“АЮнун” прецеденти башкаларга сабак болобу?

“АЮнун” прецеденти башкаларга сабак болобу?

Жакында “АЮ” компаниясына таандык спирт завод менен арак заводдун мамлекеттин менчигине өткөрүлгөнү маалымдалды. Президент аны “улутташтырылды” деп жарыяласа, бирөөлөр эки заводун Шаршенбек Абдыкеримов “ыктыяры менен мамлекетке өткөрүп берди”, “жок, андай эмес, анча кирешелүү мүлктү ыктыяры менен да берчү беле, тартылып алынды” деп да жазышууда.

Дүйнөлүк өндүрүштө арак-шараптарды, тамеки продукцияларын чыгаруу эң кирешелүү тармактар деп эсептелет. Буларда рентабелдүүлүк эң кеминде 2–3 эседен кем болбойт. Мурдагы Союзда спирттик тармактан мамлекет жыл сайын 40 миллиард рублден ашык таза киреше алып турса, 1985-жылы “кургак мыйзам” жарыялангандан кийин бюджет толбой калып, ал кийинки экономикалык, социалдык кризистерди жараткан. Мындай жогорку деңгээлдеги рентабелдүү тармактын алык-салыктарды төлөөсү да жогорку деңгээлде болушу шарт. Ал эми “АЮ” ЖЧКсы 2020-жылы же элдин баары пандемиядан коркуп, көбү арак-шараптар менен дарыланып жатканда болгону 490 миң сом салык төккөн экен. Садыр Жапаровдун айтымында, аны 2,5 жыл эркелетишиптир, алык-салыктарын, милдеттүү чегерим, төлөмдөрүн мыйзамдуу төлөөнү суранышыптыр, талап кылышыптыр. Бирок, ал андай талаптарга көңүл бурбай, салыктык маселелерин мурдагыдай эле айрым чиновниктер менен гана чечүүгө аракеттенет. Анын ишканаларына тинтүү жүргүзгөндө аткезчилик жол менен алынып келинген жалпы баасы 40 миллион сомдук 275 тонна спирт, жасалма 12 миң акциздик марка табылат. Мындай ири көлөмдөгү кылмыш үчүн кимди деле болбосун кулагынан жетелеп келип, абакка киргизип коюшмак. Бирок, ал Англияда жашагандыгына байланыштуу чакыра да, кармай да алышпайт. Эгерде ал кежирлене берсе, ал үчүн Кыргызстанга жол биротоло жабылып каларын, 19 миллиард сомдук салыктык карыз, айып пулдар үчүн узак мөөнөткө камалып калышы мүмкүн экенин ойлоп, Шаршенбек Абдыкеримов эки заводун мамлекетке өткөрүп бериптир.

Тилекке каршы, бизде айрым ишкер, эксперт, талдоочу атпайлар мамлекеттик деңгээлдеги ири аткезчини коргоп, “бул жаман прецедент, менчик кол тийгис, ишкердин менчигиндегилер тартылып алынса, инвесторлор келбей коёт” деген сыяктуу дүжүр күңкүлдүктөрүн айтышууда, жазышууда. Биз ага өлкөнү коррупциядан арылтып, ишенимдүу өнүгүү жолуна түшүүдөгү үлгү болорлук эң сонун прецедент дегибиз келет. Анткени, аткезчилик кылуу, салыктарды жашыруу кандай кесепеттерге дуушар кыларын көрүшкөндөн кийин калган ири чарбалык субъекттердин ээлери тийиштүү жыйынтыктарды чыгарышат. Алардын эч кимиси ири көлөмдөгү кирешелүү ишканаларынан ажырап калгысы келбейт. Андан көрө мыйзамдуу алык-салыктарды төлөөнү оң көрүшөт. Менчик кол тийгис, ал чындык, бирок мыйзамдуу салыкты төлөө андан да кол тийгис артыкчылыкта турарын эстен чыгарбоо керек. Ал эми инвесторлорду качырат дегенге келе турган болсок, мыйзам менен иштеген инвесторлор ополоң-тополоңдордон башкадан коркушпайт, Абдыкеримовдой өз кызыкчылыгы үчүн аткезчилик кылып, салыктарын жашырган инвесторлордун келгенинен келбегендери жакшы.

Соңунда айтарыбыз, аткезчилик кылганга пайдаланылган каражаттар (автоунаалар, жабдуулар, жайлар ж. б.) дүйнөнүн баардык өлкөлөрүндө товарлары менен кошо конфискацияланат. Бул өңүттөн алганда, Шаршенбек Абдыкеримовдун эки заводу улутташтырылдыбы, же өз ыктыяры менен өткөрүп бердиби, ал өзгөчө деле мааниге ээ эмес. Алар түз жана кыйыр түрдө мамлекетке келтирилген зыяндын ордун толтурууга өткөрүлгөнү гана эсеп. Мамлекет өз кызыкчылыгын коргоо, мыйзамдуулук үчүн ошого барды. Кептин чордону ушунда гана.

Эгерде анын калган компаниялары, фирмалары текшерилсе, алардан да ири салыктык жашыруулар чыкса, ага таң калбайлы.

Мирлан Дүйшөнбаев

Share