Кустургандын камагандан пайдасы, таасири чоң

Кустургандын камагандан пайдасы, таасири чоң

“Кумтөр Голд Компани” ЖААКнын мурдагы тышкы башкаруучусу жоболоңдуу Тенгиз Бөлтүрүк чогуу кармалган дагы үч адам менен биргеликте “кустуризациянын” аштоосуна 884 миллион 513 миң сом төлөп, баш коргоо чарасын өзгөртүп үй камагына чыкты. Алар — ​жабдуу боюнча адис Айнагүл Жаналиева, ишкананын каржы башкармасынын жетекчиси Рыспек Токтогулов, аткаруучу директор Канат Курманов менен бирге 1 миллиард 146,1 миллион сом зыян келтиришсе, алардын 80 пайызын төлөштү.

“Кумтөрдү” мамлекетке кайтарып алуу үчүн Садыр Жапаров баштаган саясатчылар он беш жыл бою күрөшүп, ал үчүн түрмөгө камалып, сабалып, көрбөгөндү көрүп жүрүп жетишип, эми бул жагын оңдоп, ишканадагы коррупциялык механизмдерди жоёт деген чоң үмүттө, ишенимде Бөлтүрүктү алып келишсе, ал мамлекет башчысын уятка калтырбай, ишенимин актоо үчүн таза иштегендин ордуна “өзүн өзү билип, өтүгүн төргө илип”, бир жылдай убакыттын ичинде жогорудагыдай көлөмдө зыян келтиргенге үлгүргөнү кечиримсиз жорук. Ал Кумтөрдөн “Улуу көчмөндөр мурасы” холдингине жетекчи болуп өткөндө ага бюджеттен 3,5 миллиард сом которулган экен, азырынча ал акчанын тагдыры да белгисиз бойдон калуда.

Биздин эсебибизде минтип, коррупциялык иштери үчүн кармалып, анан жакшы кусканы үчүн үй камагына чыгарылгандардын саны жыйырмага жакындап калды. Ашагандардын алды 2 миллиард сомдон төлөштү, тийип-качып жегендер келтирген зыяндарына жараша төгүштү. Бирок, жемкорлор жегендерин кайтарышса да эркиндикке чыгарбай камоо керек эле дегендер да болууда. Депутат И. Масалиев ошентип жүрөт. Ал туура эмес, ал Кыргызстан жараналаган укуктук системаны гумандаштыруунун принциптерине да ылайык келбейт. Тергөө органдары менен кызматташып, жегендерин кайтаргандардын баш коргоо чаралары өзгөртүлүп, үй камагына чыгарылганы туура. Антпегендер камалып, өз күнөөлөрүн абактарда өтөөлөрү зарыл. Бирок, жегендерин, келтирген зыяндарын кайтаргандар деле камала берсе, “баары бир эркимден ажыратышат, андан көрө балдарыма калсын” деп кармалгандар эч нерсе төлөбөй коюшат да абакка баргандан кийин жашыргандарынан бирөөлөргө бөлүшүп, көп отурбай эле бошонуп кетишет. Эл, мамлекет үчүн Бөлтүрүктүн же башка бирөөлөрдүн камалганынан анын казынага олчойгон акча төккөнү маанилүү болуп саналат. Түрмөгө түшкөндөрдүн оңолуп келиши өтө кыйын, андай сөздөрдү уга элекпиз, тескерисинче, ал жакта көбүрөөк жүргөндөр көрбөгөндүн баарын көрүп, билбегендерин билип, ар кандай жаман нерселерге аралашып, коом үчүн потенциалдуу коркунучу бар адам болуп келишет. Андан көрө 2–3 ай СИЗОдо кармап, келтирген зыяндарын айып пулдары менен кошо өндүрүп алгандын тарбиялык мааниси абдан чоң болот. Көргөндөр дагы мыйзам бузардан мурда жети эмес, жетимиш жолу ойлонушат. Андайды башынан өткөргөндүн экинчи жаман иштерге аралашуусу өтө эле кыйын.

Тенгиз Бөлтүрүк СИЗОдо жатканда аялы Илмира Алпысбаева эч нерсебиз жок жардыбыз, төлөй албайбыз деп оңду-солду интервьюларды берип жүрсө, жан деген кыйын экен, күч келгенде жүздөгөн миллиондорду каткан жерлеринен алып чыгышты. Токмоктун кармалган мэри 25 миллион сом төлөп, бошонуп чыкты. Булар акыркылардан эместир. Анткени, бизде уурдагандарын, тоногондорун жашырып жүргөндөр, дагы деле уурдап жатышкандар дале көп. “Келме кезек, терме тезек” дегендей, аларга кусканга кезек келгендир…

Тынчтыкбек Бешкемпиров

Share