Генпланбы же мыскыл-тамашанын сценарийиби?

Генпланбы же мыскыл-тамашанын сценарийиби?

Президент Садыр Жапаров Ысык-Көл, Жалал-Абад, Ош облустарынын борборлорундагы аэропорттордун абалдары менен таанышканда алардын инфратүзүмдөрү түп тамырынан жаңылана турганын билдирди. Караколдогу аэропорттун учуп-конуу тилкеси кеңейтилип, аэровокзалдын жаңы комплекси курулуп, саатына 450 жүргүнчүнү тейлөөгө мүмкүнчүлүк түзүлөт. Ал иштер аяктагандан кийин аэропорт баардык чоң типтердеги учактарды кабыл ала баштайт.

Президенттин айтуусу боюнча, Ош, Жалал-Абаддагы аракеттеги аэропорттордун аянттарына көп кабаттуу үйлөрдүн комплекстери курулуп, алар Мамлекеттик ипотекалык компания аркылуу жеңилдетилген шарттарда тургундарга берилет. Эгерде Бишкектеги аянты 47 гектар жерге 10 миң батирлүү турак жай сыя турган болсо, Оштогу аэропорттун ордуна 30–40 миң, Жалал-Абаддагы аэропорттун ордуна 15–20 миң батирлүү комплекстерди курса болот. Эгерде алардын кабаттары көбөйтүлүп, 15–20 кабаттан жогору болсо, андан да көп батирлер болушу мүмкүн. Азыр күндөн күнгө кымбаттап, Кыргызстандын көпчүлүк аймактарында таңсык болуп бараткан нерсе–жер. Ал маселе Ош, Жалал-Абад шаарларында өтө курчуп баратат. Мындай учурда, ага кошо келечекти эске алганда ал жерлерге 20–25 кабаттан кем турак жайларды куруу жөн эле жерди үнөмдүү пайдаланбагандык болуп калганы турат. Ал эми Бишкектин “алтын зонасында” 20 кабаттан төмөн жай курганга эбак тыюу салуу керек эле, тилекке каршы, шаардын борбордук бөлүгүндө жепирейген 2–3 кабат жайлардын курулуп жатканы чектен чыккан ысырапкорчулук болууда, шаардын архитектуралык көркүн да бузууда. Анткени, беш-алты жылдан кийин эле ал жерлерге курулгандардын баалары ошол жерлердин бааларынын жарымына да жетпей калат. Андан көрө беш-алты ишкер биригип, кеминде 15 кабат жай куруп, аянттарын салымдарына жараша бөлүштүрүп алышса, жер үнөмдөлмөк, шаардын көркүн да ачмак. Бул боюнча мэрия уюштуруу иштерин жүргүзүү керек эле, азырынча жүргүзбөй жатат.

Ош базарынын маңдайындагыдай жерлердеги бир кабаттуу жепирейгендер бузулуп, алардын ордуна 2 кабаттуу жепирейгендердин тургузулуп жатканы бизде шаар куруу саясатынын жоктугун гана айгинелейт. Ташкентте же Дүйшөмбүдө мындай көрүнүштөрдү элестетүүгө да мүмкүн эмес.

Дүйнөдөгү мегаполистердин көбүнүн “алтын зоналарында” бир сотук жердин баасы 100–150 миң доллардан кем эмес, айрым жерлеринде мындан ашып да кетет. Алсак, жапондор курган небоскребдордун чыгымдарынын 70 пайызына чейинкиси жер аянтын сатып алууга кетет. Бизде деле жер аянттарынын баалары жылдан жылга өсүүдө. Алсак, Бишкектеги жаңы конуштардагы 5 сотуктук участкалардын айрымдары 1990-жылдардын башталышында 1 литр спиртке да сатылса (эски тургундардын айтуусу боюнча), азыр ошол эле Ала-Тоо‑1 жаңы конушундагы 5 сотуктар 21–23 миң доллардан кем эмес.

Бизде Бишкектин генпланы бир канча жолу өзгөртүлүп, бекитилгени маалымдалган. Бирок, азыркы айрым көрүнүштөргө караганда анысы деле жалган окшойт. Эгерде болсо, 2 миллиондой калк жашаган борбордун так ортосуна 2–3 кабаттуу жайларды курганга уруксат берилеби? Же генпланды Ош базарынын айланасын 2–3 кабаттуу жайларга толтуруп, көп кабаттуу үйлөрдү шаардын чет жактарына гана куруу керек деп каралганбы? Андай чийме-сызмаларды генплан дебей эле мыскыл жана тамаша программасынын сценарийлеринин бирине кошуп койгон туура болбойбу?

Мирлан Дүйшөнбаев

Share