Нургазы Анаркулов, журналист: «Учурунда Садыр Жапаров менен Камчыбек Ташиевди жок кылгысы келген “Кумтөрдөгү” мафия талкаланды!»

Нургазы Анаркулов, журналист: «Учурунда Садыр Жапаров менен Камчыбек Ташиевди жок кылгысы келген “Кумтөрдөгү” мафия талкаланды!»

— Нургазы мырза, саламатсызбы? Сиз көптөгөн жылдар бою бүгүн бийлик башында турган лидерлерди колдоп келдиңиз. 2020-жылдагы бийлик алмашууга алып келген октябрь окуяларынан кийин аз убакыт президенттин пресс-кызматын жетектедиңиз. Андан кийин саясий майданда атыңыз угулбай калды го?

— Арыбаңыздар, урматтуу окурмандар! Сиз туура белгилеп өттүңүз, чынында эле мен “Ата-Журт” партиясынын басма сөз катчысы кызматын аягына чейин аркалап келдим. Бакиевдин бийлиги кулагандан кийин башкаруу тизгинин колго алган Убактылуу өкмөттүн, андан кийин аты бюллетенге жазылбай убактылуу президент болгон Роза Отунбаеванын, ыплас шайлоонун жыйынтыгында ажолукту алган Алмазбек Атамбаевдин учурунда бизге оор болду. Анткени, өздөрү Бакиевдин бийлигин демократияны өлтүрүп, үй-бүлөлүк башкаруу киргизүүгө айыптап, жамандап, бокочо көрсөтүп жатып бийликке келишкенден кийин, дароо позицияларын жүз сексен градуска өзгөртүшүп, сын-пикирге чычалап, көтөрө албай, каршы сөз айткандарды катуу куугунтукка ала баштаган. 2010-жылдагы апрель окуялары, түштүк коогалаңы жөнүндө чындыкты айткан адамдардын оозун жапканга аракет жасашты, анткени, ал окуяларды чыныгы көз карандысыз комиссия иликтеген болсо, көп сырлар ачыкка чыгып кетеринен коркушкан. Андан тышкары, шайлоолордо “эл бийлигин элге кайтарабыз”- деп ураан чакырып, “ата-журтчу” депутаттар “Кумтөр” алтын кениндеги афераны алып чыгышканда огобетер чукчуңдап калышты. 2010-жылдан кийинки парламенттик шайлоодо “Ата-Журт” биринчи орунду алган, анын бирден-бир себеби — ​биздин партия жогоруда сөз кылган маселелер боюнча чындыкты алып чыгуу убадасын берген. Дал ошол себептүү, “Ата-Журт” партиясынын депутаттары эч нерседен коркпой, ачуу чындыкты айтып, бийликтин айласын кетирген. Ошондо Алмаз Атамбаев баш болуп, Убактылуу өкмөттүн мүчөлөрү чогулуп, С. Жапаровду, К. Ташиевди, А. Келдибековду жок кылуу боюнча бүтүндөй бир операцияны ойлоп табышкан. Муну мага берген маегинде “Ата-Мекен” партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев ачык айтып берген. Ошол пландын жыйынтыгында “Ата-Журт” партиясынын лидерлери баары камалып чыгышты. Куугунтуктун азабын биз да тарттык. Кысым-куугунтукка карабастан “Майдан” гезити аркылуу жума сайын элге чындыкты жеткизип келдик.

2020-жылдагы окуялардын жыйынтыгында Садыр Жапаров менен Камчыбек Ташиев элдин деми менен бийликке келгенден кийин, аларды туура колдоп келгениме дагы бир жолу ынандым. Анткени, алар мурдатан бери элге айтып келе жаткан убадаларын аткарып, мурда “мүмкүн эмес” болгон нерселерди коркпой, ишке ашырып жатышат. “Кумтөрдөгү” мафияны жакшы билесиздер, парламенттик комиссиянын төрагасы катары аны ийне-жибине чейин иликтеп, элге алып чыккан Садыр Жапаровдун оозун жабыш үчүн 3 миллион доллар сунуштап, баш тарткандан кийин тынч митингдин жүрүшүндө провокация жасашып, ойдон чыгарылган айып менен үч депутатты камакка алышты. Мына ошол кудуреттүү, колу бардык жерге жеткен мафияны кууп чыгып, “Кумтөрдү” мамлекетке кайтарып алышты. Башта ишенбей жаткан айрым дүйнөлүк деңгээлдеги эксперттер, экономисттер кантип алганыбызды көрүп, таң калышып, кол чаап жиберишти. Ушунун өзү эле бүгүнкү бийликтеги лидерлердин көздөгөн багыты түз экендигин айгинелеп турат.

Өзүм жөнүндө айтсам, мен мурдагыдай эле журналисттик ишмердүүлүгүмдү улантып жатам. Азыр саясаттын баары соцтармактарга өтүп кетпедиби, гезитке көз жүгүрткөн адам аз, а бирок басма сөздү тынбай окуган адамдарга “көрүнүп” эле келатам.

— Чынында эле азыр гезит окуган адамдар азайып кетти. Гезит чыгарып жүргөн адам катары айтсаңыз, ошондо басма сөздүн күнү бүтүп баратабы?

— Интернет желеси дүйнөгө жаңы тарап, ар кандай соцтүйүндөр ачылып, популярдуу боло баштаган жылдары Батышта да кудум азыр биздикиндей көрүнүш орун алган. Элдин баары “жанылыктын баарын интернеттен окуп алабыз, гезитке акча кетирип эмнеге убара болом”- деп калган. Атагы таш жарган “Вашингтон пост”, “Нью-Йорк таймс” сыяктуу басылмалар дагы кыйынчылыкка дуушар болушкан. Бирок, убакыттын өтүшү менен соцтармакты эң зарыл нерсеге айлантып, ага сыйына берүү улуттун келечегине зыян алып келерин Батыш мамлекеттеринин башчылары түшүнө баштаган. Алар басма сөзгө көңүл буруп, анын ролун күчөтүүнүн үстүндө иштеген. Анткени, “Фейсбуктагы” пост менен гезитти салыштыруу мүмкүн эмес да. Болуп жаткан окуяларга карата компетентүү көз караштарды, аналитикалык ой жүгүртүүлөрдү гезит бетинен гана окуй аласың. Гезит адамдын өсүшүнө бардык жагынан канат болуп бере алат. Ал аркылуу адамдардын аң-сезимин туура жакка багыттай аласың. Постту бир окуп, унутуп каласың. Гезит түбөлүктүү. Бизде да коом акыры гезиттерге кайтып келет. Азыркы болуп жаткан нерселер убактылуу.

— Бүгүнкү күндө Кыргызстанда сөз эркиндигинин абалы кандай? “Рейтингибиз түшүп кетти” деп кыйкырып жатышат го?

— Акыркы он жылдыкты алып карасак, бийлик башында болуп келгендер биринчи кезекте саясий оппоненттерин жаманатты кылуу максатында фейк-фабрикаларды багып, аны күнүмдүк турмушубуздун ажырагыс бир бөлүгүнө айлантып салышкан. Алар ээн-эркин болушуп, жакшы адамды заматта бокочого айлантып, жегич коррупционерди чыныгы мекенчил адамга айлантып салышат. Эгерде фейк-фабрикалардын кожоюндары буйрук бере турган болсо, төшөгүңө чейин чукуп, жоктон бар жасап, шылдыңдап, жерге киргизип, көөмп салышат. А эң негизгиси, аларды минтип адамды каралап пост жазганы үчүн жоопко тарта албайсың! Мына, өйдөдө сөз кылган темага бир аз кайрылалы, гезит менен соцтармактын айырмасы! Гезит ар бир жазган тамгасы үчүн мыйзам алдында жооп берсе, блоггер үчүн мыйзам жок. Убакыт өтүп, ошол фейк-фабрикалардан өздөрүн блоггер атагандардын жоон тобу өсүп чыкты, мына ошолор азыр чечип калган, ким жаман, ким жакшы! Ошондуктан, бүгүнкү бийлик жалган маалымат менен күрөшүү максатында мыйзам нормаларын өзгөрттү. Азыр туура эмес жазган нерсе үчүн жооп бересиң. Болгону, эл ичинде жалган маалымат таратып, ызы-чуу чыгарба. Ээн-эркин жазып көнүп калган блоггерлер, айрым Батыштын акырынан жем жеп көнүп калган коомдук уюмдар буга каршы чыгып, “диктатура орноду”- деп гүүлдөп жатышат. Акыр-аягы бул жапайычылыкты токтотушубуз керек болчу. Мына ошол бизге демократиянын баалуулуктарын үйрөтүп жаткан АКШда мындай чектөөлөр капкачан кирген, эмнеге анда өздөрүнө боло берет да, бизге болбойт? Ошого карабастан, ачык айтып коелу, баарын четинен жоопко тарткан эч ким жок. Мурдагыдай эле ким эмне кааласа, ачыктан ачык жазып жатышат. Бийликти бизде гана мынчалык сындай алышат. Дал ошол себептүү, сөз эркиндиги боюнча биз дагы эле постсоветтик мейкиндикте лидер өлкөбүз деп ишенимдүү айта алам!

Кошумчалап кете турган нерсе, Элнура Кулуева “Фейсбук” аркылуу кыргыз журналистикасынын өнүгүшүнө салым кошкон кесиптештеримди эринбей, бирден терип, өмүр баяндары менен чыгарып жатат. Азыр эки сөздү туура жаза албаган адамдар жогоруда айткандай, өлкөнүн тагдырын чечип калды. А булар чыныгы журналистиканын жүзү. Адамга азык бере алышат. Ошондуктан, биз салттуу журналистиканы унутпай, колдоп, өстүрсөк — ​коомдо дагы жылыш болот.

— Бирок, эркин маалымат каражаттары жабылып жатпайбы. Мына, “Азаттыкты” соттун чечими менен жаап салышты. Бул демократияга урулган сокку эмей эмне?

— Бүгүнкү “Азаттык” менен эгемендикке ээ болгон жылдардагы “Азаттыктын” айырмасы асман менен жердей. Аны коргоп чыккандардын логикасына таянсак, бизде демократия, адам укуктары үчүн жалгыз эле “Азаттык” күйөт экен. Бир кездерде “Азаттык” дүйнөлүк журналистика стандарттарын карманып, окуяларды бардык тараптардын үнүн эске алуу менен чагылдырып келчү. А азыр анын бири жок. Жалаң бир тараптуулукка өтүп алышты. Анын үстүнө, “Азаттыкты” биз эркин медиа-каражаты катары айтууга оозубуз барбайт. “Азаттыктын” конкреттүү кожоюну бар. Океандын ары жагынан берилген буйруктарды гана аткарышат, а аларга күчтүү Кыргызстандын болушу керек эмес, тизелеп, чөгөлөп турганыбызды каалашат.

Ооба, учурунда “Азаттык” демократиянын өнүгүшүнө жакшы салымын кошту. Бирок, саясий процесстерди жалгыз “Азаттык” чагылдырып келген жок да. Көп сандаган эркин гезиттер, телеканалдар өз салымын кошкон. Андыктан, бүгүнкү күндө “Азаттыктын” жабылышынан трагедия издештин кажети жок.

— Жогоруда апрель окуялары боюнча да сөз козголду. Бакиевдер жөнүндө айтып калдыңыз. Өткөндө Садыр Жапаров бардык экс-президенттерди чогултуп, ынтымакка чакырды. Ошондон кийин Курманбек Бакиевди да Кыргызстанга кайтаруу боюнча талаптар айтыла баштады. Буга кандай карайсыз?

— Садыр Жапаровдун демилгесин колдош керек. Ар бир экс-президенттин өлкөнүн өнүгүшүнө кошкон салымы бар. Болгону, бийлик талашуунун айынан жаманатты көрүнүп калган учурлар бар. Эгерде биз конкретүү Курманбек Бакиев жөнүндө айта турган болсок, анын тушунда экономикалык жылыштар болгонун экономисттер жокко чыгарбаса керек. Бир гана Бакиев иштеген жылдары мамлекет сырттан карыз албаптыр, тескерисинче, 2,5 миллиард доллардан, 1,9 миллиардка азайта алган. Азыр билишимче, Белоруссияда ири өндүрүштүк ишкана топтоп, алардын экономикасына милиларддаган инвестиция тартып келди. Биз колунан иш келип турган маалда мындай адамдарды пайдаланып калышыбыз керек. Ошол инвсеторлорду Кыргызстанга алып келсе кандай жакшы иш болот эле. Чынында, өзүбүздөн чыккан хандардын сыртта жүргөнү жакшы көрүнүш эмес. Алардын жактоочулары да бири-бири менен тытышып отурганды токтотуусу абзел. Ич ара ынтымакты бекемдеш үчүн, Бакиевди дагы кайтарып алып келүү керектигин аттуу-баштуу эле адамдар, журт аксакалдары айтып жатышат. Мен да алардын сөздөрүнө кошулам.

— Сиз Садыр Жапаровдун да, Камчыбек Ташиевдин дагы мүнөзүн бирге иштешип калган адам катары жакшы билесиз. Акыркы кезде “экөөнүн ортосун кара мышык аралап кетти” деген сөздөр көп айтыла баштады?

— Ич күйдү, уктаса-турса өздөрүн бийликтен көргөн бузукулардын атайын козутмасы бул. Урушуп кеткидей экөө тең жаш балдар эмес. Оор учурда, өз ара кеңешип, өлкөбүздүн жүгүн өздөрүнө алышты. Бийликтин жоопкерчилигин күчөтөбүз дешип конституциялык реформаларга коркпостон барышты. Эгерде аларда эптеп эле бийликте туруу башкы максат болгондо, жанын карч уруп, мынча кыйналып не азап? Мурунку эч бир бийлик бутагы эч нерсеге жооп бербеген жоопкерчиликсиз бийлик системасы менен деле жашай беришет болчу да. Жок, канча жылдан бери жүрөктөрүн өйүтүп келе жаткан таттуу кыялы ушул, мекенибиз Кыргызстанды өнүктүрүү вазийпасын ишке ашыруунун үстүндө ар кимиси өзүнө артылган жүктү тартынбастан, каршылыктарга карабастан аткарып келе жатышат.

Анан сөзсүз эле кайсыл жакка болбосун, экөө ээрчишип барышы керекпи? Чогуу түшкөн сүрөттөрүн күн сайын чыгарып турууга милдеттенме алышканбы? Эбептен-себеп таба алышпай, экөө чогуу көрүнбөй калса эле “урушуп кетишиптир кокуй” деген жөө жомокту токуй калышат экен. Түшүңөрдө дагы мындайды көрө албайсыңар! Мамлекеттин келечеги таразада турганын жакшы билишет, күнүмдүк интригага көңүл бурбай, ырааттуу иш жасап жүрүшөт. Ажонун, УКМК төрагасынын өз алдынча кызмат милдеттери бар. Зарылчылык болгон учурларда, кеңеше калышат.

Садыр Жапаров менен Камчыбек Ташиевдин ынтымагы Кыргызстандын келечеги үчүн да аба-суудай керек экендигин бүт кыргыз эли сезип турат. Азыр да, кийин да булардын бекем ынтымагынын бузулбашына менин көзүм жетип турат.

www.abal.kg

Share