Азыр Кытайда орточо пенсия биздин акча менен алганда 42,5 миң сом. Аларда пенсиялар, жөлөк пулдар инфляцияга жараша ар күнү индексацияланып, айдын аягында берилип турат. Мындай социалдык жактан аяр катмардагыларды күн сайын социалдык жактан коргоо саясаты дүйнөдөгү өлкөлөрдүн биринде да жок.
Өнүккөн, социалдык делген өлкөлөрдө деле пенсиялар, жөлөк пулдар инфляцияга, өлкөнүн экономикалык абалына жараша жылыга бир жолу көбөйтүлөт, социалдык делген Скандинавия өлкөлөрүндө аяр катмардагыларды социалдык колдоонун формалары көп, алардын жалпы жыйынтыктары, натыйжалары Кытайдагыдан да күчтүү болушу мумкүн, бирок, кайталайбыз, “биз силер үчүн күнүгө кам көрүп, инфляцияга байланыштуу жоготконуңарды күн сайын толуктап турабыз” деп Кытайдын өкмөтүнөн башка дүйнөдөгү бир да өкмөт айта албайт. Ошон үчүн кытайлыктардын орточо өмүрлөрү жылдан жылга узарууда. Калкынын узак жашаганы боюнча кытайлыктар бул жагынан дүйнөдө биринчи орунда турган жапондорго жакындап калды.
Биздин Баш мыйзамдын 1-беренесинде “Кыргыз Республикасы (Кыргызстан) –көз карандысыз, демократиялык, унитардык, укуктук, светтик жана социалдык мамлекет” деп жазылган. Ал бир убакта өзү экономика жана социалдык саясат, салык саясаты деген эмне экенин деле түшүнбөгөн, негизинен саясый популизм менен алектенген, кудайдан жөө качкан “временшиктердин” ана башчыларынын бири Өмүрбек Текебаевдин демилгеси менен киргизилген. Алар анын чыныгы маанисин өздөрү деле түшүнбөсө керек. Түшүнүшсө аны киргизгенге ашыгышмак эмес. Ошондон бери ал кооз сөздөр түшпөй Баш мыйзамдын удам кийинки жаңы редакцияларына кирип келатат. Бирок, чындыгын айтканда Кыргызстандын азыр өзүн “социалдык мамлекет” деп атаганга эч кандай обьективдүү экономикалык, социалдык мүмкүнчүлүктөрү жок. Кытай түгүл АКШ деле азырынча өздөрүн социалдык мамлекет деп аташа элек. Азырынча чыныгы социалдык мамлекеттерге Скандинавия мамлекеттери, Кувейт, Катар сыяктуу бир катар араб өлкөлөрү гана кирет. Социалдык мамлекет дегендин мааниси- адам иштебесе же иштегиси келбесе (скандинавия өлкөлөрүндө акыл эси, алты саны соо туруп өмүр бою жөлөк пулдар менен жашагандар бар) да социалдык минимумдардан төмөн эмес деңгээлде жашоосу керек дегенди билдирет. Ага бизде реалдуу мүмкүнчүлүк барбы? Жакынкы чейрек кылымда да болушу кыйын. Анда эмнеге аны баш мыйзамдын биринчи беренесине киргизишкен? Жөн эле кооздук үчүнбү?
Баш мыйзамыбыздын 44-беренесинин 2-пунктунда “пенсия, социалдык жөлөк пулдар жана башка социалдык жардам мыйзам менен белгиленген жашоо минимумунун өлчөмүнөн төмөн эмес жашоо деңгээлин камсыз кылат” деп жазылган. Анын жакында чечмелөө өтүнүчү менен Өкмөт Конституциялык палатага кайрылды эле, алар араң эле турган экен өтүнүчтүн сыясы кургай электе, акыбалы келбесе Өкмөт аны аткарбай койсо деле болот деген тыянак чыгарып беришти. Мыйзамдуулукта аябагандай опурталдуу прецедент түзүлдү. Баш мыйзамды мындай чечмелешкенден кийин эми Өкмөт конституциялык, жөнөкөй мыйзамдар боюнча кандай кандай өтүнүч менен кайрылбасын Конституциялык палатадагылар ага жаккандай чечимди чыгарып жөнөтө беришет.
Азыр өкмөттүн Баш мыйзамдык кош милдеттенмесин аткарганга каржылык мүмкүнчүлүгү жок. Аны баардыгыбыз эле көрүп, билип турабыз. Бирок, ошондой болгон күндө деле палата чорт чечим чыгарбастан “азыр аткарганга мүмкүнчүлүгү жок болсо, аны мүмкүнчүлүк болгондо компенсациялоого милдеттүү” дегендей тыянак чыгарса, укуктук жактан туура болмок, мыйзамдуулуктун идеясы сакталмак, Баш мыйзамдын аброюна доо кетирмек эмес.
Мамлекет чындап социалдык болушу үчүн салык саясатын өзгөртүшү керек. Нефти менен газдан кирешелер суудай агып келип жаткан социалдык мамлекеттердин башкасынын баардыгында ошондой. Скандинавия өлкөлөрүндө салыктар, милдеттүү чегерүүлөр кирешелердин 50 пайызынан 74 пайызына чейинкини түзөт. Кирешелери өтө көбөйгөндөрүнө прогрессивдүү салыктар да колдонулат. Ал эми бизде салыктар канчалык азайтылса, ишкердик ошончолук өнүгөт деген аңкоо түшүнүк үстөмдүк кылып келет. Дыйкандар, фермерлер дегендерибиздин басымдуу көпчүлүгү кирешелеринин 100дөн бирине, айрымдары андан азына гана салык төлөшөт. Мурдагы ажонун тушунда аны да көп дешип, айыл чарбасындагы салыктардын айрымдарын алып салышкан. Азыр ар айылда жүздөгөн койлору, ондогон уйлары, жылкылары барлар четтен чыгат. Мурдатан мал киндиктүү делген Нарын, Талас аймактарындагылар жөнүндө айтпаса да түшүнүктүү. Алардын майда жандыктарын айтпай эле коёлу, 600 топозум, үч-төрт үйүр жылкым бар дегендерин журналисттик ишимде көп эле жолуктурдум. Бирок, алар канчадан салык төлөшөт? Алар жок дегенде жайыттарда малдары жеген чөптөрдүн бир бөлүгүн компенсациялап жатышабы?
Өкмөттүн салыктык базаны кеңейтүүгө өзгөчө басым жасап жатуусу абдан туура. Ал салык төлөөчүлөргө жакпасы турган иш, милдеттүүңдү төлө дешсе, “Дордойдогулардай” болуп пикетке, митингге чыгышы, айрымдары саясый талаптарды коюшу да мүмкүн. Бирок, социалдык дегенди мындай коёлу, мамлекеттин биринчи милдети, милдеттүү алык-салыктарды толук өндүрүү болсо, экинчиси, кирешелери көптөрдүкүн кирешелери аздарга бөлүштүрүү болуп саналат. Коммунисттер башкарган Кытай, өнүккөн өлкөлөр гана эмес, монархтар да азыр ушул жол менен баратышат.
Мирлан Дүйшөнбаев