— Аскар Акаев менен жубайы Майрам Акаеванын өлкөгө келиши резонанс жаратып, бир топ кайчы пикирлердин жаралышына жем таштады. Ал эми интернет баракчаларында “Акаев келди, кезек Бакиевде. Атамбаев чыгып кетти” деген сөздөр байма-бай айтылууда. Чындап эле бул атайын максаттуу түзүлгөн планбы?
— Кыргыз наркында “Хандын башын хан алат” же “Күндүн көзүн көргөн суукка тоңбойт, хандын көзүн көргөн арам өлбөйт” деген сөз бар. Кыргыз санжырасында каадалуу калк экендиги талашсыз. Ошондуктан Президент Садыр Жапаров, элдин башын бириктирүү максатында экс-президенттердин баарын чогултуп бозгундагы, түрмөдөгү деп иргебей ийри отуруп, түз кеңешип алар менен бир дасторкондо чогуу отурушту. Муну карапайым эл да туура кабыл алды. Чындыгында бул жолугушуунун максаты биримдик болду. Мисалы, Атамбаевди көз көрүнөө чай кайнамда чыгарып кетти түрмөдөн. Мамлекеттин карамагына өтчү үй мүлкүн, жашаган үйүн да берди. Мурунку Президент Аскар Акаевди актады. Мыйзам деген түшүнүктү жыйнаштырып коюп, ынтымак үчүн болгон иш деп эч ким каршы чыгып же митинг уюштурган жок. Негизинде кайсы гана өлкөдө болбосун мыйзам — наркка, менталитетке таянып жазылат. Ошондуктан Президенттин бул иши менимче максаттуу пландарынын бири. Акаевдин акталышы, Бакиевдин келишине жол ачты десек болот. Ачылыш да керек. Биздин эл качанга чейин түндүк-түштүк болуп “трайбалисттердин” курмандыгы болуп жүрө беребиз…
— “Аскар Акаев Жогорку окуу жайларга лекция окуйт” деген маалыматтар менен кошо студенттердин Аскар Акаевдин лекциясынан баш тарткан кайрылуулары чыгып муну эл колдоду. Буга кандай дейсиз?
— Чындыгында “Аскар Акаев университеттерге, институттарга лекция окуйт” деген маалыматтар чыгып, бир топ нараазычылыктарды туудурду. Бул маалыматты таратып, козуткандардын артында Эмилбек Каптагаев турат. Элди кайраштырган бул Убактылуу Өкмөт. Бул жердеги кызыкчылыктын негизи жакында 10-июнь келе жатат. Мына ушул 10-июндагы түштүктөгү коогалаңга катыштыгы бар адамдардын кызыкчылыгы жана Аскар Акаевди каралоонун артында Эмилбек Каптагаев гана турат. Бул жерде Алмаз Атамбаевдин тиешеси жок болсо керек. Анын иши сотко кайра жөнөтүлгөн. Өзү сыртта дарыланууда. Ош окуясынын, 7-апрель окуясынын башкы идеологу Эмилбек Каптагаев турган. Азыр да “Аскар Акаев келди. Лекция окуйт экен. Ал жаштардын келечегин уурдап кетти” деген сөздөрдүн артында уюштуруучулук жатат. Майрам Акаеванын энеси, баласы Айдардын көзү өтүп кетти. Мына ушул себептерден улам ал Таласта жүрүп келди. Негизи кыргыз салтында жакшылык, жамандык эл менен бирге да. Акаевдердин үй-бүлөсүнүн уулу Айдар Акаевдин көзү өткөндө бул жакка келе алышкан эмес да. Жок жердеги каралоо менен аза тарткан адамдардын жарасын кайра тырмай берген болбойт да. Бул жерде эл Убактылуу Өкмөттүн негизсиз каралоолорун колдой турган болсо, анда эл Убактылуу Өкмөттү колдоп, алардын пайдасына иштеген болобуз. Ошондуктан мындай талаш жараткан маселеде этияттык керек.
— Студенттердин Аскар Акаевичтин лекциясынан баш тартуу демилгесине Эмилбек Каптагаевдин кандай тиешеси бар?
— Шыкакчылардын сап башында турат десек болот. Биринчиси, “Бакиев келбесин”, “Акаевдин келишине моралдык акысы жок” деген сөздөрү менен Садыр Жапаровдун идеясына каршы чыгып жатат. Мунун артында эртедир, кечтир соттоло турган Убактылуу Өкмөт турат деп так билгиле. Муну коомчулук да билүүгө тийиш. Эмилбек Каптагаев Убактылуу Өкмөттүн мүчөсү болгон. Кыска мөөнөткө Президент боло калган Роза Отунбаеванын аппарат башчысы да боло калган эмес беле. Ал эми Аскар Акаев бийликте турганда аким болуп иштеп турган учурда Аскар Акаев менен Майрам Акаеванын тузун таткан адам. Каркыра боюнча алдыңкы комиссиялары түзүлүп жатканда комиссиялардын бири эле. Комиссиянын курамындагы кишилердин бири катары Каркыранын кетишине кол койгондордун катарында турат. Ошондуктан бул жерде мен Атамбаевдин көлөкөсү жок деп айта алам. Ал азыр Испаниядагы үйүндө жашап жатса керек. Эркиндикке чыкты десек да туура болчудай…
— Алмазбек Атамбаев Испаниядан да үй алган беле?
— Атамбаевдин Испаниядагы үйүнүн тарыхын мен жакшы билем. 2012–2013-жылдары болсо керек эле… 2010-жылдын 7-апрелинен кийин Ак үйдө штаттан тышкары Конфликтолог катары иштеп жүргөн мезгилим эле. Мага бир жигит келип, “Классикалык шымыңызды берип туруңуз. Мен Ак үйгө кирип чыгайын. Икрам Илмиянов менен Тайырбек Сарпашовго кирип чыгышым керек эле. Күзөттөн киргизбей жатат” деп шым сураган. Ким экендигин сурасам Тайырбек Сарпашевдин бир тууган жээни болот экен. Ал кезде Тайырбек Сарпашев вице-премьер болчу.
Ак үйдү кайтарган күзөт бөлүмүнүн жетекчиси менен сүйлөшүп ал жигитти киргизип койдум. Кийин жолугуп сураштырсам ал жигит Испанияда жеке ишкердик менен иштеп жүргөн экен. Атамбаев ошол мезгилде кыргызстандык жеке ишкерлер аркылуу Испаниядан үй алып койгон. Азыр ал эл көзүнө батир жалдаган киши болуп, өзүнүн эле үйүндө жашап жатат. Азырынча ал Кыргызстандагы иштерге анчалык кийлигише албайт. Ошондуктан Атамбаевдин тарапташтары трайбализмге жол ачпай тынч отурганы оң болот.
— Курманбек Бакиевдин Кыргызстанга келиши саясий интригалардын келип чыгышына шарт түзбөйбү?
— “Атамбаев болду кайра кайтып келбейт” деген сөз жеке менин пикирим. Негизи анын иши сотко кайра кароого жөнөтүлгөн. Ал эми Курманбек Бакиев боюнча коомчулуктун кайсы бир бөлүгү Бакиевдин келишин колдоп, ошол эле учурда мыйзам баарына бирдей иштешин талап коюуу менен бирге колдоого алып да жатышат. Себеби, Курманбек Салиевич сыртынан соттолгон. Сотуна адвокаты да катышкан эмес. Убактылуу Өкмөттүн Курманбек Бакиевди сотко берип, Интерполго издөөгө берген менен Убактылуу Өкмөттүн тааныбагандыгынын негизинде кайтарышкан жок. Ошондуктан Курманбек Бакиев өзү деле соттун акыйкаттуу өтүшүнө кызыкдар да. Убактылуу Өкмөт мыйзамсыз бийликке келип, мыйзамсыз соттоо болсо Интерпол таанымак беле? Эгер Интерпол Убактылуу Өкмөттү мыйзамдуу бийлик деп тааный турган болсо, алар Бакиевдерди кайтармак да. Бакиевдер Кыргызстанга келе албаганы менен Казакстан, Европа жана башка чет өлкөлөрдө кенен-кесири эле жүрүп жатпайбы. Кала берсе, журналисттерге да интервью берип жатат. Ошондуктан 7-апрель боюнча иш кайра жандана турган болсо, Убактылуу Өкмөттүн мүчөлөрү камалары шексиз. Мына ушуну билген үчүн, Убактылуу Өкмөттүн мүчөлөрү ишти создуктуруу максатында элди трайбализмге түртүп, Ош коогалаңы 10-июндан буйтап өтүү булардын максаты болуп жатат.
— Эгер маселе акыйкат болуп жатса, бүгүнкү бийликке ким жана эмне тоскоолдук жаратып жатат?
— Алдын ала тактап коеюн. Муну Садыр Жапаров актай албайт. Күнөөсү бары, жогун сот аныктап, сот чечет. Бүгүнкү күнү Курманбек Бакиевдин тарапташтары да “ооба, сот иши жүрсүн. Биздин да сурай турган суроолорубуз бар. Эң башкысы акыйкат, калыс сот иши жүрсүн” деп айтып жатышат. Алмазбек Атамбаевдин иши дагы кайра каралбадыбы. Мына ушундай эле ыкманы суранып жатышат. Эч ким Садыр Жапаровду актап бер деп жарга такаган жок.
Турдайым Кожомбердиева