Конституция, улуттук тил жана өлкө биримдиги

Конституция, улуттук тил жана өлкө биримдиги

Ошентип, майдын алгачкы күндөрүндө узакка созулган майрамдык каникулдар, жазгы маанай деле Кыргызстандыктар үчүн бул ирет өтө шаңдуу салтанаттар менен коштолгон жок. Жеңиш Күнүндө дагы, мурдатан бери эле салт болуп калгандай, “Өлбөс полктун” жүрүшү жетишерлик сандагы массалык кыймылдардын катышуусу менен уюштурулгандыгына карабастан, өлкөдөгү жалпы коомчулуктун жана карапайым элдин майрамдык маанайы анча деле көтөрүңкү болбогондугу дагы ачык байкалды…

Мунун себеби, учурдагы өлкөдөгү күнүмдүк социалдык-экономикалык абал, коомдук-саясий кырдаал, утурумдук майрамдык маанайдан кыйла эле алыс тургандыгы менен түшүндүрүлөт. Көйгөйү көп өлкөнүн маселелерине чындап көңүл бурсаң, эң маанилүүлөрүнөн баштап, эң майдаларына чейин толуп кеткендиги, санай келсең, буга убакыт да жетпестиги айкын болот.

Кыргыз Республикасынын Конституция Күнүнө арналган салтанаттуу жыйын өткөрүлгөндөн кийин, туура төрт күндөн соң эле, жана да дежурный дифирамбалуу сөздөрдүн жаңырыктары кулакта али даана угулуп турган кезде, учурдагы Конституцияны өзгөртүү жөнүндө, ал тургай, толугу менен кайра карап чыгуу тууралуу сунуштар да бийик трибуналардан кайрадан угула баштады. Жогорку Кенештин депутаты Мирлан Самыйкожо Конституциянын текстин кайрадан карап чыгуу зарылдыгын айтып чыкты. Анын ою боюнча, Конституциянын Жоболорунун баары орус тилинен кыргызчага которулгандыктан, көп түшүнбөстүктөр жана каталар орун алып калган.

Депутат тарабынан, мындан эки жыл мурда шашылыш кабыл алынган жаңы редакциядагы Конституциядагы каталар тизмектелип, кайрадан карап чыгуу, же кыргыз тилинде кайрадан жазып чыгуу сунушталыптыр. Чындыгын айтканда, Башмыйзам деп аталган документке, Мамлекеттик тил жана Расмий тил деп аталган Жоболорго дагы түзөтүүлөрдү киргизүү, же экинчи расмий тил жөнүндөгү Жобону биротоло эле алып салуу сунуштары дагы коомчулукта кыйладан бери айтылып келе жаткандыгы маалым. Себеби, отуз төрт жылдан бери (же, 1989-жылдын 23-сентябрында кыргыз тилин Мамлекеттик тил кылуу жөнүндөгү мыйзам кабыл алынгандан бери) мамлекеттик тил иштебей келе жаткандыгына дал ушул расмий тил кедерги болууда деген пикирлерди кармангандар да арбын.

Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил комиссиясынын төрагасы Каныбек Осмоналиев кыргыз тилинин душмандары абдан көп дейт. Ал Кыргыз Эл акындары жана Эл жазуучулары бул улуттук маселеге кайдыгер карап келе жатышканына абдан катуу нааразыланыптыр!..

Ушунун өзү эле аталган чиновник реалдуу абалды жакшы түшүнбөй тургандыгын билдирип турат. Анткени, эгемендик доордо жүргөн коомдук-маданий баалуулуктардын девальвациясынын деңгээли, салыштырмалуу алып караганда, улуттук валюта сомдун жана америкалык валюта — ​доллардын девальвациясынан да алда канча ылдам жана терең болгон.

Бир кезде ортозаар акын Надырбек Алымбеков Эл акыны болгондо, бул жогорку наамдын баркы кетип жаткандыгын, көркөм адабияттын деңгээли өтө төмөн түшүп баратканын сындап жаздык эле. Көрсө, ал ысымдар тек гана, орустар айтмакчы, али “цветочкилери” экен. Накта “жемиштери” — ​кийинчерээк тим эле, жазгы жамгырдан кийинки козу карындардай, жайнап чыгышпадыбы…

Чыгармаларын автору жазгандан кийин, өзүнөн башка эч ким окубаган, аты-жыты белгисиз, ысымдары окурмандар тургай, чакан адабий чөйрөдө да тааныш эмес Эл акындары жана Эл жазуучулары көп болуп кетишкендиги, ошонун натыйжасында, көркөм адабияттын деңгээли өсмөк тургай, кайра тескерисинче, өтө төмөн түшкөндүгү талашсыз факт. Түгөлбай Сыдыкбеков, же Камбаралу Бобулов сыяктуу масштабдагы фигуралар бар болгондо, албетте, алар мамлекеттик тилге күйүп-жанышып, эбак эле айгай салып чыгышмак!..

Дегеле, физик-окумуштуунун Мамлекеттик кыргыз тил комиссиясын жетектеп олтурушунун өзү эле, биздеги учурдагы кадрдык саясаттын алешемдигинен ачык кабар берип турган көрүнүштөрдүн бири. Ошондуктан, иштиктүү, профессионалдык, эффективдүү иш-чараларга караганда, тек гана популисттик, же жарма патриотчул ураанды жамынган куру кыйкырыктар көп.

Кыргыз тилинин маселелери Латын арибине өтүүдөн эле чечилип калабы?! Тескерисинче, жаңы жана чаташкан көп маселелер келип чыгат. Кийинки муундарды кириллицада басылып чыккан адабий жана маданий мурастардан атайылап ажыратуу сыяктуу болуп калат. Араб жана латын графикаларында (өткөн кылымда, 20-жылдардан 1943-жылга чейин) басылган чыгармалар кийин кириллица тамгалары менен билим алышкан муундар үчүн кол жеткис болуп калган сымал… Мындай саясий маанидеги акция терең даярдыкты талап кылат жана да узак мөөнөтүү, ырааттуу иш-чаралар менен коштолууга тийиш.

Жакында окумуштуу-түрколог Кадыралы Конкобаев кыргыз тилинин азыркы грамматикасы, теоретикалык эрежелеринин баары тең орус тилинин эрежелеринин калыпка салынган көчүрмөлөрү экендигин айтып, кыргыз тилинин табиятына ылайык келген жаңы теориялык-илимий окуу китептери жазылышы зарылдыгын белгиледи. Ушул сыяктуу спецификалуу темадагы кызуу талкуулар башталып калса, мамлекеттик тил комиссиясынын башчысы аларды түшүнүү менен кабыл алып, калыс жана туура чечим кабыл алууга жөндөмдүүбү? — ​деген суроо да өзүнөн-өзү жаралбай койбойт.

Соңку кабыл алынган Конституциядагы талаш чордонуна айланган маселелердин бири — ​эң төмөнкү чендеги пенсия өлчөмү жөнүндөгү жазылган Жобо болуп калды. Башмыйзамда бул сыяктуу майдаланган, техникалык мүнөздөгү эрежелер көрсөтүлбөй, тек гана, өлкөнүн өнүгүүсүндөгү эң башкы жана негизги багыттарды көрсөтүп турган, кыска жана нуска Жоболор гана камтылышы максатка ылайыктуу болмок.

Ал эми калган маселелердин баары тең ошол тармакты камтыган атайын мыйзамдарда гана чечмеленип, ийне-жибине чейин каралышы ылазым. Эми болсо, Адахан Мадумаров жана Исхак Масалиев баш болгон оппозициячыл депутаттарга “Конституция Жобосун эмне үчүн аткарбай жатасыңар?!” — ​деп, министрлер кабинетине өтө олуттуу кинелерди коюуга шарт түзүп берди. Жаңы конституцияда эң аз пенсия өлчөмү минималдык жашоо өлчөмүнөн аз болбошу көрсөтүлгөн. 2022-жылы бул көрсөткүч орточо эсеп (Жалал-Абадда 7,5 миң сом, Бишкекте 7,3 миң сом) менен 7 178 сомго жеткен. Ал эми 1,5–3,5 миң сом пенсия алгандар дале болсо көп бойдон калууда…

Конституцияда Курултай жөнүндө “Организация и порядок деятельности Народного Курултая определяются Конституцией и конституционным законом” — ​деп жазылган. Ал мыйзам экинчи окуудан кийин кабыл алынды. Демагогиячыл ойлорго жалындап турган депутат Жанар Акаев: Курултайчыларды бир жылда бир жолу Филармонияга келип, өз суроолорун берип, кайра кете турган деңгээлге түшүрдүк дейт. Муну угушкан амбициячыл Курултайчылар жөн чыдап тура алышабы? Саясий карт бөрүлөр президент Аскар Акаевдин ыйгарым укуктарын чектөөгө умтулушканы, “президент чоң адам, аны майда иштерге аралаштырбаш керек!” — ​дешкени эриксизден эске түшөт.

Өткөн жылы өткөн Курултайда оркойгон бир чоң кемчилдик ачык байкалган. Кыргызстан көп улуттуу өлкө. Азыркы кездеги 7 (жети) миллион калкынын дээрлик эки миллиондон ашуунун башка улуттагылар түзүп турушат. Көрүнүп тургандай, алар республиканын калкынын 30 процентке жакынын түзүшөт. Бул абдан чоң цифра. Жарым миллионго жакын болгон орустар, бир миллиондун тегерегиндеги өзбектер, украиндер (8 402), немистер (7 886), татарлар 26 079, казактар — ​36 854, тажиктер 60 148, азербайжандар 21 607 жашашат. Баары — ​жүздөн ашуун улуттардын өкүлдөрү бар.

Өткөн жолку биринчи Курултайда бул көп улуттуулук байкалдыбы? Эмнегедир, орус, өзбек жана казак улутундагы делегаттардын (азырынча саны көп диаспоралар тууралуу сөз кылып туралы!) чыгып сүйлөшкөнү, өз көйгөйлөрүн айтышканы эсте калбаптыр… Кечээ Бишкектин “Хан-Теңир” ресторанында “Кыпчактардын III сьезди” өтүп, ага Кыргыз Эл Баатыры Миталип Мамытов жана Казак Эл акыны Мухтар Шаханов баштаган коңшулаш Казакстандан жана Өзбекстандан ардактуу коноктор келишкен. Тарыхта кагаз беттеринде гана калышкан кыпчактардын “Дешти-Кыпчак” өлкөсүн Амир Темур талкалагандан бери жети жүз жылга жакын убакыт өттү. Кыпчактар өз алдынча улут катары жоголуп, башка түрк тилдүү улуттардын курамына сиңип кетишкен.

Көчмөндүк духту жар салган, орошон таланттуу акын Олжас Сулейменовдун: “…Это значит — ​трава постарела на пастбищах. Поднимайся, кипчак…” — ​деген саптары, түрк улуттарын ичтен бөлүп-жарууга багытталбай, тескерисинче, тарыхый эстутумду, түрк тилдүү элдердин биримдигин даңктайт.

 

Ишенбек МУРТАЗАЕВ

Share