Ржевдеги салгылашуунун мааниси, ролу эмнеде?

Ржевдеги салгылашуунун мааниси, ролу эмнеде?

Садыр Жапаров Москвага жасаган расмий иш сапарынын алкагында Россиянын Мамдумасынын төрагасы В. Володин менен биргеликте Калинин облусунун Ржев шаарындагы 1942-жылы январь-майда Ржев-Вяземский ири аскердик операциясында курман болгон кыргызстандыктар үчүн тургузулган мемориалга гүлчамбар койду. Москва, Тула облустарын толугу менен, Смоленский, Калинин облустарын жарым-жартылай гитлердик баскынчылардан бошотуудагы ал согушта канча адам курман болгону көпкө чейин жашырылып келген. Анын так саны В. Путин президент болгондон кийин гана жарыяланган. Ошондо СССРден 1,5 миллиондон ашык жоокер курман болсо, немистерден 330 миңден ашык өлгөн экен.

Кыргызстандан баардыгы болуп Улуу Ата Мекендик согушка 361 миңден ашык адам катышса, алардын 130 миңден ашыгы кан майдандан кайтпаган. Алардын ичинде 60 миңдейи же жарымына жакыны Ржев-Вяземскийдеги төрт айга созулган операцияда курман болушкан. Ошон үчүн Кыргызстандыктар ал жерге өз каражатынын эсебинен үч тоонун чокусун чагылдырган мемориал тургузушкан. Улуу Жеңиштин алдында ага мамлекет башчысы Садыр Жапаров барып, курман болгондордун арбактарына таазим кылганы жакшы көрүнүш болду.

Ржевдеги аскердик операциянын айыгышкан ырайымсыздыкта болуп, сөздүн толук маанисинде кан суудай төгүлгөнүн эки тараптын жоготуулары ырастап турат. Ал согушту көргөн улуу орус акыны Александр Твардовский:

Я убит подо Ржевом,

В безыменном болоте,

В пятой роте, на левом,

При жестоком налете.

 

Летом, в сорок втором,

Я зарыт без могилы.

Всем, что была потом,

Смерть меня обделила.

 

И у мертвых, безгласных,

Есть отрада одна:

Мы за родину пали,

Но она – спасена, — ​деп жазган.

Ал согушта Батыш фронтун жетектеген Г. К. Жуков баштаган полководецтер 1942-жылдын биринчи жарымындагы контрчабуулдар негизинен жетиштүү даярдыксыз болгонун, ошондон улам советтик аскерлер өзүн актабаган ашыкча чыгымдарга учураганын, андай операцияларды күч жыйнап, жайда баштоону И. Сталинден кайра-кайра өтүнүшсө да ал көнбөй койгонун өздөрүнүн эскерүүлөрүндө жазышкан. Анын себебин убагында Ставкадагы үч адамдан — ​И. Сталин, В. Молотов, Л. Бериядан башка эч ким, жада калса Саясый Бюронун калган мүчөлөрү да билишпеген экен. Эгерде Н. Хрущев билсе, аны 1956-жылдын февралындагы жеке адамга сыйынуунун кесепеттерин айыптаган баяндамасында эле айтып чыкмак. Көрсө, 1942-жылдын февралында И. Сталин согушту токтотуу жөнүндө Германиянын жетекчилери менен жашыруун сепараттык сүйлөшүүлөрдү баштаган экен. Ал ушунчалык жашыруун жүргүзүлгөндүктөн документтин долбоорун машинисткаларга да ишенишпей кол жазма түрүндө гана даярдашкан. Ал документ М. Горбачевдун убагында гана кокустан табылганда ал: муну көзгө көрсөтпөй жоготкула, — ​деп буйруптур. Ал жөнүндө Советтер Союзунун жана Социалисттик Эмгектин Баатыры, жазучу В. Карповдун “Генералиссимус” деген китебинде толук келтирилген.

Демек, Ржевдеги айыгышкан согуштун максаты — ​фашисттерди Москвадан алысыраак сүрүп, советтик бийликтин жашыруун сүйлөшүүлөрдөгү позициясын жакшыртуу, Гитлерди ага мажбурлоо үчүн болгон. В. Карповдун жазганына ылайык, Гитлер советтик бийликтин сунушунун баардыгына макул болуп, силер өзүңөрдөгү 3 миллионго жакын еврейлердин баардыгын мага өткөрүп бергиле, — ​деген гана талап коёт. Ага И. Сталин категориялуу каршы болгондуктан сепараттык сүйлөшүүлөр токтотулат.

Муну бул жерде келтиргенибиздин себеби, Г. Зюганов Н. Хрущевдун теги орус эмес эле еврей болгонун, а түгүл ал Испаниянын Улуттук Энциклопедиясына Никита Соломонович Перлмуттер деген чыныгы аты-жөнү менен киргенин көп жазды. Ал А. Масалиевдин И. Сталиндин 120 жылдыгына арналган жыйында сүйлөгөн сөзүндө да бар. Сталинге каршы жеке адамга сыйынууну ашкерелөө кампаниясын баштагандардын, аны азыр да улантып жаткандардын дээрлик баардыгы еврейлер экени талашсыз. А. Солженыциндин чыныгы фамилиясы “Солженицер” деп орустар өздөрү жазып жүрүшөт. Азыр деле Россиянын ЖМКларынын 70–80 пайызы, ал эми дүйнөлүк негизги маалыматтык ресурстардын көпчүлүгү этникалык еврейлердин колдорунда. Же еврей улутундагылардын Сталинге антипатиялары патологиялык чектен да өтүп кеткен. Эмне үчүн? Аларды тукум куруттук кыргындан сактап калганы үчүнбу?

Бул суроого Улуу Ата Мекендик согушта чалгынчы болуп жүрүп Советтер Союзунун Баатыры деген жогорку наамга арзыса, кийин жазуучулугу жана коомдук ишмердиги үчүн Социалисттик Эмгектин Баатырлыгына татыктуу болгон Владимир Карпов жогоруда аталган китебинде: “Сталин спас страну от сионистского нашествия, агентура которого уже проникла во все сферы партийного, государственного аппарата, карательных органов, профсоюзов и творческих организаций. Эта его победа может быть приравнена к победе над германским нашествием 1941–1945 годов.

Сионисты никогда не забудут поражения, которое нанес им Сталин. В наши дни и вечно они будут поносить, очернять, обливать желчью Сталина потому, что их лишил очень важного, почти достигнутого продвижения к заветной цели — ​мировому господству через захват России.

Сталин не дал им возможности разрушить Российское государство и создать на его территории свою “Землю обетованную” деп жазган.

Россиядагы кыйраткыч реформалардын баардыгын еврейлер ишке ашырышты. Азыр Россиядагы миллиардерлердин дээрлик баардыгы еврейлер. Миллионерлерине эсеп жетпейт. Алардын реформаларынын кесепеттери кандай болгонун Украинадагы чектелген аскердик операция көрсөтүүдө. Ракеталарды, дрондорду айтпай эле коёлу, Россия снаряддарды, патрондорду да сырттан сатып алууда. Мобилизациялардан да биринчи болуп ошолор качышты. Дагы эмне керек?

 

Тынчтыкбек Бешкемпиров

Share