Батыштагылар эл аралык укук, адам укуктары жөнүндө жараналап, башка өлкөлөргө акыл үйрөтүп, кысым-басым жасаганды жакшы көрүшкөнї менен саясатта, гуманитардык мамилелерде аларды өздөрү каалагандай чечмелеп, кош стандартты колдонушат. Алсак, Түркия НАТОнун эң эски мүчөлөрүнүн бири, бирок ислам дүйнөсүнө таандык болгондуктан жарым кылымга жакын убакыттан бери Еврошериктештикке кабыл албай келатышат. Аны НАТОго деле кабыл алышмак эмес, бирок Түркия геосаясый жактан эң маанилүү — үч материктин тутумунда жайгашкандыктан, Босфор кысыгынын ээси болгондуктан, анын үстүнө мурдагы Союз менен түздөн түз чектешкендиктен гана кабыл алышкан.
Канаданын миграциялык саясатында англосакстарга, европалыктарга артыкчылык берилет, аны өздөрү деле жашырбайт. Андай ачык жана тымызын чектөөлөр Европадагы өлкөлөрдүн көпчүлүгүндө бар. Австралия менен Жаңы Зеландияда да мигранттарга карата ошондой стандарттарды колдонушат. Эгерде башка өлкөлөр андай чектөөлөрдү киргизишсе, “расалык, этникалык, конфессиялык дискриминация, апартеид, адам укуктары бузулуууда, санкцияларды киргизүү керек” дегендей чууларды көтөрүшөт.
БУУнун Уставына, эл аралык укук-ченемдик нормаларга ылайык, толук көз карандысыз мамлекеттердин чек аралары, эгемендүүлүктөрү кол тийгис, сепаратизм айыпталат. Алсак, БУУнун Башкы Ассамблеясында Түндүк Корея, Никарагуа, Венесуэла, Сирия, Белоруссиядан башка мамлекеттердин баардыгы Россиянын Украинадагы “чектелген аскердик операциясын” айыпташты, ага мурда калыс болуп келген Кытай менен Казакстан да кошулду. Борбордук Азия республикалары дагы калыстыкта калышты. Бирок, АКШнын конгресси 1990-жылдардын башында кабыл алган № 907-резолюциясына ылайык, ал принцип Карабакка таркатылбайт. Тескерисинче, ал жердеги армяндардын сепаратисттик аракеттери колдоого алынган. Франция бул жаңжалда ачык эле армян тарапты колдоп, Азербайжандын ички иштерине кийлигишип келатат. Жакында ал өлкөнүн тышкы иштер министри Катрин Колонна Азербайжан Лачын капчыгайындагы көзөмөлдүк өткөрүүчү пунктун алуу керек деген талап койду. Дүйнөдөгү баардык өлкөлөр Тоолуу Карабак республикасын Азербайжандын аймагы катары таанышат, Лачын Азербайжандын аймагында. Демек, аймагынын кай жерине көзөмөлдөп өткөрүү пунктун орнотот, ал эгемендүү ар мамлекеттин өзүнүн ички маселеси. Эмне үчүн анда Франция Лачындагы КППны алууну талап кылат? Францияда армян диаспорасынын таасирдүүлүгүнөн, анын үстүнө армяндар христиан болгондугунан гана аларга жан тартып, ошондой талап коюшууда.
АКШнын, Батыш өлкөлөрүнүн тийиштүү мыйзамдарына ылайык, чет жактан каржыланган уюмдар — чет элдик агенттер катары эсептелишет. Аларга саясатка, мамлекеттин ички иштерине аралашууга уруксат берилбейт. Биздин бир катар депутаттар алардыкындай мыйзам долбоорун даярдашты эле, өздөрүн демократиялык деген өлкөлөрдүн көбү каршы чыгып, жергиликтүү грант жегичтерди бийликке, парламентке каршы тукурушту. Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин доосу менен сот “Азаттыкты” жапты эле ага АКШнын мамдепартаменти баш болуп баары кийлигишүүдө. “Азаттык” да чет элден каржыланат, алардын буйрутмаларын аткарат.
Азыр боордош Азербайжан Карабактан улам христиандардын саясый, маалыматтык кысымына, басымына тушугууда. Убагында Армения Кавказ аскердик округунун жетекчилигинде армяндар көп болгону үчүн алардын жардамы менен Азербайжандын 7 районун басып алган. Союз таркагандан кийин ал округдун курал-жарактарынын көбү армяндарда калган. Б. Ельциндин тушунда Россия ачык армян тараптык саясат жүргүзүп, колдоо көрсөткөнү, коргоо министри П. Грачев Бакуга барып, анын жетекчилигин эгерде кырдаалга көнүшпөсө, Россиянын танкалары үч күндүн ичинде Бакуда болорун айтып опузалаганы чындык. Андай абал Түркиянын жардамы менен гана өзгөрдү.
Кыргыздардын боордош Азербайжан элине тарыхый чоң карызы бар. 1916-жылы кыргыздар геноцидке учураганы жөнүндө маселени Россиянын ошол убакта Мамдумасында биринчи татар депутаттар көтөрүп чыгышса, азербайжандардын окумалдары колдоп, ал трагедияны Европага жеткиришкен. Борбордук Азиядагы республикалар Азербайжандын аймагынын 3/1не жакыны оккупацияланып турганда эч кандай колдоо көрсөтө албады. Азыр абал өзгөрдү. Ошондуктан бийликтегилер коркпой-этпей эле Батыштагылардын Азербайжанга карата кош стандарттык мамилелерин ачык айтып, айыптап туруулары, жазмакерлер, айтмакерлер да бул иштерге активдүү катышуулары зарыл. Анын зыяны деле тийбейт, азыраак батылдык гана керек. Биз азыр Азербайжанды колдосок, убагы келгенде алар да бизди колдойт. Ал түрк элдеринин интеграциясын тездеткенге гана түрткү болот. Мурда Россия Арменияны колдочу эле, Армениянын парламенти Гаагадагы эл аралык сот жөнүндө Рим статутун ратификациялап, НАТОго ыктай баштагандан кийин андан алыстай баштады. Бир сөз менен айтканда, темирди кызуусунда согуу керек.
Тынчтыкбек Бешкемпиров