Эки президенттин реверанстары жөнүндө

Эки президенттин реверанстары жөнүндө

Президент Садыр Жапаров кыргыз менен казактардын бир туугандыгы жөнүндө пост жазып, аны: «Кыргыз-Казак бир туугандыгы түбөлүктүү болсун!» деп жыйынтыктады эле, ага Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев Казак калкынын Ассамблеясынын эң бийик трибунасынан андан өткөн эмоционалдуу тондо жакшы сөздөрдү айтып келип: “Биздин элдер мындан ары да келечекке бирге барышарына ишенемин. Анткени, дүйнөдө биздин элдердей бири-бирине жуурулушкан башка эл жок” деп жооп берди.

Чындыгында эле тили, менталитети, маданияты, тагдыры боюнча дүйнөдө кыргыз менен казактай жакын эл жок. Бири-бирибиздин тилибизди эркин түшүнөбүз, көркөм жана илимий тексттерди деле окуп түшүнө беребиз. Макал-лакаптарыбыздын 90 пайызга жакыны коёндой окшош. Биздеги уламыштар, легендалар түгүл айрым эпостор казактарда да бар. Жакында Кордойдо жашаган бир кыргыз аялдан: «Казактар кыргыздардан кай жактарынан айырмаланышат?» деп сураса, «казак деген аты менен эле айырмаланат, башка айырмачылыктары деле жок» деп жооп берди. Ал видеоматериал ютубда жүрөт, каалагандар таанышса болот.

Боордош эки элдин ынтымактарын, биримдиктерин арттыруу үчүн эмнелерди жасоо керек?

Бизге салыштырганда азербайжандар менен түрктөр бири-биринен алыс турат. Диндик жактан да айырмачылыктары бар. Түрктөр суннит болсо, азербайжандардын көпчүлүгү шийит. Бирок, эки элдин лидерлери айырмачылыктарына эмес, окшоштуктарына басым жасоо аркылуу бир элге айланып алышты. Алар бири-бири жөнүндө азыр: “эки мамлекет, бир эл” деп айтышат. Чындыгында эле аскерий, экономикалык жана гуманитардык жактардан тыгыз интеграциялоонун үзүрүн эки тарап тең көрүүдө. Азербайжан Армения оккупациялап алган жерлерин Түркиянын “Байрактарынын” (анда аскердик адистери да болсо керек) жардамы менен бошотту. Түркияда зилзала болгондо эң чоң жардамды Азербайжан көрсөттү. Азыр Азербайжандын куруучулары бир чоң турак жай комплексин куруп, аны түрк элине белекке тартуулаганы жатышат. Эки өлкөнүн майрамдары эки мамлекетте бирдей белгиленет. Эрдоган кайра шайланса, эки өлкө бир армияны түзүшү мүмкүн. Ошого жакындап баратышат. Эрдоган: “кандай учурда болбосун биз Азербайжан менен биргебиз” деген сөздү көп кайталайт. Биз дагы эки өлкөнүн ичиндеги интеграциялык процесстерди ошондой деңгээлге чыгарышыбыз керек, жетекчилерибиз ага милдеттүү. Бирок, тилекке каршы, жолугушууларда, даңазалуу күндөрдө андай сөздөр көп айтылган менен аларды конкреттүу иш аракеттерге трансформациялоо жетиштүу колго алынбай жатканын моюнга алуу керек.

Мен казактар менен көп аралашып жүргөн адамдар менен сүйлөшкөнүмдө казактар кыргыздарга дайыма жан тартып турушса, кыргыздар өздөрүн төрөпейил кармап, аларга эмес, орустарга көбүрөөк ыктап турарын айтып калышат. Бул биздин туюктан чыкпай, көп убакыттар бою иденттүүлүктөрү күчтүү элдерге аралашпай калганыбыздан болсо керек деп ойлойм. Адатта бир сайдын ичинен чыкпагандар башка боордош элдер түгүл өзүнүн кандаш улутташтарына деле салкын мамиле жасап, өзүн бөлөкчөлөп турганга көнүп калышат окшойт. Азыр кыргыздардын айрым ырларын бизге караганда казактар көп ырдашат, баалашат, эң жакшы сөздөр менен комментариялашат. Бизде эмнегедир андай ыклас-ынтаа аздай сезилет. Эмне үчүн? Бул этнологдор изилдей турган маселе.

Улуу Төлөгөн агабыз казактар жөнүндө сөз кылганда: казактар биздин үйлөргө баштарын бийик көтөрө сыймык менен кирсе, кыргыз башын сала аңдып кирет, — ​деген сөздү айтып калчу экен. Ал эмнеликтен экенин билбейм, мүмкүн Төлөгөн Касымбеков аны менен башка бир нерсени айткысы келгендир, оюмда бир нерсе бар, бирок аны бул жерде айтуунун зарылчылыгы жок.

Касым-Жоомарт Токоевдин атасы Кемел Токоев кыйын-кезең күндөрдө Кыргызстанда бир нече жыл жашаган, кийин белгилүү детективдик чыгармаларды жазган. Биздин жаш илимпоздордун бири Кемел Токоевдин Кыргызстанда өткөргөн жылдарын изилдеп диссертацияга айландырып, анан Өкмөт анын тандалган 1 же 2 томдук чыгармалар жыйнагын чыгарып, анын бет ачарына Касым-Жоомарт Токоевдин өзүн чакырып, иш-чарага айландырса, кандай сонун болмок. Чыныгы достукту кооз сөздөр, кагыштырылган рюмкалар эмес (алар да керек) мына ушундай иштер бекемдейт. Элдердин ортосундагы мамилелердин салкындыгы, жакындыгы негизинен биринчи жетекчилердин жекече мамилелерине, позицияларына жараша болот. Ислам Каримовдун Акаевге карата антипатиясы ушунчалык күчтүү болгон экен, анын залакасы кийинки жетекчилерибизге, биринчи кезекте элге тийди. Ал кыргыздарга аралаш чоңойгон Шавкат Мирзиёевдин убагында гана оңолуп баратат.

Кыргыз менен казактын акындары илгертен эле дос, тамырлаш болуп эки элдин достугун, бирдигин даңазалап келишкен. Ага Токтогул менен Жамбылдын бири-бирине арнаган ырларын көрсөтсө болот. Токтогулдун казак элине арнаган ырлары бир кичине китептин көлөмүндөй бар. Эки элдин биргелиги жөнүндө Кенен Азербай уулу:

Эки эмчеги бээнин,

Эки өркөчү төөнүн.

Кыргыз менин нагашым

Кыргыз менин жээним, — ​деп ырдаган. Нагашым деген таякем дегенди билдирет.

Биз бир тууган казактар менен болгон мамилелерде мына ушуларга басым жасасак, калган кирди-чыкты маселелер өзүнөн өзү эле чечилет.

Мирлан Дүйшөнбаев

Share