ОШмунун китепканасындагылар уюшулган кылмышпы?

ОШмунун китепканасындагылар уюшулган кылмышпы?

Ош мамлекеттик университетинин китепканаларынан 29 тонна китептин “бактерия чыкты” деген негиздеме менен макулатурага өткөрүлгөнү жөнүндө маалыматтын ЖМКларга тараганына бир айдан ашык убакыт болду.

Мен ага Билим берүү жана илим министрлиги же Өкмөт реакция жасап, атайын комиссия түзүп текшертүү жөнүндө чечим кабыл алышат го деп ойлодум эле. Бирок, жогорку окуу жайларын көзөмөлдөгөн бул органдар эч кандай реакция жасашпады, ОшМУнун ректору Кудайберди Кожобеков кызматкерлерине ишене турганын, бирок мыйзам бузуулар аныктала турган болсо, тийиштүүлөрүнө чара көрөрүн билдирүү менен чектелди.

Ачыгын айтыш керек, китептерден адамдын ден соолугуна терс таасирин тийгизе турган бактерия чыгат дегенди биринчи жолу угуудабыз. Анда миллиондогон китептер турган Улуттук китепкана баштаган башка китепканалардагы китептер кантип “ылаңдабай” сакталып келатат? Алар колдонгон дезинфекциялоо, алдын ала чараларын колдонуу менен ОшМУдагы китептерди да сактап калса болбойт беле? Албетте, болот болчу, бирок бул маселеге канчалык үңүлгөн сайын “эскирди, ылаңдады” деген китептерди тезирээк жок кылууга айрымдардын жекече кызыкчылыктары болгонуна ишенимибиз ошончолук артып жатканын ачык айталы.

1990-жылдардын ортосунда Кызыл-Кыя шаардык китепканасындагы экинчи дүйнөлүк согуш мезгилинде Союздун батыш тарабындагы бир ЖОЖунан эвакуацияланып келип, ошол бойдон калып калган жүздөгөн баалуу китептер жок болуп кеткен. Же согуш убагында бирөөлөр өмүрлөрүн тобокелге салып сактап калгандарды Кызыл-Кыянын китепканасындагылар эгемендүүлүккө ээ болгон тынч мезгилде жок кылышкан. Ал китептерди тымызындан ким сатып алганы деле белгилүү болгон. Бирок, ал парламенттин депутаты, уюшкан кылмыштуу топтун башчысы болгондугунан улам эч кандай чара көрө алышкан эмес. Депутат ал китептерди өзү окуганы же үйүнө койгону алды дейсиздерби, албетте, жок. Ал аларды башка бирөөлөргө мүмкүн сырт жактагыларга эселенген кымбат бааларда саткан.

Китептер эскирген сайын рариретке айланып, баасы-баркы жогорулай берет. Таптакыр эскирип, илимий, көркөмдүк же маалыматтык маанисин биротоло жоготкон китеп болбойт. Ар бир китеп сөзсүз окурмандар үчүн пайдалуу маалыматтардын, илимий же көркөм каражаттардын суммасын алып жүрөт. Ал эми советтик мезгилде китептерге карата илимий, көркөмдүк талаптар аябагандай күчтүү болгон. Белгилүү сын-ченемдерге, талаптарга жооп бергени гана басылган. Азыркыдай ким акча тапса, ата-энесинин өмүр баяндарын деле том-том кылып чыгара бергендей өздүк көркөм чыгармачылыктар болгон эмес.

Мына ушул тутумдан алганда, ОшМУнун айрым жетекчилеринин, китепкана кызматкерлеринин “1970–1980-жылдардагы китептер эскирген, алардын эч кимге кереги жок” дегендери негизсиз. Өздөрүнүн чектен чыккан жоруктарын (мүмкүн кылмыштарын) актоо үчүн гана айтылган маанисиз сөздөр экенин бөркүмдөй көрөм. Классикалык көркөм чыгармалар, илимий эмгектер, тарыхый, педагогикалык жана усулдук басылмалар ж. б. эч качан эскирбейт. Ал эми ОшМУдагылар “макулатурага тапшырылды” дегендердин арасында 1990–2000-жылдарда “Сорос” фондусу баштаган бир катар эл аралык демөөрчүлөр чыгарышкан адабияттар да көп экен. Басылганына чейрек кылым боло элек китептерди эскирди деп айтканга болобу? Анын үстүнө “Соростогулар” учурдагылар үчүн өзгөчө мааниси барларды гана чыгарышкан, рариретке айлангандарды гана кайра бастырышкан.

Китептердин дүңүнөн макулатурага тапшырылганы жатканын уккандан кийин окуу жайдын бир катар окутуучулары келишип, “бактерия жукту” дегендерин өз күчтөрү менен дезинфекциялап, тазалап берүүнү, ага да көнүшпөгөндө сатып алууну сунуш кылышса китепкананын, ОшМУнун жетекчилери ага да көнүшпөптүр. Эгерде ал китептерден арылгыча жандары тынчыбай жатса, эмне үчүн алдын ала жарнамалап, жармеңке уюштуруп ал китептерди окутуучуларга, студенттерге сатышкан эмес. Азыр ОшМУда 3 миңден ашык окутуучу, 35 миңдей (айрымдар факты жүзундө 50 миң деп жатышат) студент бар. Алар бирден-экиден китеп сатып алышса деле, 29 тонна китеп ажатканалык кагазга эмес, билимге, илимге айланмак. Ар китеп 20–30 сомдон сатылганда деле макулатурага тапшырылгандан 3–4 эсе көп акча түшмөк.

Советтик мезгилде Союздук ири шаарлардан вагондогон арзан китептер келип турчу, айрым жайлары тар китепканалар аларды батыра албай кыйналышчу. Азыр андай кененчилик, арзанчылык жок, бирин-экин келгендердин баалары асман чапчыйт. Эң кейиштүүсү, мурдагы советтик мезгилде чыгарылган китептердин басымдуу көпчүлүгү кайра басылбайт. Маселен, Л. Толстойдун академиялык чыгармалар жыйнагын 90 том, Ф. Достоевскийдикин 33 китеп кылып, И. Тургеневдикин 30 том кылып кайра ким басат?

Бул өнүттөн алганда, ОшМУдагы окуя кылмышка тете жорук болгонун ачык айткым келет. Китепкананын жетекчиси Азимгүл Эсекеева санэпидстанцияга 5 китепти көтөрүп барып, 5 китепке чыгарылган жыйынтыктын негизинде 150 миңге жакын китепти макулатурага ар килограммын 15 сомдон өткөрүп жиберген. Ал китептердин баардыгы макулатураларды кабыл алуучу “Фемели групп” деген менчик ишканага жеткенби же көпчүлүгү жолдо башка жакка кеткенби?

Жаңы министр, энергиясы Кегетинин суусундай ашып-ташып турган Каныбек Иманалиев бул окуяны кылдат текшертип, күнөөкөрлөргө тийиштүү жазасын берүүсү керек. Билишибизче, ОшМУдагылар дагы 70 тоннадай китепти ылаңдады деген шылтоо менен макулатурага өткөрүүгө даярдап жатышыптыр. “Сыныктан башканын баары жугуштуу болот” дегендей, аны көргөн башка ЖОЖдор да тымызындан китептерин пулдаганга өтүшсө, кийинки студенттер китеп деген эмне экенин билбей калышпасын.

Мирлан Дүйшөнбаев

Share