Марлен Маматалиев, Жогорку Кеңештин депутаты: «Кыргызстандын байлыгы – ​бүгүнкү, эртеңки муундагылардын гана эмес, кийинки муундардын да байлыгы болуп эсептелет»

Марлен Маматалиев, Жогорку Кеңештин депутаты: «Кыргызстандын байлыгы – ​бүгүнкү, эртеңки муундагылардын гана эмес, кийинки муундардын да байлыгы болуп эсептелет»

— Марлен Абдырахманович, элге социалдык жардам берүү негизинде иштеп чыккан мыйзам долбооруңузду коомдук талкууга койгонуңузду билдирдиңиз. Азыр элдин калың катмарынын негизги көйгөйлөрүнүн бири ушул болуп жатат. Ушул элдин сынына коюлган мыйзам долбооруңуздун айланасында айтып өтсөңүз?

— Учурдагы статистикага ылайык Кыргыз Республикасында 2021–2022-окуу жылынын аягына карата 67 миң окуучу мектепти бүтүргөн. Ал эми, 2022–2023-окуу жылынын башталышына карата жогорку окуу жайлардын 1-курсуна –24 миң студент кабыл алынган. Мектептердин бүтүрүүчүлөрүнүн жарымынан көбү (43 миң) тигил же бул себептерден улам Жогорку окуу жайларга тапшырышкан жок. Ушулардын көпчүлүгү эмгек мигранты катары чет өлкөгө жумуш издеп чыгып кетүүгө аргасыз болушкан. Бул өтө чоң көрсөткүч жана ойлонто турган жагдай. Бүгүн биз мындай маселелердин алдын албасак, эртең чоң көйгөйгө айланышы мүмкүн. Азыр деле жеңил эмес…

Ошондуктан элге социалдык жактан жардам берүү мыйзам долбоорун иштеп, коомдук талкууга койгонумдун негизги максаты, мында келечек муундардын эртеңки жашоо багытынын түптөлүшүн камсыз кылуу маселеси каралган. Бул мыйзам долбоордо жаштардын эртеңки багытына басым жасаганымдын себеби, жаштар турак жай болобу же билим алууга кызыкдарбы айтор кайсы тарабынан болбосун бул мыйзам аларга чоң колдоо көрсөтүп бере алат деген ойдомун. Себеби, жашы жеткенге чейин балдарга “Келечек муундар үчүн фонд” деп даярдалган мыйзам ар тараптуу варианттар менен жазылып, анын ичинде фонд да каралган.

— Бул Республика боюнча орто мектептин бүтүрүүчүлөрүнүн бир жылдык көрсөткүчүбү?

— Ооба, муну бир жылдык көрсөткүчтүн негизинде айтып жатам. Бул өтө чоң жагдай. Биз жаштардын келечеги дегенибиз менен иш жүзүндө жаштарыбыз билимдүү болбосо, келечекти биз кимдердин колуна тапшырып кетип жатабыз деген ой тынчсыздандырып чоң суроону жаратып жатат. Мунун бирден-бир себеби каржы маселеси көйгөй жараткандан улам көпчүлүк ата-энелер балдарын жогорку окуу жайларына окута албагандыктан жаштар мигрант болуп кетип атышат. Мындан тышкары, коомдун эң аярлуу катмарларынын бири – багар-көрөрү жок жетим балдар. Жалпысынан алганда булардын саны расмий көрсөткүч менен алганда 38 миң экен. Конституцияда жетим балдар орто жана жогорку окуу жайдан билимди акысыз алууга укуктуу деп көрсөтүлгөн. Тилекке каршы бүгүнкү күнү бизде Конституциянын нормалары аткарылбай келе жатат. Ошондуктан Конституциялык нормаларда көрсөтүлгөндөй жана жаштарды колдоо максатында, келечекте мамлекетибизди илимдүү, билимдүү эң башкысы сабаттуу жаштарга калтырабыз деген максатта атайын мыйзам долбоорлорун жазып чыктык. Бул мыйзам биринчи окуудан өттү.

Бул мыйзамда “Жаран жаңы дүйнөгө келгенден күндөн баштап, ага атайын банктык эсеп ачылсын” деп жатабыз. Жөнөкөйлөштүрүп айтканда, жарандар төрөлгөн күндөп баштап өзүнүн жеке эсеби ачылып, ал эсепке мамлекет тарабынан ал баланын балансына акча каражаты түшүп турат. Мамлекет тарабынан жакыр жашаган жана аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн балдарына, анын ичинде жетим балдарга же ата-энелеринин камкордугусуз жана көзөмөлүсүз калган балдарга, ден-соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелген балдарга которулат. Ошол эле учурда бардык балдардын жашы жеткенге чейин балдарга Кыргыз Республикасынын Министрлер кабинети Кыргыз Республикасынын мамлекеттик банктарынан атайын эсеп ачып берет.

Андан сырткары бул эсепке ата-энелер дагы айрым даталуу күндөрдө майрам, туулган күн жата башка кандай гана күндөрдө болбосун баласынын жеке эсебине акча которуп койсо болот. Бул акча жөн жатпай банктар менен атайын келишимдин негизинде 18 жашка чейин көбөйө берет. Депозиттин пайыздары менен көбөйүп отуруп, жаран 18 жашка чыкканда 200 миң сомдун тегерегиндеги акча жыйналат. Ал акча каражатын жаран 2 багытта гана ала алат. Биринчиси,18 жашка толгон жаран Жогорку билим алуу үчүн ала алат. Мисалы университет, институт болобу жогорку билим алуу үчүн окуу жайга тапшырып, контрак төлөп алууга багытында алса болот. Экинчиси, мамлекеттик ипотека аркылуу турак жай алуу максатында колдонсо анын өзүнө шарт түзүлүп калат. Бул жерде турак жай алуу маселеси каралып жатканда бир гана көп кабаттуу үйлөрдөн гана эмес, жер үй алууга да мүмкүнчүлүгү каралган. Биз мына ушул маселелерди да дыкаттык менен карап чыгып, аталган мыйзам долбоорду иштеп чыктык. Жогоруда белгилегенимдей биринчи окуудан өттү, жакынкы аралыкта экинчи, үчүнчү окууга киргизилет. Буюрса, бул мыйзам өтүп калса, 2024-жылдан баштап күчүнө кирет. Анткени, бюджеттен акча каралып, каражаттар такталыш керек. Бул иштердин аткарылуусуна убакыт керектелет. Бирок, бир аз убакытты алган менен бул долбоор ишке ашса, буюрса келечекке жакшы иштеп берет.

— Келечектеги муундар үчүн жакшы долбоор экен. Бул мыйзам долбоору кайсы булактын негизинде ишке ашышы мүмкүн?

— Туура белгилеп кеттиңиз. Биздин өлкөдө жана өнүккөн өлкөлөрдө фонддор бар. Айрыкча, газ, нефтиси бар бай мамлекеттерде көп. Өнүккөн өлкөлөрдө дүйнөнүн кайсы тарабы болбосун, жардамын берип иштеп келе жаткан атайын фонддор бар. Алар менен келишим түзүп, максаттуу иштешсе болот.

Али биз өзүбүздүн мамлекетибизде да муну ишке ашырууга мүмкүнчүлүгүбүз бар. Бизде Кудайга шүгүр алтын, алюминий, уран жана башка кендерибиз бар. Мына ушул кендерден түшкөн акча каражаттардын алкагында фондго түшүрүп, максаттуу пайдалансак неге болбосун. Мунун бирден-бир себеби дагы эле болсо келечек үчүн жасалып жаткан кадам. Анткени, Кыргызстандын кен-байлыгы бүгүнкү же эртеңки келечегинин гана эмес, кийинки муундагылардын да байлыгы болуп эсептелет. Ошондуктан биз планды максаттуу түрдө пайдалануу башкы планыбыз. Бүгүнкү күндө бюджетти 500 миллиард сомго чыгарып жатабыз. Ал эми бул долбоорго биринчи кеткен каражат 10 миллиарддын тегерегинде болуп жатат. Азыр бул боюнча Финансы министрлиги менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, чогуу чечкени жатабыз. Буюрса, аталган мыйзам долбоор экинчи окуудан каралганга чейин чечилип калат. Бул жерде дагы бир баса белгилей кетүүчү нерсе, долбоорго бир гана мамлекеттен гана түшпөй, башка булактардан да түшөт. Тагыраагы, баланын ата-энесинен, мамлекеттик эмес фонддук уюмдардан, кайрымдуулук фонддордон да түшөт. Негизинен эле таянары, багар көрөрү жок жетим балдарга, мүмкүнчүлүгү чектелген балдарга коомчулук тарабынан уюштурулган кайрымдуулук фонддор, чет өлкөлүк фонддор тарабынан бөлүнгөн гранттык акчалар өтө көп. Биз мына ушул булактарды туура, максаттуу пайдалана билсек эле, келечек муундарыбыздын пайдубалын түптөй алабыз. Эң башкы маселе, бала 18 жашка чыкканга чейин баланын жеке эсебине эч ким тие да албайт. Тескерисинче, көбөйсө көбөйөт, азайбай турган механизм менен иштелип чыкты. 18 жаш курактан ашканда атасынын же энесинин экөөсү тең жок болсо тиешелүү министрликтердин макулдугу менен алышат. Жогоруда белгилегенимдей акча булагы бар. Табылды. Азыр баштапкы акчанын суммасы канча болот? 2–3 миллиардга чейин жетеби деген маселелерди тактап жатабыз.

— Бул мыйзам күчүнө киргенден кийин, буга чейинки 18 жашка толо элек жарандардын жөлөк пулдары кандай болот?

— Аталган мыйзам долбоору күчүнө киргенден кийин буга чейинки жөлөк пул алып жүргөн жарандардын жана ата-энелердин тандоосуна жараша болот. Ата-эне кааласа баласынын пособиясын мыйзамдын негиздерине таянып, бала 18 жашка толгонго чейин депозит катары мамлекеттин карамагына өткөрүп берет же кааласа ай сайын кадимкидей эле ала берет. Бул мыйзамдын буга чейинки алынып жүргөн жөлөк пулдарга эч кандай тиешеси жок. Бул мыйзам бүгүнкү иштелип жаткан жөлөк пулга карама-каршы келбейт.

— Марлен Абдрахманович, азыр биздин өлкөдө жаш ата-энелер үчүн жөлөк пул алуу аябай көйгөй. Мисалы, турак жайы, унаасы, муздаткычы болсо, ошол эле учурда атасы мигрант болуп чет мамлекетте жүрсө да жөлөк пул ала алышпайт. Социалдык жактан камсыздандыруу кызматкерлери кайсы мыйзамдын негизинде иш алып барып, кайсы мыйзамга таянып жатышат?

— Бул маселени териштирүү жүрүп жатат. Бизге мындай маалыматтар келсе дароо эле реакция кылып териштирүүлөр болуп, ошол эле учурда түшүндүрүү иштери да жүрүп жатат. Өз убагында жооп берүүгө да аракет кылып жатабыз. Ооба, сиз айткан чындык болуп жатат. Айрым жерлерде эмнегедир коррупциялык схемалардын негизинде “муздаткычың, телевизоруң, унааң бар экен. Же болбосо чоң атаң, чоң энең пенсия алып жатат” деген негиздер менен пособие берилбей келген. Негизи мындай жол менен жөлөк пулду бербей коюуга мыйзам жол бербейт. Ар бир төрөлгөн бала жөлөк пул алууга укуктуу. Ачыгын айтканда муну коррупциялык схема аркылуу “сен мага мынча берсең, мен сенин балдарыңды пособие алуучулардын тизмесине киргизип коем” деген жер-жерлердеги болуп жаткан коррупциялык схема. Ошон үчүн бул маселе боюнча эч бир провокацияга алдырбай эле мындай көрүнүштөр болуп жатса тийешелүү жерлерге кайрылышса болот. Бизге, журналисттерге кайрылса болот. Журналисттер аркылуу да көп маалыматтар ачыкка чыгып жатат. Мындай маалыматтар болсо, биз маселени ордунда териштирип чечкенге аракет кылып, көзөмөлгө алабыз.

— Демек, жарандар жергиликтүү күч түзүмдөрүнө да арыз менен кайрылса болобу?

— Албетте, мындай коррупциялык схема ачыктан-ачык колдонулуп жаткан жагдайда жарандар арыз менен райондук, облустук Ички иштер бөлүмдөрүнө кайрылса болот.

— Азыр биздин жарандар түз эле Президент Садыр Жапаровго, УКМКнын башчысы Камчыбек Ташиевге жана Жогорку Кеңештин депутаттарына эле кайрылышат жана маселе ошондо гана чечилет. Эгер, жогорку бийлик бардык маселени туура чече турган болсо, анда жергиликтүү бийлик бутактарынын канчалык деңгээлде кереги бар? Элдин көйгөйүн жеринде чече албаган аймактагы жергиликтүү бийликтер жөн эле элдин эсебинен, мамлекеттик казынага кол салып жаткан жокпу?

— Чындыгында бул жерде сиз да суроону ачык бердиңиз. Туура. Бизде азыр аймактык реформа жүргүзүлүшү керек экендигинин бирден-бир белгиси ушунда экендиги болуп калды. Анткени, биз көрүп жатабыз. Өзүнүн тепкич-тепкичи менен кете турган бийлик системасы бүгүнкү күнү башында кабыл алынган мыйзамдар, токтомдор болобу аягына жетпей иштебей калып жатат. Ошондуктан түздөн-түз жогорку бийликке кайрылуулар болуп, бул көнүмүш адатка да айланып бара жатат. Чындыгында жергиликтүү аймактын айыл өкмөтү, акими, губернатору, ал эле эмес жергиликтүү депутаттар кайда жүрөт деген суроо чоң суроону туудуруп жатат. Ошон үчүн бүгүнкү күндө атайын жумушчу тобу түзүлгөн. Бул жумушчу топтун негизги максаты – аймактык реформа жүргүзүү ниети менен болуп жатат. Менин жеке пикиримде, иштебеген институттарды алыш керек дагы түптүз иштей турган институттарды калтырып, ошол эле учурда жоопкерчиликти күчөтүп, экинчи жагынан аларга бийликти берип, кандай гана маселе болбосун жеринен чече ала турган механизмди берсек, жергиликтүү бийликте дагы күч болот дагы эл түз эле кайрылып, кандай гана маселе болбосун чечүүгө шарт түзүлөт. Азыр жарандар акимге кайрылат. Акимдер кайсы бир маселени чече албаса, же кадр маселесин чече албаса, акча бөлүп бере албаса… Менимче, жергиликтүү бийлик аткаруу функциясында эле отурат. Бүгүнкү күнү райондук аткаруу бийлиги маалыматтарды сактоо жана берүү менен гана чектелип калды. Калган чечүүчү механизмдер жок болуп калган. Ошондуктан азыр реформалардын үстүндө комиссиялык түзүм иштеп жатат. Жакынкы арада аймактык реформа башталып, бул системаны жөндөп алсак, буюрса жакшы багытка түшөбүз.

— Аймактык реформа ишке аша турган болсо, жергиликтүү элдин ар кандай маселеси жеринде чечилет дегенге негиз барбы?

— Албетте, аймактык реформаларды ишке ашыруу үчүн жумушчу тобу түзүлүп, күчтүү профессионал адистердин курамы топтолгон.

Азыркы учурда механизмдери иштелип чыгып жатат. Мисалы, акимчиликтер губернаторлуктар жоюлуп, аймактар гана пайда болот. Кыргызстан боюнча 30, 35 гана аймак болот. Ошол жерде күчтүү аким болот. Ал акимдин колунда күч структурасы болот жана жергиликтүү элдин бардык маселесин жеринде чечүү каралат. Мына ошондо гана жогоруда сиз айткандай, эл Президентке жана Жогорку Кеңешке кайрылбай эле бардык маселе аймакта чечилет. Бул деген чоң-чоң аймактык региондорго гана бөлүнүп калат. Бул жерде 7 облус жана губернаторлук кызмат болбойт, түз эле аймактык региондорго бөлүнүп калат. Кыргызстан боюнча 44 район, 31 шаар деп бөлүнүп отурбай болгону 33 аймак болот жана 33 аким дайындалат. Бул бир гана варианты жана мунун үстүнөн иштөө дагы да улантылып жатат.

— Бул реформа экономикага канчалык таасирин тийгизе алат? Мамлекеттин казынасын үнөмдөп, пайда келтире алабы?

— Албетте, үнөмдөө оптимизациялык алкагына кирет. Күнүм өтсө болду деп, айлык жеп күнүн өткөрүп жаткандар жок болот. Бул жерде үнөмдөө чоң жыйынтык алып келет. Азыр мына ушунун схемаларынын үстүндө иштеп жатабыз. Элдин дагы бизге түздөн-түз чыгып жаткандыгынын себеби ушунда болуп жатат. Депутаттардын бир вазийпасы мыйзам жазуу болгон болсо, мындан сырткары элдин көйгөйүн чечүү жана элдин үнүн бийликке жеткирүү. Ошого байланыштуу эл биз менен түз байланышка чыгууда. Ал эми бизге бул кызмат аманат. Биз аманатыбызды толук аткарышыбыз керек деп ойлойм жана биз кабыл алынып жаткан мыйзамдардын баарын көзөмөлдөп, элдин багытында иштешибиз керек. Албетте, өкмөт экономикалык өсүшкө багыт алуу менен кээ бир учурда жарандардын кызыкчылыгын эске албай калышы мүмкүн. Ошондуктан биз эл тарабынан шайланып келгенден кийин, элдин ички көйгөйүн жакындан билген өкүл катары биз тараза сыяктуу туруп, акыйкаттуулукка басым жасоо менен бирге мыйзамдардын иштешине көзөмөл жүргүзүшүбүз керек. Азыр 7-чакырылыштын депутаттарынын шайланып келгендигине 2 жылга аяк басып жатат. Бул эки жыл аралыгында биз 20дан ашык мыйзам жаздык. Албетте, бул мыйзамдардын баары эл үчүн иштесин деп жазып жатабыз.

— Жазылган мыйзамдардын иштешине Жогорку Кеңеш көзөмөл жүргүзөбү?

— Албетте, биздин дагы бир функциябыз көзөмөл жүргүзүү. Көзөмөл жүргүзүү органы катары ар бир жазылган мыйзам долбоорунун иштөө функциясы каралат. Мен мыйзамдардын жазылышы жана аткарылышы боюнча анализ жүргүзүп жатам. Менин баамымда жазылган мыйзам көп, аткарылышы жок ошол эле учурда пайдасыз. Ошондуктан кээ бир мыйзамдарды жокко чыгарып, кээ бир мыйзамдарды кайра иштөө керек. Бул редакциялоодо дагы элдин кызыкчылыгы биринчи орунга коюлушу зарыл. Эгер кээ бир мыйзамдар өзгөрсө күч түзүмдөрүнө – тагыраагы соттордун, прокуратуралардын иштөөсүнө да оңой болот жана талаш маселелерге чекит коюлмак.

 

Турдайым Кожомбердиева

Share