Төрөгул Беков, КРнын мурдагы айыл-чарба министри: «Агрардык саясатты аныктоо үчүн айыл чарба министрлиги сөзсүз керек»

Төрөгул Беков, КРнын мурдагы айыл-чарба министри: «Агрардык саясатты аныктоо үчүн айыл чарба министрлиги сөзсүз керек»

— Төрөгул мырза, айрымдар «Кыргызстандын айыл чарбасы талкаланып, мануфактуралык өндүрүшкө айланып калган. Ошондуктан ири көлөмдөрдөгү товарларды өндүрүүгө жөндөмсүз» деген ойлорду айтышат. Сиздин бул маселеге көз карашыңыз кандай?

— Баарыбызга белгилүү болгондой, Кыргызстанда тигүү өндүрүшү жакшы өнүгүүдө, чыгарган продукциясынын 2/3 бөлүгү экспортко жөнөтүлүүдө. Бирок өлкөбүздүн айыл чарбасы талкаланып калды дегенге мен такыр макул эмесмин. Тескерисинче, статистика комитетинин билдирүүсү боюнча айыл чарба продукциясын өндүрүү жылына орто эсеп менен 5–7% өсүүдө. Республиканын жалпы ички дүң продукциянын ичинен айыл чарбасынын эсебине 12,1% туура келет, бул жакшы көрсөткүч. Кыргызстанда айыл чарба жерлери, жайыттар, суу жана эмгек ресурстары жетиштүү (өлкөдө калктын 60% көбү айыл жеринде жашашат), ошондуктан өлкөбүздө айыл чарба продукцияларын өндүрүүнү жогорулатуунун жакшы келечеги бар.

— Жыл сайын дыйкандарга, фермерлерге ондогон миллиарддаган сомдук жеңилдетилген кредиттер берилүүдө. Сиздин оюңузча, алардын кайтарымы адекваттуу болуп атабы?

— Жеңилдетилген 6% насыя берүү фермерлерге абдан жакшы жардам кылууда жана агрардык сектордун өнүгүшүнө өз салымын кошууда. Насыя берүү тажрыйбасы мол, коркунучтарды жана тобокелчиликтерди аныктап, алдын ала чара көрө алган коммерциялык банктар аркылуу жүргүзүлүүдө. Ошондуктан насыялардын кайтарымдуулугу жогору болооруна ишенем. Бул жерден насыялардын максаттуу пайдаланышына гана катуу көзөмөл кылыш керек.

— МинКаб төрагасы А. Жапаров бир сөзүндө бизде 500 миңге жакын дыйкан, фермер чарбалары бар деген. Алардын көбүнүн аттары болгону менен заттары жок экени эч кимге жашыруун эмес. Аларды кандай жолдор менен ирилештирсе болот деп ойлойсуз?

— Чынында эле майда чарбалар мамлекетибиздин айыл чарба жаатынын рентабелдүүлүгүнүн өсүшүнө кедергисин тийгизүүдө. Азыр майда фермердик чарбалардын жетекчилери эмне сээп, эмне өстүрүүнү өздөрү чечишет, ошондуктан өндүрүлгөн продукция ар түрдүү сапатта болуп, бир стандартка туура келбей сатууда кыйынчылыктарды жаратууда.

Тилекке каршы, фермерлерди кооперативдер аркылуу бириктирүү иштери күткөн үмүттөрдү актаган жок. Бирок фермерлерди кооперативдерге бириктирип иш алып баруу учурдун талабы жана базар экономикасында конкуренттүү продукция өндүрүүнүн бирден бир жолу. Менин оюмча, агро-кластерлерди түзүү эң туура жол болууда, ири агрегаторлордун (кайра иштетүүчү жана экспортко чыгаруучу компаниялардын) жардамы менен фермерлерди өз ара пайда табуу үчүн бириктирүү жакшы натыйжа бермекчи. Кластердик жол абдан эффективдүү экенин дүйнөлүк тажрыйба көрсөтүүдө. Биздин өлкөдө да кластердик мамилелерди колдонуу боюнча иш-чаралар жүргүзүлүп жатканы кубандырат.

— Биз агрардык өлкө делген менен азык-түлүктөрдүн көбүн же айрым түрлөрүнүн 70–80 пайызга чейинкисин сырттан сатып алат экенбиз. Анын ичинде жумуртка, буудай, тамак май, кант ж. б. бар. Бул маселелерди кантип чечип, азык-түлүк коопсуздугун камсыз кыла алабыз?

— Тамак-аш продукцияларын сырттан ташып келүү экспортко караганда алда канча көп экени чындык. Эң өкүнүчтүүсү, биз азык-түлүк коопсуздугу боюнча стратегиялык мааниси бар — ​буудайды, өсүмдүк майын, тооктун жумурткасын, кантты жана этти чет өлкөлөрдөн ташып келүүдөбүз. Кээ бир продукцияны ташып келүүнүн реалдуу себептери бар, мисалы, табигий шарттар боюнча кантты жана өсүмдүк майын жетиштүү өндүрө албайбыз. Ошол эле убакытта эт менен жумуртканы ташып келбестен өз күчүбүз менен калктын керектөөсүнүн 80–90% камсыздоого күчүбүз жетет.

Бул үчүн жакшы тоют базасын түзүү керек, айдоо жерлерди жана жайыттарды рационалдуу пайдалануу менен катар атайын эт багытындагы бодо малдын жана айыл чарба канаттууларынын санын көбөйтүү керек. Бул үчүн бизде бардык ресурстар бар, аларды ишке ашыруу үчүн туура пайдалануу менен бирге инновациялык технологияларды колдонуу зарыл.

Эстей кетсек, бир убакта Кыргызстан буудай менен өзүн толук камсыздоого жетишкен, бирок сапаты начар болгондуктан, Казакстандан алып келинген буудай акырындык менен басымдуулук кылып кетти. Биз буудайдын импортун башка продукцияларды (жемиштер, картөшкө) экспорттоо менен компенсация кылышыбыз керек.

Тамак-аш коопсуздугун камсыздоо курч маселе боюнча калууда, ошон үчүн Өкмөт, анын ичинде Айыл чарба министрлиги керектүү иш чараларды алып барууда.

— Азыр балык чарбасы менен алектенгендер көбөйүүдө. Тигүүчүлүктө таанылгандай эле балык чарбасы менен Борбордук Азияда бренд боло алабызбы?

— Чынында эле акыркы жылдары балык өстүрүү биздин өлкөдө абдан өнүктү. Россияга жана Казакстанга балык экспорттоо бир нече эсеге өстү. Бул кокусунан эмес, таза аба, табигый таза суу балыктарга өзгөчө даам берип, балыктын этин жакшы көргөндөргө өзгөчө таасир берет, ошондуктан биздин балыктарга суроо-талап көп. Кыргызстандын балыгы өзүнчө бренд болуп калышы толук мүмкүн.

Жакында эле Россельхознадзордун Кыргызстанда өстүрүлгөн балыктарды Россияга ташууга тыюу салуусу, биздин балык өстүрүүчүлөргө жаңы импульс берүүсү мүмкүн. Себеби, алар азыркы бизнесте сандан башка сапат да керек экенин түшүнүп, ошого ылайыктап иш алып бара башташат. Мен өлкөбүздөгү балык чарбасынын келечеги кең экенине ишенем.

— Айыл чарба продукцияларын тереңден кайра иштетүү жөнүндө көп айтылган менен жылыш аз болууда. Кустардык жол менен кайра иштетилгендер брендге айлана албай жатат. Бул чөйрөдөгү абалды оңдосо болобу?

— Кыйынчылыктарга карабай кайра иштетүү тармагы акырындап өнүгүүдө. Бизде өндүрүлүп кайра иштетилген сүт продукциялары Кыргызстанда гана эмес, Россия жана Казакстанда кеңири сатылууда. Нан жана кондитердик продукциялар жакшы экспорттолууда. Кайра иштетилген эт продукциялары кошуна мамлекеттерге кетүүдө. Жер жемиштердин акыркы кезде кайра иштетилип сатылуусу көбөйүүдө. Бирок баары эле жакшы болуп аткан жок. Биздин ишканалардагы өндүрүш линияларындагы жабдууларды модернизациялоого жана жаңы технологияларды киргизүүгө ишкерлердин каражаттары жетишпейт. Санариптик технологияларды колдонушпайт жана аны дүйнөлүк алдыңкы ишканалардан барып үйрөнүүгө шарттары жок

Менин оюмча, бүгүнкү күндө ата-мекендик кайра иштетүүчү ишканаларга жеңилдетилген насыяларды узак убакытка бериш керек. Насыялар заманбап жабдууларды алганга, өндүрүштү өнүктүрүүдөгү жаңы технологияларды өздөштүрүүгө багытталышы керек. Мындан тышкары мамлекет продукцияны сатуу каналдарын жөнгө салууга жардам бериши керек.

— Айрымдар Айыл чарба министрлигинин кереги жок, ал статкомдун эле милдетин аткарып жатат деп калышат. Мурдагы министр катары сиздин пикириңиз кандай?

— Айыл чарба министрлиги статкомдун функциясын эле аткарып калды деген туура эмес. Сыртынан караганда ошондой сезилиши мүмкүн, бирок ал мындай эмес. Айыл чарба министрлиги сөзсүз керек, себеби ал өлкөдөгү агрардык саясатты аныктайт жана стратегиялык маселелерди чечет. Мен жогоруда айтып кеткендей, айыл чарбасы экономиканын негизги стратегиялык тармактарынан. Биз тамак-аш коопсуздугун камсыздообуз, айыл чарбасынын өндүрүмдүүлүгүн жогорулатышыбыз, өндүрүлгөн продукциянын сапатын жана коопсуздугун камсыз кылышыбыз керек. Ветеринардык-эпизоотиялык маселелерди чечүү менен бирге жаңы технологияларды колдонууга шарт түзүү биздин милдет. Бул максатта министрлик тарабынан көптөгөн иштер аткарылууда.

— Кыргызстанда жылдан жылга эрозияга учурап, сазга айланып, камыш жана бадалдар баскан аянттар көбөйүп баратат. Бул деградациялык көрүнүштөрдү токтотуп, абалды оңдосо болобу?

— Тилекке каршы, бизде жылдан жылга такырланган, эрозияга дуушар болгон жана саздакка айланган жерлер көбөйүүдө, жайыттарды мал жебеген уу жана зыяндуу чөптөр менен бадалдар каптап кетти. Бул жерден комплекстүү иш-чараларды жүргүзгөнүбүз жакшы. Биринчиден, изилдөө жүргүзүп маселенин тамырын таап, андан кийин иш пландарды түзүшүбүз керек. Бул абдан чоң жумуш, бирок аткарышыбыз керек. Мисалы, Израилде жана Түркияда кургак климатта инновациялык технологияларды колдонуу менен чөл жерлерди өздөштүрүп, саздарды кургатып, жерлерди түздөшүп иш алып барышууда. Ошондой методдорду биз да колдонушубуз керек.

— Тармак кандай реформаларга муктаж. Түшүмдүүлүк, кайтарымдуулукту алдыңкы өлкөлөрдүн деңгээлине чыгаруу үчүн эмнелерди жасоо керек.

— Биз азыр эң курч маселеге кайрылдык. Бул айыр чарбасынын эффективдүүлүгү. Чындыгында биз айыл чарба өсүмдүктөрүнүн түшүмдүүлүгү жана мал чарбасынын өндүрүмдүүлүгү боюнча көптөгөн мамлекеттерден артта калганбыз. Статкомитет жылына тармак өнүгүп жатат деген көрсөткүчтөрдү берүүдө, бирок бул абдан төмөнкү деңгээлдеги өнүгүү. Ошон үчүн биз өндүргөн продукция эл аралык атаандаштыкта эч жеңишке жетише албайт.

Эмне кылыш керек? Бул жерде ар тараптуу комплекстүү иш чаралар керек: арзан жана жеткиликтүү насыяларды берүү, жаңы технологияларды, айыл чарба өсүмдүктөрүнүн үрөндөрүнїн жаңы сортторун колдонуу, малдын тукумун асылдандыруу менен фермерлердин билимин жогорулатуу. Жогоруда айтылгандай, маселени комплекстүү чече ала турган агрокласстерлерди түзүү. Белгилеп кеткендей, айыл чарба министрлиги кластерлерди түзүү жолунда иш алып барууда, менимче азыркы убактагы айыл чарбасынын өнүгүшүнүн туура жолу деп ойлойм.

 

Маектешкен Мирлан Дүйшөнбаев

Share