-Курманбек Салиевич, биринчиден саламатсызбы, ден-соолуктарыңыз кандай?
– Ден-соолугум Кудайга шүгүр. Мыкты эле.
– Сөзүбүздү сиздин ден-соолугуңуздан баштап жатканымдын да өзүнчө себеби бар. Анткени, Кыргызстандагы кээ бир саясатчылар, Убактылуу Өкмөттүн мүчөлөрү, басма сөз каражаттарынын өкүлдөрү Курманбек Бакиевдин абалы өтө оор, ден-соолугу өтө кыйын абалда, тез-тез ооруп, азыр да ооруканада экен деген сөздөрдү гезит беттерине чыгарып жатышат.
– Бекен иним, дагы бир жолу айтып коёюн, ден-соолугум мыкты экенин көрүп турасың го. Эми, оозуна алы жетпегендер каалагандай сүйлөй беришет да. Анан ушунча алыс жерден келип, мени менен жолугуп, ден-соолугумду сурап келгениң үчүн чоң рахмат.
– Анан, Бакиев кенен особнякта жалгыз өзү жашап жатыптыр. Эмне үчүн дегенде, күндө арак ичип, аялын сабай бергендиктен жеңебиз чыдабай жаш балдарын алып Кыргызстанга кетип калыптыр деген да сөздөр тынбай айтылып, гезит беттеринде жүрөт. Азыр жеңемди сиздин жаныңызда эле экенин көрүп ал сөздөрдүн калптыгына, чындыгы жок ушак сөз экенине өзүм ынандым.
– Ой, тобо. Жеңең үйдө эле, сени келет дегенди угуп ашканада кыргыздын улуттук тамактарын жасап жүрөт. Ден-соолугум боюнча дагы кошумча айта кетейин. Мен элүү жылдай ооруп ооруканага жаткан жан эмес элем. Эки жыл мурун Германияга барып дарыланып келгенимди баары билишет. Германияда операция болгонумдан кийин жараткан кудайга, мени жараткан ата-энеме терең ыраазымын деп айткым бар. Анткени, мага мыкты ден-соолук беришкен экен. Элүү жыл бою оору деген эмне экенин билген да эмесмин. Кудайга шүгүр, азыр ден-соолугум мыкты. Жанагы ден-соолугу начар экен дегендерге айтып кой. Күндө эртең менен туруп ар-кандай көнүгүүлөрдү жасайм. Эгерде президент болуп жүргөнүмдө бир саат көнүгүү жасап жүрсөм, азыр убакыт көп болгондуктан бир жарым саат бою спорт менен машыгам. Эртең менен эрте туруп спорт менен машыгуу, бул күндө болчу адатка айланып калган нерсе. Болгону базар күнү гана эс алам.
Анан, ичип кетип аялымды уруп, бала-чакамды коркуткан адам эмесмин. Андай сөздөрдү менин душмандарым чыгарган көчөдөгү ушак деп айткым келет. Мындай терс көрүнүштөр мен үчүн жат нерсе. Өмүрү аял затына кол көтөрүп көргөн эмесмин. Кудайга шүгүр аялым кашымда, ал эми балдарым жанымда жүрүшөт. Азыр балдарым мектепке сабактарына кетишти. Кичүү балдарымды айтып жатам да. Эң кыйын учурда мага жашоого дем берип келген ушул кичинекей балдарым болду. Азыр ойлосом, булар болбогондо мага өтө оор болмок экен. Ал эми чоң балдарым өздөрү менен өздөрү болушуп түтүн булатып калышкан. Алардын жашоо тиричилиги башка. Биз үй бүлөбүз менен чогуу жашап жатабыз. Жашоого шарт түзүп бергени үчүн Белоруссия Республикасынын президенти Лукашенкого ырахмат айткым келет. Анткени, биздин үй бүлөнүн башына эң оор күн түшкөндө алгачкылардан болуп колун сунду. Мындай нерсенин баасы жок деп билем. Бизди өз жеринде жакшы кабыл алды.
– Үй бүлөңүз менен сизди бул жакка алып келүүнү өзү эле чечкенби?
– Жок. ОДКБга кирген республикалардын башчылары менен бирдикте чечишкен экен. Анткени, Кыргызстанда мыйзамсыз бийлик алмашуу болду деп ошондой чечим чыгарышкан. Жөнөкөй тил менен айтканда куралдуу төңкөрүш, болгондо да кандуу төңкөрүш деп айтышты. Дагы бир жолу бул сөздү баса белгилеп кетким келет.
– Курманбек Салиевич, сиздин деле кабарыңыз болсо керек. Бишкекте апрелдеги кандуу окуяларга байланыштуу Спорт сарайында сот иштери башталды. Алгач башталганда эле ызы-чуу менен бүттү. Ошол соттук териштирүүдө сиздин дарегиңизге да бир топ сын-пикирлер айтылып жатат. Болгон чындыкты элге жеткириш үчүн сиз менен кенен маек куруп жатам. Чындыктын үнү кай жакта экенин эл өзү таразалап алат эмеспи. Ачуу болсо да кээ бир суроолорду бергенге туура келет.
– Кандай суроо берсең мен деле болгон чындыкты гана айтам. Бул соттук процесстер акыйкат болбойт деп мен башында эле айтканмын. Алардын кандай чечим чыгарарын мезгил көрсөтөт. Бирок, ал саясый гана чечим болот. Убактылуу Өкмөт бул соттук териштирүүнү саясый шоу менен өткөрүүдө. Бизде, Кыргызстанда ошол мыйзамдар бүгүнкү күндө иштеп жатат. Милиция, прокуратура, коопсуздук комитети, Кыргызстанды коргоо жана куралдуу күчтөрү боюнча мыйзамдары бар. Азыр сот иштери 7-апрелдеги окуя боюнча гана жүрүп жатат. Эмне үчүн, 6-апрелде Таластагы окуя боюнча маселе көтөрүлбөйт? Анткени 6-апрелдеги Таласта жанагындай окуя болбосо ал Бишкекте кайталанбайт болчу. Элибизге ушундай трагедияны алып келген башкы күнөөкөрлөр азыркы Убактылуу Өкмөттө отургандар деп билем. Элдин башын айлантып аларды аянтка курал менен алып келгендер ошолор. Алар Кыргызстандын Конституциялык түзүлүшүн, мыйзамдуу бийликти куралдуу, кандуу төңкөрүш менен басып алышты. Азыр соттолуп жаткан аскер адамдары алар Кыргызстандагы Конституциялык түзүлүштү коргоо үчүн ант берген адамдар.
Барктабасовдун жактоочулары Бишкекке кирип келгенде Убактылуу Өкмөттүн буйругу менен тынч митингге келген элди ок атуу менен Киршёлктон кубалашты го. Убактылуу Өкмөттүн мүчөлөрү өзүлөрү жасаган кылмыштуу иштеринин баарысын, муруңку бийликке оодара салгысы келип жатат. Алар элди убактылуу алдашы мүмкүн, “ак ийилет, бирок сынбайт”- дегендей биз дагы сааты келгенде өз чындыгыбызды айтабыз. Бишкекте болгон кандуу окуянын башаты Талас жактан башталат. Соттук териштирүүнү ошол күндөн баштап карашсын.
– Ушул боюнча дагы сизге бир суроо берип кетейин. Анткени, Бишкектеги кандуу окуя болгонго чейин эле Таластагы облакимчиликти басып алышканы, милиция кызматкерлерин уруп- сабоо, куралдарын тартып алуу болгону туурасында сөз болбой келет.
– Мен дагы Убактылуу Өкмөттүн башында турган “азаматтарга” суроо бергим келет. Эмне үчүн Таластагы 6-апрелдеги иштерге сот жүргүзүшпөйт. Мисалы, Ички иштер министри Молдомуса Конгантиевди чала жан кылышып жылаңачтап сабашты. Бул эмне деген жапайычылык. Конгантиев министр катары Таластагы УВДны басып алышканда курал-жарак элге тарап кетпесин деп барыптыр. Орун басарларынан бирөөнү жөнөтүп өзү жылуу отура берсе деле болмок. Генерал Конгантиевди кордогондордун бирөөсүнө кылмыш иши козголдубу? Жок! Мындай нерсе бандиттердин гана колунан келет. Областтык администрацияны басып алышып, өрттөп салышты. Коомдук тартипти сактаганы барган милиция кызматкерлерин ур-токмокко алышты. Алардын курал-жарактарын тартып алышып, өзүлөрүн сабашып жарадар кылышты. Мага жеткен маалыматтарга таянсам ал жерде каза болгон кызматкерлер да бар. Алар мамлекет, эл алдында ант беришкенин унутпайлы. Таластагы окуяны булар карагандан коркушат. Анткени, Талас жергесиндеги башаламан окуянын авторлору, шыкак берүүчүлөр Шерниязов, Текебаев, Отунбаева, Сариев, Бекназаров жана башкалар мыйзам алдында жооп беришип, камалышы мүмкүн болчу. Булар өзүлөрү бийликке жетиш үчүн элди өлүмгө алып баргандан кайтышкан жок. Эртедир кечтир бул окуя боюнча булар жооп беришет деп ойлойм.
– Курманбек Салиевич, кечиресиз. Ички иштер министри Молдомуса Конгантиевди Таласка сиз жөнөттүңүз беле?
– Жок. Биринчиден ИИМ министри Конгантиевдин Таласка кеткенин мен 7-апрелде билип отурам. Ачык айтканда, мен президент болуп иштегенде министрлер, облгубернаторлорду Кыргызстандын ичинде командировкага барса мени менен макулдашуунун кереги жок, ал эми чет өлкөгө чыкканда мага же администрация башчысына айтып кеткиле дегенмин. Ошондой тартип бар эле. Ал эми Кыргызстандын ичинде кайсы гана министр болбосун менден уруксат сурабай эле өз милдетин аткарып келишкен.
– ИИМ министри Конгантиевге ошондой жапайычылыкты көрсөтүшүп, жылаңачтап сабап урушканын сиз президент катары кандай кабыл алдыңыз?
– Мен алгач көргөндө кыргыздар ушунчалык жапайычылыкка барабы деп капа болдум. Интернет булактарынан көргөндө чынын айтып коюшум керек, жаным ачышып, көргөн көзүмө ишенгим келбеди. Ошол видео тасмаларды көрбөгөнүмдө ишенбейт элем. Кыргыздын жигиттери өз генералын кордоп, жапайылык менен мамиле кылаарын мен күткөн эмес элем. Азыркы күнү ошолор өздөрүн баатыр сезип жүрүшөт. Бул шермендечилик, наадандык деп билем. Таласта милиция кызматкерлери элге курал колдонушкан жок. Алардын бирөөсү да куралдарынан ок чыгарышпады. Ал эми ок чыгарып, элди аткылашса башка кеп болчу. Тескеринче милицияга кол салышып, куралдарын тартып алган окуялар болгону боюнча кабарым бар. Менин оюмча ошондой кыйын кезде Конгантиев чыныгы генерал экенин көрсөтө алды. Ден-соолугу чың болуп кетсин, менден салам айтып кой. ИИМ министрине кордукту адамдык сапатын жоготуп койгон айбандар жасашса керек. Ал бандиттердин артында Отунбаева, Шерниязов, Атамбаев, Текебаевдей бирөөнүн тагдырын кымындай ойлоп койбогон адамдар турушту. Аркы-беркини түшүнгөн адамдар мындай зөөкүрлүккө барышмак эмес. Талас жергесинде мындай зөөкүрлөр жок эле, алар кайдан чыга калышты.
– Сталинграддын алдында фельдмаршал Паульс менен кошо канчалаган генералдар колго түшкөндө да аларды Конгантиевдей кордошкон эмес. Ал тургай генерал Шамкеев боевиктерге колго түшкөндө да аны жылаңачтап кордошкон фактыны билбейбиз.
– Дагы бир жолу айтып кетким келет. Мындай зөөкүрлүккө барган адамдарды кантип адам деп айтууга болот. Акыл-эсинен ажыраган адамдар гана ошондой кадамга барышы мүмкүн. Конгантиевге ушундай мамиле кылгандай себеп жок эле. Ушуну ачык айтып койгонум оң го. Таластагы окуя кыргыз элинин баатырлыгын эмес, дүйнө элине жапайычылыкты, наадандыкты көрсөткөн күн болду.
– Президент катары сиз, Отунбаева, Бекназаров, Текебаев, Атамбаев ж.б. жакында мамлекеттик төңкөрүштү даярдап жатканы боюнча сизде маалыматыңыз жок беле?
– Чындыгын айтсам жок болчу. Бирок ар кандай имиш сөздөрдү угуп жүргөнмүн. Өзүң билесиң, 2005-жылдан 2007-жылдар аралыгында Кыргызстан боюнча миңдеген митинг, пикеттер болуптур. Бийлик тараптан эч кандай бут тосуулар болгон жок. Мамлекет башчысы катары экономикага көбүрөөк көңүл бурдум. Саясаттан алыс болуп, элдин турмушун оңдойлу, республикабызды тезинен экономикалык абалын көтөрөлү деп шымалана иштедик. Митинг дегендер боло берет деп ойлодум. Ушундай саясат менен иш алып барганбыз. Чынында демократияны туу туткан адам катары митингдерге тыюу салган эмесмин. Алгач мен деле ошол митингдердин бири деп ойлогон болчумун. Кандуу төңкөрүш келе жатканын баамдабай калыптырмын.
– Ак сарай төңкөрүшү туурасында качан угуп отурасыз?
– Куралдуу төңкөрүш болот деген маалыматты мага алтысынан жетинчи апрелге караганда эртең менен айтышты.
– Ошондон кийин мамлекеттик төңкөрүшчүлөрдүн уюштуруучуларын камашкан тура.
– Ооба, бирок, ачыгын айтканда кеч болуп калган болчу.
– Курманбек Салиевич, эл арасында бир ай мурун апрель айында төңкөрүш болот, бийликти оппозиция басып алат деген так маалымат айтылып жүргөнүн биз дагы угуп жүрдүк. Анан кантип эле, Улуттук коопсуздук кызматында уулуңуз Марат Бакиев, Мамлекеттик коргоо кызматынын башында иниңиз Жаныш Бакиевдер иштеп турушса сиз билбей калдыңыз. Башка министрлер жаап жашырып турушса да ушулар аркылуу биринчи маалыматтар сизге жетип турушу керек эле го.
– Эми ачык айтыш керек, элдин арасында эмне деген гана сөздөр жүрбөйт. “Шамал болбосо дарактын башы кыймылдабайт” – деген сөз бекер жеринен айтылбаса керек. Убагында эл арасындагы айтылган ошол сөздөргө жакшы көңүл бурбаптырбыз.
– Улуттук Коопсуздук кызматынын жетекчиси Суталинов да айткан эмес беле?
– Мен жума сайын Мурат Суталиновду кабыл алчумун. Бизде ушундай тартип бар болчу. ИИМ министрин он, он беш күндө бир кабыл алчумун. Алар мени менен жолугушуп өлкө ичиндеги көйгөйлүү нерселерди айтып турушчу. Мурат Суталинов, Молдомуса Конгантиев, өз уулум Марат Бакиев да, бир тууган иним Жаныш да мамлекеттик төңкөрүш туурасында мага эч нерсе айтышкан эмес.
– Анда Отунбаева, Атамбаев, Текебаев, Бекназаров ж.б. бул төңкөрүштү өтө жашыруун кармашкан экен да. Ошол кезде оппозиция өкүлдөрү чет өлкөлөргө байма-бай катташып, ал эми чет өлкөлүк белдүү саясатчылар да бизге келишип алар менен тез-тез жолугуша башташкан кез болчу.
– Эми, өтө жашыруун даярдалган кандуу төңкөрүш деп ачык айтса жарашат. Даярдалганда өтө катуу, дыкаттык менен атайын куралдуу машыгуулардан өткөн адамдарды аралаштырып деп айткым келет. Видеолорго тартылган материалдарга карасаңар да алар көчөдө жүргөн балдар эмес. Атайын даярдыктан өткөн, согушту көргөн “азаматтар” деп билем.
– Бул кандуу төңкөрүштү ишке ашырыш чет өлкөдөн чоң суммадагы акчалай колдоо да болгон деп айтышат. Ошондой эле аскердик төңкөрүштөргө катышып жүргөн аскер адамдары да ошол тополоңдо эл аралап жүрүшкөн дешет.
– Бул маалыматтар да жөн жерден чыкпаса керек. Ар кандай мамлекеттик төңкөрүш оңой олтоң ишке аша турган нерсе эмес. Аны уюштурган адамдар тарабынан аябай катуу көзөмөлдө болот. Мындай учурда башка өлкөлөрдө төңкөрүш жасоого катышкан адистердин кеңеши керек. Ал эми акчалай жардам көрсөтүү башкы күч экенин унутпайлы. Мен 7-апрелдеги окуядан кийин 9 күндөй Түштүктө болуп калдым. Мен ошондо чет өлкөлүк журналисттерге “… ушул окуя боюнча эл аралык комиссия түзүлсүн!” – деп кайрылып жаттым. Парламент мүчөлөрүн Жалал-Абадга чакырып, окуяга саясый баа берелик деген оюм ишке ашпады. Бул иштерге чоң мамлекеттер да көңүл бурушпады. Алар да кызыкдарбы деген менде ой кетти. Кыргыздар эмне болсоңор ошол болгула деген саясат жүрдү. Кайсыл мамлекет экенин ачык айта албайм. Өзүмдүн божомолдорум, ой пикирлерим бар. Тергөө жүргөн жок. Акыйкат териштирүү иштери болсо ошондо айтсам болмок. Элдин колундагы курал-жарактар кайдан келди деген суроолор бар. Жалданган аскер адамдары кайдан келди деген суроолорго эч ким жооп бере элек. Эмесе эч качан мындай болушу мүмкүн эмес болчу. Андай болуш үчүн, экономикалык абал начарлап элдин турмушу төмөндөп кетүүсү же башка себептер болушу керек эле. Буга экономикалык, саясый жактан да төңкөрүш болууга себеп болгон эмес. Мен башкарып турган учурда баалар азыркыдан кыйла төмөн болчу.
– Ала-Тоо аянтында окко учкан жигиттерди Ак үй үстүндөгү снайперлерден башка дагы элдин арасынан аткан деген маалыматтар жүрөт. Ушул сөздөрдүн чындыгы барбы?
– Мен дагы ошол маалыматтарды угуп жүрөм. Бул нерселер өтө кылдаттык менен изилдениши керек.
– Бакиевди кызматтан кетирип тактан кулатыш үчүн элдин арасынан өлүм көбүрөөк болушу керек дешкен сөздөр эл ичинде айтылып жүрөт.
– Бул дагы туура. Себеп дегенде алар Ак үйдүн алдына курал-жарактар менен келишип ок атышты. Андан да менин кабинетиме ок атышканын мен өз көзүм менен көрдүм го. Биз Конституциялык бийликти эмне үчүн коргоп, сактабашыбыз керек эле. Кыргыз эли ошол Конституциялык бийликти сакта деп президенттик кызматты эки ирет чоң ишеним менен берген. Ак үй тарапка окту алар биринчи болуп атышты. Алар Ак үйдү атышса ал жактагылар ок атып жооп кыларын алдын ала билишкен. Ошон үчүн куралчан адамдарды аянтка алып келишкен. Ошол жердегилердин көпчүлүгүнүн арт жагынан октун тийгени боюнча маалыматтарым бар. Бул маселени эч ким көтөргүсү келбей жатат. Аянттан качып бараткан жигиттерди арт жагынан өздөрү атышкан деген маалыматтарды мен дагы угуп жүрөм. Буларды эч ким билбейт. Ошондуктан эл абдан туура баамдаган. Бишкек шаарынын ичиндеги менчик магазиндерге кол салышкандарга да курал колдонушкан. Ошол жерде өлгөндөрдү да аянттагыларга кошо беришкен. Себеби, кан төгүлүп, өлгөн адамдардын саны көп болсо Бакиевдин күнөөсү көп болот дешкен. Алар ойлогон арам ойлорун ишке ашырышты.
– Албетте, ошол болуп өткөн окуяны деле кайрадан эстөө сиз үчүн да кыйын. Ошончо жигиттердин көтөрүлүп чыгуусунун себеби да болушу керек. Бакиев баласы Максимге ишенип электр энергиясынын, уюлдук телефондорунун тарифтерин, күйүүчү майдын баасын көтөрүп жибергени элдин массалык чыгуусуна түрткү болду деген сөздөр көп айтылып жүрөт.
– Ал сөздөр туура эмес. Баалардын өсүшү бул дүйнөлүк процесс. Мына Бакиевдер жок деле акыркы кезде Кыргызстанда буудайдын баасы, солярка, бензин, кант, нанга болгон баалар асмандап кетти го. Аны да Бакиевдер жасап жатабы? Кыргызстанда менин маалыматым боюнча нандын баасы өстү. Бензин, солярка, электр энергиясынын баасы көтөрүлдү. Азыркы мезгилде эмнеге көтөрүштү. Бул жөн эле шылтоо гана болгон. Биз тарифтерди көтөрүп жатканда Өкмөт башчысы Данияр Үсөнов менен бир нече ирет сүйлөшкөнбүз. Өкмөттүн баштагы эсептөөсү туура эмес болгон. Данияр Токтогулович менен сүйлөшкөнүмдө мен “Ай, силердин компенсацияларыңарды кайрадан карап чыккыла!” – деп маселе койгонмун. Кийин алар карап чыгышты. Көтөрүлгөн баалардын эсебинен жашоо шарты начар, согушка катышкан, майып, пенсия курагындагы адамдарга каралган компенсация жабыш керек болчу. Биз рынок мамилесине өткөн соң мамлекет жактан компенсация кыла бериш туура эмес. Ошондуктан ушул жолго барганбыз. Өкмөт башчысы өздөрүнүн кемчиликтерин моюндарына алышып, кийин оңдоп түздөлмөк. Ал эми электр тармагында уурдоолор жыл өткөн сайын көбөйө берди. Электр энергиясын кимдер уурдашкан? Мүмкүнчүлүктөрү бар, менчиктери бар, сауна, кафе, ресторандар ж.б. кыймылсыз мүлктөрү турган чиновниктер уурдашкан. Жанагы электр энергиясын бөлүштүрүүчү компанияларды менчиктештирүүгө канча ирет койдук. Чет өлкөлөрдөн да эч ким албады. Бул тармактар менчик болмоюнча уурдоо токтобойт. Электр энергиясын жогорку чыңалуудагы линиялардан уурдоого мүмкүн эмес. РЭСтерден уурдатпаштын бир жолу менчикке берүү болгон. Эки жыл катары менен тендерге койдук, эч ким келбеди. Акырында гана бирөө чыгып алардын карыздарын да моюндарына алышып, эсеп-кысабын так жүргүзүп, уурдаганды азайтабыз деп жатышкан болчу. Ар кандай салыкты мугалимдер, пенсияга чыккандар, врачтар ж.б. аз айлык алгандар убагында төлөшчү.
– Курманбек Салиевич, кыска мөөнөттүн ичинде ушул баанын көтөрүлүшүнөн эле уулуңуз Максим Бакиев 200 млн. америка доллар пайда көрүптүр деген сөздөрдү Убактылуу Өкмөттүн жетекчилери айтышты.
– Эми, бул Убактылуу Өкмөттүн адамдары жетинчи апрелден баштап эмнелерди гана айтпай жатышат. Мен аларды азыркы күнгө чейин толук кандуу бийлик катары тааныбайм, эсептегим да келбейт дагы. Булардын сүйлөгөндөрү мага орусча айтканда “пустой звук” – деп айткым келет. Ишенбейм дагы.
– Эмне үчүн?
– Анткени булар бийликке мыйзамсыз, “кандуу жол менен келишкенин” элибиз жакшы билишет.
– Бирок, референдум жолу менен өздөрүнүн бийлигин бекитип, бекемдеп алышты да…
– Кантип өздөрүн бекитишкендерин да билебиз. Бизде буга чейин президенттик, парламенттик система болчу. Алардын референдумун кандайча өткөрүшкөндөрүн да мен билем. Мен уккандан ушул жактагы иштеп, жашап жаткан кыргыз жарандарынын келиши өтө төмөнкү деңгээлде болуптур. Добуш бергенге негизинен барышпаптыр. Канча деп берип жатышат? Мындай көрүнүштөр республика боюнча да өтө төмөн болгон. Жыйырма миң шайлоочусу бар айыл өкмөтүндө референдумга 7 адам барып добуш беришиптир. Кимдер барганын да билебиз дешти алар. Кайсы беттери менен жалпы элибиз колдоду деп алдап жатышат. Кыргыз менен өзбек элин кандуу согушка, кагылышка алып барып коюшуп референдум өткөрүштү.
– Курманбек Салиевич, бул боюнча өзүнчө суроо болот.
– Ошол мезгилде, ошондой кандуу окуядан кийин кандайча жүзү менен референдумга барышкандарына таң калдым. Убактылуу Өкмөттүн өткөргөн референдуму да мыйзамсыз. Ага жалпы эл да барган жок. Бурмалоо жолу менен эптеп өттү кылышты. Баргандар да эптеп эле тынчтык болсо экен деп өз добуштарын беришкендир. Аларды да түшүнсө болот.
– Алмаз Атамбаевдин “Форуму” турган жерде УККнын жетекчиси Суталиновдун жигиттери элди кол салды деген шылтоо менен курал-жарактарын таштап чыгып кетишкен деген маалымат бар. Жакында эле гезиттерге ошол кандуу окуя болгон түнү Суталиновге Роза Отунбаева менен УККнын жетекчиси К.Дүйшөбаевге жолугушканы боюнча маалымат тарады. Отунбаева болсо Мурат мырзага өз ырахматтарын айтып, анан Дүйшөбаевдин машинасы менен чек арадан эч тоскоолодуксуз өткөрүп койгондугу боюнча гезиттерге жазылып чыкты. Кол алдыңызда иштеген Суталиновдун ушундай кадамга барганына сизде шек саноо жокпу?
– Эми мен андай деп айта албайм. Эл арасында ар кандай сөздөр жүрүшү мүмкүн. Мурат Суталинов спецназдын жоокерлерин ошол жакка алып барып, курал-жарактарын атайын алдырып койду дегенге мен кошула албайм. Эмне себептен? Биринчиден, Суталиновдун кызматкерлери “Форумга” негизи барбашы керек болчу. Менин оюмча туура команда берилген эмес. Эгерде куралдуу адамдар биздин жарандарды барымтага алышса же болбосо мамлекеттик объектилерди басып алганда гана УККнын спецназын жөнөтүп күч колдонсо болот. Бул жерде Суталинов туура эмес буйрук берген.
– Бирок УККнын кызматкерлеринин курал-жарактарын тартып алышканга эле ошол жердегилердин колдорунда ок атуучу куралдар бар эле деген маалыматтар айтылып жүрөт.
– Эми алар ал жакка курал менен келишкен да.
– Ошол кандуу окуянын учурунда Суталинов сиз менен жолугуша алдыбы?
– Ооба. Менин кабинетиме Мурат Суталинов саат он бир менен он экинин ортосунда кирди. Карасам ыраңы бопбоз, купкуу болуп өңдөн кетип калыптыр, “Курманбек Салиевич, “Форумдун” алдында менин балдарымды урушуп, таш бараңга алышып талкалап салышты. Бир топ балдарым жарадар болушту. Мен сизди уят кылып койдум! Кечиресиз…” – деп айтты. Анан эмне үчүн спецназды ал жакка алып бардың деп сураган жокмун. Чечимди Суталинов өзү кабыл алыптыр. Мен ага карап” “Өкмөт башчысы Данияр Үсөновго бар”, – деп айттым. Ал ошол бойдон менин кабинетимден чыгып кетти. Болгону ортобузда ушул гана сөз болгон. Бийликке каршы чыккандар УККнын кызматкерлерине кол салышканча эле алар “Форумда” курал-жарак менен көптөрү жүрүшкөндөрүн мен кийин уктум.
– Кандуу окуянын тездик менен от алып кетишине сиз деле ишенбесеңиз керек. Оппозиция элди Ак үйгө жакын Ала-Тоо аянтына алып келишкенде сиз кайда элеңиз?
– Мен өзүмдүн иш бөлмөмдө болчумун. Менин Кыргызстандын саясатчыларына айтып койчу сөзүм бар. Алар менин атымдан комментарий беришпей жүрүшсө болмок.
Өткөндө бирөөлөр “Бакиев ошол учурда чай ичип отурду эле.” – деп маек бериптир. Аянтта ок атылып жатышса мен кантип чай ичип отурам. Керек болсо республиканын тагдырын ойлоп менин чай ичип отурганга убактым жок эле. Мен дайыма саат тогузда жумушка барчумун. Ошол бойдон кечки сегиз, тогузга чейин жумушта отурчумун. Ал эми буга окшогон митингдин канчасын кабинетимдин терезесинен көрдүм. Аянттагы элдер ар кандай жаман сөздөрдү айтышып, кыйкырып жатышты. Алардын сөздөрүн угуп эле отурдум. Мурун болуп жүргөн баштагыдай эле митинг болсо керек деп өз жумушумду аткарып отурганмын.
Анан саат бирге жакын болсо керек, мени кайтарган жигит кирип “Курманбек Салиевич , терезенин пардаларын тартып коёюн, анткени аянтта куралдуу адамдар көбөйө баштады”. – деп айтты да менин кабинетимдеги терезелердин пардаларын тартып коюп чыгып кетти. Андан кийин мен иш кабинетимдин артында эс алуучу бөлмөгө кирип колумду чайкаганы киргенде ок атылды. Мен селт эте түштүм. Атылган ок терезени тешип өтүп эшиктин үстүнө барып тийди. Ок тийген ошол жердин шыбагы полго түшүп кетти.
– Эс алуучу бөлмөңүздүн пардалары тартылган беле?
– Жок. Ал жактын пардалары ачык бойдон, тартылган эмес экен.
– Анда сиздин иш бөлмөңүздүн тушундагы үйлөрдүн чатырындагы снайпердин дүрбүсү менен президентти бирөө жок кылганы аңдып отурган окшойт.
-Демек, ошол жактан мени аткан киши көпкө чейин мээлеп отурган экен. Эмесе снайперден башка ким атмак? Ошондон кийин эле кайтарган жигиттеримдин башчысы Роман Волковду чакырдым да: “ Эй, бери келчи. Мын бул окту карачы. Азыр атылды…” – деп айттым. Мен ошол окуядан кийин гана “булардын ойлору башка!” – деп толкундай баштадым.
– Баштагы өтүп жүргөн митинг эмес экенин ошондо түшүнүпсүз да?
– Ооба. Президенттин кабинетине ок атып жатышкан соң, аянттагылардын ниеттери жаман экенин билдим. Мени ошол атылган октон бир Кудай өзү сактады. Андан көп өтпөй, Ак үй тарапка автоматтардан ок чыга баштады. Ошондо бул жөнөкөй митинг эмес экен деп түшүндүм.
– Албетте, саат өткөн сайын Ала-Тоо аянтында элдин саны өсүп, ок атуу эки тараптан тең күч ала баштады. Коопсуздук үчүн андай жерде сиздин отурушуңуз мүмкүн эмес эле. Ак үйдөн качан чыгып кетүүгө мажбур болдуңуз да?
– Айланага караңгы кирип калган болчу.
– Менин угушума караганда сизди Ак үйдөн алып чыгып баратышканда да машинаңызды карай ок атышкандары чынбы?
– Ак үйдөн алып чыгып кетүү өзүнчө чоң проблема болчу. Дагы бир айтып коёюн, кудай бир сактады. Биз Ак үйдөн чыкканда караңгы кирип калган. Апрель айында саат сегиз-тогуз чендерде караңгы эрте эле түшөт.
Мени кайтарган балдар киришип, “Курманбек Салиевич, Ак үйдү таштап кетели. Акыбал убакыт өткөн сайын оордоп баратат. Буларга Ак үйдү тапшыралы, акыбал оор…” – деп тынчсыздана башташты. Мен алардын сөзүнө макул болдум да кабинетимден чыгып, ылдый түштүм. Өзүң билесиң, алдыда МАИнин эки машинасы жүрчү. Биринчиден Ак үй тарапка кирчү жолдор тосулган. Биз Ак үйдөн чыгып бара жатканыбызда автоматтар менен аябай аткылашты. Менин машинамды да аткылашкан. Алдыда кетип бараткан машинаны көбүрөөк аткылашты. Кудайга шүгүр, эч ким каза болбой аман чыгып кеттик.
– Түз эле резиденцияга кеттиңиз беле?
– Жок. Ак үйдөн аман-эсен чыккан соң түз эле аэропортко кеттик. Ал жерден экинчи борборубуз Ош шаарына учтук.
– Курманбек Салиевич, ал эми Ала-Тоо аянтында окко учкан адамдар туурасындагы маалыматтарды качан уктуңуз?
– Мен самолётко отурган кезимде гана алгачкы каза болгондор туурасындагы маалыматтарды уктум. Ага чейин эч кандай маалыматым жок болчу. Мен Ак үйдөн чыкканда эки тараптан тең катуу атышуу болуп жаткан. Канчасы жарадар, каза болгондору боюнча мен кеч билдим. Бей күнөө жаштарды аянтка алдап алып келген Убактылуу Өкмөттүн мүчөлөрү алардын өлүмүнө себепчи болду. Жоопкерчилик ошолордун мойнунда экенин элибизге айтып койгум келет.
УККнын имаратынын ичинде БТРди басып алышып, ал жердин короосунан алып чыгып кетүү көрүнгөндүн колунан келе бербейт. Ошону менен Ак үйдү аткылап жатышты. БТРди көчөдө жүргөн балдар айдай албайт да. БТРди жүргүзүш үчүн мыкты адис адам болушу керек. Аны жөн эле жүргүзүп келбестен андан мээлеп туруп Ак үйдү аткылап жатышты. Ак үйдө жалгыз эле президент эмес, өкмөт башчысы, канчалаган кызматкерлер бар болчу. Президенттин, Өкмөттүн аппаратындагылар иштечү. Ошол күнү да жумушка чыгышкан. Алардын баарына ок атылган.
– Бир ирет Убактылуу Өкмөттүн мүчөсү Азимбек Бекназаров Ак үйдүн үстүндөгү жалданган снайперлерди президент Бакиевдин баласы Максим Бакиев койдурган деген маалыматты айткан. Ушул айтылган сөздөргө ишенсе болобу?
– Жок. Бул сөз, Азимбектин чак түштөгү калпы. Бекназаров деген жигиттин ким экендигин бүтүн Кыргызстандын эли билет. Азимбек көп учурда, башына эмне келсе ой келди тактабай сүйлөй берген азамат. Ал учурда уулум Максим АКШда командировкада болчу. Мамлекеттик делегация менен командировкада жүргөнү боюнча элибиз деле билет. Ал Америка Кошмо Штаттарында жүрсө анан кайдагы жалданма снайперлерди Ак үйдүн чатырына койдурат. Ал кезде уулум Максимдин бул окуя боюнча эч кандай маалыматы жок болчу. Чындыкка жатпаган сөздөр.
– Сиз жана өз сөзүңүздө да Манас аэропортунан учканыңызды айттыңыз. Дайыма президент учкан самолетту ошол күнү учурбай көпкө кармашкан деген сөздөр айтылып жүрөт.
– Ачык айтканда биз экипажды көпкө күтүп калдык. Эмесе, аларга “президент Ак үйдөн чыкты, учканга даяр болуп тургула! Учасыңар.” – деп алдын ала айтылган. Бир топко чейин күтүп калганыбыз чындык. Алар менен териштиргенге да чынында менде убакыт болгон жок. Экипаж келгенден кийин Ошко учуп кеттик. Түштөн кийин ар ким ар нерсени сүйлөй берет. Эми президент катары мен Ак үйдөн чыгып, Ошко чейин жеткенимче ар кандай тоскоолдуктар болду.
– Эмне үчүн Ош шаарына учуп кетүүгө аргасыз болдуңуз?
– Мындай чечимди жалгыз эле өзүм чечип салган жокмун. Ак үйдү коргоп жаткан күч структураларынын органдарынын жетекчилери кабыл алышып “ Президент Бакиевди Ош шаарына алып кетиш керек!” – деген чечимди чыгарышты. Канчалык оор болсо да мен алардын бул чечимине макул болдум. Азыр ойлосом алар туура чечим чыгарышкан экен.
– Эмне үчүн?
– Анткени, аянттагы эл мени менен жүргөн жетекчилерди, өзүмдү кошуп Конгантиевге көрсөткөн жапайычылыкты көрсөткөндөн кайтышмак эмес экен. Ак үйдү басып алган азаматтар атайын даярдыктан өтүшкөн деген тыянакка келдим. Эч нерседен токтобогон, өлүмдөн коркпогон жигиттерди “Бул жигиттердин көбүнө наркоз бербей эле операция жасай берсе болот экен” – деп врачтар бекер жеринен айтпагандыр. Аларга коркуу сезимин жок кылып коё турган суюктуктарды ичирип койгон деген маалыматтын чындыгы бардай.
– Анда оппозиция лидерлери кан менен болсо да бийликти алыш керек деген максатына жетишиптир да.
– Оппозициянын башында ошол гана максаттар болгон. Эч нерседен токтобогон, эч кимден коркпогон азаматтар менин жанымдагыларды, президентти атып салуу үчүн барышкандар болчу. Эл аларга түшүнүп жооп бергиче убакыт өтүп кетмек.
– Албетте, түштөн кийин акылмандар көп болот деңизчи. Бакиев өз айылы Тейитке эмес, Ош шаарына келип Өкмөт мүчөлөрүн, депутаттарды чакырып, шашылыш сессияны чакырып жалпы элге кайрылса болмок деп айткандар да болду.
– Эми, тилекке каршы парламентти чогултуу аябай кыйын болду. Бул жерден Ошко кеткенибизден кийин парламенттин депутаттарынын артынан түшүп коркуткандар да көп болуптур.
– Коркутуу, үркүтүү болгондорун биз дагы угуп жүрдүк.
– Аябай коркутушуптур. Андай терс көрүнүштөр азыркы күнгө чейин болуп жатат. Бүгүнкү күндө адамдардын жоголгону туурасында бир топ сөздөр айтылууда. Рейдерлик жолдор менен бирөөлөрдүн менчиктерин басып алуулар күч алганы боюнча кабарым бар. Депутаттарды чогултууга такыр мүмкүнчүлүк бербей коюшту.
– Ал тургай сизди кайтарып жүргөн жансакчыларга чейин коркутуу болгондуктары чынбы?
– Ооба. Менин коопсуздугум үчүн жүргөн жансакчыларыма чейин телефон аркылуу чыгышып, коркутуп-үркүтүп жатышты. Жан сакчыларыма “Үй бүлөңөр кайсы көчөдө жашай турганын, балдар-кыздарыңар кайсы мектепте же окуу жайда окуй тургандыктарын билебиз… Азыр Бакиевди таштап кетпесеңер бала-чакаңарды жок кылабыз!” – деп айтканга чейин барышты. Ушул сөздөрдү уккан соң, мен өзүм эле коопсуздугумду кайтарып жүргөн жигиттериме ырахмат айтып, коё берип жибердим. “Мен үчүн силердин үй-бүлөңөр жабыр тартпасын. Кереги жок! Ырахмат жигиттер!” – деп баарысын таркатууга аргасыз болдум. Антпесем алардын да үй-бүлөлөрүнө коркунуч туулуп жатканда мен өзүмдүн керт башым үчүн аларды кармап туруу адамгерчиликке туура келбей калмак.
– Тейит айылында канча болдуңуздар?
– Биз Тейитте бир жумадай жүрдүк го.
– Сиз Жалал-Абадда жүргөндө эл аябай колдоп, администрациянын алдына чыгып беришти. Ал эми Ошко баруунун себеби, муктаждыгы бар беле?
– Биз мындай кылганбыз. Ошол күндөрү телевидение, радио аркылуу жалпы элге кайрылып чыгууга менде мүмкүнчүлүк жок болчу. Элибизде чындыктын үнү, маалымат жетпей калды. Телени булар басып алышты. Президент катары өз оюмду айтууга мүмкүнчүлүк таппай калдым. Анан Жалал-Абадда элди чогултуп болгон чындыкты айтып берейин деп чечтим. Чогулган эл менин айткан сөздөрүмдө чындык бар экенине ынанышты. Элден айланса болот аябай колдоп беришти. Мен чогулган элге “Областтын администрациясынын имаратына тийбегиле! Бул жерге кимисин алып келишсе да отура беришсин. Ал коюлган жетекчи эч нерсени чечпейт, кол салбагыла!” – деп айттым.
Менин айтканыма да эл туура түшүнүп имаратка кол салышкан жок. Ал эми мен Кыргызстандан чыгып кеткен кезде губернаторлор, акимдер кол жолуктай күндө алмашылып турду го.
– Ошко эмне үчүн барганыңыздын себебине токтоло кетсеңиз?
– Жалал-Абадда эл менен жолугушканда алардын берген суроолоруна мен жооп бердим. Аларга Отунбаева башында турган журт бузарлар куралдуу төңкөрүш менен бийликти алышканы, өлкөдөгү ситуация түшүнүктүү болду. Ошондон кийин Ош областынын тургундарынан да телефон чалуулар болду. Көптөгөн кайрылуулардан кийин Ошко барууну чечтим. “Элден кача турган эч нерсем жок!” – дедим да Кыргызстандын экинчи борборуна бардым. Биз Ошко жакындаганда “Обладминистрацияда эл чогулса микрофондордун светин өчүрүп салышыптыр. Жарыкты бербейбиз!” – деп жатышканын кабарлашты. “Анда кайда өткөрөбүз? – деп уюштуруп жаткан адамдардан сурадым. Ал жактан Кыргыз драма теартынын алдынан өткөрө турганыбызды айтышты. Мен макул болдум да ошол жерге бардык. Драм театрдын алдында микрофонду койгону жатышканда светти өчүрүп салышты. Атайын келген соң мегафон менен болсо да “элге сүйлөп, жолугуп кетейин” – деп машинадан түштүм. Качан гана сүйлөп жатканда обладминистрациянын алдындагы жолугушууга келген эл бул жакка келе башташты. Бирок, ошол эле учурда көп болсо жыйырма чакты булчуңдуу спортсмен жигиттер пайда болушту. Колдорундагы бөтөлкөлөрдү сындырып кармап алышканын, көпчүлүгү темир, таяктын кесиндилерин көтөрүп келе жатканын байкап калдым. Алардын көпчүлүгү мас экени сүйлөгөн сөздөрүнөн көрүнүп турду. Бир карасам мени көздөй жулкунуп келе жатканда айланамда турган жан сакчыларым асманга эскертүү иретинде ок чыгарууга мажбур болушту. Ошондо гана жулкунуп келе жаткандар бир саамга токтоп, өздөрүнө келе түштү. Алар бизди провокацияга түртүүгө аракет жасашты. “Бул жерден да бир нерсе чыгып кетпесин…” – деп эл менен жолугушуунун аягына чыкпай кетүүгө аргасыз болдум. Митинг өткөрбөй кайрадан Жалал-Абадга кетип калдым. Эл менен жолугушууга атайын ичирип коюп жөнөткөн балдар тоскоолдук кылышты. Калган элдер “Президент Бакиевдин өз оозунан өлкөдө эмне болуп жатканын угалы!” – деп айтып жатканын уктум. Көпчүлүк эл өлкө башчысы катары менин өз оозумдан чындыкты уккусу келип келген эле. Өлкөдөгү болуп жаткан чындыкты элге айтууга мүмкүнчүлүк алалбай, аргасыздан Жалал-Абадга кетүүгө аргасыз болдум.
– Кайрадан Тейитке бардыңыздарбы?
– Ооба.
– Ошол Тейитте сиз менен Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаев, Россиянын премьер-министри Владимир Путин, Белоруссиянын президенти Лукашенко ж.б. телефон аркылуу сүйлөшкөн экен. Эгер жашыруун сыр болбосо эмнелер боюнча сүйлөшкөн элеңер?
– Көптөгөн башка өлкөлөрдүн лидерлери биздеги болуп жаткан окуяларга кош көңүл эместигин билгизип кабарлашып турушту. Анан мага Россиянын премьер-министри Владимир Путин телефон аркылуу байланышып калды. “Курманбек Салиевич, Ак үйдүн алдындагы окуяга сизди күнөөлүү деп эч ким айта албайт. Ал түшүнүктүү, себеп дегенде курал-жарак менен Ак үйдү басып алууга аракет кылышкан. Ак үйдү коргогондор курал менен жооп беришти. Ал үчүн сизди жоопкерчиликке тарта алышпайт. Эгерде түндүк менен түштүктүн эки региондун ортосунда бир чабышуу чыгып кетсе анда сиздин мойнуңузга илип коюшат.” – деп Владимир Путин айткандан кийин ойлонуп калдым.
– Ошол кезде кайрадан өз бийлигин орнотуш үчүн Бакиев айланасына жалданма боевиктерди даярдап жатыптыр деген сөздөр тарап кеткен.
– Бакиев түштүккө барып беш миңдей адамды топтоп, аларды курал менен жабдып Бишкекке барат экен деген сөздөрдү таратып жиберишти. Эгерде мен Кыргызстандан чыгып кетпесем душмандарым уюштурмак да баарына күнөөлүү Бакиев деп кыйкырып чыгышмак. Бул мезгилде эл арасында курал-жарак да көбөйүп кеткен. Жүздөй жигитти менин душмандарым курал менен жөнөтүп “Биз Түштүктөн Бакиевди коргош үчүн келдик! Азыр силерге көрсөтөбүз…” – деп ата башташса дагы кан төгүлмөк. Башка эле бирөөлөр мындай нерсени уюштуруп коюшмак. Россиянын премьер-министри Владимир Путиндин сөзү мага катуу таасир этти. Өзүмчө ойлондум да жалпы элибиздин тынчтыгын, биримдигин ойлоп кетүүгө туура келди. Ошентип Кыргызстандан чыгып кетүү чечимине токтолдум.
– Апрель айында Кыргызстанда болуп өткөн кандуу төңкөрүшкө Россия, АКШнын да катыштыгы бар деген сөздөр эл арасында айтылууда. Ошолордун бири Россия, анткени Гансиге байланыштуу Бакиев АКШга ыктап калды деген таарынычы бар деген сөздү саясатчылар көп айтышат. Алардын божомолуна сиз кошуласызбы?
– Ачыгын айтып коёюн, 2007-2008-2009-жылдары акырындык менен бутубузга туруп, тышкы саясатта Кыргызстандын көз карандысыздыгын сактап, жалпы элибиздин кызыкчылыгын гана ойлоп иш алып барып жаттым. Биз Россияга, АКШга да баштагы мезгилдегидей баш ийбей өз саясатыбызды жүргүзө баштадык.
– Тең ата болуп деңиз.
– Ооба, Россия, Кытай, АКШга окшогон чоң державалар менен да тең укуктук деңгээлде саясатты алып жүрдүк. Ачыгын айтсам буга чейинки президент тышкы саясатта тең ата болуп саясат жүргүзгөн эмес. Өздөрүн державалардын лидери катары сезгендер үчүн менин жүргүзүп жаткан саясатым жага берген эмес. Кичинекей эле Кыргызстан, кыска жылдын ичинде өзүн көз карандысыз сезип калыптыр деген чоң мамлекеттин жетекчилерине жакпай калышы мүмкүн. Ал болуп турган иш. Бирок, эл аралык териштирүү жүргүзбөй кайсы бир мамлекеттин кызыкчылыгы үстөмдүк кылып, алар жасады деп айта албайм. Эл арасында ар кандай сөздөр айтылып келүүдө. Алар Америка Кошмо Штаттарын, Россияны көбүнчө эл арасында эки чоң держава туурасында сөз кылып келишет.
– Ал эми элдин ичинде Бакиевдин бийлигин кулатыш үчүн АКШ тараптан 5 млн. америка доллары берилген деген сөздөрдү биз журналисттер да угуп калып жүрөбүз. Ал эми Ганси боюнча да айта кетсеңиз. Бул аскердик авиабазанын биздин республикабызга келтирилген зыяны менен катар кандай пайдасы бар экенине токтоло кетсеңиз?
– Манас аба майданында жайгашкан Ганси аскер базасынын кыргыз элине зыяны жок. Бул чечимди 2001-жылы кабыл алышып туура кылышкан. Бизге коңшу болбосо дагы наркотиктин өлкөсү болгон Ооганстанга, ошондой эле Нью-Йорк шаарындагы бизнес борборун эл аралык террорчулар жардырышканы маалым. Манас аба майданындагы Ганси аскердик базасы бул Кыргызстандын эл аралык террористтерге каршы күрөшүүгө болгон салымы деп билем.
– Менимче сиз президент болгонго чейин Ганси аскер базасы жайгашкан жерге аренда акысын өтө эле аз төлөп келсе керек?
– Туура. Мен президент болгон күндөн баштап АКШнын жетекчилигине, бизге келген жогорку чиндеги ушул тармакта башкарган генералдарга Ганси аскер базасы жайгашкан жердин аренда акысын кайрадан карап чыгуу жагын бир топ ирет көтөрдүм.
– АКШнын кайсы президенти менен бул маселени талкууга алгансыз?
– Президент Джордж Буш менен АКШнын мамкатчысы Кандолиза Райс, ошондой эле Кыргызстанга келген сенаторлор, аскер жетекчилиги менен дагы бир топ ирет аренда акысы боюнча келишимди талкуулаганбыз. Силер төлөп жаткан каражат Кыргызстандын бюджетине өтө эле аз. Башта кабыл алган келишим эскирди, кайрадан карап чыгалы деп айтууга аргасыз болдум. Дипломатиялык сүйлөшүүлөр ошондой жүрө берет дегенсип биздин койгон маселелерибизге үстүртөн мамиле жасашты.
– Ошолордун баары топтолуп отуруп Россия президенти Дмитрий Медведев менен жолугушуу учурунда Манас аба майданындагы АКШ менен НАТОнун аскердик күчтөрүн чыгаруу боюнча сиздин чечкиндүү кадамыңыз көбүн “шок” кылганын билебиз.
– Орус президенти Медведев, премьер-министри Путин менен жолугуп чыккандан соң пресс-конференция учурунда дүйнөлүк массалык каражаттарынын журналисттеринин берген суроолоруна жооп кылып биз Ганси аскер базасын чыгарууга белсенгенибизди айтып чыктым. Ушундай чечим кабыл алууга АКШ жетекчилигинин биздин Кыргызстанды тоготпогондой мамиле кылганынан улам болду.
– Бирок ошол эле учурда Ооганстанда маселе оор болчу.
– Туура. Кыргызстандын кабыл алган чечими алар үчүн күтүүсүз болду. Бирок, Ооганстандагы саясый абал баштагыдан оорлошуп бараткан кез эле.
– Сиз Москва шаарындагы Медведев, Путин менен жолугушкандан кийинки чечкиндүү кадамыңызды АКШ менен НАТОнун жетекчилиги кандай кабыл алды?
– АКШнын жетекчилиги Ганси аскер базасы боюнча аренда акысын кайрадан кароого макулбуз деп жооп беришти. Биз ошентип аларды мажбур кылдык.
– Кыргыз Республикасынын Президенти катары сизден мындай чечкиндүүлүктү АКШнын жетекчилиги күтпөсө керек?
– Күтүшкөн эмес. Биз кабыл алган бул чечим америкалыктарды бир топ капа кылса керек. Анткени, өздөрүн супер держава сезген АКШга кичинекей Кыргызстан өз маселесин кабыргасынан коюшун күткөн эмес да. Келишимди бузуу бул юридикалык жактан туура болгон. Ошондо нормасы каралган. Кыргызстан бир жактуу чечим кабыл алса анда алар чектен чыгып кетишмек. Алар дароо эле маселени кароо жагына макулдугун айтышып кайрадан сүйлөшөлү дешти. Биз дагы ойлонуп макул экенибизди билдирдик.
Ошондон кийин эле Оруссиянын, Казакстан, Тажикстан, Өзбек бийлик башчылары бир добуштан өз территориябыздан АКШ, НАТОнун Ооганстандагы террорчуларга каршы күрөшүү үчүн салымыбыз катары транспортировкалоого уруксат беребиз деп чыгышты. Мен Москвада сүйлөгөндүн эртеси эле даяр экенин айтып чыгышты.
– Коңшу мамлекеттерден ошондой кадам күттүңүз беле?
– Жок. Кыргызстан жалгыз эле каршы экен да деп ойлоп кеттим. Кайрадан ойлоп көрөйүн деп чечтим. Ошондо биз Ганси боюнча келишимдин статусун башкача кылганбыз. АКШнын жоокерлеринин статусун да дипломатиялык кылбай, кыйла төмөндөттүк. База деген статусун жоготуп, аренда акысын бир топ Кыргызстандын кызыкчылыгы үчүн көтөрдүк. Курал менен алардын жоокерлерин шаарга чыкпай турганын, эгер чыга турган болушса биздин өкүлдөрдөн уруксат алып чыгасыңар деп, дагы бир топ өз шарттарыбызды койдук.
– Бирок ошондо кээ бир басма сөз каражаттары Россиянын президенти Дмитрий Медведев өзү АКШга айта турган сөзүн Кыргыз президенти Курманбек Бакиевдин оозу менен айттырды деп жазып чыгышты. Ал эми кыргыз президенти Камбар-Ата-1 ГЭСине Россиядан миллиард доллардан ашык кредит алуу үчүн бир ок менен Кремлди, АКШны да алдады деген сөздөр айтылды. Буга кандай дейсиз?
– Биз эч кимди алдаган жокпуз. Мындай эл аралык деңгээлдеги келишимдерди түзүүдө эч кимди алдоого мүмкүн эмес. Өзгөчө Россияны, АКШны алдоого болбойт. Эгемендүү, көз карандысыз мамлекет катары Кыргызстан бардыгын эл аралык мыйзамдардын негизинде жасадык. Орус президенти Медведев өзү “Курманбек Салиевич, мыйзамдын негизинде сизге эч ким күнөө коё албайт. Баарын туура жасадыңар.” – деп айтканы бар.
– Ал эми Камбар-Ата-1 ГЭСинин курулушу боюнча келишимге да токтоло кетсеңиз? Анткени, президент Бакиев Кыргызстандын кызыкчылыгын экинчи планга коюп койгон деген сөздөрдү сиздин ошол кездеги саясый оппоненттериңиз айтып жүрүшкөн.
– Камбар-Ата-1 боюнча биз Россия менен туура келишимге кол койгонбуз. Мен ошондо Камбар-Ата-2 ГЭСин Кыргызстан өз каражаттарына куруп бүтүрөт деп айтканмын. Ал эми Камбар-Ата-1ге чоң каражат керек. Биздин күчүбүз жетмек эмес. Анда да россиялыктар 51 пайыз контролдук пакетти алабыз, ал эми кыргыздар силер 49 пайызын алып ГЭСти чогуу куралы дешкен. Мен каршы болдум. Анда алар “Кыргызстан силердин акча каражатыңар жок, эмне кошумча менен киресиңер?” – деген маселени кабыргасынан коюшту. Мен андайга макул эместигимди айтып “Россияга 50, Кыргызстанга да 50 пайыз болсун.” – деп айттым. “Акчаңар жок эмнеңер менен киресиңер!?” – деп кайрадан сурашты. Мен аларга “Кыргызстан суубуз, байлыгыбыз, тоо ташыбыз менен .” – деп тамашаладым.
– Арзан жумушчу күчүбүз менен дагы.
– Ооба. Биз бул жагынан утат элек. Камбар-Ата-1ГЭСинин курулуш иштери башталып калса Россия, биз дагы утмакпыз. Бул жерде эч ким, эч кимди алдаган жок.
– Сиз президент болгонго чейин АКШ Гансинин аренда акысы үчүн канча акча төлөөчү экен?
– Анда болгону бир жылга эки миллион америка доллар төлөөчү. Баштагы жетекчилерди жамандай бере турган адамдар болот, мен андайлардан эмесмин. Биздин келишим боюнча алар бизге 50 миллион америка долларынын тегерегинде түз акча түшүрмөк. Андан башка инвестиция жагы өзүнчө каралган эле.
– Сизди Тейит айылынан алып чыгып кетүү боюнча Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаев сүйлөшкөн беле, анткени Жалал-Абад аэропортунан Казакстан аскердик самолёту менен алып кеткен эле?
– Эми Россиянын премьер-министри Путин менен жанагындай сөз болгондон кийин мен макулдугумду бердим. Анткени чын эле Кыргызстан түндүк-түштүк болуп бөлүнүп кетүү коркунучу бар эле. Анын эч кимге кереги жок болчу. Казакстандын жетекчилери да Отунбаева менен сүйлөшүп “Кыргызстан аба майданынан коридор бергиле Курманбек Бакиевди алып чыгып кетели?” – деп айтышыптыр.
– Сиз өзүңүздүн үй-бүлөңүздү гана алып чыгып кетүү жагын карадыңызбы же бир тууган инилериңизди алып кетүү жагын айттыңызбы?
– Бирок, мен аларга “Бир туугандарыма, чогуу иштегендерге куугунтук болбосо, булардын коопсуздугуна макул болушса мен кетүүгө макулмун.” – деп айтканмын. Алар мага, “аларга эч ким тийбейт, сиз Кыргызстандан чыгып кетиңиз” – деп айтышкан. Бир тууган инилерим бул жакта калган, чогуу иштеген өкмөт мүчөлөрү, областтын, райондун жетекчилеринин артынан түшүп алышты. Азырга чейин куугунтуктап жүрүшөт.
– Ошондо сизди Жалал-Абаддын аэропортуна чейин Коргоо министри генерал Бакыт Калыев узатып келген экен. Башкы командачы катары сизге какая туруп акыркы ирет честь берип, анан өзү колго түшүп бериптир. Ал коргоо министри катары аянттагы элди атууга буйрук берген эмес беле?
-Жок! Эми анын өзүнөн да сура. Бир тууган иним Жаныш, Бакыт Калыев экөө, мен Кыргызстандан чыгып кеткенге чейин жанымда чогуу жүрүштү. Мен самолётко чыгып кеткенден кийин Бакыт Калыевге келишип “Колго түшүп бер, биз сени камайбыз!” – дешиптир. Бакыт Калыев Ооганстандагы согушка катышкан тажрыйбалуу боевой офицер экенин билем. Ал жерде баш ийбей койгонго толук укугу бар эле. Бирок чыныгы офицер катары кан төгүүнү каалаган жок. Себеп дегенде ал жерде ага караштуу куралдуу жигиттер да Бакыт Калыевди алып чыгып кетүүгө мүмкүнчүлүк беришпейт болчу. Ошол жерде генерал Калыев “Президент үй-бүлөсү менен аман-эсен учуп кетти. Мен офицердик милдетимди аткардым. Эки тараптан тең ок атышуу болбосун”. – деп жанында жүргөн жоокерлерге кайрылып, өзү колго түшүп бериптир. Аны кийин гана уктум. Бакыт Калыев мен айтып кеткендей Ооган жериндеги согуш мезгилин өз башынан өткөргөн офицер. Генералдардын арасында өз ишин мыкты билчү. Элибиздин патриот жигити деп толук айта алам.
– Сиздин башыңызга оор мезгил, керек болсо тагдырыңыз кылдын учунда турган кезде сизди сатып кеткен Жогорку Кеңештин депутаттары, министрлер, губернатор, аким, генералдарга, үзөңгүлөш жакын адамдарыңызга кандай карайсыз?
– Сатып кетиштиби же коркоктук кылыштыбы билбейм, андайларды кудайга койдум. Эч кимисине деле таарынбайм. Бир жагынан аларга түшүнсө да болот. Анткени алардын артынан кримдүйнөнүн адамдары түшүп үй-бүлөсүн, өздөрүн өлтүрөбүз деп коркута беришсе айлалары кетишти да. Эми ошолордун арасынан мен туурасында бирөөсү да жаман сөз айта албайт. Министрлер, губернаторлорбу, акимби мен туурасында айтышсын. Мен аларга мыйзам чегинде гана кыргыз элине ак кызмат кылгыла деп айтчумун. Талапты, албетте катуу койгонуму жактырбагандар да кездешчү. Кимиси кай жакка өтсө алардын өз эрки экенин айтып коёюн. Кудай астында, элибиздин оозунда алар туурасында жакшы сөз айтышса мен ыраазымын. Мени жамандап Убактылуу Өкмөткө жагынып жүргөндөрдү деле угуп калып жүрөм. Аларга деле өзгөчө таарынычым жок. Аман болушсун…
– Курманбек Салиевич, Акаев Ак үйдү таштап качып кеткен кезде да сиз аны менен иштеген Өкмөт мүчөлөрү, губернаторлор, акимдер ж.б. адамдардын артынан түшүп куугунтук кылган эмессиз.
– Туура. Менин табиятымда кекчилдик жок.
– Ошол эле Акаевдин бир туугандарына артынан түшүп албадыңыз. Акаева Бермет каалаган учурда депутаттыкка койду. Элди бөлүп жарып, кеминдиктерди бийликке каршы көтөргөндө да камап, же кордук көрсөткөн жоксуздар.
-Туура айтасың.
– Курманбек Салиевич, сиз бийликке келгенде Акаевдин үй бүлөсүнө таандык үйлөрү, мүлктөрү өрттөлбөдү. Ал эми сиздин Бишкектеги үйүңүз аз келгенсип, Тейит айылындагы атаңыздын, бир тууган иниңиз Каныбектин, каза болгон иниңиз Жусуптун, жакын тууганыңыздардын үйлөрү четинен өрттөлүп, мүлктөрү тонолду. Албетте, бул ошого колдору барган адамдардын көрпенделиги. Өзбектердин лидери болуп жүргөн Кадыржан Батыров, Асилбек Текебаев, өзүңүз кызматтан кызматка көтөрүп жүргөн, жакын көргөн иниңиз Бектур Асановдор “Ата-Мекен” партиясынын туусун көтөрүшүп элди ошол жакка айдап барышып, үйлөрдү өрттөткөндүгү боюнча гезиттер да нечен ирет жазышты. Ушул окуяларга кандай карайсыз?
– Эми бул, өтө пас адамдардын гана колунан келчү нерсе. Алар жетекчи, жөнөкөй инсан катары да барбаштары керек эле. Болгону пастыгын гана көрсөтүштү. Ал эми Кадыржан Батыров өзбектердин лидери болгон эмес. Алардын лидерлери Ошто, Жалал-Абадда бар, мен аларды жакшы билем. Батыров өзү жашаган өзбек мааланын гана башчысы деп түшүнсө болот. Үйлөрдү өрттөгөн адамдарды бандиттер гана деп билем. Ошол бандиттерди Убактылуу Өкмөттүн мүчөлөрү колдоп турушканы, өтө өкүнүчтүү. Кыргызстанды Убактылуу Өкмөт менен киндиктеш бандиттер биргелешип башкарып жатканы калпбы? Кыргызстанда бүгүн бандиттер баш көтөрүп жүрүшпөйбү? Азыркы Өкмөт мүчөлөрүнүн колдорунан эч нерсе келбей турганын кыргыз элине ачык эле айтып койгонум оң го. Бандиттерге жүктөп коюшуп өзүлөрү карап отурушат. Рейдерлик күчүнө кирген учур.
– Мен билгенден Бишкектеги үйүңүздү өз каражаттарыңызга салдыңыз эле. Өрттөлүп кеткенине ичиңиз тыз эте ачышса керек.
-Жалал-Абадда иштеп жүргөн кезимде да өз үйүм жок атамдын үйүндө жашап жүргөнмүн. Тогуз-Торого аким болуп иштегенден кийин ал үйдү өткөрүп берип анан кеттим. Жалал-Абадга кайра губернатор болуп иштеп жүргөн кезимде бир участок жер алып эми гана үй сала баштаганда Чүй областына губернатор болуп дайындалдым. Ал жакта да жашаганга үйүм жок, Жалал-Абаддагы бүтпөй калган үйүмдү сатууга туура келди. Ошонун акчасы менен Жибек-Жолу көчөсүндөгү үйдү баштап үч, төрт жылдай салып, кирип жашаганмын. Жөнөкөй эле үй, Бишкектеги Царское село жана башка жердеги үйлөргө салыштырып болбойт. Биринчи кабатында үч бөлмөсү, мансардында эки жатуучу, эки бөлмө бар болчу. Эми хан сарайды өрттөгөндөй өрттөшүптүр. Акыл-эси бар адамдар андай кадамга бармак эмес.
– Ал үйүңүзгө бир нече майыптардын үй-бүлөсү кирип алышкан.
– Жашап тура беришсин.
– Бүгүнкү күндө бир тууган иниңиз Акмат камакта. Ал эми иниңиз Жусуптун баласы Санжарга өкүм чыкты. Ушулар туурасында айта кетсеңиз?
– Эми Санжардын кылмыш дүйнөсүнө аралаштыгы бар адам катары кароого болбойт. Өсө турган жаш жигит. Бакиев деген фамилиясы үчүн сындырууга аракет жасашууда. Президент катары Жалал-Абад областын кыдырып айылга барсам иним Жусуптун үйүндө эч ким жок, ээн калыптыр. Бул көрүнүш мага катуу тийди. Анан Санжарды көрүп “Атаңдын көзү өтүп кеткенине алты жылдын жүзү болуп калыптыр. Атаң эч кимге жамандык кылган жок, жетекчи катары да таза иштеди, элине ак кызмат өтөдү. Санжар балам, эч жакка кетпей атаңдын үйүндө түтүн булатып, бала-чакаңды алып жашагын. Жусуп ушул үйдү сегиз, тогуз жылдай салып, араң бүтүргөн. Атаңдын үйү бош калып аңгырап турганы эмнеси?” – деп Санжарды ал үйгө келишине мен көндүргөнмүн. Атасынын үйүн эч себепсиз өрттөп жатышса, Санжар аларга ырахмат айтмак беле. Ошого ыза болуп жанагы митингдерге катышса, катышкандыр. Ошол күндөрү пикет, митингдерге кимдер гана катышпады.
– Санжардын ордунда деле кайсы гана кыргыз жараны болбосун жообун бермек. Бандиттер тынч жаткан атасынын үйүн өрттөп жатышкандарга жооп кылганын эл арасында деле туура эле көрүштү.
– Атасынын үйүн өрттөп жатышса мен үйдө кантип отурам деп намыска алдырып, жаштык, курчтук кылып койду окшойт. Ошол жаш жигитке он жыл беришти. Ал эми Убактылуу Өкмөт тараптагы колдогон өзбек улутундагы сепаратисттердин үйлөрүнөн курал-жарак чыкса да аларды коё берип жиберишти. Эмне үчүн Кадыржан Батыровду коё беришти? Анткени алардын түбү бир. Анткени алардын түштүктөгү кандуу окуяга бирдей жоопкерчилиги бар. Азыркы күндө Кыргызстандын түндүгү, түштүгүндө да курал-жарак таркап кетти. Түштөн кийин куралды тапшыргыла деген болбогон сөз. Анча-мынча гана адамдар тапшырганы болбосо куралдар элдин колунда жүрөт. Бул өтө коркунучтуу нерсе. Санжарга берилген он жыл – бул Бакиев деген фамилиясы үчүн берилди деп билем.
– Убактылуу өкмөт мүчөлөрү “Мекен шейиттери” уюмунун алдында Бакиевдерден экөөнү кармадык дегени үчүн гана керек нерсе болуп калды окшойт.
– Ал экөөнү Бакиев деген фамилия үчүн гана соттоп жатышат.
– Кыргызстандагы ММКларда, телевидениеде президент Бакиев менен анын уулу Максим туурасында айтылбаган сөз, жазылбаган макала калбады окшойт. Максим Бакиев Кыргызстандын банктарынан 250 млн. доллар акчаларды алып чыгып кетти деп теледен беришти. Максим Бакиев өлкөбүздү банкрот кылып, миллиарддаган акчаларыбызды сыртка чыгарып кетти деген сөздөргө кандай карайсыз?
– Кыргызстандын телевидениеси эмнени көрсөтүп жатканы туурасында чынында кабарым жок. Акыркы убакта кызыкпай да калдым. Убактылуу Өкмөттүн мүчөлөрү эмне дешсе тоту куштай КТРда кайталап жатышат.
Мынча миллиондогон долларды алып чыгып кетти деп айткандары калп. Биринчиден, анча акчаны кыска мөөнөттө алып чыгып кетүүгө болбойт. Анткени булар жетинчи апрелде Ак үйдү басып алышты. Анан сегизинде банктарга Убактылуу Өкмөттүн мүчөлөрү барышып ячейкалардан бери ачышып, калгандарын ич ара бөлүштүрүп алышты деп мен да уктум.
– Сариев менен Бекназаровдун 1 миллион америка долларын кандай кымырып калуу боюнча сүйлөшкөндөгү сөздөрү гезит беттерине чыкты.
– Ал тургай жөнөкөй акчаларын салган адамдардын акчасын алып кетишиптир. Ушул да кудайга жагабы? Бул учурда Максим АКШда командировкада жүргөн. Америкада жүрүп анча акчаны кантип алып чыгып кетет? Бул деген болбогон, көчөдөгүлөрдүн сөзү. Убактылуу Өкмөттүн айткан сөздөрүнө эч ким деле ишенбей калышты деп ойлойм.
– Шайлоо учурунда Каркыра менен көл боюндагы казактарга берилген төрт пансионаттар боюнча Бакиев менен Мадумаровду укмуш эле шыбашты го. Каркыранын казактарга өтүп кетиш таржымалына токтоло кетсеңиз?
– Каркыра маселеси көтөрүлүп жаткан кезде ошол саясатчылар Каркыра кайсы областа экенин билишчү да эмес. Бирок кыргыздын жери кетип калды дешип ызы чуу болушканы эсимде. Мен бирөөсүнөн “Каркыра кайсыл областта?” – деп сурасам “Талас областында.” – деп жооп берип жатпайбы. Анан мен ага “ай, айланайын, элден мурун Каркыранын кайсы областта экенин карап алсаң боло…” – деп айттым.
– Мен билгенден депутаттардан, коомдук уюмдардан атайын топ түзүлүп элден сурап да чыгышса керек.
– Туура. Каркыра маселеси Жогорку Кеңеште каралганга чейин депутаттардан түзүлгөн атайын комиссия Ысык-Көл областына барышкан. Ал жердеги эл менен жакындан жолугушуп, бардык нерселерди тактап келгенден кийин гана маселе сессияга коюлган. Биздин 625 гектар жерибиз казактарга берилсе, ал эми казактар бизге 1136 гектар жерин алмашкан. Бул жерде Кыргызстан 625 гектар жердин ордуна 1136 гектар жер алып жатат. Мындайча айтканда Кыргызстан утуп жатпайбы. Казак оппозициясы да өздөрүнүн өкмөтүн, башчыларын Каркыраны кыргыздарга берип койду деп сын айтышканын угуп калам. Бул сөздөр саясатчылардын сасык саясаты экенин элибиз деле жакшы билишет. Биздин элибиз эки эсе көп жерди утуп жатканыбыз жөнүндө айткысы келбейт. Көлдүн эли бул жерлер мал бакканга, чөп чапканга ылайыктуу деп маселе көтөрүшкөн.
Акаев президент болуп турган кезде эле Каркыранын тагдыры чечилип калган болчу.
– Ал эми казактарга берилген Көл жээгиндеги пансионаттар боюнча эмне дейсиз?
– Эс алуучу жайлар арендага берилген. Казак тарап пансионаттарды эки жылбы, үч жылдан кийин беш жылдыздуу отелге жеткирип, ал жерде иштеген көлдүктөрдүн санын 80 пайызга жеткирүү жагы каралган. Башка жактан келгендер эмес, жергиликтүү көл тургундары болушу керектиги каралган. Жумуш менен камсыз кылуунун эмне жаман жагы бар?
Кыргызстандын атуулдары болгондо да көлдүн келин-кыздары, уландары иштемек. Шарты абдан жакшы болмок. Ким гана президент болбосун өз элине жакшы шарт түзүлсө экен деп ойлошот. Президент деле эртеңки күнүн ойлойт. Бакиев менен Мадумаров Каркыраны сатып жиберди деген болбогон сөз.
– Убактылуу Өкмөттүн мүчөсү Азимбек Бекназаров Аксы окуясына Курманбек Бакиевдин да күнөөсү бар. Анткени ал премьер-министр болуп турганда “Тайфун” операциясына кол койгон деген күнөөнү коюп жатат.
– Ий, ата. Андай айтканы туура эмес. Бекназаров ошондой деп айткан болсо, ал таптакыр эле башы айланып, эмне болуп калганын билбейм. Районго прокурор болбогон Бекназаровду Республиканын Башкы прокурорлугуна койгонумда 2005-жылы мен ага: “Ай айланайын Азимбек, сенин өзүңдүн башкы милдетиң Аксы окуясына чекит коюу. Мына өлкөнүн Башкы прокурору болуп келдиң. Аксы окуясынын аягына чыкчы. Ар кимиңер канча жылдан бери Аксы элин өз кызыкчылыгыңар үчүн курал кылып келдиңер. Сенин эң негизги жумушуң Аксы окуясын дурустап иликтеп, аягына чыгар. Эки, үч айга чейин Азимбек Аксы окуясы боюнча териштирүү иштерин жакшы баштаган. Көп өтпөй башка жакка өтүп кетти. Андан кийин Аксы боюнча териштирүү иштери токтоду. Азимбек Бекназаров бизнесмендерди кыса баштады.
– Кылмыш иштери козголгон бизнесмендергеби?
– Ооба. Андан башка деле бизнеси бар адамдарга кылмыш иштерин козгоп, аларды өзүнө чакырып жаман жолго түшүп кеткен.
– Кызматтан ошол үчүн алдыңыз беле?
– Жок. Жанагы Азимбектин буйругу менен колуна курал алып “Алай” мейманканасынын алдында атышып жаткан факты боюнча отурган бандиттерди чыгарып жибергени үчүн кызматтан бошотконмун. Мен бул иш боюнча атайын комиссия түзүп Ошко жөнөткөнмүн. Алар ал жакта бир жума бою катуу текшерип чыгышкан. Ибрагим Жунусовдун агасы Абдалимди өлтүрдү делип шектелген кылмышкерлерди Азимбектин буйругу менен бошоткондугу далилденгенден кийин бошотконмун. Аксылыктар бул боюнча келишкен. Кийинки Баш прокурор Элмурза Сатыбалдиев бул иштин аягына чыктым деген. Аксы окуясында күнөөсү бар адамдардын соту болбоду беле. Бул иштерди кайрадан Азимбек Бекназаровдун көтөрүп жатканы өзүнүн түшүп кеткен бедели үчүн упай топтоого аракетиби, мен билбей турам. Аксы окуясы боюнча мен премьер-министр болуп турганымда эч кандай тиешем жок. Ал боюнча Аксы эли жакшы билет деп ойлойм. Мен премьер-министрликтен кеткенимде бекер жеринен Аксы, Ала-Бука, Чаткал тараптан депутаттыкка койгон эмесмин. Сузактан деле Жогорку Кеңешке депутаттыкка өз талапкерлигимди койсом болмок. Атайын ошол жактан койдум. Талапкерлигимди койгондо Аксы районунан эки айыл өкмөтү 90 пайыздан көбүрөөк добуштарын мага беришкен. Эгер менин Аксы окуясына кымындай тиешем болсо эл өзү эле кууп чыкмак. Бул боюнча Бекназаров билбесе да Аксы эли жакшы билет.
– Балким Бекназаровду Баш прокурорлуктан кетиргениңиз үчүн сизге кек сактап калса керек.
– Эми, менден өч алам дегендер абдан эле көп болушса керек. Бир гана Бекназаров эмес, башка да адамдар бар го деп ойлойм.
– Курманбек Салиевич, өзүңүз билесиз Ош, Жалал-Абад, Базар-Коргон жергесинде өзбек менен кыргыздардын ортосунда кандуу окуя болуп кетти. Эки тараптан тең бир топ жоготуулар болгону боюнча сиздин деле кабарыңыз бар болсо керек. Ушул кандуу окуянын артында Курманбек, Жаныш Бакиевдер турат деп айтышууда.
– Убактылуу Өкмөттүн бизге оодара сала турган сөздөрү деле калган жок. Мендеги маалыматтарга таянсам ушундай окуянын чыгып кетишине Убактылуу Өкмөттүн өздөрүнүн катышы бар. Билип турушуп эч кандай чара көрүшпөй Отунбаева баш болуп жүрүшкөндөрү өкүнүчтүү. Канчалаган адамдар каза болушту. Бир нече миңдеген атуулдарыбыз жарадар, майып болуп калышты. Канчасы ушул убакка чейин белгисиз жок болуп, өлүк тирүү билинбей жүрөт. Өзбек кыргызды бири-бирине ок аттырып коюшуп өзүлөрү коркушуп жумалап Ошко бара алышпай жүрүштү. Ушул да бийликпи? Мен бир топ видео тасмаларды көрдүм. Эл кырылып жатса өз элине бара албаган бул эмне деген бийлик? Оштогу, Жалал-Абаддагы, Базар-Коргондогу кандуу окуяларга ким жооп берет? Ал кезде биз кайда элек? Бакиевдердин үй-бүлөсү Убактылуу Өкмөттүн террорунан башыбызды калкалай албай качып жүрсөк, биз кантип уюштурабыз? Ким бул версияга ишенет, эч ким ишене турган сөз эмес. Бири-бирибизди таппай көрүнгөн мамлекетте, ал эми балдары үй-бүлөлөрү башка жакта жүрүшсө. Жаныш да көрүнгөн мамлекетте качып балдарын көрүүгө зар болуп жүрүүгө аргасыз болууда. Өздөрү уюштурган кандуу окуяны бизге оодара беришпесин. Булардын айткандары калп экенин эл деле билип турушат. Бакиевдер жооп бергенге теледен, гезиттерден эч кандай мүмкүнчүлүктөрү жок деп атайын ошондой сөздөрдү таратып жатышат.
– Маегибиздин орто ченинде Камбар-Ата-2 ГЭСи боюнча сөз кылып кеттик эле. Союз кезинен бери токтоп турган Камбар-Атаны мамлекеттин өз күчү менен каражат таап, куруп баштадыңыз эле. Ошону ачууга барган утурумдук бийликтин башчысы Отунбаева атыңызды атап койгонго жарабай кнопкасын басты.
– Мага жеткен маалымат боюнча Камбар-Ата-2 ГЭСи толук ачыла элек. Булар Акаевдин мезгилиндегидей Убактылуу Өкмөт иштеп жатат дегендей көз боёмочулук кылып жатышат. Азырга чейин тетиктери толук келе элек болсо кантип агрегаты иштейт. Мындай иштерге кымындай түшүнүгү жок Отунбаевага кнопканы бастырышканы да ошондон. Билген, түшүнүгү бар адам болсо коё тургула, калган тетиктери толук келсин деп айтмак. Камбар-Ата-2 ГЭСинин курулушу башталган кезде көбү ишенген эмес. Камбар –Ата курулушу баштаганда кантип эле Кыргызстан өз күчү менен ГЭС кура алсын деп күлүшкөн. Камбар-Ата ГЭСинин курулушу менен биз өз элибиздин духун канча көтөрдүк. Элибиз да колдорунан келген жардамдарын беришти. ГЭСтин дамбасын тосконубузда элибиздин сүйүнгөнүчү? Туура чечим кабыл алганбыз. Бул Убактылуу Өкмөт мүчөлөрү менин атымды атабай эле коюшсун, бирок элибиз курулуш Бакиевдин убагында башталганын билишет да. Булар өтө эле пас кетишти. Ошол ГЭС бүтүп элибизге кызмат кылса мен ошого ыраазымын. Менин башкы максатым ошол. Дагы толук эки жыл кызматта турганымда элибиз Камбар-Атанын иштеп жатканын көрүшмөк.
– Кандай айтышса да сиз башкарып турганда өлкөдө өсүш көрүнүп калды эле.
– Жыл сайын пенсияны, эмгек акыларды көбөйтүп, жолдорду оңдоп, мектептерди куруп, ал тургай токтоп турган ишканаларды ишке киргизип койгонбуз. Азыр айлык акыны, пенсияларды кечиктирип берип жатканын угуп жатам.
– Убактылуу Өкмөт туурасында эмнелерди айта аласыз?
– Кан менен бийликке келген Убактылуу Өкмөт Кыргызстанды жок дегенде он жылдан ашык артка тартып кетишти деп ойлойм. Кандуу окуялардан кийин кайсы инвестор Кыргызстанга барат. Ким барат? Бул бийликке эч бир ишеним жок. Кан төгүлүп, бул бийлик келгенден кийин канчалаган мыкты адистер чет өлкөгө кетип калды. Дагы деле тынч жерге кетүүдө. Анткени эртеңки күнгө ишенич жок болуп калды. Мындай темп менен мыкты кадрлар кетип отурушса Кыргызстанда пенсионерлер менен байкуштар калат. Ушул нерсе өтө өкүнүчтүү. Убактылуу Өкмөттүн бийликке келген күнүнөн бери жасаган иштеринин өзү мыйзамсыз. Азыркы бийликке кыргыз элин эмес, өздөрүнүн жеке кызыкчылыгын гана ойлогон адамдар келишкен. Отунбаева жана командасы жасаган иштери боюнча коом алдында акыры бир күнү жооп беришет!
– Убактылуу Өкмөттөгүлөрдүн көпчүлүгү сиздин колуңузда иштеген жетекчилер. Булардын колдорунан Кыргызстанды алдыга жылдыруу, экономикасын көтөрүү келеби?
– Жок. Булардын колдорунан эч нерсе келбейт. Мен бул жетекчилерди өзүмдүн колумдун беш манжасындай жакшы билем. Себеп дегенде булар Конституцияны алмаштырып туура эмес кылышты. Парламенттик башкаруу туура эмес. Кыргызстан мындай жол менен иштей албайт.
– Эмне үчүн?
– Анткени, Жогорку Кеңеш кандай чечим кабыл албасын жооп бербейт. Ал эми президент жеке башы менен жооп берет. Андан башка областтын башчысы, райаким жооп беришет. Азыркы күндө булар эч нерсеге жооп беришпейт.
– Кыргызстанда партиялардын кызыкчылыгы бар. Ушул партиялардын башы биригеби?
– Кичинекей Кыргызстанда канча партия болуп кетти, көрдүңүздөр. Булар бири-бири менен келише албаган партиялар. Саясатта кээде кызыкчылыктары туура келип калса, бирикпейт дегендер биригип кеткен учурлар болот. Азыркы партиялар тарап кеткенден коркушуп баштары биригип коалицияга кошулган күндө да бир команда болуп акыр аягына чейин иштеше алышпайт. Ич ара ырк келишпей бөлүнүп жарылып эффективдүү иш алып бара алышпаганына бөркүмдөй ишенип турам. Бул ыркы жок парламентте көптөгөн талаш-тартыштар али алдыда.
– Азыркы парламентке келгендер жеке кызыкчылык, амбициядан чыга алышпай Кыргызстан деген мамлекеттин тагдырын унутуп коюшту.
– Туура. Жеке кызыкчылык буларда баарынан бийик болуп турат. Өлкөнүн тагдыры, эртеңки күнүн булар партиялык топтун кызыкчылыгын жогору коюп жатышат. Мамлекеттин, элдин кызыкчылыгы экинчи катарда калып жатканы өкүндүрөт.
– Курманбек Салиевич, сиз кандуу төңкөрүштөн кийин күтүүсүз жерден президенттиктен кенткениңизге же алдыга койгон пландарыңыз ишке ашпай калганына өкүнөсүзбү?
– Кызматтан кеткениме көп деле өкүнбөйм. Президенттикке келген адам бир күнү баары бир кетет. Ага мен даяр болчумун. Менин алдыга койгон максаттарым башкача эле. Шайлоо бүтүп мен экинчи мөөнөтүмдү баштаган кезде “Экинчи президенттик башкаруум бүткөндө бийликте бир күн да турбайм!” – деп ачык эле айтканмын. Өзүмдүн президенттик экинчи мөөнөтүм бүтөрү менен кыргыз эли үчүн күйгөн, өлкөнүн экономикалык абалын көтөрүп кетек ала турган татыктуу жигитке өткөрүп берип кетейин деген оюм бар эле.
– Сизден кийин кыргыз элин башкарып кете ала турган татыктуу жигит ким болчу?
– Кой, аны айтып коюп анын да тагдырына балта чаптырып албайын.
– Ал жигит, өзүңүздүн уулуңуз Максим Бакиев эмес беле?
– Жок. Максим уулумдун өкүнүчтүү жери кыргызча терең билбейт болчу. Ал эч качан президент болмок эмес. Мен айтып жаткан жигит кыргыз элине төбөсү көрүнүп калган патриот инсан. Ошол гана кыргыз элин алдыга алып кете аларына көзүм жетчү. Уулум Максим ал бизнестин адамы.
– Анда, Убактылуу Өкмөттөгүлөр сизди отурган тактыңыздан кулатканга эмне шашышты?
– Булардын да шашкандарынын себеби бар болчу. Анткени, күн өткөн сайын Кыргызстан бардык жагынан өсүп бара жатканы булардын тынч уйкусун бузуп, уктатпай койду. Бардык жагынан республикабыз өсүү жолунда болгонун элибиз көрө баштаган. Ошону менен катар кадыр-баркым өсүп жатканын алар байкашкан. Жыл өткөн сайын турмуш оңолуп жатканын булар көрүштү да Бакиевди ушундай кезинде тактыдан алып түшөлү деп чечишти. Азыр бийликти алышканы менен экономикалык пландары жок экенин мезгил өзү көрсөттү го. Буларды компасы жок океанда сүзүп бараткан кайыктагыларга салыштырам. Бардык тармак боюнча көрсөткүчтөр жогорку болуп, элдин турмушу оңолуп баратканын булар деле байкап турушкан. Бир, эки жыл тим койсок Бакиевдин кадыр-баркы дагы көтөрүлүп кетээрин түшүнүштү. Анда өздөрүнүн колдорунан эч нерсе келбей калаарын билишти. Алар үчүн бир гана жолу бар эле, кан төгүү менен болсо да Бакиевди бийликтен кетирүү. Алар ошол жолду тандап алышып максаттарына жетишти.
– Курманбек Салиевич, бүгүнкү күндө Белорус жергесинде жашаганыңыз менен жүрөгүңүз Кыргызстанда болсо керек деп билем. Элибиздин жашоосуна кош көңүл карабайсыз деп билем. Жакында өткөн парламенттик шайлоого көз салып турсаңыз керек?
– Менде болгон маалыматка караганда 56 пайыз шайлоочулар катышты деп БШК маалымат берип жатты. Макул. Ошол шайлоого катышкандардын 37 пайыз шайлоочулар отуздай партияга добуш беришти. Беш партия бул шайлоодо марага жетишти. Шайлоочулардын ичинен 25 пайыз гана парламенттик башкарууну каалап жатышат. Жалпы Кыргызстандын элинин 25 пайызы колдогон парламент жигердүү иштей алабы? Бул эмне деген парламент? Бул бир. Экинчиси, бийликте турган СДПК менен “Ата-Мекен” партияларынын шайлоодогу өтө аз добуш алган беделин көрдүңөр. Алар экөө биригип шайлоого катышкан шайлоочулардын 10 гана пайызын араң алышты. Болгондо да бийликте турушуп, административдик бийликтин күчүн колдонушуп өтө аз добуш алышты.
– Акаев, Бакиевдин мезгилинде биздин добуштарыбызды уурдап алышты деп жүрүшчү эле го.
– Ошол мезгилде деле ушундай добуш алып жүрүшкөн. СДПК, “Ата-Мекен” партиялары баштагы парламенттик шайлоодо деле 5 пайызга араң жеткен. Ал эми Сариевдин партиясы ошондо да төмөн болгон. Элибиз эмне үчүн бул шайлоого өтө пассивдүү катышты? Анткени, азыркы бийликте турган адамдарга ишенбейт. Бул ачуу чындык. Ошондой эле элибиз парламенттик башкарууга ишенбейт. Өткөн шайлоого катышпагандар, өз добуштарын буларга бербегендер Бакиевди колдогондор деп ойлойм. Бүгүнкү күнү да мен колдогондор же парламенттик башкаруу системасына каршы болгондор. Башкача деп айта албайм.
– КТРде “Ата-Журт”, “Бүтүн Кыргызстан” саясый партияларынын артында Курманбек Бакиев турат деген маалыматтарды айтышкан эле. Чын эле ушул партияларды материалдык жактан колдодуңуз беле?
– Мен ачык эле айтып койгонум оң болсо керек. Өткөн парламенттик шайлоодо бир дагы партияны колдогон да, каржылаган да жокмун. Кыргызстанда мени колдогон адамдарга ушул партияларга добушуңарды бергиле деп айтканым жок. Мени колдогон адамдар “Ата-Журт”, “Республика”, “Бүтүн Кыргызстан”, “Ар-Намыс” саясый партияларына өз добуштарын беришти. Өзүм бир дагы партияны колдогон жокмун. Моралдык, материалдык жактан дагы. Мен аралашпайм дегенмин, сөзүмө турдум. Акылман элибиз өзүнүн сөзүн айтты го.
– Ал эми бул шайлоодо элдин 145 миң добушунан көбүрөөк алган “Бүтүн Кыргызстан” саясый партиясын БШК менен Убактылуу Өкмөт бут тосуп болсо да өткөрбөй коюшту.
– Ачыгын айтсам “Бүтүн Кыргызстан” партиясынан коркуп жатышат. Алар парламентке келишсе бул убакта коалициялык өкмөт түзүлүп иштеп калмак. Ачыгын айтканда Отунбаева бийликти алдырып жиберебиз деп коркту. “Бүтүн Кыргызстан” саясый партиясын өткөрүшкөндө башкалар менен коалицияны түзүшмөк. Болгондо да Убактылуу Өкмөткө каршы коалиция болмок.
– Өзүн-өзү президент деп жарыялап алса да Отунбаеванын бийлиги үчүн бул кезге парламент иштеши керек болчу.
– Азыркы бийликтин өкүлдөрү элди ойлобойт. Биринчи күндөн баштап ойлогон эмес. Элди ойлошкон болушса 6-апрелде Таласта облакимчиликти басып алышып өрттөшпөйт эле. Милиция кызматкерлерин жарадар кылып ок атышпайт болчу. 7-апрелде Ак үйдү кан менен болсо да басып алыш керек деп бирөөлөрдүн чырактай балдарын өлүмгө алып барышмак эмес.
– Атамбаев, Бекназаров, Текебаев, Отунбаева ж.б. жакын туугандарынын бирөөсүнүн маңдайына таш да тийген жок. Алар кандуу төңкөрүш болорун аянтта жүргөн жаштарга кабарлашкан эмес го.
– Туура. Булар элди ойлобостон жаш балдарды жем кылып беришти. Ошондо да аянтка алдап барган элди ойлогон эмес, азыр дагы ойлобойт деп айтам. Мезгили келет мен булардын баарына өз жообумду берем. Ак үйдү ушулардын буйругу менен аскер машиналары, БТР менен таранга алышты го.
– Атамбаевди министрликке, кийин премьер-министрликке алып барган өзүңүзсүз, кийин орден тагып кызматтан кетирдиңиз, Германияда дарыланып жатканыңызда Атамбаев ал жерге барып ден-соолугуңузду сурап кайткан экен. Экөөңүздөрдүн ортоңуздарда кандай кара мышык өтүп кеткен. Анткени, ал өз сөзүндө “Совет доорунда Чикатило дегенден кандай коркушса бүгүн Бакиев дегендерден адамдар ошончолук коркуп калды…” – деп айтты.
– Атамбаевдин мындай сөздөрдү айтып жатканы бийлик үчүн гана. Башка эч нерсе жок. Себеп дегенде мен президент болуп турганда Атамбаев министрлик кызматта иштеп жүрдү. Ачыгын айтсам кыйратып деле иштебеди. Эч себепсиз кызматтан кетти. Феликс Шаршенбаевич эки ирет талапкерлигин коюп өтпөй калды. Ал кезде Феликс Куловду үчүнчү ирет парламентке алып чыгуу сунушум бар эле. Мен Куловду тандап же парламентти таратышым керек болчу. Мен коомдогу саясый абалды эске алып Куловду үчүнчү ирет алып чыккан жокмун. Атамбаев ошондо мага “Курманбек Салиевич, мен бийлик менен оппозициянын ортосунда көпүрө болуп берейин” – деп калды.
– Сизге Атамбаев өзү келдиби?
– Ооба. “Эки жылдан бери митинг, пикет токтобой койду. Мен көп болсо эки-үч ай премьер-министр болуп берейин. Кыргызстанда тынчтык болсо өзүм кетем. Кайрадан Азим Исабековду алып келип иштете бересиз…” – деп айтты.
– Ошол кездеги премьер-министр Азим Исабеков экөө бир айылдан, тууган да болот дешет го.
– Экөө жакын тууган, андан да бир айылдан болот. Азимбекке тууганчылыктан да ага кызмат креслосу кымбат болду окшойт. Исабеков Азим премьер-министр болуп иштеп жаткан. Мен Азимбек Исабековду өзүмө чакырып абалды айтып түшүндүрдүм. Ал элдин кызыкчылыгын ойлоп туура түшүндү. Исабековго “Сен убактылуу башка жакта иштеп тур. Өзүм кийин кайра чакырам. Мага президент катары өлкөдөгү тынчтык керек болуп турат. Ынтымак болбосо, болбойт…” – деп айтсам Исабеков туура түшүндү.
– Таарынган жокпу?
– Албетте, мага бир аз капа болду окшойт. Мен да аны түшүндүм. Азимбек Исабеков: “Курманбек Салиевич, мамлекеттин кызыкчылыгы үчүн макулмун. Сиз айткан соң кетейин…” – деди. Исабековдун ордуна Атамбаевди алып келип премьер-министрлик креслого отургуздум. Ошентип иштей баштады. Ишине тоскоол болбоюн деп алгач иштерине аралашпадым, эркиндик берейин деп ойлодум. Саат беш, алтыдан кийин эле иш бөлмөсүндө жок деп айта башташты. Мен ишенген жокмун. Мен президент болсом дагы саат тогуздан кийин кетем. Ал кезде президенттин администрациясынын башчысы ыраматылык Садыркулов болчу. Медет Чоканович бир күнү мага кирип “Курманбек Салиевич, мен күндүзү Атамбаевдин кабинетине кирбей эле коёюнчу. Арак ичебиз деп кыйнай берет” – деп калды. Мен аябай таң калып “Күндүзүбү?” – деп Садыркуловго ишенбегендей сурадым. Медет Чоканович “Ооба… Жумуштар менен кирип калсам түш чендерде кел отур, арак ичебиз дей берет. Айтайын деп сизге айта албай жүрөм. Мени Атамбаевге жөнөтпөй эле коюңузчу?” – деп Садыркулов суранып да жиберди. “Болуптур…” – дедим да унчукпай калдым.
– Иштей албай, ичип эле жүрсө акыры президент катары өз сөзүңүздү айтсаңыз керек.
– Бир күнү Атамбаевди чакырдым “Алмаз иним, мен сага ыраазымын. Мамлекеттин иши да тынып, тынчып калды. Сен өзүң айткандай бийлик менен оппозициянын ортосундагы көпүрө болуп бердиң.” – деп Атамбаевге ыраазылык билдирип “Данакер” деген орденди берип жакшы узаттым. Алмазды кайсы кара чымын чакканын билбейм.
– Ал тургай сиз Германияда дарыланып жаткан кезиңизде да Атамбаев барган турбайбы?
– Барганы чындык. Германияда дарыланып жатсам оппозиция өкүлдөрү аркы дүйнөгө узатып жиберишкен эмес беле. Бир буту аркы дүйнөдө экен деп сөз болуп кеткенде келип жолугуп кабар алганы чын. Экөөбүз ортодо бир бөтөлкө аракты ичип “Алмаз менин ден-соолугум мурункудай эле. Кызыккан азаматтарга айтып бар!” – деп жөнөткөм.
Атамбаев, Отунбаева, Шерниязов, Бекназаров, Текебаевди жана башкаларын кошуп Кудайга тапшырдым. Алмаз боюнча болгонун гана айтып жатам. Кудайдын, кыргыз элинин алдында баарыбыз акыры бир күнү жооп беребиз. Ал мезгил деле узак эмес.
– Ошол тагдыр чечкен оор мезгилде КМШ мамлекеттеринин президенттеринин кимиси менен байланышып турдуңуз?
– Эч кимиси менен байланышкан жокмун. Белорус президенти Александр Григорьевич Лукашенкого чоң ырахмат айткым келип турат.
– Лукашенко өз макулдугу менен сизди Минскиге чакырдыбы?
– Ооба. Алгач мени аябай таң калтырган. Путин менен Назарбаев сүйлөшкөн соң Казакстанга барганым туура болбойт эле. Андан да коңшу мамлекет, жакынбыз. Өзбекстанга да болбойт болчу. Эгерде Каримов, Назарбаев да бизге жаша дешсе да барбайт элем. Анткени канчалык алыс жашап жатсам да көрүнгөн нерселерди мага жабыштырып жатышат. Ал эми Россияга ойлонуп көрмөкмүн. Лукашенконун өзүнүн чалып мага айтканы күтүүсүз болду. Болгонун болгондой кылып айтып берейин да, “Курманбек сен дагы деле тирүүсүңбү?”-деп өзү телефон менен байланышып калды. Күткөн эмес элем. “Тирүү элемин…”-деп айттым.
– Сиз кай жерде жүргөндө телефон чалды?
– Тейитте жүргөнүмдө, “Александр Григорьевич, тирүүмүн. Аман-эсен жүрөм…” – деп айттым. “Курманбек, мен кандай болуп жатканын түшүнүп жатам. Баарын билип турам. Сен чиркейлерден коркпойсуңбу?” – деп калды тамашага салып. “Эми чиркейлер бизде деле бар…” – дедим. “Анда Минскиге келип, менде эле жашабайсыңбы?” – деди Лукашенко күтүүсүздөн. Мен андан мындай чакырууну күткөн эмесмин. Акыры макул болдум.
– Сиздин үй-бүлөңүздүн бул жерде жашаганы үчүн да Белорус өкмөтү тарабынан каржылайбы?
– Жок. Мына өзүң көрдүң Минск шаарынын ичиндеги токойдун арасында жашайбыз. Мага ушул үйдү беришти. Суусуна, жылуулук, электр энергиясы жана башкалар үчүн өзүбүз төлөйбүз. Тамак-ашты жеңең жасайт.
– “Бирөөнүн жеринде султан болгончо, өз элиңде ултан бол” – деген элибиздин сөзү бар. Курманбек Салиевич, Кыргызстанды сагындыңызбы?
– Тагдыр экен жашап жашап жатабыз.Четте жүргөн адам да туулган жерин сагынбай койчу беле?
– Кыргызстанга качан барайын деген оюңуз бар?
– Шартыбыз мындай болуп турганда кайдан. Стабилдүүлүк болсо, сөзсүз өз мекенибизге кайтып барам деген оюм бар.
– Курманбек Салиевич, анда ден-соолукта болуп, аман туруңуз. “Жаңы Ордо” гезитине кенен маек бергениңиз үчүн сизге чоң ырахмат айтам.
– Бекен иним, ушунча алыс жерден келип, менден чындыкты угайын деп маек алып жатканыңа чоң ырахмат. Жалпы кыргыз элине салам жолдоо менен ушул оор кыйынчылыктан өтүп, экономикасынын өнүгүүсүн каалайм. Мени тааныгандарга менден ысык салам айтып кой. Көрүшкөнчө сак саламатта болгула.
Маектешкен Бекен Назаралиев,
Бишкек-Москва-Минск
“Жаңы Ордо”, №37 (299), 3-декабрь, 2010-жыл