Эл жагымдуу жалгандан, ачуу чындыкты артык көрөт!

Эл жагымдуу жалгандан, ачуу чындыкты артык көрөт!

Кыргызстандын коомдук-саясий турмушундагы окуяларды талдай келгенде, күнүмдүк жана демейки эле, өз агымы менен өтүп жаткан, тиешелүү деңгээлдеги иш-чаралардын арасында, жаздын башталышы менен кошо, кайрадан эле мурдагы эски, жаман адатка айланган “өнөкөт” оорулардын козголушу дагы коштолуп жаткандыгы дагы таасын байкалууда.

Борбордук аянттарда митингдерди өткөрүүгө, саясий акцияларды жасоого мыйзам чегинде тыюу салынып, андай иш-чаралар үчүн атайын Максим Горький паркындагы аянтча бөлүнүп берилгендигине карабастан, Ак үйдүн жана өкмөт үйүнүн айланасында ар кыл топтор кез-кезде ар кандай мааниде жазылган плакат-транспаранттары менен чыгышып, тынч өтүп жаткан коомдук-саясий турмуш ыргагын курчутууга аракет кылууну улантышууда.

Мындай аракеттердин эң соңкуларынын бири — ​кечээ жакында Акыйкатчынын Жогорку Кеңештеги бир жылдык отчету учурунда да көрүндү. Болгондо да, Акыйкатчы институтунун аппаратынын он чакты кызматкерлери нааразычылык акциясына чыгышып, өздөрүнүн жетекчиси Атыр Абдыракматованын кызматтан кетишин талап кылышты… Буга удаа эле, Жогорку Кеңеште Акыйкатчынын отчету канааттандырарлыксыз деп табылып, ал тургай “Ата-Журт” фракциясы Акыйкатчыны кызматтан алуу тууралуу сунуш да жасап жибергени жарыяланды. Эми бул көчөдө башталган талашка парламенттин тиешелүү комитети чекит коюшу күтүлүүдө…

Албетте, тигил, же бул жетекчинин ишиндеги кемчилдиктер ачык талкууланып, калыс баа берилип, коомчулуктун көзөмөлүндө турганы жакшы көрүнүш жана демократиялуу принциптерге ылайык келет. Арийне, дагы качанга чейин мындай иштер көчө деңгээлинде эле чечиле берет? Анын үстүнө, тиешелүү кызыкдар тараптар бар болсо, ар бир мекемеден ар кандай себептер менен нааразы болушкан беш-он кызматкерин көчөгө алып чыгуу — ​анчалык деле кыйынга турбайт эмеспи?!

Кыскасы, Кыргызстандагы демократиялык көрүнүштөрдүн жана аракеттердин оош-кыйыштары, өкмөттүк эмес уюмдардын, оппозициячыл саясатчылардын ички-тышкы саясий маданий деңгээлдери али өсүп жетиле электиги, чыныгы демократиялуу жана өнүккөн, цивилизациялуу өлкөнүн талаптарына жооп бере албай тургандыгы ачык көрүнүүдө. Бирок, калыстык үчүн белгилеп коюу зарыл — ​андай акциялар азыр мурдагыдай массалык масштабда эмес, айрым бир өтө аз сандагы маргиналдуу топтордун курамында гана өтүүдө. Демек, бул жаатта бир аз да болсо жылыштар жана жакшы жакка карай өзгөрүүлөр да бар десек болчудай…

Ошону менен бирге эле, парламенттин иштөө агымында жана ар кандай мыйзамдык документтерди кабыл алуу жөрөлгөлөрүндө дагы, баары тең мурдагыдай эле көндүм болгон ыргакта кетип бара жаткандыгы, эч кандай позитивдүү бурулуштар болбогондугу ачык көрүнүп турат. Коомчулуктун жана шайлоочулардын көбүнүн азыркы парламентке жана анын мүчөлөрүнүн иштерине ичтери чыкпай, нааразылыктары басымдуураак болуп жаткандыгы дагы дал ушул жагдай менен түшүндүрүлөт.

Маселен, кечээ жакында парламент министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров демилгелеген Мыйзам долбоорун жактырып, мындан ары Кара-Буура району Чыңгыз Айтматов району деп аталып, Кочкор районундагы Кош-Дөбө айыл аймагы Ормонхан айыл аймагы, Кара-Буура районундагы Чимгент айылы Чолпонбай айылы деп, жаңы аталыштар кабыл алынды. Белгилүү болгондой, Жогорку Кеңештин иши мыйзамдарды кабыл алуу менен гана чектелип калбайт. Ал мыйзамдар кабыл алынгандан кийин кандай иштеп, аткарылып жаткандыгына дагы көзөмөлдүк кылуу — ​парламенттин негизги функцияларынын бири болуп саналат.

Тилекке каршы, бул ракурстан алып караганда — ​парламенттин иши дээрлик нөлгө барабар. Аталган административдик аймактар тууралуу мыйзам кабыл алынары менен эле, “Википедияда” “Айтматовский район” аттуу маалымат пайда болду. Анда ар бир айылда канча адам жашаганына чейинки цифралар так көрсөтүлгөндүгүнө карабастан, өтө сабатсыз деңгээлде даярдалып, коомчулукту дагы дал ошондой мамилеге көндүрүүгө жетелегенсийт. Айталык, Чыңгыз Айтматовдун ысымы бир да жеринде аталган эмес!

Анда бул “Айтматов району” кайсыл Айтматовдун атына коюлган? Дүйнөгө таанымал жазуучу Чыңгыз Айтматовдунбу? Же мамлекеттик ишмер жана советтик-кыргыз автономдуу республикасынын түптөлүшүнө орчундуу салым кошкон Төрөкул Айтматовдунбу? Айтор, дароо эле бүдөмүк жана чаташкан, чала жасалган иштер башталгансыйт. Ал эми Төрөкул Айтматовдун ысымына коюлган го? — ​деп түкшүмөлдөгөн адам, эриксизден, бул ысым менен бир чоң районду атоо чын эле татыктуу беле? Же Жогорку Кеңеште тиешелүү мыйзамдык деңгээлде кандайдыр бир олуттуу жаңылыштыктар кетирилгенби?! — ​деген шектенүүлөргө дагы тушугары турган иш.

Себеби, кечээ жакында эле “Эсимде” аттуу репрессиялык курмандыктарга арналган, телевизиондук сериялык берүүлөрдүн биринде, архивдерди казып иштешкен профессионал тарыхчылар өз алдынча ой жүгүртө билишкендерди жана да адам кебетесиндеги манкурттардан айырмаланып, өз ата-тегин дайыма эстей жүрүшкөн ар бир адамды карама-каршылыктуу, кыжалат ойго сала турган мындай бир “кызыктуу” маалыматты дагы ачыкка чыгарышты. Көрсө, коллективизация өнөктүгүнүн кырчылдашкан мезгилинде, эл эки тарапка — ​кызылдарга жана актарга бөлүнүп, кырылыша баштаган кезде, Төрөкул Айтматов Москвага кат жөнөтүп, жалаң байларды гана кулакка тартуу эле жетишсиздик кылат, аларга кошуп, орто чарбасы барлардын баарын тең кулакка тартуу керек! — ​деген демилгени сунуштаган экен!

Бул эми башталышы гана экендиги жакшы түшүнүктүү. Дагы бир аз убакыт өткөн соң, архивдердеги алиге чейин жабык жаткан, андан башка дагы көптөгөн документтер да ачыкталары шексиз. Ошондо жогорудагы мыйзамды кабыл алган Жогорку Кеңештин депутаттары эч унчуга алышпаса да, жергиликтүү элдер “Мындан ары бизди “Айтматов району” дебегиле! “Чыңгыз Айтматов району” дегиле! Же ошончолук эле кыскалыкты тандасаңар — ​“Чыңгыз району” дегиле! — ​деген жаңы демилге менен чыгышабы?..

Дегеле, социалдык-экономикалык кризис өлкөбүздү, жалпы элди кекиртектен алып турган кезде, ушундай ашыкча жана керексиз чыгымдарды талап кылган административдик аймактардын, шаар-кыштактардын аталыштарын өзгөртүү сыяктуу мыйзамдарга белгилүү бир убакытка чейин мораторий жарыялоо — ​азыркы учурда убактылуу максатка ылайыктуудай сезилет. Анткени, ар бир вывескалар алмашылып, ар бир мекеме-ишкананын, уюмдардын мөөрлөрүнө жана бланкаларына чейин алмашуусу үчүн эле, майдадан билинбей кошулуп олтуруп, олчойгон чыгымдар жаралары турган иш!

“Жетимге жөтөлдүн кереги не?..” — ​демекчи, эриксизден азыркы экономикалык абалыбыздын оордугун ойлойсуң. Электр жарыгына болгон төлөмдөрдүн тарифи көтөрүлүп, мурдагы 77 тыйынга “бар болгону 23 тыйын” кошулганы — ​мындан ары бир киловатт электр энергиясынын наркы бир сомго турары белгиленди. Жумушсуз жана өтө төмөнкү өлчөмдөгү пенсия-пособиелер менен жашаган үй-бүлөлөр үчүн “бар болгону 23 тыйын” деле кыйла сезилерлик суммага айланары түшүнүктүү.

Биздеги социалдык-экономикалык саясатты жүргүзүшкөн тиешелүү мамлекеттик органдар дагы чындыктын өздөрү үчүн ыңгайлуу жактарын, жарым-жартылайын гана айтышып, ыңгайсыз жана ачуу чындыкты жашырып коюуга көнүп калышкан. Мисалга, эки-үч жылдан бери өсүмдүк майы жана негизги тамак-аш продукцияларынын баасы Кыргызстанда башка өлкөлөргө салыштырмалуу арзан экендиги такай айтылып, атайын график-салыштыруулар менен көрсөтүлүп келет.

Эми электр энергиясына болгон баа Кыргызстанда башка өлкөлөргө салыштырмалуу өтө арзан экендиги, дээрлик бардык маалымат каражаттары аркылуу кайра-кайра белгиленди. Эгерде орточо айлык акысы Кыргызстанда доллардык эквивалент менен алганда, 2022-жылы $297 доллар болгондугу, бул көрсөткүч Арменияда $503, Беларуссияда — ​$594 доллар, Казакстанда — ​$654 доллар, ал эми Россияда — ​$892 долларга барабар экендиги тигил графикте коштолуп берилсе, Кыргызстандагы “арзанчылык” калп экендиги дароо ашкереленип калмак! Бул дагы иштеп, айлык алып жаткандарга гана тиешелүү. Ал эми Кыргызстандын калкынын 97 проценти (анын ичинен 10 проценти пенсионерлер) өздөрүн өздөрү багып жатышкан жарандар. Ошондуктан, аларга калп айтып, алдоого аракет кылып, кыйналбай эле, чындыкты жашырбай айтуу жакшы жөрөлгөгө айланмак.

Ишенбек МУРТАЗАЕВ

Share