Абсамат Масалиев бүт өмүрүн мамлекеттик кызматка арнаган чыгаан инсандарыбыздын бири. Президент Садыр Жапаров «Абсамат Масалиевдин 90 жылдыгын майрамдоо жөнүндөгү» Жарлыкка кол койгондон тартып өлкөнүн аймактарында улуу инсандын 90 жылдыгына карата иш-чаралар байма-бай өткөрүлүп жатат. Мамлекеттик жана коомдук ишмер Абсамат Масалиев 1933-жылы 10-апрелде азыркы Баткен облусунун Кадамжай районундагы Алыш айылында туулган. Абсамат Масалиев 1949-жылы 8 жылдык мектепти бүткөндөн кийин 1953-жылы Кызыл-Кыя тоо-кен техникумун, үч жылдан соң — Москвадагы Тоо-кен институтун, кийин эки жылдык жогорку партиялык мектепти бүтүргөн. Тоо-кен инженери болуп иштеп, кийинчерээк коммунисттик партиянын жооптуу кызматына дайындалган. “Кыргызкөмүр” трестинин участогунда начальниктин жардамчысы, шахтанын башкы инженеринин орун басары, тресттин башкы инженеринин жардамчысы, партиянын Ош обкомун өнөр жай жана транспорт бөлүмүнүн инструктору, башчысы, Кыргызстан КП БКнын өнөр жай жана транспорт бөлүм башчысынын орун басары, партиянын Таш-Көмүр шааркомунун 1-катчысы, партиянын БКинин өнөр жай жана транспорт бөлүм башчысы, катчысы, Фрунзе шааркомунун төрагасы, партиянын Ысык-Көл обкомунун 1-катчысы, КПСС БКнын инспектору, Кыргызстан КП БКнын 1-катчысы, ошол эле учурда Кыргыз ССР Жогорку Советинин төрагасы, Кыргыз Республикасынын Госгортехнадзорунун директору болуп иштеген. СССР Жогорку Советинин үч, Кыргыз ССР Жогорку Советинин беш жолку чакырылыштарынын депутаты. Октябрь революциясы, 2 Эмгек Кызыл-Туу, “Манас II” ордендери жана медалдар менен сыйланган.
Компартияны жетектеп турганда Абсамат Масалиев 1938-жылдарда жазыксыз куугунтукталып, жөн жерден атылып кеткен көптөгөн мамлекеттик жана коомдук ишмерлердин кайра акталышы үчүн чоң салымын кошкон жана мамлекет, эл үчүн көптөгөн иштерди жасаган. Ал бийликке келген мезгилде мамлекет оор абалда болгон, ошого карабастан талыкпаган эмгегин жумшап карапайым элдин келечегин ойлогон.
Абсамат Масалиевдин катышуусундагы архивдеги маалыматтардан карап көрсөк анын иштеген ишиндеги тазалыгы, чынчылдыгы, бийликтин бийиктигинде жүрсө дагы жөнөкөйлүгү, калыстыгы, акыйкаттыгы мени таң калтырды.
Тарыхта жана келечекте элдин эң ири мамлекеттик жана саясий ишмери катары анын чыныгы патриоттук образы өз элинин ишенимдүү уулунун үлгүсү, биздин республиканын гана эмес, ошондой эле улуу совет мамлекетинин эсинде калат деген ишеничтемин!
Н. Д. Байсалова, Кыргыз Республикасынын Борбордук мамлекеттик коомдук-саясий документтер архивинин бөлүм башчысы