Роза Отунбаева: «Атамбаев В. В. Путиндин алдында “Эки революцияны тең мен жасаганмын!” деп кабак-кашы, оозу-мурду кыйшайбай айтпадыбы»

Роза Отунбаева: «Атамбаев В. В. Путиндин алдында “Эки революцияны тең мен жасаганмын!” деп кабак-кашы, оозу-мурду кыйшайбай айтпадыбы»

— Роза Исаковна, сиз жакында эле абакта отурган Өмүрбек Текебаев менен жолугуп, ал-абалын сурап чыктыңыз. Эрки кандай экен, сынбаптырбы? Текебаевдин камалганына да бир жылдай убакыт болуптур. Эгер жашыруун болбосо, эмнелер туурасында сүйлөштүңүздөр? Өзүнүн ак экенин, саясатта кай жерден жаңылышканын айтып бердиби? Эмнеге өкүндү?

— Ооба. Мен Өмүрбек Текебаевге 47-колонияга өткөн декабрда кирип чыктым. Жаңы эле Кытайдан келген болчумун, ал жерде өткөн өтө маанилүү Кытай Компартиясынын съезди, Президент Си Цзиньпин менен болгон жолугушуу жана дүйнө жүзүнөн келген партиялардын Бейджиндеги чоң жыйыны жөнүндө ага айтып бердим. Өмүрбектин кайраты күчтүү, сыр билгизбейт, ошол эле бойдон экен. Сотторуна да барып жүрдүк, анда да өзүн бекем кармап, сыртынан өтө эле дурус көрүндү. Эң башкысы, эрки сынбаптыр. Эми Өмүрбектин бош убактысы арбын болгондуктан китептерди көп окуп жатат, биз дагы ага китептерди жөнөтүп турабыз.

— Ошондой эле камакта ачкачылык жарыялаган Бектур Асанов менен да жолукту деп уктук.

— Ооба, жакында эле Бектур Асановго да кирип чыктым. Мен абакка киргенде Бектурдун ачкачылык кармаганына жыйырма эки күн болгон экен. Операциядан кийин ушунча күн ачкачылык кармап, соо калбайт го деп тызылдап барганмын. Чынында анын ден-соолугун ойлоп, жүрөгүм ооруп корктум эле. Бектур кайра мени сооротуп жатпайбы…

— Арыктап кетиптир деген сөздөр чынбы?

— Эми, Бектур арыктаса арыктаган чыгар, өзү сөөктүү жигит эмеспи, көзгө көрүнбөйт. Бирок сырт көрүнүшү жакшы, сакал-мурутун алып, тыкан экен. Сырткы келбети жакшы эле. Мен ачкачылык кылып жаткансып, кайра мага кайраттуу сөздөрдү айтып, мени сооротуп жатты. Анан мен, “Айланайын Бектур, сен ачкачылык кармаганыңды токтот! Сегизбаевге өчөшкүдөй ал ким эле сага, сен али жашсың! Эмне үчүн сен Сегизбаев үчүн өлүшүң керек! Келечегиң али алдыда, кыргыздын сендей курч жигиттери кайрадан чоң саясатка келиши керек! Токтот! Ким билет, мезгили келсе сени камагандарды сен бийликке келип түрмөгө отургузуп калышың да мүмкүн. Тарыхта мындай окуялар абдан эле көп болгон. Сен өлүп калсаң да буларга эч ким эмессиң! Сен биз үчүн, кыргыз эли, үй-бүлөң үчүн керексиң!” деп андан улуу, көптү көргөн эжеси катары өз сөзүмдү айттым.

— Сизге чейин Азимбек Бекназаров да Бектур Асановго кирип чыккан экен. Азике да “Бектур, сен кимге өчөшүп жатасың! Сегизбаев үчүнбү? Токтот!” деп айтса укпай койгон экен…

— Ооба. Азимбек Бекназаров да кирип чыкканын, ал тургай сөккөнүн да мага айтып берди. Чынында, Азимбек, агасы катары Бектурга катуу айтыптыр. Бизди курчап отурган түрмөнүн жоокерлерине: “Бектур Асанов — чыныгы революционер, 2005, 2010-жылкы кыргыз революцияларынын башында турган жигиттердин бири” деп айттым, “Элдин келечек тагдырына кош көңүл карабаган, накта патриот, керек болсо өз баштарын сайып койгон баатыр жигиттер ушул Бектурлар болгон. Ошону биле жүргүлө!” дедим. Ал кайра мага “ Роза Исаковна, мына сиз Махатма Ганди туурасында китеп чыгарып жатасыз. Биз Гандинин басып өткөн жолунан үлгү алып, ошонун методикасы менен келе жатабыз. Гандини деле түрмөгө отургузуп сындыра алышкан эмес. Биз деле ошондой кайрат менен ачкачылык кармап отурабыз. Аны башыбыздан өткөрүш үчүн биз СИЗОдо жарым жыл даярданганбыз. Роза эже, эч нерсе болбойт, өлбөйбүз, жеңебиз,” деп бакылдайт.

— Бектур менен ээн-эркин сүйлөшө алдыңызбы?

— Каяктан! Түрмөнүн начальниги, дагы бир топ офицерлер биздин эмне сүйлөшкөнүбүздү угуп отурушту. Биздин деле алардан жашыра турган сөзүбүз жок болчу.

— Бектур Асановду 2005-жылдагы революция учурунда жакшы билип калдыңыз го?

— Ооба. Жакындан билип, революциялык иштерге чогуу аралашып калганбыз! 2005-жылы февралдын аягында мен Таласта Болот Шерге иштеп жүрсөм Ноокен району боюнча ЖК депутаттыгына талапкер Дооронбек Садырбаев жардамга чакырып, “Менин абалым оор, бир келип шайлоочуларды аралап бериңиз! Болбой калды…” деп калды. Докенин үнү бүтүп, кыйылдап чыкпай калыптыр. Доке суранып жаткан соң баарын таштап Ноокенге жол тарттым. Мен өзүм деле Таластан суук тийгизип алып, температурам жогору болуп тургам, бирок “Ата-Журт” кыймылында тең-төрагам үчүн көп ойлонбой эле, шаарга келип, анан түз Жалал-Абадка учтум.

— Сакалдыга бурула берген жерде боз үйдөн турган штабы бар эле…

— Ооба, Докем чыгырмачыл адам эмеспи, өтө креативдүү түрдө үч жолдун кесилишине боз үй тигип, кыштын кычыраган суугунда ошол жерден үгүттөө иштерин жүргүзүп жүрүптүр. Райондогу мектепке, айылдын эли чогулган жерлерге барып Докеме эки күн катары үгүттөп жүрдүк. Ударный иш-чарасын Кочкор-Атадагы клубга уюштуруптур, ал жерге Медеткан Шеримкулов, Үсөн Сыдыков, “тилин бал менен сүйкөп” койгон облустун эң кыйын тамадасы Нуркан-айым, дагы бир топ артисттер да чогулган эле. Ар бирибиз элге чыгып, жалындуу сөздөр менен Докемди мактап-көкөлөтүп, колдоого чакырып жаттык. Элдин жүрөгүнө жете алгандай эле болдук. Ал убактагы президент Акаев өзүнүн жакын адамдарын гана парламентке алып келүүгө катуу аракет жасап, Ак үй, административдик күч, ошондой эле акча менен добуштарды ачык сатып алууга киришип жатты. Өз алдынча демократиялык, андан да артык оппозициялык көз карашы бар адамдардын баарын акаевдик клан бут тосуп шайлоодон өткөрбөгөнгө аракет кылып жатышты. Абал күндөн-күнгө курчуп, биздин кандидаттардын иши оң-сол болуп турган кези. Өмүрбек Текебаевдей төрт жолу өзүнүн районунан жаш кезинен баштап шайланган адамдарга да шайлоо кыйын болуп калды. Бийлик жалаң чөнтөктөрү калыңдарды ага каршы тизип коюптур. Бир эле Азимбек Бекназаров биринчи турдан утуп, башкалар болсо бир буту чыгып, экинчиси капканга кыпчылып калгандай эле болуп жатты. Акман айылынын мектебинен баштап бир топ эл чогулган жерлерде Өмүрбекти колдоп жүрүп, Чотоновдун иши начар, ал жерге жардамга баралы деп чечтик. Докем менен кабарлашып туура эле Жалал-Абадга жол тарттык.

— ”Ата-Журт» кыймылы менен КЭК кыймылы байланышта иштедиңерби ошондо?

— Саясатчылардын мамилелерине жараша гана болду го дейм. Азимбек өзгөчө Бектур менен Дүйшөн Чотоновго агалык сезимин көрсөтүп турду, анткени мен уккандан Аксы окуясында экөө тең Азимбектин элин катуу колдогон. Мен, эсиңерде бар болсо, 2005-жылдын январь айы бою ЖКнын алдында өзүмдүн укугумду коргоп мөөнөтсүз митинг уюштуруп тургам. Элчи болуп акыркы 5 жыл өлкөдө жашаган жоксуң деп, депутаттыкка жол жабышкан болчу. Анан шайлоо башталганда “Ата-Журт” кыймылынын башында турган адамдардын бири катары биздин кыймылдын мүчөлөрүнүн үгүттөө иштерине жардамга аттандым. «Чу» дегенде эле Өзгөнгө барып Мадумаровдун кампаниясына катыштым, он чакты жерлерине барып сүйлөдүм. Аягында добуштарды эсептеген маалда эки тарап кызыл чеке болуп райцентрде тирешип, олку-солку болуп турганда биз элдин арасында Адахандын таламын талашып, катуу туруп бергенбиз.

Марттын башында Жалал-Абаддын облакимчилигин Бакиевдер басып алып, ал жерди аялдар менен ээлеп турган экен. 5-мартта Базар-Коргондон чыгып, биз жарым саатта эле эл чогулган аянтка келип калдык. Биздин келгенибизди жактырбаган уюштуруучулар — кыязы даяр оокатка келдиңер деп — бизден чоочуркап турушту. Бирок эл кол чаап, бизди таанып, жылуу кабыл алды. Биздин деле оюбуз — элдин духун көтөрүп, аларды колдоп, саясий учурга карата керектүү сөздөрдү, чакырыктарды кетүү деген болучу. Өмүрбек да, Докем да элге курч, жеткиликтүү сүйлөп беришти. Ортодо сөз кагышуу да болуп кетти, мен ойлойм, Докемдин акыркы китеп жыйнагында ал момент жөнүндө эскерүү жазгандыр деп. Бектур Асанов ошол жерде лидерлеринин бири экен. Мен Бектурду өзүмө чакырып, облакимчиликтин ичиндеги аялдардын абалын сурадым. Аялдар ал жерде камалып отурушат, чыкса анан кайра кире албай калышат деп, баары 2–3 күндөн бери үйүнө жете албай, жууна албай жүрүшөт деди Бектур. Боорум ачыды аларга, болгон акчамды Бектурга берип, келе жаткан 8-Март майрамы менен куттуктап, тамак-аш жасатып бер деп биз жөнөп кеттик. Өзгөндүн райакимчилигинде эл кылкылдап чогулуп турган экен, эл менен жолугуп, саясый кырдаалды ченеп, тез Кара-Кулжага жол тарттык. Чотоновдун шайлоого наразы колдоочулары, Кара-Кочкорго чейин жетип калышыптыр, чоң жолду ээлеп Ошко жөө жүрүш жасап келе жаткан экен. Биз баарыбыз Ошко жетип, эмки кадамдарыбызды, стратегиябызды ойлой баштадык. Кырдаал күн санап өзгөрө баштап, өзүнүн жогорку деңгээлине жеткенге жакындап калды. Негизи Жалал-Абадда эл жеңип, облакимчилик элдин колунда болгондон кийин, эмки кезекте элдин бийлигин орнотуу боюнча Ош турган, ал жерде биз «Ата-Журттун» саясатчылары: мен, Дүйшөн Чотонов, Анвар Артыков, Исхак Масалиев башында туруш керектиги анык болуп, биз Ошто элди чогулта баштадык. Кыргызстан Элдик Кыймылынын (КЭКтин) атынан бизге жардамга Үсөн Сыдыковду жиберишиптир. Адаттагыдай облакимиат башчылары сүйлөшүүгө келбейт, күчкө таянып турушат. Ал эми эл болсо утулган кандидаттарынын наразычылыгын бийликке жеткизебиз деп күрөшкө жулунуп турган кез. Марттын суугунда, каар-жаанда аянтта, Лениндин айкелин тегеректеп бир жумага жакын жаткан Чотоновдун эли, арасында кемпир-чалдар, аялдар, деги эле жөнөкөй карапайым эл чоң чыдамдуулук менен күтүп турушкан. Оштун борбордук аянтында тынымсыз өтүп жаткан митингдерге областтын төрт бурчунан активисттер, элдер келип-кетип турушту. Бирок бир моментте эл сырттан атайын жасалган күч провокациясына алдырып, жини кайнап, облакимчиликке кирип кетишет. Сырт жактан биз ойлобогон, бирок бизди колдогондор ошондо чыга башташты. Бир убакта Накен Касиев чалат, «минтсеңер-тигинтсеңер» туура болот деп. Феликс Кулов мага телефон чалып, кеңеш берсе, мен таңгалганымдан бир маалда дал болуп калдым: кайдан билдим түрмөдө да телефон пайдаланыларын.

Өз добуштарын уурдаткан эл бышып, «чу» дегенде эле, акыйкатты талашып, чечкиндүү кадамдарга даяр турган. Эки күн имараттын ичинде эл менен жүрүп, түндө үйгө барып жуунуп келейин деп кетсем (мен Исхак Масалиевдин үйүнө токтогом), Ак үй Жумалиев менен Малабаев дегенди, “кошелек” деген каймана аты бар, экөөн жиберип түнү бою Артыковду, ошондогу Ош областынын элдик губернатору, жана анын орун басары Чотоновду атайын алаксытып сүйлөшүп турушат, ошол маалда куралдуу күчтөр администрациядагы элди сабап, башы-көзүн жарып, имараттын ичинен кубалап чыгышыптыр. Элдин кайнаган жинин айтпагыла, ошондо эл тике туруп катуу туруштук берди! 18-мартта Ошто эң көп элдин катышуусу менен Элдик курултай өттү. Эл өзүнүн бийлигин орнотуп, акыйкатсыздыкты тебелеп-тепсеп, көкүрөгүндөгү ызасын чыгарып, чыңырып айтып, кичине бошогондой болду. Элден айланса болот, ушундай курч кырдаалдарда элдин демин угуп, алардын сүрүн, эркин сезип сөзсүз жеңерибизге ишендим. Россиянын журналисти мага Ошко телефон чалып менден сурап калды: “Эми, кийинки кадамыңар кандай болот!” деп. Менин оозума: “Эми багытыбыз — борбор калаа, Бишкекке кеттик!” деген сөз келиптир.

— Роза Исаковна, сизди 2005-жылкы элдик революциянын жеңишине АКШдан өтө чоң суммадагы акча каражатын алып келген деген маалыматтар айтылып жүрөт. Андан да сиз ошол кездеги президент болчу Курманбек Бакиевди да Америкага алып барып, “революциянын тагдырын” чече турган өтө бай адамдар менен жолуктурган деген сөздөрдүн канчалык чындыгы бар? Акаев түбөлүктүү хандай бекем отургандай көрүнгөн эле…

— Биринчиден, Бакиев депутат кезинде менсиз эле кыргыз саясатчыларынын делегациясынын курамында Америкага барып келиптир. Ал кишинин Америкага барганына эч кандай тиешем жок. Экинчиден, канчалык кыйын болуп, элди кенебей, эл менен эсептешпей бийликти мыжыгып, билгенимди кыламын деп отургандар биздин тарыхта эки жолу тактан сыдырылганын эл өзүнүн көзү менен көрдү. Эки жолку революция тең карапайым элдин кайраты, деми менен болду. Анан дагы, абайласаңарчы, бул сурооңорду Атамбаев окуп калса таарынат го силерге. Анткени, Атамбаев В. В. Путиндин алдында “Эки революцияны тең мен жасаганмын!” деп кабак-кашы, оозу-мурду кыйшайбай айтпадыбы. Атамбаевге таң каласың, революцияны ким жасаганын элибиз жакшы билет. 2005-жылкы жоогазын революциясын жасаган адамдар негизи баары эле тирүү. Алар аман-эсен арабызда басып, иштеп, дагы эле бийликке кабатыр болуп, ичи чыкпай жүрүшөт го.

— Туура айтасыз! Атамбаев орус президенти Путиндин көзүнчө “Кыргызстандагы эки революция тең менин акчама жасалган! Мен деген мультимиллионермин…” деп айтканын элибиз деле укту го?

— Эми 2005-жылдын саясий жүрүштөрүндөгү чыгымдардын көпчүлүгүн Бакиев каржылап турган. Ал жерде кимдин акчасы аларга агылып турганы кийин билинди го: Максимдин бизнес-достору, Данияр Үсөновго окшогон лөктөр беришиптир да. Берген акчаларын кийин бийликти мыкчыганда эки-үч эсе өндүрүп алышты. Анда эл араң эле жарылайын деп, саясый ситуация бышып калган болчу. Менин билишимче, Атамбаев 2005-жылкы революцияга катышкан жок, анда депутаттыкка да барган жок, Мелис Эшимкановдун шайлоо кампаниясын каржылаганга көмөк көрсөттү окшойт. Эсимде бар, бир жолу КЭКтин (Кыргызстан Элдик Кыймылы) штабына, ал Киев көчөсүндөгү Ү. Сыдыковдун офиси болучу, келип бир оппозициянын билдирүүсүнүн котормосуна киришип: “меники туура, мен СССР Жазуучулар Союзунун мүчөсүмүн”  деп талашып, ага макул болбой койсок таарынып кетип калган. Ошондон кийин 24-мартта түштөн кийин колоннанын башында грузовик менен аянтка келгени бар, ага чейинки окуяларда көрүнгөн жок.

— Отунбаеванын АКШдагы өтө бай тааныштарынан өтө чоң суммадагы акча келген деген маалыматтар ошол кезде айтылып кеткен эле…

— Мен чет мамлекеттерде бир топ иштеп калганым чын, чет өлкөлүк ММК, дипломаттар, саясатчылар менен байланышым бар эле. Биздин өлкөнү мен аркылуу көп адамдар тааныган, мен да биздин өлкөнү дүйнөлүк картага койгонго көп аракет жасадым. Ал эми саясий күрөштү каржылоого карата финансылык операцияларга мен эч качан барган жокмун, барбайм да. Ошондой шеги бар болсо, азыр деле кеч эмес, карап-издеп таап алышсын, андай болгон эмес.

— Ал эми Аскар Акаев маектеринин биринде 2005-жылдагы революция наркобарондордун каражаты менен каржыланган деп гезит беттерине маегинде айткандай болду эле. Акаев Жеңишбек Назаралиевди айтып жаткан жокпу? Ошол кезде ал дагы сиздер менен жүрбөдү беле. Анткени сиздер Жеңишбек Назаралиевдин ооруканасы турган жерден Ак үйгө жөө басып келдиңиздер го.

— Туура, Назаралиев ээлеген клиника 24-мартта — элди чогултканга, жүрүштү баштаганга эң ынгайлуу жер деп табылды. Ага чейин, андан кийин деле ал киши менен көп кездешкен жокпуз.

— Сиздер Жеңишбек Назаралиевдин ооруканасынан баштап Чүй проспекти менен жөө колонна болуп Ак үйдүн алдына келгенсиздер. Ошондо Ак үйдү басып алуу, Акаевди кетирүү пландарыңар бар беле?

— Жок! Бирибиздин да оюбузда Ак үйдү басып алуу маселеси жок эле. Президент Акаевге «элдин үнүн ук» дегендей басым кылалы деп гана ойлогонбуз, нааразылык сөздөрүбүздү уктурабыз, борбордук аянтта бийлик бизди укканча турабыз деген эле ойлор болучу анда. Ак үйгө жетерде биздин колоннаны тосуп атайын даярдалган, колдоруна таш көтөргөн “ак кепкачандар” пайда болушту. Биздин тынчтык митингге агылган элди кадимкидей чоң таштар менен ура башташты. Лениндин айкелинин аркасына бекингендей болуп, элдин арасында түртүшүп-арачалап, «токтогула» деп ошол кымкууттун ичинде тегеренип калдык. Эл болcо деңизге окшоп толкуп турду. Эки тараптан таш ыргытылып, таш-таяктан нары-бери качышып, бирөөнүн башына, экинчисинин бутуна таш тийип, кан ага баштаганда аянттагы эл толкуп кетти, көзүнө кан толуп, жини кайнап, анан бир силкинип, провокаторлорго катуу чабуул жасап, артка кубалай башташты. Ак кепкачандар кожоюндарын сөгүп, өз жандарын сактап, келемиштей болуп качышты. Андан кийин Ала-Тоо аянтында тынчтык митинги башталды. Ар бир трибунага чыккан адам жүрөктөн чыккан сөздөрүн айтып жатышты. Ошондо да провокаторлор элдин арасына кирип алып, дагы эле элге каршы иштерге даяр болуп турганын эл сезбептир.

— Кээде жаман, терс көрүнүштөр да жакшылык алып келген учур болот. Ак кепкачандар болбосо сиздер Акаевдин бийлигин уталбай калышыңыздар мүмкүн эле да?

— Эмне үчүн?

— Ак кепкачандар аянтта турган элге таш ыргытып, революциянын жеңишин тездетпедиби?

— Кандайча?

— Ала-Тоо аянтында буга чейин деле канчалаган митингдер өткөн. Сүйлөгөн адамдарды угушуп, кеч киргенде тарап кетишчү. Биз деле канчасына катышканбыз, аягында бутубуз талып үйгө кетип калчубуз…

— Туура… Провокаторлор окуялардын жүрүшүн тездетти десек болот… Бирок элдин деми күчтүү болчу ал кезде…

— Элге таш ыргытылган кезде, арына келген эл ак кепкачандардын артынан кууп Ак үйгө чейин кирип кетишти. Сиздердин деле Ак үйдү басып алуу, президент Акаевди кууп кетирүү максатыңар жок болсо керек эле?

— Кайдан?! Биз Акаевди мыйзам чегинде таза шайлоо өткөр деп дубалга такап, элдин сүрүн көрсөтөлү деген гана оюбуз бар эле. Аянтта бир жума болсо бир жума, эки болсо эки жума туралы, боз үйлөрдү тигели, ошол күндөрү аянттагы чогулган элдин тамак-аш жана башка турмуштук маселелерин кандай чечебиз деген ойлорго жооп издеп турган кез болучу. Ак үйдү мынчалык тез багынып, жеңилет деген ой түшүбүзгө да кирген эмес. Мындай бурулушка биз такыр даяр эмес болчубуз, эмне кылаарыбызды билбей калдык. Бирок бир жагдайды эстен чыгарбоо керек, ал күндөрү Ош, Жалал-Абад, Талас региондорунда бийлик элдин колунда болуп, элдик губернаторлор шайланып калган болчу, Акүйдүн бийлиги чектелип калган, бийлик кандайдыр бир деңгээлде колдорунан чыгып да калган. Бул күчтүү фактор болчу.

— Акаев Ак үйдөн дегеле Кыргызстандан эмнеге качып кетти деп ойлойсуз?

— Сурап калдың, мен өзүмдүн көз карашымды айтайынчы. Өзүңөр көрүп жүргөндөй ал кишини кайтарган офицерлер, бир тобу — ​орус улутундагы жигиттер болчу, баары эле генералдыкты алып, таттуу нанга көптөн бери көнүп калышкан эле. Бул кызматтын катуу эрежеси боюнча кайтаруунун объектисин, өзгөчө ал “номер биринчи” адам болгондон кийин, кооптуу кырдаалдан эмне болсо да алып качып сакташ керек болучу, иш башкача болуп кетсе, погондорунан айрылышып, жоопко тартылмак. Менин оюмча Акаев өзүнүн сакчыларынын курмандыгы болуп калды. Мен муну кийин 2010-жылы түштүктөгү жаңжал маалында, Ошко биринчи жолу жөнөп бара жатканымда кайтаруучу офицерлер мага “Бронежилетти кийиңиз, кийбесеңиз болбойт!” деп таңуулап кийгизгенде сездим. Аны кийсем, бир да сырт кийимим батпайт, шашып, илгичте турган боз болонья куртканы кийип самолётко жөнөптүрмүн. Ансыз деле Убактылуу Өкмөттүн айтылуу гана мүчөлөрү барып, башкалары ал жерге бир карыш да басып барбаганын билген эл мени көрүп, мага карата эмнени гана айткан жок, канча сөз уктум, канча кишинин каарына калдым ошондо, ошол мен шашылып кийип алган куртканын өңүнө дагы асылышты го! Мамлекет үчүн жоопкерчиликти моюнга алгандан кийин чыдаш керек болду, чыдадым. Баарын көтөрдүм. Кырдаал оор болчу. Бирок мен Ошко бардым, ошол жерде кан жутуп отурган элдин арасында болдум. Тынч заманга жетсек калганын мезгил өзү таразалайт деген ишеним бар эле. Ошол 2005-жылы Акаевдин эрки бар болсо эмнеге элден, өзүнүн өлкөсүнөн качат? Бул киши бир жолу да кыйын кырдаалда, чыр чыгып, от-жалын күйүп турган тополоң жерлерде элге чыгып, журтту аралап жүргөн жок да, андай учур биздин эсибизде жок. Жылуу-жумшак, кызыл килемдин үстүндө басып, тандалып чогултулган кишилер менен гана кезигип 14 жыл бою Ак үйдүн 7 кабатында отурду, ошол жерден элди башкарды. Эл менен бетме-бет туруп, элдин көзүнө тике карай турган учур келгенде, жоопкерчиликти тарта турган мезгилде уурулук жасаган майда балдардай форточкадан качып кетти. Мен терең ишенем, ал кишини эчким эчтеке кылбайт эле, Акүйгө биринчи катарда кирип кеткендердин арасында Турсунбек Акун, кийин барган Азимбек Бекназаровдор Акаевге кол тийгизбей, аны коргоп, өздөрү токмоктолуп калса да, аны сактап калышмак деп бөркүмдөй көрүп турам ал учурду!

— Кан төгүлбөсүн деп өз эрким менен Кыргызстандан чыгып кеттим деп Акаев кийин көп айтпадыбы, муну кандай баалайсыз?

— Бакиев качкандан кийин бул версия чындыка коошуп калды деп ишенет го ал жарыктык! Лидерлик сапаты жок экени ошол тагдыр чечүүчү учурда оркоюп билинип калбадыбы, ага күбө болдук го. Аксы окуясында да, 24-март элдик көтөрүлүштө да ийинге кирип, адегенде вазирлерин элге сүйлөттүрбөй, өзүнүн чечимин, көз-карашын элге билдирбей, сот-прокурорлорго буйрук берип, саясий атаандаштарын түрмөлөргө тыгып, саясатты такыр булгап жибергенин азыр деле кечээ эле болгондой даана көрүп турабыз го. Ошончолук болгондо да элдин каарын угуп-көрүп, Акаев элден кечирим сурап, ошону менен эл арасында калып, ээн басып жүргөнү канчалык баалуу эле. Буга не жетсин?!

— 24-Марттагы жеңиш — ​бул жалпы оппозициянын жеңиши десек туура болобу? 2005-жылкы ЖК шайлоосундагы утулган, утуп келген депутаттардын баары Бакиевди курчап, революционерлерге ыктап калбады беле?

— Негизи баарыбыздын жеңишибиз болду, 2005-жылкы парламенттик шайлоого чыгарда оппозиция эки баштуу кыймыл болуп чыккан: Бакиевди башына коюп ЖКдагы күчтүү оппозициялык депутаттар Кыргызстан Элдик Кыймылы деп, экинчиси -“Ата-Журт” деп Докем экөөбүз баштаган. Чынын айтайын башынан эле ортобузда ырк жок болду, “Ата-Журт” кыймылына кирген саясатчылар Бакиевди такыр жактырбай, ага жолобой коюшту, жадегенде атайын Акаевдин көзүн күйдүрүп Аширкуловду, Атамбаевди чакырып, оппозиция кошулду деп шампан ичип аткан жыйында да элге кошулбай четте отурушту. Ал сүрөттөр прессада көп эле таркап жүрөт го. Шайлоодо ар бири өзүнүн округдары менен алышып, катуу туруштук берип жатышты. Аягында ахвал оорлоп, бийликтин тарапкерлери жагынан акча суудай чачылган кезде, ар бир экинчи райондо чырлуу кармашуулар башталды. Бийликке каршы оппозиция баш кошуп, биргеликте акцияларды жасай баштадык, түштүк областтарда элдин маанайын өзүбүзгө чечкиндүү түрдө буруп алдык. Бишкекке Оштон А. Бекназаров менен 22-мартта чогуу келдим, утулган кандидаттардын башын кошуп, 24-мартта боло турган жүрүшкө даярдык көрө баштадык.

— Силердин 24-мартта Лениндин алдындагы трибунадагы сүрөттө Бакиев так ортосунда, аны эл колдоп турганын көрөбүз, демек эл лидерин тандоого даяр турганын көрсө болот го?

— Кызык ошондо болду! Эл аянтта кылкылдап турат, Сурабалдиевдин балдарын кууп чыккандан кийин эл өзүнө өзү кожоюн сезип, ким сүйлөйт, эмне сүйлөйт, кандай жолго эми түшөбүз деп кулагын түрүп турушкан. Микрофон деген жокко эсе, баары кыйкырып, ким эмне деп жатканын угалбайсыз, биринчи катардагылар эле угат. Жогоруда айтпадымбы, КЭК менен “Ата Журттун” ортосунда бир лидер болсун дегендей жалпы пикир жок болчу. Бирок аянтта Бакиев башкалардын арасында биринчи болуп сүйлөду, ошондо тангалычтуу нерсе — ​аянттагы жаштар “Бакиев-Бакиев”- деп кыйкырып турушту. КЭК тараптан жакшы эле даярдык көрүшкөн экен, өздөрү тандаган лидердин атын элге таңуулап, ураан кылып чакырып. Саясий сахнада авторитети төмөн, элдин жүрөгүндө орун албаган кишинин аты көпчүлүктүн оозунан чыкканы дагы өтө эле өөн угулат экен. Элдин колдорундагы абдан эле көп растяжкалар, плакаттар да андан бешбетер көп, алардын ичинде: “Доктор мы с тобой! Назаралиев вперед!” — ​деген плакаттардын көптүгүн көрүп таңкалганбыз. Мындай постановаларды атайын алдын ала жасагандыгы көрүнүп эле калды. Театрда мындай адамдарды клакеры деп коюшат. Баарыбыз Акаевдин үйбүлөлүк башкаруусуна каршы күрөшүп жүргөнүбүз менен, оппозиция ичинде дагы саясий лидерлик үчүн атаандаштык күрөш албетте болгон. Аянтта провокаторлор тынбайт, бирпаста кырдаал курчуп кетти, эл толкуп, мушташтар башталды. Ары-бери карасак Бакиев жок, Исаков да жок болуп калды ошондо. Бакиевдин критикалык кырдаалда кол жууп чыгып кетмей адаты бар экенин кийин даана билдик, көрдүк аны.

— Ошондо ак кепкачандар Бакиевди ташбараңга алып, кол салуу болот деген маалымат түшүп, аны коопсуз жерге алып кеткенин, Минск шаарында мен мурдагы президент Бакиевден маек алганда өзү айтып берген эле.

— Туура, баарыбызга маалым болгондой ал киши үйүндө Үсөнов Данияр менен манты жеп жаткан жеринен Ак үйгө “падышалыкка” алып келингени элдин оозунда эмеспи. Үсөнов, мен билгенден, бул киши такка чыгып жатканда да, анын бийлигинин акыркы күнүндө, 2010- жылдын 7- апрелинде Акүйдөн качып кетип жатканында да жанында болуптур. Ал учурда премьер-министр эмес беле. Бир маалда дагы бир чоң провокациядан кийин ситуация контролдон чыгып, элди эчким кармай албай калды, эл стихия каптагандай Ак үйгө карай дүркүрөп агылып, кирип бара жатты. Мындай селди эчким токтото албайт болучу. Азимбек, Турсунбек Акун, дагы бир топ коомдук активистер элдин агымынын куйругун кармаганга жетпей ал жакты карай чуркашты. Трибунада Топчубек Тургуналиев элди башкарып жатканы эсимде. Өтө коркунучтуу кырдаал болуп кетти. Анан мен Мелис Эшимканов менен Атамбаевдердин телефондоруна “Келбесеңер болбойт. Адамдарды башкаруу колдон чыгып кете турган болууда, Ак үйгө адамдар кирип баратышат. Тез келип калгыла!”– деп тынчсызданып адеп эле чалып жаттым. Элдер ак кепкачандарды тебелеп, Ак үйдүн ичине кирип кетишти. Четинен талкалап, ар кабаттагы айнектерден кагаз, портреттерди жерге таштай башташты. Бир сааттай убакыт өтүп кетти, бир убакта машиналардын үстүндө гвоздика гүлдөрүнүн сүрөттөрү түшүрүлгөн колоннаны баштап Атамбаев менен Эшимкановдор келишти. Аянттагылар аларды аябай кол чабуулар менен тосуп алышты.

— Ошондо Атамбаев өзү менен келгендерди “Ак үйгө барбагыла! Атат…”– деген экен. Кандайча Атамбаев 24-мартта силерге кошулуп, колоннаны аянтка алып келди?

— Мен андай сөздү укпаптырмын. Бирок 24-мартка карата мындай курч кырдаалда баарыбыз баш-күч кошуп бийликке туруштук бергенге бел байладык, акыркы күрөшкө чыккандай болдук. Эки түн бою КЭКтин лидерлери жолугушууларды жүргүзүп, жалаң эле түштүктүн саясатчылары Акаевге каршы чыгып жаткандай көрүнүш болбосун деп Чүйдүн, Нарын, Талас, Көлдүн утулган кандидаттарын тарта башташты. Бир убакта оппозиция кыймылынын жооптуу катчысы пайда болуп, ага Акылбек Жапаров дайындалып, Тургунбек Кулмурзаев, Алмаз Атамбаев жана Темир Сариевдер элге Чуй аймагынан төбөсүн көрсөтүшүп, Бишкектин элин тынчыткандай аракет жасашты. Ошол сүйлөшүүлөрдүн негизинде региондор балансы түзүлүп калгандай болду. Ошондо Ак үйдөн Акаев качып, бийлик элдин колуна өткөндө жаңы түзүлүп жаткан саясий бийликке Атамбаев саясий фигура катары кирген жок. Кийин жарым жылдан кийин, ошол 2005-жылдын күз айларында Бакиев чакырып, Атамбаевди өнөр жай министри кылып дайындаган. Ал кызматта алты-жети айча иштеп туруп өзү айтып жүрөт “өзүм кетип калгам” — ​деп, кандай себептен улам мындай болгонун билбейт экенмин. Балким Бакиевдер адатынча эле акырын түртүп салышты. Бирок, кийинки жылы, 2007-жылдын март айында Кулов менен Текебаевдер баштаган саясий митингдер күч алып, алар бийликти тынчтык жолу менен алмаштырабыз деген ураандарды айта баштаганда Бакиев кайрадан Атамбаевди чакырып, аны Өкмөт башчысы кылып дайындаган. Атамбаевдин бийлик тарапка өтүүсү оппозициянын демин суутуп, элди экиге бөлдү, ошентип апрель айында “көпүрө болом” деген шылтоо менен Бакиевдерге таяныч болуп барган Атамбаевдин Өкмөтү аянттагы элди таяк менен сабап, газ менен атып кууган. Борбордук аянттагы боз үйлөрдү душманды талкалагансып кыйратышты го ошондо. Кийинчерек бийлигин чыңдап алган Бакиев ноябрь айында Атамбаевди кайрадан жонунан таптап, орденин тагып, алдап-соолоп сыртка узатып койгон. Атамбаев ошол 2005-жылдагы март революциясын жалгыз жасаган болсо мына ушундай авалда болот беле? Анда кызматка келип анан кайра куулуп жүрбөйт эле да, отурат болчу лидер болуп… Албетте, тиги “Улан” микрорайонунун жанында чогулган элди аянтка баштап келгени чын, мына ошол жүрүшү менен 24-марттагы революцияга кандайдыр бир салым кошкону да чын. Бирок жогоруда айтпадымбы, мен кайра-кайра телефон чалып “келгиле” деп чакырып аттым деп, ал колонна борбордук аянтка келгенде эл эбак эле Ак үйгө кирип кеткен болчу.

— Бекназаров КСДПны жакында эле мактап жатып, ар бир революцияда ролу зор болду, кандай кана жетекчилер чыккан жок бул партиядан, мындай ийгиликке жетишкен бир да партия жок, бул ийгиликтер Атамбаевдин жеке эмгеги деп айтты. Эмне дейсиз буга?

— Туура, КСДПнын ийгиликтери көрүнүктүү болуп калды азыркы учурда, келе жаткан съезддин алдында Бекназаровдун бул баамы партиянын мүчөлөрүнө сыймык жана жаңы дем берет деп ишенем. Мен да ал партияда көп тажрыйба топтоп, ал партиянын атынан элдин үнүн бийлике жеткизгенге микрофонго жетип, элди өзүнүн түпкүлүктүү укугу үчүн күрөшүүгө шыктандырып, көтөрүп, 2010-жылы Апрель революциясынын жеңишине алып келгенибизге сыймыктанам. Партиялар жөнүндө азыркы учурда кызуу талкуулар жүрүп жаткан кезде КСДПнын баскан жолу, бутуна турушу үлгү жана сабак боло алат. Негизи, партиялар шайлоо учурунда такшалып, чоң тажрыйбага ээ болот экен. КСДП алгачкы 2000-жылы Атамбаевдин президенттик шайлоосунда мобилизация болуп, анан 2006–2007-жылдары “Реформа үчүн” кыймылынын митингдерине чыгып, кайта 2008–2010-жылдардагы парламенттик, анан 2009–2011-жылдарда президенттик шайлоолордо такшалды десем жаңылышпаймын. КСДПнын авторитети 2010-жылкы революцияга карата иш жүзүндө өскөнү талашсыз. Жогорку Кеңештин бешинчи чакырылышында парламенттик фракциясы катары СДПКда болгону 11 депутат болсо дагы 90дон ашык “Ак-Жол” фракциясына туруштук берип, өлкөдөгү саясий майданда компас болгону айныгыс факт. Ар бир оор саясий кырдаалда, курч бурулуштарда биз партиянын атын жогору кармап, түшүрбөй, өзүбүздүн оюбузду ачык, тайманбай айтып жүрдүк. Дегеле парламенттик оппозиция кандай болуш керек, кандай иштеш керек дегенди биз дагы бир тепкичке көтөрүп, дайыма “Социал-демократтар катары биз мындай позицияда турабыз”- деп көп чыр маселелерге көз-караштарыбызды таамай айтып келдик. Биз андай сөздөрдү азыр укпайбыз го Жогорку Кеңеште, коом үчүн принципиалдуу деген маселелер боюнча КСДПнын депутаттарынын үнү чыкпайт, депутаттар партиянын программасына таянып иш жасап жатышабы, белгисиз! Биздин заманда партиянын аялдар канаты, жаштар канаттары түзүлүп, бир топ жерлерде партиянын областтык бөлүмдөрү түптөлгөн. Бирок, акыйкаттык үчүн айткым келет, эң чоң, калың эли бар Ош областында 2007-жылкы парламенттик шайлоого чейин көзгө көрүнө турган ячейкабыз жок болучу, кийин Асылбек Жээнбековдун талыкпас ишмердүүлүгү менен гана партиянын түштүктөгү канаты бар да болуп, күчтүү да болуп жүрөт.

— Бирок А. Бекназаров, А. Мадумаров, Ө. Текебаевден айрымаланып А. Атамбаев өзүнүн партиялаштары менен тарыхый окуялардын чордонунда болбогонун гезиттик хроникада да, саясий баамдарда да айтылып жүрөт. Бул чынбы?

— Биринчиден, Атамбаев 2010-жылга чейин депутат болгон жок да. Эң курч, саясаттын динамикасын кызыткан окуя-кыймылдар ошондо болуп жатты. Ошол окуяларда КСДП фракциясы, КСДП партиясы башка боордош партиялардын арасында өзүнүн авангарддык позициясын бекемдеп, 2010-жылкы Апрель революциясы, андан кийинки саясий процесстерде да жоопкерчилиги, чечкиндүүлүгү менен айырмаланып, партиянын өкүлү өлкөнү жетектеп турду. Бирок, ырас, азыр эстеп көрсөм, бир топ эле маанилүү окуяларда Атамбаев өзү жеке биз менен бирге катышпаптыр. Жүрөгүмдү тилген бир учур эсимден кетпейт: Түптө (мурун анда эл менен жолуктурбай, жергиликтүү бийликтер Болот Шерлерди жумуртка менен урдурган) курултай өткөзөбүз деп, оппозициячыл өкүлдөр ал жерге жетүүгө сапар алдык. Уюштуруучулардын арасында чыккынчылар бар экенин билбептирбиз (кызык, ошол адамдар тирүүбү, азыр деле бар бекен?). Биз Көлдүн эки тарабынан ал жерге бара жатсак, Болот Шер телефон чалып калды мага: “Текебаевди кайнатасынын үйүнөн милиция алып кетти, башкаларды да камап, курултайды өткөзбөгөндөй кылып бийлик чараларды көрүп жатат” — ​деп. Мен Аксуу раймилициясына жөнөдүм, түнкү саат 11–12-лерде жетсем, ал жерде Өмүрбек Текебаев менен Кубан Кадыровду суракка алып жатышыптыр. Жаңы эле дайындалган генерал Ишимовдун иниси милициянын башчысы экен, эмне эреже-укук бузулуп кетти, бул саясатчыларды бошоткула деп бир сааттай аны менен сүйлөшүп турганча, Кубан өзү да, Өмүрбекти да жолун таап, айнектен секирип, огороддор аркалуу качып кетишиптир. Аларды кууган бойдон машинелер да кетти. Алар жок мен да жолго түштүм, аркаман аңдытып машина уруп кууп келе жатат. Түнкү Караколдо көчөлөрдү кесип, тегеренип, изибизди жоготкондой кылып катуу келе жатабыз, же шаарды жакшы билбейбиз, тааныштарыбыз да жок. Таң атканга чейин качып-тегеренип, КСДП штабы деген бир этаждык тамга келдик, ал жерде Мирбек Асанакунов менен Өмүрбек Текебаев бар экен. Нары-бери ойлонгончо эле короонун эшигин түкүлдөтүп, ачкыла-ачкыла деп милиция келип калды. Биз ачпай турабыз, машиналарыбыз короонун ичинде, дарбазаны ачып кирип, короого ар кандай элдер чогула баштады. Бир маалда карасак, жалаң милициянын учётунда турган селсаяктар, алкоголиктер, жынысы белгисиз, түрү аялга окшош, бирок сүйлөгөнү эркектей болгон доңуздай аял баш болуп ачкыла эшикти деп үйдүн ичине киребиз деп эшикти дүңкүлдөтө баштады. Эшиги деле араң эле турган эски тактай эшик экен, аны ургулап, күчкө салып киргенде жулунуп ажырай баштады. “Текебаев, чык эшике” — ​деп короодо тургандар кыйкыра баштады. Мирбек болсо алы келгенче эшикти кармап жаап турат. Бир маалда эшикти балта менен ура башташты, көчөдө тургандар контролдон чыга турганы, аларды эчким тыйа албасы анык эле болду бизге.

Мен ошондо, жанымдагы экөөнө бир сөз айтпай, Атамбаевге телефон чалдым: “Биз ушундай оор ситуациядабыз, кандай жардам-кеңеш айтасыз?” – деп айттым. Ал болсо: “Корксоңор, анда мындай ишке барбай эле койбойсуңарбы?” — ​дегенде, менин көзүмө жаш толуп, калтаарып сөз айталбай калдым да, телефонду өчүрүп салдым. Биз эшикти ачалы да короого чыгалы деп чечтик. Жанагы пилдин үнүндөй күрүлдөгөн аял короонун баарын жаңыртып кыйкырып жатат. “Текебаев!” – деп кыйкырып жаткандар аны көргөндө унчукпай эле туруп калышты. Милициянын өкүлдөрү бизди “Машиналарга отургула!” – деп чакырышты, алдыбызга мигалканы коюп, жолду көрсөтүп, аркабызга да эскорт коюп Караколдон чыгарып Балыкчыга чейин эч кайсыл жака бурултурбай айдап келе жатышты. Жети-Өгүз курортуна, Барскоонго бара турган жолдордун баарын чоң талдар менен узунунан жаап түз эле айдатып бара жатышты. Бирок жолдо Тоңдо биздин активисттерибиз чогулуп турган жай бар болучу, биз катуу келе жатканбыз, ошол айылга буруп, алардын короосуна машина менен кирип кеттик, сексендей жигиттер чогулуп калган экен, алар менен келе жаткан Курултай, анын максаттары жөнүндө сүйлөшүп, орто жерде бир койдун этин жеп сыртка чыксак, баягылар — ​милиция, СНБ, МАИлер — ​бизди күтүп турушкан экен короонун сыртында. Алардын коштоосу менен Балыкчыга жетип, ошентип Түптөгү курултайды өткөрө албай Бишкекке келе бергенбиз.

Биз, партия активисттери, жер-жерлерде көп тобокелдиктерге, коркунучтарга туш болуп, аркабыздан калбай жүргөн слежкадан качып, изибизди жоготуу үчүн алар билбеген жергиликтүү эл, активисттер айткан үйлөргө түнөп жүрдүк. Жада калса авиация жагынан да кысымдар болду, бизди самолётко киргизбесин деген буйруктар таратылып, ошого карабастан таксиден таксиге отуруп, кайда болсо да жетип, биздин жоро-жолдошторубузду коргоп, түрмөлөргө барып, сотторуна катышып, аларга дух берип, митингдерди уюштуруп, сүйлөп жүрдүк… Деги ошол учурда оппозицияда канчалаган кордукту көрдүк, кыйынчылыктарды тарттык! Атамбаев өзүнүн тек гана президенттик компаниясында жер-жерлерди кыдырды, негизи партиянын ишин сырттан көзөмөлдөп турду. Өзү көп жерге басып барып катышпаса да материалдык чыгымдардын көбүн мойнуна алчу, бирок ашып-ташыган деле акча-каражат оппозицияда жок болчу. Мисалы, биз, фракциянын депутаттары алдыбызда машина бензини менен бар, өзүбүздүн акчабызга эле таянып иштеп жүрдүк. Партияга кирген колунда барлардын көмөгү менен бир топ саясий иштер аткарылып жатты, гезиттерди, листовкаларды чыгармай, жер-жерлерде активди, элди чакырып, тамак уюштурмай, келген элдин транспорттук чыгымын жапмай. Атамбаев, президент кезинде элге мен илгертен эле бай болчумун деп айтканы кулагыбызда. Исхак Масалиев 2000-жылкы Атамбаевдин президенттик компаниясында штабын башкарып жүргөндө, акча жактан өтө жүдөгөнбүз, кысылганбыз деп айтып бергенин уккам. Кайсынысына ишенебиз?

— Каражат болбосо саясат да аксай турганы бул баарына эле белгилүү. Акчасы бар гана адам бүгүн депутат, президент болуп жатканына күбөбүз. Анда аларга иштегендердин баары эле жалданма саясатчылар, революционерлер экен да?

— Аргасыздан сен айткан сөзгө жүйө бар деп макул болосуң! Саясаттын кыймылдатуучу күчү көп учурда каражат экенин билип-көрүп келе жатабыз го! Бирок “жалданма” дегенге кошула албайм, анткени жанын оозуна тиштеп жүргөндөрдүн баары идея үчүн жүргөндөр эле, аларга эч ким үй-бүлөңдү бак деп акча берген жок. Сөзүм кур болбос үчүн Балыкчыдагы окуяны келтирейинчи. Президенттик шайлоо учурунда жөнөкөй, карапайым 14 балдар, келиндер бар ичинде, акыйкаттуулук үчүн, оппозициянын кандидатынын добуштарын сактап калыш үчүн жергиликтүү шайлоо комиссиясынын ишине нааразы болуп, көтөрүлүп, тартипти буздуңар деп, камалышкан. Алар эки-үч жумадан бери түрмөдө отурганда, биринчи Өмүрбек Текебаев “Эже, барып балдардын ахвалын сурап келели” – деп, биз үч-төрт киши Балыкчыга биринчи болуп барганбыз. Кийин ал жерде далай сотторуна катыштык. Күз келди, жигиттер дагы эле түрмөдө отурушат, алардын балдары мектепке барыш керек, кышка оокат даярдаш керек, бирөөнүн апасы катуу оруп, экинчисинин баласы төрөлүп, жашоо-тирликтин кыйынчылыктары ашып-ташып кетти, алардын үй-бүлөлөрүнө Атамбаев жардам берип жатты. 100 млн долларлык миллионер болсо да, биз, революциядагы эң тажрыйбалуу адамдар топтолуп Бакиевдин режимине каршы чыкканда биздин авторитет жана күч-аракетибиз менен эки-үч шайлоонун жүрүшүндө өзүнүн репутациясын көтөрүп алганы, бул эмне жаңылыкпы?! Коомдо моралдык авторитет, акыйкат-теңдик-эркиндик деген түшүнүктөр өтө жогору бааланып, миллиондор деген пулга барабар! Баарын эле акчага сатып алалбайт экенсиң, баары эле сатылбайт да!

— Революцияга катышкан адамдар балким жөө жүрүп, тыйын санап, анан жеңишке келгенде төө минип, чоң байлыктарга ээ болуп калышат деп ММК ушул күнгө чейин жазышат, бул чындыкпы? Сизди Лондондон үй сатып алган деп канча жазышты, ага эмне дейсиз?

— Революцияларда ар кыл адамдарды көрүп жүрдүк, көп карапайымдар катышат чоң көтөрүлүштөргө. Шылуундар да аз эмес, аягында жумушка жетем, же болбосо уурдаганын мыйзамдаштырам дегендер да жүрүшөт. Бирдемеге ээ болуп калам, бирдеме мага тийип калат деген адамдар да бар: андайлар мародерлук кылып, рейдерлик операция аркылуу бирдемени жулуп алганга жетишип калат турбайбы. Ошол учурда оппозициянын ордосу болгон Бириккен Элдик кыймылдын жетекчилигине кирген саясатчылардын ичинде “Тыйын санап, суранып-тиленип, жөө жүрүп” калганы жок болучу, ар бири турмуштун элегинен өтүп, калыптанып калган инсан эле да, революциядан кийин деле алардын көпчүлүгүнүн байып-бапырап кеткенин көргөн жокмун, мурдагыдай эле ар кимиси эл катары өз оокатын кылып жүрөт. 2010-жылкы апрель революциясынан бери кайра-кайра эле банк ячейкаларындагы жана Ошко жеткизилген акчалар боюнча маселелерди гезиттерге чыгарышат. Так жана кесе айтып коёюн, ээси жок кутучалардан табылган каражаттардын бир бөлүгү ошол учурда Убактылуу Өкмөттүн чечими менен өлкөдөгү кырдаалды турукташтырууга, Апрель революциясынын жеңишин сактап калууга жумшалган, прокуратура кызматкерлери 22 млн долларга жакын акча сууруп чыгышкан, белгисиз бирөөлөр атын жашырып кутучаларга катып коюшуптур деп, ошонун төрт миллионго жакынын пайдаландык, калганы толук бойдон кийинки бийликке өткөрүлүп берилген. Алар боюнча Убактылуу Өкмөт толук маалымат берген, иликтөө органдарынын колунда да том-том болуп, бардык суроолорду канааттандыра турган маалыматтар сакталып турат, жумшалган каражаттын толук отчёту бар. Ошондогу Каржылоо министри болгон Темир Сариевге 2010-жылы Атамбаев күнөө тагып, миллиондорду уурдап жатат деп, кийин “текшертип чыктым, Сариевде эч кандай күнөө жок экен” деп, бир жыл өзүнүн убагында премьерлик жумушка иштетпедиби! Апрель-июнь (2010) кайнап турганда УӨ мүчөлөрүн каралап ММКлар ардемени чукуп-таап-жазып-шыбап турушту. Интернеттен Англиядагы бир үйдүн сүрөтүн илип коюшуп, ал Отунбаеванын Лондондогу тамы деп мени каралаганга аракеттеништи. Ал убакта мен такыр колум тийбейт, каяктагы Фейсбук, Твиттер, жаңылыктарды окуганга убакыт жок! Учурда мен жөнүндө килолоп чыгып жаткан мусордун баарын окубай, көрбөй, укпай аман калыптырмын деп бүгүн деле өзүмө өзүм ыраазы болом бир чети… Биринчиден, менин Лондондо үйүм жок, кызым ошол жерге турмушка чыккан, бакубаттуу үй-бүлөдөн экен күйө-балам, бирок алар азыр Чыгыш тараптагы мамлекетте жашашат. Экинчиден, мени бүгүн деле гезиттерге жазып жүргөн журналисттерге айтат элем, айрыкча мен жөнүндө бүгүн деле ар нерсени жеңил-желпи жазып жүрүшкөндөргө, кожоюндарынан буйрук алгандан кийин кичине окуп-билип, таразалап, анан ушак-каралоо материалдарын токуп чыкса туура болот эле. Мен 1986-жылдан 1989-жылга чейин азыркы сөз менен айтканда вице-премьер, Кыргызстан Компартиясынын бюросунун мүчөсү болуп иштегем, анан Э. А. Шеварднадзе, СССРдин тышкы иштер министринин чакыруусу менен Москвага барып ал министрликтин коллегиясынын мүчөсү, СССРдин Атайын жана Ыйгарым элчиси катары Парижде ЮНЕСКОдо Советтер Союзунун өкүлү болуп үч жыл иштедим. Кыргыз кызына эле эмес, дегеле ошол замандагы чоң өлкөдө, супердержавада мындай даражада иштеген республикалардан чыккан адам өтө сейрек көрүнүш болучу. Азыр саясатта чакмак кылып ойноп, ар кандай интригалардын, ушактардын артында тургандар ал учурда балким мектепте окуп, же ашып кетсе студент болчу. Кийин СССР ураганда Кыргызстанга келип 3–4 жолу Тышкы иштер министри болуп дайындалып, Америка, Канада, Улуу Британияда жалпысынан четте жети жыл иштеп, Бүткүл Улуттук Уюмдун Грузиядагы өкүлчүлүгүндө КМШ өлкөлөрүнүн ичинен эң жогорку позицияга жеткен кызматкери болуп эки жарым жыл иштеп келгем. Аргасыз айтып жатам мунун баарын, жетекчи жумуштарга мен көчөдөн жылаңайлак келгенсип калп-ушактарды жазгандарды көп жылдары көтөрдүм, унчуккан жокмун, соттошподум, бирок ардеменин чеги бар деп жооп берип коёюн деп суроо берип калганыңардан кийин айтып жатам. Биз башка — ​катуу, тартиптүү совет — ​замандын тарбиясын көрүп, элдин байлыгына эч качан сугунбаган, колун салбаган муунданбыз, менин тапканым өзүмдүн эмгегим менен, маңдай тер, таман акым менен табылган, өзүмдүн жашоомо жетиштүү. Мага калп сөз, карандай ушак жармашпайт, кир жукпайт деген ишенимде ушул күнгө чейин башымды өйдө көтөрүп жашап жүрөм.

— Бирок мурунку заман менен салыштырсак бүгүнкү климатта баары бир саясат акчасыз жылбайт: акыркы эле жаңылыктарды алсак, акчанын айынан Франциянын мурунку президенти тергелип жатат. Акча табам деп мандаты менен жамынгандар колго түшүп жатышат. Акча тапкычтарды, алардын кылмыштарын төбөдөгү офистердин башчылары аларды коргоп, кол тийгизбей, ошол суудай аккан каражатка жашап да, партиясын багып да жүрүшөт, мындай сүрөттөмөнү таанып жатасызбы?

— Азыркы партиялар жөнүндөгү дискуссияларда “каражат же саясат” деген маселе боюнча мындай ой айткым келет. Ошол эле Францияда өткөн президенттик шайлоосунда түпкүлүктүү, жашы жүзгө чейин жеткен партиялар — ​социалисттик, республикалык, консерваторлор — ​баары утулуп, 2016–17-жж. түзүлгөн “Алга, республика!” партиясы Э. Макронду колдоп чыгып, жеңишке алып келди! «Брекзитден» кийин «Фрекзит» болуп кетет, чектен ашкан улутчулдар Европанын саясий климатын уулантып, Францияны оң тарапка буруп, Европалык Биримдикти бузат деп, ошентип Европа аз жерден кыйрайын деп калганда, европоцентрдик күчтөр бул өлкөнү сактап калалы деп Макронду алып чыгып, анын алдына каражатты калың төшөп берип Францияны мурунку курсунда бекемдетип калышкан. Сөзсүз бул учурда каражат болбосо кайда жаңы партия, кайда 40 жаштагы Франциянын Бешинчи республикасынын сегизинчи Президенти! Бирок финансалык каражат деле автомат түрүндө ийгиликке гарантия болуп бербейт, муну биз өзүбүздүн өлкөнүн саясий турмушунан көрдүк.

Мурунку президент Атамбаев эң оор кырдаалдарда алдыңкы сапта жүргөн революционерлерге жумуш бербей, кетээринде иштегендердин баарын ала кетем деп, жалаң Максимдин кол балдарын отургузуп кеткенин баарыбыз көрдүк. Атайын Азимбек Бекназаровду атап айтып кетейин. Атамбаев бул адамды “алат, жейт” деген вердикттин аркасы менен акыркы алты жылдан бери бир жумушка жолотпой, экөө муздак согуш позициясында болуп келе жатышат. Алты жыл такта отуруп, уурдаган-жегенин таап, күнөөнү бетине коюп бергенге неге болбосун?! Бул экөөнүн телефон сүйлөшүүсүнөн оркоюп таможнянын олигархы чыгып, алты жыл бийликтин, айтылуу жардамчысынын контрол алдында сонун эле болушуп, күлдөп жүрбөдүбү. Азыр деле Кытайдын бажыканасы, ЕАЭСтин органдары тастыктагандай биздин чегара аткезчиликти көрмөксөн-билмексен болуп официалдуу товарлардын өтүүсү менен биздин бажыкана жана жанындагы тиешелүү органдардын цифраларынын айрымасы 3–5 жолку экенин баарыбызга жеткизип жатышса деле, эч чара көрүлбөйт! Майда-чүйдө уурулар, оозун ачкан журналисттер, оппозиционерлерге эле күчтөрү жетет! Мынча болду, Президент Жээнбеков Коопсуздук Кеңештеги сөзүн баштаганда эле Баткендин жолдору жана Таджикистан, андан нары Афганистанга кетип жаткан бензовоздорду айтып, токтоткула, асфальт кыргыз элинин мойнуна миллиард деген сомго илинип турат, силер баарын талкалап жатасыңар деп, катуу баа берип, ачуу сөз менен баштады эле. Ошондой болсо, азыр бийлик толук колуңарда, алты жылдан бери токтобой, кимдин бензовоздору экенин ошол жолдордун четиндеги жашаган Баткен, Лейлектин элдери деле айтып берет — ​баягы күнкү кыргыз-казак чекарасында Казакстан күч структуралары жасаган операциядай кылып, экономиканы талкалап жаткан мародерлорду токтотпойсузбу! Казак ТВ тапкандай бүгүн, эң өкүнүчтүүсү, мамлекеттик чекараны криминалдык группалар башкарат экен деп, бизде төрт тараптын кайсы жагын карабасаң, так ошондой эле болуп жатпайбы. Ал бензовоздун кожоюндары парламентте, өкмөттө калың отурушат, аларды токтотконго убакыт келди го!

— 2016-жылдын 31-августунда, майрам күнү Атамбаев айткан сөздүн терең тарыхы бар деп, Бекназаровдун китебинен окудук: 7-апрелде сизди Убактылуу өкмөттүн төрайымы катары дайындалганга наразы болуп, алты жылдан бери бугун ичинде кармап, ошол күнү Борбор аянтында жарылып айтканы деп жазыптыр. Сиз кантип Убактылуу Өкмөттүн төрайымы болуп калдыңыз? Ошого токтоло кетсеңиз…

— Биринчиден, мен КСДП фракциясынын лидери болчумун. Бешимов президенттик шайлоодон кийин Бакиевдердин тапшырмасын аткарып, Америкага качып кеткенде, биз бир жылга чейин фракциянын лидерисиз иштеп, алсырап калганбыз. Он бир депутат ар тарапты карап, алдыбызда максатыбызды жоготуп, саясий күрөштөрдө да ориентирибиз начарлап, окуяларга реакция берип коюп эле тынчып калганбыз. Кыязы партиянын кожоюну, Атамбаев лидердикти кимге берээрин чече албай, (Өмүркуловго Бакиевдер кылмыш ишин ачып коюшкан), аягында аргасыз мага өткөрүп берди. Биздин фракция ошондо Акжолчулардын көзүнө сайылган тикенектей эле болуп Апрель революциясына чейин иштеп турдук. Микрофонду өчүрсө, өзүбүз менен мегафон алып келип, бийликтин көзүн чукубаган бир да маселе жок болучу. Өзгөчө, чырлуу соттор боюнча (Петровка, Былыкчы, генерал Исаковдун камалганы); Конституцияга (мураскорлук идеясы) өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө, Каркыра боюнча акжолчуларга каршы чыгып, Электроэнергиянын баасын көтөрүү жөнүндө, Садыркуловдун өлүмү ж. б. Азыр парламентте көпчүлүк резонанстуу маселелер боюнча жымжырт го… Ошол эле ТЭЦтеги чатак, 386 млн доллардын чыры, “Белизгейт”, “Лигласс”.., деги койчу, толтура…Сөздүн нугуна кайрылсам, ошол учурда, 2010-жылдын жазына карай ЖКдагы КСДП фракциясы оппозициялык күрөштүн өзөгү болуп турган. Экинчиден, 17-март 2010-ж. жалпы оппозициянын ХI элдик курултайынын чечими менен БЭКтин Аткаруу комитетинин төрайымы, БЭКтин штаб башчысы болуп бекитилгем. Бардык ошол жерде алынган чечимдерди ишке ашыруу, элдин талабын бийликке жеткирүү мага жүктөлгөн. Эмилбек Каптагаев менин штабда орун басарым болуп дайындалып, экөөбүз «Форумда» иштей баштадык. Өзүңөр билгендей 7-апрелде республиканын бардык аймактарында Курултайлар өтмөк, эл 17-марттагы Курултайдын чечимдеринин аткарылышын талап кылмак. Бирок, 6-апрелде Таласта бийлик тараптан провокация болуп кетип, ал жерде башаламандыктар башталды. 6-апрель күнү эртең массовый камоолор башталат дегенди угуп, — 2005-жылкы тажрыйба ийнедей сайылып эсимде турат — ​штабда отурган активисттерге кайрылдым: бүгүндөн баштап өзүңөргө сак болгула, бекингиле, камакка түшөсүңөр анда эмесе деп. Мен кеткенден кийин, ошол эле кечки сегиздерде күч органдарынын адамдары «Форумга» келип, ал жерде отурушкан Өмүркулов, Каптагаев, Дүйшөбаевдерге повесткаларды тапшырып, кармап кетишиптир. Ошол эле түнү Атамбаевдин үйүн штурм кылып, аны алып кетишкен. Ошол түнү бою, эртеси баары кыдырата кармалып жатпайбы!

— Биз журналисттер, сизди ошондо АКШнын биздеги элчилигине же «Манас» аба майданындагы Ганси аскер базасына жашынган деген кабар укканбыз, ошол чынбы?

— Акылга сыйбаган жомоктор! Бирөөнүн фантазиялары дейт элем! Мен шаарда эле өзүмдүн сиңдилеримдин үйүнө барып жашынгам. Бирок мени органдардын адамдары бир нече сааттан кийин уюлдук телефонумду пеленгация кылып, жашынган жеримдин квадратын эле эмес, подъездине чейин таап чыгып, толтура коопсуздук кызматкерлерди каратып коюшту. 7-апрель күнү кечки саат алтыларга чейин кайтарып, подъезддин түбүндө кетпей турушту. Күүгүм кире баштады. Кароол жоюлганын көрүп, мен ошол замат ЖКга өзүмдүн кабинетиме жетип бардым. Ал жерде менин жардамчыларым жана биз менен иштеп жүргөн активисттер бар экен: Гульнара Искакова, Темирлан Ибраимов, Асылбек Болотбаев, Жыргалбек Турдукожоев.

Кечки 19.30 биринчи этаждагы ЖКнын пресс-борборунда Текебаев, Шер, Чотонов, Дүйшөбаев, Мадылбеков, Сариев, Эркебаев, Ибраимовалар болуп жыйналып калдык. Аянтка барып ал жердеги хаотикалык атууларга күбө болдук, жаштар жарадарларды машинелерге салып алып жатышты. Балдар, алардын лидерлери менен бетме-бет сүйлөшүп, элди партиялык жана регионалдык топтор аркылуу чогултуп көрөлү деп, аракет кылдык. Иса Өмүркулов менен Темир Сариев мурун эле аянтта болушуп, баарын мурун эле көрүп-билишип, курал атууларды токтотуш керек, биз айрым бир силовиктер менен сүйлөштүк дегенде, Ак үйдүн ичине кирели деп чечтик. Төртөөбүз: Темир Сариев, Кеңешбек Дүйшөбаев, Эмилбек Каптагаев Ак үйдүн күн чыгыш тарабынан кирип, 7-этажга түз эле чыгып бардык. Залда Данияр Үсөнов баш болуп күч структураларынын башчылары толук отурушуптур. Баарынын түрлөрү бопбоз, маанайы төмөн, көздөрү алаңдап эмне кылаарын билбей, баары мергенчиден бурчка коргологон жаныбарлардай көрүндү мага. Саламы жок эле баш ийкеп, ошол замат мен БЭКтин Аткаруу комитетинин төрайымы катары Үсөновго кайрылдым: “Соодаңар бүттү, сырттагы өлүмдөр — ​силердин мойнуңарда. Атууну азыр эле, тез токтоткула да, өкмөттү тараткыла, мага отставка жөнүндө кагаз жазып бергиле” деп. Үсөнов болсо: “Мен өзүм үчүн жооп берем, азыр эле жазып берем, бирок президент үчүн айта албайм, мен ал кишиге айтып чечим кабыл алалы”, деди. “Жаныңда эле отурбайбы, — ​деп мен жооп айттым, — ​барып айт, бир сааттан кийин түн кирип кетсе аянттагы элге эчким ээ боло да албайт, эмне болуп кетээрине эч ким кепилдик бере албайт, азыр отставкага дароо кетип жарыя болуп кетсе, эл токтойт”. Менин жанымдагы Сариев, Каптагаев, Дүйшөбаевдер менин сөзүмдү кубаттап, аларга сөз жолдошту. Биз ЖКга кайтып кеттик. Сариев ал жерде калып, Ак үйдөгү толо ар бир министрликтин, ар түрдүү аскерлердин чыгарылышына коридор түзүп бергенге, ошондой эле Ак үйдү өрттөбөй, тонобой кантип сактап калыш керек деген маселелерди талкуулап, чара көргөнгө кам көрсүн дедик. Кечки саат тогуз ченде И. Өмүркулов болуп кайта Ак үйгө келдик, Д. Үсөнов мага Бакиевге жолдогон, өзүнүн каалоосу менен премьер-министр кызматынан чегинүүсүн (отставкасын) сураган катты тапшырды. Мен катты алып кабинетимде күтүп турган элге шаштым.

— Демек, Бакиев өзүнүн өкмөтү тарасын дегенге “добро” бергенден кийин, 7-апрель түнү аткаруу бийлиги тарс деп жарылганын, жок болгонун эчким байкаган да жок, туурабы?

— Ооба, биз Ак үйдөн чыгып кетээр менен Бакиев жан-жөөкөрлөрү менен арткы дарбазаны сүзүп чыгышып, машинелердин айнектеринен тегеректеги элди автомат менен аткылап, “Манас” аэропортун карай качып кетиптир. Муну кийин билдик. Ошол учур абдан жоопкерчиликтүү болгон. Эгерде өкмөт кетти, бийлик кулады деп шашылыш жарыя кылып жибергенде, жаалданган эл Ак үйдүн короосунда, ичинде толтура жүргөн 350–400 милиционер, жоокерлерди тытып, жанчып, кырып салат болчу, дагы канча кан төгүлөт эле. «Ак-жол» парламенттин дареги жок, алар күндүз болуп жаткан окуяны сыртынан аңдап жатышты. Анын баарына биз да күбө болдук, бирок биз аларга караганда, жоопкерчиликти өзүбүзгө жүктөп, аянттагы кан-төгүүнү токтотууга күч жумшап, жарадарлардын баарын сактап калганга шарт түзүп, элди тынчытып, таратып, ишке кириштик. Бакиевчилер Ак үйдөн чыкканда эле ал имаратка чабуул жасалды, ал агымды эчким токтото албайт эле, көздөрү канга толгон жигиттер, балдар, баарын өрттөйүн, жок кылайын деген ойлор менен Ак үйгө киришип, түнү бою колуна тийгендин баарын тытып, талкалап, ала турганын алып, кеңсенин тамтыгын кетиришти. Мародерлук бул жолу да кара чумадай башыбызга түштү. Камактан чыгып келип жаткан саясатчылар баары аянтка барып, жардам аракеттерин жасап жатышты. 2005-жылдагыдай эле жини кайнаган эл бийликтин жек көрүндү “кара жащигин” барып минип алып, токтобой КТРде жаштары-карысы, оң-солчулдар келип өздөрүнүн ой-эмоцияларын төгүп жатышты. Телеканалдар аркылуу Текебаев, Каптагаев, Бекназаров, Өмүркулов жана башкалар чыгышып, бийлик кулаганын, бардык жоопкерчиликти Бириккен Элдик Кыймыл, Курултайда түзүлгөн Борбордук Аткаруу Комитети өзүнө ала тургандыгын, өлкөдө элдин ишеничине ээ боло турган жаңы бийлик түзүлө тургандыгын жарыя кылышты. “Убактылуу өкмөт” түзүлсүн, элдин эркин билдирүүсүнө ылайык бийлик Убактылуу өкмөтүнө өтөт деп жумушчу топ биринчи декреттин проектисин талкууга даярдады. Эсимде, Атамбаев кечки саат тогуздарда менин кабинетиме кирип, биздин иштеп жатканыбызды көрүп, ахвалды сурап, “Мен “обезьянникте” отурдум, кийимдерим сасык жыттанып, өзүм да жийиркенип турам. Үйгө барып жуунуп, анан кечирээк «Форумда» жолугалы” деп отурбай, кетип калды.

— Убактылуу өкмөт Бакиевдин жокко кеткен өкмөтүнүн ордуна келгени жарыяланып, ал кандайча түзүлдү? Сиздин талапкерлигиңизди ким көрсөттү?

— Аянттагы жана жалпы шаар боюнча ситуацияны колго алуу, элдердин коопсуздугун сактоо бул эң биринчи маселе болуп күн тартибине матаны жырып чыккан мыктай эле оркоюп чыкты. Зарылдык түрдө Болот Шерди МВДга, Мадылбековду УВДга, Душебаевди ГКНБга жибердик. Түн жарымда, саат он эки болуп калган, Текебаев, Атамбаев, Чотонов, Шыкмаматов, Шер, Мадылбеков, Сариев, Ибраимова, Эркебаев, Өмүркулов, Каптагаев, Дүйшөбаев болуп баарыбыз «Форумга» чогула баштап, кантип ишти алып барарыбызды талкуулап, ситуация боюнча мен кыска обзор жасап бердим. Азимбек Нарындан шаарга келип эле Исмаил Исаковду бошоткону колонияга кеткен, алар биздин жыйындын аягында келишти. Аны эстегеним: мен Айбек Турганбаевге (ГСИНдин башчысы) телефон чалып: “Исаковду бошотуп бергиле, Бекназаров ошол жерге бара жатат”, дедим. Убактылуу өкмөт жөнүндө декреттин проектиси баарынын колуна тийгенде эле “Ким башчысы болот?” деген суроо кабыргасынан турду. Ө. Текебаев, Б. Шерниязов, Д. Чотоновдор “Роза эже азыр БЭКтин Аткаруу комитетинин төрайымы, ал киши эле болсун” деп үн катышты. Тургандар колдоп калышты. Аны күтпөгөн Атамбаевдин өңү бузулду да, кырдаалды байкап көрүп: “Болуптур, Роза Исаковна УӨ төрайымы катары президент жана ЖКнын спикеринин ролун колго кармасын, өкмөттүн укуктарын мага ыйгаргыла биринчи орун басары катары”, деп сунуш берди. Ага Эльмира Ибраимова макулдугун айтып, Атамбаев БЭКтин башчысы катары ошондой орунду кармаса, туура болот деген позициясын ортого чыгарды. Тегеректеп турган саясатчылар, өзгөчө Текебаев менен Сариев: “Жок, андай болбойт, азыр жетекчилик бир колдо эле болуш керек, бир кишиге жүктөйлү да, ушу күнгө чейин Роза Отунбаева ал жоопкерчиликти көтөрүп келе жатса, так ошондой эле алып барсын” деп чуулдап калышты. Ошентип Атамбаев мага биринчи орун басар болуп, биринчи вице-премьердин полномочиелери менен иштеп калды. Текебаев конституциялык реформа жагын толук мойнуна алды. Ошол учурду бүгүн дагы ойлосом, партиялардын лидерлери бир-бирине атаандаштыгы ансыз деле курч, мындайда эч качан жетекчиликти алдырбайт болучу, төрагалыкты бири-бирине эрегишип, ыраа көрбөй, “через мой труп” деп кекенип турушкан кез эле. “Мен болом” деп жулкунбаган, мен, алардын атаандаштыгын көрүп, эртең кантип ушул күчтөр менен бул оор ахвалдан чыгабыз деп четте кайгыга батып отурдум. Эсиңердеби, ошол эле жылдары Украина, Жакынкы Чыгыштагы өлкөлөрдөгү чатактарда диктаторлор кеткен соң оппозиция чытырап-бөлүнүп, бир муштумга чогула албай, ар бири бийликти мен алам деп, өчөшүп-тытышып, өлкөнү узак созулган согуштарга чөктүрүп коюшпадыбы… Шүгүр дейли, биз ошондой коркунучтан өтүп кеттик, кыска мөөнөттүк, болгону бир жарым жылдык өткөөл мезгилдин аныкталышы, ошол мезгилде Убактылуу өкмөт аткара турган ири саясий иш-чаралардын элге ачык жарыя кылынышы, туура түшүндүрүлүүсү, эң башкысы — ​элдин сабырдуулугу, ички биримдикке карай умтулуусу өбөлгө болду. Убактылуу өкмөттүн мандатын болгону үч ай деп аныктадык, жаңы Конституция кабыл алынышы менен аткаруу бийлиги болгон Өкмөттүн ыйгарым укуктары мыйзам чегинде түзүлгөн жаңы өкмөткө өткөрүлүп берилмек, андан дагы үч ай өткөндө парламенттик шайлоо болуп, Жогорку Кенештин курамы калыптануусу менен УӨ өз ишин токтотмок. Ошол графикти биз так сактадык, июль айынын башында Техникалык Өкмөт түзүлдү, иштин баары ага жүктөлдү, декабрда УӨ өз ишин токтотту, миссиясы бүттү. Канчалык УӨ ичинде ички атаандаштык курч болуп, алар бир-бирин тоотпой, жол бербей, тартышып-түртүшүп турса да биз бул иштерди аткардык. Ал оңойго турбаганы, түшүнүктүү го.

— Саруулар, силер алдын-ала сүйлөшүп алып, Отунбаеваны дайындагансыңар деп, Атамбаев кызуу кандуулукка алдырып Бекназаровго опурулганын, ар булактан көп эле укканбыз, ошол чынбы?

— Мен ушул сөзгө ишене албай койдум. Жаманбы-жакшыбы Атамбаев менен бирге он жылга жакын иштеп калыптырбыз. Анын ашынган трайбалист, улутчул эместигин, орустардын арасында жашап-окуп, жагымсыз “чылыктары” жогун күнүмкү иштерде жакшы эле билчүмүн. Өзүнүн түбү кайдан экенин өзү билбей, чаташтырып, өмүрүнүн ар этаптарында ар түрдүү аймактарга, урууларга таандуулугун айтып, жагынып, балким турмуш шарты кыстагандыр, аягында такка отурганда тарыхчыларына заказ берип өзүнүн санжырасын жаздырганы, аны эчким көрүп-окубаса да, элдин кабары бар. Бирок эч качан ким кайсы уруудан деп саясатчыларды тескегени эсимде жок. Балким ошол 7-апрель түнү аны көкөлөтүп көтөрүп, БЭКтин мүчөлөрү жалгыз лидер деп тааныбай койгонуна ызалангандыр… Деле Атамбаев жөнүндө Кыргызстандын сыртында эчкимдин кабары жок экени ошондо билинди, ал президенттикке көргөзүлүп жатат дегенде, элчиси болобу, өлкө же өкмөт башчысы болобу, журналисттер ал киши өлкөнүн атынан биринчи жолу сахнага чыгып жатканын көрүп, акыясын сурап, изилдеп жатышты. Орусия жетекчилери да менден тет-а-тет бул киши ким деп сураганы бар. Президенттикке кандидатыңар анча эмес, ичет экен деп менден деликаттуу түрдө үлкөн кошуналар сураганда, мен чын ыкласым менен “Жок, андай эмес, мен эч качан көргөн жокмун мас болгонун” деп жооп бергем. Ооба, эмоциясын, ачуусун кармай албай калат, аны менен иштеген аткаминерлер баары эле катуу, ачуу, ыңгайсыз сөз угуп жүргөнүн көп укчум. Бирок акыркы жылы, кетээр маалында Казакстандын президенти Н. Назарбаев жана анын өкмөтү менен тирешип кандай гана ыплас, даражасына жарашпаган, өлкөбүздүн жүзүнө көө жаап, аброюн түшүргөн сөздөрдү айтканында — ​чын эле баягы ажыдаар, кызыл-кандуулукка алдырып жинденип жатат, айла жок деп, жерди тиктеп, эл менен бирге кетээрин чыдамсыздык менен күтүп отурдук. Азыр, убакыт өткөндө, ойлоп көрсөк Атамбаев 7-апрелде Убактылуу Өкмөттү башкарып калса биз баарыбыз өткөн кайгылуу, трагедиялык жолду кандай өтөйт элек?! Бизди ал каякка алып келет эле? Кимдер менен согуштуруп-уруштурат эле? Аягында биз кандай авалда калат элек? Аны көрүп отура албаган революциячыл саясатчылар өзүбүз аны менен күрөшүп, баарыбыз жарандык согушка матырылып-чыланып калат белек деген ойлор азыр да чочутат, жаман түш киргендей болуп…

— Адахан Мадумаров сизди “Отунбаева өзүн-өзү шайлаган президент” деп айтып чыккан эле. Мадумаров айткан сөздү кийин Алмазбек Атамбаев өлкөнүн Эгемендүүлүк күнүндө кайталады. Сиздин фамилияңыз шайлоо бюллетенине киргизилген эмес болчу, сындарга кандай карайсыз?

— Мадумаров айтса айта берсин, ал айтабы, дагы башкасы айтабы, андай сөздөргө терикпейм, кабагым-кашым да дебейм. Ошол учурдагы кырдаалды түшүнгөн адамдардын, дүйнөлүк саясий процесстерди, ар кайсы мамлекеттердеги саясий катаклизмдерди билген, алардын ички механизмдерин да жакшы түшүнгөн саясатчылардын, мамлекеттик түзүлүш боюнча эксперттердин пикирлери Кыргызстандагы 2010-жылдагы Апрель революциясы жана андан кийинки мамлекеттик бийликти легитимдүү жолго салуу боюнча биздин практикага карата көз караштары такыр башка. Асмандан түшө калгансып, ар нерсени жоромолдоп айта бергендердин сөзүн мезгил өзү таразалап, өзү электен өткөрүп коёт.

Эстегилечи, ошол 7-апрелде кандуу бийлик урап, үч бутагы тең канга чыланган борбор аянтта тарс деп чачырап жок болуп кетпеди беле! Оппозиция лидерлеринин дээрлик баары кечинде камактан чыгып, биринчи жолу Жогорку Кеңештин имаратында чогулганыбызда Өлкөдө бийлик жок болчу, башаламандык өкүм сүрүп турган, коом жарандык согуштун, массалык кыргындын кырында турган. Бүгүн бул чындыкты эч ким тана албайт. Биз “Бийлик жөнүндө” декрет кабыл алып, мамлекеттик бийликти ошону менен бирге жоопкерчиликти моюнубузга алдык деген менен Убактылуу Өкмөттү ким таанып, Кыргыз Республикасынын жогорку бийлиги катары ким эсептешти эле? Кыргыз Республикасы деген де-факто бар болгону менен, де-юре бизди эч ким тоотпой турган. Референдум өтүп, жаңы Конституция кабыл алынган 27-июнга чейин Убактылуу Өкмөттү эң жакын өнөктөштөрүбүз (КМШ, ШОС, ОДКБ) дагы кезектиги жыйындарына чакырбай, биздин легитимдүүлүгүбүздү тааныбай турушкан. Убактылуу Өкмөт деген эмне, бийликтин үч бутагынын тең ыйгарым укуктарын колуна кармап турган анын Төрагасы ким, булар менен укуктук негизде кызматташууга болобу же жокпу деген суроо табигый эле да. Мындай туңгуюктан чыгуу зарыл болгону айтпаса да түшүнүктүү. Мына ушундай шартта абдан терең талкуулап, ар тараптан ойлонуп туруп бийликти легитимдештирүү жолун тапканбыз, өткөөл мезгилге Президенттик кызмат ордун түзгөнбүз. Жаңыдан Президенттик шайлоо өткөрүүгө укуктук негиздер да жок болчу, андай мүмкүнчүлүктөр да жок болчу. Ошентип “Кыргыз Республикасынын өткөөл мезгилдеги Президенти жөнүндө” № 39-декретти кабыл алдык, бул Декрет жаңы Конституциянын долбоору менен бирге бүткүл элдик добушка коюлуп, жалпы элибиздин добушуна ээ болгон. Бул айныгыс факт. Ошол референдумга коюлган Декретте: “Убактылуу Өкмөттүн Төрагасы Роза Исаковна Отунбаевага Кыргыз Республикасынын өткөөл мезгилдеги Президентинин ыйгарым укуктары таандык кылынсын” — ​деп ачык жазылып турат. Мындай чечим менен эл аралык уюмдар, чет мамлекеттер, алардын арасында кошуналарыбыз макул болушуп, мен Кыргыз Республикасынын Президенти катары жападан жалгыз мамлекеттик бийликтин легитимдүү өкүлү катары таанылып, башка өлкөлөр менен, алардын лидерлери менен сүйлөшкөнгө, иш жүргүзгөнгө жол ачылган. Июнда ийгиликттүү өткөн Референдумда жаңы Конституция кабыл алынды, күзүндө боло турган парламенттик шайлоого жол ачты. Өлкөдө легитимдүү Президент, ал таянып иштей турган Баш мыйзам пайда болгондон кийин Убактылуу Өкмөт иш жүзүндө өзүнүн ишмердүүлүгүн токтотту, аткаруу бийлиги толугу менен Техникалык Өкмөткө өттү, кийин бул факт декабрда документтелген болучу.

Техникалык Өкмөт ишке кириши менен Убактылуу Өкмөттүн мүчөлөрү, алардын ичинде партиянын лидерлери биринчи сапта шайлоого аттанышты, кызматтарын тапшырышты. Президент катары мен таза жана адилеттүү шайлоону өткөзүүгө милдет алып, ошол эле убакта элдин жашоосуна, коопсуздугуна, өлкөнүн стабилдүүлүгүнө жоопкер болуп калдым. Айта кетүүчү жагдай, парламенттик шайлоо аяктап, Жогорку Кеңеш ишке киришип, жаңы Өкмөт түзүлгөнгө чейин мага жалаң эле Президент эмес, спикер да, өкмөт башчысы да болуп, үч бийликтин тизгинин бир колго кармап иштеп турууга туура келди. Жаңы Конституцияны ишке киргизүүгө багытталган мыйзамдын талабы ушундай эле. Ал мезгил өтө оор болгону баарыбызга эле маалым, энергиянын баарын түштүктөгү коогалаңдын кесепеттерин жоюуга багыттадык, улуттар арасындагы араздашууну тынчытуу аракетин жасап, Ош, Жалал-Абад шаарларында, дагы бир топ жакынкы райондордо жабыркагандардын үйлөрүн кышка чейин куруп бүтүрүүгө жетиштик, бир да үй-бүлө көчөдө калган жок. Ошондой эле коопсуздукту чыңдоо, өлкөнү кышка даярдоо, бюджет тартыштыгына карабай финансылык сектордун туруктуу иштөөсүн камсыз кылуу, эмгек акыларды, пенсия-пособияларды өз учурунда кармабай төлөө сыяктуу көйгөйлөр да моюнда турган. Анан дагы, биз үчүн эң маанилүү болгон парламенттик шайлоону таза, демократиялык духта өткөрүү зарыл эле. Ошентип октябрь айында парламенттик шайлоо өттү, Убактылуу Өкмөткө оппозиция катары өздөрүнүн позициясын карманган “Ата Журт” партиясы эң көп добушка ээ болду, жаңы башкаруу системасына ылайык экинчи аракеттен кийин араң коалициялык өкмөттү түздүк. Андан бир жыл өтүп 2011-жылдын октябрь айында президенттик шайлоону өткөзүп, мен бийликти жеңишке ээ болгон А. Атамбаевге чын ниетим менен өткөрүп берип, саясий майданды толук бошотуп, чыгып кете бердим. Шайланган президенттин ишке кирүүсү менен 30-октябрдан тарта Кыргызстанда мамлекеттик бийлик толугу менен легитимдешти, конституциялык талаага түштү, өткөөл мезгил аяктады, мен дагы өткөөл мезгилдин Президенти катары өз миссиямды аткардым. Ушул жол менен президенттике келген Атамбаев кийин асмандан түшкөнсүп баарын танып, жокко чыгарып, 2016-жылдын 31-августу күнү, Кыргызстандын эгемендүүлүгүнүн чейрек кылым майрамында, элдин эсин оодарып, майрамдык маанайын жерге түшүрүп жатпайбы. Эң кызыгы, мен айтып кеткен номер № 39- Декретке өзү кол койгон, Убактылуу Өкмөттүн жыйынына менин биринчи орун басарым катары катышкан. Айнып калган күндө дагы, президенттик шайлоо Убактылуу Өкмөттүн декреттеринин негизинде өтүп жатса, шайлоону жарыялап, уюштуруп, өткөрүп жаткан өткөөл мезгилдин Президенти катары Отунбаева болсо, менин колумдан бийликти колмо-кол алып жатып анан ошентип тетир сүйлөгөнү уят эле иш. Такта туруп басмырлаганы — ​өзүнүн начарлыгын, алсыздыгын далилдегени. Эркек башы менен эл алдында опурулганын, өзүнүн абийири элдин алдында айрандай болуп төгүлүп жатканын көрүп, истерикасына күбө болбоюн деп ошондо Ала-Тоо аянтынан басып кетип калгам.

Мен ишенем, өткөөл заманда биз тапкан, биз колдонгон тажрыйбабыз, биздин шартка ыңгайлуу болуп табылган убактылуу саясий институт жана механизмдер дүйнөлүк коомчулуктун назарына түшүп, оор саясий кырдаалдардан чыгуу, конфликттерди чечүү боюнча эл-аралык тажырыйба казынасында өзүнүн татыктуу ордун табат. Тилекке каршы бул темада салмактуу иштер жазыла элек, жазылса андай талдоо-изилдөөлөр азыркы саясий адабиятта чоң кызыгуу жаратмак.

-Президенттик шайлоого талапкер болуп чыгып, мөөнөтүңүздү узартып алсаңыз болот эле да?

— Өзбекстандын президенти И. А. Каримов мени менен сүйлөшүп отурганда “Роза Исаковна, президенттикке кала бергин!”– деп айткан болучу. “Эмне үчүн болбосун? Президент катары кала берсеңиз өлкөгө эле жакшы”– деп Орусиянын президенти да айткан. Балким антип койсо деле болмок: мамлекеттик машина кол алдымда турган да, бетти тултуйтуп күчкө салууга болот эле да. Бирок мен элиме сөз бергем, өлкөнүн келечегине канча балдар жанын бергенин бир да минут эсимден чыгарбай, ант берген убадаларды унутпай, ордумду бошотуп жаңы шайланган президентке өткөзүп бердим. Өткөөл мезгилдин Президенти деген кызмат ордун түзүп жатканда дагы ички интригаларды токтотуу, өз ара ишенбөөчүлүктү кыскартуу максатында: “…президенттин ыйгарым укуктарынын мөөнөтү 2011-жылдын 31-декабрына чейин белгиленсин… кийинки 2011-жылда боло турган президенттик шайлоого талапкер катары катышууга укуксуз болсун…”– деп Декретке да жазып, өзүм кол койгом. Мен үчүн бийлик же мансап эмес, мамлекеттин келечеги маанилүү эле. Ошондой эле Кыргызстандын саясий тарыхында биринчи жолу бийлик тынч, мыйзам ченемдүү түрдө бир президенттен экинчи президентке өткөнү — ​принципиалдуу мааниге ээ болуп турган. Бул жаңы саамалык традицияга айлана турган изи өчпөс салт болсун дегенге жол салдым деп ишенем. Ал салтанатка башка өлкөлөрдүн президент, премьер-министрлери, тышкы иштер министрлери, республиканын активи, кеңири коомчулук катышып, унутулгус окуяга күбө болушкан.

Мындан да нары ойлор бар эле: пост-президенттик Институтту жаратуу, өлкөдө Экс-президент деген кандай болушу керек, анын коомдогу орду кандай болот, аткара турган иштери кандай деген үлгү жаратуу. Борбордук Азиянын дүйнөнүн башка региондорунан айырмасы “мурункулар” жашабайт, алар түз эле аркы дүйнөгө сапар алат. Бизде жагдай башка, азыр эки мурунку президент качып жүрөт, экөөбүз өлкөнүн ичинде жашап жатабыз, менин кызматтан кеткениме алты жылдан ашты, Атамбаев мына жаңы эле “мурунку” болуп отурат. “Президенттиктен кийин да башка жашоо бар, көп ийгиликтерди жаратып, өлкөгө пайда алып келсе болот”– деген девиз менен акыркы алты жылдан бери өзүмдүн дараметиме жараша Фонд түзүп, элге керектүү иштерди аркалап келе жатам. Фонд аркылуу билим берүү, маданият, аялдар, балдар, айрыкча мектеп жашына чейинки балдарды өнүктүрүү боюнча бир топ проектилерди ишке ашырып жатабыз, бир нече маанилүү китептерди даярдап басмадан чыгардык. Фонддон тышкары Кыргызстанды даңазалап төбөсүн көрсөтө турган бир топ эл аралык иштерге тынымсыз катышып жүрөм. Биз албетте келечекти карай умтулуп жашообуз абзел. Мына “Кыргызстан — ​2040” деген стратегияны даярдап жатабыз деп жатышат, андай программа кабыл алсак бул дистанцияда кеминде дагы төрт президент шайланат, алардын да кызмат мөөнөттөрү аяктайт, алардын топтогон тажрыйбасы дагы эле элге кызмат кылсын деген максатта биз аларды салттуу жолго түшүрүп, үлгүлөрдү көрсөтүүбүз зарыл. Өнүккөн өлкөлөрдө 4–5 мурунку президенттер, он чакты мурунку өкмөт башчылары жашап, иштеп, ооруганы ооруп, баспаганы үйүндө отурат. Алардын тажырыйбасы, эксперт катары пикири, ар кандай маселе боюнча кеңештери көп өлкөдө пайдаланылат. Кай бир калпыс нерселерге күбө болгондо капа болуп, бир топ тажрыйбалуу адамдар: “Деги биздин президенттерге кимдер кеңеш берет?” — ​деп сурап калышат. “Бизде андай нерсенин кереги жок, интернет, фейсбук дегендер бар, ошол жактан маалымат чогултуп алат”– деп мен тамашалап айтып коём. Президент деген, алардын оюнда эл менен, эл ичинде кадыр-барктуу, тажрыйбалуу инсандар менен тикелей байланыш болуусу зарыл деп ойлорун айтышат. Мисалы, Россия, Казакстандын президенттеринин бир топ маанилүү негизги тармактар боюнча жогорку деңгээлдеги кеңеш топтору бар, алар менен президент өзү жолугуп, аларды дайыма угуп турат. Путиндин сайтын карап көрсөңөр, бир күндүн ичинде ал 4–5 тематикалык жолугушуу, чоң жыйындарды өткөрөт. Балким биз Австриянын тажрыйбасын изилдеп, өзүбүзгө ылайыкташтырып көрүүбүз керек: аларда президенттин алдында үч кишиден турган (курамында сөзсүз мурунку президенттерден бирөө бар) конституциялык статусу бар кеңешчи топ иштейт. Улуу Британияда мурунку чоң кызматтагы адамдар, эң тажрыйбалуу адамдар Королевадан лорд же баронесса наамдарын алып, жогорку палатага чогулат, ошол жерде маанилүү маселелердин талкуусуна катышышат. Көрсө бай, 800 жылдан бери демократиянын тузун татыган өлкөлөр билимдүү, дүйнө жүзүн кыдырып билим-тажрыйбаны, байланыштарды топтогон адамдарды дагы да болсо өлкөгө иштетип, алардын бир грамм акылын да жерге таштабай, жоготкусу келбейт экен да! Мен, мисалы, азыр Бүткүл Улуттук Уюмдарынын Генералдык катчысынын алдындагы, дүйнө жүзүндөгү 200 өлкөлөрдөн тандалган 18 инсандан түзүлгөн Медиация группасында мүчөмүн. Бул жогорку деңгээлдеги группанын мандаты: конфликттерди, кайсы жерде болбосун, алдын ала чечүү, токтотуу, тынчтыкты бекемдөө, ал үчүн оптималдуу жолдорду табуу маселелери. Бизде болсо популисттик уран менен “эскилерди өзүм менен ала кетем, жаштарды бийликке коём” — ​деген волюнтаристик иштер жасалып, экономиканын көзүн билбеген, эч бир башкаруу-административдик тажрыйбасы жок жаштарды чоң позицияларга чочойтуп отургузушуп коюшуп, эми өлкөнүн тамтыгын чыгарып жатышат.

— Сиздин президенттигиңиз биринчи күндөн баштап эле чыр-конфликт заманга туш келип, сизден эң башкысы аскерий, катуу тартиптеги, каармандык, жоопкерчиликтүү, калыс, адилеттүү жетекчиликти талап кылган. Ошол убакта кол алдыңызда иштеген коопсуздук иштерине жооп берген аскер кызматкерлери, Кыргызстандын генералдары сиздин күч куралдар Кол башчысынын сынына жооп бере алыштыбы?

— Туура байкоо жасадың, менин Убактылуу Өкмөттүн башчысынын мандаты бул жаңжалды токтотуп, өрттөн аман-эсен чыгып, бузулган-кыйрагандын баарын кайта калыбына келтирип, карама-каршылыктарды жоюп, элди тынчытып, стабилдүүлүктү орнотуш керек болчу. Жалаң эле өкмөттөгү иштегендер эмес, жөнөкөй адамдар, ыктыярчылар бизге аябагандай чоң жардам беришти. Биздин аскерлердин — ​миң-миң деген катардагы жоокерлер, жүз-жүз деген офицерлер, генералдар — ​алардын эрдиги, күжүрмөндүгү, кайратына таянып көп кыйын учурлардан чыктык. “На войне как на войне” дегендей, адам жоготуулардан кете албадык, баарын кечтик: Жаныш Бакиевди кармасын деп Жалал-Абадга жиберген генералдарыбыз ар кандай шылтоо айтып, аны кармай албай келген; 2010-жылы апрелде Маевкадагы ситуацияны биздин милиция алсыз, төмөн профессионалдыгын көрсөтүп, колуна алалбай кан төгүлгөн; июнь окуясында атайын Ош күйүп жатканда, милицияны күчтөндүрүү максатында келген тажрыйбалуу делген атактуу милициянын мыкчыгери бир жумадан кийин ар себептерди айтып, ишин жыйыштырып кетип калган; Жалал-Абадды күчтөндөрүүгө комендант болуп барган дагы бир “столичный” кадрыбыз элден бекинип, качып, кийин Барктабасовду кармай турган операциясында министр болучу, коркоктугун көрсөтүп, генерал деген наамга татыксыз экенин иш жүзүндө даана ачыктаган. Түштүктөгү милиция башчылары ачык эле Бакиевдерге тартып, бизге каршы иштерди жүргүзүшкөн. Андай мисалдар толтура! Маевкадагы окуядан кийин 2010-ж. 23-апрелинде Атамбаев биздин күч жетекчилерине нааразы болуп, Убактылуу Өкмөттүн алдында укук тартибин жана коопсуздукту камсыз кылуу боюнча атайын комиссияны сунуштайт, өзү ага анын башчысы болоюн, бул жакты тартипке салам деген. Ага чейин УӨ төрайымынын орун басары катары күч органдары, прокуратура жана коопсуздук комитети Бекназаровдун кароосунда болчу. Мен, өз буйругум менен Бекназаровдун укуктарын баарын алып, Атамбаевге бердим; прокуратура, коргоо министрлиги, коопсуздук комитети, милиция, МЧС, иши кылып баардыгын ал башкарып калды. Бекназаровдо 7-апрель боюнча тергөө иштери, Акаев, Бакиевдердин кылмыш иштерин иликтөө милдети эле калды. Бул чечим туура эмес болгонун кийин убакыт көрсөттү, Атамбаевге ишенип отуруп, көп маселе көз жаздымда калганын, бир топ иштерди алдын ала жасай албай калганыбызды Ош окуялары даана ачыктап салбадыбы.

— “Азаттыкка” маек бергениңизде, Ош окуясы чыккан күнү Алмазбек Атамбаевди таппай калдык деп айттыңыз. Ал кандайча болгон окуя? Сиз өзүңүз Ош окуясын кимден уктуңуз?

— 10-июнь күнү биз өкмөттүн жыйынын өткөрүп, келерки жарым жылда экономика жаатында алдыдагы жарым жылга түзүлгөн пландарыбызды талкуулап, бекитип, жер-жерлердеги ситуация жөнүндө убактылуу дайындалган губернаторлор маалымат берип таркаганбыз. Апрель айынан кийин биринчи жолу ушундай жыйын өткөрдүк. С. Жээнбеков менен М. Мырзакматов келген жок болучу, анткени Ош шаарында авал тынч эмес болуп, жаштар тирешип, жаңжал болуп кетпесин деп ситуацияны контролго алып турган. Исмаил Исакович, андагы Ош жана Жалал-Абад областы боюнча менин атайын ыйгарымдуу өкүлүм катары бир топ критикалык маселелерди сүйлөшүп алыш керек деп атайы учуп келген болучу. 60 жашка чыкканына карата жыйындан кийин баарыбыз бир чыны чайга кирип, куттуктап, кечки саат онго жетпей тарап кеткенбиз.

Мамлекеттик резиденцияда мен Бакиев турган үйгө жашабай, короосунда коноктор үчүн салынган бир этаждуу тамда апам жана сиңдим менен жашачумун. Түнкү саат он экиден өткөн маалда мени телефон ойготту: Ошто жаңжал ачыкка чыгып, өзбек-кыргыз тирешип, кагылышып жатат. Ошол замат мен кийинип жумушка жөнөдүм да, УӨ мүчөлөрүн баарын чогулткула деген команда бердим. Саат бирдин тегерегинде баары офиске келип, туш-тушка телефон чалып информация чогулта башташты. Өрт чыгып кетти, курмандыктар бар, куралдуу күчтөр киришмейин иш чатак дегенди угуп, көп сүйлөбөй эле чара көргөнгө өттүк. Текебаев, Исаков, Бекназаров, Чотонов, Ибраимова, Артыков, А. Сабиров, А. Фаттаховдор Ошко учмай болушту. Элге кайрылыш керек, тирешүү, кагылыштарды токтотуш керек деп аларды таң аткандагы биринчи самолёттор менен Ошко учурдук. Танктар, аскерлердин кошумча бөлүктөрүнүн барышы да зарыл экенин чечип, Коргоо министрлигине тапшырдык. Суу, нан, медицина маселелери да муктаждык болуп чыга баштады. Каржылоо министри Т. Сариев Э. Ибраимова менен чечкенге тапшырма алды. Түштүктөгү стратегиялык объектилерди көзөмөлдөө жана сактоо маселеси шарттуу болучу. Чет элдик биздин партнерлорго туура, керектүү информация жеткизүү, дегеле өзүбүздүн элибизге маалымат айтуу боюнча баш оорубайт: журналисттер биз менен жарышып качан эле биз иштеген имаратка келишип, жарым түндөн баштап коридор, кабинеттердин баарын каптап жүрүшөт. Түнү бою иштеп, эрте менен жуунуп, киймимди алмаштырып келейин деп үйгө бара жатсам, шаарда уктабай, тынымсыз кулактарын радиого төшөп, телевизор карап, интернет окуп эмне болот эми деп турган эл; эрте менен жумушка, окууга, балдарын бала-бакчага алып бара жаткан көзү жана жүзүндө коркунуч уялап турган шаардыктарды көрүп чыйралдым, колдон келген иш-аракеттин баарын жасайбыз деп өзүмдү кубаттап жаттым. Эрте мененден баштап информация келе баштады: А, Бекназаров менен генерал Исаков Алайга учуп барышып элди Ошко барбагыла деп токтотуп башташты. Өзүнүн ыктыяры менен түндө офиске келген өзбек коллегаларыбыз Ошто өзбек эли менен махаляларда иштеп жүрүштү, элди токтотконго резина таяктар жана жыты күчтүү газ баллондор керек деп, аны издей баштадык. Губернатор С. Жээнбеков башка көп иштердин арасында айылдан келген кыздарды айыл-айылга жөнөтүп, алардын коопсуздугун сактоону колго алды. Коомдук активисттер, НПОлор, карыя-ветерандар, афган согушунун ветарандары, үйдө отура албаган колуман иш келсе даярмын деген жарандар, бизнесмендер, иши кылып өлкө коркунучта экендигин көрүп турган мекендештерибиздин баары өкмөт үйүнө агылып келип жатышты. Бишкекте, башка региондордо гуманитардык жардам, анын ичинде күнүмдүк керектелүүчү оокаттар, кийим-кечек, тамак-аш жыйналып, самолёт менен, жүк ташуучу чоң машинелер менен түштүккө жөнөтүлүп жатты. 11–12–13-июндарда күндөр бутубузда туруп өттү, эс алуу деген жок, кабинеттен чыкпай иштөөгө туура келди. Убактылуу өкмөттүн имаратынын ичи кайнап турду.

Атамбаев 11-июнь күнү күндүзгү саат он бирлерде жумушка келиптир. Ким бар-ким жок, аны караган, сураган киши деле жок, УӨ — ​баарыбыз бир команда болуп ошол күндөрү тынымсыз, уктабай иштеп жүрдүк. Бир топ убакыт өткөндөн кийин, ошондо кайда элең, неге келген жоксуң башкалар менен деп сурасам: мени кайтарган күзөтчүлөр телефондорду өчүрүп, мага эчтеке айтпай, эч кимди киргизбей коюшуптур, мен укпаптырмын, мен уктап калыптырмын деген шылтоодон башка сөз тапкан жок. УӨ коопсуздук комиссиясынын башчысы катары бир да жолу Ош, Жалал-Абад областтарына эң оор күндөрү — ​кан төгүлүп, от күйүп жаткан кезде — ​барып койгон жок. Деги эле июндун 15–16на чейин дымы чыккан жок. Ал күндөрү Атамбаевди он чакты кишиден турган бригада кайтарып жүрчү, апрелдин башынан эле Россиядан жалданганы анык — ​жалаң орус жигиттер, аскер формасы кара түстүү, мылтыктарын салаңдатып мойнуна асып, адамдарга такап, коркуткансып көтөрүп жүрүшкөн, бир сөз менен айтканда “наемники”. Эске түштү, Бакиевди да 24-мартка карата төөдөй чечен жигитти алып келишип, катуу кайтартышкан. Сырткы эффектиси айныбас 100%! Көргөн, учураган адамдарга: бул кайтаруу объекттери өтө баалуу болушу керек, бийлик акыр аягында ушул кишилердин колуна өтөт деген ишеним жаратып турат.

— Июнь окуясы башталганда Өзбекстандын президенти И. Каримов, Россиянын президенти Д. Медведев менен сүйлөшкөнгө мажбур болдуңуз. Ошол жөнүндө айтып берсеңиз.

— Ооба, ал сүйлөшүүлөр жөнүндө, өзгөчө эң оор кырдалда Ислам Абдуганиевич менен болгон чечкиндүү телефон сүйлөшүүнү мурунку интервьюларымда айтып бергем. Орусиянын андагы Президенти Д. Медведев менен болгон сүйлөшүүлөр деле кеңири чагылдырылган. Мен учурга жараша андан көрө жаңы эле төртүнчү жолу Россиянын президенти болуп шайланган В. В. Путин менен болгон сүйлөшүүнү айтып берейин.

Д. Медведев менен 12-июндун кечинде сүйлөшкөнгө үлгүрдүм, анткени ал күн Россиянын улуттук күнү, баары майрамдап, президент элге сыйлыктарды тапшырып, анан дагы бир топ кыдырата жолугушуулар болуп жаткан экен. Нарышкин, ал убакта Администрациянын башчысы, мен сөзсүз сизди байланыштырам президент менен деп убада берди. Президент И. Каримов менен болгон сөздөн кийин — ​бир эле кайрыла турган адрес: Орусиянын мамлекет башчысы бар болучу: эң жакын, стратегиялык өнөктөшүбүздөн аскерий жардам керек болуп турган. Орусиядан андан тышкары дагы материалдык жардам сураганга мажбур болдук, андай маселелерди премьер-министр Путин чечээри анык, мен өкмөт менен байланышып, Путинди күндүз табалбай калдым. Биз жаңылыктардан түшпөй, баары эле билчү, биздин муктаждыгыбыз зарыл экенин, жардамчысы: “Роза Исаковна, ВВ сөзсүз келсе эле сизге чалат” деди. Үч күндөн бери түнү бою уктабай, күнү-түнү иштеп, абдан чарчап, иштегенге жарабай тургам. Кечинде келип доктурга айтсам, мага уктата турган укол жасап койду, эртең менен турсаңыз — ​башыңыз тазаланып калат, күч-кубат келет деп. Жатып уктап калыптырмын. Түндө телефон шыңгырайт: Путиндин офиси: ВВ чалып жатыптыр. Мен телефонду ала коюп жооп берейин десем тилим бурулбайт, күрмөөгө келбейт, сөз айтайын десем — ​оозума бирдемени тыгып салгансып, такыр сүйлөй албайм, булдуруктап. Путин менден сурап жатат — ​мен жооп бере албай жатам. Даары ичкем, даары эле даары деп айтып жатам. Жыйынтык: ал киши менен керектүү сөз болбой калды, эртеси кайта чалып, баарын орду-орду менен айтып, жардамды сурадым. Карайлы, силердин өтүнүчтү четке тыштабайбыз деп В.В Путин көп узабай, биз сураганды толук аткарып берди. Кийин 2010-жылдын ноябрь айында Санкт-Петербургга КМШ өкмөт башчыларынын жыйынына барганда В. В. Путин мени тамашалады: “ошондо сиз кичине бир жагымдуу суусундуктан ичип койгонсуз го” деп. Жок, мен такыр эле ичпейм деп ишендиргендей болдум. Дагы бир тамаша мени күтүп турган экен. Чогулушка келген Казакстандын Премьер-министри К. Масимов мага: бизде Тараз шаарында бир айтылуу там бар, биринчи да, экинчи да президентиңер ал жерге түнөп, анан алдыга жол тартып кетишет. Эми ошону токтотуп, ал үйдү эс алдырбайсыңарбы деп, тийишти.

-Сиз жакында КСДПга туруштук бере турган оппозициялык күч түзүлүшү керек деп баарын чочуттуңуз, а КСДП болсо тишин кайрап: түзүп көрүшсүн, колдорунан келбейт деп өздөрүнүн ММК аркылуу сөзүңүздү жээрип жатышат. Ал эми оппозициячыл күчтөр алдыга жаштарды түртүп чыгарып коюп, Сиздин урааныңызды көтөрө турган кейпи жок экенин, өздөрү чарчагандай түр көрсөтүп жатышат…

— Чынында “чарчаган” деген сөздү 21-кылымда биз кыргыздар унутушубуз керек! Дүйнө жүзүн карап көрсөңүз, саясий, экономикалык, коомдук кыймылдар ар бир өлкөдө тынымсыз толкуп, өзгөрүп, мамлекеттерди такыр башка нукка алып кетип, өнүгүп же талкаланып кыйраганга да учурап жатышканына күбө болуп отурабыз. Өткөн 27 жыл менен биздин балалык жашыбыз өтүп, эрезеге жетип калдык. Көп кыйынчылыктарды башыбыздан өткөрүп, өзүбүздү өзүбүз сактап калуу маданиятын, саясатын жакшы өздөштүрө албай жатабыз. Өнүккөн өлкөлөр өздөрү менен өздөрү болуп, биз көнүп калган көзөмөл, жардамга көңүлдөрү суз болуп, бизге салкын мамиле кылып, дүйнө жүзүндө жалпы жонунан мурункудан да төмөн түшкөн “муздак” согуш заманына такалып турабыз. Мындай учурда, менин терең ишенимим боюнча, биз кошуна өлкөлөр менен кызматташтыкты өнүктүрүп, экономиканы өстүрүү жолдорун издеп, таап, билимдин деңгээлин түшүрбөй, буга каражатты аябай, элди ар кандай бизге өөн болгон идеологиялык таасирлерден, радикализм менен экстремизмден алыстатып, сабаттуу, светтик нукта кармашыбыз керек. Парламенттик башкарууга толук өтүп “президентти ЖК шайласын” дегенди угуп, жүрөгүң түшөт, азыркы депутаттар шайласа, анда бизнесмен, олигархтардын айтканын жасаган адам, алардын колунда куурчак болгон адам гана президент болуп шайланат, бул турган иш! Молдовада ушундай жагдайга учурап, туңгуюктан чыгалбай, президенттин мөөнөтү бүтөрүн күтүп оор саясий тирешүүлөрдөн өтүп келе жатышат. Арменияда жаңы эле шайланган президент Армен Саркисян (анын мандаты биздикинен кыйла начар) жаңы боло турган премьер-министрдин (акыркы президент Серж Саргсяндын) сөзүнөн бир карыш да чыкпаган, британиялык королеванын укугуна барабар ролду аткарат. Алардагы өзгөчө кырдаалды билебиз, кабарыбыз бар, алардын өз жашоосу, өз тарыхы бар. Ал эми биз үчүн мындай тажрыйба жараксыз. Азыркы тарыхый учурда бизде президентти жалпы эл түз добуш менен шайлаганы эле оң. Парламенттик өлкөлөр болгон Австрия, Чехия, Словакия, Болгария, Исландия, Ирландия, Сингапурда президент түз элдин добушу менен шайланат. Азыркы ЖКга өтүү пропорционалдык системанын күчтүү артыкчылыгы: партиялардын өнүгүүсүнө өбөлгө түзөт, кеп тез-тез көп шайлоолор өтүп кетиши керек. Кошмо-аралаш, мажоритардык-пропорционалдык системага өтүш зарыл деген чакырыктарды угуп калабыз, анда өкмөттү түзүү тартиби да өзгөрүүгө мажбур болот, а бул жалпы Конституциянын өзгөртүүсүнө алып келет. Аны жакшылап ойлонуп, дискуссия өткөзүп, анан жылыш керек деп ойлойт элем. Атамбаев кетээри алдында 2020-жылкы парламенттик шайлоону жайкы 2017-ж. президенттик шайлоого караганда эң маанилүү, көп нерсени чече турган шайлоо деп баамдаган. Туура эле баам. Анткени акыркы конституциялык өзгөртүүлөрдүн негизинде премьердин позициясы башка бийлик бутактарына караганда борбордук орунга ээ болуп, көп маселелерди чече турган жогорку позиция болгону үчүн Жогорку Кеңешти ким башкарат деген суроо бүгүн чокуда турган приоритет болуп калды. Ошондуктан парламенттеги орундар өтө эле кымбатка тураары анык. КСДП партиясы болсо азыртан эле кийинки шайлоого чоң даярдык көрүп жатканына күбө болуп отурабыз. Менин КСДПга тете келе турган, аны менен атаандаша ала турган бир саясий күч, бир саясий партия түзүлүүсү зарыл деп айтканым, ошондой партияны мен түзө калайын дегенди түшүндүрбөйт. Мен азыркы учурдун зарылчылыгын айттым. КСДП мына азыр бийлик биздин колубузда, эмне кылсак өзүбүз билебиз деп турат. Бирок өлкө туура багытта өнүгүүсү үчүн альтернативалык программалар, көз караштар болуусу зарыл да. Саясий күрөш парламент үчүн, ал жердеги көпчүлүк орунга ээлик кылуу үчүн болот. Азыртадан даярдык көрүлүшү керек, мамлекетти башкарууга катышам деген саясий күчтөр кыймылдашы абзел. Мыйзамдарды оңдоого, шайлоо эрежелерин тактоого, мурдагы шайлоолордо анык болгон кемчиликтерди жоюуга абдан зор көңүл буруу зарыл, убакытты өткөрбөй аракет жасоо максатка ылайык. Эмнени күтүп отурабыз? Жогорку Кеңешти шайлоого карата эмнеге мыйзамдарга өзгөртүүлөр, кошумчалар киргизилбейт? Эмне себептен бул маселелер боюнча коомдук угуулар, талкуулар али жок?! Шайлоо комиссиянын жумушу боюнча да бир топ өзгөртүүнү талап кылган суроолор акыркы президенттик шайлоодо пайда болгон… Аларды эмне үчүн азыр талкуулабайбыз?

— 2010-жылдагы парламенттик шайлоодо Адахан Мадумаровдун “Бүтүн Кыргызстан” партиясы шайлоодон өткөнү чынбы? Сизди революциячыл партиялар парламентке келиши керек деп өзүңүзгө жакын партияларга жан тарткан дешет. Тар чөйрөдө сиз “Бакиевди тактан кулатууда Текебаевдин орду бар, ошон үчүн анын партиясы өтүш керек”- деп айткан дешет. “Ата-Мекен” партиясы шайлоодо аз добуш алып өтпөй калып, Мадумаровдун партиясынын добушун кошуп парламентке алып келген деген сөздөр айтылып келген. Ушул сөздөрдүн канчалык чындыгы бар?!

— Бири да суу кечпейт, мурдагы стереотиптер менен эле ойдон чыгарылып айтылган анын баары. Ошол учурда бийлик толугу менен менин колумда эле, эгерде ошончо эле “революциялык” партиялар деп киришсем эмне үчүн КСДП экинчи орунду алышы керек эле, эмне үчүн “Ата Мекен” аз добуш алып акыркы партия болуп илиниши керек эле, “Ак Шумкар”, “Бириккен Элдик Кыймыл” деген партиялар өтпөй калышы керек эле? Эмне үчүн?! Добуштарды ары-бери кылып эле аркы Бакиевдердин заманында 2007-жылдагы шайлоодогудай кылып эле Ак үйдөн протокол түзүп Жогорку Кеңештин курамын аныктап коёт элек да. Жок, ал арам жол! Биздин максат жаңы саясий маданиятты калыптандыруу эле. Мен шайлоого такыр киришкен жокмун. Шайлоону Акылбек Сариев баш болгон БШК алып барды. Мен шайлоо маалында аны менен болгону эки жолу телефондон сүйлөшкөм. Кайсыл партиялар парламентке келиши керек деген темада аны менен эч сөз болгону жок. Азыр жүрөт го Сариев, өзү деле айтып берсин, сурагыла. Сөзүм кур болбосун үчүн дагы бир факты айтып кетейин: шайлоонун алдында Өмүрбек Текебаев менен эки жолу бул жөнүндө катуу сөз болгон. Идеалисттик «Ата-Журт» партиясынын регистрациясында бир алешемдер чыгып, аны формалдуу негизде шайлоого киргизбей коё турган шылтоо бар болучу. Текебаев мага ошону кайта-кайта көргөзүп, эмне үчүн алып салбайсыңар, тиешелүү органдарга тапшырыңыз деп жатты. Кийин так шайлоонун алдында “Ата-Журттун” кеңсесин бирөө өрттөп, алар катуу реакция берип, чоң ызы-чуу чыккан, ошондо Текебаев “Ата-Журтту” шайлоого катыштырбоо талабын дагы бир жолу көтөрүп, баарыбыз менен айтышып, тополоң салган. Биз да позициябыздан кайткан жокпуз. Шайлоо процесси жүрүп жатканда кайсы бир партияны тизмеден алып таштоо шайлоонун калыс, таза өтүп жаткандыгына шек жаратмак. Таза шайлоо деген биз үчүн принцип болучу, саясат өтө ыплас болуп кеткенинен эл көтөрүлүп, бийлик өзгөрүлүп жатса, биз кынтыксыз таза шайлоо өткөргөнүбүз шарт болучу! Кандуу жаңжалдан кийин саясий күрөштү көчөлөрдө эмес, парламентке которолу деген бир эле жол бар болучу. Акыйкат позицияны кармандык: революциячыл же бакиевчил партия болобу, баарына бирдей шарт болуш керек деп, жыйынтыкта: “Ата-Журт” катышмак турмак, эң көп добуш алып, парламентке саны боюнча эң чоң фракция болуп келди. Акылбек Сариев — ​өтө принципиалдуу, айтканын бербеген, шайлоо-акенин аки-чүкүсүнө, ийне-жибине чейин билген, анын укуктук негиздерин даана түшүнгөн биздин республикада бирден бир эң мыкты адис. Сариев менен Текебаевдин ортосунда кыязы мурунтан эле келе жаткан тиреш, көз-караштардын келишпестиги бар окшойт, ошол шайлоо учурунда анын баары курчуп кетти, мен билгенден бул тирешүү кийин да узакка созулган. Мен билген Акылбек Сариев ал шайлоодо эч кимден сурабай-айтпай, кичине эле кынтык болсо Мадумаровго караганда Текебаевди шайлоодон чыгарып жибермек. Ал шайлоодо Мадумаровдун партиясы жетиштүү добуш ала алган жок, парламентке өтпөй калды. Анткени шайлоого чейин өтүү босогосу 145 миң шайлоочунун тегереги болсо, шайлоо күнү кошумча тизме менен, айрыкча түштүк райондордо ошондой кошумча келип добуш бергендер көп болгондуктан шайлоочулардын жалпы саны өсүп, босого да көтөрүлүп кеткен. Ачуу чындык ушундай!

— Жакында эле Өмүрбек Текебаев “менин катачылыгым, Роза Исаковна 2010-жылы парламенттик шайлоодон кийин парламенттеги коалициялык көпчүлүктү түзүү укугун мага тапшырганда, макул болбой койгонум…” деп өзүнүн катачылыгын билдирбедиби…

— Ооба, ошондой иш болгон. Чаң-тополоңдор тыйылып, парламенттик шайлоо бүтүп, жеңишке жетишкен партиялар парламенттик көпчүлүк коалициясын кураардын алдында турушкан, бул көпчүлүк жаңы өкмөттүн структурасын, курамын аныктамак. “Ата-Журт” фракциясынын саны боюнча биринчи болуп турганына карабай, мандатты КСДП фракциясына бердим, албетте бул жерде моралдык да, саясий да артыкчылыгы бар деп эске алдым, мүмкүнчүлүктү Атамбаевдин колуна тапшырдым. Башка фракциялардын лидерлери менен эки-үч сыйра сүйлөшүп жатып түзгөн коалициясы бир күндө кулап калды, өкмөттүн курамын чогулта албай койду, колунан келген жок. Андан кийин Текебаев турган. Атамбаев деле “Моралдык жактан туура болот, Текебаевге бериш керек” — ​деп бул кадам менен макул болду. Өмүрбекке айтсам, такыр макул болбой туруп алды. Эмне себептен экени да жакшы эсимде жок. Бирок өзү айтып жүрөт кийин, бул кадам саясий жаңылыштыгым болгон деп, ал учурда мамлекеттик кызыкчылыкты, парламенттик демократиянын калыптанышын жогору койгонун. Неси болсо дагы ошол кадамы менен Атамбаевдин саясий келечегине жол ачып бергени чындык. Ошентип коалиция түзүү укугун “Республика” фракциясына, Бабановго бердим, анын колу жеңил экен, башкаруучу коалицияны түздү. Парламенттеги көпчүлүк коалицияны түзгөн лидер катары Бабановдо ким өкмөттүн башында турат деген маселени өзү чечип, өзү Премьер болуп алууга толук шарты бар эле. Бирок ич-ара Бабановго ар кандай саясий күчтөр чыгышып, жеке сүйлөшүүлөрдө дагы, топ-тобу менен сүйлөшүүлөрдө дагы: “сен эми жашсың, алдыда сөзсүз болосуң, азыр орунду Атамбаевге берип тур” — ​деп көндүрүп жатышты. Бабанов ошого макул болуп Атамбаевге жол бошотту, премьер-министрлик орунду берди, өзү биринчи орун басарга макул болду. Ошол жылы дагы бир критикалык кырдаал түзүлүп, коалициялык көпчүлүктү башкача бычып “Ата Журт”, “Ата Мекен” жана “Ар Намыс” фракциялары биригип, КСДПны коалициялык башкаруудан чыгарып коюу жолун көздөшүптүр. Анда Атамбаев автоматтык түрдө өкмөт башчылыгынан түшмөк. Ошондо жардамга Акматбек Келдибеков келиптир, ал Ташиевди көндүрүп, сүйлөшүп, Текебаев менен Куловдон бөлүп кеткенге үлгүрүптүр. Атамбаев Келдибековду кучактап, бетинен өөп, өмүр бою жакшылыгыңды унутпайм дептир. Ошону менен коалицияны бузуу, Атамбаевди тактан кетирүү маселеси тамам болуптур. Муну айтып берип жатканым, Атамбаев үчөөн тең — ​Келдибековду, Текебаевди, Ташиевди — ​ага жакшылык жасаганы учун, ага жол бошотуп, анын бийлигин бекемдегени үчүн куугунтука сүрүп, түрмөгө чейин отургузду, Бабанов болсо куугунтукта жүрөт, сырт жакта качып. Тагдырдын тамашасы деген ушул экен да!

 

Маектешкен Бекен Назаралиев

“Жаңы Ордо” гезити, №08-13 (581-586),  16-март-20-апрель, 2018-жыл

Share