Эки жүздүүлүк эпидемиясы

Эки жүздүүлүк эпидемиясы

Кыргызстанды эле эмес, бүткүл дүйнөнү түрө каптаган коронавирус пандемиясы болгонуна үч жылга аяк басты. Жалпы элдин жүрөгүнүн үшүн алып, далай мыкты жарандарыбызды арабыздан алып кеткен бул апааттан өттүк дегенибиз менен, али да болсо ал оорунун кесепеттери ар кандай түрдө кайталанып, улам-улам эски оорулардын баары кайрадан козголуп, же кийин эле пайда болгон жаңы түрлөрү биротоло жоголуп кетпей, айтор, коомчулук бир кездеги чың ден-соолуктагы саламаттыгына жетпей келе жаткансыйт…

А бирок, андан да өткөн коркунучтуу оору — ​тигил, же бул коомчулуктагы моралдык-нравалык жактан ылаңдоо, абийир-ар-намыс баалуулуктарын тебелөө сыяктуу “оорулар” болору түшүнүктүү. Мындай маселелердин баарын тизмелей берсең, биздин бүгүнкү жашообузда соо калган жана салыштырмалуу таза деп айтууга боло турган бир тармак калган жок!..

Көрсө, тээ эгемендиктин алгачкы жылдарында, биринчи президент Аскар Акаевдин доорунда эле, эң жогорку бийликтен тартып, эң төмөнкү деңгээлге чейин, жалпы өлкөнү каптай баштаган саясаттагы жылма (же, ырсая жылмайма эки жүздүүлүк: айткан сөзү бир башка, жасаган иши теңирден тескери!) эки жүздүүлүк азыркы тапта апогейине жетип калыптыр…

Кечээ Жогорку Кеңешке Прокуратура жөнүндө жаңы мыйзам долбоору сунушталганы кабарланды. Мындай тез арада даяр боло калган “долбоор”, парламентте бир жума мурда эле өткөн кызуу талаш-тартыштан соң жаралгандыгы түшүнүктүү. Айрым эл өкүлдөрү көз артыша, “прокурор болуп, анан өлгүсү келип” кетишкен маселе — ​азыркы Прокурорлор тууралуу мыйзамда каралган, кызмат учурунда курман болгон прокурордун үй-бүлөсүнө төлөнүп бериле турган мамлекеттик кенемте болуп калды.

Кызмат учурунда курман болгон прокурордун үй-бүлөсүнө анын жыйырма жылдык эмгек акысы төлөнүп берилет деген жобо кызуу талкууга айланып, талаш-тартыштардын чордонуна айланды. Чындыгында, айрым депутат айымдар “погиб” деген аныктама менен “умер” деген сөздөрдүн айрымачылыктардын (лексикалык-семантикалык маанисин) жакшылап аңдай алышпагандай. Сыягы, кыргызчасында экөө тең эле бирдей мааниде которулуп калса керек.

Ал эми “погиб” деген терминге келе турган болсок, кызмат учурунда кылмышкерлерге каршы жанын аябай күрөшүп, мамлекет жана эл мүлкүнө кол салган коркунучтуу мафиялык-уюшкан кылмыштуулук тарабынан мыкаачлык менен өлтүрүлгөн прокурор бүгүнкү турмушта бар болсо — ​жогорудагы жыйырма жылдык өлчөмүндөгү кенемте дагы аздык кылат! Андай прокурорду дароо Эл Баатыры статусуна теңеп, керек болсо кырк жылдык айлык өлчөмүндө кенемте берсе да болот. Тескерисинче, бизде прокурорлор кубаттуу кылмышкерлер менен жең ичинде дос болушуп, аларды калкалашып жүргөн учурлар да кээде ачыкка чыгып калып жүрөт. Бекеринен эле эл арасында “миллион уурдасаң кутуласың, тоок уурдасаң — ​тутуласың” — ​деген учукул сөз жаралган эместир…

Мыйзам адегенде дал ушундай идеялык мааниде жазылып, кийинчерээк айрым детальдары жылмаланып, “ылайыгы келсе баарына тең колдоно берелик!” дегендей амал менен, атайылап жасалса керек. Албетте, кызмат учурунда деле той-ашта, ресторанда, же үйүндө аракты ашкере ичип алып, ууланып өлсө, же өзүнүн табигый оорусунан улам, же бытовой кырсыктан улам өлсө (бул да жогорудагы “погиб” дегенге туш келип жтапайбы?!), мыйзамдагы кенемте төлөнбөшү керек. Маселенин баары — ​мыйзам чала жана так жазылбай калгандыгында болуп жатпайбы. Муну түшүнбөй, мыйзамчылар кайра прокурорлорго жана башка белгисиз кимдир бирөөлөргө нааразыланып жатышканы — ​накта трагикомедия болду!..

Мыйзам чыгаруучулар жаңы омбудсмен Жамийла Жаманбаеваны абдан тездик менен шайлашканы да көп суроолорду жаратат. Атыр Абдыракматова эмне үчүн мөөнөтү бүтө электе эле кызматынан кетүүгө мажбур болду? Ал кимдер үчүн ыңгайсыз фигура болуп калды? Ишин баштап, катуу иштей баштаганына бир жыл араң толбоду беле? Башка омбудсмендерге салыштырмалуу алганда, кызматынан аксаганы анча деле байкала элек болчу. Арасында чала сабаттары да, юридикалык эң жөнөкөй нерселерди түшүнбөгөндөрү да болгон. Айрыкча, Кыргызстандыктардын укугун коргоп бүтүп, жыргатып койгонсуп, эми Кытайлык кыргыздардын укуктарын кантип коргоону ойлоп жатамын деген, мөөнөтү аяктаганча иштеген Токтокүчүк Мамытовго караганда…

Асыресе, эки жүздүүлүк парламентти эле эмес, жалпы коомчулуктагы бардык тармактарды коюу каптап кеткен. Курманбек Бакиевдин «Курултайчылардын» аксакалы Кадыр Кошалиевге берген интверьюсунун чыры дагы кызуу талкууларга жем таштады. Жаш саясатчы Темирлан Султанбековдун ал маекти сындап чыкканы өз эрки дечи. А эмне үчүн ал өз “шефи” Алмазбек Атамбаевди айга-күнгө салыштырып, мактагандан уялбайт?!

Ак Үй алдына митингге чыгышкан 7-апрельчилер, бир кезде президент болом деп таанылган Токтайым Үмөталиева баш болуп, экс-президент Курманбек Бакиевдин Кыргызстанга келишине каршы экендиктерин билдиришти. Макул, билдиришсин. Бул да алардын өз эрктери. А бирок, эмне үчүн алар Аскар Акаевге жана да “Мээрим” фондусунда олтуруп алып, акимдерден баштап, бардык министрликтерге чейин каалагандай калчаган Майрам Акаеванын келишине каршы чыгышкан жок?..

Былтыр жайында УКМКга сурак берип чыккан Аскар Акаевди кучактамакчы болуп умтулганда, Акаев Токтайым Үмөталиеваны эки колдоп артка түртүп жибергенин жалпы республика көргөн. Же, баягы эле кыргызчылык илдеттен улам, өз корообуздан кочкор салабыз дегендей, Майрам Акаеваны эже, Аскар Акаевди — ​жезде дешип, атайылап байкамаксан болуп жатышабы?

Кандай болгон күндө да, саясатчынын эки жүздүүлүгүндө дагы чек болушу керек. Тилекке каршы, бүгүнкү биздин кыргыз коомчулугунда эки жүздүүлүк жана өз башындагы төөнү көрбөй, башка бирөөнүн башындагы чөптү көрөт дегендей мамиле — ​кеңири кулач жайды. Кыргыз элинин канында мындай нерселер жок эле, анча-мынча жолукса да, жалпы эл аларды уяткарып, тыйып салчу эле, эми эмне үчүн мындай коркунучтуу, жаман илдет катуу темпте күч алып бара жатат? — ​деген ойлор да жаралбай койбот.

Сыныктан башканын баары — ​жугуштуу деп байыркы акылман кыргыз эли айткандай, НПОшниктер жана башка саясатчылардын баары АКШнын эки стандарттуулугун “мыктылап” өздөштүрө башташкандай туюлат. Эгерде Токтайым Үмөталиева жана Темирлан Султанбеков сыяктуу саясатчылар чындыгында эле чындык үчүн жалындап-жалбырттап күйүшүп, аларга өз жүрөктөрүндөгү ар-намыстуулук жана принципиалдуулук тынч жашоого мүмкүнчүлүк бербей жаткан болсо, эмне үчүн алар 7-апрельдеги кандуу төңкөрүштө (айрымдар “революция” деп жүрүшкөн) тумандуу жана табышмактуу жагдайда курман болгондорду гана эстешет?..

Эмне үчүн алар Аксыда мамлекеттик милиция кызматкерлери чыгарган октордон курман болушкандарды, же өлкөдө тынчтык орнотом деп барып, “Кой-Таш Республикасынын” “президентинин” үйүндө кызматтык милдетин аткаруу учурунда курман болгон Үсөн Ниязбековду эстешпейт?! Анын үй-бүлөсүнө дагы прокурорлорго берилүүчү кенемте сыяктуу эле материалдык компенсация каралышы керек болчу. Мыйзам чыгаруучулар ушуну ойлошпойбу?

“Айта берсе арман көп” демекчи, мындай эки жүздүү көрүнүштөр коомубуздун бардык тармактарын (мыйзам чыгаруучулардан баштап, маданий-билим берүү тармактарына чейин) толуп каптап бүтүп, соо калган чөйрөнү табуу кыйын. Кечээ кечинде эле тележаңылыктарынан Бишкектин Ахунбаев жана Тыналиев көчөлөрүнүн кесилишинде жайгашкан “Батуми” кафеси борбордук мэрия тарабынан түрттүрүлүп, бузулганы көрсөтүлдү. Кафенин ээси — ​“мен карапайым адаммын, мугалимдиктен ишкерликке өткөнмүн. Мага бул курулуш материалдары керек, сындырбай, чыгарып алууга мүмкүндүк бергиле?!” — ​деп чырылдап-ыйлап жатат. Анын муңун уккан эч ким болбоду.

А мен дал борбордук, “Эмен паркынын” чордонунда жайгашкан “Фрунзе” ресторанын эстедим. Калпы-чынын ким билсин, балким, официалдуу документтеринде башкачадыр. А бирок, эл арасында ал ресторан таанымал саясатчы, азыркы элчи Өмүрбек Текебаевге таандык деген кептер айтылып келет. Адегенде ага дагы жайкы учурга ылайыкталган, убактылуу жеңил гана констркуциядагы курулушка уруксат берилип, кийин өзүм билемдик менен, ошол аймактагы эң чоң имаратка айланып калыптыр…

Кош стандарттуулук, эки жүздүүлүк азайып, мыйзам элдин баарына тең бирдей иштей баштамайынча, эл нааразычылыгы басылбайт. Тескерисинче, күчөй берет. Чыдоонун да чеги болот, ал такыр чексиз эмес.

Ишенбек МУРТАЗАЕВ

Share