Жолдошбек Бөтөнөев, тарых илимдеринин кандидаты: «Пакистанда жашаган этникалык кыргыздар Кыргызстанга аябай келгилери келээрин билдиришти»

Жолдошбек Бөтөнөев, тарых илимдеринин кандидаты: «Пакистанда жашаган этникалык кыргыздар Кыргызстанга аябай келгилери келээрин билдиришти»

Пакистандын Гилгит шаарына жакын жердеги Имит айылында жашаган 300дөй этникалык кыргыздардан кабар алганы 20 адамдан турган кыргызстандык маданий жана илимий экспедициялык топ барып келди. Алар дээрлик бир жума бою ал жакта жашаган кыргыздардын жашоо-турмушун комплекстүү изилдөө иштерин жүргүзүштү. Негизинен бул жакта Совет бийлигинин кысымынан өткөн кылымдын 30-жылдары өтө качкан Жаныбек казынын урпактары жана аны ээрчип кеткен элдин тукумдары жашайт. Бул экспедицияга мүчө болуп барып келген тарых илимдеринин кандидаты Жолдошбек Бөтөнөев пакистандык кыргыздардын тарыхый таржымалына илимий изилдөө жүргүзө баштады. Аны менен болгон маекти сунуштайбыз.

— Жолдошбек мырза, Пакистанга илимий экспедиция менен барып келдиңер. Бул сапарыңар кандай болду? Кыскача айтып өтсөңүз?

— Жакшы болот. Ушул жылдын 8-майында Пакистанда башталган тарыхый-маданий экспедициябыз жемиштүү өттү десем жаңылышпайм. Ал жерде тээ 1920-жылдары Совет бийлиги өгөйлөп, “басмачы” деген ярлык тагып, куугунтукка алган Сагынбай уулу Жаныбек казынын урпактары менен жолугушуп келдик.

Алар учурда аталган өлкөнүн Гилгит шаарынын Имит деген айылында турушат. Ал жерде Жаныбек казынын 300гө жакын урпактары жашайт экен. Негизинен алардын жашоо турмушу, алар ал жакка кантип барып калышкан, алардын барганына 100 жылдай убакыт болуп калды, ушул аралыкта өзгөрүлгөн бардык тараптагы өзгөрүү динамикасын, азыркы салт-санаасын, учуру жана келечеги жөнүндө баарлашып, суроолорубузду берип, жооп алып, практика жүзүндө алардын тойлоруна да катыштык. Анан Жаныбек казы менен анын экинчи жубайы Касиет эненин сөөктөрү коюлган күмбөзгө барып, куран окуп келдик.

— Алардын Пакистанга барып калганына бир кылымдай убакыт болуптур деп калдыңыз, азыркы пакистандык кыргыздарда эмне өзгөрүүлөр бар экенин байкадыңыз? Айрыкча тил, маданият жагында?

— Тил жагынан өзгөрүү негизинен чоң экен, анткени алар урду тилинде сүйлөшөт. Айрымдары гана биз менен кыргыз тилинде эркин баарлаша алышты. Бирок анда да өзбек тилин аралаштырып атышты. Аны өздөрү да ачык айтып: “бизди туура түшүнгүлө, өзбекче сүйлөйт экен деп туура түшүнбөй калбагыла. Бул нерсе чөйрөнүн тийгизген таасири экен”, — ​дешип кечирим сурашты.

Ал эми салт-санааларында, тамак-аштарында өзгөчөлүктөрү тууралуу айтсак, кыз узатуу тоюнда, индиялыктар менен пакистандыктардай болуп, колу-башын, беттерин боёп, алтын-күмүштөрүнүн баарын тагып, жергиликтүүлөргө окшош салттар менен кыздарын турмушка узатышат экен. Анан андай тойлордо эркектери менен аялдары чогуу отурушпай, бийлегенде да аялдар өзүнчө, эркектер өзүнчө топ болуп алышып бийлешет экен. Кыз узатуу тоюнда бизди, эркектерди, киргизишкен жок. Мейман катары, чекесин гана көрсөттү.

— Кандай өзгөчөлөнгөн жөрөлгөлөрү бар экенин көрдүңүз?

— Биз сурандык да, “биз изилдөө үчүн атайын келдик, бизге салтыңарды көрсөткүлө, көрөлү”, — ​дедик. Ошентип алардан суранып атып кыз узатуу тоюна катыштык. Болбосо, “Кыз узатууда”, дегеле кайсы гана той болбосун, аялдар өзүнчө, эркектер өзүнчө отуруп, ичип-жеп, ырдап-чоордоп, бийлешет экен.

Ал эми тамак-аш боюнча, кымыз деген жок экен, улуттук суусундук. Себеби бээ, жылкыны кармабайт экен. Аларда негизинен кой, эчки, топоз, эшек, качыр бар экен. Ошол үчүн алар кымыз ичишпейт экен. Карынга сары майларды куйбайт экен.

— Аларды билет бекен негизи?

— Билишет экен. “Азыр жоголду, мурда бар эле”, — ​дешти. Бул неберелери, чеберелери билбей калыптыр. Чоң аталарыбыз билишет эле дешет. Жаныбек казынын өзүнүн балдары, кыздары биз билген эски салтты алар билишчү экен. Биз барганда тосуп алып, баарыбызды баштап алып жүргөн Жаныбек казынын урпагы Мухаммед Захиджан өзүнүн баласынын атын Жаныбек деп коюптур.

Анан дыйканчылык боюнча айтайын, дыйканчылыкты катырышат экен. Алар турган жерге картошка-сабизден тартып, алма-өрүккө чейин өсөт экен. Калгандарын кем-карчуусун тиги Исламабаддан же башка шаарлардан ташып ичишет экен.

— Алар жашаган айыл менен борборунун аралыгы канча экен?

— Биз Пакистандын борбору Исламабаддан Имит деген айылга биздеги “Степ” дегендей автоунаа менен 35 саатта жеттик.

— А эң жакын деген административдик аймактын аралыгы канча экен?

— Алардын негизги байланышы Гилгит шаары менен экенин байкадык. Аралыгы 120 чакырым болгондуктан, 4 саатта басып өтсө болоорун көрдүк. Жолунун көпчүлүк жери асфальт экен, кээ бир жерлери таштак дегендей. Булар негизинен тышкы саясатта Кытай менен абдан жакшы экен. Алар да Улуу Жибек жолу деп коюшат экен. Ошол Исламабад менен Кашкарды бириктирген жол ушул Гилгит шаарынан өтүптүр. Бул жолду Кытай Эл республикасы куруп берген дешти. Эми ушул жолго параллел темир жол кура башташыптыр. Булар аркылуу Кытайды Жакынкы Чыгышка алып өтө турган жол болот деп атышат. Гилгит дарыясы абдан чоң дарыя, суусу мол агат экен. Ага Кытай өкмөтү ГЭС кура баштаптыр. Ал чоң ГЭС экен.

— Демек, көпчүлүгү кыргызча билбейт экен да?

— Ал жакта кыргыздардын баары менен эле баарлаша албадык. Тилекке каршы, алардын көпчүлүгү урду тилинде гана сүйлөшөт экен. Жаштардын айрымдары бар экен, Кыргызстанга келип, жашап, 8 жылдай окуп кеткендери менен да кездештик. Алар бизге жардам берип атышты. Негизинен ал жердегилер ата-бабаларынын кыргыз тилин түшүнбөйт. Ал эми алардын лидерлеринин бири Адис деген мырза 1999-жылдары Имит айылында 1 мөөнөт айылдык кеңештин депутаты да болуп шайланыптыр.

— Жалпылап айтканда, жашоо-турмушу кандай экендигине күбө болдуңуздар?

— Жашоо шарты жакшы эле экен. Тоонун башында турса деле, көйгөй жок дешти. Мусулманчылыкка көп көңүл бурушуп, динди катуу кармашат. Пакистанда жашаган этникалык кыргыздар Кыргызстанга аябай келгилери келээрин билдиришти. Биз барганда аябай сүйүнүштү, анткени биринчи жолу ушундай делегация келди дешип, кубанып тосуп алышты.

— Эми ошол делегация тууралуу кыскача айтып берсеңиз, бул кантип уюшулуп калды, кимдин демилгеси болду, эмне болгон экспедиция эле деген суроолорго жооп берип койсоңуз?

— Бул негизинен жарандык активист Рысгүл Акимжанованын демилгеси болуп калды. Аны Кыргызстандын Пакистан Ислам республикасындагы атайын жана толук ыйгарым укуктуу элчиси Улан Тотуев мырза колдоого алып, элчилик менен биргеликте өттү. Тамак-аш, жатакана дегендерди элчилик көтөрүп берди. Делегациянын айрым мүчөлөрү чыгымдарын өздөрү төлөп барышса, айрымдарыныкын ошол инсандар каржылап берди.

Ошентип бул тарыхый, маданий, илимий экспедицияда жалпысынан 20 адам болду. Алардын ичинен онубуз илимий багытта иштедик. Башкача айтканда, илимий изилдөө иштерин аткарып, маектерди алдык, изилдедик дегендей. Ал эми ону маданий-массалык жумуштарды аткарышты: ырдап-бийлеп, күү чертип, Манас дастанынан үзүндү айтып, элдик ырларды аткарышып, кандаштарыбыздын көңүлдөрүн көтөрүштү. Кыскасы, кыргыздын маданиятын, салт-санаасын эстерине салып келдик деп айтсам да болот.

— Силер Пакистанга барган учурда коомдук-коопсуздугу олку-солку болуп, саясий абал курчуп, керек болсо борбору Исламабадга армия бөлүктөрүнө чейин киргизилбедиби. Бул нерсе силерге тоскоолдук жаратпадыбы?

— Саясий толкундоолор бизге түздөн-түз таасирин тийгизген жок. Бул абалда бийлик күч органдарын күчөтүлгөн тартипте иштетти. Негизи бир облустан экинчисине киргенде акча төлөнүп, айдоочуларга чек беришет экен. Паспорттук режим экенин көрдүк. Ошентип Исламабаддан Гилгитти көздөй кеткенбиз. Анан кайтканыбызда ошол саясий толкундоолорго туш болдук. Анда мурункудан да катуу күчөтүп коюшуптур. Бирок бизге абдан жакшы сый-урмат менен мамиле кылышты.

— Жакшы, аман-эсен барып, жемиштүү кайтып келипсиңер. Эми бул сапарыңар тууралуу тарыхый маалыматтар камтылган илимий эмгектерди күтөбүз. Ишиңизге ийгилик!

 

Маектешкен: А. Белеков

Share