Акыркы убактарда Кыргызстанда бардык деңгээлдерде өтө көп талкууланып жаткан жана да коомчулукта өтө кызуу талаш-тартыштарды жараткан маселелердин бири — “Азаттык” радиостанциясынын (же, эл аралык “Свобода” радиостанциясынын кыргыз тилинде берилүүчү редакциясынын) соттун чечими аркылуу жабылышы болуп калды…
Ушуга байланыштуу, эл аралык уюмдардан баштап, жергиликтүү укук коргоочулар жана ар кандай көз караштарды тутунушкан саясатчылардан бери өз пикирлерин билдиришүүдө. Ошондон улам, ал пикирлер да ар түрдүү болуп, коомубузда учурда жаралган маанайды ачык чагылдырууда. Бул табигый көрүнүш жана мындан кандайдыр бир чектен ашкан, атайын уюштурулган саясий кампания жүрүүдө деп шектенүүнүн деле кереги жок.
Ошентсе да, ошол пикирлердин басымдуу бөлүгүнүн негизги лейтмотиви — “Кыргызстандагы сөз эркиндигине эми биротоло доо кетти, мындан ары ачык айтууга тыюу салынат жана да, ошону менен бирге эле, өлкөдөгү адам укуктары жана жарандык эркиндиктери да чектелип калат” деген сыяктуу эки жүздүү, жалган маанидеги, аша чапмай “тынчсыздануулар жана кооптонуулар” болуп жаткандыгы — белгилүү бир топко биригишкен күчтөрдүн негизги идеясы экендиги түшүнүктүү. Алар кимдер жана түпкүлүгүндө кандай максаттарга карай умтулушуп, коомчулукка кандай баалуулуктарды таңуулоону көздөшүүдө?..
“Азаттык” радиостанциясын “Азаттык” — кыргыз радиостанциясы” деп айтуунун өзү туура эмес. Анткени, бул радионун өткөндөгү тарыхын, басып өткөн жолун, берүүлөрүнүн негизги маани-маңызын жана дагы идеялык жактан көздөгөн максатын жакшы билишкен муундагы адамдардын калың катмары бар. Ал адамдар — али да коомдук-саясий иш-чараларга активдүү катышышып, же бери эле болгондо, коомдук пикирлердин жаралышына орчундуу салым кошууга жарамдуу катмарды түзүп турушат.
Дал ушул муундагы адамдардын көз алдында болуп өткөн кечээги тарыхты эстеп көрсөк, советтик держава кыйраганга чейинки “кансыз согуш” деп аталган, капиталисттик жана социалисттик деп эки жээкке бөлүнүп калышкан, эч келишкис душман болушкан эки саясий системанын тирешүүсү дайыма тынымсыз болуп келгендиги маалым. Эки система тең өз артыкчылыктарын көрсөтүп, саясий атаандашынын кемчилдиктерин ашкерелөөдө массалык-маалымат каражаттарын кеңири пайдаланышкан.
Мындай эң эффективдүү пропагандалык курал — чек ара жана бажы тосмолору ж. б.д.у.с. чектөөлөргө баш ийбеген, аба толкундары аркылуу эркин таркап кете берүүчү радио болуп калгандыгы талашсыз. Калыстык үчүн белгилеп коюу зарыл. Октябрь революциясынан кийин башка өлкөлөргө эмиграцияга кетишкен ак гвардиячылардын урпактарына арналган, же Улуу Ата Мекендик согуштан кийин чет жактарда ар кандай себептер менен калып калышкан орус тилдүү мекендештер үчүн “Для тех, кто вдали от Родины” деген сыяктуу радиоберүүлөр СССР державасында дагы көп болгон.
Советтик пропагандалык машина Батыштагы “өнүккөн” деп аталган өлкөлөрдө жумушсуздук көптүгүн жана ошого байланыштуу, ал өлкөлөрдө кылмыштуулуктун абдан өскөндүгүн, материалдык байлык баарынан жогору коюлган коомдо баары акчага сатыларын, руханий баалуулуктар дээрлик жок экендигин негизги бутага айландырып, кескин сынга алса, “Голос Америки” баш болгон радиостанциялар жана алардын өнөктөштөрү — советтик коомдо сөз эркиндиги жоктугун, дегеле жарандардын укуктары чектелүү экендигин, аларга каалаган чет өлкөгө бара алмак турсун, советтик чек арадан дагы сыртка чыгууга тыюу салынгандыгын, ж. б.д.у.с. көптөгөн “коомдук кемчилдиктерди” такай “ашкерелеп” келишкен!..
Ар кандай техникалык кыйынчылыктарды жаратуу аркылуу, угузбай өчүрүүгө, же кошумча ызы-чуу жараткан үндөрдү тиешелүү аба толкундарына кошуп, “глушить этүү” аркылуу, абдан начар угула турган абалга жеткирүүгө аракет кылынса да, “Азаттык” радиостанциясы белгилүү бир аудиторияны камтып, ал тургай, Кайра Куруу деп аталган доордун соңунда эл арасында кыйла эле популярдуулукка чейин жеткен.
АКШнын Борбордук Чалгындоо Башкармачылыгы (же, одиоздуу ЦРУ деп аталган мекеме) финансылап, такай көзөмөлдөп келген радиостанция, ошентип, “Азаттык — кыргыз радиосу” деп аталып калган учур да келген. Өздөрү айтышмакчы, алардын “Бишкектеги кеңсеси ачылган”. А чынында, сөз эркиндигин маска катары жамынган бул радионун тили эле кыргызча болбосо — тутунган позициясы жана көздөгөн идеологиялык түпкү максаты — АКШнын экспансиялык идеологиясы бойдон кала берген!
1995-жылы АКШнын президенти Билл Клинтон ачык эле мактанып:
«Бир кезде президент Трумэн атом бомбасын колдонуу аркылуу Советтер Союзун талкалоону кааласа, муну биз эч бомбасы жок эле жасадык. Ал тургай, андан да ашыра пайда таптык — биз сырьелук кошумча булактарга ээ болдук… Ооба, бул үчүн биз көптөгөн миллиарддаган долларларды сарптадык, бирок, ал чыгымдар өзүн көп эсе актай баштады: төрт жыл ичинде эле биз жана биздин союздаштарыбыз 15 млрд доллар өлчөмүндөгү ар түркүн стратегиялык сыръелорду, жүздөгөн тонна алтындарды, баалуу асыл таштарды ж. б. заттарды алышты. Али кагазга да түшө элек проекттер үчүн жарыбаган суммаларга 20 миң тоннадан ашуун жез, 50 миң тонна алюминий, 2 миң тонна цезий, бериллий, стронций ж. б. баалуу темир заттар берилди» — деп билдирген.
Буга комментарий керекпи?
АКШнын коңшусу жана союздашы Канадалык компания кыргыздын Кумтөрдөгү алтынын (дүйнөдөгү эң ири он алтын кендин бирин) итбекер ташып кеткени да буга кошумча далил го?!
Өзүн Кыргызстандагы сөз эркиндигинин туткасы катары эсептеп алган “Азаттыктын” бүгүнкү абалы деле ошол бойдон калган. Ага АКШнын жана ЦРУнун “сөз эркиндигин кайтарган ишенимдүү дөбөтүнүн” милдети жүктөлгөн. Мурда ар кандай майда провокацияларды жасоого аракет кылуулары, сөз эркиндигине жана адам укуктарын коргоо деп аталган чүмбөттөрдөн улам анча байкалбай келсе, анын чыныгы жүзү өткөн жылдагы Россия менен Украинанын ортосундагы согушта ачык эле көрүндү.
Кыргыз республикасынын президенти Садыр Жапаров Кыргызстан бул конфликтке карата нейтралдуу позицияны тутунарын бир нече ирет жарыялады. Ал эми “Азаттык” азырга чейин ачык эле өзүнүн проамерикачыл позициясын агрессивдүү түрдө таңуулап келе жатат. Ушунун өзү эле тили кыргызча бул радиостанция чет өлкөлүк радиостанция экендигин, анын баалуулуктары жана көздөгөн максаттары Кыргызстандын түпкү кызыкчылыктарына кайчы келерин каңкуулап турат.
Буга эч таң калууга деле болбойт. Себеби, “Свобода” радиостанциясы күн сайын “Владимир Путин и его бандиты” деп, талбай кайталап келе жатса, анын “бир тууган иниси” (же, “сиңдисиби”?!) болгон “Азаттык” башкача сүйлөп калмак беле?.. Украинанын Кыргыз Республикасындагы элчиси Валерий Жовтенко менен болгон узак маегин бир нече жолу кайталашып, андан башка дагы абдан тенденциялуу, бир жактуу, проамерикачыл көз карашты чагылдырган маалыматтарды байма-бай таркатуу ишке ашырылып турду.
Кудайга шүгүр, “Азаттыксыз” эле, Кыргызстанда сөз эркиндиги бар экен жана дагы көп түрдүү, плюралисттик позицияларды тутунган массалык-маалымат каражаттары бардыгынан улам, жогорудагы аскердик операциянын абалы жана да согуштук конфликттеги жагдай боюнча мүмкүн болушунча толук маалыматтар берилип турду…
Ал эми соттук териштирүүгө чейин жеткирген кыргыз-тажик куралдуу конфликтин чагылдыруудагы провокациясы — бул радиостанциянын ашынган куйтулугунун бир гана көрүнүшү. Эми түштөн кийин, “Кыргыздар биринчи болуп кол салышкан” деген маалыматты биз берген эмеспиз, аны “Свобода” радиостанциясынын башка бир редакциясы берген деп актанып жатышпайбы!.. А “Азаттык” ошол “Свободанын” курамында эмеспи? Баары бир эле “ата-эненин” балдары болушуп, бир булактан каржыланышып, бир борбордон көзөмөлгө-жетекчиликке алынып келе жатышканы жалганбы?
Чет өлкө каржылаган массалык-маалымат каражаттын башка бир эркин өлкөдө өз алдынча редакция катары (анан калса, ошол өлкөнүн жергиликтүү редакциясы катары!) иштешинин өзү нонсенс. Чет өлкөлүк масссалык-маалымат каражаттарынын кабарчысы, же ашып барса — кабарчылар пункту деп аталган тобу гана болушу мүмкүн. Алар өз өлкөсү үчүн Кыргызстанда болуп жаткан жаңылыктар тууралуу каалагандай айтып, жаза беришет. Бул алардын өз эрки жана өздөрүнүн жеке иши. Бирок, алар Кыргызстанда өзүнчө бир идеологиялык максатты көздөгөн пропаганда жүргүзүүгө акылары жок.
Ишенбек МУРТАЗАЕВ