Болжолу, мындан бир кылым илгеректе болочоктогу же бүгүнкү борбор калаабыздын ар бир көчөсүнүн картасын түшүрүп, жайгаштыргандар анын түбөлүктүүлүгүн ойлоп архитектуралык терең маани бербегенинин кесепетинен так бүгүнкү күндөрү анын азабы менен түйшүгүнө (проблема) кептелип отурабыз.
Дегенибиздин төркүнү — бүгүнкү күндөрдөгү борбордук ар бир көчөбүздө темир селдей болуп аккан жеңил машиналардан чыккан уу түтүн ТЭЦ менен көмүр жаккан үйлөрдөн чыккан түтүн аз келгенсип, шаарыбыздын миңдеген тонна абасын булгап, айрыкча жаңы төрөлгөн наристелерден тартып, өспүрүмдөрүбүздүн ден-соолугун бузуп, анын кесепетинен түркүн-түркүн кеселге чалдыгып, запкысын тартып жаткан учурубуз. Өмүрү андай дарттын атын укпагандардын саны мындан арбып чыгууда.
Каттоодон өтпөй жашап жаткан эсепсиз жарандарыбызды кошсок, борбор калаабыздын саны эки миллионго жакындап калды көрүнөт. Бул ишенимдүү далил жана чындык. Ал эми азыркы көчөлөрүбүзгө батпай тыгындан-тыгын болуп жанар майлардан күйүп чыккан уу заттар шаарыбыздын абасын бузуп жаткан автоунаалардын так санын бир Жаратканыбыз билбесе, аны эсептеп отурган бирөө жок. Ал эми борбор калаабыздын аялдамаларынын дээрлик баарысында жанагы жеке менчик автоунаалардын жайнап токтоп туруусу жүргүнчүлөрдүн атайын каттамдагы автобус, троллейбус, кичи автобустарга түшүп же кирүүгө чыгуусуна тоскоол болуп, болбогон жерден жол кырсыктарын жаратууга себепкер болушууда. Мына ошол жолдордо батпай бараткан унаалар үчүн көчөлөрдү кантип кеңейтүү керек?.. Баш маң… Буга эсепсиз акча каражаттарын кайдан табууга болот? Анчалык акча биздин жарды, бечел мамлекетибиздин казынасында барбы, жокпу?.. Асма жолдорду куруу керекпи?! Анын куну аза-боюңду тик тургузат. Мындай түмөн түйшүктөн кутулуунун бир гана жолу — мамлекеттик номерлеринин аяккы саны так болгон (шаар элин тейлеген автобус, троллейбус жана кичи автобустардан башка) жеңил машиналардын ээлерине — дүйшөмбү, шаршемби, жума күндөрү гана айдап чыгууга уруксат берилип, шейшемби, бейшемби, ишемби күндөрү токтоттуруп салуу керек. Ал эми, мамлекеттик номеринин аягы “0” жана жуп сан менен бүткөн автоунаа ээлери, аягы так сан менен бүткөн автоунаалары тынган күндөрү гана айдап чыгууга укуктуу болушсун. Ошондо көчөлөрүбүзгө батпай, тыгын болуп, нары шаарыбыздын абасын бузган автоунаалардын тең жарымы — б. а. элүү пайызга азаят, кемийт. Даңгыл көчөлөрүбүз сергийт, эл дем алып жаткан уулуу аба аз да болсо тазаланат.
Шаар ичиндегилерди, алыскы сапарга чыгышкан түркүн-түркүн автоунаалардын жол-белде кырсыкка учурашып, жан таслим болгондор, аман калгандары алты санынан айрылып, түбөлүк майыптардын тобуна киргендердин саны дагы күн санап көбөйүп жаткандыгы да жашыруун эмес. Мына ушуларды эске алып, бул ишти канчалык тез аранын ичинде иш жүзүнө ашырсак, дене-боюңду дүркүрөтүп, жүрөгүңдү ооруткан жол кырсыктары дагы ошончо пайызга азаят… Андай жол кырсыктарынын көпчүлүгү ичимдик ичип алып, эч кимди көздөрүнө илбей айдап жатышкандардын дагы кесепеттери тийүүдө. А, жекшемби күндөрү — жуп, так сан дебей аралаш чыга берүүсүнө уруксат берилгени менен алардын көбү бул күнү эс алышат эмеспи. Жана да, ушуга кошумча шаарыбызды жабык шаарга өткөрүү зарыл.
Мына ушуну мамлекетибиздеги так ушул багытта иштеп жаткандар, иш жүзүнө тез аранын ичинде аткарууга киришсе, мындай жакшы ишти жапа тырмак эл жана дагы жеке менчик автоунаалардын ээлери кош колдоп кубаттайт деген пикирде изги оюмду айтып жатам. Ал эми бул оюма каршы чыккандар — эл душманынан айырмалары деле болбосо керек. Бул республикабыздын жети облусунун, анын алыскы айыл кыштактарындагылар үчүн да тиешелүү болуп, буга моюн толгоп, автоунааларын айдап чыккандарга атайын мыйзам чыгарып, кечиримсиз жаза колдонуп, аларга эң жогорку акчалай айыпты коюп, өмүр бою айдоочулук укугунан ажыратып салуу сунуш кылынат.
Эгерде, өлкөбүздүн тээ түпкүрлөрүндө жашашкандар зарыл иштери менен бир же эки-үч күндүк сапарга чыккан автоунаа ээлери райондук, облустук же республикалык мамлекеттик автоинспекциялардан атайын аныктама кагаздарын алууларын дагы эске алып, жол жүрүүгө чыгуусун катуу көзөмөлдөп туруусу керек.
Мындай кадамга — Ак-Үйдөгү, Көк-Үйдөгү жана да Боз-Үйдөгү атка минерлер гана эмес, сенаторлорубуздун өздөрү дагы так ушул мыйзамды колдоп, кыйшаюусуз аткаруусу талап кылынат. Атка минерлерибиз жумасына үч күн такси жалдап, же жөө жүрүп, болбосо шаардын элин тейлеп жаткан автобус, троллейбус, атайын каттамдагы кичи автобустарга түшүп, мамлекетибиздин ал- акыбалы туурасындагы карапайым элдин сөзүн, пикирлерин угуп элге жакын жүрүшсө, “хандыктарынан” түшүп калышпайт деп ойлойм.
Кийинки муундарыбыздын дени сак келечегин ойлошкон мамлекетибиздин башчылары бул ишти кылчактап отурбай, колго алуулары — алардын кечиктирилгис парзы.
Жумабек ТОКТОГАЗИЕВ, жазуучу