Табышмактуу кыйроо жардыруулардын артында кимдер турат?

Табышмактуу кыйроо жардыруулардын артында кимдер турат?

Жаздан бери Киевдин расмий бийлиги, НАТОнун, АКШнын мамдепартаментинин жетекчилери Украина аймактарын бошотуу боюнча чоң контрчабуул жасай турганын маалымдашууда. Ал жөн эле пропагандабы же жакында чын эле ишке ашырылабы, азырынча айтууга эрте. Украина канчалык масштабдуу контрчабуул баштабасын, бир дем менен аймактарын толук бошотуп алышы кыйын. Анын үстүнө аскердик чоң операциялар аябагандай жашыруун даярдалып жүргүзүлсө, бул спорттук мелдештен бетер ачыктан ачык эле жараналанууда. Ага караганда анын артында жашырылган, дүйнөлүк коомчулукту, биринчи кезекте Россияны адаштыргыдай дагы бир нерселер бар сыяктанат.

Мурда Украина менен чектешкен аймактардагы курал-жарак, нефти кампалары жардырылып келсе, азыр өлкөнүн тереңиндеги Подмосковьеде, Пермде да ошондой окуялар боло баштады. Белгороддо эки эшелон рельстен чыгып кулады. Ал эми Кремлдин так үстүнө үч кичинекей дрондун кулап түшкөнү андан да түшүнүксүз болду. Эгерде ал дрондордо кеминде 20 килодон жардыргыч зат болсо, башкасын айтпайлы, Кремлдин куполунан эч нерсе калмак эмес. Жалпы көлөмү 60 килограммдык тротила жардырылса, көп кабаттуу имараттын деле жарымы урап түшөт. Украинанын жетекчилиги ага биздин тиешебиз жок дешсе, Россиянын жетекчилери аны Украиналык диверсанттарга шылташууда. Экинчи дүйнөлүк согушта Кремлге жакын жерге 1–2 гана бомба түшкөн. Ал эми белгисиз дрондор Кремлдин куполуна келип жарылып жатпайбы. Ага караганда ал белгисиз күчтөрдүн бир чети Кремлдин жетекчилигине эскертүү иретинде болсо, экинчи жагынан шылдыңдоо үчүн эле жөнөтүшкөн дрондор сыяктанат. Болбосо дрондорго жардыргыч заттарды да жүктөшмөк. Алар аны менен Россиялыктарды: “биздин колубуз кайсыл жерге болбосун жетет, эсиңерге келбесеңер, эми…” дегилери келди окшойт. Ага удаалаш Россиянын Түштүк-Чыгыш Азия тарапта нефти ташып бараткан танкери жарылып кетти. Аны да диверсия дешүүдө. Ачыгын айтканда, жогорудагылардын баарын жасаганга Украинанын техникалык мүмкүнчүлүгү жетмек эмес. Жаңжалдан пайдаланып НАТОнун айрым түзүмдөрү тымызындан Россияга каршы диверсиялык иштерди күчөтүп жатышкансыйт. Алар өздөрүнүн жасагандарын Украинага шылтап коюшат, Украинанын жетекчилери биздин ага тиешебиз жок деп танып киришет.

Чектелген атайын аскердик операциясы башталгандан бери Россиянын 100гө жакын чоң-кичине аскердик кампалары жардырылды. Генералдарына кошо бир нече аскердик штабдары жок кылынды. Кара Деңиздеги “Москва” крейсеринин талкалануусунда деле көп суроолор бар. Аны Украинанын аскердик жетекчилери “Гарпун” деген ракета менен талкаладык дешкен. Эгерде алардын “Гарпуну” чындап эле абадан коргонуу түйүндөрүнүн баарынан кыйгап өтүп 300 чакырымдагы ракеталык крейсерди талкалоого жөндөмдүү болсо, эмне үчүн ал кийинки операцияларда колдонулбай калды? Же Украиндердин жалгыз эле “Гарпуну” бар беле?

Ар кандай локалдык согуштарда күчтүү державалар кагылышкан тараптардын бирин колдоп, анда жаңы аскердик куралдарын согушта сынап көрүшөт. Анын артыкчылыктарын, кемчиликтерин изилдешет. Полигондордо сыноо менен түздөн-түз согушта сыноонун мааниси асман менен жердей. Бул аскердик техникалар ойлоп табылгандан бери колдонулуп келаткан практика. Мына ушул жагынан алганда жогоруда айтылган түшүнүксүз кыйроолордун, жардыруулардын артында НАТО турат деген жыйынтык чыгарса болот.

Андай сыноолордун саясый мааниси да бар. Анткени, эки тараптын өчөшкөнүн, акырындап позициялык мүнөзгө өтүп бараткан кагылышууларды дагы күчөтөт. Же өзүнөн өзү басаңдап бараткан отко май куйгандай болот. НАТОнун, АКШнын жетекчилеринин Украинаны ачыктан ачык эле контрчабуулду баштоого чакырып жатышканы да ушундан. Мындай саясат, тактика колдонула берсе, эки тараптын кагылышуусу Улуу Ата Мекендик согуштан да узакка созулуп кетүүсү мүмкүн болуп баратат.

 

Тынчтыкбек Бешкемпиров

Share