Эмилбек Каптагаев, мамлекеттик, саясий жана коомдук ишмер: «Учурда Түрк Союзунун иши жандана баштады, биз ушул жакка бир топ көбүрөөк көңүл бөлгөнүбүз туура болчудай»

Эмилбек Каптагаев, мамлекеттик, саясий жана коомдук ишмер: «Учурда Түрк Союзунун иши жандана баштады, биз ушул жакка бир топ көбүрөөк көңүл бөлгөнүбүз туура болчудай»

— Эмилбек мырза, Кыргызстандагы бүгүнкү социалдык-экономикалык жана саясий абалды кандай баалайсыз?

— Негизинен өлкө ичиндеги абал турукташып калды, бул биринчи кезекте социалдык жана экономикалык багытка тиешелүү, салык менен бажы жыйымдары көбөйүп, мамлекеттик бюджет бир топ эле турукташып калды го дейм, тиги Акаевдин заманынан бери ызы-чуу менен коштолуп келген Кумтөр бир жаңсыл болуп, толугу менен өзүбүз иштетип калдык, бюджетке болгон төлөмү көбөйдү деп айтсам да болот. Мына ушундан улам бир катар ири долбоорлор башталып жатат, мисалга алсак, ГЭСтердин курулушу, жолдордун оңдолушу, Каракол, Ош, Жалал-Абаддагы аэропорттордун кайра курула башташы сыяктуу. Жалпы жонунан жакшы жышаандар көп. Бирок бир гана чоң көйгөй бар — ​бул Кемпир-Абадга байланыштуу камакка алуулар, отуздан ашуун адамга карата кылмыш ишинин козголушу, аларга «мамлекеттик төңкөрүш” деген айып коюлуп жатканы. Кемпир-Абад маселеси эки өлкө ортосунда чечилип, юридикалык жагынан бир жаңсыл болду, бул тарых болуп калды, эми ал мезгилдин гана таразасында болот. Бирок ошондой болгону менен бул окуя эл оозунда ооздон-оозго өткөн жомок болуп кала бере тургандыгы шексиз, ар түрдүү пикир, ар кандай өңүттө айтыла берет, муну Президент Садыр Жапаров деле өзү ачык айтты го. Эл оозунда элек жок дейт эмеспи. Мисалы Үзөңгү-Кууш же Каркыра маселесиндей эле, бири туура деп, бири туура эмес деп айтып, бул маселе денедеги жарадай болуп кала берет. Бирок ошол жаранын кесепети кандай болот? Бул чоң суроо. Жооп – азыркы «кылмыш ишинин” аягы эмне менен бүтөт, ошого жараша болот. Ачык жарыя болгон маалыматтарга, айыпталуучулар менен алардын адвокаттарынын айткандарына караганда эч кандай кылмыш курамы жок, тагылган айыптарга далил деле жок. Ал эми бийлик тарап далил бар экендигин, төңкөрүшкө даярдык болгону чын экендигин ачык айтып жатат. Коомдо болсо маселе саясий гана өңүттө, камактагылар саясий туткундар деген пикир калыптанып калды. Албетте сот процесси биздин элдин гана эмес, бүтүндөй эл аралык коомчулуктун, эл аралык уюмдардын көзөмөлүндө болот, ар бир тагылган айып, ар бир далил талкууга алынат, эгерде адилетсиздик болуп жатса эл аралык таразага салып караганда сөзсүз резонанс жаратат, ар кандай билдирүүлөр, нааразычылык акциялары менен коштолот. Анткени бүгүн жөнөкөй эле «баланчаев-түкүнчөев” дегендер камалып отурган жок, көбүнчө аттын кашкасындай таанымал, саясатта дагы, коомчулукта дагы өз ысмы, өз орду бар инсандар камалып отурушат, арасында эгемен өлкөбүздүн тарыхында орчундуу орду бар Азимбек Бекназаров, Кеңешбек Дүйшөбаев, Асия Сасыкпаева, Бектур Асанов сыяктуу саясий лөктөр дагы бар. Аларды соттоп, түрмөгө камап салуу менен эле маселе биротоло жабылып калбайт да. Тетирисинче, бул маселеге байланыштуу көптөгөн факторлор жыйылып келип жанагы «жаранын” оозун ачып, аны күчөтүп, ырбатып жиберүүсү дагы мүмкүн, анан аягы барып кандай болот, эмне менен бүтөт бир Кудай билбесе азыр эч ким боолголоп айта албайт. Үзөңгү-Куушка байлап Азимбек Бекназаровду камап, анан барып Аксыда элди аткан Акаевдин бийлиги эмне болду? Ал деле тарыхый чоң сабак. Чыныгы туруктуулукту адилеттүүлүк менен мыйзамдуулукка таянып гана орнотууга болот. Эмне маселе болбосун мыйзам чегинде, адилеттүү чечилсе гана эч кандай нааразычылык жараптайт. Ошондуктан өлкөнүн келечектеги туруктуулугун ойлосо бийлик бул ишке «камайм дедимби камайм” дегендей көктүккө салып, же «боло берет” деген өзүбүздүн «кыргызчылыкка” салбай өтө дыкат маани берип карап, мыйзамдуу жана адилеттүү жыйынтык чыгарса дурус болот го дейм. Эң башкысы, сот процесси томолоктонуп-жумалактанып жабык өткөрүлбөстөн ачык, коомчулуктун, прессанын катышуусунда өткөнү максатка ылайык. Өлкөдөгү туруктуулукту бекемдөө үчүн бул өтө маанилүү.

— Коррупцияга каршы күрөшүү, көмүскө экономиканы ачыкка чыгаруу багытында жүргүзүлүп жаткан иштердин натыйжасы болуп жатабы?

— Коррупцияга байланыштуу айып тагылып, көптөгөн адамдардын камалып жатышы албетте коомдун тазалануусуна оң таасир берет, ар кайсы баскычта отурган чиновниктер чочуркап, ачыктан-ачык пара талап кыла албай калат, кандайдыр бир ченемде тазалануу дагы болот. Президент Садыр Жапаровдун бул өңүттөгү аракеттери, кайсы бир иштерге тикелей киришип, өзү жеринде барып көрүп, маселелерди жеринде чечип жатканы албетте элдин колдоосуна ээ болуп жатат. Ал эми көмүскө экономиканы ачыкка чыгарууда Акылбек Жапаров башында турган өкмөттүн аракеттери колдоого татыктуу, айрыкча кассалык-көзөмөл аппараттарды колдонууга киргизүү, бажы тармагында санариптик көзөмөлдү калыптандыруу боюнча иштер. Салык менен бажы жыйымдарын толук чогултуу, бул тармактардагы коррупцияны жоюу, бюджеттин көлөмүн көбөйтүү, каражаттарды сарамжалдуу пайдалануу менен гана өлкө өнүгө алат, башка жол жок. Акыркы жылдардагы бюджеттин көлөмүнүн кескин өсүүсү, ага байланыштуу эмгек акылардын, пенсия, пособиелердин дагы көбөйүшү, бир топ инфраструктуралык курулуштардын башталышы буга далил.

— Өлкөдө грандиоздук долбоорлор жарыяланып, айрымдары башталды. Ири жана чакан ГЭСтердин, «Асман шаарынын” курулушу ж. б. Бул долбоорлордун ишке ашарына ишенесизби?

— Камбар-Ата — ​1 жана 2, Жогорку Нарын ГЭСтеринин курулушунун жандануусу, Ош, Жалала-Абад, Каракол, Кербен, Баткен аэропортторун жаңыртып курууну баштоо, Ысык-Көл алкак жолунун курулушунун жүрүшү, Бишкек шаарында бир нече социалдык турак-жай шаарчаларынын салынып жатышы өлкөнүн экономикасынын жанданып жаткандыгынын жакшы белгилери. Ысык-Көлдө болсо «Асман” шаары салынат деп долбоорлоо жүрүп жатат, аны «курулат-курулбайт” деп жоромолдоп айта берүүнүн зарылчылыгы жок го дейм. Албетте, азыр бизде ал шаарды куруп жиберүүгө каражат жок. Бирок өлкөнүн ички туруктуулугу бышыктала берсе Ысык-Көл дүйнөгө таанымал да, чет элдик инвесторлордун кызыгуусу артып, курулуш ишке ашып кетүүсү дагы толук ыктымал. Учурда демилгечилер айтып жаткандай экологиялык жактан үлгү боло турган заманбап шаар курула баштаса сонун эле болот го дейм. Буюрса деп күтө туралы да…

— Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жол долбоору үч өлкө тарабынан макулдашылды. Бирок кыргыз өкмөтү бул долбоорго кетчү каражатты таба албай калуу коркунучу бар экенин айткандар жок эмес. Долбоорго каржылык жактан кандай вариантта катышканыбыз өлкөбүз үчүн туура болот?

— Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолун куруу демилгесинин көтөрүлгөндүгүнө 25 жылдай болуп калды го, мына ошондон бери ар кандай форматтагы сүйлөшүүлөр тынымсыз жүрүп келди, ортодогу бир катар пикир келишпестиктер жоюлду. Учурдагы геосаясий абал дагы, үч өлкөдөгү тең экономикалык шарттар дагы бул темир жолдун курулушун реалдуу кылып койду. Кай бирлери билип-билбей эле “бизге пайдасы жок” дегендей өйдө-төмөн сөздөр айтып келе жатышат. Бул натуура. Чынында бул темир жол өнүгүү үчүн зор келечекти ача турган, өлкөбүз үчүн көптөгөн мүмкүнчүлүктөрдү бере турган долбоор. Бул жолдун курулушуна биз Улуттук Улуу долбоор катары мамиле кылууга тийишпиз, жалпы элдик колдоо болуусу керек. Өтө зор иш.

Кашкар-Торугарт-Жалал-Абад жолу салынып калса, бул жолго өзүбүз курабыз деп баштап жаткан Балыкчы-Кочкор-Каракече жолу барып кошулуп калса, анда Кыргызстан өзүнүн ички темир жол түйүнүнө ээ болот, ички транспорттук катыш жолго коюлат, аймак аралык жүк ташуу кыйла жеңил дагы, арзан дагы болуп, өнүгүүгө чоң өбөлгө түзүлөт.

Азыр Кытай менен Пакистан Кашкардан ары Пакистан аркылуу Индия океаны жана Перс булуңуна чугуу үчүн темир жол салуу долбоорун талкуулап жатат. Бул долбоорду кылымда болбогон зор долбоор деп жатышат, баасы 35 млрд долларга чамалайт экен. Ал эми бул жол курулуп калса, ага биздин жол кошулса, анда Кыргызстандан дүйнөнүн чар тарабына жол ачылат. Биз бир бурчта кыпчылып турган жабык өлкөдөн дүйнөнүн булуң-бурчу менен темир жол аркылуу байланышы бар, чыгышта Тынч океанга, түштүктө Индия океанына, батышта Атлантика океанына чейин жете ала турган өлкөгө айланабыз, эл аралык ири темир жол түйүнүнүн маанилүү төңөлүгү болуп калабыз.

Жакында Президент Садыр Жапаров Кытайга расмий сапар менен барат, ал жерде Кытай лидери Си Цзиньпин менен жолдун курулушу боюнча чечимге кол коюшат, бул маселе биротоло чечилет деп айтып жатышат. Эгерде бул чындык болуп, жолдун курулушу реалдуу баштала турган болсо каржы маселеси анча деле чоң көйгөй болбой калат, дүйнөдө мындай чоң долбоорлорго карата каражат берүүчү түзүмдөр өтө эле көп, узак мөөнөткө кредит алууга деле болот, ошол эле Кытайдын демилгеси болгон «Бир алкак — ​бир жол” долбоорунда деле каржы ресурсу абдан чоң. Өлкө жетекчилиги бул жагын деле ойлонуп жаткан чыгар…

— Жетим-Тоо кенин мамлекет өзү иштете тургандыгы айтылды. Кендин иштетилишине каршы болгондор да жок эмес. Сиздин бул кенди иштетүү боюнча оюңуз кандай?

— Жетим-Тоо кенин иштетүүдөгү эң башкы маселе — ​бул экология. Мына Кумтөр боюнча негизги маселе катары экология көтөрүлүп келген, мөңгүлөр талкаланып жатканы, айлана-чөйрөнүн уулануу коркунучу болуп жатканы айтылып, канадалыктарга күнөө коюлуп келген, а түгүл соттун дагы өкүмү чыкты эле миллиарддаган сом айып салынып. Азыр Кумтөр өзүбүздө, өзүбүз иштетип жатабыз. Бирок ошол айтылып келген экологиялык көйгөйлөр чечилдиби? Бул чоң суроо. Канадалыктар экологияга зыян келтирсе болбойт, өзүбүз зыян кылсак эч нерсе болбойт десек туура болбой калат. Ошондуктан Кумтөр ишканасы мурдагы айтылып келген көйгөйлөр боюнча, алардын азыркы чечилүүсү боюнча коомчулукка ачык маалымат берүүсү зарыл, мурда мындай эле, азыр мындай болуп калды дегендей. Эгерде эч нерсе өзгөрбөй, мурдагыдай эле иштер уланып жаткан болсо уят эле… Мен муну айтып жатканым, бул маселе Жетим-Тоону иштетүүгө түздөн-түз байланыштуу. Анткени бул долбоорго каршы айткандар биринчи кезекте ошол эле экологиялык кооптонууларды айтат, ошол эле Кумтөрдү мисал кылып айтат. Жетим-Тоо ири кен, ал жердеги темирдин запасы боюнча ар кандай маалымат айтылып келе жатат, бирок угушумча өтө эле чоң запас. Албетте бул кен-байлык өлкөнүн өнүгүүсү үчүн иштеши зарыл. Бирок иштетүү долбоору сөзсүз түрдө көз карандысыз экологиялык экспертизадан өтүп, Кумтөрдөгү, ошондой эле биздеги башка кендерди иштетүүдөгү айлана-чөйрөгө болгон зыяндуу таасирлер кайталанбашы зарыл. Ошону менен бирге бул кенди иштетүүдө ошо аймакта жашаган элдин кызыкчылыгы сөзсүз биринчи орунга коюлушу шарт. Кенди иштетүү менен алардын жашоо шарты начарлап кетпестен, тетирисинче социалдык, экономикалык жана маданий жагынан кескин өсүү болуп, ал жакта жашоо деңгээли дагы жогорулаганы дурус.

— Геосаясат, аймактагы абал жөнүндө сөз кылсак. Россия-Украина согушу Кыргызстанды да кыйын кырдаалга такап койгондой. Бир жагынан Россияга болгон экономикалык көз карандылык, экинчи жагынан Батыштын экономикалык санкцияларынын мүмкүн болчу кесепеттери… Мындай абалда Кыргызстандын позициясы, жүргүзгөн саясаты кандай болушу зарыл?

— Россия тарабынан Украинага карата жасалып жаткан баскынчылык согушу дүйнөлүк геосаясий кырдаалды кескин курчутуп, өтө чоң өзгөрүүлөргө алып келди. Натыйжада Россиянын эл аралык кадыры түшүп, учурда экономикалык жана каржылык санкциялардын кесепетин тартып жатат. Анын үстүнө согуштун чыгымы дагы өтө көп. Биз Россиядан өтө деле көп көз каранды эмеспиз. Тиги 1993-жылдан тарта Кыргызстан өз валютасы Сомду киргизгенден кийин Россия бизди такыр эле бөлүп, биздин завод-фабрикалардан чыккан продукцияларды такыр албай койгон, жада калса бизге буудай дагы бербей койгон. Ошол учурда Өкмөттүн аппаратында иштечүмүн, ахвал өтө оор болгон, азыркыдай рынок жок, унду жердин түбүнөн таап келе калчу ишкерлер жок. Америка беш-алты жылдай бекер буудай бербегенде, элге ун, күрүч, суу майдан өйдө гумжардам катары жеткирип турбаганда эмне болот элек бир Кудай билет. Орустардын ошол учурдагы кыянаттыгын, америкалыктардын ошол учурдагы жакшылыгын эл унутуп калды, такыр айтылбайт. Ошондой оор шартты баштан өткөрүп, ошондой кризистик кырдаалда деле бутка туруп кеттик эле го. Азыр кырдаал такыр башка, жалгыз Россиянын «этегине намаз окуп отура бергендей” деле абалда эмеспиз. Согушка карата нейтралдуу позиция кармап келе жатабыз, бул туура. Россия менен экономикалык жана маданий байланыштарды үзгөн жокпуз, бул дагы туура. Менин оюмча Россия башында турган ОДКБ деген саясий-аскердик түзүм гана орунсуз болуп турат азыр, келечеги түшүнүксүз. Бул уюмдун пайдасына жана келечегине көзүм жетпейт. Учурда Түрк Союзунун иши жандана баштады, биз ушул жакка бир топ көбүрөөк көңүл бөлгөнүбүз туура болчудай.

Эгерде Түрк элдеринин цивилизациясы дүйнөлүк геосаясий картада өз ордун таап калса бизге эле жакшы болот. Америка Кошмо Штаттары башында турган коллективдүү Батыш менен деле мамилебиз сууп кеткен жок, Кытай менен, Ислам дүйнөсү менен мамилебиз жакшырып бара жатат. Жалпы жонунан айтканда Кыргызстандын геосаясий абалы азыр дурус эле деп ойлойм.

— Аз күн мурда Казакстандын чек арачылары Токмоктун тушундагы айланма жолдун боюндагы транзиттик аймакка тикенек зымдарды тартты. Бул күтүлгөн нерсе беле? Бул эки өлкөнүн карым-катышына, алакасына терс таасирин тийгизбейби?

— Ал жер мурдатадан эле тосулуп турган да, болгону азыр май куюучу бекеттерин жаап, тосмону бери жагына жылдырып коюшту, мурда аркы бетинен болчу. Бул жер тилкеси негизи Кыргызстандыкы эле болуусу керек болчу, суунун нугуна караганда, бирок тиги Советтер Союзу учурунда жол курабыз деп казактардан уруксаат сурап кат жазып, ал жерди Казактыкы деп таанып салыптырбыз да. Кийин Каркыраны берип жатканда миң гектир жер алдык деп карандай калпты айтпай эле, ушул жердеги 3–4 гектар жерди ошол маселеге байлап чечип алганда туура болмок экен. Ошол учурда чечилбей калды, эми айла жок. Азыр бул маселе курч деле эмес, транзиттик аймак катары жолдон ары-бери машинелер эркин эле өтүп жатпайбы.

— Президент С. Жапаров Москвадагы Жеңиш парадына катышып келди. Өлкө башчынын бул сапарын сынга алгандар көп болду. Кээ бирлер президенттин бул сапарынын өлкөбүзгө терс кесепети болушу мүмкүндүгүн айтып жатышат. Сиздин бул боюнча оюңуз кандай?

— Президент Жапаровдун Москвага барышын Орус-Украин согушунда Россияга колдоо көрсөтүп жатат деп түшүнүү керек эмес. Өзү деле ал жердеги жолугушууда, сүйлөшүүдө, сый тамак үстүндө баскынчылык согушту колдой тургандай ишарат кылган жок да. Анын үстүнө жалгыз эле барган жок, Казакстан, Тажиксан, Өзбекстан, Түркмөнстан, Беларусь, Армения жетекчилери бүт барышты.

Президент Садыр Жапаровдун Москвага барып Кызыл Аянттагы парадга катышкандыгын биз ошол Улуу Ата Мекендик согуштагы Улуу Жеңишке таазим кылганы, ошол Ата Мекендик согушта курман болгон, катышып келишип жай турмушта каза болгон өзүбүздүн мекендештердин арбактарына таазим кылганы, ошол согуш учурундагы Кыргыз Республикасынын элинин тылдагы каармандык эмгегине таазим кылганы деп түшүнүүбүз абзел го дейм.

Кандай болгон күндө дагы Жеңиш парады 1945-жылы ошол Кызыл Аянтта өткөн, ошол Кызыл Аянтка Американын Президенти баш болуп далай өлкөлөрдүн лидерлери ушул эле Жеңиш күнүнө карата көп эле жолу келишкен, Совет элинин эрдигине, жалпы Жеңишке кошкон эбегейсиз зор салымына таазим кылышкан.

Улуу Жеңиш күнүн идеологияга, утурумдук саясатка байлагандыгыбыз болбойт, Улуу Жеңиш күнүнө карата мамиле өзгөрүүсүз так бойдон калуусу зарыл деп ойлойм.

Маектешкен Мирлан Дүйшөнбаев

Share