Коомчулукта жаш наристелерди зордуктаганы үчүн өлүм жазасын киргизүү керекпи же жокпу деген маселе көптөн бери талкууланып келатат. Бизде Баш мыйзамда өлүм жазасы колдонулбай турганы так көрсөтүлгөн. Ошондуктан Жогорку Кеңештин “Элдик” тобу “Баш мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” мыйзам долбоорун даярдашып, тыянак чыгарып берүү үчүн Конституциялык сотко жөнөтүштү. Жалпы элдик добуш берүүдө кабыл алынган Баш мыйзамга парламент өзгөртүүлөрдү киргизе алабы?
Депутаттык топ Конституциялык соттон ушуну сурап жатат окшойт.
Шашылышта кабыл алынган Баш мыйзамдын алешем жактары бар экенин депутаттар гана эмес, жөнөкөй жарандар да айтып келатышат. Бирок, Конституциялык сот кандай тыянак бербесин өлүм жазасын педофилдик менен гана байланыштырбастан башка өтө оор кылмыштардын тутумунда кеңири кароо керек. Азыр супер демократиялык системада жашаган АКШнын 17 штатында өлүм жазасы бар. Калган Азия, Африкадагы өлкөлөрдү айтпай эле коёлу. Кошуна Өзбекстанда деле акыркы убактарга чейин педофилдер түгүл, жашы жеткен кыздарды кыйноо менен зордуктагандарга да өлүм жазасы бар болчу. Баш мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизишкенден кийин аны алып салышты.
Батышта өлүм жазасын колдонбоо гуманизмдин эң жогорку чеги деп эсептелет, аларда Кудай берген өмүрдү Кудай гана алышы керек дешет. Бирок, ал гуманизм кылмышкердин колдорунан өлгөндөр, өмүрүндө эч качан унутулгус запкы көргөндөр үчүн антигумандуулуктун да эң жогорку чеги экендигин да моюнга алуу керек. Атайылап бир нече адамдын өмүрүн кыйгандын коом түгүл Кудайдан деле ырайым күткөнгө моралдык акысы, укугу барбы? Биздин оюбузча, жок. 2005-жылы Жогорку Кеңештин ошол мезгилдеги бир комитетинин жетекчиси Тынычбек Акматбаев бир түрмөгө 3 адам менен барганда алардын баарын мурда 20 жылга соттолгон рецидивист Азиз Батукаевдин буйругу менен атып салган. Өлгөндөрдүн ичинде ошол түрмөнүн жетекчиси полковник Полотов да болгон. Аткан адамга дагы мөөнөт кошушту, канча кошулганы ага баары бир, ал мөөнөтүн өтөп бүткүчө карылыктан деле өлөрүн билет, ошондуктан ал мүмкүнчүлүгү болсо дагы башка кылмыш жасайт, сот ага дагы мөөнөттү кошуп койсо, мамлекет аны өлгүчө бага берет. Мындай көрүнүштө нормалдуу акыл-эске ылайык келгидей логика барбы?
Мурда да ал бир нече адамды өлтүрүп камалып, мөөнөтүнүн жарымын өтөй электе кызматтык милдеттерин аткарып жүргөн 4 адамды өлтүргөн кылмышкер – коомдо гумандуулуктун сын-ченемдери үчүн биротоло өлгөн адам. Андай адамдарды түрмөлөрдө кармап, мамлекеттин каржысына күч келтиргенден көрө эң жогорку жазаны колдонуу алар үчүн да, коом үчүн да гумандуу болмок. Тилекке каршы, Батыштын абстракттуу гумандуулугунун жетегинде А. Акаев 1996-жылы өлүм жазасына мораторий киргизсе, кийин ал жаза тийиштүү укук-ченемдик актылардын баардыгынан алынып салынган. Эгерде өтө оор кылмыштар үчүн өлүм жазасы болсо, ал психологиялык тосмо, чектөө катары милдетти аткармак.
Кылмышкер өлүм жазасына өкүм кылынгандан кийин аны аткарууга чейин бир нече жыл өтөт. Кытайда кылмышкер өлүм жазасына өкүм кылынса, анын аткарылуусу автоматтык түрдө эки жыл кийинкиге калтырылат. Эгерде өкүм чыгарылган адам апелляциялык арыздар менен тийиштүү жерлерге кайрылса, өкүмдүн аткарылышы 3–4 жылга созулуп же ага чейин ал өмүр бою камоо менен алмаштырылуусу да мүмкүн. Алсак, баңги заттар менен Кытайда кармалганы үчүн өлүм жазасына өкүм кылынган кыргыз аялдын өкүмү үч жылдан кийин аткарылган.
Айтайын дегенибиз, атайылап адам өлтүргөн рецидивисттер, боюнда барларды жана наристе балдарды өлтүргөндөр, акча өндүрүү максатында адам уурдагандар, сууну, абаны, кыртышты атайылап булгап, көптөгөн адамдардын өмүрлөрүнө зыян келтиргендер, террористтер, мамлекеттик чыккынчылар, жашыруун сырларды сатып, мамлекетке ири өлчөмдөрдө зыян келтиргендер үчүн өлүм жазасы сөзсүз болушу керек. Адам өмүрү кымбат, анда талаш жок. Бирок, бир өмүр башка бир нечелеген өмүрлөрдү кыйса, ошол жолго түшүп алса, андай өмүрдүн коомго кереги барбы? Ал – антижаратылыштык көрүнүш.
Айрымдар “жазыксыз бир адам камалгандан көрө, күнөөлүү он адам камалбай жүргөнү жакшы, Чикатило жасаган кылмыштардан улам жазыксыз 2 адам өлүм жазасына тартылган. Өлүм жазасы киргизилсе, жаңылыштык кетип, бейкүнөөлөр да атылып кетиши ыктымал” деген шектерин айтып калышат. Биринчиден, эң жогорку жаза толук ар тараптан далилденген оор кылмыштарга гана колдонулса, экинчиден, өкүм чыгарылгандан кийин аны аткарууга чейин жетишерлик электен өткөрүүчү тосмо процедуралар болсо, жаңылыштык деле кетпейт. Ал аткарылууга жетпеген учурларда да тийиштүү беренелерде турса, потенциалдуу кылмышкерлер үчүн психологиялык жактан күчтүү чектөө, тосмо функцияларын аткармак.
Тынчтыкбек Бешкемпиров