Сиандагы тарыхый саммит

Сиандагы тарыхый саммит

Сиандагы Кытай менен Борбордук Азиядагы республикалардын жетекчилеринин саммити — ​баардык жагынан тарыхый деп айтарлык саммит болду. Биринчиден, мындай форматта алты өлкөнүн жетекчилери биринчи иретте жолугушту. Анын алкагында Борбордук Азия республикаларынын президенттеринин мамлекеттик иш сапарлары да болду. Экинчиден, андагы соода, экономикалык жана гуманитардык байланыштар боюнча макулдашуулар буга чейинкилердин баарынан ашып түштү. Азыр саммиттин алкагында Кытай Борбордук Азиядагы республикаларга жалпысынан 50 миллиард долларлык инвестицияларды сала тургандыгы маалымдалууда. Алар конкреттүу айрым долбоорлор боюнча гана макулдашылгандар, чындыгында меморандум түрүндө жетишилгендерди кошкондо андан кыйла көптүк кылат.

Алсак, Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жол курулушун тездетүү жөнүндө эң жогорку деңгээлде айтылды, министрлер үч тараптуу келишимге да кол коюшту. Бирок, анын конкреттүү суммасы, каржылык булактары көрсөтүлбөдү. Ал долбоор боюнча деталдаштырылган эксперттик талдап-тастыктоо аяктагандан кийин гана айтылат, дагы бир жолу каралып, анан колдор коюлгандан кийин гана старттык деңгээлге чыгат. Мындай көрүнүш бир катар экономикалык, гуманитардык макулдашууларга да тийиштүү болуп саналат.

Кытайдын жетекчилиги Борбордук Азиядагы республикаларга каржылык жана кайтарымсыз 3,72 миллиард доллар жардам көрсөтүүгө убада кылды. Бирок, ЖМКлардын маалыматтары боюнча, андан 42 миллион доллары гана грант түрүндө бизге тийиптир.

Казакстан биргелешкен 47 долбоор боюнча 22 миллиард долларлык инвестицияга макулдашса, Өзбекстан 27 долбоор боюнча 25 миллиард доллар тартканы жатат. Аларга эки ГЭС, күн жана шамал электр станциялары, жаңы темир жолдор, вагондорду чыгаруучу, фотоэлектрдик панелдерди, электр жабдууларын, трансформаторлорду, аккумуляторлорду чыгаруучу заводдор курулат экен. Ал эми Кыргызстан тарап 26 документке кол койсо, биздин оюбузча, алардын ичинен Ысык-Көл облусунун Тору-Айгыр айылына 1000 мегаваттык күн электр станциясын, Чүй облусунда жер семирткичтерди чыгаруучу заводду, Ош шаарында таштандыларды өрттөөчү заводду, “ТНК Шумкар” ААКнун базасында оор жүк ташуучу жана атайын багыттагы автоунааларды чыгаруу боюнча заводду куруу боюнча макулдашуулар өзгөчө маанилүү болуп саналат. Анткени, Токтогул ГЭСинин кубаттуулугу 1200 мегаватт болсо, Тору-Айгырда 1000 мегаваттык же 700 миллион долларга күчү Токтогул ГЭСине жакын күн электр станциясы курулганы жатат. Ал макулдашууда көрсөтүлгөндөй, 3 жылдын ичинде курулуп бүтсө, ага чейин курулуп бүткөрүлө турган майда жана чакан ГЭСтерди кошкондо Кыргызстанда электр энергиясынын таңсыктыгы маселеси толук чечилет.

“Шумкардын” базасында оор жүк ташуучу жана атайын багыттагы автоунааларды чогултуучу заводдун курулушуна бир нече миллион доллар жумшалары маалымдалды. Даяр тетиктер Кытайдан ташылып келинип, анда кураштырылат. Жер семирткичтерди чыгаруучу заводко бир нече жүз, Оштогу таштандыларды өрттөөчү (Бишкекте таштандыларды иштетүүчү завод курулганы жатса, Ошто таштандыларды өрттөөчү завод курулат дегени, ачыгын айтуу керек, заманбап долбоор эмес. Таштандылар өрттөлсө, айлана-чөйрө ТЭЦтерден түтүн чыккандай булганат) заводко 30–40 миллиондой доллар жумшалса, киносериалдарды тартуу, китептерди чыгаруу ж. б. кошкондо, Кыргызстандын 50 миллиарддагы үлүшү 1–1,2 миллиард доллардын тегерегинде болот экен. Же кубаттуу эки кошунабыз 50 миллиарддын 47 миллиардын өздөрүнө тартып алышса, бечара 3 республикага 3 миллиард гана тийди.

Кошуналардын долбоорлорунда суроо туудурган да жагдайлар бар. Алсак, эки тараптуу макулдашууларга ылайык, Кытай Өзбекстанга Наманганда, Ташкентте ГЭСтерди курганга он миллиард долларга жакын каражат бергени жатат. Бирок, Наманган, Ташкент облустарында ГЭС курганга ылайык жерлер жок экенин чектеш жашаган мекендештерибиз жакшы билишет. Наманган облусунун аймагына ГЭС курулса, ал Фергана өрөөнүнүн көп жери суу алдында калат. Ташкенттин Чыйырчык жагында деле чоң ГЭСти батыргыдай жай жок. Же өзбек боордошторубуз Ала-Букадагы суу сактагычтай кылып, плотиналарын гана өз аймактарында тургузуп, Кыргызстандын аймагын сууга бастырышканы жатабы? Мурда Чаткалда ГЭСтерди куруу жөнүндө сөз болду эле, Өзбекстандын Наманган, Ташкент ГЭСтери дегендери ошолор эмеспи?

Садыр Жапаров Кытайдын Шаньдун провинциясындагы Цзинань шаарына барганда ал жердеги заводдон Кыргызстан газ менен жүрө турган 1000 автобус сатып алынарын билдирди. Алардын жарымы ушул жылдын аягына чейин келсе, калганы кийинки жылдын биринчи жарымынын ичинде алынып келинет.

Ошентип, Сиандагы саммит Кытай-Борбордук Азия өлкөлөрүнүн ортосундагы кызматташтыктын жаңы этабын ачты. Анда кызматташтыкты мындан ары өнүктүрүүнүн “Сиань декларациясы”, андай саммиттерди ар эки жылда өткөрүп туруу жөнүндө чечим кабыл алынды. Ал сөзсүз жаңы долбоорлор боюнча макулдашууларга, келишимдерге жол ачат. Бирок, биз үчүн Кытай-Кыргызстан- Өзбекстан темир жолунун, Камбар-Ата‑1 ГЭСинин курулуштарын тездетүү артыкчылыктуу экени талашсыз. Ошондуктан Өкмөт жетишилген макулдашуулардын тезирээк ишке ашырылып, андан ары жогорудагы эки долбоорду аткарууга киришүүгө баардык мүмкүнчүлүктөрдү жумшоолору зарыл. Буга чейин бизде пайдалуу макулдашуулар, келишимдер жетишерлик болгон менен Өкмөттүн шалаакылыгынан улам алардын көбү кагаздарда эле калып калганы эсибизден чыга элек. Алсак, 2019-жылы жазында Кытай өкмөтү, ишкерлери менен жалпы суммасы 7 миллиард долларлык макулдашууларга кол коюлса, алардын бири деле аткарыла элек. “Туулганына эмес, турганына сүйүн” дегендей, кагаздарда жаралгандардын конкреттүү иш аракеттерге айландыруу да татаал иш экенин эсибизден чыгарбасак.

Мирлан Дүйшөнбаев

Share