Шамурза Бөрүкулов: «Конгантиевди жарым жан кылып токмоктошкондорун ушул күнгө чейин эрдик деп ойлошот окшойт?»

Шамурза Бөрүкулов: «Конгантиевди жарым жан кылып токмоктошкондорун ушул күнгө чейин эрдик деп ойлошот окшойт?»

Кээде: “2010-жылдагы революцияны биз баштаганбыз” дешип, таластык туугандар тимеле бир жакшы иш кылгандай көкүрөктөрүн кагып мактанган сөздөрүн угуп калабыз. Туура, ошолор баштаган. Ушундай сөздөрдү уккан сайын баштан өткөн бир окуя эсиме түшө берет.

2006-жыл болчу. Бакиев бийликке келип, эл шайлаган мыйзамдуу президент катары иштеп жатканына бир жылга толуп- толо элек мезгил болчу. Биз Таласка туугандарга мейман болуп барып, үч күн туруп калдык. Үч күн ичинде ар жерге коноктошуп чакырып жатышты. Меймандостук жагына сөз жок деңизчи, бизди аябай эле сыйлашты. Меймандостук жагынан алардан айланса болот деңизчи. Бирок, кайсыл үйгө барбайлы, каерде адамдар топтолбосун: сүйлөгөндөрү саясат, жамандагандары Бакиев болуп жатты. Бакиевди жөн жамандашпай: “Бакиев сарт” а түгүл кээде: “Бакиев сартыңар” дешип бизге таңып коюшат.

Туура, Бакиев биздики экенин чанбайбыз, тескерисинче сыймыктанабыз. Бирок, “сарт” дешкени бизге деле тийип жатпайбы. Все таки биз алардын жеринде конокпуз да. Сөзгө жеңил жаным анча эле тырчыя түштүм, бирок: “сен коноксуң, жаман үйдүн коногу башкарат кылбай бир жериңи кысып олтур” деп, өзүмдү өзүм тыйып жаттым. Үчүнчү күнү чыдабай кетип, топтолуп олтургандарга:

— Келгенибизден бери Бакиевди жамандайсыңар. Ал деген жаңы иштеп баштаганына карабай, жашообуз жакшы жакка өзгөрүп калды го. Эмне, Бакиев силердин эжеңерге өлкө башкарткан “подкоблучник  Акаевден да жаман бекен” — ​деп айтканым бар эле.

Ошон үчүн, ошол төңкөрүш эч максатсыз, алдыга койгон жакшы ойлору жок, саналуу гана трайбалисттердин кара баштарынын пайдасына ишке ашкан кандуу бийлик кулатуу болгон дешип, Убактылуу өкмөттүн колдоочулары “Сырткы күчтөр болгон” дешип, УӨттүн колдоочулары Путинди шылтоо кылып келишет. Эмне, Путин Кыргызстанга келип төңкөрүштү уюштуруп, башкарып бериптирби? Сырткы күчтөр жок болгон күндө да, ал төңкөрүш баары бир ишке ашмак.

Себеби, балдарды аракка тойгузушуп, колдоруна курал берип жаткан Атамбаев, Отунбаевалар Бакиев элди аттыра турган адам эмес экенин, адамдар өлбөсө Бакиевди эч кандай шылтоо менен каралай алышпасын алдын ала билишкен. Ошон үчүн Атамбаев: “… миң адам өлсө да бийликти алабыз” десе, Текебаев: “… аянтта адамдардын каны суудай агат, аны биз Бакиевге шылтайбыз. Кыргыздар билимсиз, маңыроо эл, эмне айтсаң ишенет” деп жатпайбы. Ошон үчүн Отунбаева өздөрүнүн атайын даярдаган мергендерине: “элди аткыла…” деп команда берип жатат да. Себеби, бийлик тараптан ок атылган эмес. Аянтта адамдар өлбөсө, анда буларга эч ким ишенбейт эле.

Бакиевди кууп салгандан кийин өлкөгө мыйзамдуулук бийлик орнотуунун ордуна, УӨттүн ана башчылары Алиясбек Алымкулов учуна чыккан аракеттерин жасашты. Бийлик бутактарын өз билгендериндей бөлүп алышып, керегинче уурулуктарды, кылмыштарды кылышты.

Эң коркунучтуусу түштүктө улут аралык согуш башташып, тынч жаткан түштүк элинин башына азаптарды салышты. Мына ушул күнгө чейин ошол окуяларды иликтеп аягына чыгара турган азамат чыкпады, бир бүтүн мамлекеттин ичинен, жети миллион кыргыз атпайдан.

Керегинче уурдашып: УӨттүн он төрт башчылары, алардын жакындары, достору, ээрчип жүргөн желдеттери аябай байып алышты. Кыргызды Кытайга көз каранды кылып койгон чекке жеткирип карыз кылышты.

Канчалаган бейкүнө адамдардын каны төгүлдү. Мамлекет өнүкпөй аркага кетти. “Мына силер баштаган революция!” деп айта турган адам жок.

Бакиевдин кандай иштеп жатканын билбей туруп, жаңы келген күндөн баштап жамандаша баштаган, акыры кууп тынган ошолор азыр деле түшүнүшпөсө керек, эмне кылып коюшканын. Болбосо, өпкөлөрүн колдоруна кармап алышып мактанышпайт эле да, туурабы? Топтолушуп Конгантиевди жарым жан кылып токмоктошкондорун ушул күнгө чейин эрдик деп ойлошот окшойт? Ал эми кийинки шайлоолордо: “Мен 7-апрелди, түштүк жергесиндеги кандуу окуяны ачыкка чыгарам, кылмышкерлер жазага тартылат. Бакиевди алып келем” деген жалган убадаларга эч бир ишенбегиле! Андай адам Кыргызстанда жок. Мүмкүн өсүп жаткан жаштардын арасынан жүрөгүндө оту бар, “кара жашикти ачпагыла!” деген сөзүнөн коркпогон, Владимир Путинди аты кошулуп калат деп чочулабаган бир азамат чыгып калаар?

Бирок, түштүктө болгон окуяны, согушун башыбыздан өткөргөн биз ошол күндөрдү көрөбүзбү?

Эң жаманы, ошончо кылмыштарды жасаган УӨттүн канкорлору кандай жаза алганын көрбөй өтүп кетебизби бул дүйнөдөн?

Share