— “Кыястын багы” деп коёбуз, быйылкы түшүмүңүздүн ачылышына легендарлуу парламенттин төрагасы Медеткан Шеримкуловду баш кылып, журналисттер менен бирге бир топ чыгармачыл инсандарды чакырдыңыз. Коомдук саясий ишкер, тарыхчы, журналист –багбан да боло алат дегенди далилдедиңиз. Дыйканчылыкка кантип аралашып кеттиңиз?
— 2005-жылы “үлүш жер чыкты” деп бир курсташым айтып калды. Ал ага чейин эле шаардан жер алып коюңуз дегенден “мен багбанчылык кылбасам, жерди эмне кылам. Кабат үйдө жашасам, жерди эмне кылам” деп көңүлдөнбөй койгон элем. Ага чейин эле 1990-жылы Салижан Жигитов агабыз “Чүйдүн жери кереметтүү жер. Кетмендеп болсо да, берекелүү жерден жер алып, иштеткиле. Ошол жер силерди үй-бүлөңөр менен кошо багат. Айылдан келгенсиңер, дыйканчылык кылып көнгөнсүңөр. Чүйдүн жеринде дыйканчылык, багбанчылык кылсаңар өтө жакшы түшүм берет” дегенде “Биз шаарга келсек, агай бизди кайра жер иштеткиле дейт” деп бир жагы таң калып, бир жагы оюмда жаман алдым. Көрсө Салижан Жигитов агай жердин баасын ошондо эле көрөгөч адамдай көрө билген экен. Ошентип 2005-жылы Россияга көчүп кетип жаткан Паркаев деген Кара-Жыгачтык жаран өзүнүн үй-бүлөлүк жер үлүшүн сатып, курсташымдын кеңеши менен мен алып калдым. Алган менен “эмнеге алдым экен” деп да жүрдүм. Жерди курсташыма бердим, ал жүгөрү, кызылча, картошка эгип 18 жылга жакын пайдаланды. 2007-жылы четине шабдалы, алма тиксем аябай жакшы болду. Ошондон кийин эле багбанчылыкка аябай кызыгып калдым. Андан кийин Муктар Бостонбаев деген агабызга кокон гиластин көчөтүн берип жибериңизчи дедим. Ал 100 түп кокон гилас берип жиберип, аны тиктим. Айрымдары көгөрдү, айрымдары куурады, себеби тиккен менен кантип кам көрүштү деле билбейт болчумун. Жылына 100 көчөттөн баштап, 500 кокон гиласка чейин көчөт тиктим. Ошентип отуруп ал жерди кокон гиластин багына айландырдым. Кокон гиластин аралыгы бош болуп калып шабдалы эктим. Өрүктүн май айында быша турганынан баштап, как боло турган түрлөрүн эктим. Кызык жери кокон гиласибиз бийик болуп өсүп бара жатса эле сүйүнүп жүрдүм. Төрт, беш жыл болуп калганда Кадамжайлык тарыхчы, багбан шакиртим бар. Ал келип калды эле, көрсөтсөм “Агай, бул болбойт” деди. Эмнеге болбойт? – десем, чымчыктарга бересизби дейт. “Кокон гиластарди жазып, жапыз өстүрүш керек” деп туруп, четинен бутап салды. Кыйылган бутактарын тиктеп отуруп ичим бир ачышты. Кийин өзүм үйрөндүм. Анчалык чоң бакка бир киши бутап үлгүрбөйт экен, балдарды чакырып бутатып жүрдүм. Ар бир бакты 400, 500 сомдон бутайбыз дегендер болду. Баш-аягы 6 гектар жерде 2000 түптүн тегерегиндеги дарактарым бар. Азыр Кадамжайдан буташты билген багбандар келип турат. Ошентип бакты карап багбан болушту кийин эле үйрөндүм. Азыр багым түшүмдү жакшы берип калды. Түркиядан алдырып тиккен алманын сорттору бар. Буюрса, алды түшүм берип калды. Мөмөлүү дарактардын арасынан өрүк менен кокон гилас май айынан баштап, күзгө чейин быша турган ар түрлүү мөмөлүү дарактар бар.
— Тарыхчы, илимпоз адам катары да жумуштарыңыз көп болсо керек? Багбанчылыкка кантип үлгүрүп жатасыз?
— Шаардыктарча айтканда менин балдарым “балконский балдар” да. Ошол кабат үйдө чоңойгон балдар эмгекке үйрөнсүн деп, аларды да эмгек кылууга үйрөттүм. Балдарымдын баары эмгек менен өстү. Мына ушул жагы аябай жакшы болду. Менин үйүмө студент балдар көп келет. Алар келгенден баштап, кеткенге чейин жардам беришип жүрүштү. Кээде ашар кылабыз. Айылдаштарды чакырам. Мындан тышкары жакын жерде дыйкандар бар, аларды да чакырып тыйынын төлөп иштетип жүрдүк. Улуу балам Чыңгыз Айтматов атындагы кыргыз-түрк ”лицейди жакшы бүтүргөнүнө карабай “Бакты мен карайм. Сиз алып келген адамдар жалкоо экен. Аларды жөнөтүңүз, өзүм карайм” дегенинен макул болдум. Ал уулум бакты 2 жылдан ашык өзү карады. Уулдарым үчөө тең It программист болушкандыктан аларды өз кесибиңер менен иштегиле деп уруксат бердим. Алар мага каржылык жагынан жардам берип, азыр бакты өзүм карап жатам. Албетте өзүм жетишпейм, бак кароону жакшы билген балдар менен иштешип, аларга да келишимге жараша акыларын төлөп турам. Азыр Кеңеш деген үй-бүлөлүү мыкты жигит менен иштешип жатам.
— Агай, сиз бактан тышкары дыйканчылык менен да алектенип, кулпунай, малина да өстүрдүңүз. Климаты ысык келген түштүк жергесине салыштырмалуу Чүй жергесинде өскөн жемиштердин даамынын айырмасы бар бекен?
— Башка мөмөлөргө салыштырмалуу кулпунайдын, малинанын түйшүгү оор экен. Көчөттөрүн ушул жактан эле алдым. Бак менен да алектенип атканга 2-3 жылдан кийин ага жетишпей калдык. Ал жерге азыр теплица куруп, теплицага Кытайда кулпунайдын мыкты сорту бар экен. Азыр Кытайдан уругун алып келдик. Көчөтүн Кытай сыртка чыгарбайт экен. Уругун атайын чөйчөккө салып көктөтүп жатабыз. Быйыл ушул теплицаны куруп бүтүрүп алсак, буюрса кулпунайдын жаңы сортун эгип баштайбыз. Бул сорт азырынча Кыргызстанда жок. Ал эми түштүк жергесине караганда Чүйдүн климаты мелүүн келген менен мөмө-жемиштер жакшы бышат. Мисалы Кокон гилас өтө ысыкты көп сүйө бербейт экен. Экинчиси, түштүктө кокон гиласка дарынын ар кандай химиялык түрлөрү берилет. Ал эми Чүйдүн жери күчтүү келип, дары көп берилбейт. Европадан өзүм өстүргөн бакка “органикалык бак” деген сертификат алгам. Муну мен бузбайм. Ошон үчүн мен жерге эч кандай химиялык зат колдонбойм. Бир гана органикалык гана жер семирткичтерди – релик, глицероль колдоном. Ар бир дарактын түбүнө кык салынат. Ошондуктан бул жерге химиялык заттар колдонулбагандыгы үчүн мөмө-жемиштер кычкыл даамданбайт. Органикалык заттар даамга кадимкидей таасир этет. Түштүктөн келген кокон гилас менен айырмасы бар.
— Кардарларыңыз мөмө-жемиштердин органикалык, экологиялык жактан таза экендигине маани беришеби?
— Ооба, даамдуу болгон үчүн туруктуу кардарларыбыз бар. Жылда өздөрү теришип жүктөп Астана шаарына алып кетет. Астанага баргандан кийин текшерүүдөн өтөт. Мисалы, түштүктөн келген кокон гиластин курамынан химиялык зат чыгат, биз өстүргөн кокон гиластан чыкпайт. Эң чоң айырмачылыгы ушул жерде болгондуктан Астанадагы экологиялык, органикалык мөмөлөргө көңүл бурган супер-маркеттерде сатыкка коюлат. Ошол супер-маркеттер сурап, жылына астын ала кардар болушуп, кийинки бышыкчылыкка заказ берип ээлеп коюшат. Эң негизгиси, биз Чүй жергесинде кокон гиластин өсүп, мөмө беришин, ошол эле учурда сапаттуу болушун да далилдедик.
Дагы бир мени кубандырган жери бакта кыргоол, күкүк, булбулдар сайрап жүрөт. Айрыкча булбулду күтүп жүрдүм эле. Себеби, айылда булбулдун үнү менен чоңойгонубуз үчүн, келгенде аябай сүйүндүм. Кээде мен көрбөгөн, бул жакта жок канаттуулар келип калат. Негизи эле табиятты кадимкидей өзгөртөт экен. Дагы бир кызык жери, бир дарак күнүнө 750 литр кычкылтек берет экен. 2000 түп дарактан турган бак жылына 1 миллион 715 миң литрден ашык таза кычкылтек берет экен. Бул жагынан алганда шаарды тазалоого салым кошуп жатат экенмин. Кытайдын Цинтай деген шаарында кытай досум бар. Ал 75 гектар бак тиккен үчүн Кытай мамлекети ага “Абаны тазартканың үчүн” деп жылына 500 миң долларга чейин төлөп берет экен. Биздин мамлекет “Жашыл экология” программасы менен абаны тазартабыз деп жатышпайбы. Андан көрө реалдуу түрдө бакты канчалык көп тиксек, мамлекет колдоо көрсөтсө мына ушунда иш жүзүнө ашаарына көзүм жетти.
— Мөмө жемиштүү бакка зыяндуу чымчыктардын да көп түшөрү белгилүү. Буга кандай чараларды көрүп жатасыз?
— Кыргыздар илгери эле эгин эккенде “Курт-кумурскалардын, канаттуулардын ырыскысы, калганы менин ырыскым” деп эгин эгээрден мурун тилек айтып экчү экен. Мен дагы ушул салт менен 25, 30 пайызын көңүлүмдөн чыгарып курт-кумурска менен канаттуулардын акысын чыгарып коем. Канаттуулар да май айында бышкан кокон гиластарды жейт. Мен дагы “майда бышканын жегиле, кийинки бышыкчылыкка тийбегиле ” дегендей, июндан баштап бышканга негедир көп тийбейт, келишим түзүм алгандай. Чымчыктардын ушунусуна эле ыраазы болуп калам. Келишимди так аткарышат.
— Чүй жергесине гана эмес, Кыргызстандын адырлуу аймактарына да өнүктүрсө болот бекен?
— Болот, эмнеге болбосун. Өзбекстандын Президенти Шафкат Миромонович Мирзиёев акыркы беш жылдын аралыгында ар бир облуска багбанчылыкка өзгөчө көңүл бургула деп талап койду. Мамлекет какыраган, суу жетпей жаткан жерлерге суу чыгартып, жол салып берип ошол жерге жылына ар бир облус миллиондогон түп жаңы көчөттөрдү отургузуп жатышат. Биздин мамлекет багбанчылыкты такыр ойлобойт. Багбандарга мамлекет тарабынан жардам жок. Эгерде бизде да какыраган суу чыкпаган жерлерге суу чыгартып берип, көчөт отургуздурса, бизде ошондо Кыргызстан органикалык азык-түлүктөрдүн мекенине айланмак. Бул кадамдан мамлекетке да чоң пайда келип, кирешелүү булактар ачылмак.
— Сиз “Багымды сатып, Кытайдын архивинде жаткан кыргыздардын тарыхын көтөрөм” деген демилгени көтөрдүңүз эле. Эмне үчүн мындай кадамга барууну чечтиңиз?
— Кытайлар менен биздин келишимдин негизинде Кыргыздардын тарыхы боюнча архивдик маалыматтардын 10 миңден ашык тарыхый документтердин таап берген. Аны биз Кыргыз мамлекети акча төлөп, котортуп анан Кыргызстанга алып келмекпиз. Бул келишимдин түзүлгөндүгүнө төрт жыл болсо да мамлекет бир тыйын бөлгөн жок. Акыры айлам кетип, ырас келишим түзүп койгондон кийин, мамлекет кызыкпаса болгон багымды сатам дагы архивге пайдаланам деп чечимге келген болчумун. Тилекке жараша азыр мамлекет азыраак болсо да акча бөлүп берди. Бирок чындыгында өкмөт бөлүп берген 13 миллион сом акча жетпейт. Себеби, биз 4 жылдан бери “Мурас” фондусунда акысыз эле иштедик. Кызматкерлердин көпчүлүгү кетишти. Мамлекет бөлгөн акча Кытайдагы кыргыздар жөнүндөгү тарыхый документ үчүн кичинекей эле акча. Чын эле жетпейт. Эгер мамлекет жетишээрлик акча бөлбөсө, мөмөгө кирген багымды сатып, ошол Кытайдагы архивдик булактарды алып келүүгө даярмын. Албетте, буга чейинки ушул мөмөдөн түшкөн каражаттарга Ташкентке, Алма-Атага барып архивдик изилдөөлөрүмдү тынбай улантып келдим. Себеби, бүгүнкү күндө сырттан архивде иштөөнүн өзүнүн оорчулугу бар. Мейманканага, тамак-аш жана башка майда-баратка керектелүүчү акчалар эле бир топ сумманы түзөт. Ал эми Ташкентте архивдик баанын бир бети 450 сом турат. Ташкентте 240 архивдик беттин көчүрмөсүн алуу үчүн баасын эсептеттирсем 120 миң сом болду. Менде анчалык суммадагы акча жок эле, айрымдарын кыскартып, айрымдарын жазып алып 50 миң, 60 миң сомго чейин жумшадым. Негизи, архивдик документтер өтө кымбат турат. Ташкентте эле биздин бери дегенде 100 миңдик архивдик документтер бар. Бул өтө чоң сумманы талап кылат. Ошон үчүн архивдик документтер менен иштөө кымбатка турат. Ошон үчүн өзүм мээнет кылып өстүргөн багым болгондугуна карабай, сатып болсо да архивдик документтерди Кыргызстанга алып келүүгө кызыкдармын. Адамга чоң байлыктын кереги жок. Күндө коррупциялык жол менен пара алып колго түшүп жаткан адамдарга ошондуктан көп түшүнө бербейм.
Ошондуктан менин аракетим улутка, элге кызмат кыла турган, изилдөөчүлөргө кызмат кыла турган бул тарыхый документтер. Мен үчүн кыргыздардын тарыхый документтери менин багыма караганда алда канча кымбат турат. Тандоого келгенде мен өзүм өстүргөн бакты эмес, кыргыздардын тарыхый документин ойлонбой туруп тандоого даярмын.
Турдайым Кожомбердиева