Абайдан башталган жол

Абайдан башталган жол

Кечээ, белгилүү акын Өмүрбек Тиллебаевдин “Бата жана каргыш” аттуу ыр менен жазылган романынын бет ачар аземи Ж. Баласагын атындагы улуттук университетте болуп өттү.

Ыр менен жазылган романдын бет ачарына Кыргыз эл жазуучусу Меңди Мамазаирова, белгилүү окмуштуу, этнограф, тилчи, тарых илимдеринин доктору Сулайман Кайыпов, эл аралык “Түрксой” уюмунун башкы катчысы, Кыргыз эл жазуучусу Султан Раев, акын, тарыхчы Абдырахман Алымбаев, белгилүү коомдук ишмер, чыгаан тележурналист Нышанбек Кочкоров, Улуттук жазуучулар союзунун төрагасы, акын Нурлан Калыбеков, адабиятчы, сынчы Садык Алахан, Кыргыз эл жазуучусу Бекен Назаралиев, акын, журналист Жедигер Саалаев, адабиятчы, сынчы Аскар Медетов, акын, журналист Дүйшөнбек Керимов, алып баруучу, акын Атахан Кожогулов, белгилүү обончу Түмөнбай Колдошев, төкмө акын Акматбек Султан, жаш акындар Максат Жангазиев, Улукбек Омокеев, Акжол Дооронбек уулу, “Нурборбор” эл аралык академиясынын мүчөлөрү катышты.

Бетачардын триумфу болуп Өмүрбек Тиллебаев “Түрксой” эл аралык уюмунун Абай атындагы сыйлыгы менен сыйланды. Сыйлыкты “Түрксойдун” баш катчысы Султан Раев тапшырып, акындын Анкарадан түрк тилине которулган китеби чыгып жатканын билдирди.

Ал эми хандан, бектен тартынбаган, ар дайым өз оюн бетке айтып келген белгилүү журналист Нышанбек Кочкоров романды толук окуп чыкканын, бул чыгарманы Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыкка көрсөтүш керек деген сунушун ортого салды.

 

Сулайман Кайыпов, тарых илимдеринин доктору, тилчи, этнограф: «Бул роман сөзсүз түрдө мыкты чыгарма, кыргыз адабиятынын тарыхында кала турган чыгарма деп эсептейм»

— “Бата жана каргышты” окуп мен таң калдым. Бул жерде бардыгын туташтырып турган бир кызыл сызык, лейтмотив бар. Ал “Убакыт негедир тез өттү, Акынга бергиле кезекти” деген саптар. Дал ушул жерден акын ырдын башка формасына, стилине өтүп, ойду башкача өңүттө улантып кетет. Чыгарманын башынан аягына чейин лейтмотив болуп сактап, композициялык биримдигин тутумдаштырып, жип сыяктуу байлап турат. А бул көзгө көрүнүп турган жагы, а көрүнбөгөн жагы Өмүрбек Тиллебаевдин акындык руху. Карап олтурсаң бата менен каргыш кандай карама-каршы болсо, романда чагылдырылган окуялар, турмуш да ошондой контрасттуу, карама-каршы. Бир карасаң лирика, сүйүнүч, кайгы, эпика бар, публицистика, философия бар, мезгил жана мейкиндикке салып карасаң ушу жердеги эле турмуш, үй-бүлөдө болуп жаткан окуялар, анан космос бар. Аларга эриш-аркак мифология, бүгүнкүнүн ыйлап турган чындыгы бар, дин, этика баары бар. Муну профессионал адабиятчылар окуп чыгып, Жазуучулар Союзунда илгери “Майдан” романын кандай талкууласа дал ошондой талкуулап, романдын кыргыз адабиятындагы, тарыхындагы орду кандай экендигин айтып чыгыш керек. Албетте, сындар болот. Сындап жатып, чыгарманын жакшы жагын ачышат. Ошондо элге жетет. Романды бир жолу окуп койгон менен болбойт. Мен шашылып окуп чыктым. Дагы окуйм, буюрса. Анда Өмүрбектин өзүнүн роман турмушу бар. Бул роман сөзсүз түрдө мыкты чыгарма, кыргыз адабиятынын тарыхында кала турган чыгарма деп эсептейм. Мен ушул чыгарманын жаралышы менен бүткүл кыргыз адабиятын, акын-жазуучуларды, анан албетте, авторду куттуктайм. Мындан кийин да чыгармачылык ийгилик болсун. Дегеле кыргыз адабиятында акыркы кездерде Султан Раевдин, Бекен Назаралиевдин романдары пайда болду. Бекен Назаралиев турмушта бүгүнкү болуп жаткан окуяларды романга айландырат. Бул өтө кыйын. А Султан Раев мифтик-фантастикалык, неомифологиялык каражаттарды таап жазат. Эки башка стил. Бирок, бул кыргыз адабиятында бир улуттун чыгармачыл адамдарынын бир процессти ар кандай жол, ыкма менен чагылдырышы. Ошондой эле Арслан Койчиевдин романдары бар. Булардын баары жөн жерден жаралган жок. Ошол үчүн Өмүрбектин бул романы зор окуя. Мен авторду дагы бир жолу куттуктайм. Чыгармачылык ийгиликтер болсун.

 

Нышанбек Кочкоров, коомдук ишмер, журналист: «Өмүрбектин бул китебин эч тартынбай туруп Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыкка көрсөтүш керек»

— Мен адабиятчы да, акын да эмесмин. Мен журналистмин. Анда эмне үчүн бул адабий кечеге келдим? Өмүрбек Тиллебаев экөөбүздү эки тагдыр, окшоштук бириктирип турат. Биринчиси-ал Тиллебаев деген фамилия. Мен 7- класска окуганга чейин Тиллебаев деген фамилияны алып жүрдүм. Андан кийин атамдын атына өткөмүн. Тиллебаевдерден болобуз. Бул бир туугандык сезим. Экинчиси-Өмүрбек Тиллебаев иним журналист. Ал эми акын менен журналистти бул жашоодо эмне бириктирип турат? Бул эки кесип тең абдан оор. Мен эч качан бир сап да ыр жазган эмесмин. Антип ойлоно албайм. Өмүрбек болсо ушул эки кесипти бирдей аркалаган, эки канатты бирдей каккан мыкты инсан катары биздин коомго таанылды. Өмүр бою журналист болуп иштеп келе жатат. Эрте менен сегизден тартып кечки 7–8ге чейин журналисттик иш менен алпурушат. Анан эң сонун ырларды жазат. Бул оңой эмес жүк, оңой эмес тагдыр. Мына залда соткаларын чукулап жалаң жаштар олтурат. Силер китептин баркын, наркын жакшы билбей калдыңар. А уюлдук телефон ушакты гана таркатуучу каражат. Мен Өмүрбектин “Бата жана каргыш” деген китебин толук окуп келдим. Аябай толкундандым. Себеби, Өмүрбек азыркы жаштар жөнүндө өтө катуу жазыптыр. Биздин коомду курутуп, адамдардын аң-сезимин уулап жаткан диний экстремисттик көз караштар тууралуу кеңири талдап, таамай чагылдырган. Өмүрбектин мыкты журналист экендиги ушул китептен даана көрүнүп турат. Мына бул китеп журналистика, публицистика менен акындын назик, лирик жан дүйнөсүнүн синтезинен жаралган. Сириядагы согушка биздин көптөгөн жаш жигиттерибиз, кыздарыбыз ар кандай диний агымдардын, фанаттардын азгырыгына алданып барып, тагдыры талкаланды. Эр азаматтар эч кимге пайдасыз, мекенден алыстагы согушта окко учуп курман болду, кыз-келиндерибиз жаш балдары менен Сириядагы лагерлерде туткун болуп, өлбөстүн күнүн көрүп жашап атат. Өмүрбек ошолордун баарын жан-дүйнөсүнөн өткөрүп, акындык боорукердик, чабыт, учкул кыял менен менен чагылдырып жазган. Сирияга кеткендердин канчасы эркек, канчасы аял, канчасы жаш балдар экендигин так санап, даана көрсөткөн. Бүгүн дегеле кыргыздын салтында болбогон капкара кездемеден көйнөк кийип, чүмкөнүп, оронуп, бети-башын көрсөтпөй жамынып жүргөндөрдү кер какшык, ачуу чындык менен ырга салган. Өмүрбектин бул китебин окуп абдан таасирлендим. Кыскартып айтайын. Мына китептин аты “Бата жана каргыш” деп аталат. Ыр, поэзия жана дуба. Азыр ушул залга бир молдо келип куран окуй турган болсо, ал арабча курандын бир сөзүн түшүнбөсөңөр да муюп угасыңар. А өз эне тилиңерде түшүнүктүү, көркөм жазылган ырды анчейин уккуңар келбейт. Бул оюм менен динге эч шек келтирип жаткан жерим жок. Мен силерге бир нерсени айтып коеюн. Поэзия деген дүйнөдө курандан калышпаган күчтүү, таасирдүү, сыйкырдуу, кайып дүйнөлүү жанр. Ушунун баары мына бул китепте абдан таасирдүү жазылыптыр. Окуп алып сүйүндүм. Өмүрбек иним мен сени менен сыймыктангым келет. Сенде өтө бийик улуулук касиет бар. Чын жүрөгүмдөн куттуктайм. Залда олтурган акын-жазуучуларга кайрылам, Өмүрбектин бул китебин эч тартынбай туруп Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыкка көрсөтүш керек.

Турдайым Кожомбердиева.

Share