Расмий иш сапардын жыйынтыгы менен Россиянын президенти Владимир Путин Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров экөөсү стратегиялык өнөктөштүктү жана шериктештикти мындан ары өнүктүрүү жөнүндө биргелешкен билдирүү жасашты.
Ага кошо тараптар экономикалык, соода мамилелерин өнүктүрүү боюнча конкреттүү документтерге кол коюшса да жакшы болмок, анткени билдирүү деген жакшы каалоо тилектердин эле декларациясы, ал ишке ашышы да, ашпай калышы да мүмкүн. Мүмкүн, аны эки өлкөнүн өкмөттөрү өздөрүнчө талдап тастыктап, конкреттештирип ишке ашырышар же Владимир Путин быйыл жыл аягына чейин Кыргызстанга расмий иш сапар менен келе турган болсо, ал мезгилге калтырылгандыр, аны билбейбиз, бирок Билдирүүдөгү максаттардын, ниеттердин жакшы экени талашсыз.
Анда ар тараптуу кызматташтыктарды мындан ары өнүктүрүүнүн зарылчылыгы белгиленип, саясый, соода-экономикалык, маданий-гуманитардык, аскердик техникалык кызматташтыктарга артыкчылык берүү белгиленди. Бизди өзгөчө кызыктырганы, эң жогорку деңгээлде Кыргыз Республикасынын аймагында темир жол тармагын өнүктүрүү боюнча биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруунун маанилүүлүгү белгиленди. Ал мурда жараналангандай, Балыкчы-Кочкор-Кара-Кече темир жолунун курулушуна гана тийиштүүбү же ага Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолунун курулушу да киреби, ал азырынча белгисиз. Биз үчүн Россиянын транзиттик темир жолдун курулушуна катышуусу өзгөчө маанилүү болмок.
Өз ара эсептешүүлөрдө улуттук валюталарды колдонуу декларацияланганы аябай жакшы болду. Эгерде мындан ары милдеттүү түрдө өз ара эсептешүүлөр рубль, сом менен жүргүзүлө баштаса, бул эки валютанын курстары сөзсүз бекемделмек. Эмгек мигранттарыбыз иштеп таап, Кыргызстанга жөнөтүп жаткан каражаттардын кундары жогоруламак.
Биз билгенден МГУнун Кыргызстанда филиалын ачуу маселеси 20 жылдан бери эле көтөрүлүп келатат, Билдирүүдө да белгиленди, чындыгында ал биз үчүн өзгөчө деле маанилүү эмес. Экинчи дүйнөлүк согуштун жыйынтыктарын кайра карап, тарыхты бурмалап, фальсификациялоо жөнүндө да ушуну айтса болот. Бизде тарых эбак эле санжыранын, өздүк көркөм чыгармачылыктын деңгээлдерине түшүп кеткен. Россиянын Кыргызстанда советтик мезгилде уран казылган жерлерди рекультивациялоо боюнча максаттуу программаны жүзөгө ашырганы, аймактагы экологиялык кризистин кесепеттеринин алдын алууга көмөктөшкөнү жатканы жакшы көрүнүш. Билдирүүдөгү ЖККУну чыңдоо жөнүндө айта турган болсок, эгерде Армения андан чыгып кетсе (ал ошого жакындап баратат) бул уюмдун тагдыры кандай болору белгисиз болуп баратат. Азырынча эл аралык деңгээлде түгүл аймакта деле ал өзүн натыйжалуу уюм катары көрсөтө албай жатат.
Бир сөз менен айтканда, Билдирүүдөгү максаттар жакшы, бирок алардын канчасы ишке ашарын убакыт көрсөтөт.
Мирлан Дүйшөнбаев