Соңку тапта Борбордук жана дагы Жергиликтүү Бийлик башына кокусунан жана дагы иштин көзүн таптакыр эле билбегендер дайындалышы, чындыгында, адатка гана айланып баратат. А мындай өнөкөт өлкөбүздүн ар тараптуу ыкчам өнүгүшүнө дагы куп гана кесепетин тийгизип жаткан чагы. Булар туурасында Кыргызстан коммунисттик партиясынын Ош шаардык комитетинин биринчи катчысы Махмуд ЮСУПОВ кабарчыбызга курган маегинде агынан жарылып ачык айтып, аябай эле тызылдады.
— Махмуд мырза, КПСС жетекчилик кылган СССР заманында биз, албетте, жаман жашаган жокпуз. Чындыгында, улуу империя элек. Анын, СССРдин, күтүүсүздөн кулатылышына жана андан ары союздук республикалардын биротоло чачырап кыйратылышына Сиз кимди себепкер деп эсептейсиз?
— Кийин гана жалпыга маалымдоо каражаттары ачыгын жазышпадыбы. Менин деле позициям дал ушундай. Советтер Союзунун кулатылышы үчүн СССРдин биринчи жана дагы эң акыркы президенти Михаил Сергеевич Горбачев жана Орусиянын туңгуч президенти Борис Ельцин акмакчылык кылышпадыбы. А буларга АКШнын ошол кездеги президенти Рональд Рейган, Англиянын премьер-министри Маргарэт Тэтчер ачыктан ачык көмөктөшүшкөн.
— Ошондон бери, мындайча айтканда, Кыргызстан эгемендүүлүгүн жарыялагандан тартып, эмдигиче өзүнүн өнүгүү жолун таппай келатпайбы. Эмнеликтен?
— Жашырып не. Буга туңгуч президентибиз Аскар Акаев түздөн-түз айыптуу. Анткени, бул киши, балким, мыкты илимпоздур. Тилекке каршы, экономиканы, чарбаны жана дагы каржы маселелерин дээрлик жетиштүү билбейт эле. Бул инсан демократияга жол чапканы менен, бактыбызга жараша, мамлекетибизде темирдей тартипти орното алган жок! Бар байлыктарыбызды: колхоз-совхоздорду катарынан талатып-бүлүндүрүп, ал эми иштеп жатышкан завод-фабрикаларыбызды чекесинен менчиктештирип, андан ары талкалап тынды.
Тилекке каршы, менчиктештирүү жараянын мыйзамсыз жүргүзгөндүгү жана дагы өлкөнү айрым топторго талатып-тоноткондугу үчүн туңгуч президентибиз Аскар Акаев эмдигиче мыйзам алдында жооп бере элек. Дагыле Орусияда тайраңдап, анан дагы бизге тыштан акыл үйрөтүп жүрөт.
— Сиз улуу муундун — Советтер Союзунун өкүлү катары азыркы президентибиз Садыр Жапровдун бүгүнкү иш-аркеттерине ичиңиз чыгабы?
— Убагында Сталин “Кадрлар баарын чечишет” деп эң таамай жана туура айткан. Тилекке каршы, бийлик башындагылар акыркы мезгилде кадрдык олуттуу катачылыктарды абдан көп кетирип жаткан маалы. Райондорго жана облустарга, а түгүл Айыл Өкмөттөрүнө чейин жөндөмсүз, а түгүл жарытылуу план-программасы жок, дегеле такшалбаган жетекчилер кокусунан дайындалып жатат.
Жүйөөлүү бир нерсе айтсаң эле, булардын жооптору дайыма дапдаяр: “Көч бара-бара түзөлөт” дешет. Ыя, айланайындар! Көч түзөлгүчө Кыргызстаныбыз бара-бара чөгүп баратпайбы… Аны эми мындай туташ кризистен ким куткарат, ыя?
— Кантсе дагы, коррупция менен аеосуз күрөш, буга улай ченемсиз жеп-ичкендерди кустуруу деги үзүрүн берчүдөйбү?
— Алишер үкам, коррупция Адам жер бетинде жашап турганда аны дайым сөзсүз коштоп жүрөт. Бул балекетиң өлө мактанган АКШда жана Европада деле бар. Бирок, аларда төмөнкү деңгээлде. Андыктан, бул балекетти Кыргызстанда таптакыр жок кылуу дегеле мүмкүн эмес, акылга деле сыйбайт! Бул утопия! А аны кандайдыр бир даражада азайтуу гана ыктымал…
А биздечи? Ооба, коррупцияга каршы күрөш күчөтүлдү. Тилекке каршы, ал эмнегедир ачык-айкын эмес! Кармалышкан коррупционерлерден казынабызга жалпысынан канча акча түштү? А бул каражаттар кандай максаттарга сарпталууда? Мунун ар бирин ар бир Кыргыз жараны билүүгө акылуу. А мындай ачык-айкындуулук Кыргызстанда өзү жок болуп жатпайбы…
— Ош шаары — мыйзамга ылайык Кыргызстандын Түштүк башкалаасы. Тилекке каршы, бул борбордо Бийлик бутактарынын бири дагы (Президент, Өкмөт, Жогорку Кеңеш) иштегенге кызыкдар эмес! Ошондуктан, келечегин ойлосок, өлкөбүздүн борборун биротоло Ош шаарына көчүрсөк кантет? Коңшубуз Казакстан деле ушинтип эле Астана шаарын кыска аралыкта гүлдөтүп таштабадыбы?
— Менимче, Ош шаарында президентибиз Садыр Жапаров өзү туруктуу иштеши кажет! Ошондо гана дал азыр кайрадан башыбызды ооруткан Түндүк-Түштүк маселесине биротоло чекит коюлат. Буга улай Түштүккө инвестиция дагы арбын тартылып, ар тараптуу жана өтө ыкчам өсүп-өнүгүүсүнө мыкты өбөлгө жаралат.
— Астролог Жапар Кадыралиевдин баамында, президент Садыр Жапаров акылдуу душмандан эмес, акмак достордон коркушу кажет! А Сиз ушуга кошуласызбы?
— Албетте, толугу менен кошулам! Президентибиз Садыр Жапаров чукул арада командасын сөзсүз жаңылоосу кажет! А ушуга улай, учурдан пайдаланып «Ата-Мекен» социалисттик партиясынын жол башчысы, ушул тапта Кыргызстандын Германиядагы толук ыйгарымдуу элчиси Өмүрбек Текебаевдин “БИЗ — БИЙЛИККЕ ОППОНЕНТПИЗ, БИРОК, ДУШМАН ЭМЕСПИЗ!” деген сөзүн дагы кошумчалап кетмекчимин. Албетте, биз, кыргызстандыктар, эч качан бөлүнүп-жарылбастан, ар кандай кырдаалда өз ара биригип, ийиндеше жана ынтымакчылыкта иштешкенде гана мындан баарыбыз тең утабыз!
— Махмуд мырза, деги Кыргызстанга көп партиялуулук системасы өзүн-өзү актачудайбы?
— Акыркы жылдардагы биздин тажрыйбабыз айгинеледи го… Бизде көп партиялуулук системасы өзүн өзү актаган жок! Менимче, кичинекей Кыргызстаныбызга бири-бирине атаандаш эки партия эле жетишет. Биз суктанган Америка деле кудум ушундай нукта өсүп-өнүгүп келатпайбы.
Маектешкен Алишер Токсонбаев