Транзиттик долбоордун тагдыры Пекинде чечилет

Транзиттик долбоордун тагдыры Пекинде чечилет

Кытайдан келип, Кытай–Кыргызстан–Өзбекстан темир жолунун курулушунун долбоорун изилдеп, тастыктап жаткан 100дөн ашык адистер жакында кыргыз Өкмөтүнө долбоордун техникалык-экономикалык негиздемеси даяр болгонун билдиришти. Ага алдын ала эсеп менен 3–5 миллиард доллар өлчөмүндө каражат керектелет. Кыргызстандын аймагында эле 57 тоннель курулууга тийиш. Эми ага каражатты Кыргызстан кайдан табат? — ​деген гана маселе калды.

Өзбекстан сезилерлик каражат деле жумшабайт, аны Анжиандагы даяр жолго эле кошуп коёт. Кошумча бекеттерди, разьезддерди курушу, айрым жерлерин кеңейтиши гана мүмкүн. Ал эми Кытай үчүн 1–2 миллиард доллар маселе эмес. Ага Шиңжан Уйгур автономдуу районунун мүмкүнчүлүгү деле жетет.

Муну менен бирге Пакистандын аймагы аркылуу Кытай түздөн-түз деңиз портуна алып чыга турган Кашкар–Гвадар темир жолунун курулушун баштай тургандыгы маалымдалды. Анын жалпы узундугу 3 миң километр, баасы 58 миллиард доллар. Ал жол Кытайдын эсебинен курулганы жатат, ага Пакистандын күчү жетпейт. Ага салыштырганда Кыргызстанды аралап өткөн темир жол аймактык эле чакан долбоор. Аны ишке ашырууга Кытай Өкмөтү канчалык деңгээлде кызыкдар, бизге ал кандай жардамдарды, колдоолорду бере алат? Кеп ушунда турат.

Кытай–Кыргызстан–Өзбекстан темир жолу курулуп бүтүп, толук ишке берилгенде анын жүк өткөрүү мүмкүнчүлүгү жылына 10–13 миллион тонна болорун, ал Кытайдын тышкы жүк ташуусунун 1 пайызын гана түзөрүн мурдагы макалаларыбыздын биринде жазганбыз. Анын ашып кетсе 10–15 пайызын Кыргызстандын жүктөрү түзөт, азырынча андан ашыкча товардык потенциалыбыз жок. Бирок, андан Өзбекстан сезилерлик пайда көрөт, алардын товардык мүмкүнчүлүктөрү биздикине салыштырганда 15–20 эсеге көп. Ал эми Кытайдан товарларды Европага жеткирүү 6–7 күнгө тездеп, аралыгы 900 чакырымга кыскарат. Мына ушул жагынан долбоор Кытайды сөзсүз кызыктырат. Темир жолдун курулушу башталса, ага 20 миңдей адам жумушка тартылат, бүткөндөн кийин 2,7 миңдей адам туруктуу жумуш орундары менен камсыз болот. Ташылган товарлардын өздүк нарктары төмөндөйт, транзиттик каттамдардан жылына 200–300 миллион долларлык киреше түшө баштайт. Ошол багыттагы айыл-кыштактардын инфратүзүмдөрү дүркүрөп өнүгөт, ал жактардагы тоо кендерин өздөштүргөнгө мыкты мүмкүнчүлүктөр түзүлөт. Бир сөз менен айтканда, ал курулуш Кыргызстан үчүн кирешенин чоң булагына айланмак.

Ушул жылдын 17-майында Кыргызстандын Президенти Садыр Жапаров Пекинге иш сапары менен барганы жатат. Кыргыз Өкмөтү ал иш сапарга чоң үмүт артууда. Ал жерде долбоордун курулушун баштоону Кытай өкмөтү бекитип, темир жолдун курулушунун 280 чакырымга созулган эң оор бөлүгүн курганы жаткан Кыргызстанга бир катар преференцияларды берүү жөнүндө чечим кабыл алса, иш чындап башталат, кокус темир жолдун аймагыңардан өтө турган бөлүгү үчүн өзүңөр каражат тапкыла, биз үчүн азырынча Кашкар–Гвадар темир жолунун курулушу артыкчылыктуу деп койсо, ал иш дагы кийинкиге калтырылышы мүмкүн. Анда Кыргызстан үчүн Дүйнөлүк банк, Европа өнүктүрүү банкы, Азия өнүктүрүү банкы сыяктуу эл аралык ири каржылык уюмдардан карыз сурагандан башка арга калбайт. Долбоорго Персия булуңундагы бир катар араб өлкөлөрү да кызыккандары жөнүндө айтылууда, бирок азырынча алар жакшы ниет бойдон турат, конкреттүү макулдашуулар, келишимдер кабыл алына элек. Же ТЭО даяр болгон менен каржы булактарыбыз жок.

Мирлан Дүйшөнбаев

Share