КМШ аймагындагы өлкөлөрдүн жарандары үчүн жалгыз гана жалпы майрам болуп калган Жеңиш Күнү да жакындап калды. Дал ушул даңктуу датага тушташ Кыргыз Республикасынын президенти Садыр Жапаровдун Москвага — Россия Федерациясына жасай турган жумушчу сапары күтүлүүдө…
Мындан бир нече жыл мурда Россия президенти Владимир Путиндин жанында Жеңиш Күнүндөгү парад жана салтанаттарда жалгыз гана Тажикстан Республикасынын президенти Эмомали Рахмон жүргөнү байкалган. Дал ошол мезгилде кыргыз-тажик куралдуу конфликттери күч алып, улам-улам кайрадан тутанып жаткан кез болчу. Ошондуктан, жогорудагы тандем кыргызстандыктар үчүн өтө жагымсыз көрүнүштөрдүн бири болгондугу анык.
Кремлдик булактардын билдиргенине караганда, Жеңиш Күнүндөгү салтанатка карата эч кандай расмий коноктор чакырылышкан эмес. Демек, Кыргыз президенти Садыр Жапаров Владимир Путиндин жанында ал күнү коштоп жүргөн жалгыз гана жогорку даражалуу, сыйлуу конок болуп калат!..
Чындыгында, мындай өзгөчө бөлүнүп калуудан кандайдыр бир сырдуу подтексттерди издештин деле кереги жок. Тек гана, көптөн бери күтүлгөн жана ар кандай себептер менен артка жылдырылып келе жаткан иш сапар дал ошол учурга дал келип калганы көрүнүп турат. Балким, майрамдык салтанаттарга жана дем алыш күндөргө байланыштуу, Украинада бир жылдан ашуун убакыттан бери жүргүзүлүп келе жаткан Атайын Аскердик операциядан (СВО), эл аралык абалдагы улам тез өзгөрүп жаткан кырдаалдардан улам, орус президенти Владимир Путин дал ушул күндөрдө гана салыштырмалуу тыныгуу алып, экинчи-үчүнчү баскычтагы жолугушууларды жана сөзсүз өткөрүлүшү керек болгон иш-чараларды биротоло чечип алууну көздөсө керек…
Россия үчүн Кыргызстан президентинин иш сапары кечээ жакында дүйнөнү дүңгүрөткөн Кытай мамлекетинин төрагасы Си Цзиньпиндей өзгөчө мааниге ээ болбосо дагы, Кыргызстандын өзү үчүн кыйла эле маанилүү экендиги түшүнүктүү. Анткени, азыркы кезде жумушсуздукка жана жакырчылыкка баткан Кыргызстандын сыртта жүргөн мигранттарынын (ар кандай бейрасмий эсептөөлөр боюнча алганда — 1 миллиондон — 1,5 миллионго чейинки адам) дээрлик 90 пайыздан ашууну Россия Федерациясында жан багып жүрүшөт.
Алардын көбү мурдатан эле кош жарандуулукка ээ болуп калышкандыктан, Россия менен Кыргызстандын ортосундагы тирүү көпүрө сымал милдетти дагы аткарышып, кез-кезде эки мамлекеттин өз ара мамилелери ар кыл объективдүү жана субъективдүү себептерден улам (мисалга, дал ошол Украинадагы Россиянын жүргүзүп жаткан аскердик операциясына карата Кыргызстан нейтралдуу позицияны карманганын жарыялаганда), солгундап да кетип жаткандыгына карабастан, эбактан бери союздаш болгон эки мамлекеттин аралыгын алыстата коюшпай, өз ара мамилелери убактылуу солгундаса да, алардын салкындап, биротоло үзүлүшүнө жол бербей келе жаткан, өтө маанилүү факторлор арбын.
Мындай саясий жана дипломатиялык мамилелерден сырткары, албетте, Кыргызстан менен Россиянын ортосунда мурдатан калыптанып калган экономикалык жана соода-сатык, техникалык байланыштары дагы орчундуу роль ойногондугу талашсыз. Өзгөчө — Кыргызстан үчүн. Себеби, бир жылдан ашуун убакыттан бери АКШ жана Батыш өлкөлөрү, алардын союздаштары Россияга каршы чогуу жарыялашкан экономикалык эмбарго жана ар кандай санкциялардын алкагында жашап келе жатса деле, Россиянын экономикасы кыйын кырдаалга кабылган жок.
Кечээ жакында эле Россия Федерациясынын тышкы иштер министри Сергей Лавров чет өлкөлүк жоон топ журналисттерге берген маегинде мурда Россиядан чыгып кетишкен чет өлкөлүк компаниялар алардын рыноктогу ордун россиялык ата-мекендик кампаниялар ээлеп калышкандыктан, кайра келе алышпай, ар кандай деңгээлде Россиянын өкмөтүнө кайрылып жатышкандарын, алардын өтүнүчтөрү кезек менен гана тиешелүү деңгээлде жана атайын зарыл призмалар алкагында караларын билдирди.
Россиянын мамлекеттик бюджетинин 20 проценти мурда нефтини тышка экспорттоодон куралса, чет өлкөлүктөрдүн санкциясынан соң, алар күткөндөй экономикалык кыйроо болгон жок. Нефтинин наркы да түшпөдү. Россия башка рынокторду өздөштүрүп, Азия, Африка, Латын Америкасы өлкөлөрү менен мамилелерин мурдагыдан да катуу чыңдап алды. Кечээ жакында Казакстанга дүйнөдөгү эң арзан нарк менен газ берүүнү, бул үчүн Кытайга газ өткөрүүчү түтүктөрдү курууну колдоп берүү долбоорун сунуштады. Казакстан үчүн абдан пайдалуу долбоор кызуу талкууланып жатат. Айрым эксперттер Казакстан Россия газынан көз каранды болуп калса, Россия өзү каалагандай талаптарды коё башташы мүмкүн, ошондуктан буга шашылбай туруш керек деп да жатышат…
Ал эми Кыргызстан жана Кыргызстандын эли үчүн жогорудагы миграция агымынан башка дагы, Россия менен кызматташуу жана жакын мамилелер кандай деңгээлде өнүгүп, кайсыл багыттарда өз ара пайдалуу натыйжаларды бере алышы мүмкүн? Азырынча дээрлик бардык тармактардагы кызматташуулар боюнча өз ара макулдашуулар тек гана долбоор жана алыскы изги каалоолор деңгээлинде гана калып келе жаткандыгына күбө болуудабыз. Азыркы кезде Кыргызстанда Россиянын атактуу, өнүккөн компаниялары Кыргызстанда баштап жатышкан бир дагы өнөктүктү атоого мүмкүн эмес.
Мындан он жылдан ашуун, “апрель революциясынан” кийинки эйфориядан улам, Кыргызстандын гидроэнергетикалык потенциалы эбегейсиз экендиги айтылып, өлкө дал ушул багытта олуттуу жетишкендиктерди ишке ашыра алышы мүмкүн экендиги жар салынган. Россиялык адистер Нарын гидрокаскаддарынын долбоорун түзүшүп, ал тургай жумушчулар шаарчасын да куруп башташкан болчу. Аягы эмне менен бүттү?!
“РусГидро көп эле арылдап, үрө бербесин! Аларсыз деле ишибизди бүтүрө алабыз” — деген мааниде, ошо кездеги президент Алмазбек Атамбаевдин билдирүүсүнөн соң, ал долбоорлор башталбай жатып токтогон. Жакында эле, министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев чакан ГЭСтер Кыргызстандын бардык областтарында куруларын, ал тургай күндүн жана шамалдын энергияларынан иштей турган электростанциялар пландалып жаткандыгын жарыя кылды.
Бул ишке учурда 137 компаниялар билек түрүнө киришип жатышыптыр!..
Мурда Кыргызстан жыл сайын Россияга 8000 тоннага жакын (бул жалпы экспорттун 30–40 проценти) сүт продукцияларын чыгарып келсе, Россельхознадзор 21-апрельден баштап, Кыргызстандын сүт азыктарын киргизүүгө тыюу салды. Биздин сүт азыктарыбыздын сапаты гана төмөн болуп тим болбой, мамлекеттик эпизоотикалык мониторинг, жана да Россия менен ЕврАзЭСтин мыйзамдарында каралган лабораториялык изилдөөлөр жасалбайт. Дан эгиндеринин үрөндөрүндө ГМО (зыяндуу уруктук бузулуштар) табылып, Кыргызстандан Россияга жөнөтүлгөн 14,2 тонна үрөн да артка кайтарылган.
2022-жылдын жыйынтыгы боюнча, Кыргызстандын импорту дээрлик 2 эсеге өсүп, 5 млрд 580 млн доллардан 9 млрд 629 млн долларга жеткен. Ал эми Кыргызстандык продукцияларды экспорттоо, тескерисинче, 2021-жылдагы 2 млрд 752 млн доллардан 2022-жылы 2 млрд 186 млн долларга азайган. Кыргызстан өткөн жылы Кытайдан тоокту 6 эсе көп сатып алып, Өзбекистандан тирүү койлорду 41 эсе көп сатып алган! Бул маалыматтар Кыргыз Республикасынын статистикалык комитетинин расмий булактарынан алынган.
Бир кезде агрардык өлкө делип, мал чарбачылыгы абдан өнүккөн Кыргызстандын азыркы абалы ушундай. Азырынча тигил, же бул тармактарга мамлекеттик саясатта приоритеттик басым жасалууда, демек, дал ошол багыттар биздин келечек өнүгүшүбүздө локомотив болот деген жышаан да жок.
Ишенбек МУРТАЗАЕВ