Биз Аскар Акаевдин апологети эмеспиз, анын пайдасын көрмөк түгүл өмүрүбүздө Кыргызстандын биринчи президентин жакындан көргөн да эмеспиз, бирок анын аялы менен Кыргызстанга келип, көзү өткөн жакындарына куран окутуп, дос-тааныштары менен учурашып, анан анын ишке ашпай калган лекциялары жөнүндөгү ашкере саясатташкан ызы-чуулар боюнча өзүбүздүн калыс пикирибизди гана айткыбыз келет.
Бизди мында таң калтырганы, айрымдардын: ”ал Бишкекке эмне үчүн келет? Качып барган жагында гана жүрүшү керек эле” деген пикирлери болду. Анын кыргыз элинин алдында күнөөсү көп. Прихватташтырууну, башаламан кадрдык саясатты жүргүзүп, коррупцияны гүлдөткөнү, көз карандысыздыктын алгачкы жылдарында Кыргызстанды кыйраткыч жолго салып жибергени чындык, бирок укук коргоо органдары ал качып кеткен 2005-жылда да, 2021-жылы эки ирет суракка чакырышып, анда да конкреттүү күнөөлөрдү коюп, кылмыш ишин козгой алышпагандан кийин ал Кыргызстандын баардык жарандарындай эле, каалаганда келип, каалаганда кетип жүрө бергенге укуктуу. Сот чечим чыгармайынча жогоруда айтылгандар саясый жана моралдык күнөөлөр гана болуп саналат. Алар ар кимдердин антипатия, симпатияларына жараша ар кандай чечмелене бериши мүмкүн. Моралдык негизге гана таянып, бирөөлөрдүн кыймылдарын, укуктарын чектөөгө аракеттенүүнүн өзү мыйзам бузуу болуп саналат. Өз колдору менен адам өлтүргөн рецидивисттер, мамлекеттик чыккынчылар деле мөөнөттөрүн өтөп бүтүшкөндөн кийин кичи мекендерине кайрылып келишет. Туулган жерине келип, өмүрүнүн акыркы бөлүгүн өткөргөнгө баардык жарандардын укугу бар, кандай кинээлер айтылып, кандай айыптар коюлбасын, Улуу Жараткан берген ал укукту эч кимдин жокко чыгарганга же чектегенге укугу жок. Андай укукка асылуу Жараткандын прерогативасы, жаратылыштын мыйзамы менен берилгендерге шек келтирип, аны өз кызыкчылыгына пайдалануу катары болорун көңүлдөн чыгарбоо керек.
Орустарда “аюудай кызмат көрсөттү”, “подложил свинью” деген сөздөр бар. Тилекке каршы, Кыргызстандын айыл чарбасын кыйратуунун архитектору Бекболот Талгарбековдун “Аскар Акаев Улуттук Академияда, Исхак Раззаков атындагы КТУда лекция окуйт” деп айтып жибергени ага жогоруда биз айткандай кызмат болуп, ашыкча сөздөрдү күчөттү. Эгерде Талгарбеков “Аскар Акаев дүйнөдөгү физикалык жана математикалык жетишкендиктер жөнүндө лекция окуйт” десе, анын эски оппоненттеринин итатайларын тутултмак эмес. Ал жөн эле лекция жөнүндө айткандан кийин оппоненттери Аскар Акаев саясий нерселерди айтат экен деп түшүнүп алып, ызы-чуу салып киришти. Дегинкисинде, биринчи президент ысымдарын атаганда эле элдин көпчүлүгүнүн аллергиялары кармай турган адамдардан өзүн окчун кармап, аларга жакындыгын жараналаган көрүнүштөрдөн этият болушу керек эле. Тилекке каршы, Кыргызстанда кыйраткычтар, жегичтер катары кабылдангандар өздөрүн Акаевчил деп жараналап алышып, “мындай тууганым турганда, душмандын кереги деле жок” дегендей, Аскар Акаевге гана зыяндарын тийгизишүүдө. Алардын айрымдары азыркы бийликке оппозицияга өтүп алышкан, бул да ашыкча ажиотаждарга кошумча болууда.
Ал эми И. Раззаков атындагы КТУнун айрым студенттеринин “Аскар Акаев бизге лекция окуса, аны шылдыңдоо катары кабыл алабыз” деген кат менен ректоратка кайрылганы — тажрыйбалуу саясатчылар тарабынан атайын алдын ала уюштурулган акция экени оркоюп өзүнөн өзү көрүнүп турат. Ал студенттер Акаевдин бийлигинин убагында алды үч-төрт жаш болсо, арты энелеринин курсактарында жаңы бинетке бүткөндөр болушса, алардын биринчи президентке каршы антипатиялары кайдан жаралып, калыптанды экен? Акаевдин тушунда баарын көргөн 60–70 жаштагылардын басымдуу көпчүлүгү “кимиси болсо да келсе келе берсин, мыйзам чегинде чечиле берсин” деп эле отурушат. Же жөнөкөй адамдардан бирөө-жарымынын пикир айткандарын уктуңуздарбы?
Аскар Акаев кандай саясатчы болбосун, физика-математика жаатындагы чоң окумуштуу экени чындык. Эки академиянын академиги, М. Ломоносов атындагы МГУнун дүйнөлүк ысмы бар профессору, Кыргызстандан Россиянын ИАсынын чет элдер бөлүмүнө биринчи шайланган адам. КТУнун студенттери мындай адамдын лекциясын угушпаса, анда кимдин лекциясын угушат? Эптеп кандидат, доктор болуп жүрүшкөн Эшматбай менен Ташматбайлардын көчүрмөлөрүнбү? Андай студенттердин ден соолуктарын дыкат текшертиш керек.
Биринчи президент КТУдан кадрларды даярдап, өстүрүүдө көбүнө атасынан да чоң жакшылык кылган. Саясат өз жолу менен, кырчаңгылар кажыша беришсин. Алар өз баштары менен кетет. Кимисиники туура экенин кийинки тарых аныктайт. Кызыкдарлар бардагы тарых эч качан обьективдүү болбойт.Эми алардын азыркы муундарынын Кычан Жакыпов менен Павлик Морозовдун жолдоруна түшүп алышып, чоң окумуштуунун жашылбайларга окуй турганын акысыз окуп бергиси келип жатса, ага каршы чыгышканы акылга сыйгыс нерсе эмес. Студенттерди саясатка аралаштырбоо керек. Азыр коррупционерлерди кустуруп, акчаларын элдин кызыкчылыгына пайдаланып жаткандай эле, Акаев илимий жактан да болсо кусуп берем деп жатса, ага тоскоолдук кылган элибизге, биринчи кезекте Кычанчиктер менен Павликтерге гана зыян.
Автандил Белеков