болчу.

— Текебаев өзү деле Сартказиевдин салмагын жакшы билчү. Ошон үчүн ал депутаттыкка коёт экен дегенди Текебаев угуп “Сартказиевдин жеп-ичкени боюнча түрмөгө камаш керек!” деп кызганыч менен парламентте көтөрүп чыгып ызы-чуу болгон. Кызуулук, ичи тарлык менен айтарын айтып алып, Текебаев Сартказиевге Жогорку Кеңештин депутаты Дооронбек Садырбаевди ортого салган жайы бар. Ыраматылык Доке Ноокен, Базар-Коргон районунан чыккан аттуу-баштуу адамдарды алдына салып барып Бакирдин Сартказиевден Текебаев үчүн кечирим сурашканына күбө болгон элем.

— Кийин мен сураштырып, Текебаев менен рейтингин сураштырып көрсөм Сартказиевдин кадыр-баркы чоң экенин уктум. Парламентте куру сөз менен жүрө бербей, эл аралап өссүн, жетекчи болуп тажрыйба топтосун деп Текебаевди Жалал-Абад областына губернатордун орун басарлыгына жөнөттүм. Буга чейин, Өмүрбек мырза жетекчилик кызматтарда такыр иштебептир, өзүңүздөр билгендей өмүр баянын окусаң мектепке завуч, директор да болгон эмес экен. Жалал-Абад өз жери, өз эли ошол жерде иштеп кичине болсо да тажрыйба топтосун деген оюм бар эле. Чындыгын айтсам, ал жерде өзүн жетекчи катары көрсөтө албады. Иштебей койду…

— Колунан иш келбедиби же иштей албай койдубу?

— Колунан иш келбеди, ошондой десе да болот… Эми, аны эл ичинде жакшы билет го деп ойлойм. Текебаев областта иштеп өзүн көрсөтө албады дегеним оң го…

— Ошол кезде ЖКнын депутаты Төлөгөн Касымбеков, Текебаевди Жалал-Абад областынын губернаторлугуна суранган экен го?

— Эми, бардык майда-чүйдөсүн унутуп калдым. Губернаторлукту сураса керек, бирок, ал жетекчи катары чарбачылык иштерге жок экенин эске алып, губернатордун орун басары болуп барып, өзүн көрсөтүп тажрыйба топтосун анан жетекчилик кызматтарга губернатор, министр кылып көтөрөйүн деген ойлорум бар эле. Анда да колдодум.

— Бекер жеринен Жалал-Абад областынын алгачкы губернатору Бекмамат Осмонов, “Эй, Өмүрбек үка, көрүнгөндүн артын чукуй бербей, эл башкарганды да үйрөн! Президент болуш үчүн биринчи катын алып үй-бүлө башкар… ” деп катуу айткан сөзү бар эле.

— Башкасы айта албаса да Бекмамат палбан айтмак. Областтык губернатордун орун басары болуп иштей албай, менин ага болгон ишенимимди актай алган жок. Өмүрбек Текебаев өз арызын жазып Бишкекке качып келе берди. Мен ошондо анын жетекчилик кызматка жок экенин көрүп, андан журт башкарган жетекчи чыкпасына көзүм жетти. Парламентте президенттен баштап, өкмөттү иштебей жатат деп сындай бергенге боло берет. Депутат сүйлөгөн сөзүнө жооп бербейт эмеспи. Жетекчи болгон адам баарына жооп берет. Ал ошол жоопкерчиликтен коркту. Кеткен себеби ошол деп ойлодум. Бирок, ал чыныгы парламенттин адамы. Аны айтпай койгон болбойт. Кийин Жогорку Кеңештин төрагасынын орун басары болууга жардам бердим. Жок дегенде ушул жагынан өзүн көрсөтсүн дедим. Ал эми төрага болгондо да менин пайдам тийгени чындык. Аны, Текебаев мырза да жокко чыгарбаса керек. Калыс сөзүмдү айтышым керек, 2005-жылы чынында менин суранычымды колдошуп, менин парламенттеги адамдарыма айтып, алар түнү менен Текебаевдин талапкерлигин төрагалыкка макул болушуп, эртеси колдоп беришкендиги чындык. Мен өзүм да, ” Парламенттин төрагалыгына Текебаевден башка ылайыктуу эч ким жок! Өмүрбек мырзаны гана колдогула, мен ага гана ишенем, силерден сураныч ошо…” деп чечкиндүү колдоп бердим.

— Анда, белгилүү укук коргоочу Токтайым Үмөталиеванын айткандары чындык экен да… Токтайым да сиз айткан сөздөрдү айткан эле.

— Ооба. Анткени, ал бир топ жылдан бери депутат болуп келаткан адам, экинчиден мол тажрыйбасы бар болчу. Өмүрбек Текебаев чынында депутаттыкка гана ылайыктуу адам экенин мезгил өзү көрсөттү. Менин тарапташымбы, оппозиционерби мен президент катары баарын колдогонго аракет жасап, тырышып эле жүрчүмүн. Жакшылыкты тез эле унутуп кала турган жигит экен… Эми, алардын мага болгон мамилесин Кудайга койдум.

— Сиз анын талапкерлигин ачык колдобосоңуз Текебаев өтө албай калышы мүмкүн беле?

— Ооба. Ага каршы турган парламентте чоң күч бар эле. Ошого карабастан менин парламенттеги командам Өмүрбек Текебаевди Жогорку Кеңештин төрагалыгына шайлап беришти. Бирок, көпкө чейин ЖКнын төрагасы боло албады. Кийин Бакиевдин командасы аны төрагалыктан алып түштү го.

— Текебаев сизди атып салыш керек дегендей Бакиевди да “ит болдуң, асынып өл!” деп аларды да өзүнө душман кылып алды. Анын бул сөзүн кечире албады окшойт.

— Менимче, баары эле Акаевдей ак көңүл эмес да. Анан тигилер Текебаевди кечирмек беле? Мен алып берген төрагалыкты да өз жолун таап иштей албады. Ошол кезде президент, администрация башчысы, ЖКнын төрагасы, баарысы бир өрөөндүн, Жалал-Абад областынын кадрлары болчу. Текебаев текебердене бербей, өз агаларынын тилин таап иштешсе болот эле. Алар менен да иштеше албады. Бардык сөздөрүн кечире берген, баягы ак көңүл Акаев жок болчу. Менимче, Коопсуздук кеңештин жыйынында Жогорку Кеңештин төрагасы Өмүрбек Текебаевди залга отургузбай, итти кубалагандай залдан кууп чыкканын уктум. Менден андай куугунтук көргөн жок эле. Акыры тилинин азабын өз агаларынан көрдү. Саясатта өзүң каалагандай эч качан боло бербейт. Тили заар, ойлонбой сүйлөп салмайы мурунтан бар болчу. Мен дагы органдын адамдарына “Текебаевге тийбегиле! Ал Кыргызстандын экинчи президенти боло турган адам… ” деп айтып калганым ошондон.

— Бир кездеги Тышкы иштер министриңиз Роза Отунбаеванын Кыргызстандын үчүнчү президенти болорун ойлодуңуз беле? Бир ирет Ташкентке расмий сапар менен барганыңызда Ислам Каримов Отунбаеваны көпкө тиктеп туруп “Аскар Акаевич, сиздин тышкы иштер министриңиз Отунбаеванын ичи толтура шайтан экен, сизге ниети таза эмес, бул адамдан тезинен кутулуңуз?” деп айткан сөзүнүн канчалык чындыгы бар?

— Туура. Негизинен, ушундай сөздөр айтылган. Отунбаева вице-премьер- министр, анан ТИМдин да жетекчиси болчу. Ислам Абдыганиевич күчтүү саясатчы, өтө кыраакы адам. Ал кишинин көзү рентген деп айтсам жаңылбайм. Ислам Каримов, адамды жазбай таанычу, ал да Кудай берген тубаса талант, жөндөм болсо керек. Ошондой сөздөрдү айтканы бар эле. Саясатта ушундайлар боло берет экен. Мен кийин байкап билгендей Отунбаевада эч бир принцип деген жок.

— Сизди президенттиктен кетирүүгө Роза Отунбаеванын өтө активдүү катышканынын себебин эмнеден көрөсүз?

— Өчөшүп деп деле айткым келбейт. Ал болгону океандын ары жагындагы “шефтеринин” тапшырмасын аткарды деп ойлойм. Отунбаева бийликке барыш үчүн, ар кандай ыплас кадамдарга чейин бара ала турган айым экенин кийин байкап калдым. Бийлик деген адамды аябай өзүнө тартат экен. Отунбаева өзү суранып, биз да аны колдоп, жакшы акча алып пенсияга жакшылап чыгып кетсин деп БУУга жөнөткөнбүз. Чынында дипломат катары чоң талант, аны жокко чыгарууга болбойт. Элчи катары өз ишине тың, өзүң билесиң элчи кылып да жөнөттүк. Горбачёвдун убагында, Эдуард Шеварнадзе СССРдин тышкы иштер министри болуп турган кез эле. Ал Роза Отунбаева менен таанышып калып, Советтер Союзунун ЮНЕСКОдогу өкүлү кылып дайындайт. Эми, ал кезде бул абдан чоң кызмат болчу. Москвага келип иштеп калат. Ошол жылдары “Шеварнадзедей саясый лидер жок!” деп эле, эки сөзүнүн бири ал болуп, мактап эле оозунан түшүрбөй жатып калган. Жакшы айлык алып, пенсияга чыгып калайын деп ошол жакка өзү суранып кеткен. Ошентип Отунбаева океандын ары жагында иштеп калды. Мен эч качан Отунбаевага жамандык кылган эмесмин. БУУнун башкы катчысы Отунбаеваны Грузияга жөнөтөт. Роза Отунбаева Тбилисиге келип, ” Шеварнадзедей саясый лидер жок!” деп айткан сөзүнөн танып, АКШнын берген “тапшырмасын” аткарыш үчүн Грузиянын президенти Шеварнадзенин оппозициядагы атаандашы, элдешкис душманына айланган Михаил Саакашвилини бийлик башына алып келүү үчүн, баш-оту менен жан үрөп күнү-түнү иштегени барган экен. Бир кезде өзүн кызматтан көтөрмөлөгөн, колдоп, ушул даражага жеткирген Эдуард Шевернадзени эмес, Михаил Саакашвилини президенттикке өткөрүп, такка отургузууга жардамга барат. АКШнын акчасына Грузияда мамлекеттик төңкөрүш болуп, Саакашвилини колдошуп кийин аны президент кылып бийликке алып келишкени белгилүү да. Бир кездеги кызматтан көтөргөн адамы Шеварнадзеге мына ушундай жооп кылды. Артында Америка турганда, Отунбаеваны эч нерсе, бир дагы күч токтото албайт болчу.

— Бир кезде кызматтан көтөрүп, кызматтык тепкичтерден көтөрүлгөнүнө жардам берген Шеварнадзени Отунбаева кетирген болуп калат турбайбы?

— Ошондой болуп калып жатпайбы? Убагында кыргыздын ушул кызы өссүн деп ЮНЕСКОго алып барган Шеварнадзенин жакшылыгына кандай жооп кылып жатат? Бул, Отунбаеванын чыныгы жүзү. Өз устаты Эдуард Шеварнадзеге болгон саткынчылыгы деп айтат элем! Башка сөз айта албайм.

— Анда Роза Отунбаева, Грузиядагы АКШ мамлекети уюштурган төңкөрүш боюнча экзаменди жакшы бааларга тапшырган экен да.

— Грузиядагы мамлекеттик төңкөрүштү жасоо боюнча экзаменди абдан жакшы деген бааларга тапшырыптыр. Ал жактан алган бай тажрыйбасын топтоп, анан Кыргызстанга келип “Жоогазын” төңкөрүшүн жасап жатпайбы?

— АКШ сиздин АВАКСты Манас аба майданына алып келгенге макул болбогонуңуздун өчүн Отунбаева аркылуу баары бир алышыптыр да.

— Ооба. Төңкөрүштүн акчасын Отунбаева аркылуу жеткиришкен деген маалыматтарым бар. Грузиядагы төңкөрүшкө катышып, Отунбаева чоң тажрыйба топтоп келип, Кыргызстанда төңкөрүштү ишке ашырууда чоң эмгек кылды.

— Сиз АКШдан финансылык жардам алган деп жаткан Отунбаева ошол күндөрү өзү каражатка муктаж болуп, ал тургай баласынын банктан алган кредит акчасын төлөй албай жүргөнүн уккандарым бар эле. Финансылык жардам боюнча кандай далилдериңиз бар?

— Америкалыктар үчүн жакшы иштеп берди, Кыргызстандагы мага каршы мамлекеттик төңкөрүштүн уюштуруучуларынын бири Роза Отунбаева деп билем. Ага өз далилдерим да бар, маалыматтарым деле жетиштүү. Башка саясатчыларга Отунбаеванын эмне кереги бар эле? Аларга океандын ары жагынан келген акчасына гана муктаж болчу. Ошентип, ачык айтсам да болот… Мен деле америкалыктардын бир жылга келдик дегенине ишенгем элем. Эми, бул жерде менин чоң ката кетиргеним, аларга ишенгенимде болду. Америкалыктар жарым, бир жылда Ооганстандагы согушту бүтүрүп, биздин Манастан кетип калышат деп ойлодум эле. Көрсө, алар биздин Ала-Тообузда көп мезгилге калууну пландаштырып келишкен экен.

— Эмилбек Каптагаев, “Аскар Акаевдин эң башкы күнөөсү мамлекетти кура алган жок. Артында бирдиктүү кыргыз улутун калтыра алган жок”, деп жазса, ал эми Бабырбек Жээнбеков “Акаев үй-бүлөлүк башкарууга алдырып койгон, аялы менен балдарынын айтканынан чыкпаган президент катары тарыхта калды,” деген сындарына кандай карайсыз? Бирок, Кубатбек Байболов “Акаевдин башкаруусун бир беткей эле жамандай бергенибиз акыйкатсыздык болуп калат” дегендей өзүнүн жеке пикирин туура айткандар да көп. Анткени, сизде Ата-Түрктөй кыргыз тарыхында калуу мүмкүнчүлүгүңүз бар эле.

— Эмил Каптагаевдин айткандарына мен сөзсүз комментарий бергим келип турат. Ал айтып жатпайбы, бирдиктүү мамлекет кура алган жок деп. Менимче биринчи он жылдыктын жыйынтыгында биз эгемен, көз карандысыз кыргыз мамлекеттин пайдубалын тургуза алдык деп айтат элем. Бүткүл дүйнө жүзү, Кыргызстан Орто-Азиянын “Демократия аралчасы, ” болуп калды, — деген жогору баага жетише алганбызды Эмил мырза унутуп калса керек. Экинчиден, Бириккен Улуттар Уюмунда татыктуу, демократиялык багытты алып бараткан мамлекет катары мүчө болдук. Генералдык ассамблеяда үч чечим кабыл алдык. Манастын миң жылдыгы, “Кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн 2200 жылдыгы” боюнча, ошондой эле “Бишкек тоо мамлекеттеринин декларациясы” деп кабыл алууга жетише алдык. Бизден башка шериктеш республикалардын ичинен бир дагы мамлекет БУУдан өздөрүнүн мамлекеттеринин кызыкчылыгы үчүн чечимдерин чыгара алышпады. Мен президент катары Кыргызстанда көз карандысыз мамлекетти түптөө менен бирге бизде жашаган башка улуттар менен кыргыздардын биримдигин, түндүк-түштүк маселесин чечүүгө жетише алдык. Ал үчүн “Бишкек-Ош” авто жолунун проектиси, Улуттук Илимдер Академиясынын түштүк филиалын ачтык, Түштүк областтарын өнүктүрүү менен түндүк-түштүк маселесин жөнгө сала алдык. Менин убагымда түштүктүк Жусупбек Шарипов Ысык-Көл облусуна, Эмил Узакбаев Нарын облусуна, Курманбек Бакиев Чүйгө, нарындык Бекболот Талгарбеков Жалал-Абадга, чүйлүк Жаныш Рустенбеков Ош областына губернатор болуп турушту. Эми мындай мисалдарды айта берсем көп эле болду. Азыркы күндө ар бир областта ошол жердин кулундары башкарып келе жаткандары боюнча кабарым бар. Биз кадрларды ротация кылып туруш керек деген жакшы оюбуз бар эле. Мындайда кадрлар өспөйт. Түштүктөн чыккан тың жигиттеринин канчасын ротация жолу менен жоопкерчиликтүү кызматтарга койдук, “Манастын миң жылдыгы”, Оштун үч миң жылдыгын өткөрдүк. Бул дагы элибиздин башын бириктирүүдө чоң роль ойноду. Биринчи он жылдыкта биз ошол көздөгөн максатыбыздын көбүнө жетише алдык. Мен президенттиктен кеткен учурга чейин элдердин биримдиги жакшы деңгээлде турган. Элди түндүк-түштүк кылып бөлүп жаруу, ушул революциялык бийлик келгенден башталды деп коркпой туруп айта алам. Өзгөчө, ушул Эмил Каптагаев убактылуу президент Отунбаеванын оң колу болуп турганда күч алды. Эми, ошол терс көз караштардын таасири 2010-жылы ал администрация башчысы болуп турган учурга туш келет. Муну айта кетпесем болбойт. Ал эми Бабырбек Жээнбеков мен президент болуп турганда “Акаевди аялы башкарат” деп конкреттүү фактылар менен далилдеп берсе болмок. Эми, Жээнбеков да Мисир Ашыркулов менен Дастан Сарыгуловдой менин үйүмө келип-кетип, катташып турган адам болсо анда өз сынын айтса жарашмак. Менин үй-бүлөмдү ал сырттан карап туруп, ким башкарарын ал кайдан билет эле? Ал эми Кубатбек Байболов туура айтат. Бир беткей эле Акаевди жамандай бергенден эч майнап чыкпайт. Каптагаев, Жээнбековдой адамдар Акаевдин жакшы жактарын көргүсү келбейт дагы. Аларга салыштырмалуу өз элиме эмгегим өттү деп эсептейм.

— Бүгүн дүйнөлүк саясатта эл аралык абал абдан татаалдашып Ислам мамлекетин курабыз дешип мусулман динчилдери дүйнө жүзүн тоз-тополоңго, ызы-чууга салып жатышат. Өтө ашынган динчилдер дүйнөлүк мурас катары калган тарыхый эстеликтерди талкалап, байыркы китепканаларды өрттөп жатышат. Ал эми халифат курабыз дегендер Бишкектен деле чыгат эмеспи. Өтө эле исламдашып баратканга кандай карайсыз?

— Дин маселеси боюнча суроону абдан туура көтөрүпсүң. Кыргыздар илгертеден көчмөн калк болгон. Алар мусулман динин кабыл алганы менен көчмөндүк өз философиясы бар эле. Кыргыз эли мусулман динин тутканы менен фанат болуп кеткен жок го. Кыргыздарда либералдык ислам болгон. Бизге ошол эле туура болот эле. Биздин республика да өтө исламдашып бара жатат деп угуп калам. Дин деле жыландын уусундай, туура колдонсоң дары. Өтө көп колдонсоң анда уу болот. Биздин жаштарыбыз да өлчөмүнөн өтүп бара жатабы деп ойлоп кетем. Силер журналисттер, алдыда келе жаткан чоң коркунучту алдын ала азыртадан коңгуроо кагышыңар керек.

— Өзүңүздүн деле кабарыңыз бар болсо керек, Сирияда 300дөн ашык кыргыз жараны согушуп жүрөт. Бизден акчанын артынан согушканы кеткен жаштар адам өлтүрүп, кан кечип калган фанат динчилдер өз мекенине кайтып келишкенде өтө коркунучтуу абал түзүлүшү күтүлүүдө. Сирияга бараткан жаштардын агымын кантип токтотсо болот? Азыркы күндө, Кыргызстан боюнча мектептен да мечиттер көп курулуп жаткан кез. Азыр айыл жергеси эмес, биздин депуттаттар ак үйдүн ичине мечит салдырып алышкан.

— Динге баш-оту менен сокур берилип кетүүнүн аягы жаман. Араб, Африка мамлекеттеринин башына радикалдуу ислам келип эмне болуп жатат? Байыркы китепканаларды өрттөп, тарыхый баалуулугу бар миң жылдап турган, дүйнө эли суктанган эзелки эстеликтерди жок кылышып, керек болсо мамлекеттердин өзүн талкалап жатышат.

— Ислам мамлекетин курабыз дегендер жалпы адамзатка каршы уюшулган согушту тутандырып жиберишти. Ал эми Чыгыш Азия өлкөлөрүндөгү өрттү ким өчүрө алат?

— Бекен иним, адамзатка каршы согуш деп абдан туура айттың. Бейкүнөө адамдарды, жаш балдарды, университеттин студенттерин өлтүрүп жатышат. Өтө жапайычылык деп түшүнөм. Депутаттар да динге өтө берилип ак үйдүн ичине мечит салып алганы туура эмес. Бул кыргызга жарашпайт. Чет өлкөгө чыккан, Сирияга согушуп келген балдардын көз караштары өзгөрөт. Ал жакта көргөнүн жасашат. Сирияга кеткен балдар кайтып келишет. Алар биздин эмес, согушуп келген жердин идеологиясы үчүн күрөшөт. Ал жакта жүрүп келген жаш балдар террорду, адам өлтүргөндү үйрөнүп келет. Ошол жактан алган бай тажрыйбасын Кыргызстанда колдонбойт деп ким кепил боло алат. Биздин мамлекетте терроризмди баштайт. Президентиңер, Өкмөт башчысы, депутаттар жакшы көңүл бурбай жатат. Дин маселесин абдан туура көтөргөнсүң. Алар исламды жамынып алышып, эмнелерди гана жасашкан жок. АКШ менен батыш мамлекеттери Араб өлкөлөрүндө төңкөрүштөрдү уюштурушту. Каддафи Ливияны кандай бай мамлекетке айландырган болчу. Ливияны эмне кылышты? Эми эч качан мурунку Ливия боло албайт, мамлекетин бутуна тургузган президентин кордоп өлтүрүштү. Тунисти эмне кылышты? Армиясы күчтүү экен, эл тарапта болуп, Египетти сактап калышты.

— Президент Каддафи өз элине үлгүлүү социалдык мамлекетти орното алган, элинин турмушун Араб, Африкадагы мамлекеттердин арасынан кыйла жакшы жолго салып оңдогон күчтүү лидер эмес беле…

— Президентиңер, парламенттин төрагасы, премьер-министр баш болуп элибиздин өтө исламдашып баратканын ойлонушу керек. Өкмөт ушул маселеге терең көңүл бурса жакшы болоор эле.

— Президент, парламенттин төрагасы баш болуп намаз жумага, айт намаздарга өздөрү барып, жүз миңдеген адамдардын арасына барып жыгылып жатышат. Өлкөбүздүн өтө исламдашып кетүүсүнө өздөрү шарт түзүп берип жатышат.

— Мен деле мусулман баласы катары, президент болуп турганда, диний кызматкерлерге сый-урмат менен мамиле кылчумун. Бирок, алар менен кучакташып, намаз жумага барчу эмесмин. Сирия жана башка Араб өлкөлөрүндөгү диний фанатизм мамлекеттердин жок болуп кетүүсүнө алып бара жатат. Тынч жаткан шаарлар талкаланып, миллиондогон адамдар качкын болушту. Тутунган дини башка болгон үчүн 120дай студенттерди Университеттин короосунда атып салып жатышат. Алардын күнөөсү эмнеде? Журналисттерди койдой союшкандары эмне дегендик. Ирак деген кандай мамлекет эле, эмнеге айландырып салышты. Бийлик башындагылар эсине келиши керек, кийин кеч болуп калбасын деп айтат элем. Аша чаап кетсек, ошол биздин түбүбүзгө жетет деп ойлойм.

— Ал тургай, Жогорку Кеңештин депутаттары Ак үйдүн ичинде мечит ачып алгандарын сиз биле элек болсоңуз керек?

— Бул туура эмес. Мен аларды мусулман баласы катары намазга жыгылбагыла деп айткым келбейт. Бирок, аша чаап кетсек болбойт да. Жаштарыбыз радикалдуу исламдын жолуна азгырылып Сирияга согушка кетип жатышат.

— Баткен жергесине “Өзбекстандын Ислам кыймылынын” (ИДУ) куралдуу тобу кирип келгени эсибизде. Бизде башка мамлекеттерге салыштырмалуу диний эркиндик бар. Учурунда Өзбекстанда деле президент Ислам Каримовдун бийлигине каршы чыккан Өзбекстандын диний чөйрөсүндөгү адамдардын гана кыймылы болгону белгилүү эле. Бирок, алар акырындап белдүү оппозицияга айланып, колуна курал көтөрүп, бийликке каршы чоң күчкө айланышты. Кыргызстандагы оппозиция Кудайга шүгүр колуна курал ала элек. Бирок, бизде деле ислам дини менен бийликке жетсек деген саясый топтор бар.

— Эми, андайдан Кудай сактасын! Бизде, мына мен президент болуп турган кезде деле оппозицияны өтө кыспай, сүйлөшүү жолу менен иштечүбүз. Кандай гана кырдаал болбосун мен алар менен диалогго барчумун. Жолугуудан качкан эмесмин. Тирешүүгө караганда бетме-бет отуруп сүйлөшкөндө көп маселе чечилет. Ал эми, Ислам Абдуганиевич тартипти өтө бекем кармагандыктан, алардын диний көз караштагы оппозициясы колуна курал алып чыгышкан. Бул өтө коркунучтуу кадам, оппозиция антип мамлекетти жок кылып коюшу мүмкүн.

— Баткен жергесине эл аралык куралдуу террористтер кирип келгенде кайсыл мамлекеттин президентине жардам сурап кайрылдыңыз?

— Бир жолу Пакистандын президенти Первез Мушаррав бизге расмий сапарга келип калды. Пакистандын прогрессивдүү президенти болчу. Ал Бабурдун тукумубуз деп Кыргызстанга боор тартып турат эле. Ошко барып Сулайман тоосуна өзү зыярат кылганы жөө чыкканы эсимде. Ошол Бабурдун өжүрөсүнүн алдында ата-бабаларынын арбактарына багыштап куран окуп, койду өзү мууздаптыр.

— Сиз Пакистандын президентин коштоп Ошко барган белеңиз?

— Жок. Мен дагы бир чет өлкөлүктөрдү кабыл алып Бишкекте элем. Менимче, премьер-министр коштоп барса керек. Баткен окуясында Пакистандын президенти Мушарравдын чоң жардамы тийди. Пакистандын президентинин бир жакшылыгын айтып коёюн. Генерал Шамкеев менен япон геологдорун куткарып алууда беш, он миллион доллар бериптир деген сөздөр көп айтылып келет. Эч кандай миллиондор берилген эмес. Ошол кайгылуу окуядан да айрым саясатчылар өздөрүнүн имиджин көтөрүш үчүн спекуляция кылышкан эле. Окуя өтө татаалдашып баратканда Пакистандын президенти Мушарравга байланышып, генерал Шамкеев менен япон туткундарын куткарып калуу боюнча жардамды мен өзүм сурангам. Чынында Мушаррав бизге чоң жардам берди.

— Аскар Акаевич, ал акчаны биз тарап эмес, япондор бергенин, депутат Баяман Эркинбаев мени кошо барып, ошол окуяны жазып келиңиз дегенде айткан эле. Ал бир күн эрте акчаны алып кетип, мен калып калган болчумун.

— Ал кезде менин Баяман Эркинбаев менен эч кандай байланышым жок болчу.

— Япондорду куткарып алуу боюнча акчаны япондор бергенин Баяман өзү мага айтып берген эле.

— Япон тараптагылар боевиктерге акча беришсе, өлкөнүн президенти катары мага айтышат эле. Мен ишенем, ал жерде куткаруу иштеринде акча болгон эмес. Бизге келген боевиктер Пакистандын согуштук лагерлеринде катуу даярдыктан өтүшкөн экен. Жума Наманганинин негизги аскердик-согуштук базалары Пакистанда жайгашкан болчу. Алар Ооганстан аркылуу Тажикстандын Жерге-Тал районундагы Хайит айылындагы боевиктердин аскердик базасына өтүп жайгашат. Тажик бийлиги атуулдук согуштун айынан Кара-Тегин өрөөнүн көзөмөлдөй албай, ал жак ИДУнун карамагында калган. Боевиктер болгон курал-жарактары менен Баткенге тоолордон өтүп келишкен. Күтүүсүз окуя болгон. Кыргызстандын жерин, элин, Өзбекстандын бүтүндүгүн сактап калуу менен элүүдөй мыкты жоокерлерибизден ажырадык, бирок биз ИДУнун боевиктерин өз чек арабыздан ары өткөргөн жокпуз.

— Ушул темага жакын сиз президент болуп турган кезде Баткен жергесине өзбектердин ашынган куралчандары кирип келген окуяны мисал кылсак болот. Өзбекстандын ИДУнун 200–300дөй боевиктери биздин армиянын шаштысын алып койбоду беле? Алгач, Баткенге эл аралык куралчан террористтер кирип келгенде биринчи кадамыңыз кандай болду?

— Чынында биз үчүн күтүүсүз болду. Башында так маалыматтарды ала алган жокпуз. Кийин тактасак Өзбекстандын Ислам Кыймылы болуп чыкты. Япон геологдорун, генералды туткундаган ошолор экен. Эми генерал Шамкеев менен япондордун колго түшкөнү, алардын бошотулушу туурасында ар кандай имиштер айтылып жүрөт. Анын баары жалган…

— Ошол кездеги Жогорку Кеңештин депутаты Турсунбай Бакир уулу, укук коргоочу Турсунбек Акун жана башкалардын эмгектери да бар эле го. Аларды кантип жок кылабыз…

— Туура, алардын ал жакка баргандыгы, талаа командирлери менен жолуккандыгы чындык. Эч ким аны жокко чыгара албайт. Алардын кээ бирлери өз кадыр-баркын көтөрүү максатында гана барышкан деп ачык айта алам. Кээ бир элдик дипломаттар тоолорду аралап келип, ар кандай пресс-конференцияларды өткөрүп, мына биз боевиктер менен сүйлөшүп келдик “Жума Намангани менен жолуктум, генерал менен япон туткундарынын ден-соолуктары жакшы. Жакында коё бере турган болушту,”- деп да айтып келишти. Алардын бири да натыйжа берген жок.

— Генерал Шамкеев менен япон туткундарын бошотууда кандай иштерди жасадыңар? Аларды бошотууда 5 млн АКШ долларын япон тарап берген деген сөздөр айтылды эле. Ал акчалар да боевиктердин ана башчысы Жума Наманганинин колуна толук жетпей ызы-чуу болгону бар болчу.

— Качан гана мен Пакистандын президенти Первез Мушарравга жеке өзүм кайрылгандан кийин иш ордунан жылып, “Аскар Акаевич, туткундар өткөрүлүп берилет!” деген сигнал келди. Бул жакшы кабардан кийин, Япон мамлекетинин жетекчилиги бизге абдан ыраазычылыгын билдиришти. Биздин республикага жардамдарын көрсөтө турган болушту. Ошол кезде Орто-Азияда жок супер компьютердик борбор уюштуруп, биздин академияга орнотуп беришкен.

— Биздин жоокерлер өз өмүрлөрүн кыйып, керек болсо жалгыз Өзбекстанды гана эмес, бүтүндөй Орто Азияны кандуу согуштан, эл аралык терроризмден сактап калышты.

— Бекен иним, абдан туура айтасың. Өзбек президенти Ислам Каримов ошондо өзүнүн генералдарына “Согушканды кыргыздардын жоокерлеринен үйрөнгүлө!” деп айтканы бар. Орто Азияны согуштук апааттан сактап калганыбыз туура берилген баа. Аны эч ким жокко чыгара албайт, бул тарыхый чындык.

— Каримов өзүнүн офицерлерин тилдеп,”Силер акыркы үлгүдөгү курал-жарактарыңарды таштап качып жүрөсүңөр. Кыргыздар болсо союздан калган эски автоматтар менен боевиктерге каршы тоонун арасында согушуп жүрөт!” деп айткан дешет.

— Туура айткан. Чынында ошондой эле болду да…

— Алдын ала чара көрүлүп, бул жактагы жоокерлерди, аскер бөлүктөрүн ошол жакка жайгаштырыш керектигин мезгил, Баткен окуясы көрсөттү.

— Биз деле аскердик күчтөрүбүздү ошол жакка жылдыра баштаганбыз. Толук үлгүрбөй калганыбызды мойнума алам. Боевиктер күтүүсүз жерден, түнү кол салышты.

— Аскар Акаевич, сиз өлкөнүн башкы командачысы катары генерал Шамкеев колго түшүп калганда кандай абалда калдыңыз?

— Абдан жаман абалда болдум. Болгондо да бакыйган генералыбыз колго түшүп жатса. Мага жарым түндө Оштогу чек ара кызматынын орун басары Баткенге боевиктердин кирип келгенин, Шамкеевдин, япон геологдорунун колго түшкөнүн айтты. Саат үчтөрдө кирип келишиптир. Боевиктердин түнү көрө турган аппаратуралары бар экен. Эртең мененки саат жетиге “КГБ, ИИМ, армия, чек ара кызматын, баарысын чогулткула!” деп буйрук бердим.

— Баткендеги кандуу окуя болордон үч-төрт ай мурун, мен журналист катары Жума Наманганинин Жерге-Талдын Хайит айылындагы согуштук лагерине барып келгенмин.

— И-и, кызыктуу экен… Элдин баары Жума Наманганинин согуштук лагерине баргандан коркуп жатса, сен анын лагерине чейин барып…

— Ал жактан кайткандан кийин, сиздин ошол кездеги басма сөз катчыңыз Каныбек Иманалиевге жолугуп,”Каныбек, мен Тажикстандын Жерге-Талдагы Жума Наманганинин согуштук лагерине барып келдим. Боевиктерди казармага жайгаштырып, машыгууларды өткөрүп жатышат. Баткен аркылуу бизге кол салышы мүмкүн деген кабарды уктум. Президентке ушул кабарды жеткирип кой” деп суранган элем.

— Айткан эмес эле…

— Төрт айдан кийин алар Баткенге кирип келишти. Мен Каныбекке жолугуп, “Баягы мен айткан кабарды президентке жеткирген белең?” деп сурадым. “Согуш башталып кетет деп ойлогон эмес элем…” деп жооп берсе болобу.

— Эми мен өзүм да Баткен тарапка ошол окуяга жакын барып келгенмин. Бирөө “Аскар Акаевич, сиздин артыңыздан эле боевиктер келди,” деп кийин тамашалап, экинчиден күнөө койгондой айтты эле. Бирок бизге деле алардын кол салуусу боюнча кабарлар түшүп турган. Аскерлерди ошол жакка жөнөттүк. Көрсө биз деле жаңылыштык кылыпбыз. Ал жакка жакшы согушканды билген мобилдик топ керек экенин кийин билдик. Бизге Кытай мамлекети жардам берип, ал жакты жабдый баштаган болчубуз. Үйлөрдү салып, жоокерлерди машыгуудан өткөрө баштаган элек. Биз аларды жыйынтыктаганга үлгүрбөй калдык. Бирок, биз Баткендеги согуштук окуядан жакшы чыгып кеттик

— Алардын башкы максаты кандай болгон экен?

— Жума Намангани өз адамдары аркылуу биздин аскер жетекчилигине чыгышып, “Бизге Өзбекстанга, Фергана өрөөнүнө өтүп кеткенге коридор берип, чыгарып жиберсеңиздер, биз Кыргызстан менен согушканы келген жокпуз! Башкы максатыбыз Каримовдун режимин кулатуу!” деп айтышыптыр. Бир дагы боевикти Өзбекстандын Фергана өрөөнүнө өткөргөн жокпуз. Ошого сыймыктанабыз.

— Эгер боевиктер, Фергана өрөөнүнө биздин тосмолордон бузуп өтүп кетишкенде эмне болмок эле?

— Хаос болмок. Анда жалгыз эле Фергана өрөөнү эмес, бүтүндөй Орто-Азия согуштук өрткө тартылып, ал апаат көпкө чейин созулуп кетмек. Фергана өрөөнүндө ИДУну колдогон калың масса бар болчу. Окуя биз күткөндөн да татаалдашып кетмек. Боевиктерди Фергана өрөөнүнө киргизбей койгонубуз Кыргызстан үчүн аброй, абийир алып келди.

— Сиздин айланаңыздагы саясый чырдын башы парламенттик шайлоодон кийин башталды эле. Кыргызстан боюнча шайлоо туура эмес өткөндүгү биринчи себеп болуп берди окшойт. Балаңыз Айдар менен кызыңыз Берметтин, ошондой эле “Алга Кыргызстан” партиясынан көпчүлүк депутаттардын парламентке мыйзамды бузуу жолу менен келиши революциянын башталышын тездетти деген сындар көп айтылып келет.

— Менин балдарым деле, шайлоого башка жарандардай катышууга укугу бар болчу. Кай жерде жазылыптыр, Акаевдин балдары депутат болбосун деп. Элдин көтөрүлүшүнүн тамыры башка жакта жатат. Менин балдарым шайланууга укугу бар экен, ошол Конституциялык укугунан пайдаланып парламенттик шайлоого катышышты. Албетте, шайлоо болгон жерде дайыма нааразылыктар болот. Бирөө утат, экинчиси утулат эмеспи. Ошондой учурда башкалар колдонуп кетишет.

— Ал эми, 24-мартта революция болуп бийлик алмаша турганын, өлкөдө ревоюциялык абал күч алып келатканы боюнча маалыматтарды ошол кездеги Улуттук Коопсуздук Кызматынын башчысы Калык Иманкулов сизге жеткире алган эмеспи? Анткени, чыныгы чекисттер аны “таможенник” дешип, КГБда кымындай да кадыр-баркы жок адам экени көп айтылчу.

— Кеч болсо да мен дагы угуп калдым… Мен Калык Иманкуловду коопсуздук кызматына коюп чоң жаңылыштык кылган экенмин. Ошого өкүнөм…

— Улуттук коопсуздук кызматынын башчысы Калык Иманкулов бир кездеги генерал Асанкуловдой болуп мезгилдин күрөө тамырын кармай албады. Ачыгын айтканда Иманкулов сизге так эмес маалыматтарды жеткирип турган деген сөздөрдү угуп жүрөбүз. Аянтка бир нече миңдеген адамдар агылып Ала-Тоо аянтына келген учурда сизди Ак үйдөн резиденцияга кетип калган дешет. Анан, ситуация чектен чыгып, өзүңүздүн өмүрүңүзгө, үй-бүлөңүздүн тагдырына коркунуч туулуп баратканда сизди резиденциядан вертолёт менен Канттагы орустардын авиа базасы аркылуу Москвага алып чыгып кетишкен деген кабарлар тараган.

— Башында коомчулукта мени качып кетти деп айтышыптыр. Мага ошол күнү, таасирдүү бир адам келип, “Аскар Акаевич, бүгүн тополоң болот. Элди аянтка алып чыгышат, кааласаңыз, каалабасаңыз да кан төгүлөт. Уюштура турган саясый лидерлер элдин канын төгүүнү башкы максат деп жатышат. Сиз ак үйгө, кабинетиңизге жумушка барбаңыз? Барымтага алып, президенттик кызматтан кетирүү боюнча арызыңызды жаздырышат” деген маалыматты алдым. Кечиндеси да өз каналдарым аркылуу дагы бир информация алдым. Ал биринчиден да коркунучтуу болчу. Мен резиденциядан тезинен чыгып кетүүм керек болду. Атайын даярдыктан өткөн топтун адамдары резиденцияга кол салышы каралыптыр. Ошон үчүн мен кан төгүүгө жол бербей, резиденциядан тезинен чыгып кетүүгө үлгүрдүм. Болгон кадыр-баркымды, элибиздин эртеңки күнүн ойлоп, кан төгүлгөнгө жол бербедим. Мен өзүм тараптан туура жана чечкиндүү кадам жасадым деп айта алам.

— Азыр айткан кабарларды, сизге Калык Иманкулов жеткирдиби?

— Жок. Өкүнүчтүүсү, ал эмес башка бирөөлөр болуп жатпайбы…Мен башында кесипкөй адамдарды койгонум менен, кийин КГБ башына алып барган Калык Иманкуловдон жаңылган экенмин. Абдан өкүндүм. Жаман адам деп айткым келбейт. Өз ишинде профессионал эмес экенин көрсөттү. Ал коопсуздук кызматын жетектеген адам катары алдыдагы 24-мартта мамлекеттик төңкөрүш боло турганын мага эч кандай сигнал катары да бере алган жок. Өлкөбүздүн башкы командачысы, президенти мага Иманкулов тараптан чындык жетпей жаткандан кийин карапайым адам кайсы чындыкты укмак эле. Коопсуздук кызматы ошол күндөрү өтө начар иштеди. Коопсуздук кызматынын башчысы Калык Иманкулов да мени сатып кеткендердин бири катары жүрөгүмдө калды. Ал мамлекет башчысы – менин тагдырымды, республиканын эртеңки күнүн эмес, өзүнүн жеке кызыкчылыгын ойлоп, оппозициядагы төңкөрүшчүлөргө тымызын кошулуп кетиптир. Ал жерде өз ишин мыкты билген профессионал адис керек болгонун кеч түшүндүм.

— Аскар Акаевич, сиздин күйөө балаңыз Адил Тойгонбаев менен уулуңуздун “Аалам-Сервис”, Манас аэропорту, “Вечерний Бишкек”, “Кант цемент заводу”, “Кайыңды кант заводу”, “Нооруз” лыжа базасы боюнча жана башка иштери эл арасында катуу нааразылыктарды туудурганы туурасында көп айтылат.

— Бул тема боюнча маегибиздин башында мен жооп бердим окшойт. Сен сурап жаткан иштер боюнча мага кыйла жеңилдик берип коюшту. Данияр Үсөнов башында турган комиссия эч нерсе тапкан жок. Мага, үй-бүлөмө таандык машиналарыбызды алышты. Үйлөрүбүзгө төңкөрүшкө жардам берген криминалдар кирип алышты.

— Ошол күнү Бишкектен чыгып кетип калбаганыңызда эмне болот эле?

— Анда, сөзсүз түрдө кырдаал татаалдашып, борбор шаарыбызда саясый окуялар күч алып, кан төгүү болуп кетмек. Өлгөн адамдардын баарысын менин мойнума илип салышмак.

Мен кан төгүлө электе чыгып кеткенимди абдан туура көрөм. Коркуп кетип, керт башын аман алып кетип калды деп да жүрүштү. Эң башкы максатым, кан төгүүгө жол бербейин деп чечтим. Анда Акаевдердин укум-тукумуна чейин элдин каргышы тиймек. Анда өмүрүм өткүчө Кыргызстанга келе алмак эмесмин. Ал жерде атуулдук согуш дагы чыгып кетмек. Ошол күнү, мага жеткен маалыматтар боюнча аянтта түштүктөн келгендердин саны абдан көп болчу. Кийин портфель талашканда Баяман Эркинбаев, “Эй, туугандар, революцияны ким жасады? Мен беш миң адам алып келдим, мага кайсы креслону бересиңер?” деп айтканын кайда алып барабыз. Ошондон көп өтпөй Баяманды өлтүрүп коюшту. Мен Баяман менен эч кандай байланышым жок болчу. Байкуш жигиттин каза болгонун угуп, анын тигилерге алданып калганына жаным кейиди. Аянтта түштүктөн келген жаштар менен бул жактагылар тирешип, ортодо өлүм болуп кетпесе экен деп Кудайдан тиледим. Күч колдонсом эле “мына түштүктүн балдарын атып жатышат!” деп чыгышмак.

— Ал жерде жалгыз эле Бакиевди колдоп келген түштүктүктөр болгон жок да. Атамбаев жана башка чүйлүктөр, Нарындан, Талас, Ысык-Көлдөн келген жаштар да болушканы маалым.

— Мен өзүм бийликке келген он жыл бою түштүк менен түндүктү бириктирем, бир эл кылам деп аракетимди жумшадым. Азыр кээ бир саясатчылардын айынан, элибиз кайрадан бөлүнүп калды. Кийинки бийликке келген жетекчилер элди экиге бөлүп коюшту. Мен колдогон түштүктүн жигиттери Абдыганы Эркебаев, Курманбек Осмонов, Кубанычбек Жумалиев, Акматбек Келдибеков, Өмүрбек Текебаев ж.  б. саясатчылар эле жүрөт. Кийинкилерден эл оозуна алынгандары чыга элек. Анан, менден кийин жанагы Оштун мурдагы мэри, азыр оппозицияда жүрөт го…

— Мелис Мырзакматовбу?

— И-и, ооба ошол жигитти да куугунтуктап иштетпей коюшту. Ал азыр лидер болуп жүрбөйбү?

– 2005-жылы 24-апрелдеги элдик толкундоолордон кийин сиз Кыргызстандан чыгып кетүүгө аргасыз болдуңуз. Андан бери деле арадан бир топ убакыт өтүп кетиптир. Өзүңүзчө жалгыз калганда, бийликтин башында турган кезде кай жерден кемчилик кетирдим, балким ушуга жеткирбей президенттик эки мөөнөттөн кийин эле өз эрким менен кетип калсам болмок деп өзүңүзгө-өзүңүз өкүм чыгарган учурларыңыз болду беле?

— Бекен иним, жакшы суроо бердиң. Иштеген адамда албетте кемчиликтер болот. Менде такыр эле кемчилик болгон жок деп айта албайм. Өзүмдө кандай кемчиликтер болгонун жакшы билем. Кемчилик болбоду десем, эч ким ишенбейт дагы. Албетте болду. Мен төңкөрүш болбосо деле жакында кетүүгө өзүмдү даярдай баштагам. АКШнын Мамкатчысынын жардамчысы келип нааразы болуп кеткенден кийин, мага каршы иштер жүрө баштаганын жүрөгүм деле сезип жүрчү. Манас аба майданына АВАКСты жайгаштырбай койгонумду америкалыктар кечире алышкан жок. Ошол окуя биздеги төңкөрүштү өтө тездетип жибергени чындык. Саясатчылар менен НПОлор жандана баштаганда аларга тыштан жардам келген экен деген ой келди. Президенттиктен бир аз эрте кетип калсам болмок экен деген өкүнүчтөр болду. Эми канчалык өкүнгөн менен болор иш болду, өтөрү өттү, кетээри кетти…

— Аскар Акаевич, сиз башкарып турган убакта эң кайгылуу, Аксы жергесиндеги кандуу окуя болуп кетти. Сиз элге ок атылганын качан уктуңуз, ошондой эле Жогорку Кеңештин депутаты Азимбек Бекназаровду камакка албай, тергөө иштерин жүргүзсө болот беле? Анткени, Бекназаровду камабай койгондо балким Боспиектеги трагедиялуу окуя болбой калмакпы, деген ой кетет да.

— Балким, ошондой болот беле? Аксы жергесиндеги болгон кандуу окуя мени дайыма өкүндүрөт.

— Аксы жергесинде Жогорку Кеңештин депутаты Азимбек Бекназаровду колдоп чыккан, колунда эч кандай куралы жок тынчтык митингисине чыккан элди атууга буйрук берген белеңиз?

— Жок. Мен президент катары “элди аткыла!” деп эч кандай буйрук берген эмесмин. Ал тургай “Бекназаровду камагыла!” деп команда берген да жокмун. Чынында бийлик тараптан чоң каталыктар болду. Аны моюнга алыш керек, кээде колуңда иштегендерди көзөмөлдөй албай калат экенсиң. Мен расмий сапар менен чет мамлекетте жүргөн кезимде Аксыдагы кандуу окуя болуп кетти. Ошол күнү Чыңгыз Айтматов менен Швецияда королдун кабыл алуусунда чогуу болгонбуз.

— Боспиектеги адам өмүрүн алып кеткен, трагедиялуу окуяны кимден жана качан уктуңуз?

— Ал жактан кайтканда мени Манас аэропортунан Танаев күтүп алды, “Добрый вечер, Николай Тимофеевич! – деп саламдашсам, Танаев мага карап: “Не добрый, Аскар Акаевич,” деп мени менен өтө суз, чарчаңкы учурашты. Андан ары Аксы жергесинде ок атылып, адамдар каза болуп, жарадар болгондор да бар экенин айтып турду. Бул кандуу окуяны, жүрөгүмдү мыжыга кармаган суук кабарды укканда өзүмдү жаман сезип кеттим. Өңдөн кетип, бет маңдайымда Танаев турду. Бир аздан кийин өзүмө келип, “премьер-министр Курманбек Салиевич кайда?” дедим. “Эки күндөн бери Бакиевди таба албай жатабыз…” деди Николай Тимофеевич. Чет өлкөдөгү расмий сапарымдан келерим менен эле жетекчилердин баарын чакырып, ак үйдө чоң жыйын өткөрдүм. Оппозиция органдын адамдарын провокацияга түртүшүптүр.

— Аскар Акаевич, кандуу окуя болгон Боспиек айылына жакын жерге мен журналист катары көп эле жолу барганмын. Милиция кызматкерлери ок менен ата турган ал жерде мамлекеттик имараттар деле жок, ээн талаа эле. Балким, ошол кезде граждандык адам, профессионал милиционер эмес, сүймөнчүгүңүз Темирбек Акматалиев ИИМ жетекчиси болбогондо ок атылбай калат беле? Анткени, Акматалиев Жогорку Кеңештин депутаттарынын алдында Аксы окуясы боюнча берилген, “Кайсыл учурда милиция кызматкелери курал колдонот?” деген жөнөкөй суроосуна жооп бере албай койгон.

— Милициядагы кадрдык мүчүлүш иштерди, коррупцияны ооздуктоо үчүн таза деп Темирбек Акматалиевди алып бардым эле. Алар өздөрү менен боло берип коррупция өсүп-өнүгүп тамырлашып кеткен тармак болчу. Граждандык адамды коюп, ИИМде реформа жасайлы деген жакшы ойлорум бар эле. Ошон үчүн Акматалиевди башкы милиционерликке алып барган элем. Дүйнөнүн көптөгөн мамлекеттеринде Ички иштер министрлигине граждандык адамдарды жетекчиликке коюшат эмеспи. Чынында анын барганына аз эле убакыт болгондуктан эч нерсе жасай албады. Сураштырып көрсөк, Аксы окуясы болгон кезде Бакиев да Жалал-Абадда курортто ден-соолугун карап, дарыланып жаткан экен. Өзүнүн жери, өзүнүн эли, премьер-министр катары ошол митингге чыккандар менен жолугуп, сүйлөшүп койсо деле болмок. Мен Курманбек Салиевичти ошондо күнөөлөгөн деле жокмун. Бирок, ал окуянын болуп кеткени үчүн моралдык жактан президент катары мен жоопкермин. Өлкөнүн президенти катары, мен өзүм эч качан жоопкерчиликтен качпайм. Аксы окуясы биздин өлкөгө абдан жаман так калтырды. Мен президенттик администрация башчысы Карыпкуловду кетирген чоң кемчилиги үчүн иштен алдым. Анткени, анын кандуу окуянын тездешине салымы бар болуп чыкты. Териштирип көрсөм “Депутатты камагыла!” деген Карыпкулов экен. Андан кийин Бакиевди да ээлеген кызматынан кетирдик. “Курманбек Салиевич, мен сени күнөөлөбөйм, азыр ситуация ушундай абалга алып келди. Ушул оор кырдаалдан чыгалы. Чыдап тур, кайрадан эле кызмат берем…” деп айттым. Мен башында айткандай, кыргыздын элитасы кызматтан кеткенде эле мага душман болуп, оппозициянын эшигин тарсылдата каккылап отуруп, аларга кошулуп кетет эмеспи.

— Бир ирет, мени Мамлекеттик катчы Осмонакун Ибраимов өзүнө чакырып, “оппозиция өкүлдөрү Топчубек Тургуналиевди баш кылып Аксы окуясы боюнча талкалап макала жазгыла!” деп калды. Ал учурда мен “Кыргыз руху” гезитинде иштеп жүргөн кезим. Аксы окуясына бир аз гана убакыт болгон учур эле. Мен Осмонакун Ибраимовго “Андан көрө, Аксы окуясы тереңдеп кете электе Аскар Акаевге Чыңгыз Айтматовду алып Аксыга барганы туура болот го…” дедим.

— Бекен иним, сен тараптан бул абдан туура сунуш болгон экен.

— Анда Осмонакун мырза, “Чыңгыз Айтматов эмне бекерчи бекен, бар деген жакка бара бергидей!” деп мени кагып, айткан сөзүмдү жактырбай койду. Чынында элди экиге бөлүп, бийлик менен оппозицияны кайраштырып, КТРден түшпөй Аксы окуясын курчуткан Осмонакун мырза болгон эле.

— Мына 1990-жылы Ошто кан төгүлгөндө Горбачёв Чыңгыз Айтматовду жөнөттү. Чыңгыз агай мени жанына алып алды. Ташкентке учуп бардык, ал жерден Ислам Каримов өзбек элине белгилүү аттуу-баштуу жазуучуларынан бизге кошуп берди. Чыңгыз агайдын алдында кыргыз, өзбеги баарысы анын айткандарын угуп, макул болуп жатышты. Анан Өзгөн шаарына Масалиев да келет деп калышты. Биз дагы кетпей күтүп турдук, Өзгөндө бир окуя болду да, республиканын жетекчиси Абсамат Масалиевичти БТР менен алып келишти. Ошонун өзү чоң ката болду да. Ким ойлоп ушуну кеңеш кылып айтса да туура эмес кылышты. БТРден чыкканда биринчи эле Масалиевдин башы көрүндү. Бул көрүнүштүн өзү элдин кыжырын келтирип жиберди. Ошол жерде тургандар колдоруна эмне тийсе ошону менен БТРди көздөй ыргыта баштады. Масалиевдин коопсуздугун ойлоштубу, айтор Өзгөндөн кайра алып чыгып кетишти. Чыңгыз ага болуп биз СССРдин Жогорку Советинин эл депутаттары өзбек улутундагы Өзгөндүн жарандары менен аягына чейин сүйлөштүк. Ош менен Өзгөндө канча адамдардын өмүрү кыйылып кеткен оор күндөр эле. Менин Чыңгыз Айтматов менен Аксы жергесине чогуу баруум боюнча сенин оюң абдан туура болгон экен… Өзүң билесиң, Аксыдагы каргашалуу окуяга чейин биздин баштаган иштерибиз жакшы келаткан болчу. Аксы окуясы бизди кыйла аксатып, колу-бутубузду байлап койду. Милиция кызматкерлери, органдын адамдары чоң катачылык кылышты. Келаткан элди тыябыз дешип, ок атуунун эмне кереги бар эле. Бишкекте андай митингдин канчасы өтчү… Эмне ошолорго ок аттык белек…

— Аскар Акаевич, сиз жакын санаалаш адамдарыңыз менен отурганда “…. өмүрү узун болгондо Бекмамат Осмонов да президент болмок… ” деп айткан экенсиз, ушул чындыкбы?

— Эмне үчүн, жок дегени турасыңарбы? Бекмамат Осмоновдун өзгөчөлүгү, карапайым элдин кумири, чыныгы сүймөнчүгү болгон. Кыргызстандын бардык бурчунда ага суктануу менен тирүү Манастай көрүшчү. Бекмамат Осмоновдо элди өзүнө магниттей тарта билген күчтүү дипломатия деген бар болчу. Башка чиновниктерге караганда кепке-сөзгө келчү. Албетте саясый элитанын арасында Бекмамат Осмоновду жактырбагандар, анын эл арасындагы кадыр-баркын көрө албагандар да көп болчу. Мен президент болуп турганда Жалал-Абадга учуп келдим, губернатор Бекмамат Осмонов экөөбүз областы кыдырып чыктык. Анан Көк-Жаңгак шаарындагы аскердик техникаларга ылайыкташкан тетиктерди чыгарган, баштагы союздук маанидеги заводдун жааматы менен таанышканы барып калдык. Ал заводдун директору бизди тосуп алды. Бекмамат Осмонов: “Аскар Акаевич, бул жигит ушул заводдун директору, Курманбек Бакиев деген болот, ” деп аны мага тааныштырды.

— Болочоктогу шакиртиңиз, экинчиден саясый оппонентиңиз Бакиев менен Бекмамат Осмонов тааныштырган экен да…

— Ооба. Ошондой болуп калды. Мен аны менен учурашып, “Кайсы окуу жайын бүтүрдүң эле?” деп сурасам, ” Россиянын Самара шаарындагы Куйбышев атындагы политехникалык окуу жайын аяктагам. Кесибим-инженер…” деп өзүн кыскача тааныштырды. Маңдайы жарык жигит экен. Мен ошол жерден областын жетекчиси, губернаторго карап: “Бекмамат Осмонович, биз мына ушундай Россиядан билим алып келген жаштарды кызматка тартып көтөрүшүбүз керек. Өзүң билесиң, мындай кесиптеги жаштар, кадрлар өтө эле аз. Ушундай жигиттерди жаныңа тартпайсыңбы? Областтык деңгээлдеги кызматтарга көтөрүп, тарбиялаш керек. Биз деле эртең кызматтан кетебиз, артыбыздан кадрлар өссүн… Россиядан билим алып келиптир, өнөр-жайы боюнча орун басар кылып ал, кесиби да туура келет, инженер экен…” деп айткан сөзүмдү Бекмамат Осмонов, “Аскар Акаевич, абдан жакшы болот. Сиз айткандан кийин кантип жок демек элем… ” деп менин сөзүмү эки кылбай, аны өзүнө орун басар кылып алды. Бакиевдин саясаттагы карьерасы мына ошентип башталган.

— Менимче, губернатордун орун басары катары Курманбек Бакиев аз эле иштеди окшойт?

— Бир канча убакыттан кийин мен республика боюнча кыдырып жүрүп кайрадан Жалал-Абадга барып калдым. Мен республикадагы бардык областтарды тез-тез кыдырып, жетекчилердин кандай иштеп жатканын текшерип, көзөмөлдөп турчумун. Сүйлөшүп отурганда “Бекмамат Осмонович, баягы орун басарың Бакиев кайда?” деп сурап калдым. Бекмамат мырза, орун басары Курманбек Бакиевди кызматтан кетирип жибергенин айтты. Анан, мен Бекмамат Осмоновичке карап, “Эми мындай кылганың болбойт, кадрларга чыдап, аларды өстүрүш керек. Менин айланамда деле канча интригандар, ишинен чыры көп адамдар жүрүшөт, мен деле аларга чыдап иштеп жатам го. Сен өзүң акылман жетекчисиң, тажрыйбаң бар, андай кадрларды кетириш оңой, тарбиялап өстүрүш керек! Жок дегенде аким кылып кой…” деп айттым. Бекмамат Осмонов, “Туура айтасыз… Эми эмне кылабыз?” деди. “Тогуз-Торо районуна аким кылып жөнөтөлү, азыр ал орун бош турат,” деп айтсам, менин айткан кеңешимди губернатор туура көрдү. Ага ырахмат, менин сөзүмдү эки кылбады. Мен кеткенден кийин Курманбек Бакиевди чакырып, Тогуз-Торого аким болуп бар десе, ал дагы макул болуптур. Ошентип, Бекмамат Осмонов экөөбүз Бакиевди Тогуз-Торого аким кылып жөнөткөнбүз. Өзгөчө түштүктүн кадрлары өссүн деп бир топ эле аракет жасадым. Ошол кезде чоң кызматтарга Абдыганы Эркебаев, Мамат Айбалаев, Бекмамат Осмонов, Курманбек Осмонов, Өмүрбек Текебаев, Марат Султанов, Акматбек Келдибеков, Осмонакун Ибраимов ж. б. түштүктүн бир топ кадрларын көтөрмөлөп өстүрдүм. Кыргыздын деле “Бирде жигит жөө жүрөт, бирде жигит төө минет” деген сөзү бар эмеспи. Ушул жагынан Бекмамат Осмонов эр болчу. Бир окуяны айтайын. Кулов экөө тирешип чоң жаңжал чыкты. Анткени Феликс Кулов кийинки президенттик шайлоодо президенттикке чыгам деген тымызын амбициясы бар эле. Ал түштүктөн Бекмамат Осмоновду президенттикке атаандаш көрүп, анын кадыр-баркынан коркуп турчу. Облкеңештин төрагасы, Ф. Кулов, Ө. Текебаев ж. б. тымызын биригип алып Осмоновго каршы элди көтөрүп чыгып жатыптыр деп уктум. Жалал-Абад областтык администрациясынын имаратынын алдында бир канча миңдей адамдар чыкты деп мага кабар беришти.

— Сиз ошол учурда, губернатор Бекмамат Осмоновдун тагдыры чечиле турган учурда өзүңүз Жалал-Абадга учуп барганыңыз эсимде…

— Ал жактан “Акаев өзү учуп келсин!” деп аянттагы эл катуу талап кылып жатат дешип мага кабарлашты. Мага, өзүмдүн администрациямдагылардан “Аскар Акаевич, Жалал-Абадга учуп барбай эле коюңуз, бир кокустук болуп, сизге да кол салышы мүмкүн. Элдин түрү жаман, премьер-министрди эле жөнөтүп койбойсузбу?” деп мага акыл үйрөткөндөр да болду. “Өз элинен корккон да президент болобу? Мага самолётту даярдагыла, Жалал-Абадга учам!” дедим да мага кеңеш бергендерди укпай, эки жардамчымды алып учуп кеттим. Ал жакка барып облакимчиликтин алдындагы кылкылдаган адамдарды көрүп, абал өтө оор экенин түшүндүм. Эки тарап тирелишип турган экен. Жалал-Абадга учуп келгеним да туура болгонуна ичимден ынандым. Өзүм барбасам кырдаал колдон чыгып кетиши мүмкүн экенине көзүм жетти. Мен Жалал-Абадга учуп барганча аянттагы элдин саны улам көбөйүп, адамдар аянтка батпай, алма түшөргө жер жок, кылкылдап туруптур. Биз облакимчиликке келгенде калың эл жарыла берип бизди ичине киргизди. Эл көтөргөн маселени тезинен чечпесе болбой турганын түшүндүм. Мен Бекмамат Осмонов менен сүйлөшүп, анан элге чыгайын деп чечтим. Анын чечкиндүүлүгү, кепке-сөзгө келе билгендиги мага жакчу. Бирок, бул ирет кандай болорун билгеним жок. Мындай сапат көрүнгөн адамда, өзгөчө жетекчилерде боло бербейт. Өзүң билесиң, башында экөөбүз тирешип да жүрдүк го. Мен президент болгонго чейин, илимдин адамы болгондуктан, Бекмамат Осмоновду жакындан билчү эмесмин. Аны мага жамандаган адамдар да көп болгон. Кийин билсем сөзгө келчү, чогуу иштешсе боло турган жакшы сапаттары бар жигит экенин көрдүм. Ошентип, тагдыр буйруп экөөбүз иштешип калдык. Мен ага карап, “Өз көзүм менен көрүп келейин деп атайын учуп келдим. Алгач, экөөбүз бетме-бет сүйлөшөлү, анан элге чыгабыз,” дедим. “Аскар Акаевич, өзүңүз учуп келгениңиз дурус болду” деди Бекмамат Осмонов. Сүйлөшүп отурганда: “Бекмамат баатыр, өзүң деле акылдуу жансың, сыртты карачы, сага каршы турган элдин түрүн көрүп турасың. Албетте сени колдогондор да жок эмес, бар. Бирок эки тарап тирешип турат, ушунун элге кереги барбы…” деп маселени кабыргасынан койдум.

— Аскар Акаевич, ошол учурда элдин областын губернаторуна каршы чыгышынан пайдаланып, келечектеги президент болом деген дымагы күчтүү Бекмамат Осмоновду саясый аренадан кетирүүнүн сааты келди деп ойлогон жоксузбу?

— Жок. Ошондой кысталышта андай нерсени ойлой турган учурбу? Мен дагы, бир балекет чыгып кетпесе экен деп ошондон кооптонуп турганмын. Азыр айтканга оңой болгону менен саясый абал оор болчу. Бир аз сүйлөшүп отурган соң Бекмамат Осмонов “Аскар Акаевич, бул саясый кырдаалдан кантип чыгабыз? Мен эмне кылайын?” деп мени суроолуу тиктеп калды. Мен ага, ” Элди тынчытыштын бир гана жолу калды. Өзүң элдин алдына чыгып, “отставкага кетем!” деп айт да, элди тынчыт. Башка айла жок болуп турат. Жалал-Абад жергесинде тынчтыкты сактап калалы, “Эр жигит бирде жөө жүрөт, бирде төө минет!” деген сөз бар. Бул жактан кетсең, башка жакка кызматка барасың” дедим.

— Бекмамат Осмонов сиздин айткан сөзүңүзгө макул болдубу?

— Ал ойлонуп туруп калды. Мен ага, “Бекмамат баатыр, эртең эле элибизге керек жетекчисиң, сени кызматсыз калтырмак белек…” деп айтсам макул болду. Азамат, кантсе да акылы бар эмеспи. Түштүк жергесиндеги бир чоң тирешүүнү, башаламан тополоңдон Бекмамат Осмонов өзү сактап калды. Ал бир убакта ордунан туруп, “Аскар Акаевич, сиз туура айтасыз, кызмат колдун кири. Кызматтын кулу болуп, кресло үчүн өмүр баянымды булгагым келбейт. Мага элимдин ынтымагы керек! Аянттагы элди өзүм тынчытам…” деп чечкиндүү сүйлөп, ишенимдүү айтты. Анын бул сөзүн уккан соң, мен кыйла жеңилдей түштүм. “Анда элге чыгалы” дедим да анын кабинетинен экөөбүз эрчише элге чыктык. Эл жарыла берип бизди алдыга өткөрдү. Эми, буга чейин облакимчиликтин алдында мынчалык эл чогулган эмес болчу. Менин адресиме да элдин арасынан ар кандай жагымсыз сөздөр айтылып кетти. Мен ал сөздөрдү укпаган адам болуп, жандарынан өтө бердим. Бекмамат Осмонов элдин алдына чыгып колун асманга көтөргөндө, аянт заматта тыптынч болуп калды, ал өзүнө гана таандык күркүрөгөн үнү менен: “Урматтуу туугандар! Азыр Аскар Акаевич менен бетме-бет, калыс сүйлөштүк, маселени чечиштик. Баары жайында, баары жакшы болот, эми тарагыла…” деген кыязда төрт-беш сөз менен элди токтото алды. Калың эл бир дуулдап барып токтоду. Осмонов карапайым элдин күрөө тамырынын согушун билип турчу. Бекмамат мырза өз душмандарынын алдында бөжүрөгөн жок, алардын көзүнө тике карап, өзүнө таандык коңур үнү менен селдей каптап кетчү элди токтотуп, заматта тыйды. Биз машинеге отуруп обакимчиликтен чыгып Ош тарапты көздөй кеттик. Жол катар машинада кетип баратып, бир топко чейин ачык сүйлөштүк. Кызматтан кетиш да оңой эмес. Кара-Сууга жакын калганда ал машинада отуруп баратып, мага карап: “Аскар Акаевич, мен өз калоом менен областын элинин ынтымагы үчүн кызматтан кетейин! Мына арызымды да жаздым” деди да, жанында алып жүргөн папкесинен өз тагдырын чечкен бир баракты алып, губернатор Бекмамат Осмонов өз колу менен жазган арызын берди. Менимче, элдин түрүн көрүп мен Жалал-Абадга учуп келгенче эле өз арызын жазып даярдап койгон окшойт. Мен президент катары анын жазган арызын окуп, кабыл алдым. Башка айрым жетекчилердей элдин алдында да, менин алдымда да бөжөңдөп, бечара болуп жалдыраган жок. Бекмамат Осмонов эрдик жасады, өзүн элдик лидер экенин кызматтан кетип бара жатып да көрсөтүп кетти. Мына ушуну эл сыйлаган инсан десе болот. Бекмамат мырза, башын бийик көтөрүп туруп губернаторлук кызматын өз каалоосу менен кетти.

— Бекмамат Осмонов кызматтан кетпейм деп катуу туруп алса эмне болот эле?

— Анда кырдаал колдон чыгып кетмек. Анын кызматтан кетүүсүн талап кылгандардан тышкары карапайым калктын арасында Осмоновдун кадыр-баркы жогору болуп, аны колдоп келгендер да көп эле.

Эки тараптын тирешүүсүнөн ортодон от чыкмак. Ушул чечкиндүү кадамы үчүн, чыныгы элдик адам экенин көргөндөн кийин Бекмамат Осмоновду баштагыдан да жогору сыйлап калдым. Эң башкысы, тирешкен эки тарап ызы-чуусу жок облакимчиликтин алдынан тарап кетишти. Бир аз убакыттан кийин кызматка алдым. Өзү эле эмес бир туугандары да жетекчилик кызматтарда иштешти. Таш боор оорусу болбогондо башка кызматтарга көтөрөйүн деген ойлорум бар болчу. Бекмамат мырзанын жакшы сапаттары, эл урматтаган касиеттери көп эле.

— Сиз президент болгон алгачкы жылдары Курманжан датканын 180 жылдык мааракесин өткөргөн элеңиз. Жалал-Абад областынын губернатору Бекмамат Осмонов “Алай ханышасынын” тоюна кырк чоросу менен ат минип барган дешет го…

— Менин эсимде калган бир окуя бар. Курманжан датка энебиздин 180 жылдык маараке тоюн Алай жергесинде өткөрдүк. Ош, Өзгөндөгү кандуу окуялардын жараты айыга элек оор мезгил болчу. Ошол кездеги Жалал-Абад областынын губернатору Бекмамат Осмонов өзүнүн кырк чоросу менен ат үстүндө келгенде эл ордуларынан жарыла берип, тике туруп тосуп алышты. Бекмамат мырзанын, эл арасында мынчалык кадыр-баркы бар экенин билген эмес элем. Өзү да бою бийик, келбеттүү алп жигит эмес беле, элдин баары ат минип келе жаткан Осмоновду карашып, тим эле тирүү Манасты көргөндөй кол чаап тосуп алышты.

— Аскар Акаевич, биздин маекти окуп жаткан окурмандар азыр, сиз айтып жаткан жакшы сөздөрүңүздү Бекмамат Осмоновдун көзү тирүү кезинде айткан эмес деши мүмкүн.

— Ооба. Ар бир нерсенин сааты болот. Мына экөөбүз маектешип отуруп мен Бекмамат баатырды эстеп кеттим. Ал дайыма эл оозунда айтылып, эстей жүрө турган инсан. Мен ал туурасындагы жакшы сөздү замандашы, чогуу иштеген адамы, өлкөнүн президенти катары айтууга бирөөдөн акыл сурашым керек беле? Жок. Курманжан датка энебиздин тоюна келген канча миңдеген адамдар ордуларынан туруп ал аттан түшкөнчө кол чаап турушту. Мен өз көзүм менен көргөнүмдү гана айтып жатам.

— Аскар Акаевич, мына сиз бир топ жыл президент болуп Кыргызстанды башкардыңыз. Буга чейин башка мамлекеттин жетекчилери менен жакшы сый-урмат мамиледе болуп келдиңиз. Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон сиздин жетимиш жылдык мааракеңизди өткөрүп берейин деген экен. Азыр башка өлкө башчылары менен байланыштасызбы?

— Ал эми бийликтен кеткен соң, мен дагы эки жүздүүлүктүн түрүн көрдүм. Президент кезимде өзүм чоң кызматка көтөргөн адамдарымдын, чыныгы досторум менен душмандарымдын, саткындардын жүзүн айрып көрүүгө турмуш үйрөттү. Бул өзүнчө мектеп экен… Ар бир нерсенин өзүнүн убагы болот. Мен азыр саясаттан илимге баш-отум менен кеткен адам катары көбү менен байланышпайм деле. Кээлери майрамдарда куттуктап калышат. Ал эми президент Рахмондун өтө жакын адамдары мага келип жылуу сөздөрүн, саламын айтып, моралдык колдоосун көрсөтүп турушат. Рахмон өзгөргөн жок. Анысына рахмат. Ал эми 70 жылдык мааракеме өз өкүлдөрүн жөнөтүп, “Аскар Акаевичтин 70 жылдык мааракесин Тажикстанда өткөрүп берели, макулдугуңузду бериңиз?” деп адамдары келип кетишти. Тажик бийлиги менен оппозициянын башын бириктирип, жарандык согушту токтотуп жараштырган кезден бери туура жыйырма жыл болуптур. Ошол алар үчүн улуу күндө “Акаевдин мааракесин чогуу өткөрөлү” дешкендери чын.

— Сиз эмнеге макул болбодуңуз?

— Мен ага макул болгон жокмун. Өзүмдүн кыргыз элим турганда башка элде мааракемди өткөргөнүм туура эмес болуп калмак. Ызаат кылып, президент Рахмонго ырахматымды айттым.

— Аскар Акаевич, сизге чейин деле тажик бийлиги менен оппозициянын башын бириктирип бир столго отургузганга аракет кылгандар болду. Сиздин дипломатиялык тубаса талантыңызбы, ушул ийгиликтин сыры эмнеден болду эле?

— Тажик бийлиги менен оппозиция лидерлерин жараштыруу оюбузга, иш аракеттерибизге Абдулло Нури менен Туражон заде экөө тең макулдугун беришти. Бишкекте тажик президенти жана оппозиция лидерлери менен жараштыруу иштери ойдогудай, жемиштүү өттү. Эки тарап тең ыраазы болушту, жыйынтыгында көп жылдан бери келе жаткан согуш басылып, улуу тажик эли утушка ээ болду. Ошол күндөн баштап Тажикстанда стабилдүүлүк өкүм сүрүп, экономикалык өсүш башталды. Ушул дипломатиялык аракет, ийгиликке дайыма сыймыктанам.

— Атуулдук согуш болгон Тажикстандын президенти Рахмон, Орто Азиянын Назарбаев, Каримовдой түшпөс хандары бийликте алды жыйырма беш, арты он беш жылдап республикаларын башкарып келишип, дагы президенттик шайлоого баратышат. Балким, сиз деле демократ президент болбой, диктатор катары өлкөнү башкарганда такта отура бермек белеңиз деген ой кетет. Демократиянын жемишин өзүңүз биринчи болуп жыйнаган жоксузбу?

— Бекен мырза, бул сурооңдо өтө терең маани бар. Эми, коңшу мамлекеттердин президенттери менен ондогон жылдар бою бирге иштештим. Кыйын учурларда бири-бирибизге жардам бердик. Мына Ислам Каримовду айтып кетейин. Каримов туурасында маегибиздин баш жагында жакшы сөздөрдү айттык. Азыркы күндө өзбек лидери менен Кыргызстандын жетекчилиги бир ымалага келе албай жатат. Атамбаевдин өзбек президенти туурасында айткан сөзү эч бир мыйзамга туура келбеген нерсе. Ал эми казак президенти Нурсултан Назарбаев да көп жардам берди. Ал эми Тажикстанга биз жардам берген учурлар болду. Үч президентти тең терең урматтайм, сыйлайм. Эң башкысы, үч лидер тең өз мамлекеттеринде стабилдүүлүктү сактап келе жатышат. Ар кимиси өз мамлекеттеринде прогрессти алып келүүдө. Коңшу жашаган элдер шайлаган президенттерди сыйлашыбыз керек. Ар бир элдин өз келечек тагдыры үчүн тандап алган жолу болот. Ошону сыңары, Кыргызстан үчүн да бир гана жол бар, ага эч кандай альтернатива жок. Кыргызстандын тандаган жолу, бул демократиялык багыт деп билем. Ата-бабаларыбыз эркин, көчмөн эл болгондуктан алардын жашоосунда да демократиянын элементтери болгон. Курултайда да демократиянын жакшы жактары бар. Канчалык мага кыйынчылык болбосун, Кыргызстанды демократиялык жол менен гана алып кетиш керек. Өзүм да, мага канчалык сын пикирлер айтылган күндө да, Кыргызстанды ошол багытта алып бардым. Алдыга умтулбаган калк, алдыга багыт албаган мамлекет артта калат, эч качан келечеги болбойт. Бизде нефти, газ жок, бирок биздин элде келечегибизден үмүт эттирген демократия бар. Биз бир гана демократиялык жол менен өнүгүп, алдыга кетишибиз керек.

— Аскар Акаевич, сиз бутуңуздан баштап чачыңызга чейин тубаса демократ адамсыз. Үчүнчү президенттик мөөнөттүн сизге эмне кереги бар эле? Саясатчы адам эл арасында кадыр-баркы көтөрүлүп турган учурда кетип калганы эң туура кадам дешет го. Сиз эмне үчүн ошондой кадамга бара албадыңыз…

— Мен он жылдык программаны баштап бериш үчүн дагы бир президенттик мөөнөткө чыктым. “Өмүр бою президент болом” деген адам эмесмин. Чет өлкөлүк донор мамлекеттердин жардамы, Бүткүл дүйнөлүк банктын колдоосу, эл аралык кадырлуу уюмдардын жардамы менен он жылдык өсүп-өнүгүү программаны ишке ашыруу башкы максатыбыз болчу. Качанга чейин эле кайсы мамлекет бизге жардам берет экен деп күтүп отурбай, өзүбүз бутубузга туруунун жолунда болчубуз. Аны максаттуу ишке киргизип алуу, ар бир кыргыз жаранынын кирешесин эки эсеге өстүрүү болчу. Ошол он жылдык программаны баштап берип коюп, 2005-жылы официалдуу түрдө кийинки шайлоого катышпай, саясаттан кетүүнү туура көрдүм эле. Биз ошондо Бүткүл дүйнөлүк банк, Европа банкы, андан башка дагы эл аралык уюмдар менен сүйлөшүп, биздин республикабыз алган карыздарыбызды жоюу маселеси каралып жаткан. Буга чейин да эл аралык уюмдар биздин тышкы карыздарыбызды жоюп беришкен эле. Аны жарыя да кылган элем. Бирок менин жакшы ойлорумду ишке ашырууга америкалыктар мүмкүнчүлүк бербеди. АКШ биздин оппозиция менен биригип мамлекеттик төңкөрүш жасашты. Эгерде күзүндө шайлоо болуп кетсе, мен колдогон шакирттеримдин бирөөсү утуп чыкмак эле. Балким, мен дагы ката кетирдим окшойт. 2005-жылкы шайлоого барбайм деп ачыкка чыгарыштын кереги жок беле деп ойлоп кетем. Борис Николаевичтей болуп, татыктуу өз адамымды ачык эле алып чыгып, ошого өткөрүп берсем деле болмок эле.

— Аскар Акаевич, эгер жашыруун сыр болбосо бийликти өз адамыма өткөрүп берет элем деген ымандай сырыңызды айтып жибердиңиз. Биздин элибиздин башын бириктирип, сиз баштаган реформаларды аткара ала турган болочок президентибиз ким болмок эле?

— Аны айтуунун кереги деле жок го. Алар бир топ эле бар болчу. Мен шайлоого барбайм дегенден кийин мураскор болом дегендер ачык эле чыга башташты. Алардын арасында мен колдогон адам жок болчу. Мен өз адамымды шайлоого чейин алып чыга албадым. АКШнын элчиси менен Мамлекеттик катчысынын жардамчысына “Силердин максатыңар демократияны колдоо эмес беле? Кыргызстан Орто-Азиянын демократиялык аралчасы” деп айткан да өзүңөр эле го. Күзүндө шайлоону өткөрүүгө жардам бергиле. Мен Конституциялык жол менен бийликти эл шайлаган президентке өткөзүп берейин” десем алар жактырбагандай болуп коюшту. “Бийликти шайлоо жолу менен өткөрүп берсе боло турганын башкаларга да көрсөтөлү, ” деп айттым. “Силердин ички иштериңерге аралашпайбыз!” дегендей орой мамиле жасашты. Мен айткан ойлор ошол кездеги алардын ойлоруна туура келбеди окшойт. Алар революция, элди бийликке каршы алып чыгып төңкөрүш жолун тандап алышты. Менин бир өкүнгөнүм, Конституциялык жол менен бийликти өткөзүп бере алган жокмун.

— Аскар Акаевич, сиз өзүңүз саяпкердей таптаган, Кыргызстанды ишеним менен таштап кете турган өз Путиниңизди айтпай койдуңуз го?

— Чынында ал кезде жок эле… Күзгө чейин бирөөнө токтоп, аны колдойт элек деп жүрчүмүн. Ага чейин төңкөрүш болуп кетти. Аны оппозициядагылар да билишти, алар шайлоо жолу менен утулуп каларын сезген соң революциялык жолду, бийликти күч менен басып алууну туура көрүштү.

— Аскар Акаевич, бир тууган агаңыз каза болгондо Кремлдеги чоңдордон “Сиздин ал жакка барышыңыз, ансыз деле араң турган Кыргызстандагы кырдаалды оорлоштуруп, чайпалтып жибериши мүмкүн. Барбай эле койбойсузбу?”-деп суранышкандары чынбы… Кыргыздар “өлүм ак” деп коюшат эмеспи…

— Албетте, бир тууган агамды акыркы сапарга узата албай, бир ууч топурак сала албай калганыма кейип, капа болдум. Бир тууганынан ажыроо абдан оор нерсе. Эмне болсо да барышым керек деп даярданып калдым. Анан эле Кремлден Россиянын жетекчилиги мага чыгып, “Аскар Акаевич, сизге каршы мамиле бар экен, барбай эле койсоңуз? Биз дагы сиздин коопсуздугуңузга жооп бере албайбыз…”-деп айтышты. Ал эми Кыргызстандан кандай мамиле жасаганын, Башкы прокурордун “Эгер Аскар Акаев Кыргызстанга келсе аны ошол жерден эле суракка алабыз!”- деген кайрылуусун уктуңар да. Айылдагы агам менен телефон аркылуу байланышып, “Агабызды ызы-чуусу жок, акыркы сапарга узатып алалы. Кайрат кылгыла! Мен үчүн да топурак салып койгула…”-деп айттым. Бала кезден бирге чоңоюп өскөн агама бир ууч топурак сала албай калган өкүнүчтүн тагы түбөлүккө жүрөгүмдө кала берди…

— Бийликте турганыңызда Алмаз Атамбаев Кыргызстанга келе албай жүргөн эле, эми ал президент болгон учурда сиз өз мекениңизге келе албай жүрөсүз…Бир тууган агаңызга топурак сала албай калганыңызга караганда Атамбаев сизден өч алып жаткан жокпу?

— Менден өч алып жаткандай эле болуп жатат…

— Аскар Акаевич, сиз агаңызга топурак салганы Москвадан учуп келип, президент Атамбаев аэропорттон сизди тосуп алып Кеминге чогуу барса болот эле?

— Бекен иним, сен президентиңердин башына келбеген суроону берип жатасың. Биринчи жагынан жигиттик, чыныгы мырзалык касиет болмок. Бирок, Атамбаев эч качан андай жигиттик кадамдарга бара алмак эмес. Ал өтө майда, кекчил адам экенин көрсөттү. Экинчи жагынан туура болмок. Мен президент болуп турганда Атамбаевди анчалык деле куугунтуукка алган эмесмин, ал ээн-эркин эле жүрчү. Куугунтук жасап жатат дегени Атамбаев өзү “Мени Акаев куугунтуктап жатат!”- деп ойлоп тапкан эле нерсе. Атамбаевди эч ким куугунтуктаган эмес. Ал Кыргызстанда жойлоп-жортуп эле жүргөн. 2005-жылдары деле оппозициянын ичинде мамлекеттик төңкөрүшкө катышып жүргөнү белгилүү. Мага каршы төңкөрүштү уюштургандардын бири ал болчу. Ошол эмгеги үчүн Бакиевдин убагында премьер-министр болду да. Атамбаев бир ирет, “Мени Акаев куугунтуктаганы үчүн саясатка келдим!”- деп айтып жатпайбы. Бул сөз менен Атамбаев саясатка жарамсыз экенин көрсөтүп жатат. Саясатка бирөөнү коркутуп келбейт. Саясатка өз программасы бар, элим, мамлекет үчүн бир нерсе жасайын деп келет. Укмуш программаларымды ишке ашыруу үчүн Акаев бут тосуп жатты эле деп айтайын десе азыр ким ишенет? Мына кан менен болсо да колуна чексиз бийлик тийди, эмнени жыргатты! Элин бага албай, ишке ашыра турган программасы жок, башка мамлекеттерден кайыр сурап жүрөт. Көзгө басар кайсы реформасын айта алат. Эч нерсе жок!

— Атамбаев деле “Датка-Кемин” электр чордонун, “Түндүк-түштүк альтернативалык жолун” баштады. Офицерлерди турак жай менен камсыз кылып, аскердик куралдуу күчтөрүн реформалоого шымалана киришти… Такыр эле иштебей жатат деген болбойт го…

— Мезгил Атамбаевдин жөндөмсүз президент экенин көрсөттү. “Акаевге таарынып саясатка келдим!” дегени анын болгон деңгээлин көрсөтүп турат. Бийликке келгенине беш жыл болсо да алган анык багыты, көздөгөн максаты жок деген пикирдемин.

— Азыркы күндө да АКШ менен Россия колдогон саясатчылардын ортосунда тымызын тирешүүлөр жүрүүдө. “Эки дөө кагышса, ортодо чымын өлөт” дегендей биздин мамлекет кайсыл багыт, кайсыл мамлекет менен кетсек болот деп айтат элеңиз?

— Чынында бул нерселерди мен деле байкап жатам. Бир топ депутаттар, саясатчылар АКШга ат тезегин кургатпай барып келишти, бир топтору Москвага байма-бай каттап жатышат. Эки тараптын саясатчылары, депутаттары тең колдоо издеп, бийликке келиш үчүн жардам сурап барышууда. Эми бизге Россиядан башка жакын мамлекет жок. Кылымдар мурун эле биздин көрөгөч, акылман ата-бабаларыбыз Россия менен түбөлүк бирге болууга жол салып коюшкан. Эки жүз жылдай Россия менен эриш-аркак жашап келе жатабыз. Феодалдык жашоодон бизди алып чыкты. 1916-жылдагы кыргын, бир канча миңдеген адам өмүрү кыйылган кандуу окуядагы таарынычтар да бар. Совет бийлигинин учурунда не деген таланттуу адамдарыбыз чыкты. Биз эч качан Россиядан кол үзбөшүбүз керек. Ата-бабаларыбыз жакшы жолду салып беришкен. Ошол жол менен кете беришибиз керек. Салыштырып айтканда Россия менен АКШ, күн менен жылдыздай. Россия биз үчүн күндөй, ал эми АКШ жылдыздай. Күндүн жылуулугун алабыз, ал эми жылдыз деле жаркырап турат, бирок жылуулугу жок. Америка жылдыздай, демократиясын берет, бирок табын сезбейсиң. Демократия деген желегин көтөрүп алып Ооганстан, Ирак, Сирия, Ливия жана башка мамлекеттерди кыйратып салышты. Ал эми Россия кыргыз элине жылуулук да, жарык да берип келе жатат. Россиядан кол үзбөшүбүз керек.

— Аскар Акаевич, ММКдын беттерине сиз Акматбек Келдибеков менен жолукканыңызды жазып чыгышты. Эгер жолукканыңыз чын болсо, эмнелер туурасында сөз кылганыңарды окурмандар менен кошо билсек болобу?

— Акматбек Келдибеков да убагында мен көтөргөн кадрлардан экени талашсыз. Аны Акматбек мырза деле танбаса керек. Мен президент болуп турганда Финансы министрлигинен бир топ адистерди чакырдым эле. Бюджет маселесин карап жатканда Келдибеков менен алгач ирет ошондо бетме-бет жолуктук. Бөлүм башчысы болуп иштесе керек, өз ишин жакшы билет экен, мен берген суроолордун баарысына мыкты жооп берди. Кыскасы, ал өз иши менен мага жакты. Анан мен Финансы министрине айтып, орун басарлык кызматка көтөрдүк. Кийин социалдык тармакты мыкты билгендиктен Келдибековду Соцфонддун жетекчилигине дайындадым. Келдибеков менден жасаган ишиме эч ким тоскоол болбосун деп эркиндикти гана суранды. Бул эң татаал, оор тармак болуп эсептелет. Келдибеков ал жакты ордуна коюп, жанагы Фомова деген проблемадан кутулткан. Фомова түшүмө да кирчү. Ал аял пенсионерлерди эрчитип алып, мискей табактары менен Ак үйдүн темирлерин ургулашып, бийликке нааразылык уюштуруп эле жүрчү. Ун, май, шекер, кийим-кече менен пенсия берилчү, ошону Келдибеков накталай акча менен бере баштады. Соцфонддо мен күткөн реформаны жүргүзө алды деп айтсам да болот. Акматбектей шакирттериме эртели-кеч, ал акыбал сурашып жолугушууга неге болбосун? Андан саясат кылуунун кажети жок. Мен президент болуп турганда жаш муундун кадрларын көтөрүүгө чоң мамиле кылчумун. Ошол кезде Марат Султанов, Улан Сарбанов, Акматбек Келдибеков, Аскар Шадиев, Эмирлан Торомырзаев ж.  б. бир муундагы зирек жетекчилерди көтөрө баштадым. Марат Султановдун атасы менен жакшы мамиледе болчумун, ооруканада жатканда жолукканымда “Балдарым жаш, көз сала жүр?”-деп суранган эле. Эки баласын тең колдоп, колумдан келген жакшылыгымды жасадым. Акматбек Келдибеков өз иши боюнча өтө профессионал жетекчи деп айткым келет. Буга окшогон жигиттерди азыркы бийлик куугунтуктабай иштетиши керек эле.

— Аскар Акаевич, сиз президент болуп турган кезде кыргыз элинин залкар инсаны Исхак Раззаковдун сөөгүн көп жылдардан кийин Кыргызстанга алып келдиңиз. Убагында Москванын саясатыбы же биздин ошол кездеги республикабыздын жетекчилигинин чечкинсиздигиби Раззаков да бир топ жылдар бою Кыргызстанга бир ирет келген боюнча, кайра келе албай жүрүп көзү өтүп кетти. Өлөрүндө, “Сөөгүмдү туулган жериме, Кыргызстанга алып барып койгула”-деп керээзин айтып көзүн жумган экен. Исхак Раззаковдун сөөгүн Кыргызстанга алып келүү ар бир кыргыздын жүрөгүндөгү өйүп келген маселе болчу. Раззаковдун керээзин сиз аткара алдыңыз. Бирок, бир топ жылдардан кийин өзүңүз да бийликтен кетип, бир кезде Исхак Раззаковдун мекенине келе албаган тагдыры башыңызга келет деп ойлодуңуз беле?

— Бекен иним, мен үчүн күтүүсүз, оор суроону бердиң. Мен, Исхак Раззаковдун ысымын студент кезимден алгач ирет угуп, жакшы биле баштадым. Анткени, мен мектепти окуп бүткөн соң Фрунзе шаарындагы политехникалык окуу жайына тапшырып студент болуп калдым. Раззаков деген улуу инсан туурасында ошол окуу жайда эмгектенген мугалимдерим, профессорлордун арасында көп кеп кылышчу. Ошондон кийин мен Раззаковго кызыга баштадым. Ал дагы өз мезгилиндеги саясаттын курмандыгы болгонун кийин билдим. Ак жеринен кызматтан кеткенин, аны жогору жактагылар атайын Кыргызстанга келтирбей койгонун уктум. Партиялык номенкулатуранын каразгөйлүк менен ага жасаган мамилелерин өз замандаштарынан уктум. Ошол кезде Москванын улут маселесине өз пикирин коркпой айтып, орус мектептерине кыргыз тилин окутуусу эле эмне деген эрдик.

Кыргыз балдары да өз эне тилин унутуп калбасын деп көңүл бөлүп окута баштаган экен. Ал кезде тилге өтө жоопкерчилик менен мамиле жасашкан. Качан гана президет болгонумда Исхак Раззаковдун сөөгүн алып келүү үчүн Россиянын жетекчилиги, Москванын мэриясы менен сүйлөшүп алардын макулдугун алдым. Сөөгүн алып келе бере турган оңой иш эмес да. Алардын макулдугун алгандан кийин иш ордунан жыла баштады. Раззаковдун тилеги ишке ашып, анын сөөгү Кыргызстанга жеткирилди. Бекен иним, өзүң деле күбө болсоң керек, муруңку Жогорку Кеңештин алдындагы эски аянтта Исхак Раззаковдун сөөгүн акыркы сапарга узатууда адамдар батпай кетти. Арадан ушунча жылдар өтсө дагы Исхак Раззаковдун эл арасындагы кадыр-баркын көрдүм.

— Абсамат Масалиев менен Кондучаловалар Раззаковдун сөөгүнүн келишине эмне үчүн каршы болушту эле?

— Эми, алардын көз караштары үчүн жооп бере албайм. Аларды деле күнөөлөгөн болбойт. Менимче, аялы менен баласынын сөөктөрүн да кошо алып келиш керек деген пикирде болушса керек. Андан да Москва деле биздин борбор болгон деген коммунисттик көз караш пикирде болушкан.

— Ошондо Турдакун Усубалиев менин алдымда турган эле. Эски аянтка келген адамдардын көпчүлүгү Усубалиевди карап жатышты…

— Ал учурда Исхак Раззаковдун сөөгү Москва шаарына коюлуп калышына Турдакун Усубалиевичтин эмес, коммунисттик системанын саясаты күнөөлүү деп ойлойм. Раззаковдун убагында иштеген бардык жетекчилер, пенсионерлер, жаштар, шаар тургундары аянтка келишти. Алар өз учурунда бир ууч топурак сала албай, арманы ичте калган замандаштарынын баарысы улуу инсандын сөөгү менен акыркы ирет коштошуу үчүн келишти. Кубангандан көздөрүнө көз жашын алгандары да бар. Кыргыз эли өзүнүн бир кылымда бир жаралчу кеменгер уулу менен коштошууга мүмкүнчүлүк алды. Мен президент катары Раззаковдун туулган жеринен топурак буйрушуна шарт гана түзүп бердик деп айтат элем. Заманыбыздын залкар инсаны Исхак Раззаковдун акыркы тилеги ишке ашты. Ошентип, бир кездеги партиялык жетекчилер кетирген катачылыкты, кемчиликти түздөгөндөй болдук. Албетте мени да ушундай тагдыр күтүп турат деп эч качан ойлогон эмесмин. Бул дагы менин башыма жазылган тагдырдыр… Бирок, мен көзүмдүн тирүүсүндө касиеттүү Ала-Тообузга, кыргыз жерине кайтып барам деген оюм бар.

— Аскар Акаевич, сиз президенттик кызматтан кеткенден көп өтпөй, жакшы мамиледе жүргөн замандашыңыз, Чыңгыз Айтматовдун “Кыргыз эли диктатордон кутулду!”-деп айткан сөзүн кандай кабыл алдыңыз эле?

— Чынымды айтсам, биздин үй-бүлө үчүн өтө кыйын учурда, мен президенттиктен кеткен саясый оор абал өкүм сүрүп турган кезде жаман эле көрүнүш болду. Майрам эжеңердин эки сөзүнүн бири эле Чыңгыз Төрөкуловичке жардам берсек, көңүл бурсак деп турчу. Канткен күндө да бир жердин суусун ичкен жердеш агасы эмеспи. Өзгөчө, Майрам эжеңер Чыңгыз аганын сөзүн угуп, көзүнүн агы менен айланып эле шок болуп отуруп калды. Мындайда аял киши кечире албайт го. Улуу жазуучу агабызга жооп катын да жазды окшойт. Мен азыр да өзүмдүн кулагым менен уккан Чыңгыз агайдын сөзүнө ишенбей кетем. Чыңгыз Төрөкулович тараптан күтүүсүз окуя болду. Балким, жаңы бийликтегилер айттыргандыр деп ойлодум…

— Жаңы бийликке келгендер айт десе, айта бергидей Чыңгыз Айтматов жаш бала эмес да…

— Элчилик кызматта калыш үчүн айтууга аргасыз болду окшойт деп өзүмдү-өзүм ынандырдым. Ошондой сөздү айткан күндө деле, мен үчүн Чыңгыз Айтматов залкар жазуучу катары жүрөгүмдө кала берди.

— Көп жылдар бою Москва шаарында иштеп, жашап келе жатасыз. Бош убактыңыздабы, туулган жериңизди сагынганда кайсы күүнү же кайсы композитордун музыкасын, обончулардын кайсыл ырларын угасыз?

— Акыркы сурооң, саясаты жок жакшы суроо экен… Биз үй-бүлөбүз менен музыка дүйнөсүнө баштан эле табитибиз жакын. Санкт-Петербургга, кээде филармонияга барып музыка угабыз. Кечээ эле Ростроповичтин чыгармачылык кечесине барып келдик. Ал эми үйдө болгонубузда, бош убактыбызда комуздун керемет күүлөрүн укканды жакшы көрөбүз. Комуздун сыйкырдуу күүлөрүн укканда кадимкидей Ала-Тоонун салкын абасынан кере-кере дем алгандай боломун, кыргыздын керемет токойлорун аралап, Ысык-Көлдүн толкун урган жээгинде басып жүргөндөй таасир этет. “Кыргыз радиосу” чыгарган элибиздин атактуу комузчуларынын аткаруусундагы күүлөрдүн топтомо жыйнактарын угабыз. Ошол топтомону чыгарып койгондорго ырахмат. Мына бизге окшоп Ала-Тообуздан алыс жүргөн кыргыздарга жакшы болду. Ошолордун ичинен Токтогул Сатылганов, Карамолдо Орозов, Ыбрай Туманов ж.  б. атактуу инсандарыбызды көрө албай калдым. Алардын күүлөрүн кайра-кайра тажабай уга берем. Анан биздин атактуу, чоң комузчу эжебиз Самара Токтакунованын аткаруусундагы күүлөрдү укканда кадимкидей жыргайм, кадимкидей эс алып каламын. Комуздун күүлөрүн угуу өзүнчө эле керемет да. Туулган жерге болгон кусалыктын, сагынуунун эң күчтүү дарысы бул кыргыз күүлөрүн угуу деп билем. Самара эженин аткаруусундагы күүлөрдүн баарысы бизде бар. Ошондой атактуу адамдын чыгармаларын угуп өзүм Кыргызстанда жүргөндөй болуп кетем. Комузда бир керемет күч менен ойноп, жыгачка кадимкидей жан киргизе алган, акыркы могикан Болуш Мадазимовду көрүп калдым. Ал залкарыбыз менен замандаш болуп, өзүн көрүп калганымдын өзү кандай бакыт. Мен залкар комузчу, чыгармачылыгын жогору балоо менен Болуш Мадазимовго Токтогул сыйлыгын бергениме сыймыктанам. Ал сыйлыкка өз таланты менен жеткен, татыктуу болгон чоң комузчу эле.

— Болуш Мадазимов экөөңүздөр кандайча жолугушуп калдыңыздар?

— Ал мындайча болду. Мен Ош облусун кыдырып жүргөнүмдө, бир жолу атактуу скульпторубуз Тургунбай Садыков мага карап: “Аскар Акаевич, кыргыздын күүлөрүнө кандайсыз?”-деп сурап калса болобу. “Күүлөрдү жакшы эле угам…”-деп жооп бердим. Тургунбай Садыкович, “Ушул жакта Болуш Мадазимов деген чоң комузчу бар. Угуп коюңуз?”-деп калды. Биз ошентип тааныштык. Комуз черткенин угуп отурсам, эмне деген керемет. Ушундай атактуу комузчу болуп туруп, өтө жөнөкөй адам экен. Чыныгы таланттар өтө жупуну болушат. Түштүккө барган сайын жолугуп, күүлөрүн укканга шашылчумун. Кыргыздын акыркы могиканы Болуш Мадазимовдун комузда күү черткени мага аябай таасир калтырды. Майрам эжеңер да неберелерине анын күүлөрүн акырын коюп угузат. Өз тамырларынан алыстап кетишпесин дегендей мамиле кылат го. Бекен иним, Москваны кыдыра алдыңбы?

— Ооба. Эң башкысы, Третьяковский галереясын кыдырып чыктым. Москвага келген сайын сүрөт музейлерин көрүп чыкмай адатым бар. Музейлерди кыдыруу, өзүнчө керемет. Башка бир, сыйкырдуу дүйнөнүн сыйкырдуу эшигин ачкандай боломун…

— Майрам эжең да Третьяковский сүрөт галереясынан чыкпайт. Кол бошогондо мен да музейлерге барууну жакшы көрөм…

— Өзүмдүн биринчи кесибим сүрөтчүлүк болгон соң сүрөт музейлери жан дүйнөмө жакын. Дүйнө элин таң калтырган шедеврлерди карап жүрүп, жан дүйнөң эбегейсиз тазаланып, турмуштун ар кандай акыр-чикиринен арылып, тоонун таза абасынан эс алгандай жыргап каласың.

— Абдан туура айттың, музейдеги картиналар кадимкидей адамдын жан дүйнөсүн тазалайт. Чарчап-чаалыгып турганда кадимкидей эс аласың…

— Мен С.  А.  Чуйков атындагы мамлекеттик көркөм сүрөт окуу жайында окуп жүргөн кезде бизди Москва, Ленинград, Царское селодогу ж.  б. галерея, музейлерге практикага алып барышчу эле.

— Эми, дүйнөлүк шедеврлерди өз көзүңөр менен музейден көргөн, аны китептеги иллюстрациядан көргөндөн башка да.

— Аскар Акаевич, ушунча саат былк этпей маек куруп берип отурганыңызга ырахмат. Эми, сизге эркин микрофон, өз окурмандарыңызга, кыргыз элиңизге айтаар сөзүңүз бардыр.

— Эми, Бекен иним, сага абдан ырахмат. Бүгүн мен үчүн такыр күтпөгөн окуя болду. Экөөбүз бир канча сааттан бери маңдай тердетип, бетме-бет маектешип отурабыз. Мага чет өлкөлүк, орус, кыргыз журналисттерине маек берген учурлар көп эле болот. Бирок, өтө курч, мен үчүн ыңгайсыз оор суроолордун баарына ылгабай жооп бердим. Бул сурооңо жооп бербейм, мага жаккан жок деп тандаган да жокмун. Бүгүн мен сенин суроолоруңа жооп берип жатып, жалпы кыргыз элимдин алдында топтолуп калган, мага берилүүчү суроолорго жооп бергендей болдум окшойт. Бийликтен кеткенден кийин кыргыз журналисттеринен биринчи ирет сага гана кенен маек берип жатам. Көптөн бери унутулуп бара жаткан окуяларды эскерүүгө туура келди. Сага маек берип жатып, саясатта үзөңгүлөш, бир кезде иштеген адамдарды эстеп отурдум. Жандуу маектин ушунусу жакшы да. Ал эми, акылман, кеменгер кыргыз элиме аманчылыкты, токчулукту, жашоосунда дайыма тынчтыкты каалайм. Кудай буйурса, биз сиздер менен сөзсүз жолугабыз. Ошол улуу күндү чыдамсыздык менен күтөм. Сиздер менен жолукканча аман болуңуздар…

— Аскар Акаевич, убакыттын кандай өткөнүн мен да билбей калдым. Сиз менен болгон маек менимче окурмандарга да өтө кызыктуу болсо керек. Көптү билем деген мен, билбеген көп нерселерди сиздин өз оозуңуздан уктум. Эми, сизге ден-соолук, үй-бүлөңүзгө аманчылык, илимий иштериңизде албан ийгиликтерди каалайм. Эң башкысы, Бишкектен жолукканча ден-соолукта, аманчылыкта болуңуздар…

— Бекен иним, сага ден соолук, чыгармачылык ишиңе ийгиликтерди, бийиктикти каалайм. Жазгандарыңдан дайыма чындыктын үнү угулуп турсун. Эң башкысы аман бололу.

— Ырахмат. Айтканыңыз келсин…

 

Туңгуч президент менен маектешкен Бекен Назаралиев
Бишкек-Москва

№12-20 (475-483), 3-апрель-5-июнь, 2015-жыл

Share