Ноокат районунун борбордук тарых музейи өткөн кылымда, тактап айтканда, 1977-жылдын октябрь айында түптөлгөн. 2009-жылы 3-октябрда аталган райондун түптөлгөндүгүнүн 80 жылдыгына карата заманбап музей куруу демилгеси көтөрүлүп, бул максатта жергиликтүү бийлик атайын марафон дагы өткөрүп, а түгүл 3 миллион 800 сомго жаңы имарат курулуп бүткөрүлгөн. Ушул тапта Ноокат районунун борбордук тарых музейинде 1050 чакты документ, орчундуу фото сүрөттөр, буюм-тейимдер жана дагы абдан баалуу архив жайгаштырылган.
— Тагдыр буйруп, Ноокат районунун борбордук тарых музейин зерикпестен аралап, баарын көрүп-билип, анан дагы аябай таасирлендим. Аянттын тардыгына, а түгүл каражаттын таңкыстыгына деле карабастан, музейди күн сайын иштетип жатышкан кызматкерлерге миң мертебе ыракмат! — дейт Бишкектен келген конок, республикабызга аттын кашкасындай таанымал журналист Толкунбек ТУРДУБАЕВ. — Музейдин кызматкери бир эле убакта гиддин (экскурсоводдун) дагы милдетин аткарып аткандыгына абдан суктандым. Өзү Кыргыз Өкмөтү мындай аймактык музейлерди сөзсүз түрдө сактап калуусу кажет!
— Кыргыз ССР Жогорку Кеңешинин төрагасы Төрөбай Кулатов, өлкөбүздүн туңгуч Өкмөт башчысы Насирдин Исанов, мурунку премьер-министрибиз Улукбек Марипов — дал ушул Ноокат өрөөнүнүн кулундары! — дейт тарыхчы Жыргалбек Жээнбеков. — Ошондуктан, өлкөбүздүн тарыхынан буларды чийип таштоого биздин эч акыбыз жок! Ошол себептүү музейди булар жөнүндөгү экспонаттар менен дагы улам толуктап турууга тийишпиз!
Албетте, Ноокат районунун борбордук тарых музейи олуттуу көйгөйлөрдөн деле куру эмес! Ноокат — Кыргыз Республикасындагы эң ири, анан дагы ажайып райондордун бири. Ошого жараша аталган борбордук тарых музейин заманыбыздын талабына жараша кеңейтүүбүз кажет! Болбосо, бул жердеги жумуш бөлмөлөрү дагыле жетишсиз. Мындан тышкары элдин колунан канчалаган тарыхый экспонаттар эмдигиче чогултула элек… Муну кечеңдетпестен, а түгүл чукул арада жүзөгө ашыруу керек! Буга улай аталган музейдин фонду, чындыгында, абдан эле аз! Аны уламдан-улам көбөйтүүбүз кажет! А муну үчүн адаттагыдай каражат маселеси кендирди куп гана кесип келатат…
Кыскасын айтканда, ушундай кыйынчылыктарга карабастан Ноокат районунун борбордук тарых музейинин фондунда 1050 чакты тарыхый мааниси зор документтер, мыкты фотосүрөттөр жана дагы баалуу буюм-тейимдер өз калыбында гана сакталып келатат. Бул музейдин эки кызматкеринин маянасы Ноокат районунун маданият бөлүмү тарабынан төлөнөт. Ал эми Ноокат районунун борбордук тарых музейи Сулайман Тоо Улуттук тарыхый музей комплексинин филиалы сыңары эсептелгендиктен, музей директорунун жана баяндамачынын айлыктары Сулайман Тоо Улуттук тарыхый музей комплексинин эсебинен каржыланат.
Алишер ТОКСОНБАЕВ