Токтобек Куйручуков, Куйручуктун чөбөрөсү: «Куйручук олуя жөнүндөгү китепти Москвадан таптым»

Токтобек Куйручуков, Куйручуктун чөбөрөсү: «Куйручук олуя жөнүндөгү китепти Москвадан таптым»

Өмүрзак уулу Кудайберген (Куйручук 1866–1940) 1866-жылы 29-мартта Жумгалдын Багышан (азыркы Куйручук) айылында туулган. Кудайберген көзү ачык олуя, “Манасчы”, “Семетейчи”, акын, жомокчу, куудул, ырчы, чечен болгон. Куйручук олуянын өзү жөнүндөгү 1938-жылкы таржымалында: — ​“Манасты” 19 жашымдан үйрөнүп, ушул убакка чейин айтып келе жатамын, акындыгым бар” деп жаздырган. Көбүнчө Байзак ажыны коштоп жүрүп, анын терс жактарын да бетине айтуудан тартынбаган. Анын “Бейиштеги үн”, “Арбак”, “Айып кимде”, “Жалаа”, “Манасым барда кайда болсо коном” жана башка жоруктары эл арасында кеңири белгилүү. Кыргыздын оозеки чыгармаларын, улама сөздөрүн, санжырасын көп билген, жаанда жок чечен болгон. Карыпка кайрымдуу, бечарага бел болгон, карапайым элдин кызыкчылыгын көздөгөн. Анын чукугандай таамай айтылган курч сөздөрү, күлкүлүү жоруктары эл арасында ылакап катары айтылып келет.

— Куйручук олуянын чөбөрөсү болуунун сыймыгы, жоопкерчилиги канчалык?

— Мен Куйручук Кудайберген Өмүрзак уулунун чөбөрөсү болом. Куйручук олуянын баласы Мукамбет, Мукамбеттин баласы Ашым, Ашымдын баласы мен. Албетте, Куйручук олуянын тукуму болуу өзүнчө сыймык да, жоопкерчиликти да жаратат. Ал киши атпай кыргызга таанымал киши эмеспи. Быйыл буюрса, 157 жылдыгын өткөрүп жатабыз.

— Музей өкмөттүн балансындабы же өзүңүздөр каржылайсыздарбы?

— Негизи, “Куйручук олуя үй музейи” өкмөттүн балансында. Бирок, мындан жети жыл мурда “Куйручук” атындагы коомдук фонду үч кишинин демилгеси менен ачылган. Райымбек байке менин жардамчым. Ал эми биздин дагы бир мүчөбүз Махабат жеңем болчу. Ал киши раматылык кайтыш болуп кетти. Ушул кишилердин демилгеси менен аталган коом түзүлүп, элдин да жардамы менен бул музейди каржылап келе жатабыз. Мындан үч жыл мурун 1982-жылы туулган балдардын демилгеси менен ушул музейдин сырты шыбалып, үстү кайра алмашылып шифери жаңыртылды. Ал эми Куйручук атабыздан таркаган туугандар эшик-терезелерин бир катар алмаштырып, керектүү стол, стулдар менен кошо керектүү жабдыктарды коюп, алмаштырып оңдоо-түздөө иштери болду.

— Олуянын үй-музейине туристтер келип турабы?

— Музейде жыл сайын Куйручук олуя атамдын элесине багыштап атайын иш-чара өтүп турат. Мектеп окуучулары келип, экскурсия кылып кетишет. Өзүм жакында эле Москвадан келдим. Буюрса, мектептердин директорлору менен сүйлөшүп, окуучуларды музейге экскурсия кылдыруу менен бирге Куйручук атанын жана жалпы элдин тарых-таржымалын, санжырасын, каада-салт менен кошо кыргыз маданияты боюнча кеңири түшүндүрүү менен бирге келечек муун менен тыгыз иштөө планым бар. Себеби, Куйручук олуянын атын уккан эл Кыргызстандын бардык аймагынан же коңшу өлкөлөрдүн туристтери зыярат кылып, куран окутуп кетебиз деп көп келишет. Чындыгында зыяратка келген коноктордун сунушу “Куйручук олуянын атагы алыска кетип, эл тааныган киши болгондон кийин анын үй-музейи аркылуу туристтик багытты өнүктүрүү керек экен” деген сунуштарын айтып кетишет. Бирок, биздин айылдын шарты оор келгендиктен акча маселеси кендирди кесип, каржы жетишпегенден улам музейдин шартын талапка жооп бергендей абалда оңдоо иштерин иш жүзүнө ашыра албай келе жатабыз.

— Кеп кезеги келгенде “Куйручук олуя атам жөнүндөгү китепти Москвадан таптым” дедиңиз. Кантип таап алдыңыз?

— Москвада иштеп жүрүп, батирде бир киши менен чогуу жашап, анын колунан олуя атабыз жөнүндөгү китепти көрдүм. Ал киши тез эле башка батирге көчүп кете турган болуп, андан китепти кайдан табаарымды сурап, китепкананын дарегин алып издедим. Кыдырып жүрүп, китепкананы таап китепти алдым. Китепти таап алып, китепкананын кызматкерине “Мен бул кишинин чөбөрөсүмүн” десем таң калды.

— Куйручук олуя касиеттүү киши болчу …  деген сөздөр кеңири айтылат. Небере, чөбөрөлөрүндө ал кишинин касиети барбы?

— Ооба, олуя атабыз касиеттүү киши болгондугу чындык. Куйручук атамдын назары түшкөн же астын ала айтканы болуп, батасы түз тийчү экен. Көбүнчөсү балалуу болбой жүргөн кишилер атайын келип зыярат кылып, балалуу болуу үчүн бата тилеп кетишчү экен. Олуянын батасы кабыл болуп, жыл айланбай уулдуу болгон учурлар болуп атканы айныксыз болгон дешет. Мындай касиет небере, чөбөрөлөрүндө да бар. Бирок, мен өзүм жөнүндө астын ала боло турган нерселерди сезем же аян болушу мүмкүн. Аян аркылуу келген туюм сөзсүз болот. Азырынча мындай нерселерди айта берген эрте го деген ойдомун.

Маектешкен Турдайым Кожомбердиева

Share