Башкы прокурордун орун басары Үмүткан Коңкубаеванын Жогорку Кеңештин Бюджет, экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитетинин жыйынындагы “Чаткал районунун каза болгон прокурору Б. Жанузаковдун үй-бүлөсүнө 21 миллион 700 миў сом бир жолку кенемте пул төлөндү” деген маалыматы жогорку бийликтегилердин коррупциялашкан системасынын бет пардасын ачып, мамлекеттик казынадан мыйзамдуу, мыйзамсыз алып жүргөн шылуундуктары менен кошо иттин өлүгү кайда көмүлгөнүн билдирип койду.
Көрсө, 32 жылдан бери өнүкпөй эле, артка кетип атканыбыздын дагы бир себеби, чоңдор эл катары эле өлө бербей өлүмтүгүн элге артып калктын мойнуна жүктөгөн экен деген пикирде калат экенсиң. Убактылуу өкмөт, Атамбаев 7-апрелде жасаган кандуу иштерин жабуу үчүн Ала-Тоо аянтында өлгөндөргө бир бөлмөдөн үй, бир миллион сомдон үй-бүлөсүнө жардам көрсөтүшкөн эле. Муну мамлекеттик төңкөрүшкө катышкандардын кунун төлөгөн деп ачык эле айтсак болот. Ал эми Баткен жергесине эки жолу эл аралык террорчулар кол салганда, кийин тажик аскерлеринин колунан каза болгон баатыр жоокерлерибиздин үй-бүлөлөрүнө мындай жардам көрсөтүлгөн эмес. Мисалы, 2022-жылдын 16-сентябрында Баткен районунун Ак-Сай айылынын мектеби тажиктердин кол салуусунда күйгөн учурда мектептин кароолчусун атып өлтүрүшкөн. Демек, мектептин кароолу дагы мектепте кызмат ордунда душмандын кол салуу учурунда атайын өлтүрүлгөн. Кароолчунун үй-бүлөсүнө күнү бүгүнкүгө чейин мамлекет тарабынан компенсация төлөнгөн жок. Бул бийлик төбөлдөрүнүн элге кылган камкордугу эмей эле, карапайым калктын жонунан кайыш тилгени эмеспи?
Эл өзүнүн киндигин өзү кесип, бирине-бири жөлөк-таяк болуп, бирин-бири колдоп жашоо менен алек. Эл — пандемия учурунда бир сындырым нанды бөлүп жешти. Баткендеги тажиктер менен болгон кандуу жаңжалда Кыргызстан боюнча түп көтөрүлүп Баткенге колдон келген жардамдарын беришти. Бөйрөк, боор, рак менен ооруган жарандарга 1 сомдон баштап чогултуп чет өлкөлөрдүн ооруканаларына жөнөтүп, бирине-бири жардам берген да эл болот. Мындай оор маселелерде жарандар өкмөткө кайрылса, эки колун куушуруп, жайдак алаканын көрсөтүп жоктун оросуна түшүп кетишкени чындык эмеспи?
“Кыргызстандын эли бай, мамлекети жарды” деген сөз жомок болуп чыкты. Анткени, бей-бечаранын кейпин кийип алып, элдин үстүнөн жашоонун эң жөнөкөй формасы менен мамлекеттин казынасын талап жатышкандарынын бети ачылды. А карапайым элчи?
Камила Талиева, Жогорку Кеңештин депутаты: «Элдин акчасына тийбегиле»
— Мамлекеттин казынасына баракелде. Биз мектепке 5 миллион ала албай, акчаны ары чоюп, бери чоюп таппай жатабыз. Бул мамлекеттин бюджети, элдин акчасы! Элдин акчасына тийбегиле.
Надира Нарматова, Жогорку Кеңештин депутаты: «Чындыгында бул сумманы угуп туруп, прокурор болуп өлгүң келет да»
— Прокуратура менен сот органдары мыйзамды өтө аша чапкандык менен өздөрүнө ыңгайлаштырып алышкан экен. Чындыгында бул сумманы угуп туруп, прокурор болуп өлгүң келет да. Эми прокурорлордун өмүрүн тилейт окшойбуз, эмне кылса деле макул, эң башкысы аман болсун деп…
Бирок, бул жерде туура эмес жактары көп экен. Сот органдары, прокурорлор пенсияга чыкса да миллион акча менен чыгышат. Айтсаң жаман көрүнөсүң, анан “депутаттар жеп койду, ичип койду жепжутарлар” деп “жебеген самсага пул төлөп” деп укпаган сөзүбүз калбайт. Мындай болбойт, бул мыйзамга тез арада өзгөртүү киргизип, колдоп беришибиз керек.
Айбек Осмонов, Жогорку Кеңештин депутаты: «Мамлекеттик кызматтагыларга жөлөк пул жаатында бирдей шарттар түзүлгөн»
— Учурда чоң талкуу жаратып жаткан маселе боюнча менин пикирим түз. Прокурор болобу, электрик болобу, врачпы же мугалимби бардык мамлекеттик кызматтагыларга жөлөк пул жаатында бирдей шарттар түзүлгөн.
Кыргыз Республикасынын Эмгек Кодексинин 252- беренесине ылайык, кайсы гана кызматта иштебесин, багар-көрөрү каза болгондугуна байланыштуу зыяндын ордун толтурууга укугу бар адамдарга иш берүүчү жабырлануучунун жыйырма орточо жылдык эмгек акысынын өлчөмүндө бир жолку жөлөкпул төлөйт. Бир жолку берилүүчү жөлөкпулдун өлчөмү ошол аймак үчүн белгиленген жашоонун эң төмөнкү 4 жылдык өлчөмүнөн кем болбоого тийиш, — деп жазылган
Ошондой эле, Прокурорлорду жана тергөөчүлөрдү укуктук жана социалдык коргоо чаралары боюнча 84-берененин 5-бөлүгүнүн 1-пунктунда так даана көрсөтүлгөн:
- Мамлекеттик камсыздандыруу органдары прокуратура органдарынын сунуштамасы боюнча республикалык бюджеттин каражаттарынын эсебинен камсыздандыруу суммасын төмөнкүдөй учурларда төлөп берет:
1) прокурор жана тергөөчү кызматтык милдеттерин аткарып жатканда курман болгондо (өлүмгө учураганда). Курман болгондун үй-бүлөсүнө анын акыркы кызмат орду боюнча орточо жылдык эмгек акысы эсебиндеги 20 жылдык эмгек акысынын өлчөмүндө бир жолку жөлөкпул төлөнөт.
Эмилбек Момунов, журналист: «Прокурор өлбөс болсочу…»
— Мурда “депутат болуп өлсөм арманым жок” дечүлөр эми прокурор… деп калышты окшойт.
Инаят Ниматова: «Бир боорубузду кайтарып берсин дешсе керек…»
— Үй-бүлө, бир туугандары “Баардык дүйнө мүлкүбүздү алсын. Каткан нан кемирип отурсак да кайылбыз. Бир боорубузду 5 минутага кайтарып берсин” деп кан жутуп отурушса керек. Бардык жакындарына көңүл айтам. Маркумдун билип, билбей кылган күнөөлөрүн Алла өзү кечирип, бейиштик кылсын…
Акбалык Жумалиева: «Күнөө мыйзамды окубай кабыл алган депутаттарда»
— Атайын акча алайын деп бул дүйнө менен коштошкондой, Б. Жанузаковду колдонушканы туура эмес. Күнөө мыйзам жазгандарда жана ал мыйзамды окубай кабыл алган депутаттарда.
Жусубаев Чыңгыз: «Кыргызстанды эмне үчүн карыздан кутулбайт десе…»
— Биздин үйдө телевизор, муздаткыч же машинаң болсо да жөлөк пул чыкпайт. Прокурор өлүп калса да 21 миллион төлөнөт экен. Кыргызстан эмне үчүн карыздан кутулбайт десе, ушулар тоноп жаткан турбайбы…
Роза Ботоева: «Карапайым элден коркпосоңор да, Кудайдан корккула»
— Мындай болбойт. Адамдык укукка такыр туура келбейт. Бирок, болуп жатыптыр, чын экен. Урматтуу Президент, бул маселени тезинен карап чыгыңыздар. Карапайым элден коркпосоңор да, Кудайдан корккула.
Фарида Аманкулова: «Бул закон өнүккөн өлкөдө да жок»
— Бул законду эс-акылы ордунда эле адам чыгарды бекен? Эмненин эсебинен кайсы тарифти колдонушту? Жүрөк титирейт го. Бул закон өнүккөн өлкөдө да жок. Оорунун айынан майыптуулук менен пенсияга чыксаң да жаныңды кашайтып “мынча акча бересиң” деп чөнтөгүңдү тешип карашат уяты жоктор!
Чынара Исаева: «Бардык мамлекеттик кызматкерлердин айлык акылары текшерилиши керек»
“Прокурор кызмат учурунда өлүп калса…” деп жазып жатат. Прокурорлор эмне мылтык көтөрүп тоо ташта ысык-суука карабай жүрөт бекен. Булар кабинетте бирөөгө күнөө койгондон, пара алышкандан башка иш кылышпайт. Анан өлгөндө дагы 21 миллион алышат. Мыйзамды өзгөртүп, бардык мамлекеттик кызматкерлердин айлык акылары текшерүүгө алынышы керек.
Кыял Асанов: «Кыргызстандын бюджети ушуларга эле кетет экен…»
— Кыргызстандын бюджети ушуларга эле кетип калат экен да. Бул мыйзамды уккан прокурорлордун аялдары алардын өлүмүн тилеп күндө бата кылып турушса керек…
Турдайым Кожомбердиева