Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров АКШга жасаган иш сапарынын жыйынтыктары боюнча бир катар билдирүүлөрдү жасады. Анын айтуусу боюнча, Дүйнөлүк банк Камбар-Ата‑1 ГЭСинин долбоорун түзүүдө, казактар анын курулушуна катышууга ыргылжың болуп турушат. Алар маалката беришсе, аны өзүбүз курганга киришүүбүз керек. Азыр Кыргызстандагы электр энергияларынын таңсыктыгы 2,8 миллиард кВт саат, ал эми Камбар-Ата‑1 ГЭСинин жылдык кубаттуулугу 6 миллиард кВт сааттан ашат.
Энергетика министри учурга карата чакан ГЭСтерди курганга 42 миллион доллар тааптыр. Дүйнөдө акча жетишерлик. Биз долбоорлорду туура даярдап, алар аркылуу инвестицияларды тартканды үйрөнүүбүз керек.
Жогоруда айтылгандарга биз да кошулабыз. “Бала ыйлабаса, эмчек кайда” дегендей, өзүбүз жүгүрбөсөк, эч ким казаныбызга аш салбайт. Бирок, Министрлер кабинетинин төрагасы өз сөзүндө мындан бир айдай мурдагы ККП БКнын Саясый Бюросунун мүчөсү, Кытайдагы Шинжан автономдуу районунун парткомунун катчысы Ма Синжуй менен кол коюлган макулдашууну эстеп, Кытайга электр энергияларын сатууну бериле сүрөттөгөнү бизди бир жагынан кубандырса, экинчи жагынан таң калтырды. Кытайга электр энергияларын экспорттоо жөнүндө максат бары көңүлдү жылытат, бирок кайсыл энергияны деген суроого келгенде жылыган көңүл тез эле муздайт. Камбар-Ата‑1 ГЭСинин курулушунун бир куб метр бетону куюлмак түгүл, каржылоо булактары да табыла элек. Анын курулушу башталган күндө деле эң эпкиндүү темп менен жүргүзүлгөндө 5–6 жылда араң бүтөт, он жылдан ашыкка созулуп кетиши да ыктымал. Ал эми Акылбек Жапаров Кытайда электр энергиялары өнөр жай ишканаларына 14 центтен, ал эми элге 8 центтен сатыларын, биз электр энергияларынын ар кВт саатын төмөнкү тарифте сатсак деле кирешеге марый турганыбызды айтууда.
Министрлер кабинетинин мындай оптимисттик маанайда болгону жакшы, бирок ал жомокко окшоп кетпеш керек. Же Ма Синжуй менен менен сүйлөшкөндө ал Кытай тарап Камбар-Ата‑1 ГЭСинин курулушунун чыгымдарынын бир бөлүгүн өзүнө аларын же жеңилдетилген шартта кредит берилерин убада кылганбы? Шинжан экономикалык жактан кубаттуу провинция, анын партиялык жетекчиси айрым ири көлөмдөгү инвестицияларды борбору менен макулдашпай деле чече берет. Кытайда баардык жоопкерчиликти өзүнө алган, ага даяр турган жетекчилерди баалашат, жогорулатышат. Ху Цзиньтао ошол сапаты аркылуу эң башкы жетекчиликке келген. Бирок, андай макулдашуулар болсо, элге неге ачык айтылбай жатат? Эгерде андай макулдашуулар жок болсо, Акылбек Жапаровдун Кытайга электр энергияларын сатып, баюу жөнүндө айткандарын кандай баалашыбыз керек?
Астапурулла, парвадигер! Чын эле Кыргызстан Кытайга электр энергияларын экспорттогону жатабы, ыя?
Тынчтыкбек Бешкемпиров