Мыйзамды-мыйзам менен иштегендер бузуп жатабы?

Мыйзамды-мыйзам менен иштегендер бузуп жатабы?

Кыргызстанда болуп жаткан кылмыштуу окуяларга сүңгүй көз чаптырсаң, биздин өлкө “кылмыштуулуктун аралчасына” айланып калгандай таасир берет. Себеби, мыйзамды-мыйзам менен иштегендер бузуп, коррупцияда системалуу түрдө өздөрүнө ыңгайлаштырып галустук тагынып, бакыйган карааны креслого жарашып, салабаттуу сүйлөп турса, аларды “коррупционер” же “шылуун” деп эч ким ойлобойт… Чын эле азыркы каракчылар “галустукчан шылуунга” айланышыптыр. Биздин эл качан коррупционер каракчылардын чеңгээлинен чыгат? Эмне үчүн мыйзамда шылуундук менен алектенген кишилердин “Жаза өтөө мөөнөтү” аз көрсөтүлгөн жана айып пул аз чегерилген? Карапайым элдин укугу качан корголот? Адилеттүүлүк кайда? Айтор, суроо көп. Жооп жок.

Аида Касымова, адвокат: «АБН» микрофинансылык компаниясы көп кишини сызга отургузду»

— Гүлзар Шайнаева жалпысынан 100дөн ашуун кишини алдаптыр, алдаганда да банк аркылуу алдаптыр. Бул уюшкан кылмыштуу алдамчылыктын башталышы кандайча болгон?

— Бул алдамчылык иш-аракеттин жүрүшү менен таанышмын. Бардык маалыматтар менде бар. Банк боюнча жүздөгөн кишилер алдангандыгы чындык. Бул АБН — ​микрофинансы ачык акционердик компаниясы. Алдамчылыкка шектелип жаткан Гүлзар Шайнаеванын бир тууган таежеси Алманбаева Шаадат Бакировна деген бар. Анын баласы Кыргызстандагы “Оптима” банкынын биринчи орун басары Курманбеков Бакыт Жанышбекович деген. Бул киши АБН микрофинансылык компанияны түптөгөн. Ошондуктан Гүлзар; “Менин бир тууган бөлөм “Оптима” банкта иштеп жүрүп, өзүнө жеке кылып ушул микрокредит АБНди ачкан. Ал жакта жалаң бир өрөөндүн гана кулундары иштейт. Ошондуктан тааныштарыңардын паспортун бересиңер, калган бардык документтерди мен жасайм” деп, элдерди алдаган. Анан элдердин кээ бири “көрөйүнчү, чын эле берип жатабы, берет бекен” деп келип, банкка келген боюнча сүрөттөрүн чапташып документтерди тууралай башташкан. Банкка же болбосо чоочун кишиге эч ким паспортун бербейт эмеспи. Ошондуктан булар, биринчи жакын туугандарын, кудаларын таеке-жээндерин өздөрүнө тарткан. Буга бир далил катары АБН банктагы жасалма документтердин жасалма экендигин көтөрүп чыкканым боюнча айта алам. Мисалы Ганибай уулу Илешбек деген кишиге 300 миң насыяны которушкан. Анан бул баланы изилдеп чыксак Чаткалдык бала экен. Ишенесизби, Бишкекте такыр жашаган эмес. Чаткалдан Бишкекке бир жолу да келбептир. Тунгуч кичи районундагы турак жайлардын биринин кварталдык комитетинин башчысы болуп иштеген Азизова Рабия эже менен Шайнаева Гүлзардын апасы да “домком” болуп иштегендиктен булар сүйлөшүп алып Ганибай уулу Илешбек жана башкаларга “Бишкекте жашайт” деп справка жазып беришет. Андан кийин мамлекеттик салык инспекциясынан патент да алып беришет.

— Документтерди сүрөткө чейин алмаштырышканбы?

— Ооба, сүрөттөргө чейин алмаштырып, жеке тастыктоочу колдоруна чейин өзгөртүп туруп, насыянын баарын Шайнаева Гүлзар алган. Ал эми төлөгөнгө келгенде эле жабырлануучулар фамилияларына квитанция келип түшкөндөн кийин билишип, “Ким алган?” деп чуркап келишип, сүрүштүрүп отуруп Шайнаева Гүлзар чыгат. Булар Гүлзарга келишкенде “ооба, мен силерге убагында төлөп берем” деп, тил кат жазып берип, аларды жоошутуп жолго салып, бул алдамчылык ишинин изин жашыруу үчүн прокуратура жана башка күч органдарынын оозун Бакыт Курманбеков аркылуу жаап, жабырлануучуларга “колуңдан келгенин кыл” деп коет.

— Ошондо АБН микрокредиттик негиздөөчүсү Бакыт Курманбеков аркылуу бул алдамчылык кылмыш иштери ишке ашып жатабы?

— Ооба, бул алдамчылык кылмыш иштеринин баары Бакыт Курманбеков аркылуу ишке ашкан. Бүт баары ошол кишинин арты менен болуп жатат десек туура болот. Анткени, банктан күрөөсүз эле 200, 300 миң сомго чейин алып берип жатпайбы? Азыр бирөөгө 20 миң сурап барсаң бербейт. Банктарга барсаң олчойгон документ сурайт эмеспи. Түшүнүп жатасызбы, а булар бир күндө эле олчойгон сумманы өздөрүнө оңой-олтоң эле которуп алып жатпайбы? Документтер баары жасалма! А жанагы казармандык байке “кайнагасымын” деп жатпады беле, бул жерде дээрлик көпчүлүгү Шайнаева Гүлзардын кайын журту. Булардын баарын тең Бишкекте жашайт деп справка жазып берип, насыя алышкан. Жогоруда айткандай документтер бүт жасалма. Документтин негизинде киреше көрсөтүлүшү керек да, анан булар кирешелердин да баарын жасалма түрүндө көрсөтүп, Ибраимова Ная мөөр коюп берет.

— Ибраимова Ная ким?

— Ибраимова Наяда азыркы күндө “Крипто валюта финика” боюнча Башкы прокуратура тарабынан козголгон кылмыш иши бар. Үй камагына чыкты. Ошол жакта жада калса Жогорку Соттун мурдагы төрайымы Айнаш Токпаеванын кызы да кассир катары бар экен, бирок чыгып кетти деген. Бул боюнча, газетага, интернетке чейин чыккан. Ибраимова Ная ошол иш боюнча кармалып “приходящий бухгалтер” болгондугу үчүн мөөр анын колунда болуп, жүздөн ашык документке кол койгон экен. Булар ошол киреше көрсөтүлгөн аныктама (справкага) мөөр коюп, баарын Шайнаева Гүлзарга 15 миңден 20 миң сомго чейин саткан. Анан ошентип бул кредит алгандардын баары жасалма документтер аркылуу алданып калгандар.

— Кое туруңуз, ушул жерде тактап коелучу. Сиз жогоруда жабырлануучулардын көбү казармандыктар дедиңиз. Гүлзардын кайын журтубу?

— Ооба, негизги жабырлануучулар казармандыктар Гүлзардын кайын журту. Андан кийин эле Шайнаева Гүлзардын өзүнүн эле эжелери. Булардын да фамилияларын жазып койсоңуз болот. Мисалы, Шайнаева Багдагүл, Шайнаев Абдыш, Шайнаев Тилек. Бул жерде насыяны өзүнүн бир тууган иниси да алган. Ал насыя акчаны алгандан кийин Швейцарияга кетип калган. Насипкан Чойалиеванын макулдугу жок эле кепил (поручитель) кылып алгандыгы үчүн анын пособияларын кармап калып жатат.

— Демек Шайнаева Гүлзар бир туугандарын да алдап кеттиби?

— Ооба, бир тууган эжелерин да алдап кетип жатат. Кепил болгон адамдар биз кол койгон эмеспиз дегенине карабай, эжелеринин мойнуна жүктөлгөн. Муну РИИБ, Прокуратура “Гражданские отношения права” деген жүйө менен жарандык иш деп карабай жатат. Мен айтып жатам “Силер акчаны карабагыла. “Шылуундуктун” (мошенничество), кандай жолун колдонгон? Силер ушуну карагыла. Бизде эмне үчүн экспертиза бар? Экспертиза жүргүзгөн тарапты да карагыла. Биздин Кыргызстанда экспертиза деген иштеп, анда кайсы күнү, кайсы убакытта коюлганын тактап берет” десем, эч ким эч нерсени укпай жатат. Негизи, жалпы жабырлануучулардын саны 110 кишиден ашык. Жабырлануучулардын жалпы каражатын акчага айландырганда 300 миллион сомду кымырган. Бул эмне деген акча? Ушул сумманын баарын тергөөчү жана башка органдар менен бөлүшүп коюп, Гүлзар Шайнаева эркиндикте эле жүрөт. Эч жерде иштебей, жеген тамагы менен кийген кийимин көрсөңүз укмуш… Үйдөн такыр тамак жасабайт. Жүргөнү такси, тамактанган жайы “Нават” кафеси…

— Сиз документтердин жасалма экендигин билдиңиз беле?

— Документтердин жасалма экендигин билип, анан көтөрүп чыктым. Мына ошол жасалма документтердин көчүрмөсү. Мен муну далилдеп да бере алам. Жабырлануучулардын баарын алып, башкы прокуратуранын мурдагы биринчи орун басары Улукбек Султановдун кабыл алуусунда болуп, ал киши АБНдеги Шайнаеванын бардык иштерин бир районго чогултуп, ыкчам түрүндө тергегиле деп тапшырма берген. Андан кийин Бишкек шаардык прокуратурасына жиберди. Турпанов Мидин бул иштерди Биринчи май райондук РИИБге чогултуп, 8-бөлүмгө жиберди. Азыр иш 8-​бөлүмдө иликтенип жатат. Бирок, иш эмнегедир жай жүрүүдө.

— Бул кылмыш ишинин бетинин ачылышына сиздин салымыңыз чоң экен. Канча жылдан бери укуктук баа берилбей келе жатат жана ошол мезгилде УКМКнын, Башкы прокурордун башчылары кимдер эле?

— Ал мезгилде УКМКнын башчысы Абдил Сегизбаев, Башкы прокурордун башчысы Өткүрбек Жамшитов болчу.

— Сиздер бул иш боюнча Абдил Сегизбаев менен Өткүрбек Жамшитовго кайрылып көрдүңүздөр беле?

— Биз ошол кезде Өткүрбек Жамшитовдун атына кат түрүндө кайрылганбыз. Негизи бул иш Райондук ички иштеринин иши болгондугу үчүн бул “8-бөлүмдүн иши экен” деп бизди 8-бөлүмгө бөлгөн. Бул аралыкта Октябрь РИИБи караган, бирок өздөрү коррупцияга малынгандыгы үчүн Гүлзар Шайнаеваны 4 киши колдоп туруп алган эле. Кийин алар пара менен кармалып, алар УКМКда тергөөдө. Ушул жерде бир нерсени ачык айтып коеюн, бул Шайнаева Гүлзардын апасы Алымова Саламаттын санаалашы Башкы прокуратурада иштеген Карыбеков Кумар деген адам. Негизи анын санаалаштары Ак үйдө да бар деп угабыз. Ал эже көп иштерди ошол тааныштары аркылуу жаап коет деген имиштер бар. Ошондуктан биздин кайрылуу, даттануулар тийиштүү кишилерге жетпей келди.

— Андан кийин бийлик алмашты да…

— Ооба, бийлик алмашып президент Садыр Жапаровдун бийлиги келгенден кийин кайра биз бул иштердин делолорун көтөрдүк. Азыр жылыш бар. Азыр Биринчи май райондук ички иштер министрлигинде Абыкенов Аман ишти жакшы карады. Ал азыр Октябрь ИИМге которулуп кетти. Аман Абыкеновдун аракети менен иш бир топ жылды. Гүлзар Шайнаеванын “эки кызды сойкулукка сатканы” боюнча интернетке 2021-жылы чыкпады беле, күзүндө. Ошондо бийлик алмашып, жаңы бийлик келген болчу. Бул Ленин районунда болгон окуя болгондуктан Ленин райондук ИИМ карады. Бирок, Гүлзар Шайнаева жоопко тартылбады. Анын бул ишинин бети ачылган менен жоопкерчиликке тартылбады.

— Демек, Гулзар Шайнаеванын адам сатуу боюнча да ачылган кылмыш иши бар турбайбы?

— Бул иш боюнча интернет тармагына да чыккан. Мен бул кызды көптөн бери тааныймын. Мен 2011-жылы балдарым төрөлгөн учурда Гүлзар Шайнаеванын бала баккан (нянка) кызы жок болчу. Анан кийинки жылдары 2012–2013-жылдары Жазгүл деген кыз келген. Ал кезде Жазгүл жашы жете элек өспүрүм кыз болчу. Эмнегедир ушул кыз Гүлзардын колунда иштеп жүрүп, боюнда болуп, кийин төрөгөн. Баласын бир жарым жашка чейин баккан. Гүлзар аны “мага кредит” алдырган деп “барымтада” кармап жатпайбы. Жазгүл ал кезде 13–14 жаштагы өспүрүм болсо, күбөлүк менен жүрсө ага кайсы банк кредит берет? Өзүңүз ойлосоңуз? Андан кийин Жазгүлдүн бир жарым жаштагы баласын “сен бага албайсың” деп Шайнаева Гүлзар өкүл апасынын туугандарынын бирине сатат. Ошол сатып жаткан жеринен милицияларга кармалып калып “10 миң долларга милицияларды бүтүрүп келдим” деп энесинин мойнуна илип коет. Ошентип алардын мойнуна 10 миң долларды илип туруп, ал кыздын өзүн барымтага кармап, сойку катары иштетип жүргөнү чындык. Бул жерде Жазгүл эле эмес, дагы бир кызды да иштетип жүргөн.

— Бул боюнча да жоопкерчилик тартпадыбы? Кыздар эмне болду?

— Кыздардын бири качып кетиптир Бири дагы деле барымтада жүрөт экен. Аны эч ким карабай эле, эч ким эч нерсе кылбай эле жүрөт. Булар үй-бүлөсү боюнча ошондой экен, кыйкырып өкүрүп эле жеңип кетишет… Негизи кимдин колунда акча көп болсо маселе жок экен да. “Оптиманын” башчысынын орун басары Курманбеков Бакыт бир тууган бөлөсү бардык тараптын жаагын басып коюп жатпайбы. Кала берсе бая күнү мен Биринчи май райондук ИИМге кирип “АБНдин негиздөөчүсү Курманбеков Бакыт аркылуу болуп жатат” десек, “аа бул баягы “Оптиманын” төрагасынын орун басарыбы?” деп таанып жатышат. Демек, алардын тааныганына караганда Курманбеков бардык иштерди акча менен бүтүрүп жаткандыгы көрүнүп эле турбайбы. Азыр биздин иш 8-бөлүмдө турат. Бирок, бир айдан бери ана-мына деген жоопторду беришүүдө. Жыйынтык азырынча жок. Эгер прокуратура менен райондук ички иштерден жыйынтык чыкпаса, биз Камчыбек Ташиевге кирели деген пикирдебиз. Ага чейин биз сиздердин гезит аркылуу УКМКнын башчысы Ташиев Камчыбек Кыдыршаевичке ачык кайрылуу жасайбыз. Себеби, Шайнаева Гүлзардын Бишкектин төрт районунда тең кылмыш иштери бар. Бүт иштери кыскартылган. Азыр Токмокто Тогонбаева Наркүл деген эже бар. Ал эжени “Үйүңүздү күрөөгө коюп берип туруңуз, акча алып туруп, андан кийин кайра үйүңүздү күрөөдөн чыгарып берем. Анын үстүнө анча-мынча карыздарыңыз бар экен, аны да жаап берем” деп үйүнүн документтерин алып, анын кулагынын жакшы укпагандыгынан пайдаланып, нотариуска алып барып кол койдуруп алгандан кийин февраль айында сатып жиберген. Тергөөчүлөр мына ушул ишти да кыскартып салган. Ал жакты 5 миң доллар менен кыскарткан. Токмоктун райондук ички иштер бөлүмү да бул ишке көңүл кош мамиле жасап жатат.

— Демек, райондук ички иштер бөлүмдөрүндө да уюшкан кылмыштуу иштер бар деп таанысак болобу?

— Чындыгында райондук ички иштер бөлүмдөрү Прокуратурага, сотторго жеткизбей эле ишти жайлап коюп жатышат. Сотко “выселение” боюнча иш барганда Тогонбаева Наркүл эже ошол жерде билип, “менин үйүмдү сатып жиберишкен турбайбы” деп чалкасынан кетти да. Бул жерде бир гана РИИБдин күнөөсү чоң. Бирок, прокуратуранын да жоопкерчилиги жок деп айта албайбыз. Анткени, РИИБди күндө тескеген Прокуратура болуп жатпайбы. Демек, иштин жагдайын билет.

— Үйүнүн документин берип алданып калган жарандар менен жалпы жабырлануучулардын чыгымын эсептегенде канча суммага барабар болуп жатат?

— 100дөн ашык жабырлануучулардын жалпы чыгымын эсептегенде 300 миллион сомго барабар. Үйлөрүн алдырып жибергендер үч киши. Алар Тогонбаева Наркүл, Кадырова Наргиза, Бурховедская деген орус аял. Тогонбаева Наркүл эженин ишин Токмок РИИБи кыскарткан. Ал эми Бурховедская менен Кадырова Наргизанын ишин Биринчи май РИИБи карап кыскартып салган. Биз азыр Биринчи май РИИБдин кызматкерлерине “Эң орчундуу, оор иш силерде турат. Үйүн алдырып койгондордун ишин карагыла” десек карай турган түрү жок.

— Юрист катары айтыңызчы, мыйзамдын негизинде ушул алдамчылык, шылуундуктардын жана адам сатуу боюнча кылмыш иштеринин баарынын бети ачыла турган болсо, айыпталуучу канча жылга кесилиши мүмкүн?

— Мыйзамдын негизинде жогоруда аты аталган шектүүлөрдүн кылмыш иши ачыктала турган болсо, алар жоопко тартылууга тийиш. Себеби, бул жерде кылмыш иши бир канча адамдардын тобу аркылуу ишке ашып жатат. Ошондуктан аларга коюлуп жаткан айыптар оор жазаларга кирет. Булардын жазасы 5 жылдан 10 жылга чейин. Кодексте оор кылмыштар 10 жылдан ашпаш керек деп көрсөтүлгөн.

— “Уюшкан кылмыштуулук жана оор жаза” деп табылган иштерге 10 жыл аз эмеспи? Мисалы, бул окуяда 3 жаран үйүн алдырып, 100дүн тегерегиндеги жарандар акчасына күйүп жатат…

— Азыркы мыйзам гумандуу деп жазылбадыбы… Мурдагы мыйзам күчтүү болчу.

— Жабырлануучулар моралдык жактан да жабыр тартып, ден соолуктары да кетип жатпайбы? Биздин Конституциядагы мыйзам “бурмаланып, ыңгайлаштырылып” жазылып калган эмеспи?

— Бурмаланды же бурмаланган жок деп кесе айталбайм. Алдамчылык беренеси менен кармалгандар жоопко тартылганда аларга берилген мөөнөт аз болгон үчүн, биздин өлкөдө алдамчылык менен шугулдангандар көп болуп жатат. Бизде статистика боюнча сотко өткөн иштер, тергөөдө жүргөн иштер көбүнчөсү наркотикалык, алдамчылык жана коррупция иштери.

— Демек биздеги мыйзам жалаң “Коррупция үчүн системалаштырылган экен” деп түшүнсөм туура болобу?

— Мен ошондой эле түшүнөм. Мисалы Бакыт Курманбековго окшоп, акчаң көп болуп же колдоочуң болсо, жоопко да тартылбай калышың мүмкүн. Тажрыйбада көрүп эле келе жатпайбызбы. Бийлик алмашып Садыр Жапаров бийликке келгенде “Менде даяр “Уголовный кодекс” бар” дебеди беле. Анан эми “Душманды алыстан издебе” дейт эмеспи кыргызда. Садыр Жапаровду эл колдоп, жакшы эле иштеп жатат дегенибиз менен ага жан-жөкөрлөрү коомдогу ачуу чындыкты ачык көрсөтпөй жатат.

 

Баатырбек Чекиров, жабырлануучу:

— Мен Гүлзар Шайнаевага жана анын жанындагы Чолпон Борбековага экөөнө биригип 410 миң сомго алдангам. Гүлзар Шайнаевага 160 миңге, Чолпон Борбекова 250 миңге. 2020-жылы жай мезгилиндеги июнь айларындагы пандемия учуру болчу. Чолпон Борбекова биздин айылдаш жигитке турмушка чыгып, мени өкүл ата, келинчегимди өкүл эне кылып шайлап алышкан. Ошол жылы курулуш иштери менен алектенип, карыздарым бар болчу. Бир күнү биздин үйдө отуруп “менде Гүлзар деген эжем бар. Банкта тааныштары бар. Маселелериңизди чечип берет” деп калды. Акча керек болуп турган учур эле. “Үйдү күрөөгө койсом, канча сумма алып бере аласыңар?” десем, “Жакшы эле сумма алсаңар болот” деди. Менде бардык документтер орду-орду менен болгон үчүн баарын даярдадым. Ошентип, үйдү күрөөгө коюп, бир айдын ичинде 3 млн 500 миң сом алдым. Көп өтпөй, өкүл кызыбыз Чолпон Борбекова келип “Акча жөн жатканда эмне, чогуу бизнес кылалы. Пандемия жүрүп аткан убакта акчага муктаж адамдар көп. Акчаны пайызга берип иштейли” дегенден 250 миңди келинчегим берген. Андан кийин көп узабай “бир таанышыма акча керек экен. Процентке эле бергиле” деп 160 миң сомду алып кеткен. Ошону менен 250 миң, 160 миңден да, кала берсе проценттен да дайын жок.

 

Наргүл Тойгонбаева, жабырлануучу:

— Бир таанышым “арзан кредит берип жатат” деп ээрчитип келген. Гүлзар Шайнаеваны мен ошол жерден тааныгам. Ал мага кепил болуп, 200 миң кредит алып берген. 70 миң сомду мен алгам, 100 миң сомду Гүлзар алган. 30 миң сомду банк алып калган. Кредит менин атымда болгон үчүн төлөп жүрдүм. Банктагылар менин жумушума чейин издеп барып уят кылышкандан улам Гүлзарга барсам “мага акча алып бер, мен баарын жабам” деп Турусбекова Дилара деген аялга ээрчитип барды. Гүлзар ал жерге нотариусту алып барып кол койдурган. Көрсө мен Диларадан 600 доллар алып, кол коюп берип жатканымда алар видеого тартып алышыптыр. Мен ага түшүнбөпмүн. Себеби, мен акча менен иштеп бирөөнү алдап же алданып көрө элек болчумун. Бир күнү үйдө отурсам Гүлзар Шайнаева үч-төрт бала менен келди. Мен келген конокко деп дасторкон жайып, чай коюп жүрсөм Гүлзар нотариус менен сүйлөшүп турган. Балдар мени көрүп чыгып кетишти. Эрте менен саат 10до эле барган. Кечки саат 6 болду. Үйүңдү күрөөгө коюп бер. «Үйүңдү эки айда чыгарып берем, иним Турцияга кетип жатат. Эки айдан кийин иним акча салат» деп отуруп алды.

Маектешкен Турдайым Кожомбердиева

Share