Россия жакында дефолтко учурайбы?

Россия жакында дефолтко учурайбы?

Россиянын каржы министрлигинин отчету боюнча, апрелдин аягына карата өлкөнүн федералдык бюджетинин таңсыктыгы 3,4 триллион долларды түздү. Ал эми федералдык бюджет боюнча мыйзамда 2023-жылдын ичинде 2,93 триллион рублдик таңсыктык каралган экен. Бир жылга болжолдонгон таңсыктыктан төрт айдын ичинде 500 миллиард рублге ашып кетиптир. Ал сумма жыл аягына чейин канчага жетет? Эгерде 3,4 триллионду үчкө көбөйтсө, 10,2 триллион рубль болот. Бул да жөнөкөй арифметикалык эсеп менен алгандагы сан. Бул жыл аягында геометриялык прогресске өтүп кетиши мүмкүн. Анткени, биринчиден, айдан айга Россиянын валюталык кору азаюуда, алтын корундагылардан азыркыдай учурда ачык сатышы да кыйын. Легалдуу сатылышы үчүн Лондондогу биржадан өтүш керек, аны өткөрүшпөйт. Жашыруун сатылганы билинип калса, алгандарга дароо санкцияларды киргизишет.

Экинчиден, тоталдык санкциялар Россияны сыйыртмактай кысып, бюджет түзүүчү тармактарынын кирешелерин геометриялык прогрессте азайтууда. Алсак, өткөн жылдын окшош мезгилине салыштырганда Россиянын нефти менен газдан алган кирешелери 52 пайызга азайды. Ал тоталдык санкцияларга чейин Россия бюджеттик кирешелеринин 60–70 пайызын энергетикалык ресурстардан алып келген. Автоунааларды куруу өнөр жайынын аты эле келди. Өткөн жылы Россия Өзбекстанча да автоунаа чыгара албады. Быйыл андан да аз болушу мүмкүн. Ал эми Украинадагы чектелген аскердик операцияга байланыштуу аскердик чыгымдары көбөйүүдө. Же 24-мартка карата федералдык бюджетинин жашыруун беренелер менен жумшаган чыгымы 2,4 триллион рублге жетиптир.

Ушул эле мезгилде Россиянын жана прокремлдик олигархтардын чет өлкөлөрдөгү каражаттарын, мүлктөрүн издеп таап камакка алуу иштери күчөөдө. Польшанын тийиштүү кызматтары Россиянын элчилигинин эсебинде турган каражаттарды камакка алып, Украинага которуп салышты. АКШнын башкы прокурору Меррик Гарланд Россиялык олигарх Константин Малофеевдин АКШдагы активдери конфискацияланып, Украинага өткөрүлүп бериле баштагандыгын маалымдады. “Кимдердин кылмыштуу иш аракеттери Россиянын Украинадагы адилетсиз согушуна көмөк болуп жатса, биз аларды иликтеп, камакка алып, сот тарабынан куугунтукталуусун акыр-аягына чейин жүргүзүп, таш талканын чыгарабыз” деп билдирди ал салтанаттуу түрдө.

АКШ менен Еврошериктештиктин атайын кызматтары Россиялык олигархтардын банктардагы акчаларынан сырткары 13 супер яхтасын камакка алышкан. Анын эң кымбаты Алишер Усмановдун 600 миллион долларлык “Дилбар” деген яхтасы болсо, эң арзаны Геннадий Тимченконун 50 миллион долларлык “Лена” деген яхтасы экен. Алардын баары өз мүлктөрүн сатууга аракет кылып жатышыптыр. Бирок, камакка алгандар аларды сатууга мүмкүнчүлүк беришеби?

Мындай жагдайда Россиянын жетекчилигинин Украинаны ачык колдогондорго каршы контрсанкцияларды киргизип, айрым мамлекеттерге энергетикалык, металлургиялык ж. б. товарларын сатууга тыюу салуусу өлкөнүн каржылык абалын андан бетер оорлотууда. Эгерде мындай эрегишүү улантыла бере турган болсо, ушул жылдын аягына карата Россиянын каржылык жактан эң оор абалга тушугуусу мүмкүн болуп баратат. Бюджеттин таңсык бөлүгүн жапканга валюталык резерви аз, эмиссия жолуна түшсө, гипер инфляция башталып кетиши ыктымал. Анда анын зыяны эмгек мигранттарыбызга, анан келип кыйыр терс таасири Кыргызстандын экономикасына тийгени турат.

Бизди баарынан да ушул жагы тынчсыздандырат.

Тынчтыкбек Бешкемпиров

Share