Мамлекеттик тилибизди, латын арибин да Кремль чечеби?

Мамлекеттик тилибизди, латын арибин да Кремль чечеби?

Парламент “Мамлекеттик тил жөнүндө” конституциялык мыйзам долбоорун экинчи окууда кабыл алды. Ага ылайык, мамлекеттик жана муниципалдык органдарда иштегендердин баардыгы өздөрүнүн кызматтык милдеттерин кыйналбай аткаргыдай көлөмдө мамлекеттик тилди билүүлөрү зарыл. Же өз ойлорун жеткиликтүү айтып, кызматтык кагаздарды сомдогудай деңгээлде болуулары керек.

Мыйзам долбоорунда “Расмий тил жөнүндө” берене мурдагыдай эле өзгөртүүсүз калтырылды. Биздин оюбузча, мындан ары ар ким өзү каалагандай чечмелей бергенге жол бербөө үчүн анын максаты, чеги: “эл аралык сүйлөшүүлөрдө жана иш чараларда, документтерди алмашууда гана расмий тил колдонушу мүмкүн” деп так жазылышы керек болчу. Антпесе бизде расмий тил мамлекеттик тил менен бирдей орунда, демек, алар бирдей колдунулушу зарыл деген жаңылыш ойлордо жүргөндөр аз эмес. Ушундан улам белгилүү адабиятчы илимпоз Качкынбай Артыкбаевдин жазганы эске түшөт. Ал бир мекемеге барып, кыргызча сүйлөсө, жетекчиси орусча жооп берет. Сен эмнеге мамлекеттик тилде жооп бербейсиң десе, ал расмий тилде жооп берип жатам, ал менин укугум, — ​дейт. Жок, расмий тил эларалык иш чараларга гана пайдаланылышы керек, — ​десе, ал К. Артыкбаевди шылдыңдуу карап, “ал кай жерде ошентип жазылыптыр?” деген экен.

Чындыгында расмий тилдин орду, милдети, колдонулуш чөйрөсү так көрсөтүлбөгөндүктөн аны ар ким өзү каалагандай чечмелеп, баш аламандыктарды гана көбөйтүүдө. Орус тилдүүлөр аны мамлекеттик тил менен бирдей деңгээлде, макамда көргүсү келет, ал эми бизге окшош мекенчилдер аны “эл аралык байланыштардын гана каражаты” деп эсептешет. Эки-үч сүйлөм менен так аныкталып жазылса, мындай “өздүк көркөм чыгармачылык болмок эмес. Мыйзамдуулукта мындай көрүнүштөр болбошу керек.

Эгерде долбоор үчүнчү окуудан ушул текстте өткөрүлүп, анан Президентке жиберилсе, ал кол коёбу?

Баамыбызда, кол коёруна толук ишенүү кыйын. Акыркы окуяларга караганда, ал өзүнүн бир катар каршылыктары менен кайра парламентке жибергени турат. Мыйзам долбоору парламентте талкууланып жатканда айрым депутаттар Мамлекеттик тил боюнча Улуттук комиссиянын төрагасы Каныбек Осмоналиевге латын арибине өтүү жөнүндө суроо беришти эле, анын: Кыргызстан 1993-жылы эле латын арибине өтүү жөнүндө меморандумга кол койгон. Бизде анын бир нече варианты даяр турат, — ​деген жообу Президентке жакпай калып, ал К. Осмоналиевди чакырып алып, Кыргызстан мамлекеттик тилди кириллицада эле өнүктүрөрүн, мындан ары андай саясый билдирүүлөрдү жасабай жүрүүсүн айтып, катуу эскертүү берди. Анткени, мамлекеттик тил жөнүндө мыйзам Россиянын айрым жогорку даражадагы чиновниктерине жакпай жатканын баардыгыбыз билебиз. Кремлдин алдында мындан башка дагы нелерден жаза кетирдик, аны кудай акы билбейбиз, бирок ошондон бери биздин балыгыбыздан, сүтүбүздөн, колбасабыздан айып таап, артка кайтара баштагандары чындык. Апрелдин башталышында Садыр Жапаров Владимир

Путин менен телефондо сүйлөшкөн, анда да эскертүү алды окшойт. Эми 9-майда Москвага барганда да тил маселеси көтөрүлүп, Кремль аны саясатка, соода жана экономикалык, каржылык маселелерге чиркештирип, ультиматумдук талаптарды койсо, Президент аны үчүнчү окууда биротоло шылыганга ишарат кылат же сөзсүз артка кайтаруусу толук мүмкүн. Биздин жетекчилерибиз үчүн антип эне тилди ортого коюп, анан ага расмий тилди чиркештирип соодалашуу мурдатан жаман адатка айланып калган.

Баш мыйзам “расмий тил” деген түшүнүктөн 1990-жылдардын ортосунда эле тазаланып, латын арибине өтүү чечилсе, Кремль деле каршы болмок эмес. Анда мурдагы союздук республикалардын көбү латын арибине өтүп жатышкан, алардын арасында биз да кысымсыз-басымсыз өтүп кетмекпиз. Баш мыйзамга орус тилин “расмий тил” катары киргизүүнү да биздин мурдагы жетекчилер ойлоп чыгарышып, ошол аркылуу жагынгылары келишкен. Жүз жолу жагынсак деле Россиядан башкалардан ашыкча инвестиция да, жардам да ала албадык, албайбыз дагы. Ашыкча шыйпалаңдай бергенди эч ким сыйлабайт. Жогорку Нарын каскадынын курулушун В. Путин Баш мыйзамында «расмий тили» жок, ЕврАзЭСке, ШКУга да кирбеген Ислам Каримовдун талабы менен эле токтотуп койгон. Эң жаманы, ошондон тартып биздин ички тил саясатыбызга аралашууну Россиянын айрым мамчиновниктери өздөрүнүн милдети катары эсептеп алышты. Буларды кичине опузалап, кысым жасап койсок, тез эле «миленький» болуп, биздин айтканды кылышат дегенге көнүп алышты. Тилекке каршы, мамлекеттин жетекчилери алысты көрө албаган Кемчонтой болушса, анын азабын эл тартат экен. Биз аны башыбыздан өткөрүп келатабыз.

Садыр Жапаров да кысымдан, басымдан, мүмкүн, жетиштүү маалыматтары жогунан латын арибине өтүүгө каршы болуп жаткандыр, алардын кайсынысы чечүүчү роль ойноп жатканын да билбейбиз. Бирок, терең ишенимибизде Кыргызстан үчүн латын арибине өтүүдөн башка жол жок. Ал канчалык тезирээк ишке ашырылса, элге, мамлекеттин келечегине ошончолук жакшы. Алар латын арибине өткөндөн кийин өзбектердин, казактардын, кара калпактардын басылмаларын түшүнбөй да калдык. Азыр ортоктош түрк тилин түзүү демилгеленип атат. Кыргызстандын түбөлүк туруусун чын дилинен каалаган дүйнөдө бир өлкө болсо — ​ал Түркия. Эки өлкө болсо, ага Казакстан кошулат, үч өлкө болсо, үчүнчүсү — ​Өзбекстан. Булардан башкаларды биздин барыбыз, жогубуз, абалыбыз чындап кызыктырбайт. Анан булардан бөлүнүп кай жакка барабыз, түрк элдеринин ичиндеги «изгойго» айланабызбы?

Тили, дини бир, кылымдар бою аралаш жашашкан Украинага дос болбогон Россия бизге ишенимдүү өнөктөш болмок беле. Россия өз тарыхында бир да өлкөгө ишенимдүү дос болгон эмес. Чогултуп, кайра чачып, бооруна тартып, анан кайра аркасына тээп турмай Россия үчүн илгертен келаткан адат. Тилекке каршы, муну биздин жетекчилерибиз гана түшүнбөй жатышат.

Тынчтыкбек Бешкемпиров

Share