Өкмөт Кедейканга айланып баратабы?

Өкмөт Кедейканга айланып баратабы?

Кыргызстан азыр чындыгында эле курулуштук бумду баштан кечирүүдө. Жаңыдан курулуп жаткандардын ондон бир бөлүгү эле (мүмкүн андан да аздыр) бюджеттен каржыланбаса, калганы жекече сектордун эсебинен ишке ашырылууда. Өкмөт куруп же курганга убада кылып жаткандар да аз эмес, алар негизинен социалдык объектилер, жолдор, административдик жайлар, ишканалар ж. б. Бирок, эми курулат дегендеринин айрымдары күдүктөрдү, суроолорду жаратып, атүгүл тынчсыздандырып жатат десек да болот.

Бийликтегилер жакында “Асман” шаарынын курулушун баштоого убада кылышты, Орок тарапка чоң стадион курууну, Кара-Кече‑1 ГЭСинин курулушун биргелешип баштоону, Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолунун курулушуна киришүүнү убада кылышкан. Президенттин убадасы боюнча, 2026-жылга чейин мамлекеттик ипотека аркылуу бериле турган 50 миң батир курулуп бүткөрүлүшү керек. Ал эми ушул айдын башында Ош, Жалал-Абад шаарларында жаңы аэропорттор курулары айтылды. Быйыл жыл аягына чейин 200дөн ашык мектептин имараты, Президенттин жаңы резиденциясы, бир катар жолдор курулуп бүткөрүлүшү керек. Мындай пландардын (азырынча ниеттер, каалоо-тилектер деген туура) болгону жакшы. Бирок, бирок… мынча объектилерге Өкмөт каражатты кайдан табат?-деген мыйзам ченемдүү суроо туулат. Консолидацияланган бюджет 500 миллиард сом же 5,5 миллиард доллар. Ал эми “Асман” шаарынын эле курулушуна 5 миллиард сом талап кылынат. Жаңы аэропортторду куруу да жеңил иш эмес, көз карандысыздыктан бери эл аралык “Манас” аэропортун реконструкциялап, жаңылоого эле 100 миллион доллардан ашык каражат жумшалганын эске алганда Ошко, Жалал-Абадга жаңыларын куруу андан бир нече эсе көп каражатты талап кылаары айдан ачык. Андан көрө аракеттегилерин эле реконструкциялап, жаңылап койгон бир нече эсе арзан түшөрү талашсыз.

Дүйнөлүк алкактан алганда, Ысык-Көл аймактык рекреациялык, туристтик гана милдетти аткара турган кичинекей көлчүк. Ал деңиздердин, океандардын жээктериндеги дүйнөгө белгилүү кеңирсиген курорттук аймактарга эч качан атаандаш боло албайт. Анын үстүнө тарыхый, маданий сегменттери жетишсиз. Азыркы туристтер көлгө түшүп, кумга оонаганга эле ыраазы болушпайт, ошол аймактын тарыхый, маданий өзгөчөлүктөрү менен да кеңири таанышкылары келет. Ага аймакта заманбап музейлер, сырттан келгендерди чындап кызыктыргыдай тарыхый, маданий эстеликтер аз. Ачыгын айтса балбал таштардан башка көзгө илинип, чындап ыклас жаратарлык объектилер жок.

Мына ошондой мүмкүнчүлүгү ансыз деле чектелген аймакка жаңы шаар куруп, курорттук аймактын инфратүзүмдөрүнө, экологияга ашыкча күч келтирүүнүн зарылчылыгы барбы? Анын түз жана кыйыр кесепеттери экологияга, туризмдин өнүгүшүнө кандай таасирин тийгизет? Мейли, шаар курулуп бүтсүн дейли, анда жашагандар эмне менен алектенишет? Көлдүн кооздугун карап отура бергенден курсак тойбойт. Атаандаштыкка жөндөмдүү ишканалар болбосо, ал шаар көп өтпөй Таш-Көмүр, Көк-Жаңгактын кейиптерин кийип калбайбы?

Менимче, Өкмөт баардыгына бир убакта киришип, оңду-солду убада бере бербестен өлкө үчүн эң маанилүу болгон артыкчылыктуу багыттарды аныктап алып, биринчи кезекте ошолорго баардык ресурстарды жумшаса туура болмок. Учурдагы артыкчылыктуу багыттар кайсылар?

Биринчи кезекте, энергетикалык коопсуздукту чечүү маселеси болсо, экинчи кезекте турак жай маселелерин, ал эми үчүнчү иреттегиси, Бишкектеги транспорт көйгөйүн чечүү, анан Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолуна киришүү болуп саналат. Адегенде турак жай жөнүндө айтсак, курулгандардын баары ипотека аркылуу бөлүштүрүлсө, ал программага батир алгандардан түшкөн каражаттар жыйналып, өзүнөн өзү кеңейе, күчтөнө (сарамжалдуулук болсо) баштайт. Бара-бара мамлекеттин колдоосу деле талап кылынбай калышы мүмкүн. Ал өзүнчө банкка айланат. Ал эми Бишкекте транспорттук жүктү жеңилдетүү чечилбесе, борбор калаада жүрүү түгүл, иштегендер үчүн жумушка убагында келип кетүү өзүнчө чоң маселеге айланып баратат. Тыгындар жылдан жылга көбөйүүдө. “Асманды” коё турушуп, Бишкекке метро курууга киришсе, элдин көбү менчик автоунааларын жумушка келип кеткенге пайдаланбай деле калышмак. Кийин “Садыр Жапаров атындагы Бишкек метрополитени” деп алтын жалатылган тамгалар менен жазылып турса, кандай сонун болмок! Ал эми Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолу курулуп бүтсө, бюджет толтуруучу негизги булактардын бирине айланат. Тогуз-Торо эл аралык маанидеги логистикалык борборго айланып, Нарын облусу да дүркүрөп өнүгө баштамак. Топ теппей турса болот, бирок электр энергияларысыз жашай алабызбы?

Элибизде “кедейдин байыганы курусун”, “жаман уй жайытын бир күндө түгөтөт” деген сөздөр бар. Анын сыңарындай, биртке өнүгүүгө жетишкенге башыбыз айланып, бюджеттик каражаттарды толгон-токой долбоорлорго шыбаганга сарптай баштаса, Өкмөт Кедейкандын так өзүнө айланат.

 

Мирлан Дүйшөнбаев

Share